Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#41 Пользователь офлайн   baksid   10 Июль 2013 - 19:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 29 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 11 Июн 2023 05:30

«Алланын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) (жакшылык кылууда) адамдардын эң берешени эле. Рамазанда Жибрил (алейхи салаам) менен жолукканда дагы да (мурдагыдан да) берешен болуп кетчү. Жибрил (алейхи салаам) Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) менен Рамазандын ар түнү жолугуп, аны менен Куран сабак кылышчу. Алланын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) жакшылык кылуудагы берешендиги жүрүп турган желден да тез эле». (Бухарий жана Муслим).

Алланын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Садаканын эң абзели (жакшысы) Рамазанда берилгени» (Имам Тирмизий).

Билдирүүнү түзөткөн: baksid: 10 Июль 2013 - 19:19

Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   baksid   10 Июль 2013 - 19:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 29 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 11 Июн 2023 05:30

Алланын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Кайсы бир муъмин ач калган муъминди тамактандырса, Аллах Таала аны бейиш мөмөлөрүнөн тамактандырат. Ким бир муъминдин суусунун кандырса, Аллах Таала аны «ар-Рахик ал-Махтум[5] » менен сугарат» . (Имам Тирмизий).

Алланын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Ыймандуу болмоюн бейишке кире албайсыңар, бири-бириңерди жакшы көрмөйүн ыймандуу боло албайсыңар» (Муслим).

Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Ким орозо кармаган адамдын оозун ачтырса[6] , ал ээ болгончолук соопко ээ болот. Бирок орозо кармагандын сообунан эч нерсе кемибейт» (Ахмад жана Насаий).
Алланын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам)айтты: «Ким багымдат намазын жамаат менен окуп, күн чыкканча Аллахты зикир кылып отурса, андан кийин эки рекет намаз окуса, ага ажы жана умра кылгандын сообу толук, толук, толук кылып берилет»



P.S. Бейишке багыт сайтынан алынды

Билдирүүнү түзөткөн: baksid: 10 Июль 2013 - 19:24

Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   doni89   18 Июль 2013 - 20:09

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

БИСМИЛЛААХИР- РАХМААНИР- РАХИИМДИН КАСИЕТИ. Расул Алла айтты: Кимде- ким бир жумуш баштаса Бисмиллаахир- рахмаанир- рахиим деп баштабаса ал иштин берекеси болбойт. Башир Хафиз жигит кезинде дайыма пасык (динсиз) болуп күнөө жасап жүргөн эле. Мунун бир жакын тууганы бар эле, ошол бир күнү түш көрөт, түшүндө бир добуш кулагына келди. Башир Хафиздин күнөөсүн Алла кечирди, жаннаттагы ага насип кылды, жаннаттын ортосунан ага бир жакшы жай берилди деди. Ошодон кийин түш көргөн адам ойгонуп турду. Менин бул түшүм шайтандан болсо керек, мындай түш болбош керек эле деп ойлоду. Себеби Башир Хафиз бул түшкө ылайык эмес эле. Мунун ортосунда 3 күн өттү, дагы ошол түштү көрдү. Бул түштү көргөндөн кийин Баширди агасы чакыртты. Башир келгенден кийин айтты: эй Башир, сенин Алла- Таалага кандай таат ибадатың бар? Башир айтты: эй ага, менин Аллага эч бир таат ибадатым жок. Ар убакта пасык күнөө иштөөдө жуүрөм. Мен бир күнү шаар жакка бардым, керегимди жасап болгондон кийин жаман кагаздардын арасынан бир кагаз таап алып карасам Бисмиллаахир- рахмаанир- рахиим жазылган экен. Мен булганган жерин тазаладым. Тазалап болгондон кийин өптүм. Эки теңгеге атыр алып, ал кагазга сээп, сандыкка салдым. Ошондо агасы айтты: Эй Башир Хафиз, ошол кагазга жазылган Бисмиллаахир- рахмаанир- рахиимдин каситеи үчүн Алла- Таала сенин күнөөңдү кечип жалгады. Мен үч күн болду түш көрдүм, түшүмдө Башир Хафиздин күнөөсүн кечтим, ага жаннатты насип кылдым деген бир добушту уктум. Агасынын бул сөздү уккандан кийин Башир Хафиз ыйлап айтты, мен кандай адаммын, бир жолу ошол кагазга жасаган изатым үчүн Алла мага ошончо урмат берсе, мен күндүз- түнү күнөө жасап, Алланы унутуп жүргөн, эмне деген азгынмын деп эси ооп талып түштү. Эсине келгенде, ордунан туруп колундагы кызматчыларын азат кылып, бардык малын садага кылып таратып жиберет. Өзү бутуна кепич кийбей жалаң аяк Алла- Таалага таат ибадат жасап жүрдү. Алла насип кылып олуялардын катарына жетти. Я Алла, баарыбызды туура жолго салып, топук бергейсин. Оомийн, иа рабил аламийин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   doni89   18 Июль 2013 - 20:11

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

АЯЛЫҢЫЗГА ДА ТУУРА ЖОЛДУ КӨРГӨЗҮҮ - СИЗДИН МИЛДЕТИҢИЗ Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Эркекти бай кыла турган, үй-бүлөнү берекелүү кыла турган аял - бул ысырап кылбай турган, кур кыялдарга, ашыкча буюмдарга берилбеген аял», - деп айткан. Күйөөнүн мүлкүн сактоочу, артыкча ашыкча буюмдарга кызыкпай, «күйөөм балдарымды багып жатат,бизге көңүл бөлүп, кыйынчылыктар менен таап келип жатат, ушуну ысырап кылбай үнөмдөйүн»деген аял үй-бүлөгө береке алып келет. Бирок жеңил ойлуу аялдарыбыз да бар,күйөөсү бир аз жакшыраак тапса, «алтын сөйкө, күмүш алып бер, тон кийемин», -деп, келген насипти коромжу кылууга шашат. Азыркы күнү күйөөгө чыккан кыздарга берилип жаткан кийим-кечектердин, буюм-тайымдардын кымбаттап кетүүсүнө ошондой умтулуулар себеп болууда. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын сахабаларынын бири: «Кур кыялдарга берилип, кымбат буюм, мал-дүнүйөгө сугалак болгон аялдардан Кыямат Күнү сурак кылынардан мурда алардын күйөөлөрү суракка тартылат», - деп айтыптыр. Демек, Кыяматта Аллах бул күнөөлөрдү эркекке жүктөп, аялдарын ушундай кылып койгондуктары үчүн күйөөлөрүн суракка тартат. Ошондуктан каниет- топуктуулук тууралуу аялдарга ачык насыят айтуу керек. Аялыңызга, бала-чакаңызга харам менен халалдын айырмачылыгын үйрөтүңүз. Ынсапсыздык, каниетсиздик, текеберлик -оор күнөө экендигин түшүндүрүнүз. <br class="Apple-interchange- newline">
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   mayoral   25 Июль 2013 - 16:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 938
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Июн 2014 04:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Россия):(

"...кимддир бироо башка бироонун ата-энесин согот,ал анын ата-энесин соксо бул экоо тен оз ата-энелерине соккон болуп эсептелет."
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;

КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   doni89   26 Июль 2013 - 06:20

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Абу Зар (разияллооху анху) айтат: Мага Пайгамбар (с.а.в) айтты: "Куран окуп журууну, Аллах Тааланы эстеп журууну бекем тут, ушундай кылуун сени асманда эскеруу болот жерде сага туура жолго нур болот". (Байхаки)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   doni89   26 Июль 2013 - 06:21

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

БАЙЛЫККА УМТУЛГАН АДАМДАР Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын доорунда эч бир сахаба ашыкча көрпө-төшөк сатып алган эмес, мал-дүнүйөгө ач көз, сараң болбогон. Мал дүнуйөгө берилүү - кийинки доорлордо пайда болгон жаман оору. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «мал- дүнүйөнү жыйып коюуда, мал топтоодо Аллахтан уялыңыз» - дегенде, сахабалар: «Оо, Аллахтын Элчиси,биз имараттарды, бийик үйлөрдү куруп жатканыбыз жок, азык-түлүктүн бир-эки жылдыгын топтоп, жыйып коюп жатканыбыз жок, эмнеге мындай деп жатасыз?», - дегенде, Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Мен (муну) келечекте келе турган үммөтүмө айтып жатамын, силер бул сөздөрүмдү (аларга) жеткиргиле», - деп айткан. Мына, азыр, хадисте айтылган ошо күндөрдү өз көзүбүз менен көрүп турабыз. Азыр эмерек- семерекке, көрпө-төшөк, байлык- мүлктөргө адамдар өтө берилип кеткен. «Мусулманмын» дегендер да ушундай кылып жатышат. Үйлөнүү тойлордо болсо, кечелерде кеминде жети-сегиз машинаны жалдап, видео-камераларга тартып, ашыкча салтанат менен жүргөнүн көрөбүз. Булардын кээ бирлери «биз момун- мусулманбыз», дегендерден чыгып жатканы кандай өкүнүчтүү! Алардын арасында ажыга барып келгендердин балдары да бар. Эч жерде жок жаңылыктарды ойлоп чыгарып жатышат. Тойлор болсо таң атканча уланат. Дасторкондогу ысырапкерчиликке караңыз. Тойлордун түрлөрү көбөйүп кетти. Акыйкатта, дүйнөгө мынчалык берилип кетүү жакшы эмес. Бул Кудайга да, пендеге да жакпайт. «Мына ошондой той кылат элем» деп эркек менен аял, бала менен кыз... баардыгы базарларда жанын сабап чуркап жүрүшөт. Андай ыймансыз адам сөрөйлөргө Мекен, бала тарбиясы, каниет-толук, ислам илими, мээримдүүлүк, кичи пейилдик керек эмес. Аларга акча гана керек! Алар ыймандуу адам ээ болууга тийиш болгон көптөгөн касиет- сыпаттардан кур жалак калышкан. Эгер ата-энеси сыркоолоп жатып калса,базарларда «акча-акча-акча» деп чуркап жүрүп, мээримдүү тарбия көрбөй калган наадан балдар ата- энесин да карабайт. Эмнеге? Анткени, ал өзү да убагында мээримдүүлүк, жакшылык, ыймандуулук тарбиясын баласына берген эмес. Ошондуктан ыйман менен ынсаптуулуктун, толук менен каниеттүүлүктүн, ибадат менен зикрдин,илим менен такыбалыктын пайда-пазилеттерин жана адеп- ахлактуулукту балдарыңызга көбүрөөк үйрөтүңүз. Себеби, дүнүйөнү тааныган баланын акылы алсыз болбойт жанаошондо пайдасыз өкүнөчкө, ишке ашпас кур кыялдарга, мал-дүнүйөгө берилип кетпейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   doni89   27 Июль 2013 - 04:34

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Пайгамбарыбызды н (с.а.в) алдына бир топ туткундарды алып келишет. Алардын ичинен бир туткун аял баласын издеп жаткан болот. Ал аял баласын табаар замат, аны бооруна кысып, сүт бере баштайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жанында турган сахабасына кайрылып: -"Бул аял баласын отко таштайт деп ойлойсуңбу? -деп сурайт. Сахабасы:- "Кудай урсун, жок, таштабайт,-" дей т. Анда пайгамбарыбыз: - "Бул аял өзүнүн баласына кандайырайымдуу болсо, Аллах Таала өз пенделерине андан да ырайымдуу! "-дей т
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   milena95   05 Август 2013 - 19:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Пайгамбарыбыз (сав) биздин күндөгү боло турган окуяларды сүрөттөп мындай деген эле,"Соода- сатык ушундай абалга жетет,соода иштерине аялдар күйөөсүнө жардамдашып калат.Тууганчылык мамиле үзүлөт.Жалгандан күбөлүк берүү менен чындыкка күбөлүк берүүнү жашырып коюшат.Калем кеңири тарайт.("Муснад" 1/407,408)
Биз бул хадистердин турмушта ырасталганына толук күбө болуп жатабыз.Соода- сатык кеңири тарап,жарнамага эле канча деген миллиарддаган каражаттар жумшалып жатат.Соода иштеринин басымдуу бөлүгүн аялдар жоопкерчилигине алышкан.Жарнаманы да аялдар аркылуу кылып калдык.Тууганчылыктагы мамиле солгундап барат.Ата-энелер картайганда, камкордукка, көңүл бурууга муктаж болгондо карылар үйлөрүнө жеткиргенге шашып калдык.Калемдин кеңейгенин, учурдагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбөйүшү,жазмакерликтин кеңири жайылышы деп кабылдоого болот.Эсепсиз гезит-журналдардын, китептердин чыгарылып жаткандыгы дагы бир жолу далилдейт.Жалгандан күбөлүк берүү чөйрөнү курчап,коом жалганды өндүргөн фабрикага айланып калгандай.Алдамчылык, саткынчылык кулач жайып барат.Бул көрүнүштөр канча кылым мурда эле айтылса да,бүгүн,ушул окуяны көрүп айткандай кыяз калтырат.
Биздин күндөн кабар берген дагы бир хадиске назар салсак,"Баш аламандык болот,Адамдар бузукулук кылгандай,окуган намаздары үчүн уялып калышат." Мунун баары биздин муундун жашоосунда болуп жаткан көрүнүштөр. Адамдарды ибадат кылгандары үчүн башка бир туура эмес,ыплас иш кылган сыяктуу басмырлашат. Диндарлар каардуу,кесепеттүү күчтөрдүн үстөмдүгүнө калган сыяктуу.
Башка дагы бир хадисте мындай деген маани айтылат:" Сүткорлук кылбаган бир дагы адам калбай калган учур келет.Ким бул иштен качса да,ага чалынып калат".(" Муснад",2/494). Чынында,учурда сүткорлук менен шугулданбаган эч бир комерциялык уюм жокко эсе.Түздөн түз,же кыйыр түрдө болсо да пайызга байланышы бар.Бүткүл дүйнөдөгү соода-сатык ушул механизм менен иштеп жатат.Бул көрүнүш кадимкидей эле кабыл алынып калды.Эми дагы бир биздин заманды чагылдырган хадиске назар салсак,Пайгамбар (сав) белгиленгендей ар кандай деңгээлдеги мектептерде бардык катмардагы жана урук-уруудагы адамдар кудум жарышка түшкөндөй жарыша окуп калышты.Турмушубузда көптөгөн окуу жайлар ачылып,илимдердин дүйнөгө кеңири тарашы,байланыш жана маалыматтын өсүшү,илимдин тез ылдамдыкта өнүгүшү менен убакытты кыскартуучу каражаттардын пайда болушу туралуу чындык учурларды канча кылым илгери эле эскертип кеткен.
Пайгамбар (сав) дагы бир хадисте мындай дейт:"Мейкиндик менен убакыт жакындамайын Кыямат келбейт". ("Маджмау- завид).Аалымдар бул хадистеги "мейкиндик менен убакыт жакындашмайын" деген сөздүн маанисин-ачуу керек дешет.Астрономдор жана астрофизиктер убакыт өткөн сайын жердин жогорку катмары эллипс формасына окшошуп бара жатат деген тыянактарды айтышат.Бул өзгөрүү убакыттын өзгөрүүсүнө таасирин берет.Акыйкатын Аллах билет.Заманбап илимий ыкмалар бүгүн 1400жыл илгери Пайгамбар (сав) айткандарын тастыктап,моюндап турат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   milena95   05 Август 2013 - 19:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Ырыскысынын кенен,өмүрүнүн узун болуусун каалаган адам (тууган уруктарына каралашсын)алар менен болгон байланышын ұзбөсүн.Мухаммад (сав)Муслим. .
Бул дүйнө үчүн эч качан өлбөчүдөй болуп эмгектенип иште,тигил дүйнө үчүн эртең өлчүдөй болуп эмгектен.(жакшы иштерди жаса)хадис.
Пайгамбар (сав)айтты:" Аллах Таала силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт,бирок ал силердин жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт."(Сахих Муслим).
Пайгамбар (сав) айтты:Аялга төрт нерсесине карап үйлөнүшөт
1)байлыгына
2)ата-тегине
3)сулуулугуна
4)динине
А сен болсо динди кармаганына умтулгун! Жакшылыкка жетишесиң.(Сахих Аль-Бухари,Муслим).
Пайгамбар (сав) айтты:Аллахтын алдында күнөөлөрдүн эң жаманы мусулман адамдын намысына тийүұгө жол бергендик.(Абу Дауд)
Алла Таала:Күнөөлөрүн кечирээримди билген бирөөнүн күнөөлөрү канчалык көп болсо да кечирем,болгону мага шерик (орток) кошпосун,-деп буйрук кылган.(Табараний, Хаким)
Алла Таала:Эй,адам баласы! Мага ибадат кылуу үчүн жұрөгүңдү бошот,аны байлыкка толтуруп,жокчулукту жок кылайын.Эгерде андай кылбай турган болсон санаа тарттырып,жокчулук сезими менен жашатып коем,-деп буйрук кылган.(Тирмизи)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   azamat1992kg   12 Август 2013 - 18:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Пайгамбарыбыздын орозо тууралуу айткандарынан:
*«Саарлыкта береке бар, бир жутум суу ичип болсо да аны калтырбагыла. Анткени Алла Таала жана периштелер саарлыкка тургандар үчүн дуба кылат». (Ахмад бин Ханбал, Муснад, 3-том, 12,32,44,99)• *«Ооз ачууга шашылып, саарлыкты кечиктирсе эле, үммөтүм жакшылыкта». (Абу Дауд, Саум, 21; Тирмизий, Саум, 10; Ибни Маажа, Сыям, 25; Даримий, Саум, 12).*«Орозо мусулман үчүн калкан сыяктуу. Ошондуктан бирөөңөр орозолуу болсоңор жаман сөз сүйлөбөсүн, беядеп иш кылбасын; эгерде бирөө аны тилдесе же урушмакчы болсо ага жөн гана: «мен орозолуумун» десин». (Бухарий, Саум, 8; Абу Дауд, Саум, 25; Тирмизий, Саум, 16; Ибни Маажа, Сыям, 21).*«Көптөгөн орозо кармоочулар бар, орозосунан суусап-чаңкоодон жана ачкалыктан башка эч бир пайдага жетпейт; Түн уйкудан туруп, нафил ибадат кылган канчалаган адамдар бар, мунусунан уйкусуздуктан башка эч бир пайдага жетпейт». (Ибни Маажа, Сыям, 21).*«Ар бир нерсенин зекети бар, дененин зекети бул - орозо тутуу. Орозо кармоо - сабырдын жарымы». (Ибни Маажа, Сыям, 44).* «Орозо сабырдын жарымы, тазалык ыймандын жарымы». (Тирмизий, Даават, 85; Ибни Маажа, Сыям, 44; Даримий, Вуду, 2; Ахмад бин Ханбал, Муснад, 4/ 260).*Абу Умаама (р.а.) айтат: Мен Аллах Элчисинен кылуум керек болгон бир (жакшы) ишти айтып берүүсүн сурадым эле, ал (саллаллаху алейхи васаллам): «Орозо карма, ага тең келери жок!» деп жооп берди. Мен экинчи жолу ошол эле суроону сурасам, «Орозо карма, ага тең келери жок» деген жообун кайталады. Үчүнчү жолу дагы суранганымда, дагы эле: «Орозо карма, ага тең келери жок!» деп жооп берди. (Несаий, Сыям, 43).*«Орозо напси каалаган жеп-ичерден бир адамды куру калтырган болсо, Алла Талаа ал адамга бейиштин жемиштеринен жегизип, бейиш булактарынан сугарат». (Али Муттаки, Канзул-Уммал, 3-том, 328-бет).*«Орозо кармаган адам халал ырыскыдан эле сарптаган болсо, акыретте (орозодо жеп-ичкендерине карата) эсепке тартылбайт». (Али Муттаки , Канзул-Уммал, 3-том, 328-бет).*«Орозо кармаган адамдын уйкусу ибадат, үндөбөй турушу тасбих болуп саналат, жакшылык жана ибадаттарына кабаттап сооп берилет. Дуба-тилеги Алла Талаа тарабынан кабыл кылынып, күнөөлөрү кечирилет». (Али Муттаки , Канзул-Уммал, 3-том, 327-бет).*«Орозо кыямат күнү орозо тутуучу үчүн шапаат кылат. Ошондо Жаратканга жалбарып: «Оо, Жаратканым! Мен аны күндүздөрү жеп-ичүүдөн жана жыргалчылыктарынан куру койдум, бул үчүн ал жөнүндө шапаатымды кабыл кыла көр!» дейт. Алла Талаа орозонун бул суранычын кабыл алып, орозолуу адамга шапаат кылууга уруксат берет». (Мунзир, Таргиб, 2-том, 84).*«Бир адам эч кандай себеби же оору-сыркоосу жок туруп, Рамазандын бир эле күнүн орозосуз өткөрсө, Рамазандын сыртында бүтүкл өмүрүн орозо кармап өткөрсө да, кармабай калган орозонун ордун толтура албайт». (Кандехливий, Фадаил-Аамал, 335).

Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   konfetka_love   20 Август 2013 - 18:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыз(САВ), мүлдө адамзатты кекчилдиктин кооптугунан коргоп калууну максат кылып, бул жагымсыз көрүнүшүн зыяндуулуктарынан кабар берген:
<<Асти кекчил болбогула! Анткени жалын отунду кандай күйгүзөн болсо, кекчилдик да жакшылыктарды дал ошондой күлгө айлантат.> >(Абу Давут, Адаб,44)
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   milena95   04 Октябрь 2013 - 19:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Билгин.. (Алланын жардамы) сабыр кылгандарга келет,кайгыдан кийин сүйүнүч келет,кыйынчылыктан кийин жеңилдик келет.(Ахмед: 4/287,сахих)
Хадистин маанисинде келет:Адам эң көп күнөөнү тили жана жыныс мүчөсү менен кылат,ким буларды арамдан сактаса Бейишке кирет.(Бухари, 6109)
Акыр Кыямат жакындаганын белгиси баласы энесине кожоюн кулуна мамиле кылгандай мамиле кылып калат:жумшайт, сөгөт,урат.(Фатхуль- Бари 1/123)
Жума күнү (намаз үчүн) даарат алуу жакшы иш,бирок гусул кылуу абзел.(Тирмизи: 497,хасан)
Чындыгында шайтан адам баласынын ичинде кан аркылуу жүрөт.(Бухари 2035).
Эркек менен аял жалгыз бир жерде калышса албетте үчүнчүсү шайтан болот (анан тиги экөөнү күнөөгө түртөт).(хадис, Тирмиз:2165,сахих)
Жума күнү мечиттин ар бир эшигине периштелер отурушат да келген кишилерди жазышат.Имам чыкканда китептерин жабышып баян угушат.(Муслим: 850).
Аллах каалаганын жаратат.Кимге кааласа берет кыз же уул же экөөнү эгиз кылып.Каалаган пендесин болсо тукумсуз кылат.(Куран. Шуура:49-50)
Адам күнөө жасаса жүрөгүнө кара так коюлат,тооба кылса ал кетет,күнөөсүн улантып кыла берсе кара так чоңоюп жүрөгүн карт басат.(хадис, Насаи).
Дүйнө иштери үчүн кайгыруу- жүрөктұ кирдетет,Акырет иштери үчүн кайгыруу-жүрөктү нурдантат.(Азирети Осмон).
Ким көзү ачык бакшыга барып,андан бир нерсе сураса анын кырк күн намазы кабыл болбойт.(Муслим)
Эгер бир мусулман Жума күнү гусул алып,Жума намазына барса,бир жумалык күнөөлөрү кечирилет жана ар бир кадамы үчүн сооп жазылат.(хадис)
Көрөалбастыктан сактаныңыздар, анткени алоо отунду жеген сыяктуу көрөалбастык да кылган соопторду жеп турат.(хадис)
Жалганчылык жамандыкка жетелейт.Жамандык тозокко алып барат.Чынчылдык жакшылыкка жетелейт.Жакшылык болсо бейишке алып барат.(Бухарий).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   AZIK01   04 Октябрь 2013 - 22:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Даанышман заттар айтышат: * Эң баалуу эки нерсе бар. Андан да өткөн
баалуу эч нерсе жок. Булардын биринчиси -
Аллаху таалага ыйман, экинчиси - Анын
кулдарына пайдалуу болуу, адамдарды
кубантуу. Эң жаман, андан да өткөн төмөнү
жок эки нерсе бар. Биринчиси - Аллаху таалага ширк кошуу, экинчиси болсо - Анын
кулдарынын көңүлүн оорутуу. Каабаны
жыгуу кандай жаман нерсе! Бир момундун
көңүлүн оорутуу болсо жетимиш жолу
Каабаны жыгуу сыяктуу күнөө. Көңүл
оорутунун канчалык жаман нерсе экенин ушундан түшүнүү керек. * Момун момундун бир тууганы. Кимде ким
бир момун бир тууганына жардам берсе
Аллаху таала дагы ага жардам берет. Кимде
ким бир момун бир тууганынын кемчилигин
жапса Аллаху таала дагы акыретте анын
кемчилигин жабат. Кимде ким момун бир тууганын кубантса Аллаху таала аны
акыретте кубантат. Кимде ким момун бир
тууганынын муктаждыгын кетирсе Аллаху
таала дагы анын муктаждыгын кетирет.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   24 Ноябрь 2013 - 13:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Муавия (радиаллаху анху) Расулуллох (саллаллаху алейхи ва саллам) дан эшиткенин айтат: "Кимге Аллах жакшылыкты кааласа, ага диндин түшүнүгүн берет. Мен таркатып гана берүүчүмүн, ал эми, берүүчү - Аллах.
(Бухари).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 5938.jpg

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   24 Ноябрь 2013 - 13:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Имам Нававинин 40 хадис китебинен
13- ХАДИС
ЫЙМАНДЫН ТОЛУКТУГУ
Алланын Элчисинин кызматкери Абу Хамза Анас ибн Маликтин айтымында: Алланын Элчиси айтты:
«Силердин эч кимиң өзүңө ыраа көргөн (өзүңө каалаган) нерсени башка бирөөгө да ыраа көрмөйүнчө толук момун боло албайсың».
(Бухари жана Муслимден).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 7339992.jpg

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   24 Ноябрь 2013 - 13:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

2 - ХАДИС ЫЙМАН, ИСЛАМ, ИХСАН ТУУРАЛУУ БАЯН
Ошол эле Умар (радиАллаху анху) нун айтымында: Бир жолу биз Алланын Элчисинин жанында олтурсак жаныбызга адаттан тыш аппак кийимчен жана адаттан тыш кап- кара чачтуу бир адам пайда болду, бул адамда алыс жол басып чарчап чалыгуунун эч бир белгиси жок эле. Бирок бул адам биздин эч кимибизге тааныш да эмес болучу. Ал Мухаммад алейхис саламдын жанына тизе тийиштире олтурду да алаканын анын санынын (тизесинин) үстүнө коюп: «О, Мухаммад мага Ислам тууралуу айтып берчи!»- деди.
Алланын Элчиси айтты:
«Ислам, бул - бир Алладан (Кудайдан) башка кудай жок жана Мухаммад - Алланын Элчиси экендигине күбө болуу (бекемдөө), (Бир күндө беш маал) намаз окуу, (балагатка жеткендер Рамазан айында бир ай) орозо тутуу, (турмушу начар, бей-бечара, жакырлага ыктыярдуу жардам катары) зекет берүү жана (Меккедеги ыйык) Үйгө (Кабатуллага) зыйарат кылуу».
«Сен туура айттың»- деди тиги киши, Анын суроо берип жана өзү кайра ага (Алланын Элчисинин жообуна): туура- деп айтып жатканына таңгалып олтурдук.
Алиги киши: «Эми мага Ыйман жөнүндө айтып берчи»- деди.
Алланын Элчиси айтты:
«Ыйман бул- Алланын барлыгына, Анын Периштелерине, Анын Китептерине, Анын Пайгамбарларына, Кыямат Күнүнө ишенүү жана Алланын алдын ала белгилеп койгон жакшы-жаман тагдырына ишенүү».
«Сен туура айттың»- деди тиги киши.
Ал дагы сурады: «Мага Ихсан тууралуу айтып берчи». (Мухаммад алейхис салам):
«Ихсан бул - Алла Тааланы көзүң менен көрүп тургандай сыйынып кулдук уруу. Анткени Алланы сен көрбөсөң да Ал сени көрүп турат»- деди.
«Эми мага Кыямат тууралуу айтып берчи»- деди тиги киши.
«Бул тууралуу, суралып жаткан (Алланын Элчиси) сурап жаткандан артык билбейт» -деди Алланын Элчиси.
Тиги киши дагы: «Эми мага анын (Кыямат Күнүнүн) алдын -ала болуучу белгилери жѳнүндѳ айтчы»-деди.
Алланын Элчиси айтты:
«Аялдан анын кожоюну туулушун жана бийик-бийик имарат үйлөрдү куруу боюнча мелдешип жан талашкан жылаң аяк, жылаңач, томаяк (жакыр) малчыларды көрөсүң».
Ушундан кийин баягы киши кетип, мен бир азга унчукпай туруп калдым. Ошондо Алланын Элчиси:
«Э Умар, (суроолор) сураган бул ким экенин билесиңби?-деди. Мен: «Аны Алла жана Анын Элчиси баарынан жакшы билет»- дедим.
«Бул силерге өз диниңерди үйрөтүү үчүн келген Жабрийл (периште)»-деди Алланын Элчиси. (Муслимден келтирилген).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: weqq.jpg
  • Прикрепленное изображение: weqq1.jpg
  • Прикрепленное изображение: weqq2.jpg

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   dinajanka   24 Ноябрь 2013 - 15:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 23 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ал менин кыялымдагы ЖОМОК.

Субаахан Аллах ...
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   01 Декабрь 2013 - 23:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Ибн Умардын сөздөрүнөн Пайгамбар саллаллаху алейхи ва салламдын: "Мушриктер кылгандай кылбагыла: сакалыңарды өстүргүлө жана мурутуңарды тегиздеп жүргүлө" - дегени рабаят этилет.
Бухари 5892

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 09086b28a7.jpg

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   musulmanin   02 Декабрь 2013 - 23:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 533
  • Катталган: 29 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 19 Фев 2022 16:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Абдулбасыт шейх айтат.
Мына бул күн ертен менен чыкрай калышы мүмкүн.
Бирок,, Пайгамбарыбыз (САВ)дын айтканы
болбой калышы, мүмкүн емес..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 00:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: