Төмөн жакта "Өкмөт жооп берет" деген жакшы бөлүм ачылыптыр. Бирок, министрликке суроо берээрден мурда, ал органдын милдеттери,
эмне жумуш кылаарын билип алсак жакшы болмок.
Менин оюмча, министрлик мамлекеттин белгилүү тармактагы саясатын ишке ашырат. А мамлекеттин көпчүлүк тармак, багыттар боюнча саясаты , б.а. министрликтердин милдети, мен үчүн эмигече түшүнүксүз.
Мисалы, айыл-чарба министрлиги.
Бул министрлик мамлекеттин кайсы саясатын ишке ашырууда? Нандын, эттин, шекердин...ээ,
бүт эле айыл-чарба продукциясынын баасы өсүп атат. А министрлик эч кандай чара көрбөйт. Бирдеке болсо эле "Казакстанда буудайдын баасы өсүүдө" дегенди айтышат. Анда мындай министрликтин эмне кереги бар? Ойлоп көрсөм, чара да көрө албайт экен. Анткени, жердин баары менчик болуп атса, кимге айта алат "аны айда, муну сеп" деп.
Деги эле, министрликтер эмне жумуш аткарат?
Министрлик эмне жумуш кылат... ылдыйкы темада жок суроолор....
#2 24 December 2012 - 23:02
Ruchkanyn bawyn wilteit da chontoko akcha gana salat. Andan bawka ech nerse kylbait.

Супер-Инфо
super.kg
видео








