Суперстан: Басмачылык. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Басмачылык. Сиздин оюңуз кандай?

#1 Пользователь офлайн   USSR   13 Декабрь 2012 - 02:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ХХ кылым башталышындагы кыргыздын басмачылык кыймылы. Басмачы ким болгон? Сиздин көз карашыңыз.Басмачылардан кимди билесиз? Алар жөнүндө эл оозундагы уламыштардан билген-укканыңызды жазыңыз.

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 13 Декабрь 2012 - 10:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   asanaka   13 Декабрь 2012 - 08:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 08 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 07 Май 2013 21:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:СУРГУТ, ӨЗГӨН.

Басмачылар жонундо билгин келсе Орттуу кечуу деген китепти оку.Азыркы басмачылар жонундо эч кимден сурагандын кереги жок.Себеби аларды кундо элэ корсон керек тв дан
ОЗУМДУ ОЗУМ СУЙОМ
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   USSR   13 Декабрь 2012 - 10:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Адам (13 Декабрь 2012 - 10:16) жазган:

Кыргызстандагы басмачылык кыймылы тууралуу эч маалыматым жок экен. Кыргызстандагы дегенде 1991, 31-августтан 2012, 13-декабрга чейинки убакыт биримдигин эске алып жатам. Мындай кыймыл качан, кайда түзүлүптүр, билгендер болсо маалыматтардан бөлүшкүлө.

А дегеле Совет доорунун (Ал кезде Кыргызстан эмес, Кыргыз АССРи) басмачылары жөнүндө сөз болуп жаткан болсо: аларга көз карашым оң же түз. Себеби басмачылар орустардын өз жерине келип бийлик орнотуусуна каршы болгон. Басмачылар диндар да болгон деп билем. Алар христиан динин тутунган келгиндердин өздөрүнүн үстүнөн бийлик кылуусун каалашкан эмес.

Эл оозундагы уламыштарга келсек -чоң энемдин айтуусунда- анын атасы басмачы болуп куугунтукталган экен. Атасын орустарга баш ийгиси келбеген, орус бийлигине каршы турган адам катары кеп кылчу.

ии,ошол Кыргыз АССРи басмачылары жөнүндө. :) Кыргызстан деп жүрөккө сиңип калган окшобойбу,каталык кетиптир менден.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Daud   13 Декабрь 2012 - 11:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Басмачылар" чыныгы басмачыларга каршы күрөшкөн адамдар болушкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Таллас   13 Декабрь 2012 - 11:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения asanaka (13 Декабрь 2012 - 08:22) жазган:

Басмачылар жонундо билгин келсе Орттуу кечуу деген китепти оку.Азыркы басмачылар жонундо эч кимден сурагандын кереги жок.Себеби аларды кундо элэ корсон керек тв дан


Негизи эле "Өрттүү кечүү" жана башка ушуга окшош чыгармалардын баарында басмачылар чыгарманын терс каармандары кылып сүрөттөлгөн. Анткени, ал кезде советтердин ити чөп жеп турган убак. Ал эми "Басмачы рулит" деген ураан колдоого алынмак тургай, тескерисинче четке кагылаары жана ошондой кеп үчүн адам куугунтукка алынаары анык эле. Бул, эми ошол замандын пропагандасы. Бирок, ошол пропагандага азыркы күндө ишенип албай, басмачылардын чыныгы бейнесин таанып алгандары куттуктайм!

Айтмакчы, "Өртүү кечүүнү" окуп жатып убакытты намаз убактылары менен ченегени жаккан эмес. Ал кезде (9-класс болсом керек окуп жатканда) багымдат качан, шам качан экенин такыр билчү эмесмин. :)

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   meerimka86   13 Декабрь 2012 - 12:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

Т.Касымбековдун, Т.Сыдыкбековдун чыгармасынан коп окугам басмачылар жонундо.Совет бийлиги орнотулуп жаткан мезгилде мал мулкторунон ажыраган байлар кобунчо басмачы болуп кеткен.Кедей кембагалдардан чыккан азаматтарды динсиз,каапыр деп айыпташып,алр эл арасында,биз тоо арасында журобуз деп аларга коптогон каршылыктарды коргозушкон. Эл менен бирдей,тегиз жашагысы келген эмес,кайрадан оздорунун болуштугун кайтарып алууну коздошкон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   13 Декабрь 2012 - 12:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Тарыхтан жакшы эле билчу элем бир аз билгендерими жаза кетейин(катасы болсо кошумча кылып койсонор болот)! Басмачы деп устубуздо айтып кеткендей орустардын бийлигине каршы курошкон адамдарды айтып журушот. Китептерден окуганым жана озумун тушунугум боюнча бай манаптар озунун мал мулкунон ажырап калбас учун басмачыларга да орус окмотуно да эки кыл мамиле жасап турган.Жаныбек казынын ункуру деп Кара-Шоро жайлоосунан коргонмун.Ошол жерден Жаныбек орустарга каршы курош жургузгон экен,жакынкы жылдарга чейин орустардын сооктору ошол айланада жатты кийинчерээк корунбой калды.
Жаныбек деген ким болгон?
Эсимде калганы Жаныбек кол курап Мадамин бектин кол алдына келет.Мадамин бектин максаты Туркстан крайын оз алдынча мамлекет кылуу болчу! ......
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Daud   13 Декабрь 2012 - 12:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Совет бийлиги байлардын мал-мүлкүн тартып алууга кандай акысы бар эле? Алар аны совет бийлигинен тартып алышкан эмес элего.

Ким эле тапкан байлыгын тарттырып ийип, ошого ыраазы болуп жашап калсын? Албетте кайтарып алууга аракет кылат.

Негизи ал убакта кул ээлөөчулүк заман болгон эмес. Азыркыдай эле (бардык замандарда болгондой эле) бай жана кедей адамдар болушкан. Анан бай, бай болгону үчүн эле анын малын тартып алуу туура эмес деп ойлоймун.

Кыскачы орустар бизди басып алуу үчүн келген убакта аларга каршы согушкан адамдар мына ушул "басмачылар" болушкан. А тиги биз кедейбиз деген кээ бир адамдар (баары эмес) ошол "каапыр" деген сөзгө ылайык эле иш кылышкан болушса керекта. Болбосо кайсы мусулман өз элин каапырга сатсын?!

Бул негизи орустар жана орустарга сатылган саткындар менен кыргыз патриотторунун согушу болгон. Ошол патриоттор орустардын таасири астында "басмачылар" деп аталып калышкан.

Азыр деле Америка Афганистанга террорист болуп барып авгандарды террористер деп айыптап жатпайбы. Эгер авгандар Америка басып барышса америкостордун сөзүнө ишенмекпиз. Бирок Авганистанга басып келген душманга каршы согушкан авгандар кантип террорист болушканын түшүнүү кыйын.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Strateg   13 Декабрь 2012 - 13:29

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Менин бир классташым да басмачы, азыр кайсы басмаканада иштеп журду экен билбейм, бирок мага көрсөткөн удостоверениесинде басмачы деп жүргөн.Сүрөт Басмачылардан ошону эле билем, аты Ислам.

Билдирүүнү түзөткөн: Strateg: 13 Декабрь 2012 - 13:37

```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   realliver   13 Декабрь 2012 - 13:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 958
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Sant'yago Bernabeu

Мен Дауд акеге суроо бере кетсем.
Сиз айткандай "басмачы" дегендерибиз чыныгы басмачыларга каршы курошкон адамдар деп таанысак, анда эмне учун ошолор мурун 1860-1870жылдары Орустар жаныдан басып кирип жатканда , тоо таянып алып багынбай курошушкон эмес?
Жана байлар анан кедейлер болгон, кулчулук болгон эмес деп айтыптырсыз, ошол байлар дегенибиз кимдин эсебинен байышкан?
Реал чемпиооон!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Zamira   13 Декабрь 2012 - 13:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

Просмотр сообщения Strateg (13 Декабрь 2012 - 13:29) жазган:

Менин бир классташым да басмачы, азыр кайсы басмаканада иштеп журду экен билбейм, бирок мага көрсөткөн удостоверениесинде басмачы деп жүргөн.Сүрөт Басмачылардан ошону эле билем, аты Ислам.


:rofl: Боорду эскен Борончу десе... Бираз да болсо маанай көтөрүлө түштү. :applause: Ошол басмачы "басмачы" классташыңа салам айтып кой,көрүп калсаң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Daud   13 Декабрь 2012 - 16:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения realliver (13 Декабрь 2012 - 13:52) жазган:

Мен Дауд акеге суроо бере кетсем.
1. Сиз айткандай "басмачы" дегендерибиз чыныгы басмачыларга каршы курошкон адамдар деп таанысак, анда эмне учун ошолор мурун 1860-1870жылдары Орустар жаныдан басып кирип жатканда , тоо таянып алып багынбай курошушкон эмес?

2. Жана байлар анан кедейлер болгон, кулчулук болгон эмес деп айтыптырсыз, ошол байлар дегенибиз кимдин эсебинен байышкан?


1. Ошентип эле күрөшүшкөн. Жаны басып келетканда да, кийин деле күрөшүшкөн. Анан тоо таянгандыктары алардын куралдары жакшы эмес болгондуктан, ошентип партизандык согуш кылууга туура келген. Согуша берсе, согуша берсе акыры бири жеңип, экинчиси жеңилет да. Ошентип биздин "басмачылар" акыры жеңилишкен.

2. Мен алар кимдин эсебинен байыганын билбеймин. Бирок кыргыз тарыхында кайсы бир бай башка бир кедейдин малын тартып алганын окуган эмесмин. Эгер тартып алган болсо да, аны орустар келип алганга акысы жок болчу. Бүгүн деле байларыбыз бар. Алардын кайдан акча таап жатышкандыгын билбейбиз. Эми ошолордун акчасын орустар келип тартып алышынына сиз кандай карайсыз. мисалы Путин аскер жөнөтуп, кыргыздын байларынан байлыктарын тартып алгыла десе сиз ошого ыраазы болосузбу?

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 13 Декабрь 2012 - 16:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   realliver   13 Декабрь 2012 - 16:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 958
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Sant'yago Bernabeu

Просмотр сообщения Daud (13 Декабрь 2012 - 16:26) жазган:

1. Ошентип эле күрөшүшкөн. Жаны басып келетканда да, кийин деле күрөшүшкөн. Анан тоо таянгандыктары алардын куралдары жакшы эмес болгондуктан, ошентип партизандык согуш кылууга туура келген.

2. Мен алар кимдин эсебинен байыганын билбеймин. Бирок кыргыз тарыхында кайсы бир бай башка бир кедейдин малын тартып алганын окуган эмесмин. Эгер тартып алган болсо да, аны орустар келип алганга акысы жок болчу. Бүгүн деле байларыбыз бар. Алардын кайдан акча таап жатышкандыгын билбейбиз. Эми ошолордун акчасын орустар келип тартып алышынына сиз кандай карайсыз. мисалы Путин аскер жөнөтуп, кыргыздын байларынан байлыктарын тартып алгыла десе сиз ошого ыраазы болосузбу?

Путин ошентсе албетте мен каршы чыгып, тошумду тосуп бергенге даярмын. Бирок Ленин баштаган больщевиктердин идеясы бай-манаптардын мал-мулкун тартып алуу беле? Ооба, алар бай-манаптардын байлыгынын баарын тартып алып, кембагалдардын укугун коргоп "тенчилик" заманын орнотуу болгон.

Мисалы бир байдын ээлеген жери кок шибер жайлоо, учу-кыйыры белгисиз талаалар болсо, калган карапайым калк бир коктуда тыгылышып жашашкан. Же ошол байлар бироодон ошол жерди сатып алышыптырбы?
Сиз кайсы бир бай кайсы бир кедейдин малын тартып албаганы билбесениз айтып коёюн, ошол убакта бир уруунун бийинин атасы олуп, ага 30-40 кундоп аш бергенге деп кедейлерге салык салган, бербегендерден тартып алышкан.

Жанагы орустар жаны келгенде жарытылуу бир дагы бай курошко чыккан эмес. Анткени орустар ар бир урууга "болуштуктарды" шайлап коюшуп, элдерден салык жыйнатышкан. Ошондо да байлар четте калышып, ончой кембагалдар салык толошкон. Анан больщевиктер келип, малдарын тартып алаарда басмачы болуп чыгып атышпайбы ошол байлар.
Реал чемпиооон!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Daud   13 Декабрь 2012 - 18:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Тенчилик заман курганга аракет кылышкандыктары чындык. Бирок ал баарын кедей кылуу аркылуу тенчилик кылуу эле. Б.а. кедейлердин тендиги болчу.

Тундуктогу уруу башчыларын билбейминго, бирок туштукто Кокон хандыгы салык жыйнап тургандыгы чындык. Мамлекет болгондон кийин созсуз турдо салык жыйналат. Ал мамлекеттик система. Анан кайсы бир башчы чектен чыккан болушу деле мумкун. Бирок бул биздин бузулган тарых китептериндегидей элди эзуу болгон эмес. Баары оз чеги менен болгон. Азыр деле бизде жери, уйу, малы, машинасы коп адамдар бар. Алар да тартып алышты беле?

Анан бардык эле байлар орустардын кызматтарына алданышкан эмес. Мисалы 1863-жылы Кокон хандыгынын тоболдору Жантайга кат жазып, аларга кошулуп орустарга каршы согушууга чакырышкан.

Байлардын байлыгын тартып алар убакта эле басмачы боло калышкан деген созунузго кошулбаймын. Ага чейин деле Кокон хандыгы менен орус падышалыгы арасында согуштар болуп откон. Бирок хандыктын курал жарагы жакшы болбогондуктан женилуу артынан женилууго учурашкан. Андан кийин Шуура, Алаш партиялары тузулуп, ошол аркылуу эгемендуулуко жетишуу аракеттери корулгон. Бирок кийинчерээк ал партиялардын мучолору камака алынгандан кийин басмачылар кыймылы тузулгон. Андан сырткары бул кыймылдын тузулушуно 16-жылдагы уркун да себеп болгон деп ойлоймун. Ошондо орустар кыргыздарды ит аткандай эле атып ташташкан болчу.

Басмачылар жалан байлардан турган эмес. Ар бир кор башынын миндеген адамдары болгон. Демек, карапайым калк алар тарапта болгон. Болбосо ошончо мин адам каяктан чогулмак эле. Эл оз бай-манаптарына урмат-сый менен мамиле кылгандыктан да алардын артынан ээрчишкен болушса керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   realliver   13 Декабрь 2012 - 19:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 958
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Sant'yago Bernabeu

Туура мамлекет болгондон кийин салык жыйналыш керек. Бирок ошол салык кайсыл жакка кетет? Айланып келип эле кайта озубузго келет да. Мисалы мен, жериме салык 850 сом, соц фонд 750 сом толойм жылына. Светке айына 500сом, сууга 68 сом толойм. Менин апам айына 2500сом пенсия алат. Ошондо биз мамлекетке бергенибизден коп алып жатпайбызбы. А Кокон хандыгы убагындагы салык салуу бул эзуу болчу да.

Басмачылар ончой басмачылардан турган эмес, бирок ошол корбашынын жанындагы карапайым жигиттер ошол убакта элге кошулабыз дегенде эки коздору торт болушкан. Алардын басмачы болуп журушкондугунун себептери:
1) Корбашыдан олорчо коркушкан, кынк эткенинин баштары шылк этип кыйылып турган.
2) Билимсиздик, алар эки анжы ойдо журушкон. Мумкун жаны келип жаткан заман орнобой, мурунктдай эле байлар женип алардын алдыларында калбайбызбы деген.
3)Омуру кундузу кымыз туну кыз корбогон кедейдин балдары(баары эмес). Булар бир келген мумкунчулукту колдон чыгарбай, корбашыларга жакын жигит боло калышкандар.
Реал чемпиооон!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   kaitpas   13 Декабрь 2012 - 20:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Басмачы дегенди коруп мен да билгенимди жазайын дедим.Менин да чон атамдын бир тууган акеси басмачы болгон экен.Ал омурунун акырына чейин жашырынып жургон дейт.Аларды ошол мезгилде эл душманы деп атап,талап-тоноодо айыптап камап же атууга окум кылган.Менимче басмачылар азырккы террористтер болсо керек...же кандай?
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Daud   13 Декабрь 2012 - 21:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кокон хандыгы убагында салыктын кандай турлору болгон? Мисалы кайсы нерселер учун кандай олчомдогу салыктар толонгон?

Кокон хандыгынын убагында ич ара бийлик талашуу болуп келгени белгилуу. Тез-тез которулуштор болуп, хандар алмашып турган. Бирок ошондой болсо да эл Орусия падышалыгын колдогон эмес. Буга далил такка кайсы хан келбесин алар орустарга каршы согушкан. Эгер хандыктын жазалоосунан корккон болсо Орусия тарапка деле отуп кетишсе болмок. Худояр хан бийликтен тушкондон кийин кыпчактардын кээ бирлери ошентип эле орустар тарапка отуп кетишкен.

Хандыктан же корбашыдан корккондуктары учун орустар менен согушушкан деген вариант чындыктан ото эле алыс. Себеби басмачылар орустар Кыргызстанды ээлеп буткондон кийин да согушушкан. Ал убакта хандык жоюлуп буткон эле. А басмачылардын эн акыркылары 2-дуйнолук согуштун башталышына жакын калганда гана жок кылынган. Ал убакта кор башыларда эч кандай бийлик калган эмес болчу. Б.а. алардын эч кимди коркутууга алы калган эмес болчу. Демек алардын жигиттери олумдон корккондуктары же байлык учун согушушкан эмес. Себеби аз гана топ болуп орус армиясына каршы согушуунун озу, алардын олумдон коркушпагандыгына далил болот. Ал эми бектер, бийлерде эч кандай бийлик калбагандан кийин да аларды ээрчишкендиктери алардын байлыкты коздобогондукторуно далил болот.

Демек алар чыныгы ПАТРИОТТОР болушкан!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Kerim1986   13 Декабрь 2012 - 21:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 136
  • Катталган: 20 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 20 Апр 2015 08:37
  • Жынысы:Эркек

Менин тушунугумдо Орустар басымачы болушкан орустар озунун бийлигин орнотушкан орустарга баш ийбегендерди эл душманы басмачы деп айыпташкан. Ошол убактагы басмачылар чыныгы потриот болушкан алар Кыргыз элинин дини, тил, каада-салтын сактап калыш учун орустарга баш ийбей олуп кетишкен.Орус бийлиги орногондон кийин илиндуу аалымдардын баарын атууга окум кылып калганын сургунго айдап жок кылышкан,канчалаган Курандарды ортоп салышкан.Кудай бар деген адамды жазага тартышкан намаздарын бекинип окушкан. Менин чон чон атларым Ислам илимин жакшы билген аалым болгон экен аны уйдон кармап алып барып сургунго айдап жиберген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   sestra   13 Декабрь 2012 - 22:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

менимче, басмачылар кыргыз элинин , кыргыз жеринин патриоттору болгон. аларды "басмачы" деп совет бийлиги атап койгон, алар эч кандай басмачы эмей эле мекенибиздин коргоочулары болушкан. орустар келип жерин тебелеп, элин кулдап жатышса аларды коргоп которулушкон. чыныгы кыргыз эрлери болушкан, бирок бир дагы ысым келтире алалбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   realliver   13 Декабрь 2012 - 22:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 958
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Sant'yago Bernabeu

Тун ичинде айылдарды басып кирип, элин талап, кыздарын зордуктап патриоттугун далилдешкенби анан алар? Анда ошол басмачыларды "патриоттор" дегендер, азыр орустардын курамында эмеспиз го тарыхты ондоп жазып чыкпайсынарбы?
Реал чемпиооон!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: