Суперстан: Турмушка канча жашынызда чыккансыз? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Турмушка канча жашынызда чыккансыз?

#1 Пользователь офлайн   Sary1707   26 Январь 2021 - 23:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Декабрь 20
  • Соңку аракети: 22 Май 2021 01:43

Салам,достор!
Менин уй-булолуу эжелерге суроом бар. Турмушка канча жашынызда чыккансыз? Озунуздун макулдугунуз менен,эч кимдин кыйноосу жок эле чыккансызбы? Уй-було кургандан кийин: "Дагы бир аз тура турсам болмок экен,неге шашылдым" ,же "Мурун эле чыкпаптырмын" -деген ойлор болду беле?
Негизи эле уй-було кутуу учун канча жашты нормалдуу деп эсептейсиз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Sary1707   26 Январь 2021 - 23:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Декабрь 20
  • Соңку аракети: 22 Май 2021 01:43

Дегеним, биздин элибизде "Кара далы", "Жашы отуп калды" деген тушунук,кошуна- колон,тааныш- билиштердин кыздары менен салыштыруу сыяктуу корунуштор коп кездешет.
Мисалы,мен 21 жаштамын. Классташтарымдын копчулугу уй-булолуу. Эн алгач турмуш курган кыз 3балалуу болуп калды.
Белгилуу себептерден улам университетте озумдон 2-3 жаш кичуу кыздар менен окуйм,алар да жай-кыш дебей тойго чакырышат)). Анан эле апамдын,чон эне-таэнемдин "Сен да тий Эми,журо бересинби,жашын отуп кетет"-деген создору кулак-мээни жейт.
Тууган-урук чогулган жерге бара албай калдым,тагыраагы баргым келбейт. Себеп,баарын кыжаалат кылган менин турмушка чыкпай жургонум. Тигиниси деле,мунусу деле "Качан куйоого?" -дейт. Жакындан бери,эркек кишилерден да уга баштадым. "Сары,карып кетесин. Сатайлы сени да" дешип.
Бироо жарым кыз берет экен дегенди укса эле апам баштайт:" Мен дагы элге окшоп кыз узатат бекем? Мен деле кыз берип,куда куткум келет. Биз дагы небере жыттасак болот эле"-деп. Мурда тамашалап "Макул,эртен тием"-деп койчумун,азыр ал жооп да отпой калган).
Баарынан жиним келгени бугун туугандар уйго келип апама "Ынабай атат деп журо бербей бироону таап,как чокуга коюп,бергиле куйоого. Эч кимди тоготпой каякка барат,эртен ошондой балдарды да таппай Тор кары болуп калат. Кызын биринчи озун карасын кузгудон. Асмандагы ай бекен же тундо жарык чачкан жылдыз бекен?"-дегени болду.
Атам мен тарапта,качан болсо да "Озу каалаган,озун моралдык жактан даяр сезгенде,кимдир бироону чын журоктон жакшы коруп,тагдырлашым ушул адам деп келген куну берем"-деп турат.
Эми суроо: уйлонгонго чейин суйлошуп,жакшы коруп,оз макулдугунуз менен тийдиниз беле?
Ошондо канча жашта элениз? Азыр окунуу сезими жокпу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Puper-pup   27 Январь 2021 - 07:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 27 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Окт 2021 22:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:UFC

)))) бизде ушу да биринчи күйөөгө тий дейт анан ич кийимиңдин ичиндегисине чейин кийлигишмейлер башталат. 21 жаш норма,кара далы эмессин. 9-10 класстан тийип ,мектеп бүтпөй төрөп алгандарга салыштырып жатышканго. Ушу күйөөгө тийип универ окуп жыргагандарды көрө элекмин, бүтүр анан жетишесин. Акыл эсим толуп,окуумду бүткөндө тийгем, өз тандоом,каалоом менен эле. Өкүнгөн эмесмин. Артка жол жок деген мээде жазылганда. 25 ары жүрсөн кыйын болуп калат эрге тийиш)))ошону дагы байка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   27 Январь 2021 - 09:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Эч кимдин кыйноосу жок жүрө берип, 26ымда турмушка чыктым. Эсиңер болсо 22 ден кеч калбай, турмушка чыгып төрөп-төрөп алгыла демекмин. Возраст өткөн сайын көтөрүш оорураак экен..)

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 27 Январь 2021 - 09:13

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   tavanova.sarah   27 Январь 2021 - 10:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 20 Апрель 14
  • Соңку аракети: 21 Май 2021 00:58
  • Жынысы:Аялзаты

Жок азыр сонун убактын. Баары насиби мн болот. Кыжы болбойле кой. Ар кимдин созун уга бербе, болбосо ар бир созуно маани берип ойлоно бересин..
Турмушка чыккандан кийин, копчулугундо шашпайле турбапмын, адаштымбы деген ой болот. Даж суйлошуп тийгендерде дагы. Бири бирине конуп кеткенден кийин андай ойлор жоголот. Кыскасы азыркы доорун мн жыргап журо бер. Азыркы кундорун кайтып келбейт))

Билдирүүнү түзөткөн: tavanova.sarah: 27 Январь 2021 - 10:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Sary1707   27 Январь 2021 - 12:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Декабрь 20
  • Соңку аракети: 22 Май 2021 01:43

Просмотр сообщения Puper-pup (27 Январь 2021 - 07:50) жазган:

)))) бизде ушу да биринчи күйөөгө тий дейт анан ич кийимиңдин ичиндегисине чейин кийлигишмейлер башталат. 21 жаш норма,кара далы эмессин. 9-10 класстан тийип ,мектеп бүтпөй төрөп алгандарга салыштырып жатышканго. Ушу күйөөгө тийип универ окуп жыргагандарды көрө элекмин, бүтүр анан жетишесин. Акыл эсим толуп,окуумду бүткөндө тийгем, өз тандоом,каалоом менен эле. Өкүнгөн эмесмин. Артка жол жок деген мээде жазылганда. 25 ары жүрсөн кыйын болуп калат эрге тийиш)))ошону дагы байка.

Ушу салыштырууларга маани бербей койгонго аракет кылам. "Тиги классташын турмушка чыгат экен го"-десе бактылуу болсун деп,"Баланса тороптур го, болбосо сени мн Тен кыз"-дегенде баласы омурлуу болсун деп койчу элем. Кечеги айткан создор кокомо жетип Кетти да)
Ошого,озумдон кетип тема ачып,журок сыгылып аткан убагым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Diyana   27 Январь 2021 - 13:27

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 19 Февраль 18
  • Соңку аракети: 08 Сен 2024 08:42

21-22жаш норма эле, окуунду бутуп тий эмнеси болсо да. 18-19да тийип жыргап кеткендерди коро элекмин, антейин десен 25тен ашып тийсе деле... эми ал жагы бешенен. Бирок "кара далы" дегидей боло элек экенсин. Мени да эрте беришкен, ой-боюма койбой, 20га толук чыкпагам. Раматылык атам тируу болгондо бербейт эле деп, копко чейин окунгом. Азырго коп убакыт отуп билинбей кетти. Андай создорго маани бербей, кулактын сыртынан кетирип коюп, окуунду бутур биринчи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Baktyluu_bolgum_kelet   27 Январь 2021 - 14:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 687
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 09 Июн 2024 19:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:♡♡♡ОШ♡♡♡

Ай эч шашпа,сонун убагын экен.23-24норма. Окууну бүтүп,бир кесиптин ээси болуп анан тий.На всяки случай.Ни кто не застрахован
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Elya011090   28 Январь 2021 - 19:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 25 Июнь 11
  • Соңку аракети: 25 Мар 2025 16:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Мен 21жашымда чыккам эчким кыйнаган эмес оз тандоом мн чыккам. Бирок шашылбай эле 24 25жашта тийген жакшыкен)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Janna19   28 Январь 2021 - 20:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 78
  • Катталган: 06 Ноябрь 20
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:23

Ал жаш курактан эмеско дейм.Кара кыздын агынан эмес багынан деп коетко,айтып тургандай багыңан.Жогоруда айтып эле жатпайбы 18,19 да тийип жыргандарды көргөн жокмун деп.Эрте тийип жакшы жашап кеткендерди көрүп эле жатам,ошондой эле кеч турмушка чыкандарды деле көрүп жатам жыргап кетишпегенин. Мунун баары маңдайга жазылгандан болсо керек.Жаратканым түйүлдүк кезибизде эле биз канча жашайбыз,кандай жашайбыз,ким менен жашайбыз баарын жазып чечип коёот экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Sary1707   28 Январь 2021 - 21:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Декабрь 20
  • Соңку аракети: 22 Май 2021 01:43

Просмотр сообщения Janna19 (28 Январь 2021 - 20:39) жазган:

Ал жаш курактан эмеско дейм.Кара кыздын агынан эмес багынан деп коетко,айтып тургандай багыңан.Жогоруда айтып эле жатпайбы 18,19 да тийип жыргандарды көргөн жокмун деп.Эрте тийип жакшы жашап кеткендерди көрүп эле жатам,ошондой эле кеч турмушка чыкандарды деле көрүп жатам жыргап кетишпегенин. Мунун баары маңдайга жазылгандан болсо керек.Жаратканым түйүлдүк кезибизде эле биз канча жашайбыз,кандай жашайбыз,ким менен жашайбыз баарын жазып чечип коёот экен.

Туура айтасыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   brunette   30 Январь 2021 - 10:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 607
  • Катталган: 08 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 08:59

20. Автор сага айтаарым, турмушка чыгаарда абдан ойлонуп, чечим чыгараарда олуттуу кара, эч шашылба. Болочок жолдошундун бут жагынан сураштыр, караштыр, ата энесин, каякта иштейт, окуганбы, ыйманы, тарбиясы кандай, ошол окунбойсун. Анан уй булолуу кишилерден оолак бол!

Билдирүүнү түзөткөн: brunette: 30 Январь 2021 - 10:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Sary1707   30 Январь 2021 - 19:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Декабрь 20
  • Соңку аракети: 22 Май 2021 01:43

Просмотр сообщения brunette (30 Январь 2021 - 10:52) жазган:

20. Автор сага айтаарым, турмушка чыгаарда абдан ойлонуп, чечим чыгараарда олуттуу кара, эч шашылба. Болочок жолдошундун бут жагынан сураштыр, караштыр, ата энесин, каякта иштейт, окуганбы, ыйманы, тарбиясы кандай, ошол окунбойсун. Анан уй булолуу кишилерден оолак бол!

Макул,эже.
Рахмааат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Erlan_95   30 Январь 2021 - 21:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 19 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:09

Албетте сен асмандагы ай жана жылдызсын))). Эч ким сенин жеке жашооно кийлигише албайт. Мен деле 21 жаштамын. Эч ким мага куйоого тий деп айтпайт. Себеби биздин туугандардын баары турмушка кеч чыгып, кеч уйлонгон. Эгер эрье тийип алса шашпай турса болмок дешет. Азыр бугун уйлонуп эртеси эле ажырашып журушот ошентип шашып тийгендер. Так что эч ойлонбо. Мыкты болсо оздору кыздарын 8-класстан куйоого бере беришсин
Апан просто манипулятор, андай создорго эч алданба жана маани бербе
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Sary1707   30 Январь 2021 - 22:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Декабрь 20
  • Соңку аракети: 22 Май 2021 01:43

Просмотр сообщения Erlan_95 (30 Январь 2021 - 21:51) жазган:

Албетте сен асмандагы ай жана жылдызсын))). Эч ким сенин жеке жашооно кийлигише албайт. Мен деле 21 жаштамын. Эч ким мага куйоого тий деп айтпайт. Себеби биздин туугандардын баары турмушка кеч чыгып, кеч уйлонгон. Эгер эрье тийип алса шашпай турса болмок дешет. Азыр бугун уйлонуп эртеси эле ажырашып журушот ошентип шашып тийгендер. Так что эч ойлонбо. Мыкты болсо оздору кыздарын 8-класстан куйоого бере беришсин
Апан просто манипулятор, андай создорго эч алданба жана маани бербе

Хоп)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   KAPAGAT   31 Январь 2021 - 00:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 888
  • Катталган: 25 Август 16
  • Соңку аракети: 14 Апр 2024 21:26

Мен 22демин,быйыл турмушка чыгам буйруса
"Качан куйоого?" деген суроодон кадимкидей конул айланат)))Бугун эле бир айылдаш бала дагы жазды (учунчу жолу)когда замуж? деп.Эки уч айда бир кабар алып жазат ,бирок,ошол суроонун жообун алат болду жазбайт)))
Жиним келип айттым анан мне дуйнодо мен эле калыпмынбы эрге тийбеген,жадаттынго деп.Кызык азыр аялы эле эмес эркеги да ушакчы заман



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Puper-pup   01 Февраль 2021 - 10:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 27 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Окт 2021 22:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:UFC

Автор эрге тийгенде жазып кой ээ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Sary1707   01 Февраль 2021 - 19:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Декабрь 20
  • Соңку аракети: 22 Май 2021 01:43

Просмотр сообщения Puper-pup (01 Февраль 2021 - 10:11) жазган:

Автор эрге тийгенде жазып кой ээ?

Макул))
Жазгыга деп пландап алышыптыр го уйдогулор,септи баштай берели деп
Кимге тием,качан тием пока белгисиз)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   janylka   02 Февраль 2021 - 16:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 367
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 14:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:кыргызстан

Эң башкысы өзүң тандаган адам болуш керек.. Жөн гана жаш-курагым жетти тийишим керек деп "первый встречныйга" тийип албай.. Кантсе да -Турмуш бул чоң энеңдин байпагы эмес. Ал эми жүрсөң жүрө бересиң, башында эрте деп, кийин окуйм, иштеп алайын дейсиң, анан тандоо өтттө кыйын болот..почти тандагың келбей калат дэ.. ошо.. Кыскасы, бул жашоого шүгүр кылганды үйрөнүп жашасаңар, качан болбосун баары сонун болот.
Журоктор ыйманга толсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Kamchybekova.Ch   03 Февраль 2021 - 22:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 566
  • Катталган: 04 Январь 15
  • Соңку аракети: 21 Сен 2023 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош. Өзгөн

Мен 23 жашымда чыктым. Турмуштан кыйналуу ж.б болгон жок,баары жакшы,Кудайга шугур,бирок, 25терде деле чыксам болмок экен деп ойлоп калгам,анткени окууну буто элек болчумун.Бир жансыл болуп анан тийген жакшы экен деген ойду айткым келди.
Азыр деле буто элекмин 26дамын.
23-25 жаш туура эле болот окшойт деп ойлойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 21:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: