Кант диабети уйку бездердин сезгенишинен пайда болот. Уйку бездеринин куйрукча жагындагы уйку без сезгенгенде,
бетоклеткалар жабыркап шишийт. Бетоклеткалар жок калганда инсулин иштелип чыкпай калып кант диабети пайда болот. Бул илдет менен айрыкча спирт ичимдигин ашкере ичкендер жабыркашат.
Уйку безинин сезгениши да өзүнчө бир ооруу. Кээде өтө майлуу тамактарды жегенден уйку без жабыркайт. Бездин да түтүкчөлөрү бар. Ошол түтүкчөнүн ичинде "панкреатикалык сок" деген болот. Анын ичинде инсулин бар, ошол түтүкчөлөр жабыркаганда,
уйку бездер сезгенет, инсулин чыкпай калат. Кант диабетинин пайда болушуна – тукум куучулук, адамдагы маанай чөгүүчүлүктөн,
кыжалаттыктан келип чыккан стресстик абал, ар кандай вирустук инфекция жана дененин кайсы бир жеринен жаракат алуу алып келиши мүмкүн.
Белгилери
Кант диабетинин алгачкы белгилерине – суусоо, бат-бат заара ушатуу, шалдыроо, тамакка аппетит ачылганы менен арыктоо мүнөздүү. Адам суусайт, канчалык суу ичсе дагы суусуну канбайт. Кээде 5-10 литрге чейин ичет, оозу кургайт. Сууну көп ичкендиктен түнкүсүн дааратканага тынбай чуркайт. Ушул үч белгини байкабай жүрө берсе, адамдагы кандын курамындагы кант 20- 25ге чыгып кетет. Негизги кандын курамындагы канттын нормасы 4 - 4.5м.миллитр болушу керек.
Кант диабети бул - канда глюкозанын жогору болушу менен байланышкан өнөкөт оору же башкача айтканда гиперлейкемия абалы деп аталат. Муну менен балдар да, чоңдор да жапа чегишет. Ал биринчи типтеги жана экинчи типтеги диабет болуп өз ич ара экиге бөлүнөт.
1- типтеги диабетте организмде инсулин аз иштелип чыгат же таптакыр жок болот. Анда вирустук инфекциялар,
курчап турган айлана-чөйрөнүн терс таасири, туура эмес тамактануу чоң роль ойнойт. Экинчи түрү менен негизинен ашыкча салмактагы чоң адамдар оорушат. Аларда инсулин жетишээрлик өлчөмдө иштелип чыкканы менен организм гормондордун таасирине начар жооп бергендиктен,
инсулиндин жетишсиздиги пайда болот. Ал эми диабет оорусу менен жапа чеккендердин 90 пайызы экинчи тибине киришет.
Илдеттин коркунучтуу тарабы
Изилдөөчүлөрдүн маалыматына таянсак, дүйнө жүзүндө аталган илдет менен 200 миллиондон ашуун адам жабыркашат.
Кант диабети жылдан жылга өсүп, анын курмандыктары көбөйүп жаткандыгы тынчыздандырбай койбойт. Ошондуктан дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул ооруну XXI кылымдын эпидемиясы деп атап келет. Мындан сырткары, кант диабетинин кесепетинен бир жылда дүйнөдө 600миңден көп оорулуулар көрүү жөндөмдүүлүгүн жоготушат жана дүйнө жүзү боюнча бир жылда диабет менен ооруган 500 миңдей адамдын бөйрөктөрү иштебей калат. Диабет менен ооруган адамдардын жарымынан көбү өзүнүн оорусу жөнүндө билишпейт. Дүйнө жүзү боюнча 10 секунд сайын бир адам кант диабетинен көз жумат жана ар бир 30 секунд сайын кант диабетинин себебинен ампутация кылынат. Ал эми Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун маалыматтары боюнча бир жылда кант диабетинен 4 миллионго жакын адам өлүмгө дуушар болушат. Мындай көрсөткүч менен дүйнөдөгү бардык өлүмдөрдүн 6 пайызын түзөт.
Кант диабети менен ооругандар туура тамактануулары керек
Кант диабетин дарылоодо - диетаны жакшы көзөмөлдөө менен бирге рационунан ун, кант, таттуу жана майлуу тамактарды таптакыр алып салуу талапка ылайык. Тамакты ченеп жеп, оорулуунун өзүнүн ден соолугуна кам көргөн биринчи кадамы болот. Тамакты эч убакта бул оору менен ооругандар ашыкча жеп албоо сунушталат.
Негизи кант диабети менен ооругандарга эң башкы эреже болуп уруксат берилбеген азыктардан баш тартуу болуп эсептелет.
Кант диабети менен жабыркагандар туура тамактануу үчүн эки топко бөлүнгөн азыктар менен тамактануусу зарыл. Алардын биринчи тобуна эч кандай чеги жок жей бере турган азыктар кирсе, экинчисине аз өлчөмдө чек коюп жей турган азыктар кирет. Мындан сырткары, биротоло унутуп коюга да туура келген азыктар бар.
Пайдалуу жемиштер
Кант диабет оорусуна чалдыккандарга эң пайдалуу азыктар болуп сабиз жана помидор, баклажанды жана ашкабакты колдонууга уруксат берилет. Аларды бир аз ыштап алыш керек. Себеби ушундай абалында жемиштерди даярдоодо касиетин көпкө сактап калышат. Алма, апельсин, лимон жана кара өрүк да пайдалуу азыктарга кирет.
Жегенге тыюу салынган жемиштер
Коон, инжир, жүзүм жана мейизди колдонууга таптакыр чек коюңуз. Ошондой эле глюкозага бай азыктарды колдонуу өтө коркунучтуу.
Анткени, алар канга бат сиңип, дароо кандагы канттын өлчөмүн көтөрүп жиберет.
Туура тамактануу маанилүү
Күнүнө 5-6 жолу өз маалы менен аз-аздан тамактанып туруу сунушталат.
Ошондой эле ачка болуп баратканда аны бир стакан айран, чай же пайдалуу, уруксат берилген жер жемиштерди жеп койсо болот. Тамакты жай, жакшылап чайнап жеген жакшы.
Тамакты дайыма чеги менен жеш керектигинин себеби, организмге кошумча глюкозалык күчтү туудуруу эмес, а эң башкысы мындай оору менен ооруганда организмдин эс алып туруусу жана жеңил болушу зарыл экендигинде.
Анткени, тамакты сиңирүүдө көп энергия, күч кетет. Ошондуктан тамактануу жеңил жана өз маалы менен болгондо энергия сакталып, кант оорусу менен күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ар бир ооруда тамактануунун өзгөчөлүгүн дарыгер жакшылап түшүндүрүп жана көзөмөлгө алып турушу маанилүү.
Тамактанууга оорулуу канты көтөрүлүп кеткенде эле көңүл буруп, көзөмөлгө алганы туура эмес, дайыма баары жакшы болуп калганда да, канттын өлчөмү эң төмөнкү деңгээлге түшкөн учурда да дайыма көзөмөлдөп,
туура тамактануусу зарыл. Ошондо гана кант диабет илдетин жеңе аласыз.
Экинчи типтеги кант диабети менен жабыркагандар тамакты чектеп эле калбастан, ар бир жеген азыкка көңүл буруп, уруксат берилбеген тамактарды таптакыр чыгарып, унутуп салып, кылдаттык менен тамактануусу керек болуп калат. Кайдыгерлик кылып, ден соолугуңузга чоң зыян келтирип, өзүңүзгө да айланадагыларга да чоң зыян келтирип кое тургандыгын эсиңизден чыгарбаңыз.
- (2 )
-
- 1
- 2
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео








