"Сен келерсин бир куну!"
"Сен келерсин бир куну!" Мени Кечир!
#2 16 Август 2015 - 22:31
"Россиядан конулум менин калып кетти,коздорумдон мончокторум агып кетти."....
...............
Замандаш ар бир адамдын омуру озунчо бир китеп болгон сяктуу ар бир инсандын суйуусуда озунчо бир чон махабат дастаны эмесби? Мен бул чыгарманы каарманыбыз мага жазган катынан баштамакчымын анда соз башынан болсун.
"Салам Мени Кечир байеке. Ар дайым сиздин чыгармаларынызды окуп озумду сооротуп жашап келем.Чыныгы Россиянын жашоосунан алынган сиздин чыгармаларынызды окуп жатып менде бир ой пайда болду.Балким менин аянычтуу махабат баянымдыда элге жеткирерсиз. Балким кимдир бироо мага туура жол корсотуп кенеш берер байеке......... ....
"Баары мындайча башталган болуучу.Мен жолдошум Марат окообуз бир айылдын тургунубуз. Бир айылда чонойдук.Бир мектепти бутурдук.Жаштыгыбыздан бири бирибиздин мунозуубузду жакшы билип кобунчо чогу ойночубуз.Себеби Мараттын атасы менен менин атам жакын достордон болгондуктан биз бири бирибиздин уйубузго конокко коп барчубуз.Марат окообуздун дуйноонун эч бир жыргалына алмаштыргыз балалык чактарыбызды азыр эстесем,конулум бат эле жайылып,журогум жылый тушот.Тентек экенбизда,окобуз уй топурак кумдан уй жасап ойноочубуз. Мага уй жана короо жасаган Марат кичинекей апам тайактан жасап берген курчакты мага сунуп-Мее сен баланды кара сен апасын мен атамын,сен тамак кыл мен отун алып келем деп калчу.Тентек кыз экенминда ага карап-ой уктай бербей малдарды кара деп жинине тийчимин.Ошентип балалыгыбыз бизге билдирбей суйуубузду козгогон турбайбы? Мараттын атасы менен менин атам бизди жаштыгыбыздан эле макулдашып койушушкан экен.Анын устуно биздинда бири бирибизде конулубуздун бардыгы аларды анданда бетер кубандырышты. Маратты куйоо бала кылам деген атам нийетине жетпей эле мен тогузунчу класста окуп жатканымда кокусунан эле жол кырсыгынан каза болуп калды.Ыйлап сыктап атамды узаттык.Апам канчалык турмушка чыйрак аял болгонунада карабай атамдын олумунон сон биздин уйдо кыйынчылыктар башталды.Ошондо Мараттын ата энеси бизге ар дайым жардам берип турду.Марат болсо ар куну менин конулумду которор создорду айтчу.Учкан куштай зымырап окучулук кундорда арта калды.Марат менден бир жаш улуу болгондуктан ал алгач мектепти аяктап ошол эле жылы эл катары иштеген Россияга кетти.Ар дайым кыз жигит болуп чогуу журуп ажырашпаганыбыз учубу билбедимго айтор ал эртен кетем деген туну окообуз учунда аябай оор коштошуу туну болду.Ал мени кучактап эч койуп жибергиси келбей-Алтыш сенсиз кантип кунум отот экенаа.

#3 16 Август 2015 - 22:32
Эч элестете албай жатам сенсиз кантип чыдап жашап иштеймин.Менин журогум токтобой согушу учун абадай сен керексин мага алтыным ушуну билесинби? деп мени опкулоду.-Айтпасанда билем Марат.Сен мен учун гана жаралгансын.
Менда сенсиз кыйналсамда чыдап жашаймын дедим.-Алтышым суранам мени кут.Мен толугу менен буйруса бир жылдан сон кайтып келемин.Сен какырак мектепти аяктап каласын.Биз турмуш курабыз буйруса.Сен дуйнодогу эн сулуу келин мен болсо эн бактылуу куйоо болом алтыным деди ал.Ошондо анын коздорундо жаш бар болуучу.Менинда коздорумо жаш тегеренди.Мурда китептерден оз суйгон жарын аскерге узатып жаткан кыздардын журок ыйын коп окуган болчумун.Бирок эч ойлогон эмес экенмин бир кун оз башымада ушундай айрылуу келет деп.Аябай жаман экен суйгонун алыс жакка узатуу.-Алтышым коздорумо карап турчу.Коздорумдо коздорун калып кетсин.Сени сагынып кумсаганымда коздорумду жумамын,сенин ажарынды коруу учун деди.Эх очошконсуп ошондо жылдыз суйулуп тандында бат эле атканын кор.Бири бирибиздин жамалыбызга тойуп тойбой колдорубуз узулду.Эх махабаттын кандай гана кымбат,кандай гана татуу экенин,коз ачып коргон адамын сенден алыс кетсе гана билет экенсин.Билгендеда кандай? Косоосун жоготкон сокурдай болот турбайсынбы.
...............
Кучагында сагыныч жана кусалык болгон кундор отуп жатты.Марат сыйактуу эле менда уй-булодо тунгуч перзент болгонумдан атамдын жоктугун аз маз болсода билдирбегенге арекет кылып,мектептен сон апама каралашып журдум.Чолпон жылдыз жамынып айлуу тундор уктасада,Мараттын ар бир айткан создорун эстеп эч уйкум келбейт.Ардагым ботон элде мусапырлыктын нанын жееп кыйналып калбады бекен деп камтамада боло турган да болуп калдым....... Убакыт жетип мен мектептида аяктадым.Мен классташ курбуларым сыйактуу жогорку окуу жайга тапшырганым жок.Себеби уй-булолук шартыбыз туура келбейт болуучу.Уйубуздун устуну болгон атам болбогон сон кантип окумакмын.Менден кийинки торт укомдун тагдырын ойлоп да олтуруп калдым.Биртке мал калибиз кимибизге жетмек эле...

#4 16 Август 2015 - 22:33
Марат убада кылгандай бир жылдан отуп айылыбызга кайтып келди.Бойго жетип калганым учунбу билбедимго апамдар Марат келиптир коруп келели деп жоношкондо уялганымдан алар менен чогу баралбадым.
Мурда аралашып эле журо берчибиз.Кутконундо кечда кирбейт танда атпайт дегени ушуда.Ошол куну эч кеч кирбей койсо Маратты бир минутка болсода эртереек коройун десем.Акыры куттуруп алда келди.Россия жаккан корунот мурдагыга караганда аз маз толуп,келбетида сулуу болуп кетиптир.Бири бирибизди койуп жибербей ыйлай бердик.Бир убакта ал мени опкулоп-болду эми алтыш ыйлаба баардык жаман кундор арта калды.Мен сага убада кылгандай кайтып келдим.Эгер билсен сен учун келдим.Ар бир откон кунумдо сени эстедим.Сенсиз жашоо мага азап экенин тушунуп жеттим.Сени эми эч качан таштап кетпеймин эми тентегим деди.Ундоруда куркуроп тим эле чон кишилердин унундой болуп кетиптир.Анан ал мага -Алтыш мага турмушка чыкканы макулсунбу деп сурады менден.Ооба дегендей баш ийкедим.Ал мени кокурогуно кысып-сага сени бактылуу кылганы соз беремин деди.............
...........
Жаштын тилегин кудайым берет дегендей эле биздин тойубуз куз айынын биринде болуп отту.Ошол эн биринчи нике туну кечегидей коз алдымда.Окобузго тен женелерибиз нике тунунун эрежелери жонундо шыбырап жатышкан болсода коздорубуз бири бирибизден отуп жатты.Женелерибиз кошого ичине калын кылып тошок салышкан сон бизди бир сыйра жылмайып карашты.Андан сон Мараттын созго чебер женеси-Эми жаштар алдынарда ото чоон кееде оор,кееде ырахаттуу турмуш деген озунчо бир дуйноо турат.Ошол турмуштун босогосунан уй-було деген бир сезим аралы башталат.Окоонуноор бир жан жана бир дене болуп турмуш арабасын чогуу тартканынарга туура келет. деп бир азга унсуз калып кайра созун улады -турмуштун эн кызыгы,эн ыссыгы бул тошок кумары болот жаштар деп бизге атап салынган тошокко карап койду.Мен уялганымдан эки бетим кызарып башымды калкалаганы жер таппай калдым.Женем болсо -уялбан кыз баарыбыз эле турмуш жолун ушентип аттаганбыз. Кайни журтунуздун астанасы алтындан болсун,Кайната кайненениз оз ата энениздей болушсун.Бегиниздин бели бекем болуп бешининизде кочкордой балдар болонсун деп женем ырым кылып адырашман тутотту.Марат болсо женеме чонтогунон акча жана белек алып берди.Женемдер чыгып кетишкен сон Марат мага жакын келип -Алтыным бул атырды сага арнап Россияда сатып алган болчумун арзыбаган белегимди кабыл ал деди.Мен рахмат айтып Мараттын коздоруно карадым.Ал ошол туну аябай башкача жан болуп корунду коздорумо.Ал менин колдорумдан ооп-асылым мен сени эн жакшы кундорумдода, эн жаман кундорумдода суйуп ардактаймын.

#5 16 Август 2015 - 22:34
Сени омурумдун акырына чейин козумдун карегиндей сактаймын.Эсинде болсо балалыгыбызда сага топурактан уй салып берген болчумун эми ошол уйду сенин журогуно саламын.Бар ыйманым дилим кучум менен сени бактылуу кылганы арекет кылам.Мага ишен жаным деди.Коздорумду анын коздорунон узо албадым.Онум же тушум экенин билбей кубанганымдан коздорумдон жаштар тамчылап кетти.Марат мени которуп кошогонун ичине алып кирди.Биз бири бирибизге журогубуздогу ойду ачык айта албай жатсакда коздорубуз тартынбай суйлошуп жатышты.......
.............
#6 16 Август 2015 - 22:34
Аял заты учун кош бойлуу болуудан откон бакыт барбы дуйнодо озу? Тойубуздан коп отпой эле бойумда бутуп калышы жалпы уй-булобузго чон кубаныч алып келди.Бир гана Марат эмес кайненем да менин козумдун карасы менен тен айланышып калышты.Себеби бул кайнене кайнатамдын биринчи небереси болуучу.Ичим кундон кунго чонойгон сайын менден алыс жылгысы келбеген Марат -Сен дуйнодогу эн сулуу аялсын менин периштем.Кош бойлуу аялды ар дайым периштелер кооруп журушот дешет.Ошол чындык экенине ишендим.Сен периштелерденда жылдыздуу болуп баратасын деп калат.Эх кандай гана таттуу кундор,кандай гана кыйалдарга бай мезгил эле ал кездер....
Май айлары болсо керек.Курсагымдагы бала беш айдан отуп калган болуучу.Достору чон жумуш алдык тез келип кал деп чакыра беришкени учун Марат ары ойлонуп бери ойлонуп журуп акыры бир туну -Алтыш сени ушундай абалында эч таштап кетким жок.Тушунуп турам азыр сенин абалын оор.Бирок иштебесем дагы болбойт.Укомда мектепти аяктап жатат.Аныда окутуш керек.Анын устуно мен сага убада кылган жакшынакай уйду салышым учунда акча керек.Эгер каршы болбосон мен Россияга барып иштеп келейин.Буйруса торор алдында келемин.Озум сени торор уйунон алып чыгам алтыным деди.Кантип каршы болмок элем.Турмушубузду оз козум менен коруп турган сон.Анын устуно уй салуу учун коп акча кетет эмесби.Ошентип кайра эле убактылуу болсода ажырашканга туура келди.Мурда кыз жигит болуп журуп алыс кеткендеда мынчалык кыйналган эмес болчумун.Бир балышка баш койуп,бир журок,бир суйуу,бир жан болуп жашап калган сон,жанында анын жоктугу жылдызы жок карангы тунго окшойт экен.Канчалык келечегибизди ойлоп озумду алаксытсамда, эч эч уйкум келбей журду.Аз гана чогу жашаган болсокда биротоло бири бирибизге жытыбыз синишип кеткен турбайбы.

#7 16 Август 2015 - 22:36
Гулдон гулго конуп озу суйгон жытын издеген кополоктой тундору анын жытын издеп,бир кирпик какбай тандарды атырдым.Бар эрмегим курсагымда кундон кунго чонойуп жаткан кулунум болду.Кайненем менен кайни кайинсиндилерим кополоктой айланамда айланышып мени оз бир туугандарындай корушсода барибир эч кимиси жолдошумдун ордун баса алышпайт экен.Эх жаш келиндин жолдошунан калган куну курусун.Тим эле тузу жок тамак жееп жаткандай гана сезиле берет. Бири бирине койондой окшош сагынычтуу кундор отуп жатты.Маратым тынбай бизге телефон чалып ден соолугубузду сурап турду.Тапкан акчасынын бир тыйынында теке кетирбей баарысын кайнатама жонотуп жатты.Кайнатам болсо биздин чекке туугандар менен бизге атап келечектеги уйубуздун фундаментин баштады.Ай кунум жакындашып калган кундорумдун биринде Марат чалып-Алтыш мени кечир сен тороруно барамын деп ойлогон болчумун,бара албайт коруном.Жумуштарым кобойуп кетти.Эгер макул болсон азыр жумушум жакшы болуп жаткан кезде кеч кузго чейин иштеп алайын.Буйруса эрте коктомдо уй тургуза баштайбыз деп калды.Менинда максатым ата энелерибизге жук болбой оз кучубуз менен уй тургузу болгону учунда макул болуудан болок айла жок болуучу.
Торогондо аял затынын он эки мучоосу ордунан жылып кайра кырк кундун ичинде оордуна келет деп айтышса кантип эле деп тан калчуумун.Озум толгок тартып коз жарганымда ал создун канчалык чындык экенине ишендим.Ошондуктанда эненин таманынын асты бейиш деген туура.Озум эне болгон болсомда мени торогон энемдин башынан суу айландырып ичсемда аз экенин тушундум.Эх кам сут эмген пенде экенбизда кана бардык эркектерибизда биз тарткан,энелер гана чыдаган азапты жок дегенде журокторунон бир жолу болсода откозсо.....
Аман эсен уул торогонумдон сон Марат тез тез чалып турду.Ал ар чалган сайын балабыздын кайсыл жери кимибизге окшорун тынбай сурап турду.Аны коргусу келип жатканын.колдоруна которуп эркелетип ооп жыттагысы келип чыдабай жатканын айтып ыйлай жаздайт.......

#8 16 Август 2015 - 22:37
Ошентип кеч куздо келем деген жолдошум Марат Кычыраган кыш келседа келбеди.Бала менен аны кутуп жашагандан болок айлам жок болуучу.Ал мага -Алтыш ушундай болуп калды чыдай тургула.Магада оной эмес,мени да туура тушуш.Буйруса эрте коктомдо барып озум уй баштаймын.Мен сен учун балабыздын келечеги учун иштеп журом.Озун коруп жатасынго алган акчамдын баарын эле силерге жонотуп жатам.Эч мен жонундо жаман ойго барбагын.Мен сенден болок эч кимди суйоо албаймын.Силерди сагындым деди.Мен ага озумо ишенгендей ишенсемда эмнегедир журогум тынч эмес болуучу.Кее учурларда тушторум бузулуп аны жат эле бироодон кызганып уктайалбай чыкчуу болуп калдым.Кун жылып жашыл койногун кийип жазда келди.Кундон кунго бизден алыстап бараткан Марат Жазда отту келбеди.Ал мурдагыдан азыраак чалып калды.Анын жоноткон акчаларын топтоп кайнатам бизге ото чон эмес эл катары уй тургузду.....
...........
#9 16 Август 2015 - 22:38
Куздо барам,кышта барам,жазда барам алтыш чыдай тур,кыркына чыдаган кырк биринеда чыдай тур деп айткан Марат балам эки жашка толгондода келген жок.Кундузу уй жумуштар жана бала менен алек болуп кун отот бирок тункусун балам менен кошо бут айыл тынчып уйкуга кеткен сон эч уйкум келбейт Маратты ойлоп.Башыма мин бир жаман ойлор келип,мин бир жаман ойлор кетет.Бар кучумду коздорумдун жаштарына чыгардым.Бирок барибир мен Маратка ишенет болчумун.Ага ишенгеним учунда аны кутууну уланта бердим.Конулум кандай гана жаман кочолорго кирип барсада бир жолууда Маратты келбей калат деп ойлобопмун.
Андан Марат эмнеге келбей жатасын эгер бироо жарымды жактырып калган болсон ачык айт деп сурасам актанып эле -мен жонундо жаман ойлобо алтыш андай эмес буйруган куну барам.Суранам мени кут мен сени жана балабызды дуйноонун эч бир жыргалына алмаштырбаймын дей берчу...........
...................
#10 16 Август 2015 - 22:38
Пешенене жазганынан качып кутула албайт экенсин.Марат мени аядыбы же болбосо мени кутуудон болок саргайбасын дедиби айтор тун жарымынан оой бергенде мага чалып-Алтыш мени кечир кечире алсан.Мен....
.................... мен ..........башка бироону жолуктуруп калдым.........
Аны тентектерче жактырып калдым.Мени кечир сенин сезимдерин менен ойношконум учун.Мындай болот деп эч ойлогон эмес болчумун.Мен ар дайым бул бир откунчу сезим деп ойлогон элем.Мунун баары бир Россиядагы раман деп ойлогон элем андай болбой калды.Мен бул аялга жипсиз байланып калдым.Аны таштап кете албаймын.Анын устуно ал жакында коз жарат.Суранам алтыш мени эми кутпо.Баламды сага сени кудайыма тапшырдым.Атам салган ошол уй жай сен менен балама кааласан ал уйдо кааласан оз уйдо жаша.Бактылуу болушуна ишенем.Силерден алыс жашасамда барибир силер журогумдун бир чекесинде жашайсынар.
Капа болбо Алтыш мен эч качан мындай болушун каалаган эмес болчумун.Бизге келген тагдыр ушундай экен.Мени кечир деди.Анын унун угуп тобо чачым тик турган болсода,анын создорунон улам коздорумдон жашым токтобой калды.Мараттын болок аял менен жашап жатканын оз оозунан уккан болсомда эч,эч ишене албай жаттым.Анын болок аялды суйуп калышы мункунда эмес болуучу.Кантип?
,Кантип мени десе жанында бергенге дайар болгон эркек болок жарды суйуп калсын.Мен буга эч качан ишенбеймин эч качан.Тее балалыктан бери ойлоп келе жаткан кандай гана кыйал максаттарыбыз бар болуучу.Кантип эле анын баары бир кундо эле жалганга айлансын.Мейли мени суйуудон чарчаган болсода али бир жолууда корбогон ай мончоктой болуп коздору балбылдап турган баласын кантип кыйды экен? кантип?.Тагдырда махабат торуна илинип турмуштан мизим кайткан болсода жолдошумду жат бироого берип койгонума эч конуго албадым.Эр берген жан берген менен барабар экен.Кийинчелек уктум Марат мурда торобой журуп ажырашкан озунон алты жети жаш улуу эже менен жашап балалуу болуп калганын.
#11 16 Август 2015 - 22:39
Мейли менденда жаш сулуу бир апасы оппогон селки менен жашап калгандада мынчалык куйгон болбойт болчумун.Ошол эже Мараттын кучагына кирерден мурда менин коз жашымдан баламдын убалынан кантип коркподу экен.Россияда журуп иштешкени менен да барибир биздин кыргыз эжелерибиз ыйманы менен калыштары керек эмесби? Ошол кундон ушул кунго чейин ойлоп ойлоп эч ойумдун тубуно жете албай жашап келем.Марат мени кутпо деп айткан болсода,ал барибир бир кун кайтып келишине журогум ишентире берет.Бир куну эле эшик ачылып ал кирип келе тургандай мага сезиле берет.Анын кылган жоругунан журогум жараланган болсода аны менен откоргон бактылуу кундорумду эстеп жашап келем.Жашырганда эмне эмне учун билбедимго ал келбеген болсода мен аны кечирдим.Бул аны чын журогумдон,
бут жан дилимден суйгондугумдон болсо керек.
#12 16 Август 2015 - 22:41
Балам окобуз болунуп оз уйубуздо жашап жаткан болсокда Кайненем менен кайнатам эки кундун биринде бизден кабар алып турушат.Марат акча салды деп тынбай кемчилдигибизди кылып беришет.Аларда мени ойлоп ич ичтеринен тугонушту байкуштар.Айла канча Мараттан болок инсанды жактырмак тугул ойлопда койо албаймын.Марат жазда барам куздо барам деп журуп омурумду бутундой торт мезгилге байлап койуптур.Жаз менен кошо алышып жазда кутом мен аны.Эгин тегиндерибизди жыйнаштырып куздо кутом мен аны.Балким кышта келип калса жейт деп ага арнап кооп кылып турлуу салаттарды жабам.Себеби ал салаттарды аябай жакшы коруучу.Барибир журогу сессе керек менин сарсана болгонумду.
Кееде тынбай туйторумо кирип калат.Айла кеткенде тушторгода ишенет турбайсынбы?
Буйруса балам быйыл биринчи класка барат.Марат балам бойумда беш айлыгында кеткен бойдон келген жок.Мага болсо анда санда смс жазып ден соолугумду сурап койот.Ошогода шукур кылып жашап келем.Барибир бир кун анын келишине ишенем.Даанышман элибиз ат айланып казыгын табат деп айтышатко.Мин жалыны жанган тулпар болсода барибир жем жееген акурун унутпастыр.
Бир гана озумду эмес акылына кирип калган кулунум-апа атам качан келет.Кундо эле келет деп алдай бересизби? деп айтса журогум мин бир жеринен тилинип -балам атандын жумуштары бутпой жатыптыр бутсо эле келет деп алдап келем.Бала экенда кее учурларда тиземе башын койуп ойлуу жатып-апа атам кимге окшойт деп сурап калат.Баламдын атасы жонундо сураган создорунон дене бойум муздап кетет.Кантеп кутуудон болок айлам жок.Дуйнодо куткондон откон азап жок экен.............
......... Эгер мени суйгонун чын болсо барибир сен келерсин бир куну.............
.....
Замандаш каарманыбыздын каты ушентип аяктаган болуучу.Эми озунуз ойлоп корун дуйнодо наристенин кулкусунон суйгон жардын ажарынан откон жыргал барбы озу.Кутуудон гулдой солуп жаткан жердешибиздин ар бир аккан тамчы жашы учун жооп берер кун бар экенин унутпайлы.Мейли кимдир бироо адашыптыр сураныч биз ак жолубуздан адашпайлы эркектер..... ......... урмат менен Мени Кечир! 16.08.2015.Россия!

#13 16 Август 2015 - 23:08
Эмне мынча бул болумдо мени кечир мени кечир деген чыгармалар толуп кеткен?
#15 16 Август 2015 - 23:36
Эх сабырдуу келин экен 7,8 жылдан бери кутконун ээ? Кандай сонун жаштфгы отуп атат, сулуулугу очуп атат, уйкусуз тундору отуп атат, умут узулбойткоо узулушу кыйын даа, Тиги эри ошону билет бекен бул дуйнодо куткон эн жаман. Бардык нерсе жоопсуз калбайт КУТтусуз келген бакыттай бир келип кетчи бир келип кетчи биз жакаааа эх автор, качалык каардууу кычыраган кыш болсо да, жадырап жайнаган жаз келбей койбойт
#16 16 Август 2015 - 23:37
#17 16 Август 2015 - 23:42
Тиги озунон чон аял жаш жигитти башын айлантып эптеп тийип алыптырда, ким билет балким бакшы, молдого окутуп ысытма кылып кетбей турган кылып алганго? Яяя болбосо неге 7,8 жылдан бери келбейт? Ата энеси учун да келбесе? Анда кучтуу кручокко илингенгооо?
#18 17 Август 2015 - 01:10
Ишенесинерби окуп алып аябай ыйладым токтоно албай. Эжеге ушунчалык боорум ооруду.Бактылуу болунуз эжеке.
#19 17 Август 2015 - 01:31
Ушундай да болмок беле!Иттей ишенимине кирип,суйдуруп алып мени кечир дегенин айтсан!!
!Андан кору Мен жаманмын,сени суйбойм десе женил болмок...Кудай озу сактасын да аял затына ушундан окон азап барбы?!
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#20 17 Август 2015 - 01:47
Мен кутпой эле коюнуз демекмин эгер бир кун келип жолдошунуз келсе кечирсенизда эч качан унуталбайсыз бул ото кыйын болуш керек канчалык жакшы корсонузда ишеничиниз жоголгон болот андан коро унутуп башка жашоо баштаганыныз он