Суперстан: "Кун желеси" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Кун желеси" Криминалдык детектив.

#1 Пользователь офлайн   AeCHka   22 Январь 2013 - 18:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ххх
Кеч куз. Бак дарактар, уйлордун усту, кочо бугун абдан кооз. Шаарда биринчи каар жаап, эшикке чыксан каардын аппагынан козун уялат. Быйыл кыш эрте келгендей туюлуп жатты. Тан атпай Санжар уйкусунан туруп, шашылыш жуунуп, жумушуна жоноду. Ата-энеси алыскы Таласка тойго кетип, уйундо жалгыз калган карындашына коз салып тур деп суранышты эле. Машинасына тушуп жатып уйуно чалып карындашын ойготуп, сабакка кечикпей бар, эгер зарыл бирдемке болсо мага телефон чалып кой,-дейт. Кечинде мен сени озумдун уйумо алып кетем, уйдо жалгыз коркосун, болбосо мен бугун уйго барып коном деп шашылыш суйлоп эле машинасын айдап журуп кетти. Жашы 24- келип калса да Санжар уйлонбой жургон, ата-энесин келиндуу кылып, неберелуу кылып али кубанта элек. Уйундо жалгыз уул, эжеси жана карындашы бар. Атасы шаардын ички иштер министрлигинде иштечи, ал эми апасы жеке фирмада башкы эсепчи болуп эмгектенет. Баласынын жалгыз болгонуна карабай алардан башка турганына ата-энеси оздорунчо кабатырланып журушту. Уйлонсом сиздер менен турам, азырынча озумчо эле тура берейинчи, анын устундо жумушума жакын, кабатыр болбонуздарчы суранам,- деп апасын дайыма жумшартып койчу. Келинчегини кабатырланганын коруп, жолдошу,- койчу эми Алиш, балабыз чонойуп, чон жигит болуп калбадыбы. Анын да жеке жашоосу бар, коп эле кирише бербесен, мен балама ишенем, ал макул болсо жакын арада аны озумо жумушка аламын. Азырынча озу каалаган жумушу менен алектене берсин. Быйыл жыл жанырса балабыз 25- чыгат, балким Кудайым буюрса уйлонуп, келинибиздин ысык чайын ичип, небере жыттап калабыз,-деп жакшы ниет кылып журушчу. Темирбек деле баласы учун кабатырланчы, бирок баласынын озунчо жашайм, иштейм,мен ушундай чечим кабыл алдым,- деп айтканын ал сыйлап, ага шарт тузуп берген. Досунун бир уйу бош турганын билип, ал менен алдын ала суйлошуп койгон эле. Кечинде баласына телефон номурун берип,- менин бир коллегамдын апасы уйун батирге берет экен, эки болмолуу, ичинде керектуу нерселердин баары бар экен. Чалып суйлош, уйду барып кор, жакса тыйынын чечишип алып жашай бер балам дейт. Санжар атасынын оюн шарт тушунуп, ага рахматын айтып, ал батирди кун мурунтан эле таап койгом, кабатыр болбонуз деп атасынын жардамынан баш тартат. Атасы канчалык баласы учун жакшылык кылбасын, чоноюп калган Санжар атасынын кыялын абдан жакшы билчи. Атасы сунуштаган батирде байкоочу камера качан эле орнотулган болсо керек. Менин озумчо жашайм дегенге бат эле макул боло койду атам, бул жондон жон эле эмес. Атасынын жумушу- ар бир адамдын коопсуздугу, - ал эми оз уй-булосунун коопсуздугу эн башкы милдети эле. Атасы ичинен бир кулуп алып,- кантсе да менин балам да, мени тартып абдан баамчыл, ар бир боло турган нерсени алдын ала билет,- деп озунчо баласына ыраазы болуп койгон.
Санжар “Кун желеси” деген жеке ишканада адвокаттын жардамчысы болуп эмгектенип жаткан. Тапкан тыйыны аз болгондугуна карабай, ал жумуш озуно жакканы учун эч нерсеге карабай ошол жумушта куну-туну журчу. Анын устаты, Эркин агай, абдан оор басырыктуу адам эле. Анын ичиндеги сырын эч качан эч кимге айтпаган, онойу менен билгизбеген адам. 55-ке чыгып калганына карабай уй-булосу жок, балдары жок, жада калса достору да жок. Эркин Мамбетович атасы экоо эски достордон, коллегалардан экенин Санжар билген эмес. Ал экоо канча деген мамлекеттик тапшырмаларды чогуу аткарып, биринин жанын бири сактап, коптогон тозоктон бирге отушкон. Эркин Мамбетович озунун билген билимин Санжарга уйротуп, корсотуп журду. Санжардын тырышчаактыгы, эмгекчилдиги, чыдамкайлыгы Эркин агайга абдан жакчы. Башында аны жумушка алып жатканда койгон талаптарын баарын аткарып, ашыкча суроо бербей, ал келген клиенттер менен суйлошуп жатканда озу чакырмайын кабинетке кирбей, чык демейинче чыкпай, берген тапшырмаларын так жана бат аткаргандыгын коруп, бул жигиттен келечекте жакшы агент чыгат, 1 жылдын ичинде жакшы сыноодон отту, эми олуттуу тапшырма бере берсек болот деп ойлоду.
Санжар жумушуна шашылыш кирип келип, сырткы кийимин чечип эле Эркин агайынын кабинетине кирди. Анын жок экендигин коруп кайра чыгып кабинетине келип, компьютерди ачып иштей баштады. Бир убакта эшикти такылдатып бир аял кирип келди. Ону купкуу, козу жаштан кызарып, шишип чыккан, бирок абдан сулуу орто жаштагы айым Санжарды тик карай албай, козун ала качып ар кайсы тарапты карап туруп калды.
- Угуп жатам эжеке, мен сизге жардам бере аламбы?
- Эркин Мамбетович керек эле мага?
- Эркин Мамбетович али келе элек, балким мен жардам бере алам сизге?
- Жок, сиз жардам бере албайсыз. А качан келет Эркин...Эркин Мамбетович?
Тиги эжекенин Эркин Мамбетовичти “Эркин” деп айтып алганы Санжарды тан калтырып турду. Ичинен- балким таанышы болсо керек, же туугандарыбы, -деп ойлоп койду.
- Отурунуз, азыр келип калат, - деп ордунан туруп, тиги айымга орундук коргозду. Балким суу же чай берейинби?
- Жок, рахмат. Телефону барбы, чалып сурап корсонуз болобу?
- Кечиресиз, мен Эркин Мамбетовичтин телефон номурун билбейм, агай мага мен керек болсом озу кана чалат. Бирок, сиз кабатыр болбонуз, азыр келип калышы керек.
Колундагы меелейин ары-бери мыкчып, тынч отуралбай жатканын коруп, байкап турду. Чачы капкара, кирпиктери узун, козу бакыранкы келген сулуу аялды Санжар абдан кылдаттык менен байкап отурду. Бул аял жонокой аял эмес болсо керек, бир байдын же мамлекеттик чиновниктин аялы болсо керек деп ойлоп жатты. Азыр эле сулуу экен, жаш кезинде абдан сулуу болсо керек. Суротчу тартып койгондой суулуу экен. Ушундай сулуунун эмне проблемасы бар болду экен, ушундай татынакай айымдын башын эмне кыйнап жатат. Эгер бул аял менин жанымда болсо мен эч качан козунон жаш агызбай, чан жугузбай аяп карайт элем. Кызык, бир татынараак аял корсок эле биз эркектер озгоруп калабыз. Анын чоо-жайын билбей, аты-жонун билбей, ал учун кол жетпеген асмандан жылдызды алып бергенге даярбыз,- деп ичинен бир улутунуп алды.
Эшик ачылып Эркин Мамбетович кирип келди. Тиги айымды коруп копко тиктеп турду. Эркин Мамбетовичтин кирип келгенин катуу ойго кирип кетен айым байкаган жок.
- Гулу? ..Сенсинби?!
- Эркин, ооба мен, кайда журосун?,- деп ыйлап жиберди.
Эркин бат-баттан басып келип Гулуну кучактап калды, башынан сылап аны сооротуп жатты. Бир убакта аны жетелеп озунун кабинетине алып кетти. Санжар учун бул абдан кызык окуя болду. 1 жылдан бери Эркин Мамбетович менен иштеп журуп, анын мындай жумшактыгын коргон эмес. Тиги айымды акырын кучактап, анын чачын назик сылаганы Санжарды тан калтырды. Бул айымды коргондо анын шефи абдан озгоруп кетти. Анын дайыма сурдуу жузу, бурколуп турган кабагы ачылып, коз карашы жумшарып ушунчалык жароокер болуп корунду. Ммм...Эркин Мамбетович деле бизге окшогон адам экен да, ал деле бизге окшоп боорукер болот экен,..кызык, мага баарыбир деле кызык болуп жатат, менде коп суроо пайда болуп жатат, ким жооп берет...
Столдун устундогу телефон шынгырап калды. Санжар, мага бат келе калчы,- деген шефинин унун угуп ал кабатырлана тушту. Эмне болуп кетти бир паста, - деп озунон озу сурап кабинеттен бат-бат басып чыгып кетти. Эшикти ачып кирип келди да, тиги сулуу аялдын кабинетте жок экенин байкады.
- Эркин, кел,кир! Отур!-деген шефинин уну катуу чыкты. Жарым саат мурда коргон Эркин Мамбетовичтен эч нерсе калбады, баягы эле каардуу шефтин маскасын кийип, абдан ойлуу отуруптур.
- Билесинби Санжар, сен менин алдымда бир жылдан бери иштеп жатасын. Коп нерсени уйрондун, коп сынактан оттун. Менин оюмча, сен азыр жалгыз иштегенге даярсын. Мен сага жумуштун баарын откоруп берем, бугунтон баштап сен озуно-озун шеф болосун.
- Кандайча Эркин Мамбетович? Мен тушунбой турам.
Ал суроосуна жооп алган жок. Эркин Мамбетович созун улантып жатты:
- Менин жакын адамдарыма менин жардамым керек болуп жатат, мен эми оз жолум менен кетейин. Сага тапшырмаларды интернет аркылуу жонотуп турам,- деп Санжарга кабинетинин ключун берип, столдун устундо биринчи тапшырмалар жазылуу. Сени менен байланышка озум чыгамын, мени менен кабарлашам деп ойлобо, издебе деп устунку кийимин кийип сыртка чыгып кетти. Санжардын, Эркин Мамбетович, агай...деп чакырганын уккан да жок.
Санжар кабинетте бираз унчукпай отурду да, анан агайынын кабинетин кулпулап озунун кабинетине кетти. Кечке документтерди ирээттеп отурду. Олуттуу бир жумуш жасайын деп эч нерсе жасай алган жок. Эркин Мамбетович менен иштегенден бери бир тушунуксуз нерселер боло баштады, кееде озун белгилуу “сыщиктердей” коруп кетчу. Эркин агайынын тушунуксуз кыялы аны башында ар турдуу ойго салып журду, кийин конуп да калган. Бирок...бугунку бир кызыктай окуя, аны катуу кабатырландырды. Гулу деген ким, агайы экоонун ортосунда эмне бар, балким тууганыбы?.. тушунуксуз.. .
Санжардын оюн анын телефонуна келген звонок бузуп койду. Карындашы экен. Карындашы Санжардан 4 кичуу, Улуттук университеттин журналистика факультетинин 3-курсунда окучу. Байкесин кечинде даамдуу тамак жасап уйдон кутом, коп кеч калбай келиниз,-деп кайра телефонун очуруп койду.
Карындашы Жазы, орто бойлуу, бираз болугураак жана абдан келбеттуу эле. Артынан жигиттер чуурулуп эле ээрчип журчу. Уч жылдан бери Акыл деген жигит менен достошуп, окуусун бутушсо экоо баш кошуп, чон той беребиз деп умут кылып журушкон кези. Сабактан чыгып алып уйуно келип тамак жасай баштады. Жалгыз байкесин абдан сыйлачы,жана жакшы корчу. Байкеси менен кошо эжекесин жана жездесин уйго кечки тамакка чакырып коет.
Санжар машинасына отуруп кетип жатып Эркин агайы бугункуго берген тапшырма столдун устундо деп айтканын эстеп кайра кабинетке келет. Ал тизмени кылдаттык менен окуп чыгат. Тизмени эн башынан баштап аткара берейин деп чыгат. Биринчи болуп компъютердин ичиндеги информацияларды жок кылыш керек, катуу дискин талкалап салыш керек эле. Дагы эле Санжардын башында жоопсуз суроолор туулуп, жооп алалбагандан кийин коп ойлонбостон тапшырмаларды аткарууга киришет. Компъютерди жандырып бир четинен ичиндеги документтерди очуро баштайт. Папкалардын баарысын тазалап чыгат. Катуу дискти неге талкалап салыш керек, комптун ичинде бир да документ жок,-деп ойлонот. Эркин Мамбетович- катуу дискти жок кылыш керек дегенин кайра окуп чыгып,ал ишти эртен жасайын, мен бул жакты жакшы тушунбойт экенмин, билген бироо жарымды чакырайын деп ойлойт. Кабинетте копко чейин кармалып калат, эшикте карангы кирип калганын коруп, Жазы да кутуп калды болуш керек, эртереек уйго барайын деп компъютерди очуро баштайт. Кутулбогон жерден эшик ачылып 2 киши кирип келет. Бироосу 40-тар чамасында, узун бойлуу, кара кийим кийген, ону кыргыздарга окшобогон киши, ал эми экинчиси жаш,25-30 жаш чамасында орто бойлуу, ону серт адам болот. Алар кирип учурашпастан Эркин Мамбетовичти сурашты. Анын жок экенин билип, качан келеери белгисиз экенин угуп алышып кетпей турушту. Улуу кишиси кабинетти бир сыйра кылдаттык менен карап, компъютерге козу тушту. Санжарды карап:
- Эркин Мамбетовичтин компъютериби?
- Ооба, эмне болду?
- Корсом болобу?
- Жок, болбойт.
- Эгер жакшылап ойлонуп корсончу?
- Кечиресиздер, сиздер кимсиздер? Эмне иш менен келдиниздер?
Балким мен жардам бере алаттырмын?
- Кечирип кой балакай, бизге Эркин Мамбетовичтин озу керек,-деди жашыраагы.
- Эркин Мамбетович жакын арада келбейт болуш керек, бул ишканада иштебей калды,-деп жооп берди Санжар.
- Билебиз иштебей калганын,- деп экоо бири-бирин карап кулуп алышты.
- Кечиресиздер, мен уйго кетишим керек, жумуш бутту бугун. Кабинетти бошотосуздарбы, -деп суранды ал.
- Макул, жумушун бутсо биз сени коп кармабайбыз, уйуно кете берсен болот, - деп дагы каткырышты. Кабинетти биз жаап кетебиз.
- Жок, азыр сиздер кабинетти бошотосуздар, же болбосо...
- Же болбосо...эмне? ! Сен бизди коркутуп жатасынбы балакай?- дешип экоо ырсандап Санжарда коздой басып келишти. Ошол убакта эшикти ачып,- Санжар, кеттикпи? - деп эки коллегасы кирип келишти.
- Азыр балдар, бул мырзалар кетип жатышат, узатып койойун деп, тиги эки кишиге колун сунуп калды. Саламатта барыныздар, эгер дагы менин жардамым керек болсо кайрылып турунуздар, биз жардам бергенге дайым даярбайбыз. Жакшы барыныздар мырзалар, –деп эшикти корсотту. Улуурагы Санжардын колун кысып,унун акырын чыгарып,- биз сага эмес, сен бизге кайрылып калышын мумкун балакай. Карындашын уйдо жалгыз калды, батыраак бар,- деп бат-бат басып кабинеттен чыгып кетишти. Кайдан билет менин карындашым уйдо жалгыз экенин, деги булар кимдер,- деген суроолор Санжардын башын мыкчып жатты. Коллегаларына азыр чыгаарын айтып, машинасынын ключун берип озу кабинетте калып калды. Процессорду чачып ичинен катуу дискин алып, аны сумкасына салып алды. Процессорду ачпагандай кылып кайра жаап, анан сыртка чыкты. Коллегаларынын барып чогуу тамактаналы деген сунушун кабыл албай, уйуно шашылды. Жанагы кишилердин карындашы жонундо айтканы аны катуу кабатырландырды. Уйуно бат эле жетип келди, уйун оз ключу менен ачып, уйунон эжекесин, жездесин, карындашын коруп эс алып калды. Алар менен чогуу отуруп, бугун кечке болуп откон тушунуксуз нерселердин баарысы бир жакка учуп кеткендей болду. Ата-энесинин уйундо, бир туугандары менен жакшы эс алып жатты. Бир убакта Санжарга офистен чалышып аны тез аранын ичинде жумушка келип калуусун суранышты. Санжар жумушка кетип жатып, карындашын эжесинин уйуно барып жатышын суранат. Андан кийин сумкасындагы Эркин агайдын компъютеринин катуу дискин атасынын гаражына катып коюп кетет. Жумушка келсе милиционерлер бар экен. Эркин Мамбетовичтин кабинетине бироолор кирип, бут баарын чачып, компъютери талкалап кетишкен экен. Санжардын келгенин коруп милициянын кызматкери ага кайрылып толтура суроолорду берип жаадырып жатты. Кобунчо Эркин Мамбетович жонундо коп суроо беришти. Бир убакта чонтогунон коп суротторду алып чыгып, ага четинен корсотуп жатты. Ал суроттордо Эркин агай менен эртен менен офиске келген Гулу деген айым экен. Экоонун жакшынакай болуп кол кармашып кулуп турган суротун коруп мен абдан тан калдым. Бул сурот бугун тушкон суроттой эмес, беш алты жыл мурдагы сурот болсо керек деп ойлойт. Алардын ичинен Санжардын козуно бир сурот илинет. Экоонун кучакташып чет мамлекетте тушкон суроту, ал суроттун арткы фонунда бейтааныш адам аларды тигилип карап турат. Негедир ошол адам кызыкчылык туудурду. Бейтааныш болгону менен Санжарга ону абдан жылуу учурап турду. Бирок ал сурот жонундо милиция кызматкерине айтпайт. Бугунку болуп откон башаламан окуялардын баарысын озум чечмелейм деп ойлойт. Милиция кызматкерлери офиске бугун эч кимдин кирбеш керек экенин айтып, кароолчуга жакшылап дайындап коюп кетет. Санжар бошоп алып кайра ата-энесинин уйуно келет, негедир сырткы эшик ачык, уйдун ичинде эч ким жок, бут болмодо свет куйуп турат. Эжеси менен карындашын чоочутпайын деп жездесине чалып болгон ишти айтып берет.

Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 22 Январь 2013 - 18:55

Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   AeCHka   23 Январь 2013 - 02:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

- Мен озум баарын очуруп, сырткы эшикти да озум жапканмын. Эч нерсе жоголбоптурбу Санжар?

- Жок, менимче эч нерсе жоголбосо керек. Балким менин келгенимди коруп качып кетишкендир.

- Санжар, азыр телефон менен суйлошуп жатып эшикке чык, бат чыгып машинага отуруп мени кутуп тур. Мен машинага отуруп жатам, азыр бат эле барып калам сага.

- Жок жезде, убара болбонуз. Азыр мен карап чыгам озум эле.

- Чык дейм эшикке! Айткан тилди угуп койсон.

Жездесинин акыркы созун Санжар уккан жок, анткени аны артынан келип бироо чыкыйга чапты. Жездеси телефондон “дук” деп чыккан унду угуп ого бетер машинасын катуу айдап жоноду. Жолдо келе жатып кайнатасынын жумушуна чалып, аларга баарын тушундуруп айтып жардам сурады. Жездеси менен кошо милиционерлер да келип калышты. Уйдун ичине киришип баарын тинтип чыгышты, Санжардан дайын жок. Уйдун баары антарылган, баары чачылган. Коп узабай Санжардын атасы чалып, куйоо баласынан эмне болгонун токпой-чачпай утур точкалары менен айтып беруусун отунду. Куйоо баласы озу билген маалыматты айтып берип, уйду кайтарууга уч милиция кызматкерин калтырып оз уйуно шашылды. Кудай жалгап уйундогулор уктап жатышыптыр. Эки жагын карап, уйуно озунун инисин чакырып, ага баарын тушундуруп айтып, озу кайра чыгып кетет. Иниси артынан чыга калып:
- Руслан байке, женем сураса эмне деп айтам?
- Жумушка чакырып кетишти де. Башка эч соз айтпа. Дарбазаны жаап, итти бошотуп кой,-деп сыртка чыгып кетти. Машинасынан эки-уч адамга чалып аларды Санжардын уйуно чакырды.
- Руслан, эмне мынча шашылыш чакырдын?
- Тун жарымына карабай чакырганында бир иш бардыр да Миша, бираз чыдай турсан азыр угабыз оз оозунан.
- Сен дайыма туура суйлойсун Бокин. Кулак сенде Рус, айта бер.
- Рахмат балдар келгенинерге. Кыскасы мындай. Санжарды тааныйсынарда, менин кайним.
- Ооба,айта бер,- экоо чогуу жооп беришти.
- Аны бироолор уйдон уурдап кетишти. Бир саат мурда. Санжар уйдо отурганда жумушка чакырып кетишти, алардын офисине ууру кирип, компьютерди талкалап кетишиптир. Ал жумушка кетип жатып балдызымды ала кеткиле уйунорго деп кеткен. Санжар кетеери менен кыздар столдун устун жыйнап бутуп, болмодогу светтерди очуруп, дарбазаны жакшылап жаап анан кеткенбиз. Санжар жумушта уч саттай кармалып калат, туз эле уйго келсе дарбаза ачык, бут болмонун баарынын свети жанып турган экен. Мага чалып баарын айтып жаткан, мен эшикке батыраак чыгып кет, балким уйго кирип келгендер Санжар келгенде уйдун ичинде болуш керек деп айтып жатканда мен анын телефонунан бироонун кулаганын уктум. Ошол барабар анын телефону жооп бербей жатат.
- Эрмек Кубатович билеби?
- Албетте, ага айтпай койсок болбойт болчу.
- Уйдон эмне издегенин сен албетте билбейсин, туурабы?
- Туура, билбейм. Бирок бул Санжардын жумушу менен байланыштуу экенин мен анык билем. Анан туздон-туз шефи Эрмек Мамбетович да шаарда жок азыр, анын да кайда экенин эч ким билбейт. Тан атпай аны сурап Гулу деген айым келиптир. Ал кеткенден кийин Эрмек Мамбетович да кеткен барабар жок.
- Эмнеден баштайбыз жумушту, ойлондунбу?
- Ооба, бир сааттан бери ойлонуп жатам. Санжардын уюлдук телефону очук болуп жатат, эгер жандырып калса эле анда аны тапканыбыз ушул дегиле. Кайнатам экообуз туулган кунуно белек кылып ага айтпай соткасына “жучок” коюп койгонбуз.
- Ал жонундо Санжар билбей калды дейсинерби?
- Ооба, билип калды, бирок бироосун эле. Эртеси куну ал “жучокту” бизге айтпай алып салган. Экинчиси да бар экенин билбейт, аны издесе да таппайт. Менин тилегеним соткасын бироо жарым жандырып калса экен.
- Даа Рус. Сенин кайнатан менен кайнин экоо бири-бирине абдан окшош. Так, эмне тапшырма бизге?
- Чонтогунон эки сурот алып чыгып столдун устуно тыштады. Бул Алмаз Кенжебеков, суроттун артында уйунун дареги бар. Ал эми бул Азамат Султанов. Булар Санжардын коллегалары. Кечээ жумуштан кетип жатышып Эркин Мамбетовичтин кабинетинен эки адамды корушкон.Алардын келбети бул балдарга ишенич туудурбай, негедир ушунчалык подозрительно корунот.
- Тушундук, бул балдардан болгон маалыматты алып келишибиз керекби?
- Жок, бул балдар да юристтер эмеспи. Санжар бул балдарды коп мактачы, аларды алып эртен менен сегизде ушул жерден кайрадан жолугушабыз. Силерге уйдун ключун берем, менде дагы бар. Менден мурда келсенер балдар суйлошуп, фоторобот тузо бергиле.
- А эмнеге жумуштан жолукпайбыз?
- Жумуштан жолукканга болбойт, бул жонундо эч кимге билгизбей так жана тынч иштешибиз керек. Бул жерде менин оюмча коп адам байланыштуу болуш керек.
- Ок, шеф, баарын тушундук. Тапшырманы аткаруу учун уруксат бериниз.
- Кеттик балдар, биздин бир эле саат убактыбыз бар, бачым иштегиле.
Тапшырманы алып баары таркап кетишти. Руслан Эркин Мамбетовичтин уйуно жоноп кетти. Негедир Эркин агайдын дарбазасы да ачык экен. Дарбазага баш багып, тыпыйган уйду корду. Свети очук, уйдун сыртында кулп илинип турат. Терезеден уйдун ичин карап, уйдо бир караан жургондой козуно корунуп кетти. Эшик сыртынан жабылып турса, терезелердин баарында темир торчолор, тиги адам кайдан кириши мумкун деген ой келди. Уйдун артына отуп барып терезеден караса ал жактан да караан корунду. Болду-болбоду уйдо бироо бар деп артка басайын деген убакта аны бироо байкатпай башка чапты...
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   AeCHka   23 Январь 2013 - 14:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кыймылдабай жаткан Русландын жанына бироо басып келип бетине суу чачып жиберди. Чоочуганынан эсине келген Руслан козун ачып эки жагын шашкалактап карап, алдында турган кишиге козу тушту. Ойдо турайын десе колу-буту байланган экен. Аракет кылыш бекер экенин тушунуп, тиги адамды кылдаттык менен карай баштады. Азырынча ага тиги киши так корунбой, кееде эки учоо болуп корунуп жатты. Ал басып келип Русланга бир нерсе жыттатты. Козу чайыттай ачылып кеткендей болду.
- Сиз кимсиз, жана эмнеге мени жыга чаптыныз?
- Менимче...сиз суроо бере турган абалда эмессиз. Балким менин суроомо жооп бересиз, кандай дейсиз?
- Угуп жатам.
- Сиздин бул жерге келген максатыныз?
Руслан эки жагын караса уйдун ичинде экен. Тиги киши мени жыга чаап анан уйго суйроп кирсе керек. Уйдун ичи таза, иреттелуу, бир жерде ашыкча эч нерсеси жок, абдан жылуу экен. Столдун устундо эки чай чыны, момпосуй, печенье, быштак каймак менен турат. Ушунчалык ичке жана тегиз кесилген нанды коруп бул уйдун ээсинин кандай киши экенин байкаса болот. Жумушуна тын, ото тын...ар бир документи оз ордунда турган, кабинеттин ичинин тазалыгынан анча-мынча аялдар оздору уялат...анан коп суйлобосо да ар созго маани берген, алдында иштегендер болсо аларды озундой болсун деген тажаткыр адам болсо керек деп ойлоп койду. Эки чыныны коруп бул адам жалгыз эмес экен деп тыянак чыгарды.
- Уйдун ичин изилдеп чыккан болсонуз менин суроомо жооп кутуп жатам.
- Мен Эркин Мамбетовичти издеп келгем.
- Эмне максат менен издеп келдин?
- Мага ал кишинин жардамы керек болуп жатат.
- Ммм...Сен кимсин? Атын?
- Руслан Жакеев, шаардык прокуратурада иштеймин.
- Наамын?
- Капитан юстиции.
- Санжар сага ким болот?
- Менин келинчегимдин иниси
Тигил адам Русланга жакын басып келип колун бошотту. Ал эми бутун Руслан озу чечти. Ал адамдын сунган колун кармап ойдо которулду.
- Менин атым Эркин Мамбетович.
- Руслан Жакеев. Кубанычтамын.
- Кечирип кой, ушундай абалда таанышып калдык экообуз. Сен мага ишенич туудурган учун мен сага озумдун ким экенин айттым
- Рахмат сизге.
- Айт эми, менден эмне жардам керек?
- Санжар жок болуп жатат. Кечее сиздин офисти бироолор талкалап кетишкен, анан Санжардын ата-энесинин уйун антарышып аны уйдон алып кетишет. Ошол барабар ал менен байланыш узулду. Уюлдук телефону очук. Ошондуктан сизди издеп келгенмин. Бул Санжар менен болуп жаткан окуя сиздердин жумушунуздарга тиешеси бар экени анык. Сиз кандай деп ойлойсуз?
- Мдаа...баары болушу мумкун Руслан, баары болушу мумкун. Башка соз суйлобостон экинчи болмого кирип кетет, колуна кичинекей кутуча которуп чыкты, ичинен уюлдук телефон чыгарып:
- Бул телефонду эч ким корбошу керек. Бул жерде 4 эле номур бар, биринчини бассан мени менен байланышасын. А сени менен озум байланышып турам. Эгерде Санжар аман-эсен болсо, менин тапшырмаларымды конул коюп окуган болсо озунун кабинетинен столдун алдында скотч менен чапталган телефонду табат. Сен барып оз ишинди аткара бер, мени менен байланышканынды эч ким, эч ким билбеши керек, жада калса сенин кайнатан дагы. Тушунуктуубу?

- Эмнеге Темирбек Сманбекович билбеши керек?

- Анткени ал адам мамлекеттик жумушта иштейт, аны сен жакшы тушуносунда.

- Тушундум, башка суроо жок менде. Кетууго уруксат бериниз.

- Уруксат! Жононуз батыраак!

- Жарайт Эркин Мамбетович! ,- деп шашылыш сыртка чыгып машинасына отурду. Башынын дагеле тегеренип жатканын басып кетип жатканда байкады. Токтоп калуудан уялды, артынан эки коз эмес, торт коздун аны карап турганын сезди. Уйдун ичинде ким бар болду экен Эркин Мамбетовичтен башка? Унчукпай угуп туруп мени кетирип жиберди. Мен ал кишини мага жардам береби деп издеп барганмын, эч пайдалуу маалымат берген жок,- деп озунчо суйлонуп анан машинасын жургузуп кетти.

Руслан озунун ишенген эки коллегасы менен Санжардын уйунон жолукту. Ал келгенде кечээ офиске келген эки кишинин фотороботу тузулуу, даяр экен. Фотороботту алып жумушуна кетишти. Ар кимиси озу билген булактар аркылуу ал адамдар жонундо маалымат чогулта башташты.
Туну менен жол журуп келген Санжардын ата-энеси чарчаганына карабастан уйуно кирип которунушуп эле жумушуна кетишти. Алар уйго келгенде уйдо уй кызматчысынан башка эч ким жок эле, уйдун баары тазаланып, ирееттелип оз ордуна туруп калган. Алиш кызына чалып, анын сабакта экенин билип анан жумушуна кетет. Темирбек Сманбекович кабинетине киреери менен анын жардамчысы министр аны кабинетинде кутуп жатканын айтты. Уруксат сурап кабинетине кирип келгенде министрден башка дагы эки адам отурганын корот.
- Жолдош министр, милициянын полковниги Сманбеков сиздин буйругунуз боюнча келди.
- Кириниз. Бул адамдар сиз менен жолугуу учун келишти. Булар президенттин алдындагы атайын болумдо иштешет. Эмне жумуш экенин оздору азыр тушундуруп беришет дейт министр.
Жанатан бери Санжардын атасын кылдаттык менен карап отурган экоо эми жандана тушкондой. Бироосу отургучту корсотуп:
- Сиз отурунуз, биздин маегибиз копко уланат корунот,-деп айтып, экинчисин карап эшикти жаап коюуусун отунот. Алар айткандай эле бир сааттан кийин министрдин кабинетинен Темирбек Сманбекович ону кыпкызыл болуп чыкты. Чыгып эле мойнунда тагылып турган галстугу анын демин кысып жаткандай аны чечип салууга аракеттенип жатты. Басайын десе бутунан бироо ошол жерге кагып койгондой анын тилин албай, жаны басып жаткан баладай тамтан басып бара жатты. Анын бет мандайынан чыккан куйоо баласын тааныган жок. Анын ата деп кайрылганын да, учурашканын да укпады. Бир-эки секунд ойлонуп кеткен Руслан кайнатасынын артынан барып, аны жетелеп кабинетине алып кирип кетти. Суу берди атасына. Бираздан сон кана кайнатасы озуно келди окшойт, Русланды коруп:
- Сен кайдан келдин? Эмне жанылык бар? Санжар кайда?
- Колумдан келген аракеттин баарын жасап жатам, буюрса кечке бир дайын билип калабызго деп ойлоп жатам.
Темирбек Сманбекович башка суйлогон жок. Жардамчысын чакырып кагаз алып келчи деди. Жардамчысы Канат деген жигит Темирбек Сманбекович менен 4 жылдан бери иштейт. Жумушуна тыкан, коп нерсени алдын ала билип, бат жана таза жумуш аткарганы шефине жакчы. Анын азыр эмне жумуш береерин, эмне деп айтаарын сезип турчу. Юридикалык окуу жайын бутоору менен анын атасы Темирбек Сманбекович менен суйлошуп ушул жумушка киргизип койду эле. Мына ошол убактан бери торт жыл отуптур.
Канат кагазды алып келип Темирбек Сманбековичке берди. Ручканы алып бир нерсе деп жазайын деп токтоп калды. Куйоо баласын карап,- Руслан, сен бара бер азыр. Сени менен кечиреек байланышам. Мага чалба, уйго барба. Сени озум табам,макулбу?
- Жарайт Темирбек Сманбекович! Кайнатасына эч качан ашыкча суроо бербеген Руслан жумуштун чатак экенин дароо эле билди. Сыртка чыгып дукондон жаны 8 телефон сатып алды, ага номурларды дагы алды. Ар бирине катар номур коюп, аларды азыртан баштап иштетууну чечти. Эгер кайнатасы жумуштан кетип жатса, анда баардыгыбыз этият болушубуз керек, ар бирибизди коркунуч кутуп жатат деп ойлоду. Аялына эски телефонунан чалып, жумушунан уруксат сурап сыртка чык деди. Аны машинасына салып алып Жазынын окуу жайына барып, андан сон кайненесин да жумуштан алышып чогуу Санжардын уйуно келишти. Русландын бет мандайында отурган 3 аялды карап отуруп, болуп жаткан окуяны эстеп ишенбей турду. Бул окуя биз менен эмес, кинодо башка каармандар менен болуп жаткандай, болбосо тушундо коруп жаткан жаман туштой сезилип жатты. Кайненесинин, - Руслан, эмне болду, тынччылыкпы деги, Санжар кайда,- деген создору аны реалдык жашоого алып келди.
- Силер эч кабатыр болбогула, атам экообуз бут баарын тез аранын ичинде чечкенге аракет кылабыз.
- Руслан, тушунбой жатабыз, эмне деп эле суйлоп жатасын,- деп келинчеги кыйкырып жиберди.
- Чолпон, акырын, суранам сенден. Азыр мен баарын тушундуруп берем. Учоо тен Русланды кунт коюп угуп жатышты. Уккан кулактарына ишенбей, ар турдуу жаман ой башка келип, коздорунон жаш агып жатты. Аны коруп туруп Руслан аларды кантип соороторун билбей, кантип аларды мурунку тынч жашоосуна кайрып келеерин билбей ичи ачышып, журогу жарылайын деп жатты. Бирок...бул реалдык жашоодо болуп жаткан нерсе, азыр эн башкысы ушул уч айымды кордук корсотпой сактап калуу. Эгерде кайнатасы жумуштан кетпегенде анда башкача болоор эле, азыр эми...баары Кудайдын колунда, болгону алдын ала сактанып коюуу ашыкча кылбас деп ойлонуп баарын чечип койгон.
- Руслан, Санжар тируубу,-деп кайненеси сурады.
- Чынын айтсам аны эч ким билбейт, биз иштеп жатабыз анын устундо.
- Качан болду бул нерсе?
- Бугун тундо.
- Биз эмне кылышыбыз керек азыр. Бугун кечке ушул уйдо отурасыздар, кечинде келип башка паспорттор менен мен сиздерди Москвага жонотом.
- Биз кийим кечек алабызбы?
- Жок, баарын Москвадан сатып аласыздар. Акча карточкада болот. Сиздерди ал жактан тосуп алышат, жайгаштырууга жардам беришет.
Азыр мага соткаларыныздарды бересиздерби?
- Эмнеге Руслан,-деп аялы берген суроого жооп бербестен анын колундагы телефонун алып аны жерге бир чапты. Жазы менен кайненесиникин да ошондой кылды. Мен силерге башка телефон берем, Москвадан жаны номур алып беришет. Ал телефондон мени менен жана атам менен кана байланышасынар. Телефондун ичинде бизди катар номурлар аркылуу табасынар. 1-атам, 2- мен, 3- Канат. Башка эч ким менен суйлошууго уруксат жок. Сиздер тынч болсонуздар, бизден алыста болсонуздар кана биз Санжарды таап, жумуштун баарын бат бутургонго аракет кылабыз. Тушунуктуубу?
- Тушунуктуу, - деп жооп беришти учоо тен. Жазынын аны карап суроо бергиси келгенин сезип, мага номурун бергин, озум байланышып тушундуруп коем,макулбу Жазы деди.
- Макул, мен кагазга жазып кетем.
- Азыр уйдо каласынар, менин жумуштарым коп. Уйдон эч жакка чыкпайсынар, уй телефону менен эч кимге чалбалыга, чалса албагыла,- деп жакшылап дайындап анан кетти.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   AeCHka   24 Январь 2013 - 00:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Руслан Санжардын уйунон чыгып бара жатканда Бокин чалды. Жолугуш керек, кайдасын,-деп сурады.
- Жумуштарым менен журом. Кайдан жолугалы?
- Менин офисиме келип калсан, азыр,ок?
- Жарайт! Бокиндин офисине бараардан мурда артынан андыган эч ким жокбу деп текшериш учун шаардын борбору тарапка айдады. Бокин, Миша, Канат, Руслан бала кезиндеги достордон эле, тортоо тен бир балдар уйунон болот. Бири-биринен башка жакын адамдары жок болчу. Тортоо чогуу бир окуу жайына тапшырышып, чогуу бутурушкон. Канат андан ары да окуусун улантам деп Москвадагы окуу жайга тапшырып отуп кетет. Калган учоо Бишкекте жумушка киришип, бир отделге тушот, учоолоп кыргыз элинин жашоосун женилдетели, кочолорду жаман адамдардан тазалайлы, балдарыбыз учун коркпой жашайлы жана у.с. коптогон жакшы иштерди жасайбыз, бул милдетибиз, ант беребиз деп учоо суйлошушот. Андан бери коп жыл отуп, азыр тортоо тен уй-булолуу. Русландан башкасынын 2 ден балдары бар. Уч достун ичинен эн кеч уйлонгону Руслан болду. Ал жумушунда талбай иштеп, элибизди коптогон мыкаачы-каракчылардан сактап журуп жумушунда дагы жакшы наамга жетишти. Жашы 42 келди, келинчегинен 13 жаш улуу. Уйлонгонуно 2 жыл болду. Кайнатасын тартып келинчеги да милицияда иштечи. Атасы канча аракет жасап ал жумуштан баш тарттырайын дегенине карабай Чолпон ички иштер академиясын окуп бутуп, канча жылдан бери жашы жете элек балдар инспекциясында эмгектенип келет. Канат окуусун аяктап Москвада иштегени калып калган. Ошол жактын орус кызына уйлонуп, 2 балалуу болду. Азыр бир болумдун чону, юстициянын майору. Русландын жакындарын Канат тосуп алып жайгаштырмакчы. Бокиндин оз аты Болот, жашы 41-де. Аялы жана 2 баласы бар. Мамлекеттик жумуштан сырткары дагы жеке сакчылардын агентствосу бар. Ал эми Миша, улуту орус болгону менен таза кыргызча суйлоп, башкача айтканда тушту да кыргызча корчу. Балдар уйуно Руслан, Канат, Бокинден кийин келген. Жаны келгенде оз жашынан ото эле кичинекей корунгон, иймийген арык жана абдан оорукчан бала болчу. Коп балдардан канча деген токмок жеп журду. Русландар оздоруно дос кылып алышкандан кийин кана анын жашоосун тозокко айланткан балдар тийишпей калышты. Азыр эми озунун бир кыз, бир уулу бар, аялы кыргыз кызы болот. Мына ошол убактан бери канча деген суу агып тушуп, кун менен тун алмашып, жыл жанырып келет. Алар бири-бирине абдан ишенишчи, биринин оорун колдоп алып, женилин жерден алып жакшы колдоо корсотуп келишет. Негедир Русландын коз алдына бала кезиндеги убакыттар келип, катуу ойлонуп шаарды кыдырып журду. Жарым саат журуп, артынан кайтарган эч кимди корбогондон кийин досунун офисине келди. Машинаны бир квартал ойдо койуп, андан бери жоо басып келди. Мишанын машинасын коруп, офистин ичине кирди. Эки досу кофе ичип отурушкан экен, Русланды коруп ага да ысык кофе куйуп, торго отуп отур деп ойдо откорушту.
- Кандайсынар балдар, не жанылык?
- Иш баш аламан. Эч нерсе тушунуксуз. Эч ким эч нерсе билбейт, эч нерсе угушкан эмес, корушкон эмес,- деп Бокин айтып жатты.
- Чынында иш чатак,- деп созун баштады Руслан. Менин кайнатам бугун жумушунан кетти.
- Кандайча Рус, аны жумуштан кетириштиби? ,- деп достору тан калып карап калышты.
- Билбейм...менимче Темирбек Сманбекович озу отставкага кетип жатат окшойт. Аны эч ким жумуштан кетире алышпайт болчу. Аны эртен менен министр чакырыптыр. Кабинетинен президентке караган атайын болумдун адамдары менен тааныштырыптыр. Жабык эшиктин артында бир сааттай баарлашуу болгон. Министрдин кабинетинен Темирбек Сманбекович ону кыпкызыл болуп, ушунчалык жини менен чыкты. Коридордон мени тааныбай отуп кетти, ишенесинерби? Менде аргасыздан мындай ой кетип жатат,-деп Руслан ойлонуп калды.
- Айт, айт, токтобо. Эмне ой?
- Менин оюмча кайнатама озуно жакпаган, озуно эч качан уруксат бербеген...болбосо оз жакындарынын жашоосуна зыян келтире турган бир жумуш сунушташты окшойт деп мен тыянак чыгардым. Мага чалба, издебе, озум байланышам, азыр оз жумушунду бутуро бер деп мени кетирип жиберди.
- Анан, анан эмне болду?
- Мен алдын ала сактык коруп, кайненемди, келинчегимди жана балдызымды жумуштарынан алып башка уйго жашырып койдум. Паспортторун жасап жатышат, туну менен аларды Москвага Канатка жонотушум керек. Кайнатам иштеп турса да алар учун коркунуч жок эле, азыр эми баардык нерсени кутсо болот алардан.
- Ммм...даа, чынында иш чатак балдар,-деп созду Миша алды. Эгерде биз билсекчи кимдер менен алп урушуп жатканыбызды, билбей колубуз бош болуп жатпайбы.
- Ооба Миша, биз билбейбиз кимдер экенин. Бирок жакшылап ойлонуп корсок...бул жерде коп адамдар аралаш.. Менимче президенттик аппараттан да бар болсо керек. Эгер Санжарды тапсак анда баарын билет элек,- деди Бокин.
- Ооба, Санжарды созсуз табышыбыз керек. Эгерде тируу болсо эле жер чукуп да болсо табабыз балдар,- деп Миша ордунан тура калды.
- Санжар, Санжар, Саку...кайсы ажыдаардын куйругун басып алдын болду экен бала? Тируу болсон аракет кылып мага байланышка чыксан боло...-деп озу менен озу суйлошуп жаткан, бир убакта эстей калып, сумкасынан 2 телефон алып чыгып досторуна берди. Мен 2 номурдамын, Бокин сен 4, Миша 5-номурдасын. Бири-бирибиз менен ушул телефондор менен кана байланышып турабыз.
- Ии баса рус. Сени эмнеге чакырганыбызды унутуп калган турбайлыбы?
- Угуп жатам балдар.
- Жанараак вызовко чыкканбыз, киши олтуруу болуптур. Бейтааныш бироонун олугун парктан табылды. Ал ишке биздин тиешебиз жок эле, бирок...биз учун ар бир маалымат пайдалуу. Балким Санжарбы деп да ойлодук...
- Анан?
- Анан ал адам кечээ Санжардын офисине келген эки кишинин бироосу экен. Балдар тааныды.
- Кайсы балдар?
- Санжардын коллегалары. Алмаз менен Азамат.
- Мдааа...мына кызык. Демек, ашыкча адамдарды жок кыла башташты окшойт. Булар издеген нерсесин табыша элек болсо керек. Ошондуктан балдар абдан сак болгула. Алмаз менен Азаматка айтып койгула, бат аранын ичинде шаардан кетип калышсын. Сактыкка кордук жок дейт эмеспи, бугунтон калбай кетишсин. Макул эми, кеттик. Калганын жаны телефондор аркылуу суйлошуп турабыз. Эч нерсе болбогондой болуп жумушунарды жасай бергиле. Эгер мен жонундо бироо жарым сурап калса мени эртен менен жумуштан коргон боюнча королексинер, ок? – деп кол алышып Руслан биринчи чыгып кетти.
- Бокин, Русландын артына байкатпай сакчылардан койуп коелу. Сенин балдарын туура келишет болуш керек, 2-3 машина менен алмак-салмак кайтарышсын. Ал билип калып туура эмес ойлоп калбасын,- деп Миша сунуштады.
- Туура Миша. Мен да ошону ойлонуп жатам. Чолпондор менен Алиш Муктаровна Санжардын уйундо болсо керек. Ал жерге азыр 2 бала жиберип коелу. Сырттан машинада байкап отуруп турушат.
- Балдарын жетеби, же Аликтен жардам сурайлыбы?
- Сурайт окшойбуз Мишунь, ал братанына сен кайрылсан туура болот. Мен балдарымды чогултуп алар менен суйлошуп ордуларына жибере берейин, сен Аликке барып кел.
- Макул дос, мен кеттим. Далбастабай этияттап баардык нерсени байкап журсон. Санжардын уйуно туз барба, артындан куйруктарды ээрчитип алба.
- Жарайт Мишка! Сенде сак бол, озунду жакшылап кара. Слушай, Чолпондун синдисинин жигити Аликтин командасында эмес беле,туурабы?
- Туура...мен ойлогонду сен да ойлоп жатасынбы? Русландан тил укпайбызбы?
- Жок, кийин рахмат айтат. Макул, кет эми батыраак.
Чолпондун башын коп ой ээлеп, бир убакта башы ооруп чыкты. Басып барып терезеден сыртты карап турду. Кичинекей балдар кар менен урушуп ойноп жатышты. Бир убакта машина келип токтоп, ичинен Жазынын жигити тушту. Балдарга бир нерселерди суйлоп, колун жансап терезени корсотуп жатты. Акыл жашы 25-теги спортсмен жигит. Грек-рим курошу боюнча кара поястын ээси. Анын тренери Алик Мишанын жакшы санаалаш досунун бири. Жазынын атасынын суранычы боюнча ага кызынын жансакчысы болуп жумушка кирген. Бирок ал жонундо Жазы билчи эмес. 1-курста окуп жургондо бир куну уйуно кетип жатканда бир балдар тийишип, Акыл алардан ажыратып жардам берип анан таанышып калышкан. – Мен ссизди омур бою каракчылардан сактап журууго ант беремин, сиздин жеке жансактагычыныз болуп журойун,- деп тамаша иреетинде айтып таанышышкан. Ошол куну биринчи жолу уйуно жеткирген. Анан бир эки кун сыртынан карап кайтарып журду, кайрадан жолугуусустуденттер кунундо болду. Дискотекадан кокусунан жолугуп калышты. Ошол барабар экоо жакшы тааныштардай, андан кийин кыз-жигит катары журушту. Темирбек Сманбекович башында каршы болуп, анан экоонун суйуусуно ишенгенден кийин кана макулдугун берди. Канча деген сыноодон отту. Созго туруктуу, ишине тыкан бала бара-бара ага жага баштады. Бир чети кызы учун эч кабатыр болбойт. Акыл Жазыны башында акча учун кайтарса, азыр эми озунун болочоктогу жубайы катары кайтарып журот.
Акыл машина менен келип, Чолпон турган терезени корсотуп жатканы ага жага бербеди. Негедир бир коркунуч туудурду. Руслан айтат эле да Акыл келе турган болсо. Тез аранын ичинде ага чалыш керек деп, жаны телефондон 2-номурду басты. Коп куттурбой тиги тараптан:
- Угуп жатам,-деген Русландын унун угулду. Чолпон ага коргонун айтып берди. Руслан келинчегин кабатырланбашын сурап, Акылды озу жибергенин айтат. Силер кеткиче жанынарда болот, мен дагы тынчыраак болом коп ойлонбой. Эшикти ачып киргизип алгыла, анан...терезеге жакын барбагыла,макулбу, -деп трубканы очуруп койду. Руслан телефонунан 4-номурду басып Бокинден- Акылды силер жибердинерби? ,- деп сурады.
- Кечирип койчу Рус, сага азыр чалайын деп жатканмын. Миша экообуз ушуну туура кордук.
- Макул, балким силердики туурадыр. Корушкончо аман бол,-деп телефонун очурду.
Акыл уйго кирип келип баары менен учурашып, эч нерсе болбогондой тамашалап суйлоп жатты. Акырындан ар бир терезеге келип, пардаларын тушурду. Жазынын чай ичесинби деген суроосун да тамашага айлантып, жон жооп бербей уч айымдын маанайын которгонго аракет кылып жатты.

Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 24 Январь 2013 - 00:31

Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   AeCHka   31 Январь 2013 - 05:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Темирбек Сманбекович жумуштан чыгып алып уйуно келди. Телефон номурлары жазылган китепчени алып керектуу номурду издеп жатты. Бир убакта ордунан туруп уйдун баарын карап чыкты. Уй кызматчысын чакырып ага кок чай демдеп беруусун суранды. Мен кабинетте боломун, ошол жакка алып келсен,- деп кабинетке кирип эшигин жаап алды. Телефонду алып жардамчысына чалып, тез аранын ичинде Русланды таап уйго чогуу келгиле деп буйрук берди. Руслан менен Канат келгенде Темирбек Сманбекович креслосунда ойлуу отуруптур. Балдардын келгенин дароо корбоду.
- Салам алейкум Темирбек Сманбекович, биз келдик.
- Салам жигиттер, кел отургула. Кол алышып учурашып, анан кагазда жазылып турган жазууларды алардын астына койду. “Менимче уйдо прослушка бар окшойт,ошондуктан менин берген суроолорума кыска кана жооп берип тургула. Ашыкча эч нерсе сурабай тургула. Андан сон экоонор кетесинер, мен уйдо калам,- деп жазылып турганын Руслан менен Канат окушту да аны акырын ширенке менен орттоп салды.
- Ден соолугунуз жакшыбы ата, Таласка кандай барып келдиниз?
- Жакшы балам, жакшы барып келдик. Рахмат. Менин силерди чакырганымдын себеби, мен оз ыктыярым менен отставкага кеттим.
- Эмнеге ата, пенсияга эртего?
- Ден соолугум болбой жатат, мен тез аранын ичинде ооруканага жатып даарыланышым керек. Анын усутундо Санжар жок дегенинерден мен ойлонуп жатып сахарым катуу которулуп кетиптир. Санжар кайда экен, чалдыбы ал жубарымбек?
- Жок ата, дайынсыз жок ал бала. Бирок Чолпон айтты тундо, ал командировкага кетмек экен, балким кетип калса керек.
- Балким кетип калса керек анда, айтпай-дебей жок болуп кетчу адаты бар эле ал баланын.
- Ошода ата, коп кабатыр боло бербениз. Балким байланышка чыгалбай жатса керек, же баруучу жерине жете элек.
Бир убакта дарбаза ачылып короого кара кийимчен 4 киши кирип келишти. Видеонаблюдениеден алардын келгенин корушуп, Руслан шарт ордунан турду. Темирбек Сманбекович видеону очуруп, тиги экооно акырын деген белгини берип, эч нерсе байкабагандай отуруп калышты. Руслан чонтогунон соктасын алып чыгып Бокинге шашылыш билдируу жазып, анын унун очуруп, кабинеттеги жумшак дивандын бурчуна салып койду. Уй кызматчысы чоочуп кабинетке атып кирди, анын артынан тиги 4 киши кирип келди.
- Саламатсызбы Темирбек Сманбекович, сиздин бираз убактынызды алсак болобу?,-деп чонтогунон кызыл куболугун алып чыгып ага коргозду.
- Саламатчылык! Ушунчалык шашылыш жумушко,ээ уйго чейин келгенинерге караганда? Угуп жатам.
Тигилер Руслан менен Канатты бираз карап турушуп, сиздер сыртка чыгып турунуздар. Азырынча бошсунар,-деп эшикти корсотту.
Руслан озунун куболугун алып чыгып тигилерге корсотуп,- кечиресинер, Темирбек Сманбекович менин кайнатам болот, эмне суроо менен келгенинерди билсем болобу?
- Аа, шаардык прокуратура да бул жактабы?- деп бироосу ууртунан жылмая озу менен кошо келгендерге карап, башы менен бир белги бергендей болду. Тигил учоо Русланга жакын басып келип, бираз тиктеп турушту да, бироосу:
- Журунуз, биз сизге тушундуруп берели, -деди.
- Жок, мага ушул жерден тушундуруунуздорду отуном.
Бироосу кучунун барынча Русланды ичке бир сокту, ал ичин кармап ийилип калганда башка экоосу аны суйроп сыртка алып чыгып кетишти. Алардын баарын коруп турган Темирбек Сманбекович:
- Мен тушунбодум, бул силер эмне кылып жатасынар? Кое бергиле Русланды- деп тигил келген кишиге ачуулу суйлоду. Ал кишиси унчукпай угуп туруп жай кана жооп берди.
- Баары сиздин колдо Темирбек Сманбекович, сиз кандай десениз ошондой болот. Болгону сиз бизге уулунуз Санжардын кайсы жерде экенин айтсаныз эле баары оз ордуна келет. Балким пенсияга чыкканча оз жумушунузда кайра иштей бересиз.
- Санжар! Санжар дейсинби? Сен билесинби ким менен суйлошуп жатасын?
- Билем, ошол учун келдим мен сизге. Эгерде сиз мага жардам берсениз, мен дагы сизге чоооон жардам корсотом. Уй-булонузду Москвага жонотосузбу, же балким андан да алыс алып кетесизби... сиздерге эч ким тоскоолдук кылбайт. Тескерисинче. ..мен озум чуркап сиздерге бут шартын тузуп берип узатып коем. Кандай дейсиз?
- Санжар кайда, аны кайда катып жатасынар бизден?
- Биз дагы ошону билели деп келдик бул жерге. Бизге сиздин жалгыз уулунуз эле керек, тагыраак айтканда, сиздин уулунузда бизге тиешелуу бир “нерсе” бар. Ошону алсак эле сиздер бизден кутуласынар.
- Мен эртен менен келдим шаарга, келсем балам уйдо да, жумушта да жок экен. Уйдон аны бир белгисиз адамдар салып кетиптир машинага.
- Аны сиз кайдан билесиз?
- Биздин короодо кызык нерсе болуп жатат деп тамдын устундо бекинип карап отурган кошуна балдар айтышты. Кара джипке салып кетишиптир баламды, уйдун баарын тинтип чыгышыптыр. Болду-болбоду силер издеген нерсенер тунку коноктордо болсо керек.
- Ошол тунку конокторду тапканга сиз жардам бересиз.
- Кантип?
- Кантип экенин мен сизге уйротойунбу? Илгерки агентурада иштеген жумушунузду эстениз, эгер бизге булактар берген маалыматка таянсак, анда сизде тажрыйба абдан чон. Аа...биз сизге жардам беребиз. Эмне каражат дейсизби, техника...эмне керек болсо баарын алып келебиз.
- Жок, мен азыр илгеркидей эмесмин. Оорукчал да болуп калганмын, карыдым дагы...менден эч пайда жок силерге,- деп Темирбек Сманбекович терен ушкуруп орундукка отура кетти. Аны коруп турган тиги киши чонтогунон тапанчасын алып чыгып Канатты меелеп туруп атып жиберди. Темирбек Сманбекович ордунан ыргып турду:
- Канат, Канаат,- деп жанына бат-бат басып келди. Тиги киши аны Канаттын жанына жолотпой, кокурогунон кармап,- эгерде сиз биз менен иштешпесениз, уй-булонуздун ар бирин бирден ушундай кылабыз деп ызырынды. Аялыныз менен кыздарыныз аман калсын десениз, анда сиз бизге Санжарды таап бересиз,- деп аны оз орундугуна отур деп туртту.
Темирбек Сманбекович отуруп жатып:
- Менин уй-булом кайда?
- Бир ишеничтуу жерде экенин биз жакшы билебиз. Балдар ал уйдун тегерегинде журушот, менин буйругумду кутуп жатышат. Мен “давай” десем эле аларды бул жерге алып келишет.
- Жок, аларды бул жакка алып келуунун кажети жок.
- Азаматсыз Темирбек Сманбекович, биз сизге абдан ишенип турганбыз. Санжардын атасы тиги кишини тигилип карап турду, анын ушунчалык токтоо суйлогону, бетинде бир да булчундун кыймылдап койбогону, жай жана тушунуктуу суйлоп, ичиндеги ойду так тушундуруп жатканына караганда бул адам абдан кыйын киши. Аны угуп жатканы менен Темирбек Сманбекович Русланды ойлоп жатты, аны эптеп эле азыр бошоттуруп жиберишим керек. Озу бул адамдарды алаксытып тургучакты ал уй-булосун тигилердин колунан сууруп чыгып куткарышы керек. Бирок...мен кантип ага тушундуром, - деп ойлонуп жатты. Бир убакта тиги суйлоп жаткан кишини токтотуп:
- Силер мага керектуу нерсенин баарын таап берем дединерби?
- Ооба, эмне жардам керек сизге, айтыныз.
- Мага бир адам керек.
- Дареги?
Темирбек Сманбекович столдун устунон кагаз алып ага керектуу адамдын дарегин жазып, тиги кишиге сунуп,- канчалык тез алып келсенер, ошончолук Санжарды тез тапканга аракет жасайбыз деди.
Ал киши сырттагы экоону чакыр деди жанындагы жолдошуна. Алар кабинетке баш багып,- а тигини эмне кылалы,-деп сурашты. Анысы Темирбек Сманбековичти карап,- сизге куйоо баланыздын жардамы керекби деди.
- Жок, андан эч кандай пайда жок. Колунан эч нерсе келбейт деди куйоо баласына угуза катуу суйлоп, ал эптеп оз жанын дагы карай албайт. Кое бергиле аны, кете берсин,- деп буйруду. Макул,-деп алар кетип жатканда, кайра аларды токтотуп,- мага бир корсотуп койгулачы аны, айта турган созум бар.
- Макул шеф, сиздин бир созунуз, -деп жылмайып, алып келгиле,-деди жигиттерине.
Кирип келген куйоо баласын жаман козу менен карап:
- Билесинби Руслан, мен сени жакшы адам деп ойлочумун башында. Бара-бара онолот, кызым учун чыдайын деп сени жумушунда дагы жакшы колдоо корсотуп журдум. А сен жумушундун барына кооп, жасабаган иштин баарын жасадын. Кайнатам мени сактап кетет деп ишенчисин кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп... Кызымды кок-ала кылып сабап койгондо да мен сени кечиргенмин, - байкуш, эч кимиси жок жетим бала, онолуп кетеер деп умуттондум эле. Жада калса канча жыл жашап мени неберелуу да кыла албай койдун. Корунгон сойкуларга уруктугунду чачкандан кору оз аялына жакшылап конул бурсан эмгиче балалуу болуп калат элен. Сен адам эмессин, сен эч качан онолбойсун! Мен жумуштан кеттим, сен дагы кеткин, эми сенин колдоочун жок, эч ким сени чекенден сылабайт мендей кылып. Козумо жолобой жогол, менин кызымды оз жайына койгун. Мындан ары козумо корунчу болсон мен сени оз колум менен атып коем! Жогол акмак, иттин баласы!- деп болгон жини менен кыйкырып жатты. Унчупай турган тиги тортоонун бироосу Русландын жанына басып келип,- тумшукка эки жолу басып жиберип,- билесинби иттин баласы,мен аял кишиге кол которгон эркектерди эркек деп эсептебеймин. Мындай адамдарды канчыктын баласы дейт бизде,-деп тапанчасын алып чыгып анын чекесине меелеп турду. Аны коргон Темирбек Сманбекович, - жон кой, оз жолу менен кете берсин. Ушул создорду кантип айтам деп кутуп журдум эле, убактысы озу эле келип калды. Кызым сенсиз деле бактылуу болот. Кош бол!,- деп анан тиги жигитке карап,- кое бер, кетсин бул жерден деди.
Руслан кайнатасын бир жолу ызырынып карап алып,- сиз дагы жакшы турунуз. Кудайым буюрса дагы корушорбуз, - деп бурулуп чыгып кетти уйдон. Тигилер бир нерсе кылып жибербесин деп ойлоп, Темирбек Сманбекович аларды карап,- тиги мен берген дарек боюнча качан барасынар, кааласанар мен силер менен кошо барайын? Дарегин издеп копко журуп калбайсынарбы, -деди шашыла.
- Жок, сизге уйдон чыкканга болбойт, андан коро бизге дарегин жакшылап тушундуруп бериниз,-дешти. Эптеп эле убакыт чоюштун аракетин жасап, жайма-жай аларга тушундуруп жатты. Ортосунан дагы кайдагы бир дайыны жок суроолорду берип жатты. Качан кана Русландын машинасы от алып, катуу журуп кеткенин уккандан кийин кана унчукпай туруп калды.
- Мен эмне убара болуп силерге тушундуруп жатам, силерде ал даректи тез аранын ичинде табуунун бут шарты барда,туурабы?
- Туура Темирбек Сманбекович, туура айтасыз,- деп аны тигиле карап туруп, жигиттерин, - жоногуло,-деп аларды карабастан буйрук берди. Сиз уй кызматчысын чакырсаныз, бизге чай даярдап берсе абдан жакшы болмок,-деди.

Руслан машинасына отураары менен катуу айдап шаарды кыдырып жоноду. Ал бат-баттан ойлонуп, туура чечим кабыл алыш керек эле. Кайнатасынын уйундо болуп жаткан нерселердин баарысын Бокин укту болду бекен, же соткасы очуп калып билдируу жетпей калдыбы? Тигил адамдар келе жатканда шашылыш билдируу жазып, анан досунун номурун терип ошол боюнча дивандын бурчуна сала койду эле. Бокин анын баарын уккан болсо анда алар эмгиче бир нерсе ойлоп таап Санжардын уйундо отурган уй-булосун куткаруунун жолун табышкан болсо керек. Оздорунун тааныштары иштеткен кафенин алдынан токтоду. Кузгудон озун карап, машинанын бардачогунан салфетка алып чыгып кан болгон жерлерин суртуп чыкты. Мурдум сынса керек деп ойлоду мурдун кармалап жатып. Бети башын тазалап бутуп кафеге кирди. Анын кирип келе жатканын видеодон коргон таанышы аны тосуп чыкты. Русландын онун коруп чоочуп кетти,- эмне болду Рус, тынччылыкпы?
- Ооба, журчу кабинетине!
- Жур,-деп ага жол корсотуп, озу артынан ээрчиди. Кабинетине кирип отураар замат бир кнопканы басып,- мен жокмун бул жерде, эч кимди киргизбегиле деди. Русланды карап,- угуп жатам, эмне болду?
- Машинаны катыш керек, ичин тазалап болгон нерсени бул жерге алып келишсинчи.
- Азыр,-деп сыртка чыгып кетти.
Бираздан кийин кафенин ичинен бир бала чыгып Русландын машинасын короого алып кирди, коп узабай эле короодон кайра кудум ошондой болгон машинаны бироо катуу айдап чыгып сызган боюнча кетти. Алысыраак жерде коптон бери турган кара машина Русландын машинасынын артынан шашылыш кетти.
Кафенин шефи оз кабинетине кирип, баары жайында, тиги сакчыларды алаксытып кетишти. Мына машинандын ичиндеги буюмдарын деп Русланга сунду. Сумканын ичинен телефонду алып чыгып дароо эле Бокинге чалды:
- Бокин, мен Руслан. Кайдасынар?
- Сени качан чалат деп кутуп жатканмын. Кайдасын озун?
- Таланттын кафесиндемин.
- Мен билдируунду алдым, баарын билем. Уч сааттан кийин Кордайдан жолугушабыз.
- Чолпондор кайда?
- Санжардын уйундо, аларды азыр алып кетебиз. Кабатыр болбо? Баары даяр дос. Сен ал жактан куйруктары жок кантип чыгаарынды ойлоно бер, бул жакты бизге кой.
- Темирбек Сманбекович алардын колунда. Мен аны куткарышым керек Бокин.
- Эч кабатыр болбо дос, сенин кайнатан ото тажрийбалуу киши, ага биз кечиреек жардам беребиз. Азырынча ал Санжарды табыштын жолун ойлонуп жатат.
- Хоп, суйлоштук.


Русландын машинасы шаарды айланып, анын артынан жургон машинадагы жигиттерге шаардын кооздугун корсотуп журду. Бир убакта бир уйдун жанынан токтоп, бироого телефон чалды. Бираздан сон ал уйдон бир сулуу кыз чыгып машинага отурду. Ал кыз отураары менен машина журуп отуруп кайрадан кафеге келип анын алдына, тигилерге коруноор жерге токтоду. Эки сааттан кийин Руслан жанагы келген кыз менен колтукташып бутуна туралбай мас болуп чыкты. Машинанын алдына туруп алышып тигилерге коруно обушуп, токтой калып тилдери булдурактап суйлоп да жатышты. Машинага отурушуп, кафеден бир баланы чакырып алып, аны айдатып жоношту. Алардын машинасынын артынан жургон машина да жай айдап артынан кетип жатты. Русландар келип мейманканага токтоп, арандан басып ичине киришти. Машинаны айдап келген бала бираздан кийин чыгып, такси кармап кетип калды. Тиги машинада отургандардын бироосу чыгып, мейманкананын ичине кирди. Каттоодо турган айымдын жанына басып келип:
- Кечиресиз чон кыз, сизге кайрылсам болобу?
- Албетте болот. Сизге орун керекпи?
- Жок, мени ушул жерге жолугушууга чакырышты эле.
- Ким чакырды эле? Мага эч ким андай маалымат берген жок.
- Руслан байке, Жакеев.
- Аа, ооба, алар жаны эле киришти. Бирок мага эч нерсе деп айтпады сиз жонундо.
- Мен алыстан кирип кеткенин коруп жетишпей калбадымбы ага.
- Билесизби чон жигит, менимче ал киши катуу мас окшойт, суйлой албайт. Анын устундо жанында бир кыз да бар. Азыр жолугуалбайсынарго.
- Окунучтуу... эмне кылсам болот эми?
- Эртен менен эле келгенинер онго, соолугуп калганда.
- Рахмат, мен анда эртен менен келейин. Кайсы номурда жайгашты, люкс алдыбы? Ал киши деген абдан сыйлуу адам, билесинерби?
- Ооба, билебиз. Ал киши бизде чанда болот, ишенесинерби, ар бир келген сайын ар башка кыз менен келет,-деп тиги кыз унун акырын чыгарып айтып жатты.
- Ммм...кечиресиз. Мен эртен келем, жакшы турунуз. Сиз жакшы маекчи айым экенсиз.
- Рахмат. Келип турунуз, жакшы эс алыныз,- деп тиги жигиттин артынан суйлоду. Ал жигит сыртка чыгаары менен эшик тосуп турган байке анын артынан тигиле карап турду. Зина,- деп тиги кызга карап,- машинага отурду, бирок жылбады. Менимче тан аткыча кайтарышат окшойт.
- Эмнеге андай деп жатасыз?
- Машинасынын арткы орундугуна отураар менен чалкалай тушту. Ал деген копко чейин отурабызго, кысылбай кенен отурайын дегени да.
- Машинадан тушкондо кай жагында отурду эле?
- Алдынкы орундуктан тушкон.
- Макул, улам коз салып турунуз.
- Жарайт Зинакан!,- деп ага карап озунчо честь берип койду.
Рахмат байке,-деп жылмайып, телефондон номурларды терип жатты. Баары жайында,-деп кыска кана айтып кайра коюп койду.


Бокин Акыл менен суйлошуп иштин жайын тушундуруп айтты. Ал белги берген убакта уч аялды алып чыгып машинага отуруп аеропорт тарапка айдаш керек. Жолдон Русландын уйуно кайрылып учоо тен тушуп уйго кирип, анча-мынча кийим кечек чогултуп кайра чыгыш керек,- деп айтат.
- Жарайт Болотбек Жанузакович, баарын тушундум. Мен машинада отуруп турамбы же алар менен чогуу уйго киришим керекби?
- Сен машинада каласын, бирок 10 минуттан кийин сени Жазы чакырып -жардам берип койчу деп суранат. Ошол убакта кана киресин, тушунуктуубу? Кыздарга айтып кой, эч нерсе болбогондой, маанайларын бузбай, жакшынакай кулуп журушсун,ок?
- Жарайт Болотбек Жанузакович!
- Анда, убактынды кара, туптуура 15 минуттан кийин сыртка чыккыла.
- Жарайт, суйлоштук,- деп телефонду очуруп,- Акылдан коз албай карап отурган алты козду коруп жылмайды. Эмне болду силерге, анчалык неге мени жаман карап жатасынар?
- Балам, эмне болду,- деп Жазынын апасы биринчи сурады. Акыл анын козунон коркунучту байкады.
- Апа, баары жайында. Кабатыр болбонузчу. Азыр 15-минуттан кийин чыгабыз. Тортообуз чогуу ээрчишип, кулуп жайнап барып менин машинама отурабыз. Аландап ар кайсы тарапты карабагыла, озубузду эч нерсе болбогондой алып журобуз.
- Аеропортко барабызбы?-деди Чолпон
- Атам менен Санжар кайда? Жездем кайда деп,- Жазы Акылдын жанына басып келди.
- Алар менен кечиреек жолугабыз. Азыр эми ошол биздин жакын адамдарыбыз учун биз кучтуу болушубуз керек. Жургуло эми, убакыт болуп калды. Чолпон эже, азыр сиздин уйго кайрылып анча-мынча буюм кечек алышыбыз керек экен, уйунуздун ключу барда,ээ сизде?
- Ооба, жок...билбейм, сумкамдан караш керек Акыл.
- Сумканыз кайда?
- Русландын машинасында, - деп Акылды алайып бир карап алып, же, уйго алып келдим беле Жазы, карачы,-деп ага айтып, озу да кошо уйду тинте баштады. Кызынын титирегенин байкап, апасы бир жаман иш болуп жатканын сезип жатты. Акылды карап,- балам, мен бул жерде каламын. Санжар келип калса биз жок ал эмне болот, атан дагы ооруп жатса. Ага оз убагы менен тамак бериш керек, даарысын берип, уколун салып туруш керек,мен эч жакка барбаймын. Сен эки кызды алып жоной бер,-деди козуно жаш ала. Бул создорду угуп, Чолпон апасынын жанына басып келип аны кучактап,- апа, апакебай, алтыным...биз кетсек чогуу кетебиз, калсак чогуу калабыз,-деди. Кайра озун колго алгандай болуп,- Санжарды куткарыш учун апа биз кетишибиз керек. Биздин жардамыбыз ошол апа. Эгерде биз алыста болсок, атамдар кенен журуп, кенен иш кылып Санжарды батыраак табышат апа. Эгерде бизди бироо-жарым кармап алса анда атамдардын колу байлануу болуп калат. Ошондуктан апа, сиз баш болуп, учообуз тен чогуу кетишибиз керек. И это не обсуждается, быстро собрались обе, встали!,- деп буйрук берди. Акыл учоону ээрчитип алып ылдый тушушту. Машинасын ачып, алдына кайненесин отурунуз десе,-апасы болбой артына отуруп алды. Алдына Жазы келип отурду. Музыканы катуу кылып коюшуп, короодон алар шандуу чыгышты. Суйлоп да, кулуп да кетип жаткан Акыл машинанын кузгусунон артынан ээрчип келе жаткан эки машинаны корду. Аларды текшерип коруу учун жолдон акча алмаштыруучу жайдан токтотуп тушуп кетти. Акча алмаштырып жатканда телефону шынгырап Бокин чалды. Эч жерге токтобой туз кет дебедим беле?
- Артымдан эки машина ээрчип келе жатат Болотбек Жанузакович!
- Алардын бироосу менин балдарым,кабатыр болбой бат кет!
- Жарайт!-деп бат-бат басып машинасын айдап Русландын уйункоздой айдады.
Чолпон сумкасынан уйдун ключун алып чыгып, Акылды карап, - биз бат эле чыгабыз, макулбу?- деп апасын ээрчитип басып кетти. Акыл машинанын айнектерин тазаламыш болуп арт жагын карады. Жанагы эки машинанын бирооосу алысыраак турганын корду. Ичиндеги адамдар корунобу деп жакшылап караса да жакшы коро албады. Ошол убакта Жазынын уну чыкты,- Акыл, бизге жардам берип койчу, жур батыраак!
- Азыр алтышкам менин,- деп машинаны жаап уйду коздой басты.
Уйдун ичине кирип барса киши коп,чоочун уч аял отурат. Бокин алдынан тосуп чыгып башка болмого алып кирип кетти. Акыл, сен булар менен ушул жерден коштошосун. Чолпондордун ордуна сени менен менин сотрудниктерим кетет аеропортко. Тигилердин планы боюнча алар аеропорттон кармап калыш керек буларды. Бирок...бул айымдардын оздорунун фамилиясына билет алынган Москвага чейин, буларды эч ким кармай алышпайт. Документтеринин баары туура, пландалган жумуш боюнча командировкага кетип жатышат.
- Жазыларчы?
- Сен бул уч айымды алып кеткенден кийин биз буларды Алматыдан Дубайга салабыз. Эн башкысы булардын аеропортко барбаганын тигилер билип калган учурда булар уже Алматыда болушат.
- Ммм....жакшы, жакшы. Самое главное, чтобы план наш не сорвался.
- Да, это самое главное. Завтра в 12-дня мы собираемся в кафе у Таланта, знаешь где это?
- Да,знаю. Только ты прямиком в кафе не иди, через соседний двор в подвал спустишься. Не опоздай!
- Ок! Ну что, поехали?
- Да, поехали. Сейчас я Жазы позову, попрощайся с ней. У тебя 2 минуты.
- Спасибо.

Акыл эки сумка которуп, 3 айымды ээрчитип машинага тушуп айдап кетишти. Артынан ээрчиген машина жолдон жок болуп кетип, кайрадан аларды башка машина кайтарып жоноду. Аларга байкатпай Аликтин да балдары жандап келе жатышты. Фучика кочосу менен Чуйдун кесилишкен жеринен жаны уйлонуп жаткандардын лимузинин ээрчиген мерседес улгусундогу 7-8 машина пайда болду. Акылдын да машинасы ушул улгудогу машина болгондон кийин, ону да окшош болгондон кийин тигилерди ээрчип келе жатышты. Бир убакта аларды ашып бара жатып Лимузинден озунун досун коруп калды. Аларга колун которуп, машинанын сигналын басып отту. Ал досунун уйлонуп 2 баласы бар экенин жакшы билген Акыл абдан тан калды. Бираз жайлатып айдап, тиги артында келе жаткан машиналарды караса бут эле спортсмен достору экен. Астына 2 машина откон кезде артта келе жаткан мерседестер жай айдашып Акылды ортого кирип кет деп белги беришти. Ошондо кана баарын тушунгон Акыл эми уверенно айдап кетип жатты. Терезени тушуруп, башын чыгарып алып кенен-кенен дем алып алды. Озунун суйгонун эстеп, адардын аман-эсен жетип алышын тилеп жатты. Ал спортсмен болгону учунбу, ушундай убактарга коп кабылган. Коптогон чиновниктердин жансактагычы болуп иштеп жургон кезинде мындай нерселер далай болгон. Бирок, ал убакта бугункудой кабатыр болуп, алар учун коркчу эмес. Озунун жумушун таза аткарганга, бат аткарганга кана аракет жасачу. Эми мына минтип ошол убакыт озунун жашоосуна да келип, эми мындан кийинки жашоосу кандай болот деп ойлору онго болунуп тынчтык бербей келе жатты.


- Рус, все нормально, можешь выходить,- деп Миша чалды.
Руслан Талантты карап, - кеттик, баары жайында дейт. Балдар ордуларындабы, -деди.
- Ооба, баары даяр,- Талант кабинеттен чыгып алдыга тушту. Коридор менен барып отуруп подвалга тушуп, кошуна уйдун алдынан чыгышты. Уйдун алдында турган джипке отуруп, Талант менен коштошуп журуп кетишти. Туз эле Кордайга барбады, шаарды бираз айланып, эч кандай коркунуч жок экенин билгенден кийин кана Кордайды коздой сапар алды.
Руслан кафеден чыккан убакта Бокин дагы уч айымды даярдангыла, кеттик деп калды. Биринчи Чолпондун апасын ээрчитип, уйдун он жагында турган кошунасынын короосуна отту. Эки уй ары отуп аны короодо турган машинага отургузду. Машинада айдоочудан сырткары дагы бир жигит отурган, аларды карап 15 минуттан кийин жыла бергиле. Машинанарды чек аранын берки бетине калтырып, озунор апа менен чогуу аркы бетке отосунор.Такси суйлошуп Кордайдын чыга беришинен бизди кутуп турасынар деди.
Кайра келип Чолпонду алып, уйдун аркы дарбазасынан чыгышып кутуп турган машинага салып, аларга да баарын тушундуруп айтып кайра уйго келди. Озу Жазыны ээрчитип, уйдун баарын жаап, бекитип, сол жакта жашаган кошунасынын короосунда турган озунун машинасына келишти. Баарысы чек арадан аман-эсен отушуп, айтылган жерге, айтылган убакытта жетип барышты. Русландын аларды тосуп турганын коруп кубанганынан учоо тен ыйлап жиберишти. Айымдарды озу келген машинага отургузуп, озу сыртта Бокин менен суйлошуп турду. Жумушту суйлошуп, такталып алышып Руслан уй-булосун алып Алматыга карай сапар тартты. Анын оюнча ал жалгыз эле кетип жаткан, бирок...сактыкка кордук жок дегендей, анын достору ага Кордайлык досторун суйлошуп артынан 2 машинаны ээрчитип коюшкан эле. Танга жуук аеропортко келип тушкондо Дубайга кетуучу рейстин каттоосу башталып калган, шашылыш келип кире турган болушту. Аларга айтуучу создорун айтып, тапшырманы жакшылап берип алар менен бирден учурашып каттоодон откоруп жатты. Кайненеси менен Жазы биринчи кирип, Чолпон куйоосу менен коштошууга артта калган эле. Руслан Чолпонун кучактап, жытынан жакшылап искеп алайын, ушул боюнча качан корушоорун бир Кудай билет эле деп кучагынан чыгарбай копко турду. Сен баарынан кыйынсын, кучтуусун, апам менен Жазыны жакшылап кара алтыным, аларды азыр жакшылап колдошун керек. Озунорду жакшылап карагыла, бизге чалбай эле койгула, мен силерге кантип байланышуунун жолун озум табам. Эн башкысы силер аман болсонор биз баарын женип кетебиз,макулбу жаным,-деп кулагына шыбырап жатты. Жарайт жолдош капитан, мен сиздин кайнененизди жана балдызынызды жакшылап карап журууго ант беремин,- деп жылмайды. Бирок Чолпондун жылмайганы менен анын козунон терен кайгы, кабатырлануу корунуп жатты. Рус, билесинби, мен сага бир секрет айтышым керек болчу кечээ эле. Бирок ылайыктуу убакыт болбоду,-деди.
- Азыр айтсан болобу?
- Албетте жаным, болот.
- Анан?
- Ммм...биз коптон куткон малыш, Кудайым кааласа 7 айдан кийин ушул жарык дуйного келееет...
- Кандай? Кандай дейсин алтыным, чынбы? Же сен мени жон кана алаксытып жатасынбы?
- Чын алтыным. Мен бугун тан атпай УЗИге барганмын.
- Келчи алтыным кучагыма деп ого бетер аялын кое бербей копко кучактап турду.
- Демим кыстыгып кетти жан, акырын,-деп жылмайды. Жакшы жанылык бул эле эмес,-деди наздана.
- Мен учун эн жакшы жанылык ушул жаным, башка нерсе мени кызыктырбайт.
- Жок, сен уксан эми. Азыр айта турган жанылык да сага абдан жагат.
- Жок, укпайм.
- Менин журогумдун алдында эки туйулдук бар экен.
- Ал эмнеси эки туйулдук деген?
- Ал деген,..эки туйулдук-бул эки журок, значит ЭЭГИЗДЕЕЕР! !!!
- Как, серьезно? Ты не шутишь?- деп аялын колуна которуп алып тегеретип кирди.
- Токточу Рус, менин башым айланып кетти. Мен тамашалаган жокмун, мага врач суротун да коргозду. Мына,- деп сумкасынан УЗИден берген суротту коргозду. Руслан коргон козуно ишенбей суротту колуна алып карап турду. Козуно келген жашты акырын кана жутуп койду. Ошол убакта,- каттоо бутуп калды, кириниз чон кыз,-деп чакырып калышты. Экоо кучакташып, коштошуп, бирин-бирин кандай катуу суйоорун айтып бутпой жатышты. Руслан аялынын жузунон акырын суйуп, отура калып Чолпондун ичине колун коюп, акырын кучактап ичин опту. Аман-эсен болуп, апанарга жакшылап коз салып жургуло, буюрса жакында корушобуз,-деди аялынын ичиндеги туйулдукторго. Чолпондун коз жашы агып,- озунду жакшылап кара, атама дагы жакшылап коз сал Руслан. Атам жеен неберелерин корушу керек, алардын атын озу коюш керек. Менин балдарымдын тайкесин дагы тез аранын ичинде уйго алып келгиле. Сен экообуздун балдарыбыз тынч, бактылуу олкодо торолушу керек, ошол жерде чоноюшу керек. Сен мага соз берчи Рус баары жакшы болот,-деп куйоосунун кокурогуно башын койду. Чолпонду дагы шаштырышты кириниз дешип. Ошентип ал каттоодон отуп, улам артына бурулуп карап кетип жатты. Аны карап турган Руслан,- суротту журогуно бекем кысып, баары жакшы болот алтыным, буюрса жакынкы арада кайрадан баарыбыз чогуу болобуз, мен сага эркектик созумду беремин,- деп суйлоп жатты. Аеропорттон чыгып келе жатканда эки жигит шашылыш чуркап келе жатканын корду. Дубайга каттоо кайсы жактан болуп жатат, билбейсизби, - деп сурап калышты Русландан? Экинчи этажда, шашылгыла, каттоо бутуп калды деди. Алар рахматын айтып, чуркаган боюнча устуно которулуп кетишти...
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   AeCHka   04 Февраль 2013 - 00:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Руслан эшикке чыгып машинасына отуруп эми жургузо баштаганда жанына 2 жаш бала басып келишти:
- Сизди чакырып жатышат.
- Ким чакырып жатат, деди. Тиги балдар унчукпастан колун жансап артта турган кара джипти корсотушту.
- Озунуз барасызбы, же жардам берелиби,- деп ага ото жакын басып келишти. Руслан аларды карап туруп чакырган жакка барбашка болбойт деп ойлонду. Машинасын айдап кетип калганга да эч ынгайсыз,анткени анын машинасынын артында да айнектери кунурт 2 машина турган. Ал бут жагынан курчалуу эле. Акырын машинасынан тушуп, тигилер чакырган тарапты коздой бара жатты.Бирок кетип жатып машинасынын ключун чыгарган жок, эшигин да ачык боюнча калтырды. Джиптин эшигин ачканда ал озуно тааныш адамды корду, ошол убакта жанында турган эки жигиттин бироосу аны чыкыйга чаап,экоолоп аны машинага жуктошту.

Досун жана анын уй-булосун жонотуп коюп Бокин туз эле Эркин Мамбетовичтин уйуно бет алды. Ал эмнеге шашылыш чакырып жатат, болду-болбоду ал кишиде маалымат бар, ал кана бизге жардам бере алат деп ойлонуп кетип жатты. Анын уйунун жанына жакын айдап келип бираз карап турду кирбей. Машинадан тушуп эки жагын карап анан короого кирди. Дарбазасы дагы ачык, бул адам эч качан жаппайт окшойт эшигин деп ойлонуп койду. Уйго жакын келгенде уйдун эшиги ачылып Эркин Мамбетович корунду. Мен сизди кутуп жаткам чон жигит, кириниз,-деп эшигин чон кылып ачып уйду коргозду.
- Убактыбыз аз, мен сага эмне кылыш керек экенин баарын бул дискке жазып койдум, бул сага,- деп диск жана ачкыч берди. Сен азыр бат-баттан чыгып машинанды алып уйдон алысыраак барып кутуп тур. Мен кеткенден кийин кана уйго киресин. Алдагы ачкыч менен подвалга тушосун. Эми батыраак кет.
- Сиз кайда кетесиз?
- Озун коросун Болот, бол батыраак кет.
Бокин шашылыш уйдон чыгып машинасын айдап кошуна уйдун алдына койду. Эркин Мамбетович менен Бокин экоонун жаш айрымачылыгына карабай достошуп журушкон. Ал кишинин кыялын да, мунозун да тушунуу кыйын эле, бирок ал чакырган сайын Бокин эч куттурбой барып калчы. Экоо жолукканда шаарыбыздын чыгыш болугундо жайгашкан “Корона” аттуу бильярд залына барып тан аткыча бильярд ойношчу. Ичкени шекер чыланган кара кофе, тарткан тамекиси кызыл LM, кунуно 3 пачкадан чегет. Озунун конгон адаттарын эч качан алмаштырбайт эле. Коп суйлобойт, озунун оюн кыска тушундургон, адамды бир карап туруп кандай адам экенин так билген психолог киши Бокин менен таанышкан куну экоо бираз чаташа кеткен эле. Эркин Мамбетовичтин кабинетине бир жаш жигит кирип келип ага кызыл куболугун корсотуп, мен жургузуп жаткан жумушка сиз тоскоол жасап жатасыз. Бул иш жеке адвокаттардын жумушу эмес, эгер балдарынызды токтотпосонуз анда мен башкача чара коромун деп бакылдады. Эркин Мамбетович унчукпай угуп туруп анан,- эгер сиз суйлоп буткон болсонуз эми отурунуз. Менин балдарым сизге тоскоол болбой кайра жардам берип жатат. Сиздер корбогон, билбеген нерселердин баарын биз билебиз. Сиздерге 2 кундон кийин толук маалымат беребиз, ага чейин озунузду колго алып, чыдап куто турунуз,- дейт.
- Кандайча мен унчукпай отурушум керек, сиз озунузду ким деп ойлоп жатасыз? Деги сиз ким менен суйлошуп жатканынызды билесизби?
- Болот Карыпов, жашыныз 36-да, 12 жылдан бери шаардык прокуратурада иштейсиз. Жашаган жериниз Тимирязева кочосу...
- Жетет, жетет...анын баарын айтуунун кажети жок. Мен жонундо досьенин баарын чогултупсуз, азаматсыз! Балдарыныз жакшы иштешет экен. Бирок...мен бул ишти жон калтырбаймын, мага тоскоол боло алышпайт чычкак балдарыныз, менин алдыман чыгышпасын, - деп эшигин тарс жаап чыгып кеткен. Эки кундон кийин Бокин кабинетине келсе столдун устундо чон ак конверт жаткан болот. Ары-бери кармалап анан ичин ачса ал жургузуп жаткан жумуш боюнча толук маалымат, жана диск бар экен. Ошентип Эркин Мамбетовичтин жардамы менен бир адамды актап чыгышат. Ойлоп корсо бул бир ак уйдо отурган чиновниктердин оюну боюнча аларга тоскоол кылган ишин так аткарган, таза, чынчыл адамга куру жалаа жаап аны бул жумуштан, шаардан, дегеле Кыргызстандан айдап чыгарыш керек, болбосо аны турмого каматтырып салыш керек. А мага окшогон анча-мынча прокурорлор ак-караны айрымалай албай ал чиновниктерге жардам берип жатыппыз. Эркин Мамбетович менен жолугушканга чейин мен озу жумушумду так аткарам деп журчумун, эгер адам куноолуу болсо ал адам оз жазасын алыш керек дечимин. Биз корсо “Устудогулордун” “марионеткалары” экенбиз, аны биз озубуз билбей журобуз. Ошол кундон тартып мен ар бир жумушту канчалык далили турса да кайрадан изилдеп чыга турган болдум. Эркин Мамбетовичтен кечирим сураганы бара жатсам кабинетинен чыгып келе жатыптыр. Менин созумду угуп туруп,- бильярд ойногонду билесинби,- деп сурады. Менден жооп кутпостон,- эртен саат кечки тогузда “Коронадан” кутомун, кечикпей кел, жаман кором так журбогондорду деп соз бутту дегенсип кайрылып кирип кетти. Мына ошол барабар экообуз жумушубуз болсо бильярддан жолугушабыз. Андан бери 5 жыл отуптур. Мен ал киши жонундо эч нерсе билбейм, уй-булосу барбы-жокпу. ..ал жонундо бир да маалымат алалган жокмун. Убара болбо,- деди бир куну – убагы келгенде мен сага озум баарын айтып берем,азыр кереги жок сага, тынч уктайсын. Мен дагы ал жонундо маалымат тактаганымды токтоттум, жон кана анын кенешин алып жумуш боюнча, ал кишиден коп ыкмаларды уйрондум.
Менин оюмду машинанын сигналы болуп койду. Эркин Мамбетовичтин уйунун алдына кара джип келип токтоду, ичинен шашылып 3 киши тушуп короого кирип кетти. Айдоочу ордунан жылбай отурду. Бираздан кийин кайра чыгышты, Эркин Мамбетович алар менен кошо чыгып, машинага отуруп кетишти.

Бокин джип корунбой калгыча отурду да анан машинасынан тушуп Эркин Мамбетовичтин уйуно жөө басып келди. Короодо эч ким жок, уйдун эшиги да ачык калыптыр. Акырын уйго кирип уйдун баарын карап чыкты. Ал подвалга кайдан тушот деп ар бир болмону текшерип чыкты. Уйдон таппаганынан балким сырттан түшөттур деп эшиктин баарын тинтип чыкты.
Үйдун алдында гараж бар экен, ичине кирип ал жакты дагы бир сыйра карап чыкты, ал жакта да подвалга түшө турган бир жер көргөн жок. Эмне кылсам деп ойлонуп туруп кайрадан үйгө кирди. Тамак жасоочу бөлмөгө кирип газга чайникти койду. Өзүнө кофе жасап алып Эркин Мамбетовичтин кабинетине кирип отуруп калды. Ар тарапты карап отуруп дубалда тагылып турган сулуу айымдын сүрөтүнө көзү түштү. Ал сүрөт дубалдын бир тарабынын жарымын ээлептир. Сүрөттөгү айым ушунчалык сулуу экенин байкады. Негедир ал айым аны карап тургандай сезилип,жакыныраак басып барып аны тигилип карап турду. Тиги айымдын колундагы кармап турган сумкасында бир көзчө бар экен, ал бери чыгып турганын коруп бул эмнеси деп аны сыйпаласа ал акырындан жылып кетти. Бокин чоочуп кетип артка басты. Сүрөт жылып отуруп анын көзүнө эшик көрүндү. Мына мен издеген нерсе деп чөнтөгүнөн ачкычты алып чыгып эшикти ачты. Эшикти ачып ичине кирип бираз анырая карап туруп калды. Ал жакта чон кабинет, ичинин баары компьютер, телевизор орнотулган өзүнчө бир кичинекей мамлекет. Бокин ичине киреери менен анын артынан эшик жабылып калды. Артын карап кайра чыгып кетсемби деп ойлоду, бирок чон кызыкчылык туудурган кабинет аны кармап калды. Телевизордон өзүнө тааныш үндөр угулуп жакыныраак басып барды. Экрандан Русландын кайнатасынын үйүнүн ар бир бөлмөсү көрүнүп турат. Бокин эми түшүндү баарын. Компьютерге отуруп ар бир бөлмөнү озүнчө карап чыкты. Темирбек Сманбековичтин кабинетине келгенде токтоп калды. Ал кабинетте чоочун эки адам, Темирбек Сманбекович жана Эркин Мамбетович сүйлөшүп жатышат. Сөздөрү да даана угулуп жатты, Бокиндин түшүнгөнү боюнча алар план түзүп жатышты. Үйдө дагы ким бар экенин көрүү үчүн башка бөлмөлөрдү карай баштады. Тамак жасоочу жайда үй кызматкери отурат, анын жанында дагы бир чоочун аял отурат. Менимче тигилердин кишиси окшойт деп ойлоп койду анын кийиминен байкап. Кара костюм,шым, чачы түйүлгөн, колунда рациясы бар экенин байкады. Башка бөлмөлөрдө эч ким көрүнбөйт. Короодо эки эркек киши жүрөт, алар дагы кара кийимчен, спортсмендерге окшош, алардын да колунда рациялар бар. Бир убакта гараждан Темирбек Сманбековичтин жардамчысы Канат чыкты. Ал чыкканда Бокин чоочуп кетти, Русландын айтканы боюнча аны атып салышкан. Значит он и есть предатель. Саатын карап Русланды эстеди, эмне болду экен, аман-эсен жөнөттү болду бекен. Азыр алар самолетто болуш керек негизи,-деп телефонун алып чыгып номурун тере баштады. Абонент находится вне зоны сети, пожалуйста перезвоните или напишите сообщение после звукового сигнала,-деген үндү угуп өчүрүп койду,да кайра башка номурду тере баштады:
- Алооу, Искен?
- Внимательно слушаю Боке.
- Эмне болдунар, Рустун телефону албай жатат?
- Да, я знаю. Он у них, при выходе какие-то люди его задержали и увезли его.
- Как увезли, а вы куда смотрели?
- Все было нормально, мы не думали что будут такие проблемы. Но не переживай, мы у них на хвосте. Ребята уже работают над этим.
- А кто они ты знаешь?
- Да, уже навели справки, это ваши земляки, кажется они его пасли с самого начала. Если бы ты тогда разрешил нам рядом ехать, ты же запретил.
- Мы не думали что они нас быстро засекуть. Утечка информации Искен.
- Ты уже знаешь кто?
- Да, догадываюсь. Постарайтесь освободить Руса быстро и тихо. Держи меня в курсе.
- Да брат, не переживай. Мы же как-никак у себя дома. Они отсюда без моего разрешения не уедут. Делай свое дело.
- Ок, рахмат. Бокиндин жини келгенинен телефонун жерге ыргытып жиберейин деп...анан озун кармады. Акырын Боке, мындан да жаман абалдан чыкканбыз, биз баарын женебиз,- деп озуно суйлоп жатты. Ошол убакта Мишадан билдируу келди,- кайдасын, жолугуш керек,- деп кыска билдируу келиптир. Бокин ага чалды:
- Салам Миша, эмне болду?
- Жолугуш керек, срочно! Кайдасын?
Эркин Мамбетовичтин адресин берип, тез аранын ичинде келип кал деди, машинанды кошунанын үйүнүн алдына кой. Мен сени тосуп турат деди. Озу экранды карап отурду. Темирбек Сманбекович менен Эркин Мамбетовичтин сөзүн абдан кунт коюп угуп отурду.
- Эркин, акыркы жылдары балам сени менен иштеп жатпады беле, мага караганда сен аны жакшы билесинда. Ал эмне иш менен алек болуп жатты эле?
- Адаттагыдай эле майда-чүдо нерселер эле болчу. Мынчалык олуттуу эч кандай иши жок болчу мен билгенден Темке.
- Анан кандайча мындай окуяга чалдыгып отурат?
- Кандай окуя экен, мага эч нерсесин төкпөй –чачпай айтып берсен.
- Санжарда бул мырзаларга тийиштүү бир нерсе бар экен.
- Ал эмне деген нерсе экен, түшүнбөдүм? Ушул жерден ал экөөнү карап турган кишинин жини келип кетти окшойт,- токтоткулачы пайдасы жок баарлашуунарды! Мага Санжарды бүгүнтөн калтырбай таап беришинер керек, ансыз...деп кыйкырды.
- Ансыз, эмне? - деп Эркин Мамбетович акырын тиги кишини карады.
- Ансыз бүгүн Дубайга учкан үй-бүлөнуздөн айрыласыз. Сиз ойлодунуз беле бизди алдап кеттик деп? Алардын жашоосу биздин колдо,- деп тигилерди карады. Темирбек Сманбекович ордунан ыргып туруп,- силер андай ишке барбайсынар, алардын эч тиешеси жок бул жерде.Силерге Санжар керек, мына мен турам бул жерде,- деп жини келип, бирок өзүн ачууга алдырбайын деп карманды. Бүгүн кечке даарысын ичпегенге озүн абдан жаман сезип жатты. Аны байкаган Эркин Мамбетович ордунан туруп барып,- сиз даары ичтиңиз беле бүгүн, кайда даарыңыз деп сурап жатты. Тиги кишилерге ушул эле керек болуп тургансып:
- Санжарды таппайынча даары да жок сизге. Андыктан батыраак болуңуздар. Болбосо...
- Кечиресиз урматтуум,-деп Эркин Мамбетович созүн сылык баштады,- билесизби, эгерде Темирбек Сманбекович убагында даарысын ичпесе анда приступ кармап, комага түшүп калышы толук мүмкүн, бул өзүңүздөргө эле зыян. Атасын ушунчалык кыйнап жатканын билсе анда Санжар да келбей коюшу мүмкүн. Мен даарысын алып келип берейин, уруксат бериңиздер.
- Жок, сиз көп эле акылдуу боло бербеңиз жолдош,ким эле атыңыз?
- Эркин Мамбетович.
- Сизди бул жерге эмнеге алып келдик эле, сиз өз ишиңизди жасаңыз. Ансыз азыр биз менен башка жакка барабыз, аны сизге түшүндүрүүнүн кажети жокко дейм.
- Түшүндүк,анда болгону сизден бир эле сураныч. Көк чай алдырып бериңиз бул кишиге. Темирбек Сманбековичтин акыбалы начарлап бара жатты. Аны колунан жетелеп диванга отургузду. Тиги киши аны көрүп, жанындагы кишиге башын ийкеп, чай алып кел,-деди. Ошол убакта тиги кишинин телефону шынгырап ал сыртка чыгып кетти. Экөө жалгыз калаары менен Эркин Темирбек Сманбековичке шыбырады. Сени эптеп чыгарып кеткенге аракет кылабыз, тез жардам чакырышыбыз керек,- деди. Кабинеттин бурчундагы гүлгө жакын келип тез жардам чакырганда даяр болгула деди. Ошол убакта тигилер чай көтөрүп кирип келишти.
Баарын кылдаттык менен карап отурган Бокин баарын түшүндү. Эми Миша батыраак келип калса экен деп ойлонгончо телефон шыңгырап калды. Миша экенин көрүп Бокин сыртка чыкты. Мишага баарын төкпөй чачпай айтып берди.
Миша дагы акыркы жаңылыктар менен бөлүшүп, Руслан менен Бокинди жумуштан алып салышканын айтты, силер азыр издөөдөсүңөр деди. Катуу киришип жатышат, үстүдөн буйрук түшүп жатат, менимче бул иш биртоп чатак окшойт. Санжардагы «нерсе» эмне болду экен, мага эми кызык болуп жатат. Адам өлтүрүшкөнгө чейин барып, прокуратуранын чоңдору да киришип жатса, анда бул абдан керектүү документ деп тыянак чыгарышты. Биздин досторубуздан да душмандарыбыз көп болуп чыкты Бокин, ишенесиңби буга?
- Ишенем Миша. Жакеге чалып тез аранын ичинде Дубайга уч деп айттым. Андан башка ишенеер адамыбыз калбады. Чолпондор учуп келгенден кийин түз эле мейманканага барышмакчы. Менимче Темирбек Сманбековичтин жардамчысы алардын Дубайга учуп жатканын укса керек,ошондуктан Русту кармап кетишти. И еще вполне вероятно, что их там, в Дубае встретят недоброжелатели.
- Возможно, что они летят вместе с ними.
- Все возможно Мишунь. Хорошо было-бы как-нибудь связаться с ними, только как?
- Я возьму это на себя Бокин.
- Макул, сүйлөштүк. Азыр эми тез жардамды даяр кармап туруш керек. Темирбек Сманбековичти алып чыкпасак анда ал кишини жоготуп алабыз.
- Азыр Акыл жолдо келе жатат, ага дайындайбыз ал жумушту.
- Менин башыма эч нерсе келбей жатат, негедир колум байланып калгандай.
- Бул Болот Капаров сүйлөп жатканга окшобойт, өзүндү колго ал досум.
- Үйдөгүлөрдү кабатыр болбогула деп чалып коюш керек эле, алар үчүн кабатырланып жатам.
- Аликтин балдары сенин үйүндүн алдында, ал жак азырынча тынч эле.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   AeCHka   04 Февраль 2013 - 08:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Менимче үй телефонуң дагы прослушкада болсо керек эмгиче. Алар бизге караганда оперативдүү иштеп жатышат.
- Балким сеники туурадыр Миша. Сактыкка кордук жок дейт эмеспи, аларды азырынча башка жакка барып тур деп айтыш керек.
- Аны да ойлонуп койдум Бокин, кабатыр болбо.
- Рахмат Миша. Өзүңдүн үй-бүлөңчү, аны да ойлондуңбу?
- Албетте досум,- деп айтып, анан колундагы телефонун алып Акылга чала баштады.
- Эмне болдуң, каерге келдиң?
- Келип калдым Миша байке, сыртка чыгасызбы?
- Чыгып бара жатам, азыр,-деп ордунан туруп Акылды тоскону чыгып кетти. Бокин экрандан көзүн албай, балким алар бизге эмне кылыш керек экенин бир нерсе ойлоп таап белги беришет,-деген ой менен көпкө карап тиктеп отурду. Эшиктен Акыл менен Миша кирип келишти. Иштин баарысын Акылга түшүндүрүп айтышып, аны жолго салышты. Анын артынан бираздан кийин Миша дагы кетти. Эми мен ушул жерде калдым окшойт, розыскта болсом, же үйгө баралбасам. ..деп ойлонуп жатты. Сыртка чыгып дарбазаны бекитип, машинасын жолдун аркы бетиндеги үй ээси менен сүйлошүп короосуна киргизип койойун деп чечет. Таң атып калган экен, кыш айы экенине карабай жылуу шамал анын жүзүн сылап, жаздын жыты келип жатты. Бираз жүзүн шамалга тосуп, анан машинасын карай басты. Негедир жүрөгү бир жамандыкты сезгендей, өзүнчө кабатырлана берди. Үй-бүлөсүн эстеди, быйыл биринчи класска барган уулу аны издеп сурап жаткандыр апасынан. Мектепке өзү жеткирип кайра өзү алып келип койчу эле үйүнө. Эки күндөн бери атам дайынсыз жок деп тили быдылдап апасы менен байкесин жанын койбой сурап тажатып жатат болсо керек,-деп ойлонуп кетти. Жакшы эле телефонун жандырып аялынын номурун терип кирди эле, экинчи телефонго звонок келди:
- Салам Бокин, кандайсың?
- Салам Жаке, эмне болдуң?
- Мен азыр жарым сааттан кийин учам, аэропорттомун. Рустан кабар барбы?
- Жок, али кабар жок. Жетеериң менен мага же Мишага чалгын, макулбу?
- Мен Миша менен сүйлөштүм, мени тосуп алышат, мен барганча Чолпондорду да тосуп алып көз салып турушат.
- Макул Жаке, жакшы жетип ал. Биздин ишенгенибиз сенсиң азыр. Өзүңдү жакшылап кара.
- Албетте. Бокин, сен да өзүңдү жакшы кара, шашылыш чечим чыгарбагыла, ойлонуп анан иш жасагыла. Мага Миша сен жөнүндө айтты. Ага ишенсең болот, үй-бүлөңө көп кабатыр болбо дос, баары жайында болот.
- Рахмат, ийгилик сага да!
Экөөнүн сөзүнөн кийин үйүнө чалбай эле турайын деп чечти. Чынында биз кандай адамдар менен согушуп жатканыбызды билбейбиз, азырынча күтө турайын деп ойлонуп кошунанын дарбазасына машинасын айдап келди. Кошуналар менен сүйлөшүп, бир жомокту айтып алардын короосуна машинасын айдап киргизип, рахмат айтып чыгып кетти.
Эми...эми күтүш кана калды.

Руслан көзүн ачып эсине келгенде дагы деле машинада отурган экен.
- Ии Руслан Капарович, өзүңүзгө келдиңизби? Жаш баладай мемиреп уктадыңызго. Руслан эки жагын карап токойдо экенин көрдү. Ага карап сүйлөгөн кишини көрүп:
- Ислам Сатарович, сиз кайдан жүрөсүз бул жакта? Мени эмнеге алып келдиңер токойго?
- Ммм...Руслан Капарович... жакшы, жакшы, суроо бергениңизге караганда өзүңүзгө келдиңиз окшойт. Эми экөөбүз жакшылап сүйлөшөлү.
- Менин сиз менен сүйлөшө турган сөзүм жок.
- Ошондой деп ойлойсузбу? 1 саат мурда сиз үч айымды Дубайга кетүүчү самолетко салдыңыз,туурабы?
- Жок, сиз жаңылышасыз.
- Алар менен кошо биздин адамдар да кетти. Алар ал жакта тынч жүрөт деп ойлоп жатасызбы?
- Түшүнбөдүм Ислам Сатарович?,- деп аны тике карады. Ошол убакта Русландын оң жагында отурган жигит аны тумшукка басты. Анын оозунан да, мурдунан да кан атырылды.
- Балким азыр түшүнүп жаткандырсың, ойлончу жакшылап?
Руслан жеңи менен канын сүртүп, түзөлүп отурду.
- Сизге эмне керек?
- Ии, мына эми келдиң окшойт эсиңе. Санжар кайда?
- Билбеймин, озүбүз издеп жатабыз аны.
- Жакшылап ойлонуп көрчү.
- Мен жакшылап ойлонуп анан жооп бердим сизге.
- Сен Санжардын кайда экенин айтсаң, биз сенин үй-бүлөңдү жайына коебуз. Сенин келинчегиң да аман-эсен өз жерине келип сага кичинекей перзент тартуулайт. Кандай дейсиң?
- Мен чынында билбеймин кайнимдин кайда экенин. Аны кечээ түнү бирөөлөр үйдөн алып кетишиптир, мен жетишпей калдым ага.
- Ммм...туура эмес жооп Руслан Капарович,- деп ары карап калды. Тиги жанында отурган бала дагы бир-эки жолу чаап жиберди аны. Ислам Сатарович тиги баланы карап,- токтот, жетишет,-деди. Сыртка алып чыккылачы бул акмакты. Жакшы сөздү түшүнбөсө анда башкача көрөлү,-деп машинадан түштү. Русланды машинадан алып түшүп, токойду көздөй сүйрөп бара жатышты. Ислам Сатарович чөнтөгүнөн тапанча алып чыгып:
Мага баары бир, сен балаңды көрөсүңбү же жокбу, мен аны ойлоп ичимди кайыштырбаймын. Сен акыркы жылдары жөн иштебей ар нерсеге киришип жакшы адамдарга бут тосо баштадың эле. Мени да жөн койбой жумушумдан алдыргансың, эсиңдеби иттин баласы? Руслан унчуккан жок, анын сүйлөгөн сөзүн уккан да жок, ал оюнда Чолпон менен коштошуп жаткан. Болду эми, ушул жер ыңгайлуу окшойт,- деп эки жагын карап жатты. Кана,акыркы жолу сурап жатам сенден,- Санжар кайда? Жооп бер батыраак,- деп кыйкырды. Аны тике карап турган Русланды карап жини келип жанына басып келип аны тапанча менен тумшукка сокту. Айтасыңбы сен же иттей кылып атып салайынбы?,- деп суйлоп жатты.
Ислам Сатарович ал иштеген прокуратурада башкы прокурордун биринчи орун басары болуп 3 жыл иштеди. Ал жумушка жаңы келгенден тартып жаңы мыйзамдар пайда болуп, коррупция басып кеткен. Эч күнөөсү жок канча адам кесилип кетти. Акчасы бар адамдар күнөөсү болсо да чер жазып, өздөрү билген оокатын жасап, гүлдөп, ого бетер байып жатышты, ал эми чынчыл, так иштеген, таза жүргөн адамдар ушул кишинин айынан темир тор артында калышты. Канча прокурорлор да жумушунан кетип, алардын ордуна өзүнүн адамдары келип, өзүнчө мансапкор, ачкөз адамдар мамлекетин түзүп алды. Ошондо Бокин экөөлөп ушул адамдын жасаган тескери, мыйзамсыз жумуштарынын баарын ачыкка чыгарышып, анан жумуштан көп адамды кетиришти эле. Башкы прокурор да бул кишиге жок деп айта алчы эмес, анткени бул адамдын колдоочусу, мындайча айтканда «крышасы» күчтүү эле. Бирок «кылгыр иш кырк жылда билинет» эмеспи, булар акыркы убакта көп ката кетире баштап, көп нерсени ачык жасай башташкан эле...анын үстүндө бул кишинин колдоочусу жумуштан кеткен убакта биз убагында колдонуп аны жумуштан өз ыктыяры менен арыз жаздырып кетирген элек. Ошол барабар экөөбүз жүздөшкөн эмес элек, эми буга Кудай берип койгондой менден өч алып жаткансыды.
- Ислам Сатарович,- деп жигиттеринин бирөөсү токтотуп калды. Биз бул адамды Бишкеке тирүү алып барышыбыз керек, сиз өтө берилип кеттиңиз,-деди.
- Эмне? Сен кимге сүйлөп жатасың,-деп ага тапанчасын такады. Ишиң болбосун, мен өзүм чечем, кийлигишпе, -деп кыйкырды. Русланды карап,- ээй акмак, айтасыңбы чыныңды же атып салайынбы ушул жерден,-деди ага бурулуп.
- Менин сага айта турган сөзүм жок, билгениңди кылып ал,-деп түзөлүп турду.
Русландын сөзүн угуп жини келип аны бутка атып жиберди. Руслан жерге кулады, аракет жасап жатып кайрадан өйдө турду. Тиги киши кайра тапанчасын ага карап эми баш жагына мееледи. Жакшылап ойлондуңбу?
- Сага окшогон айбандар менен сүйлөшкүчө өлүп калганым жакшы, ат колуңдан келсе, келеби колуңдан?,- деди Руслан.
Ошол убакта тапанчанын атылган үнү угулду...
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   AeCHka   04 Февраль 2013 - 09:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Чолпон апасы менен Жазыга жетип барып, үчөө самолетко отурууга бара жатышты. Кирип оундуктарын таап үчөө бир катарда отурушту. Баары отуруп калган убакта кечигип кирген эки жигит салондун арткы жагына барып отурушту. Чолпондордун жанынан өтүп жатып аларды карап жылмайып учурашып өтүштү. Аларды карап Жазы жанындагыларга:
- Чоң энесин көргөндөй жыртаятта, кейпинин суугу да бир укмуш экен.
- Койчу Жазы, ар кимге көңүл бура-бересиңда. Алар сага эмне жаман иш кылды?,- деп Чолпон сиңдисин кагып койду. Апа, сизге ыңгайлуу элеби, терезеден суук өтпөйт бекен? – деп апасын карады.
- Баары жакшы балам, кабатыр болбо, рахмат.
- Апа, көп кабатырланбаңызчы, мен Русланга ишенем, Кудайым буюрса баары жакшы болот, көрөсүзго апа. Биз ишенишибиз керек аларга, ошондо кана баары өз жайына келет апакебай, - деп апасынын колун сылады. Кызынын жакшы сөздөрдү сүйлөп, аны алаксытып жатканын угуп апасы ага ичинен ыраазы болуп жатты. Бир убакта мен да аны ушинтип алаксытып, ага жакшы сөздөрдү айттым эле, эми мына жыл менен жыл тогошуп, арадан канча жыл өттү.
Кичинекей Чолпон айтканынан кайтпаган өтө өжөр кыз эле. Үйдүн улуусу болгондуктанбы атасы да ага катуураак мамиле жасап, аны ар түрдүү ыкмаларга көндүрүп, үйрөтүп, өзү менен да жумушуна көп алып кетчи эле. Иниси Санжар аларды ээрчигенине карабай, сен али кичинекейсиң, чоңойгондо деле жетишесиң деп калтырып коюшчу. Чолпон чоңоюп бойго жеткен убакта атасы менен көп ээрчишпей калды. Бирок, ал да атасына окшоп милиционер болом дей берчи. Мектепти жакшы ийгиликтүү аяктап, өз күчү менен МВДынын академиясына тапшырып өтүп кетти. Ошол убакта атасы министертсвого которулуп, жумушунан да көтөрүлүп жакшы жумушта отурган эле. Академияда анын фамилиясын билип, кимдин кызы экенин уккандан кийин ага жакшы мамиле жасап жүрүштү. Бирок бул нерсе Чолпонго жага бербеди. Бир күнү паспорт столго барып фамилиясын алмаштырыш үчүн эмне кылыш керек деп сурап алып бир айдын ичинде апасынын фамилиясына өтүп алат. Аны уккан атасы башында жини келип, бирок кызынын бул жасаган ишин туура көрүп аны кубаттады. Мүнөзү так эле меники, эркек менин кызым, уважаю...уважаю деп калчы досторуна кызын айтып мактанганда. Окуудан көнгөнчө катуу кыйналды, бирок эркинин күчтүүлүгүнөн баарын жеңип чыкты. Кыйналганда атасына көрсөтпөй апасын кучактап ыйлап, ыйлап алчу башка нерселерди шылтоолоп. Баары жакшы болот, баары сен каалагандай болот кызым, келечек сенин колуңда, сен баарын жеңесиң, сенин колуңдан баары келет Чолпонум менин деп эркелетип калчы энеси. Азыр эми тескерисинче, ошол кичинекей өжөр кыз чоңоюп, бир үй-бүлөнүн куту болуп калды. Тилегеним Руслан экөө жакшы жашап, бала көрүшсө абдан бактылуу үй-бүлө болушат эле деп ойлонуп жатты. Уктап кетиптир, ойгонсо жанында кыздары жок, ордунан туруп салондун арка тарабын карады. Жазы көрүнбөйт, балким дааратканага кирип кетсе керек деп ойлонду. А Чолпон стюардессанын жанында сүйлөшүп турат, колунда кармаган стаканы бар экен. Ал экөөнүн жанына бир жигит басып келип алар менен баарлашып туруп калды:
- Дубайда аба-ырайы биздикиндей эмес, ысык деп жатышат, туурабы чоң кыз,- деп стюардессага кайрылды.
- Ооба, азыр ал жакта ысык, жайкы кийим алдыңыздар беле?
- Биз шашылыш эле чогулуп калдык, бизге виза кеч келип, бүгүн кетеерибизди кечинде билдик.
- Аа, түшүнүктүү. Ал жактан деле алып аласыңарда.
- А сиз биринчи жолу кетип жатасызбы Дубайга?- деп Чолпонго карады.
- Жок, болуп эле жүрөм.
- Ммм, көп жолу болдуңузбу?
- Где-то 5-6 жолу болдум окшойт.
- Бат-бат барганыңызга караганда сизге жагат окшойт?
- Мен жылына кышында 2 жумага кетип калам, менин курбуларым бар ал жакта. Жазы кабинкадан чыгып, тиги баланы дагы жаман көзү менен карап:
- Тапкан экенсиңер баарлашуучу жерди. Жүрүңүз эжеке, эмне турасыз бейтааныш адам менен?- эжесинин колунан сүйрөдү.
- Мен сени күттүм Жазы, эмне болуп кетти дагы? Жазы үн чыгарбастан эжесинин колунан кармап келе жатты. Орундукка отураары менен:
- бул жанагы өңү серт адамда эжеке, байкаган жоксузбу? Мага негедир жакпай жатат ал экөө. Акыл айткан эч ким менен сүйлөшпөгүлө деп,- акырын эжесинин кулагына шыбырады. Чолпондун бир чети күлкүсү келди муну угуп алып, бирок сиңдиси болуп жаткан окуяны ушунчалык жүрөгүнө жакын алып, олуттуу экенин түшүнгөнү ага жагып жатты.
- Макул чоң кыз, башка эч ким менен сүйлөшпөйм, сөз берем,- деп сиңдисин кучактады. Экөө кучакташкан боюнча көпкө отурушту, сүйлөшүшкөн жок. Ар ким өз ою менен алектенип кетип жатышты.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   admin_superstan   28 Февраль 2013 - 10:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Эскертүү!
Темага комментарий жазууга болбойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Bermet_Kasymova   07 Ноябрь 2015 - 12:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 269
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2019 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Улантып койсо жвкшы болмок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   guliza8990   13 Ноябрь 2015 - 19:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 24 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Мар 2018 00:47

Саламатсызбы

урматтуу автор! Бул чыгарманын уландысын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Сизден сураныч эртерээк улантсаңыз экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   zaada   13 Ноябрь 2015 - 20:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 27 Январь 15
  • Соңку аракети: 21 Авг 2017 18:56
  • Жынысы:Аялзаты

Автордун сайтка кирбегенине охооо болуп кетиптир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   omurbek1990   12 Декабрь 2015 - 22:17

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 04 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 08 Сен 2020 09:55

Ушндай баштап туруп аягына чыкпагандарды эч нерсесин калтырбай согуш керек болуп калды...... колунан келбегенден кийин баштаба....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   omurbek1990   12 Декабрь 2015 - 22:19

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 04 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 08 Сен 2020 09:55

Ушундай баштап туруп аягына чыкпагандарды эч нерсесин калтырбай согуш керек болуп калды...... колунан келбегенден кийин баштаба....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   iasmin   12 Декабрь 2015 - 23:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 05 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 20 Апр 2017 15:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дуйнодогу эн керемет -жер.

Уландысы жоок гоо
[font=" Comic Sans [font="Comic Sans MS"][/font]][/font][font=" Georgia"][/font]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Shaa-82   15 Январь 2016 - 16:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

Ушул чыгарманы билгендер болсо улантып койсонуздар ото сонун болмокда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   janailin   18 Январь 2016 - 19:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 09 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Дек 2018 10:30

Кечиресиздер, бирок автор форумга кире албай жатканына көп болду. сыр сөзүн эстей албай жатат...Автордун суроосу менен жазып койдум
Дүйнө кызык мени менен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Shaa-82   18 Январь 2016 - 19:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения janailin (18 Январь 2016 - 19:08) жазган:

Кечиресиздер, бирок автор форумга кире албай жатканына көп болду. сыр сөзүн эстей албай жатат...Автордун суроосу менен жазып койдум


Анда силерге айтсынчы же мен бир ник береин ошол менен жазып койсо кандай болот сураныч жакшы чыгарма экен эле ото кызыгып окуп баштагам жылын карабайлеСүрөт . Сураныыыыыч!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   zaada   18 Январь 2016 - 22:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 27 Январь 15
  • Соңку аракети: 21 Авг 2017 18:56
  • Жынысы:Аялзаты

Жазып койсо сонун болмооок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   janailin   19 Январь 2016 - 17:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 09 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Дек 2018 10:30

Салам жалпы форумчуларга. Мен айтып коем, балким мен аркылуу жазып турат. Рахмат.
Дүйнө кызык мени менен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 17:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: