Аялдар артын карабай кача турган эркектердин кээ бир түрлөрү бар. Мындай мырзалар аялды байкатпастан туруп курттай жеп салат. Биз бул жолу аялдын энергиясын "соруп"
турган тиран, вампир эркектер тууралуу сөз кылабыз.
Вампир-эркектен кантип кутулуу керек? Үйдөгү тиран
#1 22 November 2013 - 02:57
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 22 November 2013 - 02:59
Ойноок эркек: Эркектердин бул түрү көбүрөөк кездешет. Алар менен жылуу мамиле өтө бат башталып, тез ылдамдыкта өнүгөт. Бат эле сүйүүсүн арнап, жүрөгүңүздү,
колуңузду сураганга дагы үлгүрөт. Алгач бул эркектер убада берген учурунда телефон чалып, эгер сиз менен жолугушуу керек болсо, маанилүү ишин дагы кийинкиге калтырып койгонго даяр болушат. Аял мындай мамилеге башы айланып, "таза сүйүү деген ушул экен да" деп өзүн жоготот. Бирок мындай мамиле көпкө созулбайт. Ойноок мырза аялдын жүрөгүн ээлеп алганына толук ишенгичекти гана "идеалдуу"
болуп турат. Айымдын сүйүүсүн багындырып,
аны менен бир канча күнгө дагы дайынсыз жоголуп кетиши мүмкүн. Башында айымга жакшы сөздөрүн арнап, өөп-жыттап жүргөн мырза "сенин ойлогонуң эле ошол нерсе" деп жекирип коюуга да даяр. Айымды сүйдүрүп алгычакты үйүнө азык-түлүгүнөн бери алып келип берип, анын туугандары менен таанышканга жетишкен соң "эмне ошентип жүрсөм эле мага үйлөнөт экен деп ойлодуңбу?"
деген сөздөрүн айтканда таң калбаңыз. Анткени, ойноок эркектерге бул тубаса берилген сапаттар. Эгер мындай мырзалар кимдир бирөө менен ойноштук мамиледе болсо "бүттү, аялым менен ажырашам!
" деген сөзүн жүз мертебе кайталап, бирок "Кантсе да абийирим жол бербейт" деп айтып, аялды эзип жибериши мүмкүн. Эркектердин бул сапатын тарбиялап, оңдоп алам дегендер жаңылышат. Анткени, бул айыкпас оору. Мындай мырзалардын чеңгээлинен кутулууга аракет кылбаса, айым вампирдин курмандыгы болуп калышы ыктымал.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 22 November 2013 - 03:00
Трагедиялык "каарман"
: Аялзатын "жеп түгөтчү" эркектердин бул түрү өзүн аябай таланттуу, башкаларга окшобогон өзгөчө адам катары санайт, бирок анын оюн эч ким "түшүнбөйт"
деп ойлойт. Бул мырза дайыма эле кызматтан айдала берген, балким, сүрөтчү, режиссер, жазуучу, же жөн гана программист болушу мүмкүн. Мындай эркектерге аялзатынын энелик мээрими ойгонуп, аяп баштайт. "Муну чын эле эч ким түшүнбөй атат, мен түшүнөйүн, колдоюн, жардам берейин" деп ойлошот. Анан алаканына салып, айтканын эки кылбай колдоо көргөзүшөт.
Жумушка орноштурушу мүмкүн, же карыздарын төлөп ж.б... Эсиңизде болсун, адамга кыйын кырдаал учурунда гана жардам берүү керек. Дайыма эле калкалап, колдой берсе аялдын күчү кетип, нерви жабыркай баштайт. А убакыттын өтүшү менен мырзаңыз да ошого көнө түшүп, сизге болгон жүгүн артып алат. Айымдын "Иштесең боло" деген сын пикирин аялынын тили узарып баратканы катары кабыл алат. Аял мындай эркек менен чогуу жашоо учурунда өзүнө, балдарына аз көңүл буруп, мырзасы менен гана алектенип калат. Ал вампир кандайча "соруп"
атканын айым кечирээк түшүнүшү мүмкүн.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 22 November 2013 - 03:02
Куурчак ойногондой;
Көп айымдар дал ушундай мырзаны кыялданышат:
ийгиликтүү ишкер, бай, коомдун жогорку катмарынан.
Бул эркек менен үйбүлө курса эле баары бут алдына төшөлүп калчудай сезилиши мүмкүн. А бирок бул түрдөгү мырзалар аялдарга куурчак катары мамиле жасашат. Айымдарын "алтын капаска" камап алганды жактырышат.
Аялды иштебей үйдө отуруш керек деп эсептешет. Кала берсе, дос кыздары менен жолукканга дагы тыюу салышат. Башкалардын көзүнчө басынтып, "ой, бул деген келесоо да" деп аялын какканды жакшы көрүшөт. Аял күйөөсүнүн айтканын чындык катары кабыл алып, өзүнө ишенбөөчүлүк пайда болот. Ошон үчүн вампирди таштап дагы кете албайт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 22 November 2013 - 03:03
Профессор Хиггинс: Бул түрдөгү эркектер көбүнчө мугалим, врач, адвокат, же психолог кесиптерин аркалашат. Аялды "окутканды"
жакшы көрүшөт. Кудум эле гүл саткан аялды аксөөк аялга айланткан "Пигмалион"
чыгармасындагы профессор Генри Хиггинске окшоп, аялды кайрадан "куруп"
чыгууну каалашат. Кийингенинен баштап, баскан-турганына чейин көзөмөлдөп,
өзүнүн каалоосундагыдай кылып өзгөртүүнү максат кылышат. Эгерде аял буга нааразычылыгын билдирсе "Профессор Хиггинс" "бул сен үчүн эле жасалып аткан нерсе" деп коет. Мындай шартта аялда "эгер мени өзгөртүүнү каалап жатса, демек, мен жаман экенмин да, ага жакпайт экенмин да" деген ишенбөөчүлүк пайда болот. "Оңолууга"
канчалык аракет кылган менен күйөөсү кемчилик жагын таба берет. Бул нерсе бара-бара айымдын канатын кайрып коюшу ыктымал.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 22 November 2013 - 12:23
Вампирлерди кумуш ок, осиновый кол же святая вода менен кутулса болот. Же Блэйдтти чакырсаныз болот жардамга.
#7 22 November 2013 - 12:28
Вампир(в реале) адамдар барбы?
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине,
у меня есть собственное мнение.
#8 22 November 2013 - 12:42
Вампирлерди кумуш ок, осиновый кол же святая вода менен кутулса болот. Же Блэйдтти чакырсаныз болот жардамга.
Джейкобду! Джейкобду!
В каждой шутке есть доля правды...
#10 07 December 2013 - 21:29
Ошондо нармальный эркек барбы?негизинен туурале экен,бирок,бир аз идеалдуусун да жазып коюнчу,кичине кыялданып калайлы
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#11 08 December 2013 - 09:20
Чын эле бир аз идеалдуу эркекда барбы ошондо мен ойлонуп билалбай жатам мн жарым кандай вампир болдукен деп же....
#12 10 December 2013 - 16:07
Вампир(в реале) адамдар барбы?
Жоок сиз ойлогон кинодогудай вампир эмес
#13 12 April 2014 - 13:01
Чын эле бир аз идеалдуу эркекда барбы ошондо мен ойлонуп билалбай жатам мн жарым кандай вампир болдукен деп же....
Бар албетте, бул тема "вампир" эркектер тууралуу болгондуктан, идеалдуу эркектер тууралуу соз болгон эмес.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#14 13 April 2014 - 20:26
Азыркы заманда баары эле вампир))))
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#15 13 April 2014 - 20:35
Чынын айтсам вампир мырзалар бар экенине аябай ишендим...
Эми аябай ойлонуп калдым, эмне кылсам экен деп...
Кыскасы башым катты... Бул жерде жазылгандар баары топ келип жатат..
Эми аябай ойлонуп калдым, эмне кылсам экен деп...
Кыскасы башым катты... Бул жерде жазылгандар баары топ келип жатат..
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
#16 13 April 2014 - 23:18
Оа туура айтасыздар вампир адам бар, менин оз башыман откон жаны суйлошуп баштаганда,
бир башкача эле, асмандан жылдызды алып бергенге даяр эле, бир тууган ата энеси менен тааныштырган га чейин жетишкен, анан всегда кызганып мени контролдоп турчу телефон, жумушумду, агент ж.б айтоор баарын жада калса кийим кечеме, макияжыма прическама чейин, бойонсом, басып алып очурчу а мен жинди мени суйоот деп ойлочу экенмин корсо кеп башкача экен да так что журоко не всех надо впускать!
!!
#17 13 April 2014 - 23:55
Бул психологдор эркектерди ашыкча эле "каралап"
жиберишиптир.
Эми интернеттен психиологдордун "идеалдуу эркектерге" берген муноздомосун таап, алып келип илип коет окшойм.
Эми интернеттен психиологдордун "идеалдуу эркектерге" берген муноздомосун таап, алып келип илип коет окшойм.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#18 14 April 2014 - 00:00

Супер-Инфо
super.kg
видео













