Реалливер дал ошол сен айтып жаткан талап-тоноо "тарыхын"
тарыхчылар коммунисттик идеологиянын камчысынын астында жазышкан деп эсептейм. Совет бийлигинин орношу оңой болгон эмес,далай кан аккан бул бийликтин түптөлүшү үчүн. Ошол эле "кызылдар"
карапайым калкты тонобогонуна ким кепилдик берет? Басмачыларга каршы күрөшүү үчүн көптөгөн аскер топтору түзүлгөн,ана ошолорду тамак-аш,кийим-
кече,курал-жарак,
минген аттары Оруссиядан келген эмес да. Ошол эле сиз менен биздин ата-бабабыз кыргыздын мал-мүлкүнүн эсебинен каржыланган.
Анан ошол кандуу,үрөй учурган аракеттерди жаап-жашыруу үчүн,өздөрүн актоо иретинде тарыхты бурмалоо зарылчылыгы келип чыккан.
Менин оюмча басмачылык-
ашык кеми жок нагыз Улуттук боштондук Кыймылы болгон. Кыргыз эли өз салты,эркиндиги үчүн эбегейсиз зор аскерге,кубаттуу күчкө каршы аттанууга аргасыз болушкан. Албетте алар азыркы тил менен айтканда чыныгы патриоттор.
Бүгүнкү күн менен салыштырып көрөлүчү. Америка же Оруссия же Кытай Кыргызстанга каптап кирди дейли. Элестетиңиз эми,аларга каршы күрөшүүнүн өзү кандай эрдик? Ал кездеги абалды алып көрсөк,замбирек,
алыска атаар мылтык менен куралданган регулярдуу аскерлерге каршы кимдер күрөшкөн? Эсептелүү мылтыгы бар,көбүндө союл,азында кылыч,кала берсе камчы менен согушка аттанган эр азаматтарга тан бербей коюуга болобу?
Басмачылык. Сиздин оюңуз кандай?
#22 13 Декабрь 2012 - 23:25
Тарыхты кайра жазып чыгуу зарылчылыгы эбак эле бышып жетилген.Ошол жылдардагы "басмачыларды"
официалдуу түрдө актап, аларга басылган кара такты,жаман атты жууп тазалоо керек. Эмне үчүн кыргызды кытайдан коргогон Манас-баатыр,
калмакка каршы аттанган Атаке-баатыр,
коконго каршы чыккан Байтик-баатыр,
немиске каршы аттанган Чолпонбайлар-
баатыр,ал эми оруска каршы аттанган Мадамин бек,Жаныбек казы,Мойдундар баатыр эмес? Ал эми муну кайра карап чыгуу үчүн саясий эрк керек. Мамлекет колго алыш керек. Атамбаев Маскөөдө "Манас этникалык россиянин"
деп дөөрүп отурса,башкалары кантип анан башка нерсени айтсын? Мындайды "кулчулук аң-сезим"
деп коет. Чыңгыз атабыз дал ушул жөнүндө энесин атып өлтүргөн Жоламанды жазып,"маңкуртчулук"
деп какшап кетпеди беле...
#23 13 Декабрь 2012 - 23:31
Тун ичинде айылдарды басып кирип, элин талап, кыздарын зордуктап патриоттугун далилдешкенби анан алар? Анда ошол басмачыларды "патриоттор"
дегендер, азыр орустардын курамында эмеспиз го тарыхты ондоп жазып чыкпайсынарбы?
Орустардын курамында эмеспизго дейсин 70-жыл Кыргыз эли кимдин курамында жашады? Биз бугунку куну Эгемендуу деген атыбыз эле болбосо чынында андай эмес эгер эгенендуу болок Америка м.н Рассиянын базасы эмне кылып турат,азыр деле биз колония Мамлекетпиз.
#24 13 Декабрь 2012 - 23:36
Орустардын курамында эмеспизго дейсин 70-жыл Кыргыз эли кимдин курамында жашады? Биз бугунку куну Эгемендуу деген атыбыз эле болбосо чынында андай эмес эгер эгенендуу болок Америка м.н Рассиянын базасы эмне кылып турат,азыр деле биз колония Мамлекетпиз.
Тарыхты кайта жазып чыкканга ошол базалар тоскоолдук кылабы?
Реал чемпиооон!!!
#25 13 Декабрь 2012 - 23:45
Менин жеке оюм, 1917-жылы чыккан басмачылар алар эч кандай "патриоттор"
эмес, алар "басмачылар"
. Алар ошончолук эле патриот болушса, тээ орустар 19-кылымда жаны кирип жатышканда эле кашык каны калганча курошушмок.
Басмачылардын озогун тузгон бай-манаптар,
качан гана оздорунун мал-мулкуно коркунуч тушкондо гана жигит чогултуп тоо таянып олтурушат. Ага чейин кедейлердин акыркы атын салыкка деп Николойдын адамдарына жетелеп барышкан ошол эле болуштар.
Реал чемпиооон!!!
#26 13 Декабрь 2012 - 23:47
Ии анан дагы кыргыздын чыныгы патриоттору оз элин туну менен талап-тоноп,
кыздарын эч качан кордобойт.
Реал чемпиооон!!!
#27 13 Декабрь 2012 - 23:55
Ошол кездеги бай-манаптар жөнүндө ойлор жазылыптыр жогоруда. Жакшы ойлор. Жаманбы-жакшыбы,
ал бай-манаптар ошол кездеги улуттун каймагы болгон. Азыркыча айтканда саясий элита. Алар эч качан кедей-кембагвлды тоноп,малын тартып алып байыган эмес. Бийлик-байлык атадан балага мурас катары өтүп келген кыргызда. Жоо чаап,жылкы тийип олжолоп келишкен көбүнчө. Бул азыркы көз карашка салганда уурулук катары кабыл алынышы мүмкүн, бирок илгерки жоокерчилик замандын ыргагында бул эрдик катары саналган. "Баланчанын баласы жылкы чаап келиптир"
деген кепти уккан карыялар "а балли, журт бакканга жарап эр азамат болгон тура" деп кадимкидей сүйүнгөн. Уруу-урукка бөлүнүп, айыл болуп жашаган. Албетте,кембагалдар уруу башчыларынын кызматыг кылышкан,бирок эч качан кул болушкан эмес. Конкретүү бир адамдын кайсы бир урукка тиешелүүлүгү анын укуктарын, бейкапар жашоосун,коомдогу статусун камсыздаган.
Азыркылар айтып жаткандай алар элди эзген эмес,алар элди бийлеген, журтту сураган. Кылымдан-кылымга өтүп келе жаткан бийлик системасы эле эмес, бул нерсе кыргыздын жашоо системасы болгон. Бул деген атанын каны аркылуу,эненин сүтү аркылуу өтүп,бешик кезинен бери ошол тарбияда өсүп,байыртан келе жаткан кыргыздын көчүн улоо болуп эсептелген.
Мисалга алайлы,Алымбек датка уулу Абдылда бекти баарыбыз тааныйбыз да. Ал эмне үчүн оруска багынган эмес? Апасы Курманжан датка элин оруска өткөрүп берсе да,эмне үчүн Абдылда оруска баш ийген эмес.Орустар тээ биринчи ирет басып келгенде эле аларга каршы аттанып,аскери кырылып түгөнсө да баш ийбей,тиги Ооганда коколой башы калып,Ата журту көзүнөн учуп, Ата журт дегенде сары ооруга кабылып жаны үзүлгөндө,жүрөгүн жарып алган Акбалбан Алайга апкелип көмбөдү беле? Абдылда бийлиги үчүн ошончо күрөш жүргүздүбү?
Бийлик үчүн сары оору болуп жаны үзүлдүбү? Жок замандаш, ал деген бийлигинен ажыраганына ынаса да,кылымдан келе жаткан кыргыз көчү бузулганына ынана албады, кыргыздын эркиндиги жоголуп баратканына макул бло албады. Мына-Мекенди сүйүү,мына өз элине күйүү!
#28 13 Декабрь 2012 - 23:58
Менин жеке оюм, 1917-жылы чыккан басмачылар алар эч кандай "патриоттор"
эмес, алар "басмачылар"
. Алар ошончолук эле патриот болушса, тээ орустар 19-кылымда жаны кирип жатышканда эле кашык каны калганча курошушмок.
Басмачылардын озогун тузгон бай-манаптар,
качан гана оздорунун мал-мулкуно коркунуч тушкондо гана жигит чогултуп тоо таянып олтурушат. Ага чейин кедейлердин акыркы атын салыкка деп Николойдын адамдарына жетелеп барышкан ошол эле болуштар.
Кап десең!
Бирок, ал убакта, тилекке каршы "машина времени" жок эле. Болбосо, 1917-жылкы 20 дан өйдөкү эркектер (согушка жарамдуу)(" басмачылар" ) "шап" этип "машина времениге" отуруп алып 19-кылымдын башына (ошондо 1800-жыл болот экен, ал эми орустардын баскыны 1858-жылдан 1876-жылдар аралыгында ишке ашкан) уруп кирип барышмак.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#29 14 Декабрь 2012 - 00:02
Ии анан дагы кыргыздын чыныгы патриоттору оз элин туну менен талап-тоноп,
кыздарын эч качан кордобойт.
Ушундай болгонун аныкпы өзү? Дагы кайталайм, бул бурмаланган маалымат. Балким саткындарды жазалашып тоношкон чыгаар. Мисалга алайлы кечээги эле Ош коогалаңын. Өзбекке кошулуп кыргызга каршы чыккан кыргызды эмне кылаар элең сен? Чачынан сылап, эч ким бетинен өппөшү турган иш. Согуш деген согуш, талап-тоноо сөзсүз болот.
#30 14 Декабрь 2012 - 00:07
Негизи,
минтип "против-за"
болуп эки жаатка бөлүнүп теманы талкуулар жаткандарды да түшүнсө болот. Анткени, адам өзүнүн окуганына, жана ошол окугандарды анализдеп, сиңиргенине жана ошол сиңген маалыматына,
башкача айтканда кругозоруна жараша талкуу жүргүзөт. Жана ошол өзү коргоп жаткан көз карашты "эң туура" деп билет. Ошону үчүн коргойт. Анан ошентип коргоп атып "басмачы"
деп да аталып калышы ыктымал 
Суранаарым, эмоцияга алдырбай, "балким, менин билгендерим талкуу жүргүзгөнгө аздык кылаттыр, дагы окуп көрүшүм керек экен" деп жазууга тырышалы.
Ал эми менин жогоруда жазып кеткеним тамаша (чындыгына жараша). Ошондуктан, клубдаш (realliver ), көп көңүлүңө алба
Жеке пикиримде басмачылар тууралуу жазылгандар кыргыз тарыхындагы улут үчүн эң оор кылмыш. Басмачылар тууралуу мен деле толтура чыгармаларды окугам. Бирок, алар, Кудайга шүгүр, менин аларга ишенип кетүүмө өбөлгө боло алышкан жок.
Суранаарым, эмоцияга алдырбай, "балким, менин билгендерим талкуу жүргүзгөнгө аздык кылаттыр, дагы окуп көрүшүм керек экен" деп жазууга тырышалы.
Ал эми менин жогоруда жазып кеткеним тамаша (чындыгына жараша). Ошондуктан, клубдаш (realliver ), көп көңүлүңө алба
Жеке пикиримде басмачылар тууралуу жазылгандар кыргыз тарыхындагы улут үчүн эң оор кылмыш. Басмачылар тууралуу мен деле толтура чыгармаларды окугам. Бирок, алар, Кудайга шүгүр, менин аларга ишенип кетүүмө өбөлгө боло алышкан жок.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#31 14 Декабрь 2012 - 00:11
#32 14 Декабрь 2012 - 00:18
Менин жеке оюм, 1917-жылы чыккан басмачылар алар эч кандай "патриоттор"
эмес, алар "басмачылар"
. Алар ошончолук эле патриот болушса, тээ орустар 19-кылымда жаны кирип жатышканда эле кашык каны калганча курошушмок.
Басмачылардын озогун тузгон бай-манаптар,
качан гана оздорунун мал-мулкуно коркунуч тушкондо гана жигит чогултуп тоо таянып олтурушат. Ага чейин кедейлердин акыркы атын салыкка деп Николойдын адамдарына жетелеп барышкан ошол эле болуштар.
Тарыхты жакшылап билип алуу керек. Анжиян көтөрүлүшү, Полот-хан баштаган газават жөнүндө кабарың барбы? 16-жылы үркүндө кыргыз оруска каршы көтөрүлүп кырылып кете жаздаганынан кабарың бардыр?
Дегинкиси орустун саясаты укмуш болгон экен. 1870-жылдары бир кырып,16-жылы бир кырып, анан басмачыларды шылтоо кылып бир кырып,анан репрессия деп бир кырып,кыргыздын баш көтөрөөр азаматын,каймагын бир калпып алган тура! Мунун баарын чогултуп келсе,геноцид эмей эмне? Ошентип бычакка саптын баарын кырып олтуруп, кыргыздын жүрөгүн өлтүрүп, "кулчулук аң-сезимди" апкелип туруп бизге кийгизип салган тура! Тигине орустар, акпашаасы менен белогвардеецтерди акташып, а берки Ленин баш болгон кызылдарды "красный террор" дешип ачык эле айтып жатышат. Мектептен окутчу,Колчак баш болгон актар дешип.Ошодо окуган маалыматтарды эстеп көрөлү да,ошол маалыматты орустун "Адмирал" деген тасмасы менен салыштырып көрөлү. Совет убагында "каракчы, эл душманы,канчалаган бейкүнөө элди кырып" ийген адмирал Колчак азыркы тасмада улуттун баатыры,патриоту катары сүрөттөлөт. Орустар мойунга алып жатса да, биз моюнга ала албай жатканыбызга түк түшүнбөйм.
#33 14 Декабрь 2012 - 01:34
Басмачылар кыймылы 1917-жылы пайда болгону менен орустарга каршы согуш 1860-ж. керек болсо андан да эртерээк башталган. Анан басмачы деген атка жабышып алган туура эмес ко. Себеби ошол эле басмачылар андан 40 жыл мурдада согушуп келишкен. Болгону ал убакта кыргыздар массалык турдо каршылык корсотушкондуктон улам, аларды басмачы деп айтууга болбойт эле. Себеби анда кыргыздын дээрлик баарын басмачы деп айтыш керек болот эле. А 17-жылдан кийин алар майда топторго айланып калышкандыктан аларды басмачылар деп атап салышты. Азыркыдай эле саясат. Америка Ирак армиясы менен согушуп аларды женгенден кийин майда партизандык топторду террористер деп атап койду.
Балким кайсы бир басмачылар тундо кайсы бир айылга бастырып баргандыр. Бирок эмнеге деген суроо туулат. Балким, балким ошол жердин эли оз жерин, динин орустарга сатышкандыктары учун ошентип жазалашкандыр. Бирок андай болгону али аны эмес.
Бирок орустардын кыргыздарды кырганы тарых канча бурмаланса да жашырып болбой турган чындык. Орустар бир айылдын элин эч кимди карап отурбай кыргандыктары да чындык.
Тарыхты ондоп жазчуу тарыхчыларыбызда чыгып калаар бир куну. А азыркылар болсо сырттан келген акчаларды алышып алып, тениризм менен эле алектенишип калды.

#34 14 Декабрь 2012 - 01:40
Кыргыздардын Орусияга менен болгон алгачкы согушунан баштап, басмачылардын акыркыларынын жылдарын эсептесек кыргыздар жарым кылымдан ашуун орустар менен согушушуптур.
Муну эрдик десе болот!
#35 14 Декабрь 2012 - 01:47
Анан жанагы Прежевалский,
Семенов Тяньшанский ж.б. биз окмуштуулар деп окуган адамдарыбыз разведчиктер болушкан. Буга далил алардын баары военный адамдар болушкан.
#36 14 Декабрь 2012 - 01:53
Анан жанагы Прежевалский,
ж.б. биз окмуштуулар деп окуган адамдарыбыз разведчиктер болушкан. Буга далил алардын баары военный адамдар болушкан.
Кайдан антип айтыш,дале орустардын этегине намаз окуп келебиз. 70 жылда ушунчалык өзгөргөнүбүздү ушундан билиң,кечээги эле баатырларыбызды жээрип, дагеле кыргыз өз баркыбызды өзүбүз тебелеп жүрөбүз.
#37 14 Декабрь 2012 - 11:25
Тун ичинде айылдарды басып кирип, элин талап, кыздарын зордуктап патриоттугун далилдешкенби анан алар? Анда ошол басмачыларды "патриоттор"
дегендер, азыр орустардын курамында эмеспиз го тарыхты ондоп жазып чыкпайсынарбы?
Во туура айтасын!Бу жанагы Каныбекти окуганда эле ошо басмачылардан тунулгом.Ошондогу басмачыларды алып карасак нак эле аты айтып тургандай айылдагы адамдардын мал салын басып тартып алышкан.Аа эгер ошончо эле патриот экен жанагы башчылары озулору каржылабайбы? Жок!Алар анткен эмес.Алар бай болушкан.Советке каршы чыгып ислам олкосун курабыз дешкени менен анын ары жагы будомук болгон.Дагы патриот болушкан имиш.Билбейм башка мамлекеттердин басмачылары патриот болсо болгондур бирак биздин 1917-жылдагы басмачылар элди талап тоноп кордук корсотушуп кызылдарга каршы чыккан.
Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
Кайран омур эскирер
#38 14 Декабрь 2012 - 11:28
Во туура айтасын!Бу жанагы Каныбекти окуганда эле ошо басмачылардан тунулгом.Ошондогу басмачыларды алып карасак нак эле аты айтып тургандай айылдагы адамдардын мал салын басып тартып алышкан.Аа эгер ошончо эле патриот экен жанагы башчылары озулору каржылабайбы?
Жок!Алар анткен эмес.Алар бай болушкан.Советке каршы чыгып ислам олкосун курабыз дешкени менен анын ары жагы будомук болгон.Дагы патриот болушкан имиш.Билбейм башка мамлекеттердин басмачылары патриот болсо болгондур бирак биздин 1917-жылдагы басмачылар элди талап тоноп кордук корсотушуп кызылдарга каршы чыккан.
А сенин оюңча кызылдар ким болгон?
#39 14 Декабрь 2012 - 11:33
Во туура айтасын!Бу жанагы Каныбекти окуганда эле ошо басмачылардан тунулгом.Ошондогу басмачыларды алып карасак нак эле аты айтып тургандай айылдагы адамдардын мал салын басып тартып алышкан.Аа эгер ошончо эле патриот экен жанагы башчылары озулору каржылабайбы?
Жок!Алар анткен эмес.Алар бай болушкан.Советке каршы чыгып ислам олкосун курабыз дешкени менен анын ары жагы будомук болгон.Дагы патриот болушкан имиш.Билбейм башка мамлекеттердин басмачылары патриот болсо болгондур бирак биздин 1917-жылдагы басмачылар элди талап тоноп кордук корсотушуп кызылдарга каршы чыккан.
Билсен эгер ошол басмачылар айласыз ошол кадамдарга барышкан! Алар тоо ташка жашынып ачка журмок беле ? Кээ бир акылдуулар басмачылардын атын жамынып алып талап тоноолорду жургузушкон! Туура айтасын уюштурган б.а. бул нерсенин башында турган адамдар жардам бербейби депсин , алар жардам беришкен курал жарак жактан , тамак аш откоруп турганга ошол мезгилдеги чек араны кайтарган орус аскерлеринин тоскоолдугу болгон!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#40 14 Декабрь 2012 - 12:12
"Улама"
, "Шуро-и-Ислам"
, "Алаш",
"Туран " эсимде калгандары ушулар экен, бул партиялар бири биринен эмнеси менен айырмаланышчу?
Биз билген басмачылар же , патриоттор кайсы партиянын курамында эмнелерди жасашкан?
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия