„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.
#241 29 Апрель 2014 - 13:17
#242 29 Апрель 2014 - 13:30
#243 29 Апрель 2014 - 14:33
#244 29 Апрель 2014 - 14:36
#245 29 Апрель 2014 - 14:41
#246 29 Апрель 2014 - 16:25
Хадиске байланыштуу суроо-жооптор:
1. Суроо: Хижрат деген эмне?
Жооп: Араб тилиндеги үзүү, таштоо маанисин туюндурган (хажр) уңгусуна кошулат. Шариаттык мааниси – даарул куфрда (мусулман эмес, каапыр өлкөдө) жайгашкан мекенин таштап, даарул Исламга (мусулман өлкөсүнө) көчүп кетүү. Сахабалар Мекке мушриктеринин азап берүүсү күчөйгөндө Меккеден Хабашистанга, Мединеге көчүшкөн. Кээ бир хадистерде хижрат мааниси күнөө иштерди таштап, сооптуу-жакшылык иштерди аткарууга өтүүгө карата айтылат. Бул хадистеги хижрат Меккеден Мединага болгон хижрат жөнүндө айтылганы менен, жалпы эле хижрат жөнүндө маани берет.
2. Суроо: . Бул хадистеги дүйнө деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп: . Бул жерде дүйнө дегенден мурат-максат, мансап жана байлык сыяктуу адамдын нафсааний үлүш-насибеси. Дүйнөгө жетет же ээлик кылып кожоюн атыгат дебестен, дүйнөгө барып сайылат дегенинин төркүнү, пендезатынын табияты дүйнө-мүлктү жакшы көрүп, жаанын жебесиндей тездик менен барып сайылган сыңары аракеттенээринде турат. Дүйнөгө сайылып, баш-оту менен киргени өзүнчө маселе да, сайылгандын баары эле байып, байлыкка тунаары, байпагы манат болоору башка маселе. Кудайым насип кылган болсо жеттиң, насип кылбаган болсо, кудай кылса кубаңдын акысы барбы?
3. Суроо: Эмне үчүн бул хадисте аялга үйлөнүү дүйнөдөн бөлүп айтылган? Аялга үйлөнүү деле дүйнө деп эсептелбейби?
Жооп: Аялга үйлөнүү деле дүйнө эсептелет. А бирок бул хадистин айтылуусуна үлкөн себеп болгон окуя дал ушул аялга байланыштуу. Имам ат Табарааний риваят кылган ишеничтүү (рижаалуху сикаат) хадисте Ибн Масьууд мындай дейт: "Биздин арабызда Умму Кайс деп чакырылга наялга жуучу жөнөткөн бир адам бар эле. А бирок Умму Кайс, тигини Меккеден Мединеге хижрат кылса гана, ага турмушка чыгаарын билдирет. Ашыгына жеткенге ашыккан ашык хижрат кылып, ага үйлөнүп тынат. А биз аны Умму Кайстын мухаажири (ал үчүн хижрат кылган адам) дээр элек."
Андан сырткары бул сүйлөмдө кыйыр түрдө пайда берген бир ой жатат. Ал Пайгамбарыбыз алайхис саламдын: "Эркектерге аялдардан ашкан зыяндуураак фитнаны калтырбадым" деген осуятына үндөшөт. А бирок такыба, саалиха аял бул дүйнөдөгү эркектин бактысы. Анткени, Пайгамбарыбыз алайхис салам: "Дүйнөнүн бардыгы адамдын жыргалчылыгына себеп болуучудур. Такыба жана саалиха аял ал дүйнөнүн эң жакшы жыргалга себеп болучусу! ", дейт.
Хадистен алынган өкүмдөр:
1. Ниетсиз, негизги (өз алдынча) амал иш жүзүнө ашпайт. Толук кандуу амал деп эсептелбейт. Амалдын кандай гана түрү болбосун, анда ниеттин орду бар, мааниге ээ. Мейли, намаз, орозо, зекет сыяктуу өз алдынча амалдар болсун, же ибаадаттарга шарт катары саналган даарат, аврет жабуу сыяктуу ээрчиме амалдар болсун, ошондой эле арак ичпей коюу, сойкулуктан баш тартуу сыяктуу биз көбүнчө амал деп эсептебеген таштоолор болсун... Бир пенде ниетсиз намаз окуса, жыгылып турганы менен кетирген убактысы гана ысырап болуп, азыраак дене-тарбиясын жасаган болот. Бирок Кудайдын милдеттендирген карызынан кутулбайт. Башка бир пенде жөн эле арак ичпей койсо, Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн, арам болгондугу үчүн деп ниеттенмейинче, ага сооп жазылбайт. Дагы бири дааратты ниетсиз алса, даараты ээрчиме амалдардан болгондуктан дааратка өткөнү менен, толук кандуу сооп ала албайт.
2. Ниеттин орду жүрөк, жүрөк менен айтылган ниет гана этибарга алынат. Ал эми жүрөк менен ниет кылбастан ниетти тил менен эле айтып коюу жараксыз. Кээ бир аалымдар ниетти тил менен айтууну бидьат дегени менен, чындыгында тил менен жүрөк бир болуп, ниет татыктуу ордун алып бекемделүүсү жана анын мааниси акылга орношуусу үчүн тил менен айткандын зыяны жок.
3. Өзү үчүн ажылык кыла элек адам башка бирөө үчүн ажылык кылса, ошол адам үчүн кылган ажылыгы туура болот жана анын кылган ажылыгы анын өзү үчүн эсеп болбойт. Анткени ал өзү үчүн ажылык кылууну ниет кылган эмес.
4. Акыл-эси соо эмес, жинди адамдын намаз, орозо, зекет ж.б.ибадаттары, соода, белек берүү, никелешүү сыяктуу келишимдери, ошондой эле анын талагы, зихары, лийъааны, ийлаасы жарактуу болбойт жана ал кылган кылмыштарга жаза берүү ваажиб болбойт. Анткени ал ниет кылууга жарамдуу адамдардын катарына кошулбайт.
5. Ажылык кылынуучу айлардан башка убакта ажылык үчүн ихрам байлаган адамдын ихрамы умра үчүн байланган ихрамдын ордуна өтпөйт. Анткени ал умра кылууну ниет кылган эмес.
6. Амалдардын кабыл болуусу үчүн ихлас шарт кылынат. АллахТаала ихлас менен туура кылынган амалдарды гана кабыл кылат. Ихлас менен кылынган амал дегендин мааниси Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана кылынган амал дегенди түшүндүрөт. Ал эми туура кылынган амал бул, шариатта көрсөтүлгөндөй тартипте аткарылган амал.
Хадистен алынган сабактар:
1. Ниет кылуу амал кылуудан жогору турат. Ошондуктан сооптуу ишти ниет кылып, бирок аны аткарбаган адамга сооп жазылат. Ал эми сооптуу ишти Аллахтын ыраазылыгы үчүн деп ниет кылбастан аткарган адамга сооп жазылбайт.
2. Аллахтын Өз пендесин бейиште түбөлүкө калтыруусу, пенденин амалдары үчүн эмес, анын ниетү үчүн. Эгерде амалдары үчүн бейиште калган болгондо, анда ал бейиште кылган амалынын убактысынча же андан бир канча эсе көп убакытка гана бейиште болушу керек болот эле. А бирок Аллахтын пендеси эгерде түбөлүк жашай турган болсом, түбөлүк Аллахка моюн сунуп, ибадат кылам деген ниети бар болгондугу үчүн Аллах Таала аны бейиште түбөлүктүү калтырат.Ошондой эле каапыр адам да кылган каапырдыгы үчүн эмес, кылган ниети үчүн тозокто түбөлүктүү калат. Эгерде анын кылган каапырдыгы үчүн тозокто кала турган болсо, анда ал каапырдык кылган убакытка барабар убакытка гана тозокто болушу керек эле. Бирок ал эгерде түбөлүк жашай турган болсо, түбөлүк каапыр болууну ниет кылгандыгы үчүн да тозокто түбөлүктүү калат.
3. Күнөө ишти ниет кылган адам, ошол ишти аткаргандай күнөөкөр болбосо да, күнөө ишти ниет кылгандыгы үчүн күнөөкөр болот. Ошондуктан жыйырма жылдан кийин намаз окууну таштаймын деп ниет кылган адам ошол убакта эле күнөөкөр болот. Бирок анын күнөөсү намазды таштаган адамдын күнөөсүндөй болбойт.
4. Кимдир бирөө чоочун деп ойлогондугу үчүн өз аялы менен жыныстык байланышта болсо күнөөкөр болот. Анткени ал чоочун аял менен жыныстык байланыш кылууну ниет кылган болчу. Ошондой эле кайсы бир адал ичимдикти (м:сууну) арам (м: арак) деп ойлогондугу үчүн ичсе да күнөөкөр болот.
5. Бул хадисте Аллах үчүн гана кыла турган ишке башка максатты аралаштырбоолору үчүн Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) сахабаларына ниеттерин түздөөлөрү керектигин эскертти.
Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 29 Апрель 2014 - 16:34
#247 30 Апрель 2014 - 09:08

АЛЛАХЫМ баардык пенделерине ыйман-ынсап берсин жана ар дайым ниеттерибиз туз болсун!
#248 02 Май 2014 - 00:01
#249 02 Май 2014 - 16:32
وفي رواية لمُسْلمٍ : « تَبْكِي عَلَىصَبيٍّ لَهَا » .
Хадистин мааниси: Анастын (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегендиги кабардалат: “Пайгамбар (солла Аллаху алейхи ва саллам) кабыр алдында ыйлап жаткан аялдын жанынан өтүп баратып, ага: “Аллахтан корккун жана сабыр кылгын!” – деп айтты. Ал аял болсо аны тааныбастан: “Мени жайыма кой.Чындыгында, сен, мен туш болгон балээге туш болгон жоксуң!” – деп жооп берди. Андан кийин ал аялга: “Ал Пайгамбар (соллаАллаху алейхи ва саллам) болчу” – деп айтылды. Ошондо ал Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) эшиги алдына келип, бирок анын эшигин кайтарган адамдарды көрө албады. Анан аял: “Мен сизди тааныбаптырмын” – деди. Аллахтын элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам): “Чыныгы сабырдуулук – кырсык-балээнин алгачкы убактысындагы сабырдуулук” – деп айтты”. (Имам аль-Бухарий жана имам Муслим риваяты).
Имам Муслимдин риваятында: “(көз жумган) баласы үчүн ыйлап жаткан эле”- деп айтылат.
Хадиске байланыштуу суроо-жооптор:
1. Суроо: Эмне үчүн Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) ал аялга “Аллахтан корккун!” деп айтты? “Сабыр кылгын!” – деп айтуунун өзү жетишерлүү болбой беле?
Жооп: Анткени ал аял кыйкырып-өкүрүп ыйлап, шариат көрсөткөн чектерден чыгып кеткен болушу мүмкүн. Анткени бул хадистин башка риваяттарында “Пайгамбарабыбыз(солла Аллаху алейхи ва саллам) анын (шариатта) жактырылбаган сөздөрдү айтып жатканын угуп, анын алдына токтоду” – деп айтылат.
2. Суроо: Аялдын Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) эшиги алдынан, анын эшигин кайтарган адамды көрө албагандандыгын айтуудан максат эмне?
Жооп: Бул сүйлөм аялдын Пайгамбарыбызды (солла Аллаху алейхи ва саллам) эмне үчүн тааныбагандыгын түшүндүргөн сүйлөм. Анткени ал аял пайгамбарлардын эшиктериалдын да да сакчылар турат жана алар көчөдө басып жүргөн убакта, падышалар сыяктуу аларды адамдар ээрчип жүрөт деп ойлогон. Ошондуктан ал аял Пайгамбарыбызды (солла Аллаху алейхи ва саллам) тааныбады. Анткени анын артынан ээрчип жүргөн адамдар жок эле.
Хадистен алынган өкүмдөр:
1. Ар дайым адамдарды жакшылыка чакырып, жамандыктан кайтарып туруу керек.
2. Кимдир бирөө жакшылыка чакырса же жамандыктан кайтарса, аны тааныбасак да, анын айтканын аткаруу керек.
3. Башчылар жана казылар (соттор) зарылчылык жок болсо, эшиктерине күзөтчү койдуруп, өздөрүн адамдардан тосуп албоолору керек.
4. Кабырларды зыярат кылууга эркектерге да, аялдарга да уруксат берилет. А бирок аялдар эркектерге караганда назик, алсыз жана сабырсыз болушкандыктары жана аялдардын көчөдө басып жүрүүсү ар кандай фитналарга себеп болгондугу үчүн алардын кабырларды зыярат кылуулары макүрү. Кээ бир убактарда арам да болуп калышы мүмкүн.
Хадистен алынган сабактар:
1. Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) жумшак мамилелүү, жөнөкөй адам болгон.
2. Башкаларга насаат айтканда, алардын ызаа берүүсү мүмкүн экендигин да эске алуу керек жана ошого даяр болуу керек.
3. Кырсык-балээ, кыйынчылык- сыноолорго кабылган адамдарга түшүнүү менен мамиле кылуу керек.
4. Башка сыноо, балээ, кыйынчылык түшкөн алгачкы убакта сабыр кылуу, чыныгы сабыр деп эсептелет. Кыйынчылык түшкөндөн кийин бир топ убакыттан кийинки сабыр чыныгы сабыр деп эсептелбейт. Анткени убакыттын өтүшү менен адам, ошол нерсеге көнүп калат.
Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 02 Май 2014 - 16:37
#250 07 Май 2014 - 10:03
Намаз жөнүндө
Эй Мухаммад! Намаз жөнүндө да айта кетейин. Мусулмандар ар бир убакытта намаз окууну каалайт. Бирок мен аларды кармаймын, жана аларга мен: «Али жашсың, жашың барганда (картайганда) окуйсуң, али сага эрте, дал азыр сенин колуң бош эмес, азырынча тек жумушуңду кыл, кийин окуйсуң» деп, «васваса» (азгырык) беремин. Ушундайча намаз окуудан тыямын. Аэгерде ал мага багынбаса, адамдын шайтанын жиберемин. Айтор ага намазын өз убагында окутбоого тырышамын. Эгер ал адамдын да шайтанын да тыңдабаса, анда анын сазайын намазда беремин. Намаз окуп жатканда: «оңго… солго кара» деймин. Ал карайт. Андан кийин ага: «Сен намазда адепсиздик кылдың» деп, анын ыкласын бузамын.
Эй Мухаммед, кимде-ким намазда алаксый берсе анын намазы намаз болбой тургандыгын сен да билесиң го. А эгер бул ишимден да натыйжа болбосо, жалгыз өзү намаз окуган убакытта жанына барып, намазды тез-тез окууну талап кылам. Ал да намазын тез-тез окуй баштайт. Туура жерден короз дан терип жеген сыяктуу.
Эгер бул ишимди да орундата албасам, бул жолу жамаат менен намаз окуган кезде ага жакын барып, имамдан (молдодон) мурда башын саждеден, рүкүдөн көтөртөмүн да, ары имамдан мурда сежде, рүкү жасатамын. Мына ушундай кылганы үчүн Аллах Таала кыямат күнү анын башын эшектин башына айландырат.
Эгер бул иштеримден да бир натыйжа чыкпаса, бул жолу ага намазда бармактарын сындырууну (кырсылдатууну) буйрук кылам. Ушундайча ал мени тасбих эткендерден (мактап, көкөлөткөндөрдөн) болот. Бирок, бул ишти намаз окуп жатканда орундата албасам, ага кайта барып, мурдуна үйлөйм. Мен мурдуна үйлөгөн кезде ал оозун ачып эстей баштайт. Эгер ал эстеген кезде колу менен оозун жаппаса, менин кичинекей балдарымдын бири анын ичине кирет.
Кичинекей балам ал адамдын дүйнөгө деген сүйүүсүн арттыра түшөт. Мына мындан кийин ал адам бизге гана кызмат өтөйт. Сөзүбүздү тыңдайт. Айтканыбызды эч кыйшаңсыз орундайт.
Шайтан сөзүн уланта берди.
- Үмөтөрүңдүн кайсы бир жакшы иштерине кубанасың. Мен аларга небир тузактарды жасаймын.
Мискиндердин, бей-бечаралардын жанына барамын. Аларга намаз сиздер үчүн эмес, Аллах Тааланын тамагы жетиштүү, ден соолугу мыкты, ары жакшылык берген кулдары үчүн деймин. Ушундайча алардын намаз окубашын каалап, намаз окубагыла деп буйрук кылам.
Мындан кийин ооруларга барамын. Аларга «Намаз окубай эле койгула, анткени Аллах Таала «Ооруларга күнөө жок» деген деймин. (Нур, 1). «Ооруңан айыгып, жакшы болгондо көп-көп намаз окуп ордун толтурасың» деймин. Отуруп намаз окуудан тыямын. Ошентип ал каапырлыкка өтүшү мүмкүн. Эгер анын оорусу күчөп, ушул оору себебинен намазын таштап кетип, ошол бойдон өлүп кетсе Аллах Тааланын алдына барган убакытта ооруп жатса намаз окубаганы үчүн өзүнө өзү катуу өкүнөт. Эй Мухаммед! Эгер мен бул сөздөрүмө калп кошсом Аллах Тааладан тиле, мени күлгө айландырсын, - деди.
Иблис мындан кийин аңгемесин улантты:
- Эй Мухаммед! Үмөтүңдү мактанчы кыласыңбы? Негизинде мен алардын баарын динден (туура жолдон) чыгарамын,- деди.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) мындай суроолорду койду:
- Эй, наалатка калган Иблис, сенин бирге отура турган жолдошуң ким?
- Менин жолдошум «пайыз» (процент) жеген киши.
- А досуң ким?
- Ойноштук кылган киши.
- Бирге жата турган жолдошуң ким?
- Өлөрчө арак ичип , мас болгон адам.
- Сенин коногуң ким?
- Ууру киши.
- Элчиң ким?
- Сыйкырчы (төлгөөчү) кишилер.
- Көзүңдүн нуру ким?
- Аялынан ажырашкан адам.
- Сүйүктүүң ким?
- Жума намазына барбаган киши, - деп жооп кайтарды.
Пайгамбарыбыз суроолорун өзгөртүп, мындай суроолорду берди:
- Эй наалаты, сенин көңүлүңдү эмне калтырат?
- Аллах жолунда согушка чыккан аттардын кишенеген добуштары.
- Жарайт, сенин денеңди эмне эритет?
- Бир күнөө иштеп, аркасынан тооба кылбаган кишинин сөздөрү.
- А бооруңду эмне ээритет?
- Күндүзү, түнү Аллах Таалага мол-мол айтылган истигфар (кечирим суроо).
- А жүзүңдү эмне бүрүштүрөт?
- Жашырын берилген садака.
- Жарайт көзүңдү көр кылган эмне?
- Түн жарымына оой окулган намаз.
- А башыңды төмөн шылкыйта турган эмне?
- Ал да түн жарымында окулган намаз.
- Сен үчүн адамдын эң жогору даражалуусу ким?
- Намаз окуу керек экенин билип туруп, атайын намаз окубаган киши.
- Сенин мазаңды ала турган эмне?
- Улама аалымдардын жыйналышы.
- Тамагыңды кандай жейсиң?
- Сол кол менен, бармактарымдын учу менен.
- Жарайт, катуу шамал болгондо же күн катуу ысык болгон убакытта балдарыңды кайда сактайсың?
- Адамдардын узун-узун тырмактарынын астында.
- Эй Иблис наалаты, сен Аллах Тааладан эмне сурадың?
- Мен Аллах Тааладан он нерсе сурадым.
Аларды да айта кетейин.
1. Мени адам баласынын малы менен балдарына орток кыл деп сурадым. Бул суранычымды орундады.
….Орток бол малдарына,
Жана да балдарына.
(Арамдык аралаштыра)
Аларга бер убада,
Шайтандын убадасы,
Азгыруу үчүн гана. (Исра, 64)
Ар бир биссмилласын союлган малдын этин пайыз (процент) деп арам тамактан да жеймин. Менин азгыруумдан Аллахка сыйынбаган ар бир кишинин малына ортокмун. Менин азгыруумдан Аллахка сыйынбай бир төшөктө жаткан (жыныстык катнашта болгон) эрди катындардан дүйнөгө келген бала да бизге багынат, сөзүмдү угат. Кимде-ким көлүккө минип жатканда адал жолго (жакшы жерге) эмес, арам жолго (терс, жаман жерге) барууга ниеттенсе мен да аны менен бирге минишемин. Анын сапардагы жолдошу боломун. Аллах Таала бул тууралуу мындай дейт:
...Аттуу, жөө түрдө келгин.
Түйшүктөнтүп дүүлүктүргүн… (Исра, 64)
2. Аллах Тааладан мага бир үй бер деп сурадым. Аллах Таалам мага мончону үй кылып берди.
3. Мындан кийин мага бир мечит бер деп сурадым. Аллах Таала мага базарларды мага мечит кылып берди.
4. Мага окуй турган бир китеп бер деп сурадым. Ырларды мага окуй турган китеп кылып берди.
5. Мага бирге жата турган жолдош бер деп сурадым. Мага мас көмдөрдү берди .
6. Мындан кийин мага бир азанчы бер дедим. Сурнайчыларды (музыканттарды) берди.
7. Мага көмөкчү бер деп сурадым… Бир жаман ишти кылып коюп, пешенеме ушундай жазылган экен дегендерди көмөкчү кылып берди.
8. Мага тууган берчи деп сурадым эле, дүнүйө малдарын керексиз жерге ысырап кылгандарды берди.
Бул да Куран Карим аяты менен да далилденген:
Ысырапчыл чындыгында,
Шайтандын тууганы да.
А шайтан кас Раббыңа (Исра, 27) .
Ошол кезде пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) «Эгер айткан сөздөрүңдү Куран карим аяттары менен далилдебегениңде сага ишенбейт элем» деди.
Шайтан сөзүн жалгаштыды:
9. Аллахтан сурадым, адам балдарын мен көрөйүн , бирок алар мени көрбөсүн. Бул тилегимди да орундады.
10. Дагы да адам баласынын денесиндеги кан тамырларын мага жол кылып бер деп тиледим. Муну да кабыл кылды. Ушундайча мен алардын арасына киремин, каалашымча айтканымды орундатамын. Бул абалыма мактаныч кыламын.
Дагы да муну айта кетейин. Эй Мухаммед, сени менен бирге болгондорго (ээрчигендерге) караганда, мени менен бирге болгондор (мага ээрчигендер) өтө көп.
Мына ушундайча кыяматка чейин адам баласынын көпчүлүгү мени менен бирге болот.
Мындан кийин Иблис дагы мындай деди:
- Менин бир уулуми бар… Анын аты Атеме, анын кылаар жумушу кимде-ким куптан (ясту) намазын окубай уктап калса, анын кулагына барып кичи дааратын сындырат. А эгер менин уулум бул ишти иштебесе, мусулмандар куптан намазын окубай уктай албас эле. Мени дагы да бир уулум бар. Анын аты Мутекази. Бул уулумдун аткара турган милдети жашырын (эч кимге көрөтпөй) иштеген кулчулуктарын (амалдарын) жарыкка чыгаруу. Мисалга, бир киши эч кимге көрстпөй жашырып кулчулук кылса жана эч кимге айтпай өз ичинде сактаса уулум Мутекази аны түрткүлөйт… Эң сонун ал киши жашырын иштеген кулчулуктары менен жакшылыктарын башкаларга айтып жарыкка чыгарат.
Ушундай кыган үчүн Аллах Таала ал кишинин сообунун токсон тогузун өчүрүп таштайт. Тек бир сообу гана калат. Анткени Аллах Таала жашырын иштелген кулчулуктар менен жакшылыктарга жүз сооп берет. Ошондой эле, менин дагы бир уулум бар. Анын аты Кухайыл. Бул уулумдун аткара турган иши адмадардын көзүн үрүлөтүү. Асыресе уламалардын мажилисинде да имамдар үгүт насаат айткан убакыттарда менин бул уулум адамдарга жакындап барып көздөрүн үйлөйт. Мына ошол кезде аларды уйку басат. Уламалардын же имамдардын айткан сөзүн укпайт. Ушундайча сооптон да куру калат.
Мындан кийин Иблис мындай деди:
- Кандай аял болсо да анын турган жерине балдарымдын бири отурат. Ары ар бир аял кишинин койнунда бир шайтан ал аялды жакшы (сулуу) кылып көрсөтөт жана ал аялга кай бир иштерди орундоого үгүтөйт. Мисалы: «чачыңды жайып, бет алпетти боёп, кыска кийимдердин кийип өзүңдү күт. Башкалар сага таңдана, кумарлана карай тургандай болсун» дейт. Ал аял аны кечеңдетпей орундайт. Ошентип аял уялбай ээн эркин кыска кийим киет. Өзү ачык-чачык (өз денесин ачып, көрсөтүп) жүрөт. Уят-сыйыт эмне экенин да билбейт.
Иблис мындай кийин өз жагдайын айта баштады:
- Эй Мухаммад! Адамды туура жолдон чыгарууда менин колумдан эч бир иш келбейт. Мен тек бир нерсени жакшы көрсөтүп, анын көңүлдөрүнө саламын. Эгерде туура жолдон чыгаруу менин колумда болгондо жер бетиндеги «Теңи жок, Аллахтан башка, Мухаммад элчи Аллахка» деген кишилерди, орозо тута турган, намаз окуй турган кишилерди калтырбайт элем. Алардын баардыгын туура жолдон чыгарар элем. Эй Мухаммед, менин колуман эч бир иш келбеген сыяктуу адамдарды туура жолго салуу да сенин колуңдан да эч нерсе келбейт. Сен тек гана Аллахтын элчиси, ары сөзгө чеченсиң. Эгер туура жолго салуу сенин колуңда болсо, сен жер бетинде бир да капыр калтырбас элең, - деди.
Мындан кийин пайгамбарыбыз (сав) мына бул эки аятты окуду:
Раббың аларга мээрим
Көрсөткөндөрдөн башка.
Ал жараткан (ушундайча)
Раббың сөзү ишке ашууга:
«Толтурам жаханнамды,
Жиндер менен адамдарга».
(Худ, 119).
Аллахтын буйругу - өкүм тужурмду.(Азхаб, 38).
Мындан кийин пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) Иблиске мындай деди:
- Эй наалаты, сенин тообага келип Аллах Таалага кайтууң эч мүмкүн эмеспи? Жанатка кирүүңө себепчи болоюн.
Иблис (шайтан):
- Эй, Алланын элчиси! Ар бир иш берилген өкүмгө жараша болот. Чечимди жазган калем да куруду, кыяматка чейин боло турган иштер болот.
Сени пайгамбарлардын ичинде «султаны» кылып жаннат калкынын хатиби? (сүйлөөчүсү) кылган да – Аллах Таала.
Иблис соңку сөзүн мындай аяктады:
- Мына бул айткандарым сага соңку сөздөрүм. Айткандарымдын эч бирине да калп кошподум.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 07 Май 2014 - 10:04
#251 07 Май 2014 - 10:05
Ибн Аббас( Разиалооху анху) хазретиден Муаз бин Жабал мындай баяндайт: Бир күнү пайгамбарыбыз менен бирге ансарлардын биринин үйүндө отурган болчубуз. Көпчүлүк болуп пайгамбарыбыздан (сав) үгүт-насаат тыңдап отурган кезде, сырттан бир добуш угулду.
-Эй, үй ээси… иштегилер… Мага үйгө кирүүгө уруксат бергилечи… Менин силерде бир жумушум бар. Силер менен аңгемелешүүм керек, - деген добуш болду.
Муну уккандардын бардыгы пайгамбарыбызга карашты. Албетте, жооп пайгамбарыбыздан (сав) гана боло турган.
Пайгамбарыбыз(сав) мындай деди:
«Үйгө кирүүгө уруксат сурап турган ким экенин билесиңерби? »
Биз бир ооздон: «Эң туурасын Аллах жана анын элчиси билет» дедик. Ал убакытта пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) «Ал наалатка учураган Иблис (Шайтан). Аллах Тааланын наалаты ага болсун» деп хазрети Умар (разиалаху анху):
- Эй Умар? Сен ага Белгилүү бир убакытка чейин уруксат берилгенин билесинби? Өлтүрүүнү кой! Эшикти ага ачкыла, келсин! Ал бул жерге келүү үчүн буйрук алган. Силер анын аңгемесин жакшылап тыңдагыла! -деди.
Эшикти ага ачты, ал ичке кирди. Жана бизге анык көрүндү. Анын түр албетин сыпаттай турган болсом, ал бизге картайган бир чалга окшоп, чачы сейрек келген, ары ээгинде беш-алты кыл (сыяктуу) сакалы бар, көзүнүн төбөсүнөн караган, башы да чоң, бир пилдин башына окшогон, ары эриндери да уйдун эрини сыяктуу шалпайган түрдө көрүндү. Ал эшиктен ичке киргенде «Салам, сага эй Мухаммад, салам силерге эй мусулман жамааты» деп бизге салам берди. Анын бул саламына пайгамбарыбыз Мухаммад (сав):
- Салам Аллахтыкы, эй наалаты. Бул жерге бир жумуш менен келдим дегениңди уктум, ал эмне эле? - деп сурады.
Шайтан:
- Мага Аллах Тааланын жанынан бир периште келип, «сен моюн сунган түрдө Мухаммаддын алдына бар. Ага адам баласынын кантип туура жолдон чыгараарыңды түшүндүр. Жана анын ар бир суроосуна өзүнчө-өзүнчө туура жооп Бер» деп, мага Аллахтын амирин жеткизди. «Эгер Аллахтын бул амирин Орундабасаң же сөзүнө калп кошсоң, Аллах Таала сени күлгө айландырат» деп эскертти.
- Эй Мухаммад, ушул буйрукту орундоо үчүн сага келдим. Каалаган нерсеңди сурай бер! Эң туурасын гана айтайын, - деди.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав )
- Андай болсо, мага айтчы, адамдардын арасында кимди эң жаман көрөсүң? –деди.
Шайтан:
- Эй Мухаммед, адамдар арасында эң жаман көргөнүм сен. Аллах Тааланын жараткандарынын арасында сенден көп жаман көрө турган эч кимим жок. Албетте, сенден башка ким боло алсын.
Пайгамбарыбыз (сав):
-Менден кийин кимди көбүрөөк жаман көрөсүң? - деп сурады.
Шайтан:
- Аллах жолунда жүрүп, ары ар бир ишинде адилеттүү болгон жигитти жаман көрөмүн. Мындан кийин, өзү таза болуп, ары жууган жерин үч ирет жууй турган адамды. Анан, сабырдуу кедейди, - деди.
-Бирок, бул кедейдин сабырдуу болгонун кайдан билесиң?
- Эй, Аллахтын элчиси. Ал өзүнүн муктажын өзү сыяктуу бирөөгө айтпайт. А кимде-ким өзүнүн муктажын өзү сыяктуу бирөөгө айтып жүрсө, арийне Аллах Таала андай адамдарды сабырдуу кишилердин катарына жазбайт, ары сабырдуу кишилердин иши буга окшобойт. Мен да кишинин сабырдуу болгонун өз муктажын ичине сактап, нараазы болгонун эч кимге айтпаганынан билемин.
- Анан кимди жаман көрөсүң?
- Шүгүр кылган бай кишини.
- А сен анын шүгүр кылган бай экенин кайдан билесиң?
- Ал ар бир тыйынын адал жолдо, маңдай тери менен таап жана тапкан акчасын колунан келишинче кайрымдуулукка жумшайт. Мен анын шүгүр кылган бай экенин ушул жеринен билемин.
Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) суроолорду өзгөртүп, мындай бир суроо берди:
- Жарайт. Үммөтүм намаз окуганда алың кандай болот?
- Эй Алланын элчиси! Мен ал убакытта дирилдеп, титирей баштаймын
-Эмне үчүн бул абалга түшөсүң?
- Анткени ар бир адам Аллах Тааланын ыразылыгы үчүн башын саждага койсо, даражасы жогорулайт.
- Ал орозо кармаган убакытта алың кандай болот?
- Ал убакта мен талып кулаймын. Толук алар ооз ачканга чейин.
- Жарайт. Ал ажылык жасаган убакыттачы?
-Ал убакта жинди боломун.
- Куран карим окуганда алың кандай болот?
- Оой, ал убакытта мен от үстүндө эриген муз сыяктуу эриймин.
- Ал садака бергенде алың кандай болот?
- Ал убакытта менин алым өтө жаман болот. Салыштыра айтканда, садака берген киши колуна балта алып, мени экиге бөлөт.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) анын себебин сурады. Шайтан мындай деп жооп берди:
- Анткени садаканын төрт түрдүү жакшы касиети бар. Алар:
1) Аллах Таала садака берген кишинин дүнүйөсүнө береке берет;
2) Садака берген кишини эл да жакшы көрөт;
3) Берген садакасынан Аллах Таала ал киши үчүн тозок отуна бир парда тартат (оттон алыс болот );
4) Аллах Таала садака берген кишини балээ жалаадан, кыйынчылыктан алыстат.
Мындан кийин пайгамбарыбыз (сав) асхабы (достору) жайында мындай суроолорду берди:
- Абу Бакир тууралуу эмне айтасың?
Иблис:
- Ал мага жахилет мезгилинде (Ислам динин кабылдай электе) моюн сунчу эмес. Ислам динине киргенден кийин кантип моюн сунсун.
- Жарайт. Умар бин Хаттаб жөнүндө эмне айтасың?
- Аллахка ант деп айтайын, көргөн жеримде андан качамын.
- А Осман бин Аффан жөнүндө эмне дейсиң?
- Андан катуу уяламын. Аллахтын периштелери да андан каттуу уялышат.
- А, Али бин Абуталиб жөнүндө эмне айтасың?
- Ах, анын колунан бир кутулсам. Ал өз жайында калса, мен да өз жайымда калсам. Ал мени өз эркиме койсо, мен да аны өз эркине койсом. Мен аны өз эркине жиберсем да, ал мени өз эркиме жибербейт го.
Бул жоопторду уккандан киийн сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) «үммөттөрүмө жакшылык берген, сага да белгилүү убакытка чейин өмүр берген Аллах Таалага сансыз шүгүрлөр болсун» деди.
Бул сөздү уккан Иблис:
- Үммөттөрүңүн жакшылыгы кайда? Мен белгилүү убакытка чейин тирүү турган болсом, сенин үммөттөрүң үчүн бардык жамандыкты жасаймын. Мен алардын ичтерине, кан тамырларына киремин. Бирок, алар менин бул абалымды көрүшпөйт да билишпейт. Алардын бардыгын туура жолдон тайдырып, азгырамын. Үммөттөрүңүн адамдары менен билимдүүлөрү болсун, окугандары менен окубагандары болсун, бардыгы менин колуман кутула албайт. Бирок, тек гана Аллах Тааланын «халис» (ыкластуу, таза) кулдарын азгыра албаймын.
- Аллах Тааланын халис кулдары сенинче кандай адамдар?
- Билбейсиңби? Эй Мухаммад кээ бир адамдар мал мүлкүн, дүйнүйө байлыгын, акчасын жакшы көрөт. Мындай адамдар Аллах Тааланын халис кулдары боло албайт. А кээ бир адамдар бар. Алар мал-мүлкүн же дүнүйө байлыгын, же акчасын жакшы көрбөйт. Өзүн башка кишилердин мактап көтөрмөлөрүн да жактырбайт. Алар тек гана Аллах Тааланын ыраазычылыгын каалашат. «Халис кулдар « деп мына ушундай кишилерди айтабыз. Мен да мындай халис кулдардан алыс жүрөмүн.
Бирөө мал-мүлкүн, дүнүйө байлыгын сүйүп жана мактап бийиктегенди жактыра турган болсо, ары жүрөгү «ички дүйнөсү» дүнүйө кумарына толуп, тек бул дүйнөдө гана сый-урматка ээ болууну, ары даражасы жогору болууну ойлогон каалаган киши болсо, алар үммөттөрүңүн ичиндеги мага эң көп моюн сунгандары.
Эй, Мухаммад! Дүнүйө-мүлккө кызыгуу күнөөлөрдүн эң чоңу экенин, ары жеке башын гана жакшы көрүүнүн өзү да чоң күнөө иштердин катарына жата турганын билбейсиңби? Менин жетимиш миң балам бар экенин да билбейсиңби? Мен аларды ар түрдүү жерге орноштурдум.
Эй Мухаммад, билип кой! Балдарымдын жанындадагы жетимиш миң жиндер бар.
Алардын бир бөлүгүн жаштарга (жаш жигиттер менен кыздарга), бир бөлүгүн туура жолдо жүргөн адамдарга, а бир бөлүгүн картайган аял кишилерге жибердим.
Жаштар (жаш жигиттер менен кыздар) жайында айта турган болсом, алар менен арабызда эч келишпей калуучулук болбойт. Биз эмне айтсам, ошону орундатышат. Алар менен биз чынында жакшы турабыз. А жаш балдарга келсек, алар менен биз каалаганыбызча ойноп күлөбүз. Биздикилердин бир тобу адамдарга тек жамандык алып келет. Бир бөлүгү алардын жанына барат да, бир балээден (кайгыдан) эми кутула бергенде, экинчи балээге (кайгыга) учуратат. Айтор аларды өз эркине жибербей, айландырып турушат. Алар ушундай бир ахвалга (жагдайга) түшүшөт. Алар ушундай ахвалга түшүшүнө себепчи болду деп түшүнгөндөрүн сөгүп күнөөлөшөт. Мына биз ушундайча алардан ыкласты алабыз. Алар бул абалдарына иштеген жакшылыктары менен ибадаттарын (кулчулуктарын) ыклассыз орундайт. Алардын ыклассыз кылган иштери эч пайда бербейт. Бирок, алар бул ахвалдарынан кабарсыз болушат, - деди.
Мындан кийин Иблис (шайтан) такыба (Алладан корккон) кишини кандайча жолдон чыгарганын аңгелемей баштады:
-Эй Мухаммед, такыба бир киши жетимиш жыл бою чын ыклас менен Аллах Таалага кулчулук кылды. Ибадаттарынын натыйжасында Аллах аны ушундай бир даражага көтөрдү. Жөн эле, ар дубасына оору адам шыпаа таап кете турган. Мен анын артынан түштүм, эч убакта андан ажырабадым. Натыйжасында ал ойноштук кылды, адам өлтүрдү, аягында капыр болду (Аллах Тааланы жок деп каршы келди). Мындай кишилер тууралуу Аллах Таала Куран каримде мындай дейт:
«Алар окшош шайтанга,
Капыр бол» деп адамга,
Ал капыр болгон кезде,
Айткан: « Бездим, сенден чынында.
Чыны, мен корком Аллахтан,
Ааламдардын Раббынан «
(Хашыр, 16)
Иблис наалаты мындан кийин кээ бир жаман кулк-мүнөздөргө токтолуп өттү:
- Калпты билбейсиң, эй Мухаммед. Калп айтуу менден, алгачкы калп айткан да мен элем. А сенин үмөтүңөн кимде-ким билбеген нерсесин, же көрбөгөн нерсесин, мен аны билемин, же мен аны көргөнмүн деп ант ичсе, ал менин сүйүктүү досум болот. Анткени, мен алгачкы иретте Адам менен Хавага билбеген нерсемди билемин деп ант ичкен болчумун, - деди.
Аллах Таала Куран Каримде бул окуя тууралуу мындай дейт:
Касам ичти жана да:
«Кеңешчимин чынында»
(А’раф, 21)
А (Иблис) айтты анда:
«Сен мени мына ушунда,
Чыгаргандан жолдон туура,
Мен тоскоол кылам аларга ,
Сенин жолуңда туура.
Анан келем аларга,
Алдынан артынан да,
Оңунан, солунан да.
(Ошентип) алардын көбүн,
Таппайсың ыраазылыкта»
(А’раф, 16-17).
Муну орундаймын, анткени билбеген жеримди, ишимди билемин деп ант ичуу мени рахаттандырат.
Ушак кылуу менен сөз ташуучуларга келсек… Алар менин жемишим. Эрди-катындар арасында талак (ажырашуу) сөзү айтылса, бул сөз бир ирет айтылса, же бул сөздү айтууга себепчи болгон нерсе үстүндө болсун, айтор ар ким талакты (ажырашууну) оозуна алса, чындык белгилүү болгонго (ажырашканга) чейин аялы арам болот. Алардын ушундай абалдары мени кыяматка (акыр заманга) чейин дүйнөгө келген балдары ойноштуктан туулган бала болуп эсептелет. Оозго алган ушул (талак) сөзүнүн себебинен баары да тозокко киришет.
булак:өз эсепкерим.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 07 Май 2014 - 10:06
#252 07 Май 2014 - 10:16
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 07 Май 2014 - 10:17
#253 07 Май 2014 - 10:18
Пайгамбар с.а.в. "Силердин аялынардын кимиси бейиштик экенин айтып берейинби?-деп сураганда.Сахабалар айтышты:Ооба айтып бериниз Аллахтын элчиси.Пайгамбар с.а.в. айтты: Озунун куйоосун суйуучу аял ,коп тороочу аял,ар качан ачууланса же ага жаман соз айтылса же ага куйоосунун ачуусу келсе ал аял айтса :Менин колум сенин колунда , сен ыраазы болмоюнча уктабайм" -деген аял.
#254 07 Май 2014 - 10:20
Сөзүмдү жакшылап уккула! Билбейм, балким, бул жылдан кийин силер менен кайра бул жерден жолуга албастырмын.
Оо, адамдар! Ушул күндөрүңөр кандай ыйык күндөр болсо, бул айларыңар кандай ыйык ай болсо, бул шаарыңар (Мекке) кандай куттуу шаар болсо, жаныңар, мал-мүлкүңөр, ар-намысыңар дагы ошондой ыйык, ар кандай кол салуудан корголгон. Эртең Жаратканыңардын алдына барасыңар жана бүгүнкү кылган баардык иштериңерге сөссүз жооп бересиңер. Менден кийин мурдагы бузукулуктарыңарды кайра баштап бири бириңерди өлтүргөнгө өтпөгүлө! Бул осуятымды ушул жерде тургандар бул жерде болбогондорго жеткирсин! А балким, азыр бул жерде болбой, бирок башкалардан уккандар, бул жерде азыр угуп тургандарга караганда жакшыраак түшүнүшү мүмкүн.
Оо, сахабаларым!
Кимдин жанында аманат бар болсо, аны ээсине берсин!
Сүткорлуктун баардык түрүнө тыюу салынды. Бирок, карызыңардын дал өзүн төлөшүңөр керек. Зулумдук кылбагыла жана зулумдукка учурабагыла! Аллахтын буйругу менен эми сүткорлукка тыюу салынды. Жахилиядан калган бул жаман адаттын баардык түрү жок кылынды. Мен биринчи жойгон сүт корлук – абам Абдулмутталиб уулу Аббастын сүткорлугу.
Оо, сахабаларым!
Жахилия доорунда болуп келген, кек кууп өч алуу салты толугу менен жоюлду. Мен жойгон биринчи кан куумай салт – Абдулмутталибтин небереси Рабиянын кун досу.
Оо, адамдар!
Бүгүн шайтан силердин ушул жериңерге таасирин жана өкүмдарлыгын орнотуу күчүнөн түбөлүккө ажырады, бирок силер кайдыгерлик менен майда нерселерде да, анын тилин алсаңар ал көөп кетет. Диниңерди коргоо үчүн булардан сак болгула!
Оо, адамдар!
Аялдардын укугун коргогула жана бул тууралуу Аллахтан коркууңарды такып айтамын: Силер аялдарды Аллахтын аманаты катары алдыңар, алардын намыстарын Аллахка сөз берип туруп, өзүңөргө адал кылдыңар. Силердин аялдарыңарга, аялдарыңардын силерде акылары бар. Силердин аялдарыңарда болгон акыңар – алардын үй-бүлөңөрдү жат бирөөгө тебелтпөөсү. Эгер силердин уруксатыңар жок бир адамды үйгө киргизсе, аларды акырын какыс-кукус кылып койсоңор болот. Аялдардын силерде акылары болсо жашаган жердин шаттарына жараша тамак-ашын жана кийим кечек менен камсыз болуулары”.
Оо, момундар!
Силерге бир аманат калтырып жатам, муну бекем тутунсаңар, жолуңардан эч адашпайсыңар. Ал аманат – Аллахтын китеби Куран,
Оо, момундар!
Сөзүмдү жакшы уккула! Мусулман – мусулмандын боордошу. Ушундайча баардык мусулмандар бири бирине боордош. Диндеги боордошуңардын тигил же бул укуктарын тебелөө эч кимге адал эмес, өзү ыраазы болбогон абалда акысын жеш адал эмес.
Оо, сахабаларым!
Өзүңөрдө да зулумдук кылбагыла, өзүңөрдүн үстүңөргө да акыларыңар бар.
Оо, адамдар!
Аллах ар бир укук ээсине акыларын (Куранда) берген. Мураскорго осуят калтыруунун кереги жок. Төрөлгөн бала өз атасыныкы.
Оо, адамдар!
Жаратуучуңар бир, бабаңар да бир, баарыңар Адам атанын балдарысыңар. Адам ата болсо топурактан. Аллах алдында эң даражалуу болгонуңар – Андан эң көп коркконуңар. Арабтын араб болбогон улутка үстөмдүгү жок. Даража тек кана такыбалык менен болот.
Оо, адамдар!
Эртең мени силерден сурашат. Эмне деп жооп бересиңер?
Ошол жерде турган сахабалардын баардыгы жапырт: “Аллахтын элчилик кызматын өтөдүң, милдетиңди аткардың, бизге осуят калтырдың, насыят айттың” – деп жооп беришет. Андан кийин пайгамбарыбыз сав. сөөмөйүн өйдө көтөрүп: “Күбө бол оо Жаратканым, күбө бол оо Жаратканым, күбө бол оо Жаратканым” – дейт
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 07 Май 2014 - 10:23
#255 07 Май 2014 - 10:30
«Ислам, бул – бир Алладан (Кудайдан) башка кудай жок жана Мухаммад – Алланын Элчиси экендигине күбө болуу (бекемдөө), (Бир күндө беш маал) намаз окуу, (балагатка жеткендер Рамазан айында бир ай) орозо тутуу, (турмушу начар, бей-бечара, жакырлага ыктыярдуу жардам катары) зекет берүү жана (Меккедеги ыйык) Үйгө (Кабатуллага) зыйарат кылуу».
«Сен туура айттың»- деди тиги киши, Анын суроо берип жана өзү кайра ага (Алланын Элчисинин жообуна): туура- деп айтып жатканына таңгалып олтурдук.
Алиги киши: «Эми мага Ыйман жөнүндө айтып берчи»- деди.
Алланын Элчиси айтты:
«Ыйман бул- Алланын барлыгына, Анын Периштелерине, Анын Китептерине, Анын Пайгамбарларына, Кыямат Күнүнө ишенүү жана Алланын алдын ала белгилеп койгон жакшы-жаман тагдырына ишенүү».
«Сен туура айттың»- деди тиги киши.
Ал дагы сурады: «Мага Ихсан1 тууралуу айтып берчи». (Мухаммад алейхис салам):
«Ихсан бул – Алла Тааланы көзүң менен көрүп тургандай сыйынып кулдук уруу. Анткени Алланы сен көрбөсөң да Ал сени көрүп турат»- деди.
«Эми мага Кыямат тууралуу айтып берчи»- деди тиги киши.
«Бул тууралуу, суралып жаткан (Алланын Элчиси) сурап жаткандан артык билбейт» -деди Алланын Элчиси.
Тиги киши дагы: «Эми мага анын (Кыямат Күнүнүн) алдын –ала болуучу белгилери жөнүндө айтчы»-деди.
Алланын Элчиси айтты:
«Аялдан анын кожоюну туулушун1 жана бийик-бийик имарат үйлөрдү куруу боюнча мелдешип жан талашкан жылаң аяк, жылаңач, томаяк (жакыр) малчыларды көрөсүң».
Ушундан кийин баягы киши кетип, мен бир азга унчукпай туруп калдым. Ошондо Алланын Элчиси:
«Э Умар, (суроолор) сураган бул ким экенин билесиңби?-деди. Мен: «Аны Алла жана Анын Элчиси баарынан жакшы билет»- дедим.
«Бул силерге өз диниңерди үйрөтүү үчүн келген Жабрийл (периште)»-деди Алланын Элчиси. (Муслимден келтирилген).
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 07 Май 2014 - 10:30
#256 07 Май 2014 - 10:40
Ассаламу алейкум ва-рахмату-лла́хи ва-баракя́тух!
Урматтуу бир туугандарым жогоруда жазылган хадистерди интернет баракчасынан окуп, сиздер менен болушууну туура кордум жана киреги тиет деген жакшы ниетим бар.
Эгер мумкунчулук болсо фейсбуктан - "Пайдалуу хадистер" деген даректен жакшы маалыматтарды алсаныздар болот.
ЖАРАТУУЧУ ЖАЛГЫЗ ЭГЕМ АЛЛАХЫМ баарыбызга бекем ыйман, ынсап берип, ОЗУ колдосун!
Аминь!
#257 07 Май 2014 - 10:52
">بسم الله الرحمن الرحيم
"Урматтуу окурман! Бүгүнкү күнү аты жаман арактын айынан элибиз өтө катуу азап –запкы тартып келет.Анын кесепети көзгө көрүнүп турса дагы артынан түшүп, ичкиликке берилип кеткен адамдар көп эле кездешет. Үй-бүлөсүн курутуп, алардан ажырап көчөдө темселеп басып калгандар канча. Алардын жакындары, ата-энелери канча деген көз жаш төгүп кыйналып жүрөт.Алардын күйүтүн уккан адам жок. Ошентип бул турмушта аракеч бир өзү эле бактысыз болбостон, өзү менен кошо жакындарын дагы бактысыз кылат.
Келиңиздер! ушул аракечтикке баарыбыз колдон келгенче каршы күрөшөлү.Төмөндөгү Ыйык Куран жана хадистерди окуп элге жайылталы. Улуу жараткан АллаТаала баарыбызга туура жол көрсөтсүн. Амин!
Бисмиллахир рахманир рахиим!
“Эй ыйман келтиргендер! Арак- шарап (мас кылуучу жана акыл-эсти ууландыруучу бардык нерселер) майсир (кумар оюндары), буттарга курмандык кылуучу таштар жана төлгө салуучу жебелер, ошондой эле төлгө таштары жана карталар менен төлгө салуу – булардын баары шайтандын кылыктарынан болгон арам нерселер. Мүмкүн силер ийгиликке жетесиңер. Шайтан силерди арак, шарап жана кумар оюндарынын себебинен силердин ортоңорго душманчылык жана жек көрүүчүлүктү салууну жана Алланы эстөөдөн, намаздан тосууну каалайт. Ошондуктан оолак болгула! (Мааида: 90-91)
Алла Тааланы эстөөдөн жана намаздан тосот – деген сөзү менен динди бузууга алып баруусун айтты. Ичкилик ичүү – бул денеге ырахат пайда кылат. Ал эми качан дене ырахатка бөлөнгөндө, Алланы эстөөдөн жана намаздан бейкапар калат. Алла Тааланын бул аятта ичкилик ичүү жана кумарды, бутка сыйынуу деген сөз менен биргеликте айтуусу бул ичкиликтин өтө катуу арам экенин билдирет. Ушул сөзгө шайкеш келген хадис бар: «Ичкиликке берилген адам өлсө, анда ал Алланын астына бутка сыйынуучу адам сыяктуу болуп барат». (Ибн Маажа). Шайтандын намаздан тосуусу, ыймандан тоскон сыяктуу эле. Анткени, намаз – диндин түркүгү.
Ибн Умар р.з айтат, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Ар бир мас кылуучу нерсе бул – ичимдик. Ар бир мас кылуучу нерсе арам. Ким бул дүйнөдө ичкилике берилип, тообо кылбай өлсө, акыретте ал шарап ичпейт». (Муслим) Акыретте шарап ичпейт дегендин мааниси – бейишке кирбейт. Анткени, шарап – бейиштин ичимдиктеринен. (Миркат)
Жабир (р.з) риваят кылат, Йемендик бир киши келип, пайгамбар (с.а.в) дан өздөрүнүн жериндеги жүгөрүдөн жасалган ичимдик туурасында сурады. Пайгамбарыбыз (с.а.в) : «Ал мас кылабы?» - деди. Ал киши: Ооба! – деди. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Ар бир мас кылуучу нерсе арам. Мас кылуучу нерсени ичкен адамды, Алла Таала Тийнатул Хобалдан ичирүүнү убада кылган». Алар сурашты: О Алланын элчиси! Тийнатул Хобал – деген эмне? Ал айтты: «Тозок элинин күйүп, кыйналгандагы тер жана ириңдери». (Муслим)
Ваил Хазрамий (р.з) дан риваят, Торик бин Сувайд Пайгамбарыбыз (с.а.в) дан ичимдикти ичүүгө уруксат сурады. Пайгамбарыбыз (с.а.в) андан тыйды. Ал киши айтты: Мен аны дарылыка эле иштетем. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Ал дары эмес. Балким ал оору». (Муслим)
Абдулло бин Умар (р.з) дан риваят Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Ким ичкилик ичсе, Алла Таала анын кырк күндүк намазын кабыл кылбайт. Эгер Аллага тообо кылса, Алла тообосун кабыл кылат. Эгер дагы иче турган болсо, анда Алла кырк күндүк намазын кабыл кылбайт. Эгер Аллага тообо кылса, Алла тообасын кабыл кылат. Эгер дагы иче турган болсо, анда Алла кырк күндүк намазын кабыл кылбайт. Эгер Аллага тообо кылса, Алла тообосун кабыл кылат. Эгерде төртүнчү жолу кайра ичсе, анда Алла кырк күндүк намазын кабыл кылбайт. Эгер тообо кылса, Алла тообосун кабыл кылбайт жана аны тозокулардын ириңинен болгон дарыядан ичирет. (Тирмизи, Насаи, Ибн Маажа)
Түшүндүрмө: Кырк күн намазын кабыл кылбайт дегени – ибадаттын ширин ырахатын таппайт. Намаз менен өзгөчөлөгөнүнүн себеби, намаз – ибадаттын энеси, арак – күнөөлөрдүн энеси болгондой. Алла тообосун кабыл кылбайт дегени – ага тообо кылууга мүмкүнчүлүк бербейт. Ошентип бул дүйнөдөн өтүп кетет.
Жабир (р.з) дан риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Кайсы нерсенин көбүн (ичкенде) мас кылса, анда анын азын (ичүү) да арам». (Абу Дауд, Тирмизи)
Ибн Умар (р.з) дан риваят, Пайгамбар (с.а.в) айтты: Үч түрлүү адамга Алла Таала жаннатты арам кылган: 1- Аракка берилген адам. 2- Ата энеге тоң моюн болгон адам. 3- Үй-бүлөсүндө бузукулукту көрүп унчукпаган, кызганбаган адам. (Насаи)
Ибн Умар (р.з) дан риваят, Пайгамбар (с.а.в) айтты: «Ичкилик, он нерсеси менен каргышка (наалатка) калган: 1- Арактын өзү. 2- Аны ичүүчү. 3- Аны ичирүүчү. 4- Аны сатуучу. 5- Аны сатып алуучу. 6- Аны сыгуучу. 7- Аны жасоочу. 8- Аны ташуучу. 9- Аны алдырган адам. 10- Анын акчасын жеген адам. (Абу Дауд, Ибн Маажа)
Усман (р.з) айтат: Ичкиликтен сактангыла! Анткени, ал – ыплас нерселердин энеси. Силерден мурда өткөн адамдарда (үммөттөрдө) адамдардан ажырап, ибадат кылган киши бар эле. Аны бир аял жакшы көрүп калып, өзүнүн кызматчы аялын ага жиберди, соң кызматчы аял айтты: Биз сизди күбөлүкө өтүү үчүн чакырып жатабыз. Ал макул болуп кирди. Ал биринчи эшиктен экинчи эшике кирген сайын, кызматчы аял биринчисин жаба берди. Ошентип, бир сулуу аялдын жанына барды. Ал аялдын жанында бир жаш бала жана бир кумура ичимдик бар экен. Ал аял айтты: Мен эч кандай күбөлүкө өтүү үчүн чакырган жокмун. Балким, сен мени менен кошуласың, же бул баланы өлтүрөсүң, же бул аракты ичесиң! Соң ал киши бир кесе ичип, Дагы куйгула! - деди. Ал иче берди, ошентип аялга кошулду жана баланы да өлтүрдү.
Ошондуктан, ичимдиктен сактангыла! Ичимдик жана ыйман эч качан бирикпейт. Бирөөсү болсо, экинчиси чыгып кетет. (Байхакий, Тафсир Ибни Касир).
Даярдаган: Азрети муфтийдин орун басары
Эратов
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 07 Май 2014 - 10:53
#258 09 Май 2014 - 17:55
#259 09 Май 2014 - 17:58
#260 11 Май 2014 - 23:41
мындай деген: “Ар бир адам ката кетирүүчү,
ката кетирүүчүлөрдүн эң жакшысы – тообо
кылуучулар”. деген!
Термизий Каъб ибн
Ужрадан чыгарышынча, Расулуллах С.А.В. ага
мындай деген: “Эй Каъб ибн Ужра, анык болгондой, арамдан өскөн этке тозок авла
болот”.-деген!
. Расулуллах A Ибн Мажа
Абу Хурайрадан чыгарган хадисинде ак сөздү айткан. Абу Хурайра мындай дейт: Расулуллах
A айтты: » ،ُﺍﻟﻨَّﺎﺱِ ﺳَﻨَﻮَﺍﺕٌ ﺧَﺪَّﺍﻋَﺎﺕُ، ﻳُﺼَﺪَّﻕُ ﻓِﻴﻬَﺎ ﺍﻟْﻜَﺎﺫِﺏ ﺍﻟﺼَّﺎﺩِﻕُ، ﻭَﻳُﺆْﺗَﻤَﻦُ ﻓِﻴﻬَﺎ ﺍﻟْﺨَﺎﺋِﻦُ، ﻭَﻳُﺨَﻮَّﻥُ ﻓِﻴﻬَﺎ ﺳَﻴَﺄْﺗِﻲ ﻋَﻠَﻰ
ﺍﻟﺮُّﻭَﻳْﺒِﻀَﺔُ؟ ﻗَﺎﻝَ: ﺍﻟْﺄَﻣِﻴﻦُ، ﻭَﻳَﻨْﻄِﻖُ ﻓِﻴﻬَﺎ ﺍﻟﺮُّﻭَﻳْﺒِﻀَﺔُ. ﻭَﻳُﻜَﺬَّﺏُ ﻓِﻴﻬَﺎ
ﺍﻟﺮَّﺟُﻞُ ﺍﻟﺘَّﺎﻓِﻪُ ﻓِﻲ ﺃَﻣْﺮِ ﺍﻟْﻌَﺎﻣَّﺔِ ﻗِﻴﻞَ: ﻭَﻣَﺎ
«Адамдардын үстүнө жалганчы жылдар келет. Бул жылдарда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга чыгарылат, саткын – аманаткөй, аманаткөй болсо саткын деп эсептелет, бул жылдарда рувайбиза сөз сүйлөйт. Ошондо: Рувайбиза эмне? – деп суралды. Пайгамбарыбыз: Амманын иши жөнүндө (сүйлөй турган) арамза кимсе» деп жооп берди.