Суперстан: Өздүк чыгармалар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Өздүк чыгармалар Өзүңөрдүн чыгармаңар болсо бул жерге жазгыла.

#81 Пользователь офлайн   Uulkan2288   18 Январь 2014 - 23:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 21 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 08:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апакемдин журогу

Тун баламды эң алгач тапканымда!
Кадам койуп, эң алгач басканыңда.
Мен өзүмдү бактылуу эне дедим,
Жыйган үйүм, талкалап чачканыңда.

Кудай берип, мени сага белекке.
Сен төрөлүп, үйгө толду береке.
Аманатым, эл уулу бол чоңойуп,
Мекен үчүн жарап тургун керекке.

Арча бешик болуп сенин төшөгүң.
Алдыңа мен бүт байлыгым төшөдүм.
Айланайын балам кокус оорусаң,
Аңтарылат күйүп ичтен өзөгүм.

Кел, олтурчу айтайын бир акылды.
Дилиң таза болсун уулум, макулбу?
Калыс болсун ар бир ишиң адалдуу,
Кемсинтпегин кедейсиң деп, жакырды.

Ишеничим акта балам, актагын.
Апакеңдин өтүнүчү акыр бу...

Уулкан АМИРАЕВА.

Билдирүүнү түзөткөн: Uulkan2288: 18 Январь 2014 - 23:58

Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Ello   10 Август 2014 - 19:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 27 Июнь 13
  • Соңку аракети: 06 Сен 2014 02:55
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aminali (26 Ноябрь 2013 - 14:12) жазган:

<br>Ulansysy barby?Jakwy eken <img src="http://www. super.kg/superstan/public/ style_emoticons/default/ 29.gif"><br>
<br>< br><br>Бар уландысы. Бул жашоодо болуп жаткан окуя болгондуктан азыр Накунун башынан коп нерселер отуп жатат, ал дагы бир бактылуу коз ирмемди туйганда улантып жазып короюн деп ойлоп жатам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Birinchi   16 Ноябрь 2015 - 06:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Окшошбосо деле жазып таштайынчы, бекер олтурганда бекер соз. :)

Сагыныч.


Жашоо бул бизге берилген сыноо, ошол сыноону ар ким ар кандай откозот бири конулдуу, бири кайгылуу. Ошондой, сыноого кабылгандарга арналмакчы. :) Бул менин оюмдан кана чыгарылган чыгарма болмокчу, аттарын да ойдон чыгармакчымын.

Адаттагы кундордун бири эле, Айбектин чет элге барып иштейм дегенде эки козу торт эле. Ал жалгыз уул ата-энеси да бардар жашоодо жашайт, карындашы жана иниси бар алар али кичинекей. Айбек быйыл 11-класс,мектепти бутоорум менен эле чет элге кетем деген ойлору бар. Ал жакта эле ага бышырып койгонсуп ото эле ашыкча кыялдарга батып алган. Анын кошунасы Асан 9-классты, бутоору менен Россияда иштеп ата-энесине акча салып турчу. Ошол бир куну Айбек менен суйлошуп иш таап койгонун айтты.
Окуу жылы аяктаарына 2-ай калган. Досуна айтты 2-айдан кийин барам деп ал макул болду. Ата-энеси биле элек эле алар уулубуз окууну бутсо, жогорку окуу жайга тапшырабыз деп жургон. Айбек окуудан келеер маалы болуп калган апасы чай коюп даярдап журот, атасы эшикте оз жумушун кылып журот. Окуудан келди да, ата-энесин кенешууго чакырды анан соз баштады чай ичеер алдында. Мынтип;

Уландысы бар:)


17.10.2015

Билдирүүнү түзөткөн: Birinchi: 16 Ноябрь 2015 - 07:18

Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Birinchi   16 Ноябрь 2015 - 10:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Ата,апа мен жакында Россияга барам билетке жана жолго акча керек деди. Аны укканда, ата-энеси чочуп кетти мындайды кутбогон алар балам Жогорку окуу жайга эле оку, ал жакта сага эмне бар? Акча бар баары жетиштуу эле го бизде деп. Уулуна тушундурууго аракет кылды бирок анысынан майнап чыккан жок. Ата-энеси, жакшы айтты жаман айтты болбоду. Акыры макул болушту да баласына жини келишип макул анда деп "Финка" - алып бермей болушту.
Арадан кундор отуп атты Айбектин кубанычында чек жок, эртереек окууну бутуп эле Россия кетишке шашып калды. Антип-мынткиче, арадан 1-ай жыйырма кун отуп кетти. Ал арада да ата-энеси, жон олтурбай балам Жогорку окуу жайга эле, окуп ал. Ал жакта сага орустар бекер акча бербейт андан коро, оз эл жеринде эле, окуп иште деп корушту. Кежир уулу ага ынаар беле кетем деп катуу киришип алган. Кетеерге он кун калды, атасы менен Айбек шаарга барып он кундон кийинкиге билет сатып алышты.
Ал куну шаарды айланышты кечиреек уйуно кайтышты...

Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   s9zen098   16 Ноябрь 2015 - 15:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

"Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" болуп мен да жазып койо берейинчи.



Жаздын мелүүн соккон жели кундуздай кара чачтарын ары бери уйпалап, мандайын жаап калып жатканына да көнүл бурбай телмирип отурган айымды ары бери өткөндөрдүн баары бир карап койуп, өз жолун улантып кетип жатышат. Жаш келин өзүн таңыркоо менен карап жаткан элди эмес, жанына келип, муңайым көздөрү менен жалооруй тиктеп түрган жигитти да байкабады. Көзүнөн куйулган жашын сүрткөнгө жарабай, өзүн кайсы жерде экенин да унуткандай. Бир топто гана мурдуна келе калган тааныш жыттан селт эте башын көтөрө калып, көргөн көзүнө ишенбегендей селейип калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   s9zen098   16 Ноябрь 2015 - 16:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бир көз ирмемдик бул убакытта анын башына эмнелер гана келип кеткен жок. Анан эле жин тийген немедей тура калып туш келди чуркап жөнөдү. Артындагы жигиттин -Айым, токтой тур! Токтой турсан. Аркасынан түшкөн жигит элеңдеп, аркасынан кубалап, токтотууга аракет кылып кыйкырып да бара жатат. Айымдын болсо токтой турган ойу жок. Көзүн тунартып келе калган жашын сүртүп, маңдайына түшө калган чачын артка тарай дагы деле чуркап бара жатат. Кайда баратканын, кайсыл жерде экенин ойлонууга да чамасы келбегендей. Бир билгени беш жыл мурун өлгөн Амандын маңдайында жалдырай тиктеп турганын көргөндө бакырып ийе жаздап эси оой отуруп калганы. Кантип эле? Ал өлгөн да? Көп ойлонгонго көзүмө көрүндүбү?" ушул сыяктуу ойлордон башы айланып адамдарды түртө өтүп, алардын нааразы боло сүйлөнгөндөрүн укпагандай кете берди. Качан гана машинанын каттуу сигналынан чоочуй, кайсы жерде экенин баамдагынча бир нерсеге башы каттуу бир тийди да айлананын баары караңгылыкка сиңип кетти.

Билдирүүнү түзөткөн: s9zen098: 16 Ноябрь 2015 - 16:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Birinchi   16 Ноябрь 2015 - 20:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Уландысы..

Уйуно келишти кечки тамакты ичип жатышты, эртеси Айбектин экзамени бар эле ага барды. Ошнентип арадан кундор ото баштады, антып-мынткиче 9-кун отуп кетти. Айбек дос балдар, классташтарын чакырып чакан кече уяштурду. Алар баары Айбекке жакшы, каалоо-тилектерин айтышты ошентип кечее бутту эртеси жономок эле тан аткыча ойношту. Эртеси атасы, апасы болуп шаарга кетишти саат 11-00,болуп калды Айбек 13-00,до учуш керек эле. Базар кыдырышып 12-00,дордо А"эропортко" барышты. Ошентип коштошуп ата-энеси менен жоноп кетти. Телевизордон кана коргон самалеттун ичинде кетип атканда, Айбекте башкача сезимдер болуп атты.
Ох керемет деп ичинен суйунуп алды, бараарым менен бир зангыраган имараттын ичинде иштесем деген кыялдар менен бара жатты. Ошентип, самалеттун ичинде уктап кетиптир. Бир кезде летчик жерге конууга даярдангыла! Дегенде, уйкусунан ойгонуп кетти...

Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Birinchi   10 Декабрь 2015 - 09:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Турду да,ал жак бери жагындагы элдерди караса баары эле тушуп кетип атышат.Аларга кошулуп самлеттон тушуп бара жатты.Аеропорттун жанынан зангыраган имараттар,чон МКАТ жол,ары-бери шашып кетип аткан адамдар булардын баары Айбекке оон учурады.Анан Аеропорттон чыкканда досу Асан бироонун машинеси менен келип тосуп алды.
Экоо учурашып аны-муну,айылдагы жашоону,Ата- энесин сурашып МКАТ жолу менен зуулдаган бойдон жоноп Асан,жашаган жерге жоношту.Бир канча жол жургондон кийин Асан жашаган жерге да келишти.Ал стройкада уй куруучу болуп иштейт эле.Айбектин ойлогон оюнун баары талаага кетти озу кыялдан имаратка эмес,бир буто элек уйдо жашаарын билгенде,озунчо жаман болуп атты.
Ал жашай турган жер 10-этаж домдун 5-чи этажы экен,ичинде шарттары жок болсо да Кыкендер озунчо шарт тузуп алышкан.Свет бар ,которгондору кымбат баалуу телефон.Бирок, баарынын козунон мекенге болгон кусалык корунуп турду.Аларды коргон Айбек тан калды жакшы эле жашоодо жашашат экен анан эмнеге мекенин сагынат эле деп.Эки жака чыкбаган бала ушу да алар уй-було,тууган- уругун сагынганын эми эне суту оозунан кете элек,окууну жаны эле буткон бала кайдан билмек эле?
Ошентип келген кундун эртеси эле жумушка чыкмай болду...


Уландысы бар...
Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   e-vawa   24 Декабрь 2015 - 23:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 02 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 23 Фев 2016 02:43
  • Жынысы:Эркек

Сага.

Жыйнай албай мен кичине оюмду,
Бузайын деп жиним келди тоюнду.
Бирок,тагдырдын мандайга жазганы экен,
Таштаймын деп ойлоп журдум боюмду.

Бирок,кордум кызык бир оюнду,
Корбой калдым сенин укмуш тоюнду.
Бошоттум да кете бердим алга карай,
Мындан ары туптогон оз жолунду.

Туптодун балалуу да болупсун,
Жашоонун суугуна да тонупсун.
Карап корсом агенттеги суротунду,
Бир жигитти суротун сен коюпсун.

Бактылуу,бол! Ошол сага тилегим,
Окшош тагдыр кутуп турат билемин.
Мындан аркы тилектерин аткарылып,
Жакшы жашоо жашайт деп мен келемин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   e-vawa   25 Декабрь 2015 - 00:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 02 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 23 Фев 2016 02:43
  • Жынысы:Эркек

Улут болуп болунбо!

Эй мусулман бери келчи бир тууганым,
Чакырайын ынтымакка жети жубанын.
Кыргыз,озбек, казак болуп болунбой,
Жаттай берчи Аллахтын сен куранын.

Качан сага бир туугандар болунчу эле?
Олуктор кордо башка-башка корунчу эле.
Ошондо,деле биз жетебиз болунгону,
Бизди болгон бузукулар конулчу эле.

Бирин,туртуп тозок жака жолдорун,
Байлатып коет жаман жака колдорун.
Жаман иш менен алектенген адамдар,
Журот анан бул дуйнодо кулуп коюп!

Бир кун келип бир адамды сабатат,
Таяк жеген,беркиге оч болуп баратат.
Ынтымакты бузган адам суйунуп,
Кулуп коюп жол жеегинде баратат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   e-vawa   26 Декабрь 2015 - 01:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 02 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 23 Фев 2016 02:43
  • Жынысы:Эркек

Жер титироо...

Жаттым эле бир ун чыкты курулдой,
Мындай кезде жашоодон кое албайсын тунулбой.
Элдерди мен карасам,жузу жок оз жузундой,
Ошонтсе да кобу журот,Кудайдан умут узуп ой.

Кее бироолор жолдо журот,
Ушусо да когоруп.
Кее бирлери уйун жыйды,
Ат эшекке оноруп.
Бир наристе жатат эле,
Бешикке эми болонуп.

Ыйлап атат боздоп-боздоп,
Ата-энеден кабар жок.
Ал наристе кайдан билсин,
Бул дуйнодо эми алар жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   e-vawa   27 Декабрь 2015 - 00:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 02 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 23 Фев 2016 02:43
  • Жынысы:Эркек

Майра Керим кызы
(Мага жар керек)дегендин обонуна саласынар.

Мага жааар керек,
Аракты ичбей турган.
Адалдап иштеп турган,
Ашыкча соз суйлосом.
Атайылап тийишбей турган.

Мага жар керек!
Акылы бийик турган.
Баарысын билип турган,
Жакшы соз угуп калса,
Кулакка илип турган.

Мага жар керек!
Иштеген куну менен,
Ичи да болсун кенен.
Ийгилик каалап мага,
Иштесем туну менен.

Мага жар керек!
Жайкалган тору кенен,
Жакшына ону менен.
Жайкалган жайнамазга,
Намазды оку деген.

Мага жар керек!
Жашоодо кыйнабаган,
Жашынып ыйлабаган.
Жокчулук болсо эгер,
Жакшы да,сыйла анан.

Мага жар керек!
Оронгон жузу менен,
Ойлонбон туну менен.
Жон эле жазып койдум,
Илхамдын уну менен.)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   osh93   29 Декабрь 2015 - 09:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ооруп калганда...


Ооруп калсан денен кетет муз болуп,
Убакыт отбойт бир мунотун жуз болуп.
Ушуп,тонуп зоорго денен которосун,
Токсон кабат кийинсен да "Гуп" болуп.

Алсыз болуп мурдагыдай алын жок,
Кулуп коет дагы жыргап ары жок.
Тошок салып кенендешип жайгашып,
Турайын десен турганга да шайын жок.

Басылып дене сакайганда кичинен,
Жакшы адам болом деп ойлоп коет ичинен.
Сакайганда жолугуп калсан ал адамга,
Айырма жок баягы адам кишиден.

Оору басып кее кундору ыйлаган,
Унутту баарын денесин да кыйнаган.
Ары-басып,бери- басып жыргап журот,
Ар ишти кылды акылга ал сыйбаган.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   burma92   29 Декабрь 2015 - 14:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 216
  • Катталган: 20 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 11 Авг 2025 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения Birinchi (10 Декабрь 2015 - 09:40) жазган:

Турду да,ал жак бери жагындагы элдерди караса баары эле тушуп кетип атышат.Аларга кошулуп самлеттон тушуп бара жатты.Аеропорттун жанынан зангыраган имараттар,чон МКАТ жол,ары-бери шашып кетип аткан адамдар булардын баары Айбекке оон учурады.Анан Аеропорттон чыкканда досу Асан бироонун машинеси менен келип тосуп алды.
Экоо учурашып аны-муну,айылдагы жашоону,Ата- энесин сурашып МКАТ жолу менен зуулдаган бойдон жоноп Асан,жашаган жерге жоношту.Бир канча жол жургондон кийин Асан жашаган жерге да келишти.Ал стройкада уй куруучу болуп иштейт эле.Айбектин ойлогон оюнун баары талаага кетти озу кыялдан имаратка эмес,бир буто элек уйдо жашаарын билгенде,озунчо жаман болуп атты.
Ал жашай турган жер 10-этаж домдун 5-чи этажы экен,ичинде шарттары жок болсо да Кыкендер озунчо шарт тузуп алышкан.Свет бар ,которгондору кымбат баалуу телефон.Бирок, баарынын козунон мекенге болгон кусалык корунуп турду.Аларды коргон Айбек тан калды жакшы эле жашоодо жашашат экен анан эмнеге мекенин сагынат эле деп.Эки жака чыкбаган бала ушу да алар уй-було,тууган- уругун сагынганын эми эне суту оозунан кете элек,окууну жаны эле буткон бала кайдан билмек эле?
Ошентип келген кундун эртеси эле жумушка чыкмай болду...


Уландысы бар...

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   mega777   29 Декабрь 2015 - 14:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Birinchi ,бул темага толук жазылып бүткөн баянды гана илиңиз.Себеби бул темага жалгыз сиз жазбайсыз.Жогорудагыдай башаламандык жаралат.
Жана башкаларга да тиешелүү.

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 29 Декабрь 2015 - 14:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Birinchi   06 Январь 2016 - 03:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Просмотр сообщения Birinchi (10 Декабрь 2015 - 09:40) жазган:

Турду да,ал жак бери жагындагы элдерди караса баары эле тушуп кетип атышат.Аларга кошулуп самлеттон тушуп бара жатты.Аеропорттун жанынан зангыраган имараттар,чон МКАТ жол,ары-бери шашып кетип аткан адамдар булардын баары Айбекке оон учурады.Анан Аеропорттон чыкканда досу Асан бироонун машинеси менен келип тосуп алды.
Экоо учурашып аны-муну,айылдагы жашоону,Ата- энесин сурашып МКАТ жолу менен зуулдаган бойдон жоноп Асан,жашаган жерге жоношту.Бир канча жол жургондон кийин Асан жашаган жерге да келишти.Ал стройкада уй куруучу болуп иштейт эле.Айбектин ойлогон оюнун баары талаага кетти озу кыялдан имаратка эмес,бир буто элек уйдо жашаарын билгенде,озунчо жаман болуп атты.
Ал жашай турган жер 10-этаж домдун 5-чи этажы экен,ичинде шарттары жок болсо да Кыкендер озунчо шарт тузуп алышкан.Свет бар ,которгондору кымбат баалуу телефон.Бирок, баарынын козунон мекенге болгон кусалык корунуп турду.Аларды коргон Айбек тан калды жакшы эле жашоодо жашашат экен анан эмнеге мекенин сагынат эле деп.Эки жака чыкбаган бала ушу да алар уй-було,тууган- уругун сагынганын эми эне суту оозунан кете элек,окууну жаны эле буткон бала кайдан билмек эле?
Ошентип келген кундун эртеси эле жумушка чыкмай болду...


Уландысы бар...

Ал куну квартирадагы адамдар менен бир сыйра устуртон эле таанышты,озу тендуу 3-4,жигит бар экен калгандары ар кандай курактагы адамдар экен.Ошентип бака-шака,Кыргызстандагы элдерди сурашып баары чарчаганда оз жайына жата башташты.Айбек да,досунун жанына жатты болгону туурасы 1-метрче жер тийди.
Баары уйкуга кетсе да,эмнегедир Айбекте уйку жок тун бир оокумга чейин уктабай жатып,бир кезде уйкуга кетти.Эрте менен расса сонун уктап атканда,муздак суу бетине тийгенде ойгонуп кетти.Уйкусу ачыла эмне болуп кетти! Деди,Досу Асан,тур кеттик тамагынды ич! Ансыз да,кечигип жатабыз деп.Суу колун анын бетине карай дагы бир ирет тийгизди.
Турду да экоо чай ичип дароо эле шашыла жумушка жоноду,жашаган жерден жумушуна 15-20,муноттук жол экен.Барып эле дароо формасын алмаштырып жумушка киришти,Айбектин формасы жок болгонуна байланыштуу ал куну анча иштебеди.Иштеген жери стройка экен,жаштар чондорго раствор ташып иштешет экен,чондор болсо шыбак кылып,раствор даярдап берет экен.Кечке досу Айбекке иштин жагдайын,эмне иш кылаарын тааныштырып журду....
Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Uulkan2288   03 Февраль 2016 - 11:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 21 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 08:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апакемдин журогу

ДУДУК СҮЙҮҮ
Эл катары жогорку окуу жайда окуп, карапайым студенттин бириндей автобус менен окууга жетчүмүн. Адаттагыдай эрте менен автобуста бош орун жок, тике туруп окууга баратып, кокустан унаанын тормозу катуу басылганда, автобустун ичиндеги эл бир силкинип алды да, турган жеримден учуп кетип, бир жигиттин кучагына барып такалдым. Көздөр чагылган сыяктуу чартылдап жанып, каректер бир-бирине кадала түштү. Көзүндө мээрим толгон, жүзүнөн нур чачыраган жигитти биринчи жолу көрүшүм. Бир топко барып, чоочун адамдын кучагында оролуп турганымды сезип, булкуна бошонуп баратканымда, ого бетер ийинимден тарта, колумду катуу кармап алды. Эч кимге колумду карматпаган жаным, эмнегедир бул ирет каршылык көрсөтпөдүм. Экөөбүз эски тааныштардай жетелешкен бойдон, үнсүз бараттык. Көздөр гана сүйлөшүп, каректер гана жооп берип жатты. Качан гана айдоочу " түшпөйсүңөрбү, акыргы аялдамага келдик, мындан ары автобус кетпейт " - дегенде гана, эгиз козудай ээрчинишип эшикке чыктык. Кайсыл тарапка келип калганыбызды билбейм, бирок мен анын этегенде ээрчип бараттым. Ошол күнү күн бою шаар айланып, эч бир сөзсүз, эч бир үн катпай жөө саякат кылдык. Кызыгы, ал дагы, мен дагы сөз баштап, таанышууга аракет кылбадык. Анткени, биз ушул турпатыбызда бактылуу элек, үнсүз эле баарын билип-түшүнүп тургандайбыз. Күүгүм тартып калганда гана, үйгө кетүүм керек экенин айттым. Бул менин биринчи сөзүм болду. Папкасынан бир актай барак менен калем алып чыкты да, бир нерселерди жазып жатты. Кыялымда, мага кол телефонунун номерин жазып жатат окшойт деп ойлодум. Кагазды колума карматып, суроолуу тиктеп турду. Ал кагазда : - Мүмкүн болсо, кол телефонуңуздун номерин жазып бересизби? " - деген жазууну окудум. Ошондо гана мен анын дудук экенин түшүндүм. Кагазга жазайын деп жатсам, кулагым угат, сүйлөй бер дегендей ишаарат кылды. Номеримди ооз эки айттым, ал кол телефонуна жазып алды да, мен сага кабарлашам деген мааниде коштошуп кете бердик. Баардык тарабы төп келишкен, бой десе бою, өң десе өңү бар сулууча келген жигиттин сүйлөй албаганына боорум ооруду, аяп да кеттим. Бир кем дүйнө дегени ушул болсо керек.. Эч канча узабай туруп, билдирүү келди.
- " Атыңыз ким сулуу кыз? Менин атым Максат. Айып этпесеңиз, сизге кат жазып турайын, эгер дудук экеним үчүн сүйлөшкүңүз келбесе, мен туура түшүнөм. " - деп жазыптыр. Мен да дароо эле ойлонбой туруп жооп жибердим. Ошол күндөн тарта биз смс аркылуу сүйлөшө баштадык. Кадимкидей ортобузда сүйүү тутанып, жалындаган махабатка балкып турдук. Анын сүйлөй албас кемчилиги менин көзүмө көрүнчү эмес. Экөөбүз жолукканда ал мени укканды сүйчү. Мен ар нерсени айтып, кээде ырдап, экөөбүз үчүн сүйлөчүмүн. Ал болсо айтчу сөзүн кагазга жазчу. Сүйүүнүн кереметин кара, аны менен кеңири, тоскоолдуксуз, ыңгайлуу сүйлөшүү үчүн, дудктар окуучу курска жазылып, кол менен сүйлөшкөндү үйрөндүм. Эми биз кеңири, кагаз-калемсиз эле манжалардын жардамы менен сүйлөшүп калдык. Биздин сүйүүгө кээ бирөөлөр суктанса, кээ бирөөлөргө өөн учурап, мени мыскылдуу көздөрү менен караган учурлар далай болду. А бизге эч ким туруштук бере алчу эмес, биз эч кимди көзгө да илчү эмеспиз. Анткени, биз өзгөчө бир керемет ааламда жүрчүбүз. Биздин үйлөнүшүбүзгө менин ата-энем алгач каршы чыгышты. " Турмушту билбейсиң кызым. Бул сүйүүңөр бир күн келип өчөт, ошондо жолдошуң менен сүйлөшкүң келет, анын бир ооз жылуу сөзүн угууну самайсың, бул жашоо жаныңа да батат. Башкаларды көрүп суктанасың, анан өкүнө баштаганыңда баары кеч болот. Тең теңи менен болгону дурус " - деп, ата-энем, тууган-туушкандардын айтканына карабай, " мен баарына чыдайм,баарына даярмын " - деген ураан менен көгөрүп туруп алдым. Анткени, мага Максаттан башка эч ким керек эмес болчу. Акыры тартышып олтуруп, ата-энем Максатка узатууга ыраазы болушту. Эл катары заманбап той менен келин болуп, ата үйүмдөн узап кеттим. Үйлөнгөндөн кийин биздин сүйүү ого бетер күч алды. Дагы да бекемделди. Жыл айланып, балалуу болдук. Балабыз да сүйлөбөй калсачы деген шекшинүүлөр бири-бирибизге ачык айталбасак да, ичибизден ушул ой кемирип турчу. Бирок, кудайга шүгүр, балдарыбыздын баары дени сак, тилден куру болушпады. Ушул жыл ичинде бир-бирибизге каттуу сүйлөп, бир-бирибиздин дилибизди оорутпадык. Сый-урматыбыз кечээ таанышкан сыяктуу бузулган жок. Менин сөзүм, экөөбүзгө тең жетти, балким, чыныгы сүйүү түбөлүктүү болуш үчүн, эки адамдын бирөөсү дудук болуш керек беле деген ойлорго да кээде жетеленип кетем. Чыныгы сүйүүгө сөздүн кереги деле жок экен. Көздөрүбүз менен гана сүйлөшүп, дилибиз менен эле баарын угуп, сүйлөп койчубуз. Балким, сөздөр тоскоолдук кылаар беле? Дудук адамды сүйүп, аны менен бир өмүрүмдү өткөргөнү эч качан өкүнбөйм. Анткени мен, тили бүтүн, жалган сөзү бар адамдарга караганда, акыйкат бактылуумун. .
, У АМИРАЕВА.
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Birinchi   05 Февраль 2016 - 00:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Мен киммин?

Мен киммин? Мен жонокой Кыргыз уулу,
Создорум кееде чыгат бир ааз жылуу.
Кее куну жаш балача ойноп-кулсом,
Кее куну качан келет деп кутом суйуу..

Мен киммин? Мен жонокой бир адаммын,
А тугул Кыргыз атуул бир жаранмын.
Алыстан караганда башкача болсом,
Жакындан таанышканда башкачамын. .
Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Авг 2025 13:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: