Мен сизди сүрөттөрдөн гана көрүп жүрдүм. Үйдөгүлөрдүн сөздөрүнөн улам сиз жөнүндө түшүнүк, маалымат ала баштадым.
“Ушул байкушка жаман болбодубу. Тиги чоңдору го өз жанын багып кете алат. Өңүн карачы керсары болуп… Түйтөйүп кебетесин карачы арыктап да бүтүптүр. Энесин сагынды го?”,-дешет мени көргөндөр.
Көздөрү менен кара кашы жарым айдай, ак жүздүү, татынакай, узун бойлуу, арык чырай… Сүрөттө сиз ушундайсыз.
«Апам менен шаарга барып, апам бизди мектепке алпарып, апам бизге муну сатып берип…»,- деп эстешет байкем менен эжем. Сизди эскеришет. А мен болсо сиз жөнүндө эч нерсе айта албайм. Унчукпай сүрөттөрдү карай берем. Кээде атамдын сөздөрүнөн улам сизди элестетип коём. Мени сизге окшоштурушат.
Көпкө чейин мага сиздин жоолугуңузду берип, жыттатып, уктаганда койнума салып коюп жүрүштү. Эненин жыты кандай экенин деле билбейм. Эжекемдин кароосунда болдум. Азыр дайыма атам менен биргемин.
«Сага башка эненин кереги жок. Оокатыбызды өзүбүз эле кылабыз»,-дейт атам. «Сага эне да, ата да менмин».
Башка балдардын апасын ээрчип жүргөнүн көрөм. Көпкө чейин карап калам. Атам оюмдагынын баарын аткарат. Бирок мен да башкалардай болуп, апамды ээрчигим келет.
Бирге дүкөн кыдырып, оюнчук саттырып алгым келет. Апама да эркелесем дейм. Кыялымда мага жалынганыңызды угамын. «Балам» деп мени жыттаганыңызды элестетем.
Мен сизди кийин тогуз жашымда көрдүм .
«Сени менен жашай албайм, экөөбүздүн жолубуз эки башка экен”,-дедиңиз атама.
«Антпечи, балдарыбыз турат го. Каалаганыңды орундатайын,
үйдө калчы?»,-деп атам сизге жалооруду.
“Жок, балдар…”,-дедиңиз шыбырап…
Соңку сөзүңүзгө түшүнбөй калдым. Ошентип жаздын муздак кечинде сиз бизден кеттиңиз. Алыскы сапарга кеттиңиз. Бул жолу биротоло кеттиңиз. Башкаларга жадыраган жаз жакшы маанай тартууласа,
бизге суз көңүл алып келбедиби.
Качан кайрыларыңыз белгисиз. Үмүттөнө берем. Жакшы жашоого бардыгы бар, элдикиндей машина минген, үй толтура оокаты, короо толо малы менен сизди берилип сүйгөн карапайым жигит — ак калпакчан атакемди, этектеп ыйлаган мени, көздөрүнөн жашы чубурган эжем менен байкемди, балдарга мээримиң керек деп какшаган чоң энемди таштап кетип калдыңыз.
Үй-бүлөнү, чоң апам айткан ак ордоңузду таштадыңыз.
Бизден артык Санкт-Петербург шаарына кеттиңиз. Чынында эле ошондойдур.
Апаке, сизге акча гана керекпи? Жалгыз жанды караган жеңил жашоо жактыбы? Сиз бешик ырынан тажадыңызбы?
Айым Талгатбек кызы
Апасыз өткөн балалык... кыялдануу
#2 06 December 2013 - 22:33
Мдаа....бул эмне болгон окуябы,же ойдон чыккан жазымышбы?
Кандай болсода жакшы жазылыптыр, азыркы жашоодо мындай кунго кабылгандар жок эмес...

Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#4 07 December 2013 - 22:42
Аттин арабызда ушундай кукук энелердин кобойуп баратканы окундурот
Турмуш- бул чоон мектеп!
#7 10 January 2018 - 13:00
Бактысыз балалык
Эх, жашоо неге мынча татаал. Мен азыр 18 жаштамын. Ата-энем эки жаш кезимде эле ажырашып кетишкен. Апам Нарындан. Атам болсо Лейлектик. Атам мени чоң энемдин колуна алып келген. Ошентип апасыз айылда чоңойдум. Апамды бир жолу да көргөн эмесмин. Жакында гана сүрөтүнөн тааныдым. Чоң атам, менен чоң энем мени ошол күндөн баштап чоңойто башташты. Алардын 6 перзенти 3 уул, 3 кызы бар. Атам үйдүн эң улуусу. Кесиби болсо журналист. Чоң энемди эне дейм. Энемдин кенже кызы 1994-жылкы жокту, барды түшүнбөгөн өтө эрке өскөн. Ал менин жашоодогу эң жаман көргөн адамым десем болот. Мага кичинемден көп зомбулук азап көрсөттү. Мага эс киргенден баштап ал мени сабап, “кулсуң, малсың” деп далай жолу болбогон нерсеге чыр чыгарып “жетим” деп ат коюп алып тилдемей адаты азыркыга чейин уланып келет. Мен анын кордуктарын эч кимге айтпастан ушул күнгө чейин ичимде сактап жашап келатам.
Ал эми мен үчүн апа деген сөздү айтуу кыйын. Анкени мен анын мээримин көргөн жокмун. Ушунчалык апамды сагынам. Бирок, аны издеп таап көрөйүн деген деле ниетим жок.Себеби ал ичкиликти көп ичкендиктен мени кечип кетиптир. Башка досторумдун апасы жөнүндө сүйлөшсө, мен унчукпай отурам. Бул үч тамга мен үчүн өтө оор сөз. Апа жөнүндө ырларды уккум келбейт. Акыркы учурда популярдуулукка айланган “мен дүйнөнү апам менен тааныгам” деп ырдаса кээде туруп ойлоном. Кызык, мен дүйнөнү ким менен тааныгам же, турмуш өзү таанытканбы деп. Ал ырлар мен үчүн чыгарылган эмес. Эх, жашоо кандай кызык! Баарын айтайын десем, бир туугандардын ортосунда от жакпайын дейм. Чоң энемдин түйшүгү ансыз да көп. Кызынын мага кылган мамилесин баарын болбосо да чекесин билет. Бирок, айла жок эч нерсе дей албайт. Деги эле бул үйдүн босогосун аттаганда мындай азап тартам деп ойлобогом. А бирок баары бир жашоо уланат экен. Кичинемден эне мээримине зар болуп, түнт, адамдар менен ымала түзүп, эркин сүйлөшө албаган, уялчаак, тартынчаак, болуп чоңойдум. Бал кезде эч нерсени түшүнбөй, ыйлап эле жүрө берчүмүн.
Апам таптакыр башка экенин 5- класс кезимде билдим
Эми бой жетип аз да болсо баарын ажыратып калдым. Атам апамдан кийин 4 аял алган. Кийинки аялынан кызы бар. Ишенсеңиздер апамды ошол аял деп жүргөм. Анан апам таптакыр башка экенин 5- класс кезимде билдим. Көрсө, үйдөгүлөр барын мен чоңойгондо айтабыз деп жүрүшүптүр. Бул жөнүндө чоң атам айтып берди.Ошол учур мен үчүн аябай оор болгон. Атамдын мени менен иши деле жок. Бардык жактан каржылаган энем. Баккан энем менен сыр бөлүшүп, эркелегим келет. Бирок менде андай мүмкүнчүлүк жок. Атам болсо өз арабасын өзү түртүп, ичкиликке берилип кетти. Ичип келип далай жолу чыр чыгарып жүрөктүн үшүн алган. Бой жетип калсам да ушул кезге чейин жаңы кийим кийе элекмин. Баардыгы туугандардан калган эски кийимдер. Апам мен кичине кезимде кошунага каратканы таштап кетсе, ал мага“димидрол” берип уктатып койчу экен. Ошон үчүн наркоз болуп канга өтүп ден-соолугума терс таасирин тийгизип, организмге калыптанып калыптыр. Азыр өтө унутчаакмын. Көзүмдүн көрүүсү да начар. 6-класка чейин мектепте эң жакшы деген баага окудум. Андан кийин гимназияга которулдум. Гимназиянын системасы өтө татаал. Ошол жактан татыктуу билим, тарбия, дос тууган таптым. Ал жерден жетекчи жакшы тарбия берип мага көп нерселерди үйрөттү. Абдан ыраазымын. Бирок, сабактардан абдан кыйналып андан ары окуумду улантууга шартым да жок болгондуктан акыры гимназиядан чыгууга аргасыз болдум.
Жалгыздык жанга батты. Же бир тууганым жок. Башка адамдардын үйүнө батпай, же жарылуу курдаш таппай дайыма ыйлагандан жададым.
Бул жашоодо максатсыз куштаймын
Чоң атам айылда кадыр барктуу уста киши эле. Балдары ата-энеге мээримсиз болуп чоңойушту. Чоң атам мага акыл насаатын айтып жакшы адам болууга үндөдү. Катуу оорудан соң, ажал аны өз кучагына алды. Баарынан да эч бир ишенгим келбей, жаназасында бир да көз жаш төккөн жокмун. Чындыгында жоготконума ишенбедим. Көзү түрүүсүндө баркына жетип, сыйлай албай калганыма ичим туз куйгандай ачышып өкүндүм. Ошондо да тиги жылан келип “сен атамды карабай өлтүрдүң, энем кесел болгонго сен күнөөлүүсүң жетим” деп айткан сөзү жүрөгүмдө бүгүнкү күнгө чейин сакталып такыр унута албай койдум. Кыскасы, үйдөгү болуп жаткан нерсенин баардыгына мени күнөөлөй берет. Кызык, мен ким үчүн жашап жатам деги. Балким атам уулум жок деп арман кылып өксүсө керек. Азыр атам Москва, Ош, Бишкек ошол жактарда иштеп ичип жүрөт. Мен үчүн ал мага жакын жалгыз адам болгондуктан жакшы көрчүмүн. Бирок бул сезимдер азыр жек көрүүгө айланды. Азыр эми эмне кылаар айламды деле таппай калдым. Эгер чоң апамдын көзү өтүп кетсе кандай күн көрөм билбейм. Анын көзү тирүүсүндө көргөнүм күнүм бул болуп жатса. Чоң апамдан ажыраган күнүмдү элестетким келбейт. Эгерде апамды издеп табайын десем, бирок анын өзүнүн турмушу бар чыгаар. Айтор, бул жашоодо максатсыз куштай эле болдум.

#8 11 January 2018 - 02:01
Мега777, буз сиздин башыныздан отуп жаткан окуябы?
Журокту ооруттунуз. ..
Журокту ооруттунуз. ..
#10 11 January 2018 - 12:03
#11 11 January 2018 - 12:04
“Жыгыласың,
турасың, жашоонун өзү жылгаяк”. Кызык,эмнеге мындай?! Атым Мурат. Жашым 29да. Кадимки тоо койнунда чоңойгон, карапайым үй-бүлөнүн уулумун. Акыркы күндөрү көп ойлонуп, эч нерсеге көңүлүм чаппай жүрөт. Чын эле жашоодо сыноолор көп болобу, же менин эле башыма түшкөн мүшкүл ишпи, билбейм…
Эмесе, сөз учугу башынан болсун.
Көр тириликтин түбү курусун. Ата-энем мени 6 айлыгымда чоң энеме таштап, Орусияга иштегени кеткен. (Атам-Кубат, апам-Салыя) Бир-эки эле кабарын бербесе, көпкө дайыны жок болуптур. Энем байкуш баласы менен келинин күтө берет, күтө берет. А мени болсо, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, тирүүлөй жетим дедирбей багып чоңойтту. Ата-энемди, катылган сүрөттөрдөн жана чоң энемдин, туугандардын айткандарынан гана билчүмүн.
Эсимде, бир күнү кеч күүгүмдө узун плащ кийген, жапалдаш бойлуу бир киши үйгө кирип келди. Көрсө ал атам экен. Сүйүнүчүбүздө чек жок. Апамды сурасак, көпкө терезеге тигилип туруп, бир үшкүрүнүп алды да, эбак эле ажырашып кеткенин айтты. Башка эч нерсе айткан жок. Шүгүр, жок дегенде атам келди, апа деле келер деп үзүлбөгөн үмүт менен жүрө бердим. Атам айылда көпкө турбады. Бат эле Казакстанга иштеп келем деп кетип калды. (Ошол жактан үйлөнүп, балдары да бар экенин кийин уктук.) Күндөр өтө берди. А мени апам жөнүндө ойлор чулгап алды.Туугандан айланса болот. Атамдын бир туугандары, жакындарыбыз, энемдин баш-көз болуусунан улам, 24 жашымда үйлөндүм. Кудайга шүгүр, эки уулдуу болдум. Өкүнүчтүүсү, ошол сүйүнүчтөрдү апам көрбөгөнү оор болду. Башкалар өңдүү “апа” деп, бетинен сүйүп, кучагында эркелеп чоңойбодум. Апам бар ,келет, сөзсүз табам дей бердим. Чоң энем кубатынан кетип барат, баштагыдай эмес.
Бир күнү эжем (абамдын кызы) гезиттердин бирине менин чакан үй-бүлөмдүн жана 6 айлык кезимде көтөрүп түшкөн ата-энемдин сүрөтүн, даректи жазып, “Апамды издеп келем”деген материал жөнөтүп жиберди. Турмуш өтө берди. Эки уулум мен көргөн күндү көрбөсүн деген ойдо ар кайсы кара жумушта иштеп, багып жаттым.
Бир күнү бейтааныш бирөө чалып, гезиттеги жагдай тууралуу сүйлөштү. Көрсө, ал тагам экен. Негизгиси апамдын бар экендигин, Нарында турарын, мейманчылыкка чакырганын уккандагы сүйүнүчүмдү айтпа… Бат эле чоң энемден бата алып, үй-бүлөм менен Нарын тарапка бет алдык. Өзүнчө үй-бүлө куруп, бала-чакалуу. Бирок, ооруп жатыптыр. Бир тууган карындашым да бар турбайбы.Үч күн мейман болуп, анан айылга жөнөдүк.”Мурат апасын тааптыр”,-деген кептер тарай баштады. Өткөн жылы сентябрь айында (тапкандан 3 айдан кийин) “апаңдан айрылдык”деген суук кабар келери менен жөнөдүм. Багы жокко, дагы жок болуп…
Кантсе да, апамды көрдүм, ыраазычылыгын алдым, жайына бир ууч топурак салууга үлгүрдүм. Баягы күндөр өтө берди. Атам болсо, кез-кезде келип турат. Чоң энеме колдон келишинче каралашам. (Уул-кыздарына барып турат)Балдарымдын ар бир кылыгы мени алаксытат. Болор иш болду деп, белди бекем бууп, билек түрүнө жакшы жумушта иштей баштадым. Аттиң ай, көпкө созулбады.
Эч нерседен тоотпогон шум ажал, балдарымдын мээримдүү апасын, сүйүктүү жарымды да алып тынды. Таңга жуук, алар уктап жатканда, эшикке чыгып, мал-салга чөп салып дегендей, бир иштерди бүтүрүп, 20-30 мүнөт ичинде үйгө кирдим. Кичүү балам ыйлап жатыптыр, чоңу апасын тургуза албай убара.Тур, таң качан аткан, балдарды кара десем, үн жок. Төшөктү тартып карасам, өңү такыр башкача, ойгонбойт, тили артка кеткен. Коркконумдан титиреп, “тез жардамга” чалганча эле коңшуларга жүгүрдүм. Баары келди, бирок качан эле коштошкон экен, жарыктык. (Кээде ооруп турчу) Эшиктен үйгө киргенче айрылып калам деп, үч уктасам түшүмө кирбеген. Өлөрүн билгендей, бир күн мурда бардык айылдагы жакындарга, атүгүл чоң энеме да (набатын көтөрүп) барганычы. Өтө чоң сокку болду. Жамандык мынча мага жабышты.
О Жараткан, кайсы күнөөм үчүн?.. Эми мынтип, мен сыяктуу балдарым да өз эне мээримин көрбөй өсөт.Чоңу: “Апам качан келет, каякта?”-деп сураганы, сураган. Эх, эч кимдин башына меникиндей түйшүк түшпөсүн. Бир жумадан кийин, айылдагы бир топ жигиттер менен Орусияга иштегени кетем(1жылга). Жыргагандан кеткеним жок. Балдарымы атамдын карындашы Сапаргүл эжеме таштай турган болдум. Ал жакта эмне күтөт табышмак. Кандай болбосун, балдарымдын бактысы үчүн баарына даярмын. Бешенеме чоң энем узак жашасын…
Текстти жазган: “Тв Академия-6” долбоорунун катышуучусу Асанбек Арыкбаев.

#12 11 January 2018 - 22:32
Жок.
Ажырашуулардын айыпсыз курмандыгы болгон балдардын арманы же монологу.Айрым кукук энелер ушуларды окуп жок дегенде бир жолу толгонуп алышаар деген ниетте теманы уладым.

Ниетиниз жакшы экен, бирок канча адам болсо ошончо тагдыр бар экен да, мен да каалар элем бул дуйнодо эч ким оксуусуз болушун, балким кудай таалам бирине бири сабак болсун деп ар кандай тагдыр тартуулагандыр, же тетирисинче ....Табышмак.

Супер-Инфо
super.kg
видео