Суперстан: Жакшы аял болом десең... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жакшы аял болом десең... Мусулман аялдардын өмүрлүк жолдошторунун алдындагы милдеттери.

#81 Пользователь офлайн   Naimanka-kg   20 Январь 2015 - 12:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 202
  • Катталган: 05 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 30 Сен 2016 00:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Просмотр сообщения Kg.lady (15 Январь 2015 - 14:34) жазган:

Кыстырма:
Жолдошуна кайын журтундун жаман жагын айта бербе, таяк болуп башына тийиши мумкун. Айрым мырзалар жакындары жонундо жагымсыз создорду угууну каалашпайт. Айрымдары деп коемда, баарыле каалабайт. :)
Курсагым ачты деген созду угаар менен башка жумушунду токтото туруп, дасторкон белендегенге ашык, кебир мырзалар кургак нанды алдына коюп алып жеп кирсе(сен бербесен, кургак нан менен деле курсак тойгузуп алам дегенида).Кебир уйдо атмасфера кескин озгоруп, буюмдар шыпка коздой ыргый баштайт. )))

Леди эже Сүрөт
~Мечта - аванс успеха ...~

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Nariste...12   31 Январь 2015 - 21:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

СУЙУКТУУ ЖАР БОЛУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ:

Ал кимдир-бирөө үчүн балдарына жакшы тарбия берген аял, кимдир-бирөө үчүн үй бүлө менен жумушту чогуу алып кеткен айым, дагы кимдир-бирөө үчүн ашканадагы мыкты кожойке. Бирок, бардык жагынан келишкен идеалдуу аял жок дешет. Анткен менен сизге жакшы аял болууга жардам берген айрым эрежелер бар. Алар төмөнкүлөр:

БИРИНЧИ ЭРЕЖЕ: Жолдошуңузга сизден эс алууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Ар бир адамдын жалгыздыкты эңсеген учурлары болот. Бул кадыресе көрүнүш. Эгерде жолдошуңуздун такай өзүңүзгө көңүл буруп туруусун талап кыла берсеңиз, аны дароо эле тажатып алышыңыз мүмкүн.

ЭКИНЧИ ЭРЕЖЕ: Экинчи жарымыңыздын достору менен жолугушуп туруусуна тоскоолдук кылбаңыз. Аларга ишениңиз. Эркек кишиге досторунун арасында болуу маанилүү, аларга өздөрү кызыккан темада «эркекче» сүйлөшүү кызыктуу. Бул эркекти бир түрдүү жашоодон алаксытат, атүгүл мындай сүйлөшүүлөрдөн кийин жолдошуңуздун сизге болгон мамилесинин жаңырып калганын байкайсыз. Ал эми «кайда жүрдүң?» «ким менен жүрдүң?» деген сыяктуу суроолор мамилени татаалдантып, ортодогу ишенимге доо кетирет.

ҮЧУНЧУ ЭРЕЖЕ: Таптакыр эле момун аял болуп алуу деле болбойт. Психологдор эмоционалдык кагылышуунун үй-бүлөлүк мамиленин бекемдээрин айтып келишет. Андыктан, кээде жолдошуңузду анча-мынча кызганып коюу, чыргоолук кылуу ашыкчалык кылбайт. Бир кылка мамиле, бирдей тондо эле сүйлөшө берүү да кээде адамды тажатат.

ТОРТУНЧУ ЭРЕЖЕ: Ар кырк күн сайын аял өзүнүн образын өзгөртүп турууга тийиш. Мындай өзгөрүүлөр жолдошуңузга жаңы сезимдерди тартуулап, анын башка жакты карабашына жардам берет. Андыктан, имиджиңизди кантип өзгөртүү тууралуу ойлонуңуз: балким, чачыңызды башка түскө боёйсуз, балким, өзгөчө бир макияж жасайсыз, же кийимиңиздин өзүңүз көнүп калган түсүн өзгөртөсүз. ..

БЕШИНЧИ ЭРЕЖЕ: Эмне кылсаңыз да өзүңүздүн чындыгыңызды далилдегенге аракет кылбаңыз. Кээде жолдошуңузга атайын эле «жеңилип» берип коюңуз. Муну менен анын үй-бүлөдө орду бар экенин, анын сөзү маанилүү экенин сездиресиз.

АЛТЫНЧЫ ЭРЕЖЕ: Эсиңизде болсун, кээде таттуу калп ачуу чындыктан жакшы болот. Эгерде үй-бүлөнүн тынчтыгын кааласаңыз, кызганычка, талаш-тартышка жана башка жагымсыз көрүнүштөргө себеп болчу чындыкты жашырып эле койгонуңуз оң.

ЖЕТИНЧИ ЭРЕЖЕ: Убакыттын кайсы мезгилинде, кандай абалда келсе да жолдошуңуздун үйгө келгенине сүйүнүңүз. Кызуу болсо да ал башка жакка эмес, сизге келди да. Анан да аны мактагандан аянбаңыз. Кичинекей нерсеси үчүн бүгүн мактап койсоңуз, эртең ал сиз үчүн мындан чоң нерсе жасайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Nariste...12   01 Февраль 2015 - 21:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

УЙ-БУЛООЛУК БАКЫТТЫ САКТАШ УЧУН АЙЫМДАРГА КЕНЕШ:

Үй-бүлөлүк бакыт - ар бирибиздин кыялыбыздагы нерсе. Жадакалса үй-бүлө кура электер дагы бул тууралуу ойлонбой коюшпайт. Сүйүктүү жолдошуна бакыт тартуулоо үчүн аялзаты эмне кылышы керек? Көпчүлүгүбүз бизди бактылуу кыла турган адам тууралуу кыялданабыз. Ал бакытка жетүү негизинен аялзатынын колунда экенин аңдай бербейбиз. Эгерде төмөнкү кеңештерге көңүл буруп, алардын ар бирин жашооңузда колдонсоңуз, чыныгы бактылуу боло аларыңызга кепилдик бар.

1. Өзүңүздүн аял экениңизди эсиңизден чыгарбаңыз. Бир аз алсызыраак болсоңуз, бул сизге пайда гана алып келет. Социологдор тастыктагандай, көп никелер үй-бүлөдөгү бийликти талашуунун айынан бузулат. Жолдошуңуз үйдө өзүн күчтүү сезсин. Кантсе да ал кичинекей мамлекеттин кожоюну эмеспи. Андыктан жолдошуңуз менен тең тайлашпай, кичине болсо да ийкемдүү болуп коюңуз.

2. Жолдошуңуздун жаман сапаттарын издебестен, жалаң гана жакшы жактарын издеңиз. Ал эми кемчиликтери тууралуу унутуп коюңуз. Мүмкүн болбогон нерсени өзгөртүүгө аракет кылуунун кереги жок.

3. Жөнөкөй болуңуз. Эгерде мүмкүнчүлүгү жок болсо, кымбат баалуу белектерди андан талап кылбаңыз. Аны кемсинтип айланасындагы бай адамдар менен салыштыруунун кереги жок. Андан көрө акчасын сактоого, үнөмдөөгө жардам бериңиз.

4. Сүйүктүү адамыңызга ар убак ыраазы болуңуз. Ошондо ал сизге дагы-дагы жагымдуулуктарды тартуулаганга аракет кылат. Анан да мактаганды унутпаңыз, ал анчалык деле кыйын эмес да. Эркектер аялынан мактоо укканды жакшы көрүшөт.

5. Жолдошуңуз үчүн кызыктуу болуңуз. Сүйлөшүү үчүн жалпы тема таап, аны эмне кызыктырарын билип алыңыз. Жалпы кызыкчылыктар түгөйлөрдү жакындаштырат, андыктан үйлөнбөй туруп бири-биринин билим деңгээлдерин билип алгандары жакшы.

6. Ар убак күлүп, жылмайып жүрүңүз. Жылмаюу – адамдын сулуулугуна сулуулук кошот. Ал эми ар бир эркек жанындагы аялынын сулуу болушун каалайт.

7. Жолдошуңуздун кылган ишинен кыйкым таба бербеңиз. Оор басырыктуу болуп, аныкы туура эмес болуп жаткан күндө да уруштун отун тутантпаңыз. Андан көрө талаш-тартышты токтотуп, экөөңүздөр тең тынчтангандан кийин ортодогу маселени жай олтуруп чечип алыңыздар. Кыйкырып-бакыргандан эч кандай майнап чыкпайт.

8. Ишениңиз, бирок сүйүүсүн текшериңиз. Татыктуу кызганыч сүйүүнү бекемдейт. Андыктан сизге баары бир эмес экенин сездириңиз. Ал кимдер менен мамиле түзүп, кимдер менен иштегени тууралуу биле жүрүңүз. Бирок чектен чыгып ашыкча кызганып, уруш-талашка чейин жеткирбеңиз!

9. Эркек таш эмес. Ошондуктан келбетиңизге көңүл буруп, өзүңүздү жакшы алып жүрүңүз Анын алдында жарашыктуу кийинип, дайыма жагымдуу жыттанып туруңуз.

10. "Сүйүү бара-бара өчүп жок болот" деген сөзгө ишенбеңиз. Бул туура эмес. Сүйүү убакыт өткөн сайын өсүп, көбөйүп турат. Болгону маал-маалы менен “коломтого отун таштап” турсаңыз, от жалындай берет.

11. Үй-бүлөлүк сырды сактай билиңиз. Үйдөгү маселени башка бирөөгө айтканда анын кеңеши, тескерисинче, залакасын тийгизиши мүмкүн.

12. Балдардын көзүнчө жолдошуңузга өйдө карап сүйлөбөңүз, себеби бала уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.

13. Күйөөңүздү дароо эле күнөөлөп кирбей, актоону үйрөнүңүз. Эгерде ал сизди таарынтып койсо, “балким, ал чарчады”, “балким, анын маанайы жок” жана башка.

14. Дайыма ишенимдүү болуңуз. Айрыкча башына кыйынчылык түшкөндө колдооңузду унутпаңыз. Жолдошуңуздун жападан жалгыз жакын адамы сиз экениңизди унутпаңыз.

15. Жолдошуңуз эс алып жатканда балдардын ызы-чуу салуусуна жол бербеңиз. Үйүңүздүн дайыма таза, иреттүү болушуна көңүл буруңуз. Маал-маалы менен үйдөгү буюмдардын ордун алмаштырып туруңуз. Мүмкүн болсо бул иш менен чогуу алек болуңуздар, анткени чогуу жумуш жасоо түгөйлөрдү бири-бирине жакындатат.

16. Өзүңүздүн ийгиликтериңизди жолдошуңуз менен тең бөлүшө билиңиз.

17. Үй жумуштары менен көбүрөөк алек болууга аракет кылыңыз. Себеби жумуш жасоо стресстен арылтат!

18. Жашоодогу кайгылуу окуяларды эстебей, тескерисинче, кубанычтуу, маанайды көтөрө турган учурлардан эстеңиз.

19. Түгөйүңүздүн жумушун түшүнүүгө аракет кылыңыз. Жумуштан кеч келсе ачууланбай тосуп алып, алыска иш сапарына кетип баратса жакшы маанайда узатыңыз. Келгенде жакшы жаңылыктардан сөз баштаңыз. Сиздин аябай күткөнүңүздү, сагынганыңызды сезсин.

20. Романтика үчүн убакыт табыңыздар. Чогуу сейилдеп, жаратылыш койнунда чогуу эс алыңыздар. Мындай аракеттер чыңалуудан арылтат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Zamknutaya92   05 Февраль 2015 - 23:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 255
  • Катталган: 14 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 19 Май 2015 14:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал абад

соонун кенештер экен. Кудайым насип кылса созсуз ушул кенештерге амал кылам болбосо жоопсуз суйуудон тунулдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Gaika   05 Сентябрь 2016 - 21:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 189
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Мар 2019 21:42

Рахмат эн жакшы кенештерди жазгансыздар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   rnurzida   26 Январь 2017 - 18:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

БУЛ ТОЗОКТОГУ АЯЛДАРДЫН БУЛ ДҮЙНӨДӨГҮ БЕЛГИЛҮҮ КҮНӨӨЛӨРДҮН СЕБЕБИНЕН БЕРИЛҮҮЧҮ АЗАПТАР хадистерден чыккан маалымат.

*ЧАЧЫНАН АСЫЛГАН АЯЛ.*

Өмүр бою башы ачык, Хиджабсыз жүргөн аял.

*БУТУНАН АСЫЛГАН АЯЛ.*

Үзүрлүү болгон соң жуунуп тазаланбаган жана күйөөсүнүн уруксаатсыз көчөдө жүргөн аялдар.

*КӨКҮРӨГҮНӨН АСЫЛГАН АЯЛ.*

Күйөөсүнүн уруксааты жок башка ымыркайды эмизген аялдар.

*ӨЗҮНҮН ӨЛҮК ДЕНЕСИН ЖЕП ЖАТКАН АЯЛ.*

Көчөдө жасанып бойонуп жүрө турган башка эркектерди кызыктыра турган жана шым жана ачык кыска кийим кийинип жүрүүчү аялдар.

*БАРМАКТАРЫН КЕСИП АЗАПТАЛЫП ЖАТКАН АЯЛ.*

Тырмактарын бойоп, духилерди себип, көчөгө чыгып эркектердин назарын өзүнө буруучу аялдар.

*ЖЫЛАН ЧАГЫП АЗАПТАЛЫП ЖАТКАН АЯЛДАР.*

Таза эмес жүрө турган, сийдигинен арууланбай турган, даарат жана намазды билбей турган аялдар.

*БАШЫ ЧОЧКОГО ДЕНЕСИ ЭШЕКЕ ОКШОГОН АЯЛ.*

Чакымчы, жалганчы, шалаакы аялдар.

*ИТ СЫМАЛ ҮРҮҮЧҮ АЯЛДАР.*

Күйөөсүнө добушун бийик чыгаруучу урушуп көңүлүн орута турган аялдар.

*Буларды угуп Фатима (р.а) ээсин жоготуп жыгылды өзүнөн кетип калды. Эми жыйынтык чыгаралы эртеңки күндү ойлонолу.! !!! *Аллах баарыбыздын күнөөлөрүбүздү кечире көр!*

*Эй, Алла Сен Кечирүүчүнүн эң мыктысың! !!*
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   regina86   21 Февраль 2017 - 23:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 03 Январь 16
  • Соңку аракети: 13 Мар 2018 15:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Аялдар учун эн сонун кенеш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   rnurzida   23 Февраль 2017 - 01:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

EPXAHOB. , коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынат! Оозеки эскертүү! !!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   hanbiike.97   23 Февраль 2017 - 11:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 364
  • Катталган: 30 Январь 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2021 14:07
  • Калаасы:Jan duinosu

Kelechekte ushundai jar boluunu nasip etsin.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   kelemdedin   31 Март 2017 - 08:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Июл 2020 10:19

Билгендерибизге амал кылуучулардан кылсын Аллахым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Salixa.   10 Февраль 2019 - 23:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

САЛИХА ЖУБАЙЛУУ БОЛГУМ КЕЛЕТ.

Үй-бүлө кура турчу 25 жаштан өткөн элем...
Дегенче болбой апам үй-бүлө куруу маселесинин учун
чыгарып калды. Салиха бир кыз болсо калганы болот деген
ойдо жүрдүм. Жакын туугандарыбыздын биринен кабар
келди. Кошуналары абдан диндар экен, кызынын алардан
да өз динине бекем экендигин укканда өтө кубандым.
“Барып бир көрүшөлү”, - дедим. Алгач үй-бүлөсү менен
сүйлөштүм. Мен сүйлөгөнгө да үлгүртпөй өздөрү эле сүйлөй
беришти, буга таң калдым. Эч нерсе айталган жокмун...
Сөйкө салуу кечеси эң жакшы музыканттар болуш керек
экен. Тойдо да ушундай болуш керек. Үйдүн ичи оокат толо
төшөлүш керек экен, болгондо да кымбатынан. Эң акыркы
модельдеги машине болуш керек экен, себеби, кошунанын
күйөө баласы жапжаңы машине алыптыр. “Апа, кете
берели” деп айтайын дедим, бирок, уялдым. Кыз менен
көрүштүргүлөрү келди. “Исламиятка ылайык көрүштүк”,
он беш билерик,эң жакшы көйнөк (2000 доллар), эң чоң
тойкана... Эмне айтаарымды билбедим. Мен биргана салиха
жубайлуу болгум келген. Койгон талаптарын айтып бүтүрө
албай жатты. Ошол учурда каптал жакта турган күзгүгө
көзүмдүн кыйыгы менен өзүмдү өзүм карадым. Көрүнүшүмдө бизнесмен адамдын деле кебетеси жок болчу. Жыйырма
беш мүнөт сүйлөдү, талаптары бүткөндө кезек мага келди.
“Сенин талабың кандай?” - деди. Дароо туруп кетип калгым
келди, ичиме батпай кеткен элем, келгениме бир саат болсо
да дүнүйөгө малынып кеткен адамдар менен бирге отурууп
ичимди карартып жиберген эле. Кайта сурады, “сенин
талабың кандай?” - деп. “Буюрганы болор”, - деп өйдө
турдум. Кичи пейилдик менен үйдөн чыгып кеттик.
Жолдо кетип баратканда телефон чалынды... Байкем
чалып жаткан экен...
Жанындагы кошунасы Серхат аганын кызы бар экен...
Серхат ага өтө жакшы адам... Бала кезден таанычу элем
ала кишини. “Жарайт, барабыз”, - деп айттым... Серхат
аганын үйүнө барыш үчүн даярданып, апам менен бирге
жолго чыктык, он беш мүнөттө алардын үйүнө бардык.
Кеп-сөз башталып, менин балалык кезимди айтып мактап
жатты. Бетим кызарып, уялганымдан эч нерсе айталбай
отурдум. Акыры сөз негизги маселеге келип жетти. “Балам,
мен сени жакшы көрөм, максатыбыз – Аллаху тааланын
насип буйругу менен жаштарды бактылуу кылуу”, - деп, ал
дагы талаптарын санап баштады. Ушунчалык көп нерсени
санады, акыры уйкум келип баштады. Эң акырында: “Менин
уулумдун кумарканадан калган карызы бар, аны төлөбөсөк
ансыз деле той болуусу мүмкүн эмес”, - деди. Дароо көздөрүм
ачылды, чынын айтсам таң калдым. Көзүмдү жерден ала
алган жокмун көпкө чейин. Серхат ага: “Жаштарды бири-
бири менен көрүштүрөлү”, - деп айтып калды. Бир бөлмөдө
көрүштүк, кыз сүйлөй баштады. Мындан мурдагы көргөн
кыз эмнен сураса бул да ошолорду санап баштады. Колундагы
телефон чырылдап, сөзүн бөлдү, сүйлөшкөн соң телефонун
жапты. Кайта чырылдады, сүйлөшүп кайта жапты.
Кайра чалды. Чыдамым кетип: “Сага чалган ким?” - деп
сурадым. Мурдагы куда түшкөн жигити экен, достошпой калганына он күн болуптур. Эмнеге айрылып кетишкенин
сурадым. Чайканада башка бир эркек менен отурганын
көрүптүр, ошону менен талаш сөздөн улам айрылууга туура
келиптир. “А чайканада кайсы киши менен отурган элең?”
- десем,“Иштеген жериндеги кардарларыбыздын бири”, -
деди. “Демек,мурда эле иштеп жүргөн экенсиз да?” “Ооба,
мен массажчы болуп иштейм”, - деди. Шоктон шокко
кирип кетипмин. Беш мүнөттүн ичинде мен билбеген толгон-
токой нерселерди уктум. Үйлөнүүдөгү максатын сурадым.
Кудалашкан жигити тынчтык бербей жатыптыр,
башкача бир жашоо, башка адамдардын чөйрөсүндө болууну
каалап жүрүптүр. Сөздүн ачыгын айтканда, атмосферасын
өзгөртүүгө муктаж экен. Андан ары чыдамым кетип,
туруп кете берүүгө уруксат сурадым. Мен бир гана салиха
жубайлуу болгум келген эле. Кичи пейилдик менен апам
экөөбүз үйдөн чыгып кеттик. Кийин укканыма караганда
Серхат ага артыман көп сөз чыгарып жибериптир.
Күлүмсүрөп: “Бүгүн мактаган адамың эртең сөгөт”,
- деп койдум ичимен. Мындан ары үйлөнүү деген ойдон баш
тарта турган болгом. Апталар боюнча тышка чыккан
эмесмин. Кеч киргенде таза аба жутуу үчүн балкондо
отуруп китеп окуп жаткам. Каршы тараптагы кошунабыз
түнү иштеген үчүн кеч тогуздарда үйүнөн чыга турган.
Он жаштагы баласы да атасынын аркасынан ыйлап кала
турган. Эжеси аны алаксытыш үчүн балконго чыгарып, бир
ыгын таап менин менен сүйлөшүүгө аракет кылчу.
Бул тез-тез кайталана бергендиктен мындан тажап
кеткен элем. Бир күнү кеч Имам Газалинин “Кыямат жана
акырет” деген китебин колума алып ошол саатта балконго
чыктым. Мени көрүп ал да балконго чыкты, бир сөз таап
кайра сүйлөп баштады.
“Ар түнү китеп окуйсуң, ал кандай китеп?” - деп сурады.
Мен күткөн мүмкүндүк колума тийип: “Берейин, оку”,дедим, “Макул”, - деди. Бисмиллах деп эки-үч метр узакта
турган кызга китепти ыргыттым. “Бар эми кирип, үйдө
оку”, - дедим. Китепти окуганбы, айтор, балконго чыкпай
турган болду.
Үйлөнүүдөн баш тарткан элем, жубай табуу мага узак
көрүндү. Арадан айлар өттү. Бул убакыт ичинде апам менен
дагы бир нече кызды көрүүгө бардык. Бирок, натыйжа
баягындай эле, өзгөргөн эч нерсе болгон жок.
Бир күнү Шейшемби кечи эле, ичим кысылып, демим
кыстыгып кеткен сыяктуу сезимге кирдим. Ошол түнү эки
рекет намаз окуп жаттым. Бир кызык түш көрдүм. Бирөөнө
айткым келди бул түшүмдү.
Ошол түнү балкондо толгон айды карап турсам,
телефонуп чырылдап калды. Толгон айдан көзүмдү албастан,
чалып жаткан адам ким экендигин да карабастан
чөнтөгүмөн телефонду чыгарып кулагыма такадым. Чалып
турган адамдын үнү тааныш угулду. Бирок, ошол күндөн
тартып турмушумдун өзгөрө тургандыгын кайдан билдим.
Мага чалган адам - эң жакын досум Али болчу.
Ал дагы эригип отурган экен, мени чакырды. Даарат
алып, үйдүн жанындагы чай бакчасына бардым. Сөз
балалык кезибизден ачылып, акыры көргөн түшүмдү
айтып бергим келди. Чаң сапырылган айыл көчөлөрүндө
бара жатыптырмын, колумда бир кылыч бар, айланамдын
баары жыланга толгон. Жыландар бир метр көтөрүлүп,
баштарын өйдө көтөрүшкөн. Алардын баары башыма
секирүү үчүн шымаланып турушкан эле. Кылыч менен өзүмдү
коргоп жаткан элем. Мага жакындагандарды кылыч менен
өлтүрүп, алга карай бара жаткан элем. Алды жакта уктап
жаткан бирөө бар болчу, бир добуш уктум, бирок, айланада
эч ким жок эле. Уктаган кишини карадым. Чыккан добуш:
“Ал жаткан адам - Мусаб бин Умейр”, - деп айтты Кийин алдыда бараткан эки кишини көрдүм, бири
- Пайгамбарыбыз эле, экинчисинин ким экендигин көрө
алган жокмун. Досум Али түшүмдү жоруп баштады.
“Душмандарыңды жеңип, жакшы натыйжага жетесиң”,
- деди.
Сөз кайра үйлөнүү маселесине келди. Башыман
өткөндөрдү айттым. Бул маселеде дартым бар эле.
Менин жубайым дүнүйөгө берилген адам болбошу керек
эле, бир гана дүнүйө деп жашабашы керек эле.
Кыйынчылыктарымды узак убакытка чейин угуп отурду
Али. Эми ал сүйлөп баштады.
- Мен үйдөн чыгып баратканда апам мага
айтты:“Биздин райондо бир кыз бар, ошону менен сени
көрүштүрсөк”, - дешти.
- Жок Али, мындан кийин бирөө менен көрүшөйүн деген
ниетим жок. Кыз деле үйлөнгүсү келип турган кыз эмес экен.
- Эмне үчүн, - дедим.
- Ал дагы бир канча киши менен көрүшүптүр, андан
кийин үйлөнүүдөн абдан сууп калыптыр. Алинин апасы
көрүшсүн деп койбогондуктан макулдугун беришиптир.
- Макул анда, эртең баралы деп макулдаштык.
Көргөн түшүм чындык болот бекен. Бул убакка чейин
сабыр кылдым. Алдыма чыккан тоскоолдуктарды Аллаху
тааланын уруксаты менен ашкан элем. Али менен коштошуп
үйгө келдим. Маселени апама айтып бердим. Эртеси көрүүгө
бармакчы элек. Өтө толкунданып турдум эмнегедир. Эртең
менен эрте туруп кийиндим. Толкундануум кетпей, үйдүн
ичинде ары-бери басып жүрдүм. Биринчи жолу ушундай
толкунданышым. Бешим намазын окугандан кийин апам
экөөбүз жолго чыктык. Али бизди кыздын үйүнө чейин алып
барды. Эшигин кактым. Эшикти атасы ачып, “Кириңиздер”,
- деди. Бираз сүйлөшкөндөн кийин кеп негизги маселеге келди.
Кыздын атасы сүйлөдү: Балам, сага айта турган эч нерсем жок,сен буларды
кызым менен сүйлөш, - деди.
Чынын айтсам, абдан таң калдым, себеби, биринчи
жолу ушундай жагдайды көрдүм. Биринчи жолу дүнүйөлүк
эч бир сөз ачылбаган эле. Бир бөлмөдө кыз менен сүйлөшө
турган болдум. Отургучка отурдум, колдорум столдун
үстүндө тердеген алаканымды сүртүш үчүн жүзаарчы
кармап турган элем. Бөлмөгө нур жүздүү кыз кирди. Төмөн
карап сүйлөп баштады. Сөздү тиги кыздар сыяктуу билерик,
келин көйнөк менен баштаган жок.
Биринчи суроосу намаз тууралуу болду. Мага “намаз
окуйсуңбу” деп сураган жок, “намазды канча мүнөттө
окуп бүтүрөсүң”, - деди. “Мисалы, бешим намазың канча
мүнөттө бүтөт?” - деди. “Он беш мүнөттүн айланасында”,
- дедим. Ыраазы болду. Кийин: “Жыйнаган канча акчаң
бар?” - дегенде “мурдагы кыздар сыяктуу сөздү баштайт
окшойт”, - дедим ичимен:
- 45 миң акчам бар.
- Акчанын зекетин берип турасыңбы? – дегенде, туура
эмес ойдо болгондугума өкүндүм.
- Ооба, берип турам, - дедим.Сөзүн салмак менен
улантты.
- Сизден мурда үч киши менен көрүштүм. Баары бай
адамдар экен, ишенген нерселери бир гана акчалары эле.
Сүйлөгөн сөздөрүнүн баары акчага, байлыкка таянып
турганын көрдүм.Динге байланыштуу эч нерселери жок
эле, намаздарын дагы окушпайт экен. Сизден биринчи болуп
сураган нерсем намаз болду, себеби, намазын туура жана хушу
менен окуган адамдан зыян келбейт. Үй-бүлөсүнүн акысын
тебелебейт, адилетсиздик кыла албайт. Бардык адамдарга
эң жакшы нерсени гана тилейт. Эч кимди кордобойт жана
көңүлүн оорутпайт. Мындай адамды бардык макулуктар жакшы көрөт, макулуктар жакшы көргөн адамды Аллаху
таала дагы жакшы көрөт.
Сөзүн ары карай улантты.
- Кийин зекетти сурадым, себеби, ал акчада кедейлердин
акысы бар. Кедейлердин акысын карабаган адам жубайынын
да акысын карабайт. Аллаху таала андан кантип ыраазы
болсун?
Кандай гана туура сөздөрдү айтып жаткан эле. Анын
бул сөздөрүн укканымда ушунчалык бактылуудай сездим
өзүмдү. “Дүнүйөлүк эч бир нерсе каалабаймын”, - деди.
Жан тарапта турган китеп текчелериндеги өзү окуган
китептерди ткөрсөттү. Көргөндө өтө кубандым, себеби,
ал дагы мен окуган Ахли сүннөт китептерин окуйт экен.
Мен кызарып, эмнегедир тердеп жаттым, колумдагы
жүзаарчым да суу болуп калган эле. Менин ал кыздан сурай
турган эч нерсем калбаган эле, мен сурай электе эле баарын
айтып койду мага. Акыры апам менен сүйлөшкүсү келди,
сыртка чыгайын деп өйдө турганда колумдагы жүзаарчы
жерге түштү. Жерди карадым, бирок, жерден көрө
албадым, сыртка чыгып кеттим. Апам менен дагы ичкериде
он мүнөттөй сүйлөшүп отурушту. Апам чыккандан кийин
үй ээсинен уруксат алып жолго чыктык. Эки тарап тең
бири-биринен ыраазы болушту. Апаман ичте эмне тууралуу
сүйлөшкөндүгүн сурадым. Апама жана бир туугандарыма
болгон мамилем тууралуу сураптыр. Себеби, эне-ата ыраазы
болбогон баладан Аллаху таала да ыраазы болбойт эмеспи.
Үйгө барганда бул маселени атама айтып бердик, ал абдан
кубанды. Даарат алып, эки рекет намаз окудум.
Бөлмөмдө бир нече мурун көргөн түшүмдү эстедим.
Колумдагы сабыр кылычы менен бардык кыйынчылыктардан
өтүү насип болуптур, мунун натыйжасына да жеттим. Бул
күндөн баштап тойго даярдыктар башталмак эле.
Сөз айтылып, үй-бүлөлөр арасында шакек тагылды.Той маселеси бираз кыйын болду. Бир тууган тарабы музыкалуу
той болот деп болушпайт, мен болсо динибизге ылайык
болсун деп түшүндүрүүгө аракет кылып жаттым. Мүнөзүм
жумшак болгондуктан алар барган сайын менин үстүмө да
чыгып алышкан эле. Алардын ою боюнча той музыка менен
болуш керек экен. Жаназа үйү сыяктуу дуба, мавлют окутууга
болбойт экен. Эмне кылышты билбей, дагы да сыгылып
кеттим. Канча жолу мунун харам экендигин айтсам дагы
кабыл кылдыра албадым. Бир кечте бир туугандар менен
үйдө жыйналып бул маселе тууралуу сүйлөшүп жаткан
элек. “Бир шарт менен силердикин кабыл кылам”, - дедим.
Баары эмне деп айтар экен деп таң калып карап турушту.
“Мен өлгөндө мени менен бирге мазарга кире турган бирөө
болсо жана менин ордума эсебимди.бергиси келген бириңер
чыксаңар муну кабыл кылам”, - дедим. Уялгандыктарынан
эч ким менин бетиме карай алган жок. Ушинтип бул маселе
да жабылды.
Бир Бейшемби күнү кыз тарап менен сүйлөшүп, тойго
деп аны-муну сатып алууга бардык.
Шакек салган кызыбыз жанымда менин кулум сыяктуу
турду. Мен эмнени көрсөтсөм: “Болот, мен да жактырдым”,
- деп жатты. Адам деген ушунчалык жөнөкөй, ушунчалык
да назик болобу. Анын бул жагдайын көргөнүмдө мен дагы
эң жакшы сапаттагы нерселерди алып жаттым. Аны
бактылуу кылыш үчүн колуман эмне келсе ошонун баарым
кылгым келип турду. Үйүбүздү жабдуулап, антип-минткенче
үйлөнүү тою да келип жетти. Колум-бутума тийбей бир
чети толкундангандан жаным чыгып кетчүдөй сезилди.
Тоюм дал менин оюмдагыдай болду. Үй-бүлөлүк алгачкы
жылдарында кээ бирөөлөрдүкү сыяктуу уруш-талыш болгон
жок. Биз Исламдын сызыганда жолугуп, бирлешкен элек. Эч
бир кыйынчылыгыбыз болгон жок. Жубайымдын акылына,
жакшы мүнөзүнө, күлүмдөгөн жылуу жүзүнө айран-таң
калып жүрдүм. Ансыз убакыт өтчү эмес эле. Жумушта жүргөндө мүмкүнчүлүк тапсам телефон чалып үнүн угуп,
өзүмдү бактылуу сезип жүрдүм. Анын сүйлөөсүндө ичимди
жылыта турган башкача бир таасир бар эле. Муну кантип
кылып жатат деп түшүнө алчу эмес элем. Үйгө барсам
дайыма күлүмсүрөгөн жарык жүзү менен тосуп алаар эле,
ошол замат үстүмдөгү чарчоо сезимимдин бардыгы кете
турган. Тамак жасаган кезинде жардам берер элем. “Сен
чарчаган чыгарсың, кирип отур”, - дечү, мен да кирип
отурчумун. Себеби, аны таарынтып алууну эч каалачу
эмес элем. Эмне кааласа ошону аткарайын деп турар элем.
Менден дагы бир нерсе сурасын деп көздөрүнүн ичине карачу
элем. Анда-санда машина менен ары-бери кыдырчу элек, буга
да абдан кубанчу. Бир күнү да сейилдеп келиш үчүн машинага
отурдук. Кайрылып мага карады. “Сабыр деген кандай
жакшы, сабыр адамды бул машина сыяктуу баргысы келген
жерге жеткирет”, - деди. Муну эмне үчүн айткандыгын
түшүнгөн эмес элем. Бираз кыдырып, кайраүйгө келдик.
Бир нече күн мурда бөлмөбүздүн ачкыч менен ачып-жаба
турган жери бузулуп, кыйынчылык менен ачылып-жабылчу.
Өткөндө биздин райондо уурулук болгондугу үчүн үйүбүздү
кулпулачубуз. Бир жумадан бери жубайымдын журөгү
айланып, ошол үчүн түн ичинде тез-тез тура турган.
Менин уйкум өтө жеңил болгондугу үчүн дароо ойгоно
калчу элем. Ошол түнү да кайра жүрөгү айланганбы дейм,
турду, турганын сезип көздөрүмдү ачтым. Бирок, ал менин
ойгонгонумду байкабады. Акырын эшикти көздөй бет алды.
Бирок, ошол кезде көздөрүмө ишенбей турчу бир окуя болду.
Менин тынчымды албайын деп бекилип турган эшиктин
ачкычына да тийген жок. Эшик жабылып турган, жубайым
“бисмиллахиррахманиррахим” деп эшикти ачпастан
сыртка чыкты. Муну көрүп жүрөгүм дүкүлдөп, тердеп
баштадым, төшөктөн туруп көздөрүм эшикке кадалып
калган эле. Бөлмөнүн терезесинен жууна турган жердин
чырагы көрүнүп турчу. Бети-колун жууп чыракты өчүрдү. Мен дароо төшөккө жатып, уктамыш болуп калдым. Бирок,
жубайым эшикти ачпай туруп бөлмөгө кирди. Жүрөгүмдүн
дүкүлдөгөнү күчөгөн сайын чыдай албай ойгонгон сыяктуу
болдум да, төшөктө түзөлүп отурдум. Жубайымдын жүзүн
карасам ушунчалык нур чачырап турду. Ойгонгонумду
көргөндө күлүмсүрөп мага карады. Эмне кылаарымды, эмне
айтаарымды билбедим. “Тынчыңды алдым го”, - деп сурады.
“Жок, кирип-чыкканыңды сезген да жокмун”, - десем, мени
карап күлүмсүрөдү дагы, кайра жатты. Жумушка барганда
ошону эле ойлоп жүрдүм. Кантип ушундай кыла алды? Кеч
үйгө барганда эшиктин коңгуроосун баспай, эшикти дароо
ачкычым менен ачтым. Эшикти ачканымда жубайым
маңдайымда туруптур, жумуштан келгенимде эшикти
ачыш үчүн даярданып туруптур. Салам берип кирдим, бети-
колумду жууп, дастаркон даярдап тамактандык. “Бүгүн
башкачасың, эч нерсе болгон жокпу”, - деп сурады. Жооп бере
албыдым. Кече түнкү окуяны кантип сурай алмакмын. “Сага
бир нерсе айтайын” деп колуман кармап өйдө тургузду.
Көздөрүнүн ичин карап турдум. “Айт”, - дедим.
“Боюмда бар”, - деди.
Андан кийинкиси эсимде да жок.
Буттарым шалдырап, жерге жыгылып калыптырмын.
Жарым сааттан кийин өзүмө келгенде жубайым жанымда
отурган экен. Жаткан жеримен ага карасам уялып жерди
карады. Бул кабарга кандай сүйүнүп кетикенимди түшүндүрө
албайм.
Кеч жумуштан келатканда төрөлө турчу балага деп ар
кандай буюмдарды ала келе турган болдум. Кеч жатканда
жубайым экөөбүз кыялдарга батар элек. Балабыз белгилүү
жашка келгенде биринчи болуп кайсы китепти окутсак
экен? Алгач намаз китебиндеги маалыматтарды үйрөнүшү
керек эле. Андан кийин кайсынынсын окутсак, Ислам
Ахлагынбы? Ыйман китебинби?Жок, жок, алгач халифалар
тууралуу аңгемелерди окусун. Менин балам Ахли сүннөттү
коргогон, Ахли сүннөттү жайыш үчүн аракет кылган кул болушу керек эле. Аны мына ушундайча чоңойтушубуз керек
эле. Ар күнү кеч жубайым менен белгилүү бир убакыт бөлүп
жубайым менен Имам Раббининин “Мектубат”китебин
окучу элек. Бир күнү кечинде окуп отуруп көздөрүм
чарчагандыктан жубайыма үнүн чыгарып окуусун сурадым
да көздөрүмдү эсалдырыш үчүн жумдум. 212-чи катын окуп
жаткан эле. Бир кезде көздөрүмдү ачып карасам колунда
турган китеп жабык экен. Көздөрүмдү ачканымда көрүп
дароо китепти карап калды. Китепти ошончо жаттап
алганын жана жатка окуп жатканын ошондо түшүндүм.
Окуп жаткан кат бүткөндө токтоду. “Мектубатты
ушуга чейин канча жолу окудуң?” - деп сурасам:“Билбейм”,
- деди.“А канча убакытта китепти окуп бутүрөсүн?”
- дедим. “Бир аптада”, - деп жооп берди. Жубайымдын
руханий дажаларга жогорулаганын түшүндүм. Менин
тынчымды албайын деп эшикти ачпастан чыгып кетүүсү
эле бир керемет болчу. Ошол күндөн тарта жубайыма
болгон урмат-сыйым дагы да көбөйдү. Жубайым олуя болчу.
Илмихалды окуганда тушүнбөй калган жерлерин жубайыман
сурачумун. Ушунчалык жакшы түшүндүргөнүнө таң калбай
койчу эмесмин. Хикматын түшүнбөгөн кичинекей кыймыл
аракетин да сурап үйрөнчү элем. Ал дагы дароо илмихалдын
баланча бетинде жазылган деп түшүндүрүп берер эле. Ар
абалына сабыр кылчу жана ар абалына шүгүр кылгандыгы
билинчү. Маңдайымда Исламият чегинде жашоо кандай
экендигин көрсөткөн жалгызым бар эле, ошондуктан,
Аллаху таалага канча шүгүр кылсам да аз эле. Жубайымдын
бир нече кереметтерин көргөндө чыдай албай, эмнеси болсо
да бул тууралуу өзү менен сүйлөшөйүн деп жүрдүм.
Адаттагыдай жумуштан келип, тамактанган соң
жубайымды маңдайыма отургузудум. Барган сайын күчөгөн
толкундоо менен акырын сүйлөй баштадым. “Исламияттын
эң кичине маселелерине да эң жакшы көңүл бөлөсүң. Мындан
ары айтып отуруунун деле кажети жок”, - десем жубайым сүйлөй баштады: “Сабыр кандай жакшы. Сабыр кылып
жатып шүгүр кылуу дагы да жакшы. Адам ар абалына
сабыр кылып жана шүгүр кылса Аллаху таала ага дагы
жакшыларын берет.” Мындан кийин оозуман бир да сөз
чыкпады, жубайым да сөзүн бүтүргөн болчу. Ошол күндөн
кийин ага болгон мамилелериме дагы да катуу көңүл бура
баштадым. Аны таарынтып ала турчу бардык нерседен
узак турдум. Бир күнү кеч апам телефон чалды, эки күндөн
кийин кошунанын кызынын үйлөнүү тою болот экен, ошол
жерге мени да чакырышыптыр. Жубайым менен бирге
тоюна бардык, бардыгы Исламга ылайык тартип менен
уюштурулган экен. Эркектер менен аялдар отура турган
жер башка- башка бөлмөлөрдө эле. Тойдогу Исламга маани
берип даярдалганына абдан кубандым. Бир түнү балкондо
турганда берген “Кыямат жана Акырет”китеби оюма
келди. Он мүнөттөн кийин кичинекей бала келди, бул бала
үйлөнүп жаткан кыздын иниси экен. Атасы жумушка
кетип баратканда аркасынан ыйлап калган бала ошол бала
эле. “Байке, эңкейсеңиз”, - деди. Ылдый ийилдим, кулагыма
эжесинин мага чоң ырахмат айткандыгын айтты. Анын бул
абалга келүүсүнө мен себепчи болгон экенмин. Муну укканда
өтө кубандым. Жубайымдын боюнда бар болгон үчүн көпкө
чейин отура албай үйгө кайтып кеттик.
Арадан айлар өтүп, жубайым да төрөп, бир уулдуу
болдум. Жашообузга абдан ыраазы элек. Жубайым менен
ар түнү китеп окууну улантып жаттык. Жубайымды
“устазым”деп чакырчу элем. Ал менин устазым болчу.
Дүнүйө жана акырет саадатым үчүн эң чоң себепчим эле.
Түнү бала ойгонуп ыйлаганда тынчы кетпесин деп уулубузду
алып башка бөлмөгө чыгып кетер элем. Арадан эки жыл өтүп,
уулубуз чоңойгон эле. Жубайым кандай гана абал болбосун
шүгүр кылуумду айтчу эле. Бир мезгил өткөндөн кийин
жубайым ооруп калды. Убактыбыздын көбү ооруканада өтө
турган. Жубайымдын оорусу күчөп, менин болсо колуман эч нерсе келбеди. Бир түнү жумуштан үйгө келгенде эшикти
такылдаттым, бирок, ачпады. Ичке кирсем ушунчалык
атыр жыт келди. Ичке кирсем жубайым жаткан экен,
башында уктап жаткан чыгар деп ойлодум. Көпкө чейин
ойгонбогондуктан барып ойготоюн дедим, бирок, акыретке
көз жумганын түшүндүм. Көпкө чейин ойгонбогон соң
барып ойготууга аракет кылганымда кайтыш болгондугун
түшүндүм. Ошол жерге жыгылдым. Ичим өрттөндү.
Көздөрүмөн жаш агып баштады. Апама чалып, келүүсүн
өтүндүм. Эртеси жубайымды жерге бердик.
Үйгө киргенде жыттаган баягы атыр жыт кабырдан
келип баштады. Ар барганымда ошол жытты сезем,
үй кире албай турамын. Бир гана аны сагынып жүрдүм.
Жаным жубайым, устазым көз жумган эле. Ал айтканын
кылайын деп, бирок, баары бир сабыр кылуудан башка чара
табалбадым. Ар качан аны ойлой берем. Айлар өткөндө
барып үйгө кирүүгө батындым. Көздөрүмө жаш толуп,
ыйлай баштадым. Балконго чыгып, стулга отурдум. Толгон
ай чыгып турган. Али телефон чалган ошол түн эсиме
келди.Ошол түнү да дал ошол толгон ай бар эле. Көздөрүмөн
жаш төгүлүп, сыртка чыктым. Түптүз устазымдын,
жубайымдын мазарына бардым. Сааттар бою ыйладым.
Кайрадан ошол жыпар жытты сезип баштадым. Аркаман
бир кол ийинимди кармады. Артымды карасам жубайым
нурга чөмүлгөн абалда турган экен. Толкунданганыман эч
нерсе айталбай турдум. Башым айланып, акыры жыгылып
калыпмын. Ойгонгонумда таңкы азан окулуп жаткан экен.
Туруп туш-тарабымды карадым.
Жубайымды көргөн кезде “Сабыр кыл” дегенин эсиме
түшүрдүм. Мечитке барып багымдат намазын окуп бүтүп,
тышка чыгып баратканда чөнтөгүмдө бир нерсе салынганын
байкадым. Колумду чөнтөгүмө салсам бир жүзаарчы бар
экен. Жубайымдын үйүндө алгачкы көрүшкөнүбүздө столдон
туруп баратып жерге түшүрүп алып табалбай калган элем. Демек, жубайым таап алып сактап койгон экен. Жүзарчыда
мен билбеген ушунчалык жыпар жыт бар эле.
Бул окуя – чыныгы болгон окуя. Муну жазган адамдын
аңгеменин акырына тиркеген сөздөрү мына булар:
(Бул окуяны атамдын күндөлүк дептеринен алып,
жөнөкөйлөштүрүп жаздым. Аңгемедеги кишилер – атам
жана апам. Төрөлгөн бала мен болчумун. Сабыр менен шүгүр
адамды эң жогорку даражаларга чыгара турчу эки канат.)
Аллаху таала баарына ушундай жубай насип кылсын.

,

Билдирүүнү түзөткөн: Salixa.: 10 Февраль 2019 - 23:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Dilbaranurdinova   29 Июнь 2019 - 18:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 432
  • Катталган: 06 Февраль 17
  • Соңку аракети: 17 Янв 2021 18:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:убактылуу жашоодо!!!

Аракет кылам жакшы болушка,жанындагы аракет кылбаса бекер экен....))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   chik.chiko   06 Сентябрь 2019 - 06:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 478
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2019 03:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек, Москва.

Просмотр сообщения Salixa. (11 Февраль 2019 - 06:10) жазган:

СубаханАлла. Ыймандын сапаты өзгөрө түштү
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   sister   06 Сентябрь 2019 - 06:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бир тааныш эже бар, ал эженин кичине бизнеси бар. Жакында ага барып жолугушуп суйлошуп турсак бир келин ал эженин ишин башкарып, эженин кол алдында иштегендерди башкарып, эже менен тамашалашып журот. " Синдинизби? " - десем, " Уга элек белен? Куйоомдун экинчи аялы"- дейт. Эженин ыйманы, ынсабы катуу экенин билчим, бирок ушунчага чейин экенин... Тиги келинди куйоосуно озу алып бериптир. Ал келин куйоосу менен ажырашып уч баласы менен калган экен, кочодон эле таанышып калып, аны озунун жардамчысы кылып, улуу баласын жеке мектепке окутуп, кичуу эки баласын жекебалдар бакчасына бергени аз келгенсип куйоосун дагы бериптир. Ушундай аялзаттан улгу алыш керек!!! Иий, анан, бул эжени мен эмне учун сыйлайм, колунда бар болсо дагы такыр ойсоктоп турлонуп кийинбейт. Таанышканыбызга жети жыл болуп калды, эки эле койногу бар: кун суука жана кун ысыка. Мусулман аялзаты баары ушул эжедей болсо, мусулмандар кыйын болмокпуз.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Dilbaranurdinova   08 Октябрь 2019 - 22:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 432
  • Катталган: 06 Февраль 17
  • Соңку аракети: 17 Янв 2021 18:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:убактылуу жашоодо!!!

Просмотр сообщения sister (06 Сентябрь 2019 - 00:56) жазган:

Бир тааныш эже бар, ал эженин кичине бизнеси бар. Жакында ага барып жолугушуп суйлошуп турсак бир келин ал эженин ишин башкарып, эженин кол алдында иштегендерди башкарып, эже менен тамашалашып журот. " Синдинизби? " - десем, " Уга элек белен? Куйоомдун экинчи аялы"- дейт. Эженин ыйманы, ынсабы катуу экенин билчим, бирок ушунчага чейин экенин... Тиги келинди куйоосуно озу алып бериптир. Ал келин куйоосу менен ажырашып уч баласы менен калган экен, кочодон эле таанышып калып, аны озунун жардамчысы кылып, улуу баласын жеке мектепке окутуп, кичуу эки баласын жекебалдар бакчасына бергени аз келгенсип куйоосун дагы бериптир. Ушундай аялзаттан улгу алыш керек!!! Иий, анан, бул эжени мен эмне учун сыйлайм, колунда бар болсо дагы такыр ойсоктоп турлонуп кийинбейт. Таанышканыбызга жети жыл болуп калды, эки эле койногу бар: кун суука жана кун ысыка. Мусулман аялзаты баары ушул эжедей болсо, мусулмандар кыйын болмокпуз.

Эже туура айтасыз эч эле амал кылып жашай албайттам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Lenat   08 Февраль 2020 - 01:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 18 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 22 Янв 2024 11:50

Просмотр сообщения Salixa. (10 Февраль 2019 - 23:10) жазган:

САЛИХА ЖУБАЙЛУУ БОЛГУМ КЕЛЕТ.

Үй-бүлө кура турчу 25 жаштан өткөн элем...
Дегенче болбой апам үй-бүлө куруу маселесинин учун
чыгарып калды. Салиха бир кыз болсо калганы болот деген
ойдо жүрдүм. Жакын туугандарыбыздын биринен кабар
келди. Кошуналары абдан диндар экен, кызынын алардан
да өз динине бекем экендигин укканда өтө кубандым.
“Барып бир көрүшөлү”, - дедим. Алгач үй-бүлөсү менен
сүйлөштүм. Мен сүйлөгөнгө да үлгүртпөй өздөрү эле сүйлөй
беришти, буга таң калдым. Эч нерсе айталган жокмун...
Сөйкө салуу кечеси эң жакшы музыканттар болуш керек
экен. Тойдо да ушундай болуш керек. Үйдүн ичи оокат толо
төшөлүш керек экен, болгондо да кымбатынан. Эң акыркы
модельдеги машине болуш керек экен, себеби, кошунанын
күйөө баласы жапжаңы машине алыптыр. “Апа, кете
берели” деп айтайын дедим, бирок, уялдым. Кыз менен
көрүштүргүлөрү келди. “Исламиятка ылайык көрүштүк”,
он беш билерик,эң жакшы көйнөк (2000 доллар), эң чоң
тойкана... Эмне айтаарымды билбедим. Мен биргана салиха
жубайлуу болгум келген. Койгон талаптарын айтып бүтүрө
албай жатты. Ошол учурда каптал жакта турган күзгүгө
көзүмдүн кыйыгы менен өзүмдү өзүм карадым. Көрүнүшүмдө бизнесмен адамдын деле кебетеси жок болчу. Жыйырма
беш мүнөт сүйлөдү, талаптары бүткөндө кезек мага келди.
“Сенин талабың кандай?” - деди. Дароо туруп кетип калгым
келди, ичиме батпай кеткен элем, келгениме бир саат болсо
да дүнүйөгө малынып кеткен адамдар менен бирге отурууп
ичимди карартып жиберген эле. Кайта сурады, “сенин
талабың кандай?” - деп. “Буюрганы болор”, - деп өйдө
турдум. Кичи пейилдик менен үйдөн чыгып кеттик.
Жолдо кетип баратканда телефон чалынды... Байкем
чалып жаткан экен...
Жанындагы кошунасы Серхат аганын кызы бар экен...
Серхат ага өтө жакшы адам... Бала кезден таанычу элем
ала кишини. “Жарайт, барабыз”, - деп айттым... Серхат
аганын үйүнө барыш үчүн даярданып, апам менен бирге
жолго чыктык, он беш мүнөттө алардын үйүнө бардык.
Кеп-сөз башталып, менин балалык кезимди айтып мактап
жатты. Бетим кызарып, уялганымдан эч нерсе айталбай
отурдум. Акыры сөз негизги маселеге келип жетти. “Балам,
мен сени жакшы көрөм, максатыбыз – Аллаху тааланын
насип буйругу менен жаштарды бактылуу кылуу”, - деп, ал
дагы талаптарын санап баштады. Ушунчалык көп нерсени
санады, акыры уйкум келип баштады. Эң акырында: “Менин
уулумдун кумарканадан калган карызы бар, аны төлөбөсөк
ансыз деле той болуусу мүмкүн эмес”, - деди. Дароо көздөрүм
ачылды, чынын айтсам таң калдым. Көзүмдү жерден ала
алган жокмун көпкө чейин. Серхат ага: “Жаштарды бири-
бири менен көрүштүрөлү”, - деп айтып калды. Бир бөлмөдө
көрүштүк, кыз сүйлөй баштады. Мындан мурдагы көргөн
кыз эмнен сураса бул да ошолорду санап баштады. Колундагы
телефон чырылдап, сөзүн бөлдү, сүйлөшкөн соң телефонун
жапты. Кайта чырылдады, сүйлөшүп кайта жапты.
Кайра чалды. Чыдамым кетип: “Сага чалган ким?” - деп
сурадым. Мурдагы куда түшкөн жигити экен, достошпой калганына он күн болуптур. Эмнеге айрылып кетишкенин
сурадым. Чайканада башка бир эркек менен отурганын
көрүптүр, ошону менен талаш сөздөн улам айрылууга туура
келиптир. “А чайканада кайсы киши менен отурган элең?”
- десем,“Иштеген жериндеги кардарларыбыздын бири”, -
деди. “Демек,мурда эле иштеп жүргөн экенсиз да?” “Ооба,
мен массажчы болуп иштейм”, - деди. Шоктон шокко
кирип кетипмин. Беш мүнөттүн ичинде мен билбеген толгон-
токой нерселерди уктум. Үйлөнүүдөгү максатын сурадым.
Кудалашкан жигити тынчтык бербей жатыптыр,
башкача бир жашоо, башка адамдардын чөйрөсүндө болууну
каалап жүрүптүр. Сөздүн ачыгын айтканда, атмосферасын
өзгөртүүгө муктаж экен. Андан ары чыдамым кетип,
туруп кете берүүгө уруксат сурадым. Мен бир гана салиха
жубайлуу болгум келген эле. Кичи пейилдик менен апам
экөөбүз үйдөн чыгып кеттик. Кийин укканыма караганда
Серхат ага артыман көп сөз чыгарып жибериптир.
Күлүмсүрөп: “Бүгүн мактаган адамың эртең сөгөт”,
- деп койдум ичимен. Мындан ары үйлөнүү деген ойдон баш
тарта турган болгом. Апталар боюнча тышка чыккан
эмесмин. Кеч киргенде таза аба жутуу үчүн балкондо
отуруп китеп окуп жаткам. Каршы тараптагы кошунабыз
түнү иштеген үчүн кеч тогуздарда үйүнөн чыга турган.
Он жаштагы баласы да атасынын аркасынан ыйлап кала
турган. Эжеси аны алаксытыш үчүн балконго чыгарып, бир
ыгын таап менин менен сүйлөшүүгө аракет кылчу.
Бул тез-тез кайталана бергендиктен мындан тажап
кеткен элем. Бир күнү кеч Имам Газалинин “Кыямат жана
акырет” деген китебин колума алып ошол саатта балконго
чыктым. Мени көрүп ал да балконго чыкты, бир сөз таап
кайра сүйлөп баштады.
“Ар түнү китеп окуйсуң, ал кандай китеп?” - деп сурады.
Мен күткөн мүмкүндүк колума тийип: “Берейин, оку”,дедим, “Макул”, - деди. Бисмиллах деп эки-үч метр узакта
турган кызга китепти ыргыттым. “Бар эми кирип, үйдө
оку”, - дедим. Китепти окуганбы, айтор, балконго чыкпай
турган болду.
Үйлөнүүдөн баш тарткан элем, жубай табуу мага узак
көрүндү. Арадан айлар өттү. Бул убакыт ичинде апам менен
дагы бир нече кызды көрүүгө бардык. Бирок, натыйжа
баягындай эле, өзгөргөн эч нерсе болгон жок.
Бир күнү Шейшемби кечи эле, ичим кысылып, демим
кыстыгып кеткен сыяктуу сезимге кирдим. Ошол түнү эки
рекет намаз окуп жаттым. Бир кызык түш көрдүм. Бирөөнө
айткым келди бул түшүмдү.
Ошол түнү балкондо толгон айды карап турсам,
телефонуп чырылдап калды. Толгон айдан көзүмдү албастан,
чалып жаткан адам ким экендигин да карабастан
чөнтөгүмөн телефонду чыгарып кулагыма такадым. Чалып
турган адамдын үнү тааныш угулду. Бирок, ошол күндөн
тартып турмушумдун өзгөрө тургандыгын кайдан билдим.
Мага чалган адам - эң жакын досум Али болчу.
Ал дагы эригип отурган экен, мени чакырды. Даарат
алып, үйдүн жанындагы чай бакчасына бардым. Сөз
балалык кезибизден ачылып, акыры көргөн түшүмдү
айтып бергим келди. Чаң сапырылган айыл көчөлөрүндө
бара жатыптырмын, колумда бир кылыч бар, айланамдын
баары жыланга толгон. Жыландар бир метр көтөрүлүп,
баштарын өйдө көтөрүшкөн. Алардын баары башыма
секирүү үчүн шымаланып турушкан эле. Кылыч менен өзүмдү
коргоп жаткан элем. Мага жакындагандарды кылыч менен
өлтүрүп, алга карай бара жаткан элем. Алды жакта уктап
жаткан бирөө бар болчу, бир добуш уктум, бирок, айланада
эч ким жок эле. Уктаган кишини карадым. Чыккан добуш:
“Ал жаткан адам - Мусаб бин Умейр”, - деп айтты Кийин алдыда бараткан эки кишини көрдүм, бири
- Пайгамбарыбыз эле, экинчисинин ким экендигин көрө
алган жокмун. Досум Али түшүмдү жоруп баштады.
“Душмандарыңды жеңип, жакшы натыйжага жетесиң”,
- деди.
Сөз кайра үйлөнүү маселесине келди. Башыман
өткөндөрдү айттым. Бул маселеде дартым бар эле.
Менин жубайым дүнүйөгө берилген адам болбошу керек
эле, бир гана дүнүйө деп жашабашы керек эле.
Кыйынчылыктарымды узак убакытка чейин угуп отурду
Али. Эми ал сүйлөп баштады.
- Мен үйдөн чыгып баратканда апам мага
айтты:“Биздин райондо бир кыз бар, ошону менен сени
көрүштүрсөк”, - дешти.
- Жок Али, мындан кийин бирөө менен көрүшөйүн деген
ниетим жок. Кыз деле үйлөнгүсү келип турган кыз эмес экен.
- Эмне үчүн, - дедим.
- Ал дагы бир канча киши менен көрүшүптүр, андан
кийин үйлөнүүдөн абдан сууп калыптыр. Алинин апасы
көрүшсүн деп койбогондуктан макулдугун беришиптир.
- Макул анда, эртең баралы деп макулдаштык.
Көргөн түшүм чындык болот бекен. Бул убакка чейин
сабыр кылдым. Алдыма чыккан тоскоолдуктарды Аллаху
тааланын уруксаты менен ашкан элем. Али менен коштошуп
үйгө келдим. Маселени апама айтып бердим. Эртеси көрүүгө
бармакчы элек. Өтө толкунданып турдум эмнегедир. Эртең
менен эрте туруп кийиндим. Толкундануум кетпей, үйдүн
ичинде ары-бери басып жүрдүм. Биринчи жолу ушундай
толкунданышым. Бешим намазын окугандан кийин апам
экөөбүз жолго чыктык. Али бизди кыздын үйүнө чейин алып
барды. Эшигин кактым. Эшикти атасы ачып, “Кириңиздер”,
- деди. Бираз сүйлөшкөндөн кийин кеп негизги маселеге келди.
Кыздын атасы сүйлөдү: Балам, сага айта турган эч нерсем жок,сен буларды
кызым менен сүйлөш, - деди.
Чынын айтсам, абдан таң калдым, себеби, биринчи
жолу ушундай жагдайды көрдүм. Биринчи жолу дүнүйөлүк
эч бир сөз ачылбаган эле. Бир бөлмөдө кыз менен сүйлөшө
турган болдум. Отургучка отурдум, колдорум столдун
үстүндө тердеген алаканымды сүртүш үчүн жүзаарчы
кармап турган элем. Бөлмөгө нур жүздүү кыз кирди. Төмөн
карап сүйлөп баштады. Сөздү тиги кыздар сыяктуу билерик,
келин көйнөк менен баштаган жок.
Биринчи суроосу намаз тууралуу болду. Мага “намаз
окуйсуңбу” деп сураган жок, “намазды канча мүнөттө
окуп бүтүрөсүң”, - деди. “Мисалы, бешим намазың канча
мүнөттө бүтөт?” - деди. “Он беш мүнөттүн айланасында”,
- дедим. Ыраазы болду. Кийин: “Жыйнаган канча акчаң
бар?” - дегенде “мурдагы кыздар сыяктуу сөздү баштайт
окшойт”, - дедим ичимен:
- 45 миң акчам бар.
- Акчанын зекетин берип турасыңбы? – дегенде, туура
эмес ойдо болгондугума өкүндүм.
- Ооба, берип турам, - дедим.Сөзүн салмак менен
улантты.
- Сизден мурда үч киши менен көрүштүм. Баары бай
адамдар экен, ишенген нерселери бир гана акчалары эле.
Сүйлөгөн сөздөрүнүн баары акчага, байлыкка таянып
турганын көрдүм.Динге байланыштуу эч нерселери жок
эле, намаздарын дагы окушпайт экен. Сизден биринчи болуп
сураган нерсем намаз болду, себеби, намазын туура жана хушу
менен окуган адамдан зыян келбейт. Үй-бүлөсүнүн акысын
тебелебейт, адилетсиздик кыла албайт. Бардык адамдарга
эң жакшы нерсени гана тилейт. Эч кимди кордобойт жана
көңүлүн оорутпайт. Мындай адамды бардык макулуктар жакшы көрөт, макулуктар жакшы көргөн адамды Аллаху
таала дагы жакшы көрөт.
Сөзүн ары карай улантты.
- Кийин зекетти сурадым, себеби, ал акчада кедейлердин
акысы бар. Кедейлердин акысын карабаган адам жубайынын
да акысын карабайт. Аллаху таала андан кантип ыраазы
болсун?
Кандай гана туура сөздөрдү айтып жаткан эле. Анын
бул сөздөрүн укканымда ушунчалык бактылуудай сездим
өзүмдү. “Дүнүйөлүк эч бир нерсе каалабаймын”, - деди.
Жан тарапта турган китеп текчелериндеги өзү окуган
китептерди ткөрсөттү. Көргөндө өтө кубандым, себеби,
ал дагы мен окуган Ахли сүннөт китептерин окуйт экен.
Мен кызарып, эмнегедир тердеп жаттым, колумдагы
жүзаарчым да суу болуп калган эле. Менин ал кыздан сурай
турган эч нерсем калбаган эле, мен сурай электе эле баарын
айтып койду мага. Акыры апам менен сүйлөшкүсү келди,
сыртка чыгайын деп өйдө турганда колумдагы жүзаарчы
жерге түштү. Жерди карадым, бирок, жерден көрө
албадым, сыртка чыгып кеттим. Апам менен дагы ичкериде
он мүнөттөй сүйлөшүп отурушту. Апам чыккандан кийин
үй ээсинен уруксат алып жолго чыктык. Эки тарап тең
бири-биринен ыраазы болушту. Апаман ичте эмне тууралуу
сүйлөшкөндүгүн сурадым. Апама жана бир туугандарыма
болгон мамилем тууралуу сураптыр. Себеби, эне-ата ыраазы
болбогон баладан Аллаху таала да ыраазы болбойт эмеспи.
Үйгө барганда бул маселени атама айтып бердик, ал абдан
кубанды. Даарат алып, эки рекет намаз окудум.
Бөлмөмдө бир нече мурун көргөн түшүмдү эстедим.
Колумдагы сабыр кылычы менен бардык кыйынчылыктардан
өтүү насип болуптур, мунун натыйжасына да жеттим. Бул
күндөн баштап тойго даярдыктар башталмак эле.
Сөз айтылып, үй-бүлөлөр арасында шакек тагылды.Той маселеси бираз кыйын болду. Бир тууган тарабы музыкалуу
той болот деп болушпайт, мен болсо динибизге ылайык
болсун деп түшүндүрүүгө аракет кылып жаттым. Мүнөзүм
жумшак болгондуктан алар барган сайын менин үстүмө да
чыгып алышкан эле. Алардын ою боюнча той музыка менен
болуш керек экен. Жаназа үйү сыяктуу дуба, мавлют окутууга
болбойт экен. Эмне кылышты билбей, дагы да сыгылып
кеттим. Канча жолу мунун харам экендигин айтсам дагы
кабыл кылдыра албадым. Бир кечте бир туугандар менен
үйдө жыйналып бул маселе тууралуу сүйлөшүп жаткан
элек. “Бир шарт менен силердикин кабыл кылам”, - дедим.
Баары эмне деп айтар экен деп таң калып карап турушту.
“Мен өлгөндө мени менен бирге мазарга кире турган бирөө
болсо жана менин ордума эсебимди.бергиси келген бириңер
чыксаңар муну кабыл кылам”, - дедим. Уялгандыктарынан
эч ким менин бетиме карай алган жок. Ушинтип бул маселе
да жабылды.
Бир Бейшемби күнү кыз тарап менен сүйлөшүп, тойго
деп аны-муну сатып алууга бардык.
Шакек салган кызыбыз жанымда менин кулум сыяктуу
турду. Мен эмнени көрсөтсөм: “Болот, мен да жактырдым”,
- деп жатты. Адам деген ушунчалык жөнөкөй, ушунчалык
да назик болобу. Анын бул жагдайын көргөнүмдө мен дагы
эң жакшы сапаттагы нерселерди алып жаттым. Аны
бактылуу кылыш үчүн колуман эмне келсе ошонун баарым
кылгым келип турду. Үйүбүздү жабдуулап, антип-минткенче
үйлөнүү тою да келип жетти. Колум-бутума тийбей бир
чети толкундангандан жаным чыгып кетчүдөй сезилди.
Тоюм дал менин оюмдагыдай болду. Үй-бүлөлүк алгачкы
жылдарында кээ бирөөлөрдүкү сыяктуу уруш-талыш болгон
жок. Биз Исламдын сызыганда жолугуп, бирлешкен элек. Эч
бир кыйынчылыгыбыз болгон жок. Жубайымдын акылына,
жакшы мүнөзүнө, күлүмдөгөн жылуу жүзүнө айран-таң
калып жүрдүм. Ансыз убакыт өтчү эмес эле. Жумушта жүргөндө мүмкүнчүлүк тапсам телефон чалып үнүн угуп,
өзүмдү бактылуу сезип жүрдүм. Анын сүйлөөсүндө ичимди
жылыта турган башкача бир таасир бар эле. Муну кантип
кылып жатат деп түшүнө алчу эмес элем. Үйгө барсам
дайыма күлүмсүрөгөн жарык жүзү менен тосуп алаар эле,
ошол замат үстүмдөгү чарчоо сезимимдин бардыгы кете
турган. Тамак жасаган кезинде жардам берер элем. “Сен
чарчаган чыгарсың, кирип отур”, - дечү, мен да кирип
отурчумун. Себеби, аны таарынтып алууну эч каалачу
эмес элем. Эмне кааласа ошону аткарайын деп турар элем.
Менден дагы бир нерсе сурасын деп көздөрүнүн ичине карачу
элем. Анда-санда машина менен ары-бери кыдырчу элек, буга
да абдан кубанчу. Бир күнү да сейилдеп келиш үчүн машинага
отурдук. Кайрылып мага карады. “Сабыр деген кандай
жакшы, сабыр адамды бул машина сыяктуу баргысы келген
жерге жеткирет”, - деди. Муну эмне үчүн айткандыгын
түшүнгөн эмес элем. Бираз кыдырып, кайраүйгө келдик.
Бир нече күн мурда бөлмөбүздүн ачкыч менен ачып-жаба
турган жери бузулуп, кыйынчылык менен ачылып-жабылчу.
Өткөндө биздин райондо уурулук болгондугу үчүн үйүбүздү
кулпулачубуз. Бир жумадан бери жубайымдын журөгү
айланып, ошол үчүн түн ичинде тез-тез тура турган.
Менин уйкум өтө жеңил болгондугу үчүн дароо ойгоно
калчу элем. Ошол түнү да кайра жүрөгү айланганбы дейм,
турду, турганын сезип көздөрүмдү ачтым. Бирок, ал менин
ойгонгонумду байкабады. Акырын эшикти көздөй бет алды.
Бирок, ошол кезде көздөрүмө ишенбей турчу бир окуя болду.
Менин тынчымды албайын деп бекилип турган эшиктин
ачкычына да тийген жок. Эшик жабылып турган, жубайым
“бисмиллахиррахманиррахим” деп эшикти ачпастан
сыртка чыкты. Муну көрүп жүрөгүм дүкүлдөп, тердеп
баштадым, төшөктөн туруп көздөрүм эшикке кадалып
калган эле. Бөлмөнүн терезесинен жууна турган жердин
чырагы көрүнүп турчу. Бети-колун жууп чыракты өчүрдү. Мен дароо төшөккө жатып, уктамыш болуп калдым. Бирок,
жубайым эшикти ачпай туруп бөлмөгө кирди. Жүрөгүмдүн
дүкүлдөгөнү күчөгөн сайын чыдай албай ойгонгон сыяктуу
болдум да, төшөктө түзөлүп отурдум. Жубайымдын жүзүн
карасам ушунчалык нур чачырап турду. Ойгонгонумду
көргөндө күлүмсүрөп мага карады. Эмне кылаарымды, эмне
айтаарымды билбедим. “Тынчыңды алдым го”, - деп сурады.
“Жок, кирип-чыкканыңды сезген да жокмун”, - десем, мени
карап күлүмсүрөдү дагы, кайра жатты. Жумушка барганда
ошону эле ойлоп жүрдүм. Кантип ушундай кыла алды? Кеч
үйгө барганда эшиктин коңгуроосун баспай, эшикти дароо
ачкычым менен ачтым. Эшикти ачканымда жубайым
маңдайымда туруптур, жумуштан келгенимде эшикти
ачыш үчүн даярданып туруптур. Салам берип кирдим, бети-
колумду жууп, дастаркон даярдап тамактандык. “Бүгүн
башкачасың, эч нерсе болгон жокпу”, - деп сурады. Жооп бере
албыдым. Кече түнкү окуяны кантип сурай алмакмын. “Сага
бир нерсе айтайын” деп колуман кармап өйдө тургузду.
Көздөрүнүн ичин карап турдум. “Айт”, - дедим.
“Боюмда бар”, - деди.
Андан кийинкиси эсимде да жок.
Буттарым шалдырап, жерге жыгылып калыптырмын.
Жарым сааттан кийин өзүмө келгенде жубайым жанымда
отурган экен. Жаткан жеримен ага карасам уялып жерди
карады. Бул кабарга кандай сүйүнүп кетикенимди түшүндүрө
албайм.
Кеч жумуштан келатканда төрөлө турчу балага деп ар
кандай буюмдарды ала келе турган болдум. Кеч жатканда
жубайым экөөбүз кыялдарга батар элек. Балабыз белгилүү
жашка келгенде биринчи болуп кайсы китепти окутсак
экен? Алгач намаз китебиндеги маалыматтарды үйрөнүшү
керек эле. Андан кийин кайсынынсын окутсак, Ислам
Ахлагынбы? Ыйман китебинби?Жок, жок, алгач халифалар
тууралуу аңгемелерди окусун. Менин балам Ахли сүннөттү
коргогон, Ахли сүннөттү жайыш үчүн аракет кылган кул болушу керек эле. Аны мына ушундайча чоңойтушубуз керек
эле. Ар күнү кеч жубайым менен белгилүү бир убакыт бөлүп
жубайым менен Имам Раббининин “Мектубат”китебин
окучу элек. Бир күнү кечинде окуп отуруп көздөрүм
чарчагандыктан жубайыма үнүн чыгарып окуусун сурадым
да көздөрүмдү эсалдырыш үчүн жумдум. 212-чи катын окуп
жаткан эле. Бир кезде көздөрүмдү ачып карасам колунда
турган китеп жабык экен. Көздөрүмдү ачканымда көрүп
дароо китепти карап калды. Китепти ошончо жаттап
алганын жана жатка окуп жатканын ошондо түшүндүм.
Окуп жаткан кат бүткөндө токтоду. “Мектубатты
ушуга чейин канча жолу окудуң?” - деп сурасам:“Билбейм”,
- деди.“А канча убакытта китепти окуп бутүрөсүн?”
- дедим. “Бир аптада”, - деп жооп берди. Жубайымдын
руханий дажаларга жогорулаганын түшүндүм. Менин
тынчымды албайын деп эшикти ачпастан чыгып кетүүсү
эле бир керемет болчу. Ошол күндөн тарта жубайыма
болгон урмат-сыйым дагы да көбөйдү. Жубайым олуя болчу.
Илмихалды окуганда тушүнбөй калган жерлерин жубайыман
сурачумун. Ушунчалык жакшы түшүндүргөнүнө таң калбай
койчу эмесмин. Хикматын түшүнбөгөн кичинекей кыймыл
аракетин да сурап үйрөнчү элем. Ал дагы дароо илмихалдын
баланча бетинде жазылган деп түшүндүрүп берер эле. Ар
абалына сабыр кылчу жана ар абалына шүгүр кылгандыгы
билинчү. Маңдайымда Исламият чегинде жашоо кандай
экендигин көрсөткөн жалгызым бар эле, ошондуктан,
Аллаху таалага канча шүгүр кылсам да аз эле. Жубайымдын
бир нече кереметтерин көргөндө чыдай албай, эмнеси болсо
да бул тууралуу өзү менен сүйлөшөйүн деп жүрдүм.
Адаттагыдай жумуштан келип, тамактанган соң
жубайымды маңдайыма отургузудум. Барган сайын күчөгөн
толкундоо менен акырын сүйлөй баштадым. “Исламияттын
эң кичине маселелерине да эң жакшы көңүл бөлөсүң. Мындан
ары айтып отуруунун деле кажети жок”, - десем жубайым сүйлөй баштады: “Сабыр кандай жакшы. Сабыр кылып
жатып шүгүр кылуу дагы да жакшы. Адам ар абалына
сабыр кылып жана шүгүр кылса Аллаху таала ага дагы
жакшыларын берет.” Мындан кийин оозуман бир да сөз
чыкпады, жубайым да сөзүн бүтүргөн болчу. Ошол күндөн
кийин ага болгон мамилелериме дагы да катуу көңүл бура
баштадым. Аны таарынтып ала турчу бардык нерседен
узак турдум. Бир күнү кеч апам телефон чалды, эки күндөн
кийин кошунанын кызынын үйлөнүү тою болот экен, ошол
жерге мени да чакырышыптыр. Жубайым менен бирге
тоюна бардык, бардыгы Исламга ылайык тартип менен
уюштурулган экен. Эркектер менен аялдар отура турган
жер башка- башка бөлмөлөрдө эле. Тойдогу Исламга маани
берип даярдалганына абдан кубандым. Бир түнү балкондо
турганда берген “Кыямат жана Акырет”китеби оюма
келди. Он мүнөттөн кийин кичинекей бала келди, бул бала
үйлөнүп жаткан кыздын иниси экен. Атасы жумушка
кетип баратканда аркасынан ыйлап калган бала ошол бала
эле. “Байке, эңкейсеңиз”, - деди. Ылдый ийилдим, кулагыма
эжесинин мага чоң ырахмат айткандыгын айтты. Анын бул
абалга келүүсүнө мен себепчи болгон экенмин. Муну укканда
өтө кубандым. Жубайымдын боюнда бар болгон үчүн көпкө
чейин отура албай үйгө кайтып кеттик.
Арадан айлар өтүп, жубайым да төрөп, бир уулдуу
болдум. Жашообузга абдан ыраазы элек. Жубайым менен
ар түнү китеп окууну улантып жаттык. Жубайымды
“устазым”деп чакырчу элем. Ал менин устазым болчу.
Дүнүйө жана акырет саадатым үчүн эң чоң себепчим эле.
Түнү бала ойгонуп ыйлаганда тынчы кетпесин деп уулубузду
алып башка бөлмөгө чыгып кетер элем. Арадан эки жыл өтүп,
уулубуз чоңойгон эле. Жубайым кандай гана абал болбосун
шүгүр кылуумду айтчу эле. Бир мезгил өткөндөн кийин
жубайым ооруп калды. Убактыбыздын көбү ооруканада өтө
турган. Жубайымдын оорусу күчөп, менин болсо колуман эч нерсе келбеди. Бир түнү жумуштан үйгө келгенде эшикти
такылдаттым, бирок, ачпады. Ичке кирсем ушунчалык
атыр жыт келди. Ичке кирсем жубайым жаткан экен,
башында уктап жаткан чыгар деп ойлодум. Көпкө чейин
ойгонбогондуктан барып ойготоюн дедим, бирок, акыретке
көз жумганын түшүндүм. Көпкө чейин ойгонбогон соң
барып ойготууга аракет кылганымда кайтыш болгондугун
түшүндүм. Ошол жерге жыгылдым. Ичим өрттөндү.
Көздөрүмөн жаш агып баштады. Апама чалып, келүүсүн
өтүндүм. Эртеси жубайымды жерге бердик.
Үйгө киргенде жыттаган баягы атыр жыт кабырдан
келип баштады. Ар барганымда ошол жытты сезем,
үй кире албай турамын. Бир гана аны сагынып жүрдүм.
Жаным жубайым, устазым көз жумган эле. Ал айтканын
кылайын деп, бирок, баары бир сабыр кылуудан башка чара
табалбадым. Ар качан аны ойлой берем. Айлар өткөндө
барып үйгө кирүүгө батындым. Көздөрүмө жаш толуп,
ыйлай баштадым. Балконго чыгып, стулга отурдум. Толгон
ай чыгып турган. Али телефон чалган ошол түн эсиме
келди.Ошол түнү да дал ошол толгон ай бар эле. Көздөрүмөн
жаш төгүлүп, сыртка чыктым. Түптүз устазымдын,
жубайымдын мазарына бардым. Сааттар бою ыйладым.
Кайрадан ошол жыпар жытты сезип баштадым. Аркаман
бир кол ийинимди кармады. Артымды карасам жубайым
нурга чөмүлгөн абалда турган экен. Толкунданганыман эч
нерсе айталбай турдум. Башым айланып, акыры жыгылып
калыпмын. Ойгонгонумда таңкы азан окулуп жаткан экен.
Туруп туш-тарабымды карадым.
Жубайымды көргөн кезде “Сабыр кыл” дегенин эсиме
түшүрдүм. Мечитке барып багымдат намазын окуп бүтүп,
тышка чыгып баратканда чөнтөгүмдө бир нерсе салынганын
байкадым. Колумду чөнтөгүмө салсам бир жүзаарчы бар
экен. Жубайымдын үйүндө алгачкы көрүшкөнүбүздө столдон
туруп баратып жерге түшүрүп алып табалбай калган элем. Демек, жубайым таап алып сактап койгон экен. Жүзарчыда
мен билбеген ушунчалык жыпар жыт бар эле.
Бул окуя – чыныгы болгон окуя. Муну жазган адамдын
аңгеменин акырына тиркеген сөздөрү мына булар:
(Бул окуяны атамдын күндөлүк дептеринен алып,
жөнөкөйлөштүрүп жаздым. Аңгемедеги кишилер – атам
жана апам. Төрөлгөн бала мен болчумун. Сабыр менен шүгүр
адамды эң жогорку даражаларга чыгара турчу эки канат.)
Аллаху таала баарына ушундай жубай насип кылсын.

,

+ сонун жазылыптыр
Соз байлыгы копторго абдан суктанам ))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   kelemdedin   07 Июнь 2020 - 01:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Июл 2020 10:19

Бул теманы окуп жаман аял экенимди билдим. Аллахым туура жолго салсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Merelisha   07 Июнь 2020 - 18:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Аллахым менин да журогумо терен ыйман киргизип,салиха, такыба аял кыла кор,суранам. Аамин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 10:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: