Суперстан: Отуздагы "отчетум" :) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Отуздагы "отчетум" :) Ырларымды чогултуп,тема баштадым... Балким окурмандар табылып калаар д

#21 Пользователь офлайн   Kg kyz   26 Ноябрь 2012 - 02:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 15 Июнь 09
  • Соңку аракети: 29 Янв 2015 05:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оsh

Эл шатырата кол чаап,USSR агам тердеп-тепчип ийилип таазим этип, сунслган гулдор кучагына батпай, толкунданып турган чагы тура)))))
Ушу USSRнын,Aruuнун, Kirgizshaaнын ырларын эргуу мн окуйсун го чиркин... Кайталангыс талант буларда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Таллас   26 Ноябрь 2012 - 04:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Жеке концертке курбу-курдаш, дос дегендер куттук айтып ыры менен келчү эле го? :)
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Evelet   26 Ноябрь 2012 - 06:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Просмотр сообщения Таллас (25 Ноябрь 2012 - 15:46) жазган:

Жеке концертке курбу-курдаш, дос дегендер куттук айтып ыры менен келчү эле го? :)/>

Бизге окшогон карапайымдар кара сөз менен эле келип алганбыз. Бир тал гүл көтөрүп :gul:
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   USSR   26 Ноябрь 2012 - 09:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Рахмат достор,силер бар-биз бар. Анда мен уланта бердим.


Кыштын түнү ...
Жаттым үшүп
Жүрөгүмдө будуң -чаң бүлүк түшүп ...
"Сагындым сизди кичине " деген
Жылмайып айткан бир гана сөзүң
Жаратып толкун ...сезимге дем берген ....
Түн узун ...шашпайм ...
Уйкуга кол шилтеп
Кыялымда сейилдеймин сени менен ...
Кырч -кырч ...кар шыбыры угулат
Айлана аппак ...жомоктой таза туюлат ....
"Сагындым " деген бир гана сөзүң
Үмүттүн отун өчүрбөй улап ....
Сүйүүмдү жасайм ,жаш бала сымал
Ак кардан топтоп,
Карлардан курап ....
Сен ушул кышты
Жактыраарың билемин
Бир ошол үчүн мага да бул кыш
Негедир билбейм ....
Жагып бир турат ....
Сен сүйгөн мезгил -
Сүйүүдөй аппак ,керемет убак ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   USSR   26 Ноябрь 2012 - 09:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Күз даамданган ,
Күз түспөлдөш аруу жан ...
Күн нурундай мээримиңе
Тоңгон жүрөк жылынган ....
Сары -кызыл жалбырактай шуудураган
Саамайыңдан сылабадым ,
Жыттабадым эс -мас кылган
Күз жыттанган жытыңдан .....
Жан дүйнонү мемиреткен
Керемет бир каректериң ,
Тереңине чөгүп ,чумкуп
Аралашып жок болгум келет менин ...
Күмүш шыңгыр күлкүңдү канат кылып
Учуп безип кетким келет бул
дүйнөдөн ,
Сенин оттой жалыныңа
Айтчы ,
Кимдер гана тутанып
Кимдер гана өрттөй болуп күйбөгөн ?
Арнап аруу сезимдерин
Кимдер гана сени эңсеп сүйбөгөн ?
Күлгө айланган жандүйнөмдү карап
туруп
Аргасыздан ойлор келет ...
татыймынбы мен сага ?
Мына ошого күймөнөм ....
Күз жыттанган аруу кыз
Кетпе менин дүйнөмөн ...
Сага гана татый алчу
Сүйүүнү мен үйрөнөм !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   dina   26 Ноябрь 2012 - 16:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Саптарыңыз жакшы экен. Сиз "СССР" болсоңуз да ырларыңызды окуп жатканда реп окуп жаткандай эле болдум, Ё-ё деп.Сүрөт
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   USSR   26 Ноябрь 2012 - 16:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Уялып жерди карап
Албырган эки бетин , жалжылдап каректериң ,
Жылмайып карап турсаң
Мен үчүн бул дүйнөнүн жомоктой керемети ....
Аба ырайы кандай сенин ичиңде ?
Жандүйнөңдү аңтарамын көздөрүңө тигиле .
Эчнерсе эмес ...
Карегиңди окуганды үйрөнөм !
Жылмаюуңдун ноталарын жаттаймын ...
Күлкүңдүн кайрыгына төп келчү
Сага арнап ырлар жазып баштаймын.

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 26 Ноябрь 2012 - 16:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   USSR   26 Ноябрь 2012 - 16:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыялкеч көңүлүмдү
Жароокер сенин күлкүң тушап жыкты ...
Айталбай жүдөп жүрөм
Ичиме катып улам
Жүрөктө сагынычты,ичте букту ...
Жылмаюуң эстен кетпей
Кыйкырсам үнүм жетпей ...
Мелтирейсиң
Душманга моюн сунбас бекем чептей ...
Бүт күчүм жумшап сага
Салсамбы миң бир түркүн тактикага ?
Турмуштук теорияны колдонуп практикада ?
Жашыруун ички дүйнөң
Айсбергдей көрүнбөгөн ,Арктикада ...
Сүрөтүң чиймелеймин
Эсептеп саамайыңдын ар бир талын.
Өзүмө түшүнбөймүн
А бирок ,сезип турам
Жүрөгүмдөн мойнума алам,
Жалгыз сенсин бар жыргалым ...
Арналып сага гана
Ар бир күлкүм,
Бакытымдын ар бир нуру
Түнү менен жазган сырым,ырларым ...
Мендеги жалгыз үмүт -
Жаңы гана бүчүр алган жаш көчөт ,
Суранаарым -
Бул көчөттү жаштайынан кыйбагын ...
Жашоодо бир илинчек -
Сага деген назик ,аруу ,таза жомок ,
Суранаарым
Бул жомокту үзө көрбө ,бузбагын ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Барс   26 Ноябрь 2012 - 17:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

К. Акматовдун "Архатын" окуп атып, Суперди бир айланып койгону кире калсам эле ушул ырларга туш болуп, баш көтөрбөй окуп, кеткен убактыма өкүнмөк тургай кайра ыраазы болуп, анан "туптуура бир жылдан бери ыр жазбай койдум" дегенине авторду "кыйраткан экенсиң!.. " деп жемелегим келип, бирок "бардык ырларымды жыйнап жатам" дегенине ичим жылып, дагы көп нерседен үмүттөнүп турган кезим...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   mikasa   26 Ноябрь 2012 - 17:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 05 Апрель 07
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КР

Тизилген тамгалар
Күлсө дагы,ыйласа да
Колдонулчу кашаалар...
Ар бир тамга, ар символдо
Билинбеген нашаа бар...(USSR)

Бир ыр сап курай албагангабы, же бу коро албастык кылчу белемби, деги ыр сабынан алыс элем. Негедир баш которбой окудум. Тузук окшойсун...

же нашаан бар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   adalsvards   26 Ноябрь 2012 - 18:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Просмотр сообщения mikasa (26 Ноябрь 2012 - 17:31) жазган:

же нашаан бар...


+1


Нашакорго айландык эми, бул теманы айланып-тегеренип, качан СССР байке "доза" ыргытып коёт экен деп...


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   aisel   26 Ноябрь 2012 - 18:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 331
  • Катталган: 07 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Май 2013 21:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Yakutya

Талантынызга таазим! Байлыгыныз коп экен,бизге болушуп жатканынызга абдан кубанычтабыз, калеминиздин сыясы тугонбосун!
Если у вас хватает времени лезть в мою личную жизнь,значит у вас просто нет собственной! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   USSR   26 Ноябрь 2012 - 21:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Боз мунарык ...жашоо өзү боз туман
Камырындай бул турмуштун жуурулам ....
Издер көп ...жамгыр жууган ...кар баскан
Адамдар көп ...эстен чыккан унутулган ...
Көпөлөктөй шам чыракты тегеренген
Кайсы күнү жүрөгүңө тутулгам ?
Күтөм сени ...ичимден миң түйшөлүп
Чыккым келбейт бул ырахат -туткундан ....
Ушул суукта күйөбү от ,
Сага деген сезимимден -учкундан ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Strateg   27 Ноябрь 2012 - 10:10

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эмнегедир, өзүнчөле жыргадың,
Төккүң келди, ай ааламга сырларың.
Бул нашаа мес, ичпедиң сен арак дагы,
Сен окудуң USSR ырларын.

Окуп алып, ойлор сени чырмады,
Ачылгандай, жаңы турмуш кырлары.
Мына ушундай, табышмактуу күчкө ээ,
Бул жөн гана, USSR ырлары...






```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Таллас   27 Ноябрь 2012 - 19:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Деп өзүнчө ыр саптарын курупсуң
Стратег баурым, деги не деп турусуң?
Наркомандын кайф учурун сындырган
Уруксатсыз бу жоругуң курусун! :)

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   historic   27 Ноябрь 2012 - 19:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Оо илгертен бери УССР дегендин ырларын ар жерден окуп калчу элем. Издетип убара кылбай жеке концертинизди берип атканыныз жакшы болбодубу.
Буюрса "нашаага" тоёт экенбиз:)

Анан, тез-тез жазып турасыз деген умуттомун, наркомагдарды кууратпай:)

Билдирүүнү түзөткөн: historic: 27 Ноябрь 2012 - 19:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   USSR   27 Ноябрь 2012 - 20:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бузулган жандүнүйөм
Эскилиги жедеп жетип
Кыйч-куйч эткен эшик сымал жандүйнөм ...
Келди дагы ! сүйүү деген куруучу -
Мен ошого сүйүнөм ...
Жасап берет не бир түркүн гүлдесте
Сезимдердин күйүп бүткөн күлүнөн !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   USSR   27 Ноябрь 2012 - 20:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Токточу,ойготпочу түштөрүмдөн
Ачпагын көздөрүндү, көтөрбө кирпигиңди ....
Байланып жип-аркансыз
Аруузат ушул жанга,жүрөгүм, илиндиңби?
Карап коюп кар аралаш
Маанайына эшиктин
Ачпа көзүң,тыңша мени
Шыбырымды эшиткин...
Кайда жүрдүң? Мынча күттүм ....
Эмне мынча кечиктиң ???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   USSR   27 Ноябрь 2012 - 20:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сагынган жүрөк саналуу жүрөт
Эстесем сени жаз келип жандүйнөмө
Бакытка толкуп жылмайып күлөт ...
Жылаажын коңгур үнүң
Жалжылдап каректериң -
Жашоомдо кубат берчү Ай жана Күнүм !
Жолугуп көрүшүүгө
Чайналып эрким жетпей
Кулап бир көчүп барат
Эскирген дүйнөм бүтүн ...
Сен учкан бийиктикке
Канатым күчү жетпей
Алсыздыкка моюн сунуп турам бүгүн ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   USSR   27 Ноябрь 2012 - 20:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыргыз деп соккон жүрөк
Кыргыз деп түтөп күйөт,
Ардактап ак калпакты
Кийип алып көчөдө бара жатсам,
Сөөмөй менен мага кезеп
Бир "киргизбай" шылдыңдап "жыргап" күлөт!
Ойлоду го өз ичинде-
"Тоодон түшкөн кеңкелес! "
Күл, күлө түш маскарапоз көргөнсүп
Дилин саткан сен маңкуртсуң, жарым эс!
Өкүнүчтүү! !!
Кээде туруп ызаланам, сөгүнөм
Кездемедей жан дүнүйөм- сөгүлөм,
Ниети таза ак калпагын кыргыз уулу
Жамандыкка гана кийип
Калганына өкүнөм....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 05:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: