„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.
#721 23 Декабрь 2014 - 03:56
#722 23 Декабрь 2014 - 03:57
#723 23 Декабрь 2014 - 03:58
#724 24 Декабрь 2014 - 08:37
«Хадис» сөзү «өзгөчө сөз» - деген мааниде Ыйык Куранда төмөнкүчө маалымдалган: «... Андай болсо, Куран сыяктуу «сөз» алып келишсин?! », «Аллах сөздөрдүн эң сулуусун түшүрдү». Бул аяттарда эскерилген «хадис» сөзү «өзгөчө маанилүү сөз, аят» - деген мааниде колдонулган. Ал эми хадистин экинчи «кабар» - деген мааниси боюнча, Тооха сүрөсүндө: «Сага Мусанын (башынан өткөргөн окуянын) кабары жеткен жокпу?» - деп айтылган.
«Хадис» - деген сөздүн өзү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу хадистеринде да эскерилген. Күндөрдүн биринде илим алууга эң дилгир кутман сахабалардан Абу Хурайра сүйүктүү Пайгамбарына барып, кыямат күнү шапаатына туш боло турган эң бактылуу адам ким болоорун сураган кезде Пайгамбарыбыз: «Хадис үйрөнүүгө болгон дилгирлигиңден улам бул хадисти (б.а., бул сөздү) сенден мурда эч ким сурабай тургандыгын билгем...» - деген экен. Пайгамбарыбыз өз сөзүн «хадис» - деп аташы жалпы кутман сахабаларына үлгү болгон. Ошентип убакыттын өтүшү менен Пайгамбарыбыздын сөздөрү «хадис», ал эми хадистерди иликтеп-изилдеген илим «илмул-хадис» (хадис илими) – деп аталып калган.
Хадис илими «хадис усулу» - деп да айтылат. Хадис илимин терең өздөштүргөн аалымдар Аллах Элчисинин сөздөрүн жана ал жөнүндө айтылган кутман сахабалардын сөздөрүн өзгөртүп-бурмалабастан дал өзүндөй кийинки муундарга жеткирүү үчүн белгилүү эреже-тартиптерди коюп, белгилүү бир усул иштеп чыгышкан. Мына ушул усулдар жөнүндө кеңири маалымат берген илим «хадис усулу» - деп аталган. Хадис усулунун темалары убакыттын өтүшү менен маани-маңызы, мазмуну жагынан кеңейип, ошол темалардын ар бири өз-өзүнчө илим тармагы сыяктуу абалга жеткен. Бул илим тармактары боюнча терең изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Хадистердин дал өзүндөй бурмаланбастан сакталышы үчүн кеңейтилген бул илим тармактарынын баарына жалпысынан «Улуумул-хадис» (Хадис илимдери) - деген ат коюлган.
Алгачкы мезгилдерде «илим» - делген кезде маанилүүлүгүнөн улам хадис илими айтылган. Хадистерди ар кайсы өңүттөрдөн алып караган илим тармактары пайда болгон кезде булардын баары «Улуумул-хадис» - деп айтылып калган. Хадис илимдери боюнча эң алгачкы эмгектердин бирөөсүн жазган Хаким ан-Нисабури (хижри 405-ж./б.з., 1014-ж. көз жумган) хадис илимдерин иликтеген эмгегин «Маарифату улуумул-хадис» - деп атаган. Хадис илимин тереңден изилдеген Ибнус-Салах (хижри 643-ж./б.з., 1245-ж. көз жумган)бул жаатта өзгөчө маанилүү «Улуумул-хадис» - деген китебин жазган. Бул эмгектерде хадис илиминин «сахих хадис», «хасан хадис» сыяктуу темаларынын ар бири өз-өзүнчө илим катары каралган. Себеби ар бир тема боюнча көптөгөн эмгектер жазылган.
«Хадис» сөзүнүн терминологиялык мааниси
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) сөздөрү да, ал жөнүндө сахабалар айтып калтырган окуялар да, анын кыймыл-аракети жөнүндө айтылган кутман сахабалардын сөздөрү да «хадис» - деп аталат. Ошондой эле анын кыймыл-аракеттери, такрирлери, ал-абалы, адеп-ахлагы жөнүндө айтылган сөздөр да «хадис» - деп айтылган.
Маселен, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Даарат албай туруп окулган намаз кабыл кылынбайт» - деген. Бул сөздү Абдуллах ибн Умар (Аллах ага ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздан угуп, айтып калтырган. Алинин (Аллах ага ыраазы болсун): «Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) даарат алган мүчөлөрүн үч жолудан жуур эле» - деген сөзү да Пайгамбарыбызга таандык хадис болуп эсептелет. Анткени Алинин бул сөзү Аллах Элчисинин кыймыл-аракети жөнүндөгү кабар.
#725 24 Декабрь 2014 - 09:03
Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мында! дегенин кабарлайт:
“Күн (чыгыштан) чыккан күндөрдүн эң мыктысы — Жума, Адам (а.с.) ушул күнү жаратылган, ошол күнү ал Бейишке киргизилген жана ошол эле (жума) күнү ал Бейиштен чыгарылган» (Муслим. “Сахих” хадис).
Ушул эле хадистин башка версиясында: “Өлгөндөр (дүн баары Кыяматта) жума күнү кайра тирилтилет! ” — деп айтылат.
Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегенин кабарлайт:
“Аллах Таала Адам (а.с.) ды жаратып болуп, ага бир нече периштени көрсөтүп мындай деди: “Бар, тигилерге салам айт жана алардын саламына кулак сал, (бүгүндөн баштап) ошол саламдашуу сен үчүн жана сенин урпактарын үчүн саламдашуу (каадасы) болуп калат!” Ал (Адам (а.с.)периштелерге барып): “Силерге тынчтык болсун!” [Ас саламу ‘алайкум] — деп айтты эле, алар (бул саламдашууга)
“Аллахтын ырайымы…” — деген сөздү кошуп, минтип айтышты: “Сага да Аллахтын тынчтыгы жана ырайымы болсун!” [(Ва) ас-саламу ‘алай-ка ва рахмату-Ллахи!
Бейишке кирген адамдардын бой-келбети Адам (а.с.) дын бою сыяктуу (узун жана келбеттүү) болот» (Бухари; Муслим).
Дагы куттуу хадистер де мындай делген
Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегенин кабарлайт:
“Бейишке биринчилерден болуп кирген жамаат толгон ай сыяктуу (сулуу) болот, алардын артынан кирүүчүлөр болсо асмандагы эң жаркырак планета сыяктуу (кооз) болушат. Алар заң чыгарышпайт, чимкиришпейт, түкүрүшпөйт, заара ушатышпайт; алардын (чач тароочу) тарактары (нак) алтындан (жасалган) болот, алардын (денесинен чыгуучу) терлери миск жыттанып турат, алардын жыпар жыты берекелүү “алоэ” дарагынан болот, алардын аялдары чоң көздүү үр кыздар болушат, алардын (келишимдүү) келбеттери бир эле адам сыяктанып турат. Алардын бойлору алтымыш чыканак (узун) болот”. (Бухари; Муслим).
Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегенин кабарлайт:
“(Бир жолу) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) менин колумдан алды да минтип айтты: “Аллах Жерди ишемби күнү жаратып, анын үстүндөгү тоолорду жекшемби күнү жараткан; Аллах дарактарды дүйшөмбү күнү жаратып, баардык жамандыктарды Ал шейшемби күнү жараткан; Аллах шаршемби күнү нурду жаратып, жан-жаңыбарларды(н баарын) болсо Ал бейшемби күнү (жаратып, Жер бетине) тараткан; Аллах Адам (а.с.) ды жума күнү асыр маалында жараткан жана (ошентип) Адам (а.с.) асыр менен түн киргенге чейинки (жаратылган) эң акыркы макулук болуп калган” (Муслим).
