Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#701 Пользователь офлайн   Ali.12   20 Декабрь 2014 - 23:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Кимде ким бир
жакшылыкка себепкер
болсо, аны аткаргандай
сооп табат.
(Муслим, Имаара -133;
Абу Дауд, Адаб-115)
Кимде ким бирөөнүн
кемчилигин көрүп
айыптаса, ал
нерсе өзүнүн башына
келмейин өлбөйт.
(Тирмизий, Кыяма-53)
Мусулмандын пайдасыз
сөз-аракеттен алыс
болуусу – анын
мусулманчылыгынын
жакшы жышааны.
(Тирмизий, Зухд-11; Ибн
Маажа, Фитан-12)
Аллах сулуу,
сулуулукту сүйөт.
(Муслим, Иман-147; Ибн
Маажа, Дуа-10)
Аллах кулдарына
жумшак мамиле кылат,
бардык иштерде
жумшактыкты сүйөт.
(Бухарий, Иститаба-4;
Муслим, Бирр-47)
Чыныгы сабырдуулук –
кыйынчылыктын
алгачкы учурунда.
(Бухарий, Жанаиз-43;
Муслим, Жанаиз-14-15)
Адамдарга ырайым
кылбаганга, Аллах да
ырайым кылбайт.
(Бухарий, Таухид-2;
Муслим, Фазаил-66)
Үнөмчүл болгон жакыр
болбойт,
кеңешкен адам өкүнбөйт.
(Табараний, Мужамул-
Кабиир-10/108;
Ажлуний,
Кашфулхафа- 2/246)
Аллах шыпаасын
жаратпаган бир да оору
жок.
(Бухарий, Тыбб-1; Ибн
Маажа, Тыбб-1)
Досуң менен өтө эзилишпе,
бир күн кас болорсуң,
Касың менен өтө кесилишп
бир күн дос болорсуң.
(Тирмизий, Бирр-64)
Арактан сактангыла,
анткени арак бардык
жамандыктын башаты.
(Насаий, Ашриба-44)
Иштеген адамдын
акысын тери кургай
электе бергиле.
(Ибн Маажа, Рухуун-4)
Шектүү нерселерден
кач, шексиз нерселерге
жанаш.
(Бухарий, Буйуу-3;
Тирмизий, Кыяма-60)
Кайда болсоң да
Аллахтан корк. Жаман
ишиңдин артынан
жакшы иш жаса, ал
жамандыкты өчүрсүн.
Адамдарга
адептүү мамиле кыл.
(Тирмизий, Бирр-55)
Бири-бириңерге белек
бергиле, сүйүүңөр
артсын.
(Ибн Малик, Хуснул-
Хулк-16)
Мусулмандардын
көпчүлүгү баркына
жетпеген эки нерсе бар:
ден соолук жана бош
убакыт.
(Бухарий, Рикак-1;
Тирмизий, Зухд-1)
Чыныгы мусулман –
тилинен, колунан
башка мусулмандарга
зыяны тийбеген адам.
(Бухарий, Иман-4)
Тозок отун көрбөгөн эки
көз бар:
Аллахтан коркуп
ыйлаган көз жана Кудай
жолунда мекенин
коргогон жоокердин
көзү.
(Тирмизий, Фазаилул-
Жихад-12)
Адам досунун дининде
болот. Ошондуктан ким
менен достошконуңарга
көңүл бургула.
(Абу Дауд, Адаб-16;
Тирмизий, Зухд-45)
Суу отту өчүргөндөй,
садака да күнөө-
каталарды өчүрөт.
(Тирмизий, Иман-8; Ибн
Маажа, Зухд-22)
Мусулман
мусулмандардын бир
тууганы, ага зулумдук
кылбайт,
кыйынчылыкта жалгыз
таштабайт.
(Бухарий, Мазалим-3;
Муслим, Бирр-58)
Акылдуу адам өзүн-
өзү суракка
тартып, өлүмдөн
кийинкиси үчүн кам
көрөт. Алсыз, акмак
адам напсиси
каалаганды ээрчип,
Аллахтан
курулай үмүткөр болот.
(Тирмизий, Кыяма-25;
Ибн Маажа, Зухд-31)
Үч киши болсоңор,
экөөңөр досуңардан
четтеп
шыбырашпагыла (бул
анын көңүлүн оорутат).
(Бухарий, Истизан-47;
Муслим, Салам-37)
Аллахка жаккан иш – аз
болсо да уланып турган
иш.
(Муслим, Салатул-
Мусафирин-218)
Элге ишеничтүү,
чынчыл, туура-так
жүргөн соодагер
Кыяматта шейиттер
менен бирге болот.
(Тирмизий, Буйуу-4; Ибн
Маажа, Тижарат-1)
Аййуб бин Муса атасы
аркылуу чоң атасынан
бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз (САВ)
мындай деп айтты:“Эч
бир ата, балага жакшы
тарбиядан дагы баалуу
белек бере албайт”.
(Тирмизий)
Сахабалардан Абу Сайид
ал-Худрий бул хадисти
баяндаган: Пайгамбарыбыз
(САВ) мындай деп
айтты: “Кимүч кыз
чоңойтуп, жакшы
тарбиялап,
күйөөгө узаткан болсо,
ал үчүн Бейиш бар”.
(Абу Дауд)
Айша энебиз баяндаган
хадисте: Чөлдө жашаган
бир араб
пайгамбарыбызга (САВ)
келип мындай деп
айтты:“Силер
балдарыңарды өбөсүңөрбү
Биз болсо өппөйбүз.
Пайгамбарыбыз (САВ):
”Аллах сенин
жүрөгүңөн
мээримдүүлүктү алып
койсо, мен
эмне кылайын? (мен
сенин жүрөгүңө мээрим
бере албайм) деген”.
(Бухарий жана Муслим)
Сахабалардан Зарбий
бул хадисти баяндаган:
Анас бин Малик мындай
дегенин
уктум: “Карыган бир
адам пайгамбарыбызды
(САВ) көрүүүчүн келди.
Ал жердегилер
тосуп алып, кары
адамга жер бошотууда
кечигишет.
Пайгамбарыбыз (САВ):
“Кичүүлөрүнө ырайым
кылбаган, улууларына
урмат көрсөтпөгөн
бизден эмес (мусулман
эмес)” деп айтты”.
(Тирмизий)
Абу Хурайра бул
хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз (САВ)
айтты: “Ырыскысынын
кенен, өмүрүнүн узун
болуусун каалаган адам
(тууган-уруктарына
каралашсын) алар
менен болгон
байланышын үзбөсүн”.
(Бухарий, Муслим жана
Абу Дауд)
Абу Хурайра бул
хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз (САВ)
мындай деп
айтты: «Адамдын
бейиште даражасы
көтөрүлөт. Буга
таң калган адам: «Бул
кайдан чыкты?»- деп
сурады. Ага:
«Балаң сенин
күнөөлөрүңдүн
кечирилүүсүүчүн
дуба кылуудан улам”,-
деп айтылат.»
(Ибн Маажа)
Абу Хурайра бул
хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз (САВ)
мындай деп
айтты: “Ким Аллахка
жана Кыямат
Күнүнө ыйман
келтирсе,
мейманын сыйласын.
Ким Аллахка жана
КыяматКүнүнө ыйман
келтирсе, тууган-
уруктары менен карым-
катнашта болсун
(аларга каралашсын).
Ким Аллахка жана
КыяматКүнүнө ыйман
келтирсе, жакшы сөз
сүйлөсүн,
же унчукпасын”.
(Бухарий жана Муслим)
Айша энебиз баяндаган
бул хадисте
Пайгамбарыбыз (САВ)
мындай деп
айтты: “Сообуна эң тез
жете турган кайырдуу
иштер, жакшылык
кылуу жана тууган-
уруктар менен карым-
катнашта болуу.
Жазасы эң тез келе
турган
жамандыктар, чектен
чыгуу жана тууган-
уруктар менен болгон
карым-катнашты үзүү”
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#702 Пользователь офлайн   guard   21 Декабрь 2014 - 10:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1. Кудай бурадарларына жаман коз менен карай турган адамдарды жактырбайт.
2. Кудай аялдар менен жакшы мамиледе болушунуздарды жактайт, анткени алар : энелериниз, кыздарыныз, эжелериниз.
3. Эри оз аялына, аялы оз эрине комоктошкондо гана Кудай аларга ыраазы болуп комок корсотот. Эгер алаканын алаканына койсо, манжаларынын арасынан куноолору куу-куу тогулот.
4. Сабырсыздык кайгынын биринчи ирмеминде эле билинет.
5. Адепсиз иштер, адепсиз создор исламда жок нерселерден. Момун адамдардын жакшысы - жакшы кулк - муноздуусу.
6. Аял чынчылдыгы, мал - мулку же жамалы учун нике кылынат. Сиз чынчылын тандап алыныз, береке тапкыр!
7. Олум - ото коркунучтуу окуя. Эгер табытты коруп калсаныздар, ошол замат урмат учун ордунуздардан турунуздар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#703 Пользователь офлайн   ROZI   22 Декабрь 2014 - 10:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"Пайгамбар силерге эмне алып келген болсо, аны алгыла! Ал эмнеден тыйган болсо, андан тыйылгыла! ". (Хашр:7)

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 22 Декабрь 2014 - 10:10

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#704 Пользователь офлайн   ROZI   22 Декабрь 2014 - 10:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Күнөөдөн сактан!
Кылган бузуку күнөөлөрүнө өкүнүп, бул дүйнөдө тообо кылып көзүңдөн жаш чыкпаса,кабырга барганыңда, жаш чыкпаган көзүңдөн кан чыгат.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 22 Декабрь 2014 - 10:12

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#705 Пользователь офлайн   ROZI   22 Декабрь 2014 - 10:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Алланы тааныган адамдын белгилери :
- Жүрөктө коркуу
- Тилде зикр
- Көнүлдө шүгүр
- Ойдо жакшы үмүт
- Көздө уят
- Каректе жаш

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 22 Декабрь 2014 - 10:13

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#706 Пользователь офлайн   ROZI   22 Декабрь 2014 - 10:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Алла Таала ; О, ыйман келтиргендер! Исламга толук киргиле! Шайтандын артынан ээрчибегиле! Ал силерге анык душман! (Бакара 208)
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#707 Пользователь офлайн   ROZI   22 Декабрь 2014 - 10:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Пайгамбарыбыз: “Алла Таала соолих адамдын даражасын бейиште жогорулатканда, соолих:”Оо, Роббим! бул даражага кантип жеттим?”,-дейт. “Бул даража балаңдын сага кылган истигфарынан” деген жооп болот”. (Ахмад)
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#708 Пользователь офлайн   ROZI   22 Декабрь 2014 - 10:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Аллахым мени кайгы-кападан, алсыздык-жалкоолуктан, сараңдык-коркоктуктан, ‪#‎карыз‬ 'дын оордугунан ж'а адамдардын кысымынан сактай көр! ‪#‎дуа‬
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#709 Пользователь офлайн   ROZI   22 Декабрь 2014 - 10:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Кимде- ким Аллаhка шерик кылчу болсо, Аллаh ага Бейишти арам кылат жана жайы Тозок болот. Өзүнө зулум кылуучуларга жардамчы болбойт! Маида 7
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#710 Пользователь офлайн   ROZI   22 Декабрь 2014 - 10:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Шайтан силерди жаман, бузук иштерге жана Аллаh жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөөгө буюрат.(Бакара 169)
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#711 Пользователь офлайн   ROZI   22 Декабрь 2014 - 10:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Аллах Таала мусулман пендесинен төмөнкү нерселерге ыйман келтирүүнү(ишенүүнү) талап кылат.

1. Аллах Таалага;

2. Аллахтын периштелерине;

3. Аллах Таала жиберген пайгамбарларына;

4. Ыйык Китептерге;

5. Акырет кунунө;

6. Тагдырга;

Мухаммед пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын саламы болсун) «Ыйман деген эмне?» - деп сурашканда, Ал: "Ыйман — бул сенин Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнүнө жана тагдырга ишенүүң", - деп жооп берген.

Тагдыр жакшы, же жаман болуп экиге бөлүнөт. Эки тагдыр тең Аллах Таала тарабынан белгиленет.

Төмөндө ыйман негиздеринин ар бирине өз алдынча токтолобуз

1. Аллах таалага ыйман келтирүү

Аллах Таалага ыйман келтирүү (ишенүү) ыймандын эң биринчи негизи болуп эсептелет. Аллах Тааладан башка бардык нерселер аалам деп аталат.

Бул ааламдардын бардыгын Аллах Таала жараткан. Биз Аллах Тааланын бар экенине далилдерди инсаният ааламынан да, айбанат ааламынан да, өсүмдүктөр ааламынан да таба алабыз.

Инсаният ааламындагы далилдер

Аллах Таала айтты:

«Жана (Аллахтын кудуретинин далилдери) өзүңөрдө. Карабайсыңарбы, эми?!» (Зарият: 21)

Урматтуу бурадар, сен качандыр бир мезгилде өзүң жөнүндө ойлоп көрдүң беле? Маселен, таң азанда ойгонуп, күзгүнүн алдына келгенде эмнени көрөсүң? Албетте, адегенде эле жүзүңдү көрөсүң. Эми,сен жүз түзүлүшүндөгү кылдат тартип менен жайгашкан мүчөлөрүңө бир назар сал. Эки кулак, эки көз, ооз, мурун... Алар өтө ажайып чеберчиликте жайгашкан, туурабы? Кош, ким сенин жүзүңдөгү мүчөлөрдү ушундай сонун чеберчиликте жайгаштырды? Албетте, Ал - ар бир нерсени эң сонун жараткан жаратуучу Аллах!

Сен кулагың менен ар түрдүү добуштарды, Курани Карим тилаватын, намазга чакырган азандын добушун, куштардьш жагымдуу сайраганын жана акындын мукамдуу ырын угасың. Кош, сага бул угуу нээматын ким берди? Сенин денеңде Аллах Тааланын кудуретине жана улуулугуна далил боло турган нерселер көп. Алардын бири - жүрөгүң. Өзүңдүн муштумуңдай бир бөлүк эт болгон сенин жүрөгүң эч токтобостон согуп, денендин бардык мүчөлөрүнө кан жиберип турат. Ал сен энеңдин жатынында ымыркай болуп жаралган күндөн эле сого баштаган. Ошондон бери күнү-түнү токтобой иштейт. Аны ким жараткан деп ойлойсуң? Ушундай чьңалуу менен, токтобой иштегенге жараган куч-кудуретти (энергияны) ага ким берген? Албетге, бардык нерсени эң сонун жараткан жаратуучу Аллах! Биз денебиздеги бул мүчөлөрдү Аллах Таала тарабынан берилген чоң нээмат экенин ар дайым эскерип жүрүшүбүз жана аларды Аллах Таала буюрган (ибадат) нерселерге гана пайдаланышыбыз зарыл.

Аллах Таала айтты:

«Айт (эй, Мухаммад) Ал силерди жараткан жана силерге кулак, көз жана жүрөк берген. Өтө эле аз шүгүр кыласыңар» . (Мүлк: 23)


Даярдаган: Шамсуддин Абдыкалык уулу


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#712 Пользователь офлайн   ROZI   22 Декабрь 2014 - 10:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Дуа:


Оо, Аллахым! Бизди кечирилгиз күнөөдөн, жуулгуз арамдан, пайдасыз илимден, коркпос жүрөктөн, ыйлабас көздөн, жумшарбас дилден, оңолбос ниеттен, тойбос напсиден, кайтарылгыз карыздан, башканын акысынан, шайтандын азгыруусунан, жан чыдагыс оорудан, оор кайгыдан, ашынган кыйынчылыктан, узакка созулган муктаждыктан, адалга зыян ачкачылыктан, авратты ачар жылаңачтыктан, дил ооруткан адилетсиздиктен, кабыл кылынбаган дубадан сакта!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#713 Пользователь офлайн   ROZI   22 Декабрь 2014 - 14:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Абдуллах бин Амр мындай деп эскерет:
“Пайгамбарыбыз үйүбүзгө келген күндөрдүн биринде апам: “Уулум, кел, сага бир нерсе берем,” – деп мени чакырып калды.
Пайгамбарыбыз апамдан:
– Балага эмне берейин дедиң эле? – деп сурады.
Апам: – Курма берейин дегем, – деди.
Ушундан кийин пайгамбарыбыз:
– Эгерде бир нерсе бербегениңде (баланы ушинтип алдаганыңда), сага бир жалган күнөө болуп жазылмак, – деп буюрду.”
(Абу Дауд, адеп, 88).

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 22 Декабрь 2014 - 14:20

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#714 Пользователь офлайн   ROZI   22 Декабрь 2014 - 14:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

«Лаа илааха илла Алла»



«Бир Алладан башка илах жок» деген күбөлүктүн мааниси.
«Бир Алладан башка илах жок» деген күбөлүктү айтуу менен инсан төмөнкү жети шартты карманыш керек, болбосо күбөлүктү айткан кишиге эч кандай пайда болбойт:


1. Илим. «Бир Алладан башка илах жок» деген сөздүн маанисин билүү керек, бул жөнөндө Алла Таала айткан:
«Билгин, албетте Алладан башка илах жок». Мухамммад (47:19)


2. Якин. Бул күбөлүктү айткан пенде айтылган сөздөрдүн маанисине ишенүүсү керек, а эгерде ал күмөн санай баштаса, бул сөздөр ага эч кандай пайда бербейт. Алла Таала айтты:
«Чыныгы му'миндер - жалгыз Аллага ыйман келтиришип, андан кийин күмөн кылбагандар. ..». Хужрат (49:15)


3. Кабыл алуу. Күбөлүктүн мааниси эмнени көргөзсө ошону кабыл кылуу, тактап айтканда бир гана Аллага сыйынууну кабыл кылуу жана Андан башка бирөөнө сыйынуудан баш тартууну кабыл кылуу. Эгерде адам бул күбөлүктү айтып, бирок бир Аллага гана сыйынууну кабыл кылбаса, анда ал Алла Таала айткандардын катарына кирет:
« Чындыгында аларга: «Алладан башка илах жок», - деп айтылганда алар текеберленишти. Жана (дагы) айтышат: «Биз илахтарыбызды бир жинди (болгон) акын (үчүн) таштайбызбы? ». Сооффаат (37:35-36)


4. Баш ийүү. Бул келме көргөзгөн мааниге баш ийүү, анткени Алла Таала айтты:
«Ким Аллага жүзүн буруп, кайрымдуулук кылса, ал бекем байланышты кармады». Лукман (31:22)
«Жүзүн буруп» деген сөз «баш ийүү, моюн сунуу» дегенди билдирет, ал эми «бекем байланышты» деген сөз «Бир Алладан башка илах жок» деген күбөлүктү билдирет.


5. Чынчылдык - бул болсо адамдан иш-аракеттерин кандай гана болбосун ширктин кошулмаларынан тазалоону талап кылат, өзгөчө бул сөздөрдү айткан адам эч кандай дүнүйө кызыкчылыгын көздөбөшү керек. Алланын элчиси, ага Алланын салават- саламдары болсун, айткан:
«Чындыгында Алла «Алладан башка илах жок», - деп айткан кишиге отту (тозокту) тыюу кылган». (Бухари, Муслим)


6. Чын ыкластуулук - бул болсо келмени чын жүрөгүнөн айтууну талап кылат, анткени Пайгамбар, ага Алланын салават-саламдары болсун, айткан:
«Ким жүрөгүнөн: «Бир Алладан башка илах жок, Мухаммад Анын кулу жана Анын элчиси», - деп айтса Алла ага тозокту харам кылат». (Бухари, Муслим)


7. Жакшы көрүү. Бул келмени жакшы көрүү, келме үндөгөн нерселерди жакшы көрүү жана келмени айтып, ошол айткан сөздөрүнүн мааниси менен иш-аракет кылган кишилерди жакшы көрүү. Алла Таала айтты:
«Адамдардын арасынан Аллага башка бирөөнү теңдеш кылышып, аларды Алланы жакшы көргөндөй жакшы көрүшкөндөр бар. Бирок ыйман келтиргендер Алланы өтө жакшы көрүшөт». Бакара (2:165)
Чын ниеттен «Алладан башка илах жок» деп күбөлүк бергендер Алланы чын жүрөктөн жакшы көрүшөт, ал эми мушриктер болсо Алла менен бирге башкаларды да жакшы көрүшөт, бул болсо «Бир Алладан башка илах жок» деген күбөлүккө карама-каршы келет.


«Бул келмени ким айтса бейишке кирет» - деген хадисти уккандар Хасан аалымга келип сурашканда, ал: «Кимде ким «Лаа илааха илла Алла» келимесинин шарттарын түшүнүп айтса жана аны аткарганда гана бейишке кирет»- деген. «Лаа илааха илла Алла» келмеси тил менен айтылып шарттары аткарылбаса, анда эч пайда бербейт.Тил менен айтылган «Лаа илааха илла Алла» келмеси жашообузга, амалыбызга дал келүүсү шарт.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 22 Декабрь 2014 - 14:26

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#715 Пользователь офлайн   guard   22 Декабрь 2014 - 20:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1. Ыймандуу адам убадага бапалуу болот.
2. Момундар бири-биринин ооруларына ортоктош болуулары керек. Бул баш ооруганда кудум буткул дене ооруган сыяктуу.
3. Адамдар арасында чыр-чатак жана башка маселелер тууралуу калыс созун айткан жана адилет окум чыгара турган адамдар - жакшы адамдар.
4. Сенде Кудайга жаккан эки сапат бар : биринчиси - уяндык; экинчиси - сабырдуулук.
5. Сиздердеги эки сапатты Кудай жана анын Расулу жактырат : биринчиси - жумшактык; экинчиси - токтоолук.
6. Ар бир нерсенин жогорку чеги бар. Ооматы келген адам озун туз алып журсо, андан жакшылык кутунуздор. А эгер менменсинууго отсо, аны толук баалуу адам деп эсептебениздер.
7. Бактысыздык уч нерседе : биринчиси - атта; экинчиси - катында; учунчусу - короодо (же болбосо - жаман ат, жаман катын жана тар короо дегени).

Билдирүүнү түзөткөн: guard: 22 Декабрь 2014 - 20:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#716 Пользователь офлайн   Ali.12   23 Декабрь 2014 - 03:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Абу Бакир Сыддык
айтты (а.ы.а.): Сегиз түрлүү
нерсенин зыйнаты сегиз түрлүү
нерседе: жакырлыктын зыйнаты
арам нерселерден сактануу,
ырыстын зыйнаты шүгүрчүлүк,
балаанын зыйнаты сабырдуулук,
илимдин зыйнаты жумшактык,
шакирттиктин зыйнаты жатык
болуу, Алладан коркуунун зыйнаты
(Аллага жалбарып) көп ыйлоо,
жакшылыктын зыйнаты милдет
кылбоо, намаздын зыйнаты Аллага
кулдук уруу.
Азирети Умар Айтты (а.ы.а.): Кимде
ким керексиз сөздү таштаса ага
окумуштуулук тартууланат. Кимде
ким керексиз назарды таштаса кичи
пейилдүүлүк тартууланат. Кимде
ким ашыкча күлкүнү таштаса
салабаттуулук тартууланат. Кимде
ким азил-мазакты таштаса улуктук
тартууланат. Кимде ким дүйнөнү
жакшы көрүүнү таштаса акыретги
жакшы көрүү тартууланат. Кимде
ким башка бирөөлөрдүн айыбын
ачууну таштаса өзүнүн айыптарын
оңдоо тартууланат. Кимде ким Алла
Тааланын кандай экенин текшерүүнү
таштаса мунафык болуудан кутулуу
тартууланат.
Азирети Осмондон (а.ы.а.). Ал
айтты: Алла Тааланы чыныгы
таануучулардын белгиси сегиз.
Дилинде коркуу жана үмүт. Тилинде
Аллага мактоо жана алкыш. Көзүндө
уялуу жана ыйлоо. Оюнда: таштоо
жана ыраазылык. (Мындайча
айтканда дүнүйөнү таштоо жана
Алланын ыраазылыгын издөө).
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#717 Пользователь офлайн   Ali.12   23 Декабрь 2014 - 03:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

1. Жетимге жакшылык кылуу.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун): «Жетимди
кепилдигине алган адам экөөбүз,
Бейиште ушунчалык аралыкта
жакын болобуз» – деп, ортоңку колу
менен сөөмөйүн көрсөттү. (Имам
Бухари).
2. Ата-энеге сый-урмат көрсөтүү.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын
салам-салаваты болсун): «Мурду
менен жер сүзсүн, мурду менен жер
сүзсун, мурду менен жер сүзсүн» –
деп кайталады. Сахабалар:
Кимди айтып жатасыз? – деп
сурашты, таң калышып. «Ата-энеси,
же алардын бири колунда картайып,
бирок (аларга жакшылык кылбай)
Бейишке кире албай калган адамды»
– деп жооп берди. (Имам Муслим).
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#718 Пользователь офлайн   Ali.12   23 Декабрь 2014 - 03:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

3. Тилди жана уяттуу мүчөлөрдү
сактоо. Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Мага ким эки эрининин жана эки
бутунун арасындагы мүчөлөрүн
күнөөдөн сактайм деп убада берсе,
мен анын Бейишке кирүүсүн убада
беремин» – деп айткан. (Имам
Бухари).
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#719 Пользователь офлайн   Ali.12   23 Декабрь 2014 - 03:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

4. Эртең мененки жана кечиндеги
намаздарды толук кандуу аткаруу.
Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
минтип айткан: «Кимде-ким эртең
менен жана кечинде намаз окуса,
Бейишке кирет». (Имам Бухари,
Имам Муслим).
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#720 Пользователь офлайн   Ali.12   23 Декабрь 2014 - 03:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

5. Ар дайым салам айтып жүрүү.Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтынсалам- салаваты болсун) минтипайткан: «Ыймандуу болмоюнча,Бейишке кирбейсиңер. Бири-бириңерди жакшы көрмөйүнчө, ыймандуу боло албайсыңар. Бири-бириңерди жакшы көрүүгө түрткүболуучу амалды айтып берейинби?Саламыңарды жеткиликтүүайткыла! » (Имам Муслим).
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Сен 2025 03:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: