Живые
Акыркы көргөн киноң! Ким акыркы жолу, кайсы кинону көрдү?!
#9245 19 Январь 2018 - 20:10
Фатмагуль аткарат экен, тагыраагы, Берен Саат беле, ошол, туркчо сериал экен.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#9253 24 Январь 2018 - 20:42
10 МЫКТЫ ТАРБИЯЛЫК ФИЛЬМ
Инсаният интернет чыккандан бери чексиз бир ааламга кирип,мындан аркы техника жаатында жаңы нерсе ойлоп табуу мүмкүн эместигин талашып жаткан учуру. Бирок биз интернетке чейинки сыналгы астында чоңойгон муундун өкүлүбүз жана биз үчүн эң таасирлүү азык катарында кинону айтсак болот.Сыналгы жандырсаңыз 60тан ашуун канал болсо да, тарбиялык маанидеги, динибиз жөнүндө тасмалар көп деле көрсөтүлбөйт. Албетте, интернеттен көчүрүп, көрсөткөндөрү жок эмес. Дин жаатында иштеген көптөгөн фонд-мекемелер бул жаатта чабал болуп жаткандыгы таң калыштуу. Анткени ошол эле молдо-эшендерибиз ыйман даамын сезип калган момундар менен иштесе, сыналгы аркылуу коомдун баардык катмарларын тарбияласа болот эмеспи. Мисалга алсак, бир топ тарыхий каталар менен тартылган “Даңазалуу доор” сериалын көрсөткөн соң, коомубузда бир топ стереотиптер жоюлуп, бир канчасы пайда болду.Эгер өзүбүз көрүнүктүү бир нерсе тарта албай жатсак, эч болбосо батыштын маданий экспансиясына туруштук берүү үчүн котормо жаатында иштешибиз зарыл. Бул тармакта коңшу өзбек туугандардан сабак алсак болчуудай.
Өткөн күнү Аян Телеканалында эмгектенген Акжолтой инибиздин “Кыргыз тилине кайсыл тасмалар которулса деп ойлойсуз?” деген суроосуна комментарий жазып жатып, бир топ тасмалардын атын тизмектеген элем. Ал тизмени бирааз болсо да толуктап,качан кыргызчаланат деп күтүп отура бербестен, үй бүлө менен жеткиликтүү башка тилде деле көрүү үчүн бул тасмаларды сунуштаар элем. Жеке инсан болуп калыптанууда адамга окуган китептери,уккан лекциялары, көргөн тасмалары чоң таасир берет. Кыргыз котормосу бийик деңгээлге чыкты, бирок алтын убакытты ушундай асыл тасмаларды которуу менен алек болсок, чиркин...
1." THE MESSAGE -АЛЛАХТАН КЕЛГЕН КАБАР-ПОСЛАНИЕ"
1976 жылы тартылган.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө:Ливан,Ливия, Кувейт,Марокко, Англия)
Тасма англис тилдүү актерлор менен тартылса да, жаштайыбыздан бизге зор таасир берген жана Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жөнүндө көргөн алгачкы тасма. Ислам дини кандай азаптар, сахабалардын курбанчылыгы менен келгени жакшы чагылдырылган. Тасма кыргыз тилине которулган жана интернет булактарына жайгаштырылган. Бирок кыргызча варианты атайын котормо студиялар жана ар бир адамды өзүнчө үн коштоткон актерлор аркылуу которулса сонун болмок. КТРКнын жетекчилиги бул демилгени колго алат го деген аруу ниеттебиз.Интернет булактарында англисче жана орусчасы бар. Кыргыз тилине да которулган.
2."ЖУСУП ПАЙГАМБАР-ПРОРОК ЮСУФ" сериалы
45 бөлүктөн турат.
2008 жылы тартылып баштаган.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Иран )
Жүзү менен гана эмес, ички дүйнөсүнүн сулуулугу менен башкалардан өзгөчө келишимдүү болгон Жусуп пайгамбар (ага Аллахтын саламы болсун) жөнүндө тартылган тасма. Сабырдуулук, Кудайга болгон тобокелдик жөнүндө түшүнүк берүүдө чоң пайда берчү сериал. Тасма бир учурда ЭлТР каналында кыргызчаланып, элге тартууланган. Бирок котормо мыкты деңгээлде болбогон үчүн, бул тасманы да кайра иштеп чыгуу лазым.Интернетте орусча жана түркчөсү бар.
3."УМАР ИБН АЛЬ-ХАТТАБ" сериалы
30 бөлүктөн турат.
2012 жылы тартылып бүткөн.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Марокко )
Момундардын башчысы жана экинчи халиф, белгилүү сахаба Умар ибн аль Хаттабтын жашоосу аркылуу Ислам дининин жайылуусу жана чыныгы мусулмандардын кулк-мүнөзү, адеп-ахлагы мыкты чагылдырылган. Тасма кээ бир жергиликтүү каналдар аркылуу чакан котормо тобу аркылуу кыргызчаланган, бирок сапаты бирааз начар. Аракети үчүн болсо да Аллах ыраазы болсун деп, бул тасма да кыргызчага мыкты деңгээлде оодарылып калат деген үмүттөбүз. Интернетте арабча жана орусчасы бар.
4."ХУДЖАТУЛЬ ИСЛАМ ИМАМ АЛЬ ГАЗАЛИ" сериалы
32 бөлүктөн турат.
2014 жылы көрүүчүлөргө тартууланган.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Мысыр(Египет)
XI кылымда жашап өткөн, ислам ааламында худжатуль Ислам наамын алган имам Абу Хамид аль-Газзали жөнүндө тартылган тасма. Аалымдын жеке жашоосу менен бирге, адашкан жамааттардын ишмердүүлүгү, Ислам дүйнөсүндөгү пикир-келишпестиктер, аалымдардын илим жолу жана Акыйкатты издөө туурасында мыкты баяндалган. Элибизге чыныгы Ислам жүзүн көрсөтөм дегендер үчүн бул кинону көрүүнү сунуштайм жана бул тасма да Ilim Karypbekov агайыбыз жетектеген КТРК аркылуу которулуп, көрсөтүлсө, коомубуздагы элдин диний сабаттуулугун жоюуда үлкөн иш болмок.
Интернетте арабча жана орусчасы бар.
5."DIRILIŞ.ERTUĞRUL- ВОЗРОЖДЕНИЕ. ЭРТУГРУЛ" сериалы
Азыркы убакта 103 бөлүгү чыкты.
2014 жылдан бери көрүүчүлөргө тартууланып жатат.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Түркия )
Алты кылым ааламды титиретип турган улуу Осмон дөөлөтүнүн негиздөөчүсү Осман-газинин атасы Эртугрул-гази жөнүндө тартылган тасма.Көчмөн элибизге өтө жакын тасма,анткени ошол мезгилдин жашоо образы, каада-салты биздикине окшош.Жашаган боз үйүнөн баштап, кийген кийимине чейин көчмөндүктүн жыты жыттанып турат. Сериалдан чыныгы мусулмандык бир туугандык, өлкөгө берилгендик жөнүндө маалымат ала аласыз.Бул тасма бир канча КМШ өлкөлөрүндө орус тилинде эң рейтингтүү тасмалардын катарында. Жадагалса казак боордошторубуз сериалды казак жана орус тилине которуп, бир нече каналдар аркылуу көрсөтүп жатат.Биздин өлкөбүздө да ,бул тасманы кыргызчалоо "Даңазалуу доор" сымал сапаттуу болуп,элге көрсөтүлсө, ал телеканалдын рейтинги 1 орундан түшмөк эмес деп ишендирип кетмекчимин. Интернетте орусча жана арабчасы бар.
6." LION OF THE DESERT-ЧӨЛ АРСТАНЫ -
ЛЕВ ПУСТЫНИ УМАР АЛЬ-МУХТАР "
1980 жылы тартылган.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Ливия,АКШ)
Колониалдык саясаттын негизинде Ливиялык мусулмандарды кордогон диктатор Муссолиниге каршы күрөштү жетектеген улуу аскер башчы Умар аль-Мухтар тууралуу тасма. Бир топ жыл эркиндик үчүн болгон күрөштүн башында турган бул эр жүрөк инсанды Италия өлкөсүнүн зөөкүр бийлиги дарга асып салган.Тасманы көргөндөр "басмачылар бастыбы?" деген ойго дуушар болот го дейм. Кыргызчаланып калаар деген үмүттөбүз.
Интернетте англисче жана орусчасы бар.
7."PAITAHT.ABDÜLHAMIT- ПРАВА НА ПРЕСТОЛ.АБДУЛХАМИД" сериалы
Азыркы убакта 34 бөлүгү чыкты.
2017 жылдан бери көрүүчүлөргө тартууланып жатат.

Чар тарабынан Европа өлкөлөрүнүн колониалдык саясатынан кысылган, жаралуу арстанга окшоп калган Осмон дөөлөтүнүн акыркы адилеттүү султаны Абдулхамид II жөнүндө тартылган тасма. Ички жана тышкы душмандардын көптүгүнө карабастан, өлкөнүн чачыранды болуусун 33 жылга кечиктирген. Султан Абдухамид масончулукка берилген, ичтен чыккан саткындар менен болгон күрөшүн тактан кулаганча улантып келген.Дүйнөлүк ири державаларынын ич ара өлкөлөргө бүлүк салып, бөлүп жарып-башкар усулу мыкты чагылдырылган. Дипломатиянын тили аркылуу улуу султан бир топ жетишкендикке жетип, өлкөсүн карыз сазынан чыгарган.Бул тасма кыргызчаланса, саясий жактан элибиздин көзү кыйла ачылмак.Которулуп калаар деген үмүттөбүз.
Интернетте арабча жана орусчага которулуп ,чыгып жатат.
8." DANIMARKALI GELIN- ДАНИЯЛЫК КЕЛИН-НЕВЕСТА ИЗ ДАНИИ"
1993 жылы тартылган.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Түркия)
Европада окуп, Даниялык кызга үйлөнгөн жигиттин жана ага турмушка чыгуу үчүн чын дилинен Ислам динин кабыл алган кыз жөнүндө тартылган тасма. Коомубузда мусулманмын, эң башкысы жүрөгүм таза болсо болду дегендер көп. Негедир “жүрөгү тазалар” Жараткандын өкүмдөрүнө көңүл кош мамиле кылгандай. Бул тасманы көргөн ар бир инсан өзүнө: “Мен канчалык мусулманмын? ” деген суроону берсе керек дейм.Аты мусулман,заты белгисиз арсар жүргөн бир туугандарга арналган мыкты тасма. Кыргызча которулганынан кабарыбыз жок. Интернетте түркчө жана орусчасы бар.
9."OTAMDAN QOLGAN DALALAR-АТАМДАН КАЛГАН ТАЛААЛАР”
1998 жылы тартылган
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Өзбекстан)
2 бөлүмдөн турат.
Орус баскынчылык саясатын чагылдырган мыкты тасма.Биздин тарыхчылар жана киночулар жымсалдап бере албаган көптөгөн акыйкатар чагылдырылган. Чыныгы генерал Скобелевтун анык жүзүн көрсөткөн.Орто Азия элдеринин ынтымагы," басмачылар" жана ичтен чыккан саткындар жөнүндө сонун баяндалган тасма.Интернеттен азырынча өзбек тилин түшүнгөндөргө гана сунуштай алам.
10. “HÜR ADAM -ЭРКИН АДАМ .БЕДИУЗЗАМАН САИД НУРСИ”
2011 жылы көрүүчүлөргө тартууланган

Өткөн кылымдын улуу аалымы Саид Нурсинин Осмон дөөлөтүнүн кулашынан кийинки динди кысмакка алуу учурундагы шакирттери менен болгон күрөшү жөнүндө баяндалган мыкты тасма. Чыныгы мусулмандарга өрнөк болчү сабырдуулук жана тайманбастыкты укмуштуудай чагылдырган. Кылдаттык менен которулуп, актерлордун үнү менен профессионалдык деңгээлде кыргыз тилине которулган азырынча жалгыз диний тасма десем жаңылышпасам керек.Баса которгондордун бири, кыргыздын мыкты жигити Aiazbek Atamkul.
Даярдаган: Нуриет Абдулазиз
P.S.Албетте пенде катары, кайсыл бир тасманы сүрөттөп жатып,ката кетиришибиз мүмкүн. Ошондуктан алдын ала кечирим сурайм, туугандар. Кошумча-алымча, сын-пикирлерди угууга даярбыз!

#9254 25 Январь 2018 - 02:39
Maero, Рахмат!
Арасында мен сүйүп, күтүп көргөн тасмалар да бар экен.

#9258 27 Январь 2018 - 17:04
"Лев" индийский фильм

Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 27 Январь 2018 - 17:05
#9260 28 Январь 2018 - 19:12
Арман деген кинону кордум. Коруп буткучо журогум ооруп кетти. Азыркы жашоонун ачуу чындыгы...
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!