Абу Муса ал-Аш’ари (р.а.) нун сөзүнө таянуу менен имам Ахмад бин Ханбал (рахм.а.) Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарыбыздын мындай дегенин кабарлайт:
“Аллах Таала Адам (а.с.) ды бүткүл Жер жүзүнүн чар тарабынан алынган бир ууч топурактан жараткан. Ошондуктан Адамдын балдары ушуга дал келет: алардын айрымдары(нын түсү) ак, кээ бирлери(нин иреңи) — кызыл, үчүнчүлөрүнүкү — кара, төртүнчүлөрү болсо — аралаш түстүү болушат. Алардын айрымдары жумшак, башкалары катуу, үчүнчүлөрү — орточо. Алардын кээ бирөөлөрү жаман (мүнөздүү), башкалары — жакшы (ахлактуу), үчүнчүлөрү болсо — орточо”.
Судди (р.а.) Ибн ‘Аббастын, Ибн Мас’уддун жана башка айрым сахабалардын (алардын баарынан Аллах ыраазы болсун) мындай деп айтканын кабарлайт: Аллах Таала (Адамды жаратаарда) топурак алып келүү үчүн (оболу) Жабраил (а.с.) периштени Жерге жиберет. (Ошондо) Жер ага айтат: “Эгер сен менден бир нерсе алып, мени буза турган болсоң, мен сенден коргоосун тилеп Аллахка сыйынамын (ошондуктан менден эч нерсе алба)!” Ошондо Жабраил Жерден эч нерсе албастан кайтып (асмандардын жетинчи кабатына кайтып) келет. Аллахка кайтып келген Жабраил минтип айтат: “Оо, Роббим! Жер Сенден жардам сурап дуба кылды эле, мен (аны аягандыктан) анын эркине моюн сунууга аргасыз болдум”. Анан Аллах Таала Жерден топурак алып келүүгө Микаил (а.с.) периштени жиберет. Ал топурак алганы Жерге келген кезде Жер андан коргоп калуусун тилеп Аллахка кайрылат да, ал да эч нерсе албастан Аллахка кайтып келип, Аллахка Жабраилдин сөзүн кайталайт. Ошондо Аллах Таала жан алгыч периштени б.а. өлүм периштеси болгон Азреилди жиберет. Жер андан сактоосун тилеп Аллахка кайрылат. Бирок Азреил минтип айтат: “Мен да Аллахтын буйругун аткарбастан баруудан сакташын тилеп Аллахка сыйынамын! ” Анан ошол өлүм периштеси Азреил Жердин сырткы катмарынан топурак алат. Ал топуракты бир эле жерден эмес, бир канча жерден, агынан бир аз, кызылынан бир аз, карасынан бир аз кылып, аралаштырып алат. Ошондуктан Адам (а.с.) дын урпактары түрдүү түстөгү инсандар болуп калышкан. Анан Азреил асмандарга чыгат да, аны сууга чылап жумшартат. Анан Иблис өзүн топурактан жогору коюп, текеберленбесин деп, Аллах Таала Адам (а.с.) дын келбетин Өз Колу менен жасайт. Анан Алах Таала топуракка адам сымбат-келбетин берет. Ошол жума күндөн кийин дагы 40 жыл өткөнгө чейин топурактан жасалган Адам (а.с.) айкел түрүндө тура берген. Периштелер болочоктогу Адамдын айкелинин жанынан өткөн кезде чочуп кетишчү, баарынан көп Иблис коркоор эле. (Ошондуктан, аны кыйратып салуу максатында) Иблис аны урган кезде ал кургап калган чопо сыяктуу шыңгыраган добуш чыгарчу. Ошол себептен Кудуреттүү Аллах Таала:
“Инсанды (Аллах) чоподой бышырылган кургак ылайдан жаратты” (55:14); “Чындыгында, Биз шыңгыраган келишимдүү кургак чоподон инсанды жараттык” (15:26) — деп айткан.
Адамдын жансыз денесин көргөн сайын Иблис мындай дечү: “Албетте, сен кандайдыр бир максат менен жаратылдың». Анан ал Иблис Адам (а.с.) дын ошол чопо денесинин оозунан кирип, арткы тешигинен чыгып, периштелерге минтип айтат: Коркпогула, анткени силердин Өкүмдар Кудай (Аллах) -Түбөлүктүү жана Дайыма Бар Болуучу Кудай. А бул нерсенин болсо ичи көңдөй экен. Эгер муну башкарууну мага берсе, мен аны кыйратып жок кыламын!”
Адамга Аллах Таала жан салган кезде, периштелерге Аллах минтип айтат: “Мен Адамга Өз Рухумдан үйлөп, жан салгандан кийин: “Адамга сажда кылгыла!” Аллах Таала Адамга жан салып, жаңы эле салынып жаткан жан анын башына жеткен кезде Адам чүчкүрүп жиберет. Периштелер Адамга: “Алхамду лил-Лах!” [Аллахка мактоолор болсун] -деп айт”-дешет. Адам (а.с.) ошондой, б.а. периштелер үйрөткөндөй кылат (да: “Алхамду лиллах”- деп айтат). Ошондо Аллах Таала ага (карап): “Ярхамукумуллах [Аллах силерге ырайым кылсын]”- деп айтат. Адам (а.с.) дын денесине салынып жаткан жан анын эки көзүнө жеткен кезде ал Бейиштин мөмөлөрүн көрөт. Кирип бара жаткан жан анын ашказанына жеткен кезде ал ачкалыкты сезет. Ошондуктан дене-бойго таралып, улам арылап кирип бара жаткан жан, б.а. рух анын бутуна жеткен кезде, ал Бейиш мөмөлөрүнөн үзүп алуу үчүн чуркап кетүүгө умтулат. Ошондуктан Аллах Та’ала: “Инсан шашма кылып жаратылган” — деп айткан (21: 37).
Андан ары Судди Адам (а.с.) дын тарыхын толугу менен баяндап жүрүп олтурат.
Ибн Касир (рахм.а.)нин айтуусу боюнча жогоруда келтирилген баяндардын айрымдары пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадистери менен тастыкталган, бирок алардын калган көпчүлүгүнүн түбү Исраил урпактарынын “Исраилиат” деп аталып калган санжыралуу баяндарына барып такалат. Мисалы, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадистери менен тастыкталган баяндардын бири далил катары Имам Ахмад (рахм.а.) тарабынан Анас бин Малик (р.а.) га шилтеме берүү менен келтирген мындай хадисти атоого болот: “Аллах Таала Адам (а.с.) дын (денесин чоподон) жаратып болгон соң, Ал Өзү каалаганчалык убакыт бою аны (ошол боюнча) калтырган. Иблис болсо анын денесин далай ирет айланып чыгат да, Адам (а.с.) дын денеси көңдөй экенин байкаган соң, анын алсыз (махлук болорун) байкаган”.
Имам Малик бин Анас (рахм.а.) пайгамбарыбыздын (с.а.в.) тарыхын баяндаган “Муватта” аттуу өзүнүн ишенимдүү китебинде Муслим ибн Ясар ал-Жуханинин сөзүнө таянуу менен бир жолу сахабалар Умар ибн ал-Хаттаб (р.а.)дан:
“Кыямат Күнү: “Мындан кабарыбыз жок болгон” -деп, айтпашыңар үчүн Роббиң Адамдын перзенттеринин жонунан өздөрүнүн урук-тукумун чыгарып, анан: “Мен силердин Роббиңер эмесминби?” — деди. Алар: “Ооба, Сен биздин Эгебиз экениңе күбөлүк беребиз” — дешти” — деген аят тууралуу сурашкан кезде, Умар (аларга) минтип жооп берген: “Мен бул аят тууралуу (адамдар) сурашкан кезде Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегенин укканмын: “Аллах Таала Адам (а.с.) ды жаратып болуп, анан анын жонун укалоо менен, андан (б.а. Адамдын жонунан) анын урпактарынын бир бөлүгүн чыгарып, анан: “Мен буларды Бейиш үчүн жараттым, ошондуктан булар Бейишке кирүүчүлөрдүн иш-амалдарын жасашат” — деп айтат. Анан анын жонун дагы (жышып) укалоо менен, андан (б.а. Адамдын жонунан) анын урпактарынын дагы бир бөлүгүн чыгарып, анан: “Мен буларды Тозок үчүн жараттым, ошондуктан булар Тозокко кирүүчүлөрдүн иш-амалдарын жасашат” — деп айтат. Ошондо бир адам пайгамбарыбыздан минтип сурады: “О, Аллахтын Элчиси! (Эгерде ар бир инсандын тагдырына алдын ала эле Тозоктук же Бейиштик болоору жазылып коюлган болсо, анда биздин) амалдарыбыздын түшүм-мөмөсү (б.а. кайтарымы) эмне болот?” Ага Аллахтын Элчиси (с.а.в.) мындай деп жооп берген болчу: “Эгерде (кайсыл бир) киши Бейиш үчүн жаратылган болсо, анда, Аллах ага Бейиштиктердин амалдарын жасоону насип кылат да, (ошентип) ал тирүү кезинде Бейиш тургундары жасоочу амалдарды аткарууга машыгып-көнүгүп, ошонун натыйжасында Бейишке кирет. Эгерде Аллах Таала (кайсыл бир) инсанды Тозок үчүн жараткан болсо, анда, Аллах ага Тозокко түшүүчүлөрдүн амалдарын жасоону насип кылат да, (ошентип) ал тирүү кезинде Тозок тургундары жасоочу амалдарды аткарууга өлгөнгө чейин көнүгүп-машыгып, ошонун натыйжасында Тозокко кирет”.
Курандын бул аятынын башка тафсиринде, б.а. чечмеленишинде, Абу Жафар ар-Рази (р.а.) Убай бин Каб (р.а.) нун сөзү менен мындайча кабарлайт: Аллах Таала Кыямат Күнгө чейин жарык дүйнөгө келип кетүүгө тийиш болгон бүткүл инсандардын рухтарын (жандарын) топтоп, анан аларга сүйлөөгө, өздөрү үчүн күбөгө өтүүгө буюруп, айтат: “Мен силердин (ырыскы берип баккан) Роббиңер эмесминби?” Ошондо алар (б.а. инсандардын баары) минтип жооп беришет: “Ооба (Сен биздин Эгебизсиң)! ” Аллах айтат: “Мен жети (кабат) асмандарды жана жети (кабат) Жерди жаратып, Кыямат Күнү силер “бул тууралуу билген эмеспиз” деп айтпашыңар үчүн силердин түпкү атаңар Адамды күбөгө өткөрөмүн. Силер Менден башка кудайдын жок экендигин жана силердин Менден башка Роббиңер жоктугун билүүгө тийишсиңер, ошондуктан, башка махлуктарды Мага теңеп, (адашуу жолуна түшүп,) буддарды өзүңөргө кудай кылып, ширктерге сыйынып кетпегиле! Мен Өзүмдүн (эки дүйнөдө тең силерге тез жетүүчү) жазам тууралуу эскертүүсү үчүн пайгамбарларымды силерге жиберип, алар аркылуу Өзүмдүн китептеримди түшүрөмүн. Ошондо махлуктар айткан: “Сен биздин Эгебиз жана Кудайыбыз экендигиңе күбөгө өтөбүз, биздин Сенден башка Роббибиз жок жана биздин Сенден башка кудайыбыз да жок!” ушундайча жол менен алар Аллахка берилгендиги тууралуу касам-ант ичишкен. Анан Аллах Таала алардын атасы Адамды ордунан тургузат. Ошол кезге чейин Адам (а.с.) өз урпактарынын кайсынысы бай, кайсынысы кедей, кимиси сулуу, кимиси куник болоорун көрө элек болчу. Ошондо Адам (а.с.) (Аллахтан) минтип сурайт: Оо, Роббим! Сен Өз кулдарыңдын баарын бирдей кылып койсоң жакшы болоор эле?” Аллах айтат: “Мен алардын Мага ыраазы болуп, шүкүр келтирип, алкоолорун кааладым» (Ошондо) Адам өз урпактарынын арасынан нур чачкан жарыктардай болгон шоолалуу пайгамбарларды көрөт. Аллах Таала дагы бир жолу ошолордон, бул жолкусунда пайгамбарлык вазийпаны алардын сабыр жана шүкүр менен орундата алуулары тууралуу өзүнчө ант алат. Бул Аллахтын төмөнкү аяттарына дал келет:
“(Оо, Мухаммад! ) Ошондо пайгамбарлардан убада алганбыз: Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Мариям уулу Исадан. Ушулардын баарынын катуу ант-убадасын алганбыз” (33:7).
Аллах Таала жана да минтип айтат: (Оо, Мухаммад! жан дилиң менен Аллахка) берилген, пакиза абалда жүзүңдү динге (Исламга) түздөгүн. Аллах адамдарды ушул (гана) максатта жараткан. Аллахтын жараткан нерселеринде өзгөрүү болбойт. Ушу (Ислам дини — эң) туура жана (эң) түз дин. Бирок, адамдардын көбү (муну) билишпейт» (30:30).
Мындан сырткары Аллах Таала дагы мындай дейт:
“Бул (Мухаммад) — мурдагы пайгамбарлар сыяктуу эле эскертүүчү (пайгамбар)» (53:56).
Андан ары Аллах Таала минтип айтат:
“Алардын көбү (Аллахка беришкен) убадага турушпайт. Алардын көбү, чындыгында, бузукулар» (7:102).
Бул маалыматтар имамдар: Ибн Аби Хатим, Ибн Жарир жана Ибн Мардавайхтардын (р.а.) тафсирлеринде баяндалган. Ошондой эле Мужахидцин, Икриманын, Саид бин Жубайрдын, Хасан Басринин, Катаданын, Суддинин (р.а) сөзү менен да ушул куттуу хадистер ге дал келе тургандай маңызда маалымдалган.
#726 25 Декабрь 2014 - 09:39
АЛЛАХЫМ кечирсин, бир созду жазууда мааниси бурулуп калгандыктан "башын салып" деген созго озгортулду.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 25 Декабрь 2014 - 09:41
#727 25 Декабрь 2014 - 09:44
Профессор колуна суусу бар стаканды алды да аны көтөрүп, өзүнүн студенттеринен сурады:
Бул стакандын салмагы канча деп ойлойсуңар?
Аудиторияда күбүр-шыбыр башталды.
-Болжол менен 200 грамм! Жок, 300 грамм! Балким, 500 грамм! –ушундай жоопторду айтышып жатты.
- Аны таразага тартмайынча канча килограмм экенин чын эле билбейм. Бирок, азыр бул керек эмес. Менин суроом: мен эгер бул стаканды бир нече мүнөт колумда кармап турсам эмне болот?
-Эчтеке!
- Чынында эле эч нерсе болбойт. А эгерде мен стаканды эки саат кармап турсам не болот?- деп сурады профессор.
-Колуңуз ооруп баштайт.
- А эгер, бир күн бою кармап турсамчы?
- Колдоруңуз катып калат. Булчуңдарыңызга күч келет жана колуңуз кыймылдабай калышы мүмкүн. Ооруканага барууга да мажбур болушуңуз мүмкүн.
Силердин оюңарча, мен бир күн бою стаканды көтөрүп тургандан анын салмагы өзгөрөбү?
-Жок- деди апкаарыган студенттер.
- А баарын оңдоо үчүн эмне кылуум керек?
Болгону стаканды столдун үстүнө коюңуз! – деп бир студент көңүлдүү айтты.
- Дал ошондой деп жооп берди профессор.- Жашообуздагы баардык кыйынчылыктар да ушул сыяктуу. Бир проблеманы бир канча мүнөт ойлон, ал сенин жаныңда болот. Аны бир канча саат ойлон, ал сени кайгынын сазына соруп баштайт. Ал эми бир күн бою ал жөнүндө ойлонсоң, ал сени кыймылсыз калтырат.
Проблема жөнүндө ойлонуу эч нерсеге алып чечпейт. Анын салмагы азайбайт. Проблеманы аракет менен гана чечесиң. Аны чеч да жолуңдан алып кой. Көңүлүңдө сени кыймылсыздыкка алып келүүчү, оор ташты көтөрүп жүрө бербе.
#728 25 Декабрь 2014 - 09:46
Бир киши имамга келип Аллахка жакындоомо жардам бер деген сураныч менен кайрылат.
Имам аны карап туруп сурайт:
— Айтчы мага, сен кимдир бирөөнү сүйдүң беле?
— Сүйүү мени кызыктырбайт. Мен бул дүйнөдөгү баарын таштадым. Мен Аллахка баргым келет!
—Дагы бир жолу ойлонуп көр, — деп сунуштады имам, — эми айтчы, кантип эле сен же бир аялды, же наристени сүйбөдүң?
— Айтып жатам го, мен кадимки адамдардай эмесмин. Мен—Аллахты тааныгым келет. Андан башкасы мени кызыктырбайт. Эч кимди сүйгөн эмесмин.
Имамкапалуу карап:
Мен сага жардам бере аламбы, жокпу билбейм. Чыныгы сүйүү эмне экенин билбеген киши Аллахка болгон жолду да таба албайт. Сүйгөндү үйрөн. Бул Аллахка карата биринчи баскыч. Качан үйрөнгөндө мага кайра кел. Менден мындан аркы тепкичтерди да кантип басып өтөөрүңдү акыркы тепкичке чейин сурайсың. Ал эми азыр сен биринчи кадамды таштоону ойлон!
#729 25 Декабрь 2014 - 10:34
Эс алган периште тигил периштеден сурайт:
-Сен эмнеге ары-бери уча бересиң?
-Мен Аллахка “Жардам бер Аллахым... ”деген кайрылууларды ташыйм .
А сен эмне үчүн дайыма эс аласың?
Мен Аллах Таалаха “Аллахка шүгүр, ыраазымын Аллахка... ”деген кайрылууларды ташыйм дейт.
#730 25 Декабрь 2014 - 10:35
Менин аялым аябай жагымсыз, шалакы! Мен бул тууралуу ага дайыма айтам, бирок ал жыл өткөн сайын начарлагандан начарлап баратат.
Ага экинчи жигит жооп берет:
Менин аялым акылман жана укмуштуудай сонун үй кожойкеси! Жыл өткөн сайын сонун болуп барат! Мен бул тууралуу ага дайыма айтып турам.
#731 25 Декабрь 2014 - 15:02
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 25 Декабрь 2014 - 15:03
#732 25 Декабрь 2014 - 15:09
"МЕНИН УММОТУМ..... МЕНИН УММОТУМ..." -деп турат. ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА (саллаллоху алайхи уа саллам) САЛАВАТ АЙТАЛЫ!
صلوا على من ينادى يوم القيامة
... امتى ...امتى
#733 25 Декабрь 2014 - 15:16
Эй МОМУНДАР! , АРАК (мас кыла турган ичкилик ичуу), КУМАР (ойноо), БУТТАР (аларга сыйынуу) жана ТАЯКЧАЛАР (таякчалар менен палчылык кылуу) ШАЙТАНДЫН АМАЛЫНАН болгон иштер. Демек, (ТОЗОКТОН) КУТУЛУШУНАР учун алардын АР БИРИНЕН ЫРААК БОЛГУЛА! ИЧКИЛИК, КУМАР себептуу ШАЙТАН аранарга ЖЕК КОРУУ, ДУШМАНДЫК САЛУУНУ ошондой эле силерди АЛЛАХТЫ ЭСКЕ АЛУУДАН жана НАМАЗ ОКУУДАН ТОСУУНУ ГАНА КААЛАЙТ! ЭМИ ТОКТООРСУНАР? !
(Маида суросу, 90-91-аяттар)
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 25 Декабрь 2014 - 15:17
#734 26 Декабрь 2014 - 01:02
2. Кайгылуу иш башка тушкондо чачын жулуп, бетин тытып же кийимин айрып ыйлагандардан безем.
3. Инсан катаны коп учурда оз тили менен кетирет.
4. Мас кыла турган коп ичкиликтин азынан да сиздерди кайтарамын.
5. Араныздарда эн кучтуу ким экенин айтып берейинби ?! Ал ачуусу келгенде озун кармай билгениниз.
6. Кулакка жаман угула турган создон сактан, эй катын !
7. Уруксат уч мертебе суралат. Эгер уруксат берилсе кириниз, берилбесе кете бериниз.
#735 26 Декабрь 2014 - 09:36
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 26 Декабрь 2014 - 09:37
#736 26 Декабрь 2014 - 09:38
#737 26 Декабрь 2014 - 09:52
#738 26 Декабрь 2014 - 10:32
Кыргызча маанисин берууго аракет кылдым. Эгер туура эмес болсо ЖАЛГЫЗ РОББИМ АЛЛАХ ТААЛА кечирсин!
"Кыйынчылыктан АЛЛАХТАН сактануу сураймын"
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 26 Декабрь 2014 - 10:32
#739 26 Декабрь 2014 - 23:56
2. Жупуну кийим кийуу да ыймандан.
3. Коптогон жакшылык жагымдуу муноздо. Коптогон куноо жана жамандык - дилдеги кызгануу менен уяттуу иште.
4. Жакшылык - напсин тыйылып, дилин тынч ала турган иш. Жамандык же куноо болсо анын тескериси; муфтилер канчалык фатво (дин окулунун шарият ж. б. эрежелердин негизинде чыгарган чечими) беришсе да, озунуздун дилинизге карап иш тутунуз.
5. Балээнин кобу тилден.
6. Туболук жашай турган жериндеги жаман кошунадан сактоону Кудайдан тилегин. Талаадагы коншу болсо - тез кочуп кетуучу.
7. Бир - биринизге кайрымдуу жана мээримдуу болуп, кол беришип, ал - жай сурашып турунуздар, мына ошондо дилдериниздеги кайгы - капа арылат.
#740 29 Декабрь 2014 - 09:16
Бактылуулук деген эмне?
Жооп: Күнүңдү күнөөсүз өткөрүү.
* Түн менен күн сен үчүн иштешет. Сен ал эки нерсени колдонуп иштеп калгын.
Умар ибн Абдулазиз
* Эй адамдар амалыңарды эсеп кысап кылгыла. Ким амалын эсепке алса, ага амалына да, эсеп кысабына да сооп жазылат. Умар ибн Хаттаб
* Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
«Эгер кайсы бир коомдо сүткродук жана зина жайылып кеткен болсо, анда алар өздөрүнө Алланын азабын чакырып алышыптыр»
(Сахих ибн Хиббан)
* АЛЛАХТЫН ЖАЗГАН ТАГДЫРЫ БОЛОТ.
Жакшыга- жакшы....
Жаманга-жаман. ..
Тен-тени менен....
* Имрон бин Хусайн Радиа-Ллаху анху айтты: "Бир киши Пайгамбар салляллаху 'алейхи уа саллям га келип: "Ассаламу алейкум"- деди. Пайгамбар салляллаху 'алейхи уа саллям анын саламына жооп берди. Анан ал киши отурганда Пайгамбар салляллаху 'алейхи уа саллям: "Он"- деди (б.а анын саламынын ордуна он жакшылык).
Анан дагы бир киши келип: "Ассаламу алейкум ва рахматуллохи" - деди, Пайгамбар салляллаху 'алейхи уа саллям анын саламына жооп берди, анан ал киши отурду. Пайгамбар салляллаху 'алейхи уа саллям : "Жыйырма" - деди, (б.а жыйырма сооп).
Соң дагы бир киши келип: "Ассаламу алейкум ва рахматуллохи ва баракатуху" -деди. Пайгамбар салляллаху 'алейхи уа саллям анын саламына жооп берди, анан ал киши отурду. Пайгамбар салляллаху 'алейхи уа саллям "Отуз"- деди, (б.а отуз жакшылык жазылды деди).
(Абу Дауд)
* Али Радиа-Ллаху анху дан риваят: Пайгамбар салляллаху 'алейхи уа саллям айтты: "Мусулмандын мусулманга алты милдети бар. Жолукса салам айтат, чакырса кабыл алат, чүчкүрүп (Алхамду Лиллах) десе "Ярхамукаллах" деп жооп берет. Ооруса кабар алат, өлсө жаназасына барат. Өзүнө жакшы көргөн нерсени ага да жакшы көрөт".
(Ибну Мажа)
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 29 Декабрь 2014 - 09:17