АЯЛ-ЭНЕ, ЭРКЕК- ҮЙ-БҮЛӨ БАШЧЫСЫ
О, Уулум! Ислам таалиминдеги эркек менен аялдын милдеттери жөнүндөгү пикир билдиргим келет.
Аял ким? Аял -апаларыбыз,
жеңелерибиз,
аялдарыбыз,
эжелерибиз,
карындаштарыбыз,
кыздарыбыз жана Аллах Таала эркектерге жуп кылып жараткан ардактуу пенде. Алар күч-кубаты жагынан эркектерге жетпейт. Бирок эркек тарабынан аялына: «Мен күчтүүмүн,силерди мен багып жатамын», - деп айтуу менен зулумдук кылынуусу чыныгы мусулман үчүн оор күнөө. Ошондой эле бирөөнүн кызын келин кылып алган кайын энелер тарабынан өздөрү аял киши болуп туруп келинин кемсинтүүсү абдан орунсуздук.
Кээ бирөөлөр (келин алаарда, жуучу түшүп барган) кыздын үй-бүлөсүнө абдан жагынып,жагымпоздук,
жасакерлик жасап, өз уулун ашыра мактап, болочок кудаларын көндүрүп,ошондой куулук менен кызын келин кылып алышат. Бирок, беш-алты күндөн кийин келинге өз кызындай мамиле кылуусун токтотуп, ага күн сыяктуу мамиле кыла башташат да, адилетсиздиктин күнөөсүнө батышат. Эгер «кызым» деп мамиле кылса, келиндин дили да кубанычка толуп, кайын журтуна өз кызындай кызмат кылмак.Бирок,
аттиң ай, ошондой кишилер келиндерин кыз ордунда көрбөстөн, күн ордунда көрүп, оор иштерге буйрушат. Мына, ушул себептерге байланыштуу жаш үй-бүлөлөрдүн бузулуп кетүүсүнө көбүнө кайын энелер себеп болуп жатышат. Арийне, кээде келин болуп түшкөндөрдүн өздөрү да себепчи болуп калышат. Булардын баары ыймансыздыктан келип чыгат. Ыйманы жоктун ынсабы жок. Намаз окуган, Аллахтын каарынан корккон адам өз келини болгон бирөөнүн перзентин,болочоктогу неберелеринин апасына жабыр тарттырып, зулумдук кылбайт. Болбосо,чыныгы намыскөй, ыймандуу куйөө аялына зулумдук кылмак беле? Жок, кылмак эмес. Ал аял затына зулумдук кылуудан коркмок. Анткени Аллах баарын көрүп турат. Анын жүрөгүндөгү ыйман буга жол бермек эмес.
Өткөн доордо азирети Хасан Басриден бир адам: «Кызыма (бир нече адам)куда түшүп келип жатышат, кызымды кайсынысына берсем?» - деп сураптыр.
«Куда түшүп жаткандардын ыймандуусуна бер», -дептир Хазрети Хасан Басри. Анткени ыйманы бар, Аллахты тааныган эркек кызыңды өтө бактылуу кылып жибербесе да, жамандык кылбайт. Анткени жамандык кылаарда баарын көрүп турган Аллахтан коркот. Аллахтан корккондуктан зулумдук кылбайт.
Жаш курагы кырк-элүүгө келип калган, бир нече баланын энеси болуп калган аялдарга күйөөлөрү тараптан жасалып жаткан зулумдуктарды да кечирип болбойт. Мына, ошондой күйөөлөргө бул сөзүм жетсин да, кулагына кирсин: алар Аллахтын каарына ылайык. Аларды да ынсапка келтирип, жүрөктөрүн жумшартуусун Жаратуучу Аллахтан сурайбыз Куранда, хадистерде бул тууралуу көп насыяттар бар.
Мусулман эркектин аялы алдындагы милдеттери …. Дада уулу Абдулкадыр
#101 20 February 2013 - 20:22
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#102 20 February 2013 - 20:36
АЯЛЫҢДЫ УРБА, 00 ЭРКЕК!
Бизде, Борбордук Азияда, аялга күн сыяктуу мамиле кылгандар кездешет.Аял киши кызматчы эмес. Никелеп алган өмүрлүк жарың - алтындай балдарыңдын асылкеч апасы. Кээ бир эркектер «балдарымдын мага мээрими жок» деп капа болушат. Ичип келип, балдарынын алдында аялын урат, сабайт, жаман-уятсыз сөздөр менен сөгөт. Эй, акмак көр пенде, не кылып жатасың, ал балдарыңдын апасы го, ал эми апалардын ордун эч ким эч качан баса албайт! Апалар өлүп-тирилгендей оор кыйынчылыктар менен ошол балдарды төрөп бербедиби сага?! Балдарыңды баардык кыйынчылыктарды өз мойнуна алып, жууп-тарап, бөпөлөп-асырап өстүргөн ошол апасы го! Ушундай болгон соң балдарыңардын апасын урба, сөкпө, антсең балдарыңдын сага болгон мээрими жок болот. Ошонун натыйжасында алар сени жек көрүп калат.Мындай акмакчылык, көпчүлүк учурларда атың өчкүр арам ичкиликке берилген күйөөлөрдөн кездешет. Бир кездерде кудайсыз атеисттердин таалимине, маанисиз кооз, бирок бош сөздөрүнө ишенип алып, көзүбүздү май басып, намаз окугандарды «сопу» деп шылдыңдап, кыздарыбызды аларга берүүнү каалачу эмес элек, ага кыз берүүнү уят көрчү элек. «Алар таң эртеден кечке чейин намаз окугандан башка нерсени билбейт. Мен кызымды (ашынган арам тамак тозоку болсо да,) байга беремин, же чоң мыкчыгер-төбөлгө, бизнесмен-коммерсантка беремин», -дегендер толтура. О, адашкан кул пенделер! Билип койгула: бүгүнкү байлар эртең кедейлерге айланышат, андай болбогон учурда деле андай акчапараз неме силердин кызыңарды эмес, акчасын артык көрөт жана катуураак сүйөт. Куран окулбаган ошондой муздак дубалдуу, пайдасыз кооздуктар менен аша жасалгаланган кутсуз үйлөрдө күйөөсүнүн көңүл буруусунан кур калган назик кыздарыңар көз жашын жаздыгына төгүп,заманбап кулдарга айланышы ыктымал... Анткени акчага болгон сүйүү кирип алган жүрөккө ыйман кирбейт. Бир жүрөктө бир гана нерсе: же акча, же Аллах болот; бул экөөсү бир жүрөктө эч качан чогуу болбойт. Анын үстүнө билип койгула: кедейди да бир күн Аллах сөзсүз байытат. Бүгүнкү байлар кечээ кедей болушкан. Бүгүнкү кедейлер кечээ эле бай болушчу... Эсте тута турган дагы бир нерсе: Аллах Таала хадиси кудсиде: «Арам байлык селдей агып келет, адал байлык тамчыдай тамып келет», - деген. Улуу уламалардын бири: «Бейпилдик байлыкта деп жүрсөк кедейликте тура, бул дүйнөнү жыргал деп жүрсөк, акыретте тура», - деп айткан. Деги эле ыйман -байлыктан да, мансаптан да сансыз эсе жогору турат жана адамды адам кылып турган нерсе - анын акчасы эмес, дал ошол ЫЙМАНЫ. Ошол себептүү Ыйык Китепте имансыздар жана ибадатсыздар - өлүктөр катары сүрөттөлөт. Байлык менен бийлик ээси болгон, бирок ыйман-руху өлүктөргө кор кылып, кызыңарды байлык менен мансапка күйөөлөп бербегиле. Такыба, бирок кедей мусулмандар аларга Караганда сансыз эсеге куттуу жана берекелүү. Бейпилдик менен тынчтык, бакыт менен таалай байлыкта да, мансапта да эмес, тескерисинче, ыйман менен ынсапта, ибадат менен зикрде, исламий илим менен билимде, толук менен каниетте. Намазкөй,тыкаба жана байлык менен бийликке эмес, бир гана Аллахка сыйынган, Кудайдан корккон момундардан башкалардын дагы бир артыкчылыгы - алар, чыныгы такыба болсо, кызыңызды урбайт, сөкпөйт. Харам нерсени өзү да жебейт-ичпейт, үй-бүлөсүнө да ичирбейт-жедирбейт, ал жаман-бузук жолдордо жүрбөйт. Ошондой адамдардан таза, пакиза, адал неберелерге ээ болосун.

#103 20 February 2013 - 20:44
БАЙЛЫККА УМТУЛГАН АДАМДАР
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын доорунда эч бир сахаба ашыкча көрпө-төшөк сатып алган эмес, мал-дүнүйөгө ач көз, сараң болбогон.
Мал дүнуйөгө берилүү - кийинки доорлордо пайда болгон жаман оору. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «мал-дүнүйөнү жыйып коюуда, мал топтоодо Аллахтан уялыңыз» - дегенде, сахабалар: «Оо, Аллахтын Элчиси,биз имараттарды, бийик үйлөрдү куруп жатканыбыз жок, азык-түлүктүн бир-эки жылдыгын топтоп, жыйып коюп жатканыбыз жок, эмнеге мындай деп жатасыз?», -дегенде, Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Мен (муну) келечекте келе турган үммөтүмө айтып жатамын, силер бул сөздөрүмдү (аларга) жеткиргиле», -деп айткан. Мына, азыр, хадисте айтылган ошо күндөрдү өз көзүбүз менен көрүп турабыз. Азыр эмерек-семерекке, көрпө-төшөк, байлык-мүлктөргө адамдар өтө берилип кеткен. «Мусулманмын» дегендер да ушундай кылып жатышат. Үйлөнүү тойлордо болсо, кечелерде кеминде жети-сегиз машинаны жалдап, видео-камераларга тартып, ашыкча салтанат менен жүргөнүн көрөбүз. Булардын кээ бирлери «биз момун-мусулманбыз», дегендерден чыгып жатканы кандай өкүнүчтүү! Алардын арасында ажыга барып келгендердин балдары да бар. Эч жерде жок жаңылыктарды ойлоп чыгарып жатышат. Тойлор болсо таң атканча уланат. Дасторкондогу ысырапкерчиликке караңыз. Тойлордун түрлөрү көбөйүп кетти. Акыйкатта, дүйнөгө мынчалык берилип кетүү жакшы эмес. Бул Кудайга да, пендеге да жакпайт. «Мына ошондой той кылат элем» деп эркек менен аял, бала менен кыз... баардыгы базарларда жанын сабап чуркап жүрүшөт. Андай ыймансыз адам сөрөйлөргө Мекен, бала тарбиясы, каниет-толук, ислам илими, мээримдүүлүк, кичи пейилдик керек эмес. Аларга акча гана керек! Алар ыймандуу адам ээ болууга тийиш болгон көптөгөн касиет-сыпаттардан кур жалак калышкан. Эгер ата-энеси сыркоолоп жатып калса,базарларда «акча-акча-акча» деп чуркап жүрүп, мээримдүү тарбия көрбөй калган наадан балдар ата-энесин да карабайт. Эмнеге? Анткени, ал өзү да убагында мээримдүүлүк, жакшылык, ыймандуулук тарбиясын баласына берген эмес. Ошондуктан ыйман менен ынсаптуулуктун, толук менен каниеттүүлүктүн, ибадат менен зикрдин,илим менен такыбалыктын пайда-пазилеттерин жана адеп-ахлактуулукту балдарыңызга көбүрөөк үйрөтүңүз. Себеби, дүнүйөнү тааныган баланын акылы алсыз болбойт жанаошондо пайдасыз өкүнөчкө, ишке ашпас кур кыялдарга, мал-дүнүйөгө берилип кетпейт.

#104 21 February 2013 - 17:08
АЯЛЫБЫЗГА ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛАЛЫ
Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Оо, үммөтүм, силердин эң жакшыңар, үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылганыңар, Мен да үй-бүлөмө жакшы мамиле кыламын», - деген.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) эч качан бирөөгө күч колдонуу, сабоо, жабыр тарттыруу сыяктуу жаман иштерди жасаган эмес.
Кээ бир кишилер балдарынын алдында аялына азар берет. Оо, бир тууганым, муну менен абройго ээ болбойсуз. Бир гана балдарыңыздын көзүнө жаман көрүнөсүз. Ал сизге аял болсо, балдарыңызга апа го. Ардактуу апасыго! Сиз өз апаңызды ошол аялдын ордуна койсоңуз. Атаңыз сөксө, урса, сабай берсе, кандай абалга туш болосуз? Аялыңызга жакшы сүйлөсөңүз, балдарыңыз жайдары болушат. Кайсы бир ата балдарына жакшы мамиле жасап жаткан болсо, мында эненин салымы бар экендигин билиңиз. Энесине жакшы сүйлөгөнүңүздүн себебинен улам эне балдарына сизди мактай берет. Атаң жакшы адам..., деп айтат. Үйгө киргенде кайгысын күчөтүп, чыкканда сөгүп-кагып кетсеңиз, «эй, атаң кеттиби? Ух,кутулдукпу? Жумуштан кайтып келгенче эми жайбаракат отурабыз», - дейт. Андай зулум ата эртеңки күнү ошол балдардын бир ууртам суу берүүсүнө, аялыңдын кароосуна-багуусуна зар болуп калуусу толук мүмкүн. Ушуну эстен чыгарбаңыз.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): «Адамдардын эң жаманы - аялына, бала-чакасына сарандык кылганы», - деген.
Кээ бирөөлөр аялына, бала-чакасына таза, жакшы тамактарды жегизбейт, жакшы кийимдерди кийиндирбейт. Тишинин кирин соруп жүрүп акчаны жыйып-жыйып, анан элге кадыр-барктуу адам болуп көрүнөм деп үч күндөп, беш күндөп ысыраптуу той өткөрөт.
Ошентип,үй-бүлөсүнө жегизбей, ичирбей, эки кабаттуу, үч кабаттуу бийик үйлөрдү салат, машина алат. Эй, адамдар, мойнуңардагы Аллах жүктөгөн милдетти унуттуңарбы?
Балдарды жакшы жедирип, жакшы кийиндирүүнү колко-милдет кылбаңыз. Сиздин ишиңизди берекелүү кылуу аркылуу балдарыңыздын ырыскысын Аллах өзү берип жатат. Муну эстен чыгарбаңыз. «Балдарым көп жеп, көп ичип жатат» деп, наристелердин оозун басып, ичип-жегенин эсептеп жүргөн аталар да кездешет. Буга өзүбүз күбөбүз.
Эй, адамдар, Аллах ырыскысын берип жатабы, жейт да. Бир күн келет, сизда алардыкын жейсиз. Азыр сиз балдарыңызга милдет кылбай жегизиңиз, картайганыңызда жамбаштап (отуруп) жейсиз Чоңойгондо ал сизди багат. Айланаңызга караңыз,адамдар сооп үчүн өз перзенттери мындай турсун, өзгөнүн балдарын жегизип,ичирип, ары өзүнүн перзенттерин асырап, ары жетим-жесирлердин башынан сылап жүргөндөр канча. Өз үй-бүлөсүнө жаны ачышпаган адамдын башкага жаны ачымак беле? Ошондой адамдардан Аллах сактасын!
Пайгамбарыбыз(с. а.в.): «Эң чоң күнөөлөрдүн бири -ата-энесине, аялына, бала-чакасына карабай коюу, алардын ал-жайын сурап кабар албоо, (аларды) багуудан (баш тартып,милдеттен) өз башын ала качуу», - деп айткан.

#105 21 February 2013 - 17:13
АШ-ТОЙЛОРДУДА ЧАМА-ЧАРКЫБЫЗГАКАРАП ӨТКӨРӨЛҮ
Урматтуу туугандар, билип койгула: ата-эне картайгандан кийин сиздин карамагыңызда, үйлөнсөңүз да сиздин карамагыңызда болот. Бала-чакалуу болгон соң перзенттер карамагыңызга өтөт. Аларды багуу, кийиндирүү, ичирип-жегизүү эркектик парз.Мына ошол парздарды толук орундатпай жүргөндөр да бар. Кээ бирөөлөр эл көрсүн үчүн тез-тез дасторкон жайып, калкты жыйып, элге аш берет. Ысырапкор мааракелерге өзгөчө маани берүү менен журтубуз да чектен ашып баратат. Аллахтан корколу! Мындай чоң аш-той берүүлөр исламда болгон эмес. Мындай иштерди тыюу -биздин, момундардын милдети.
Макул дейли,ата-энеңизди ошончолук жакшы көрөт экенсиз, сооп издейт экенсиз, жол салыңыз,көпүрө салыңыз. Бир адамды тойгузган, бир сооп. Ал эми калайык-калкты жыйып,элге аш бергенге кеткен каражатка андан көрө жол салсаңыз бир нече миң сооп аласыз. Эмнеге? Анткени, ошол жолдон өткөн адамдар сизге дуба кылышат. Жол бузулуп калганга чейин канча адам басса, ошончо соопко ээ болосуз.
Чоң-чоң мааракелерге, той-топурларга жумшалган каражат эсебине эки-үч чакырым оюн үчүн,кур ылай жана чаң көчөлөрдү жөндөп жана тегиздеп койсоңуз, мындай иштердин сообу эсепсиз болоору шексиз.
Бирок аттиң атеисттик доордо көпчүлүгүбүздүн ыйманыбыз алсырап, иштерибизге рия абдан аралашып кеткен. «Рия» - бул өз тилибизде айтканда: «Аллахка эмес, өзгөлөргө көрсөтүү үчүн бир нерсени аткаруу» деп айтылат. Чоң той өткөзөмүн дегендер бала-чакасынын ырыскысын азайтат; таза эмес ар кайсы жолдор менен дүйнө-мүлк жыйноого киришет. Ошону менен, анын дилинде, албетте, сарандык, каниетсиздик, ач көздүк пайда болот.

#106 22 February 2013 - 03:17
АЯЛЫҢЫЗГА ДА ТУУРА ЖОЛДУ КӨРГӨЗҮҮ - СИЗДИН МИЛДЕТИҢИЗ
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Эркекти бай кыла турган, үй-бүлөнү берекелүү кыла турган аял - бул ысырап кылбай турган, кур кыялдарга, ашыкча буюмдарга берилбеген аял», - деп айткан.
Күйөөнүн мүлкүн сактоочу, артыкча ашыкча буюмдарга кызыкпай, «күйөөм балдарымды багып жатат,бизге көңүл бөлүп, кыйынчылыктар менен таап келип жатат, ушуну ысырап кылбай үнөмдөйүн»деген аял үй-бүлөгө береке алып келет. Бирок жеңил ойлуу аялдарыбыз да бар,күйөөсү бир аз жакшыраак тапса, «алтын сөйкө, күмүш алып бер, тон кийемин», -деп, келген насипти коромжу кылууга шашат. Азыркы күнү күйөөгө чыккан кыздарга берилип жаткан кийим-кечектердин, буюм-тайымдардын кымбаттап кетүүсүнө ошондой умтулуулар себеп болууда. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын сахабаларынын бири: «Кур кыялдарга берилип, кымбат буюм, мал-дүнүйөгө сугалак болгон аялдардан Кыямат Күнү сурак кылынардан мурда алардын күйөөлөрү суракка тартылат», - деп айтыптыр. Демек, Кыяматта Аллах бул күнөөлөрдү эркекке жүктөп, аялдарын ушундай кылып койгондуктары үчүн күйөөлөрүн суракка тартат. Ошондуктан каниет-топуктуулук тууралуу аялдарга ачык насыят айтуу керек. Аялыңызга, бала-чакаңызга харам менен халалдын айырмачылыгын үйрөтүңүз. Ынсапсыздык, каниетсиздик, текеберлик -оор күнөө экендигин түшүндүрүнүз.

#107 22 February 2013 - 03:30
ЫЙМАН САБАГЫНЫН ЗАРЫЛДЫГЫ
Азыркы учурда балдар үчүн эң зарыл болуп жаткан нерсе - исламий тарбия, ыймандуу адеп-ахлак жана диний адамгерчилик сабагы болууда. Башкача айтканда, диний ишеним жана ыйман сабагы. Анткени балаңыз ыймандуу болсо, ал ата-энесин шариат буйругандай деңгээлде сыйлайт; Ата журтун, элин сүйөт; күнөө иштерден өзүн тыят. Ошол себептүү балдарыбыздын руханий өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бөлөлү, руханий байлыгын өстүрөлү. Болбосо жүрөгү карайып кеткен наадан адам «бирөөнү урсам, күчтүү болсом,сындырып таштасам, акчам көп болсо, баарын сатып алсам» деген сыяктуу жаман максаттардан башка эч нерсени ойлоно албай калган интелектуалдык инвалидге айланат. Андай инвалиддер, сиз менен биз жакшы тарбия бере албай жатканыбыздан улам көбөйүүдө. Ниети бузук адамдар аларга ошондой жаман касиеттерди үйрөтүүүчүн уятсыз, зордук-зомбулукка үйрөтүүчү фильмдерди алып келип, жаштардын ой-санаасын сокур ишеним менен улап, арак ичүүгө, наша, тамеки чегүүгө,ойноштук кылууга, жеңил-желпи маанисиз иштерге үйрөтүүдө. Бул да элибизди,динибизди, мекенибизди алсыратат. Биз болсо ошо чоңойуп бара жаткан катачылыктардан, кемчиликтерден арылуунун, бала тарбиясы менен шугулдануунун ордуна, кээде ушак-айындуу сөздөрдү сүйлөө, калп-жомокту айтуу, бирөөнүн айыбын чукуу менен алек болуп жүрөбүз, аттиң. «Улуу адам болобуз» деп жүргөн жаштарыбызга дүнүйөдө Аллахтан башка эч кандай улуулук жок экендигин хикмат менен түшүндүрүшүбүз керек. «Менмин» деген далай күчтүүлөрдү Аллах Таала бир эле кыйынчылык- балээге дуушар кылып койсо, мурдунун суусун аарчууга да алы келбей калары чын. Балдарыбызга: «Бирөөгө зулумдук,кылууну ойлобо, адамгерчилик жана ибадат жагынан баарынан алдыга өзүң чык; тазалыкта, ыймандуулукта, бийик бол» деп түшүндүрүү - ар бирибиздин милдетибиз.
Аллах Таала жүрөктөрүбөзгө ыйман нурун салсын, дарттарбызга шыпаа, ден-соолугубузга кубат берсин. Элибизге тынчтык, амандык, биримдик,ынтымак берсин! Амин!
АЯГЫ.... .

#108 25 March 2013 - 21:26
Аллах ыраазы болсун сенден Нурадил! 
Канеми эркектерибиз ушуга толук кандуу ырая кылса.

#109 29 March 2013 - 21:54
Аябай жакшы китеп турбайбы.Аял болсомда мен озумо керектуу кооп тарбиялык жактарын окуп билдим.Ушуну зерикпестен бул жака кочургон инсанга сооптор болсун жана Аллах ыраазы болсун!!
!
#110 05 April 2013 - 11:22
Теманы талкууга айлантуу болбойт!
Суроолорду тиешелүү бөлүмгө калтыргыла.
Билдирүүлөр "Исламга дооң барбы?" темасына жылдырылды.

#111 11 August 2013 - 19:48
Аялдарды сыйлабаган жарыбайт.
Элибизде "Аял жакшы,эр жакшы"," Алганың жакшы болсо-жакаң агарат,алганың жаман болсо-сакалың агарат"деген сыяктуу баалуу сөздөр бар.Айтса-айтпаса аялдын орду,үй-бұлөдө болсун,турмушта болсун абдан жогору.Тилекке каршы,акыркы учурларда эркектер аялдардын баркын билбей,алардын аялдарга болгон мамилеси сууп бара жаткансыйт. Келечекте өзүнүн атын сактап,тукумун улап жүрүүчү балдарды төрөп берген аялына кол көтөргөн эргулдар көбөйүұдө.Кээ бирөөлөр атың өчкүр аракка тоюп алып,"Үйдө баатыр жоодо жок"болуп, болгон күчүн байкуш аялынан чыгарса,кээлери" Баланы жашынан,аялды башынан"деген асыл сөздү тескери түшүнүп,аялдарга "атаман" болуп алышат.Ал эмес,кээ бир дин жолун карманып,башкаларга үлгү болчу адамдар да,аялды уруп турууну "сүннөт" кылып алышкан.
Эркектердин аялдарга жасаган жаман мамилеси,эртедир- кечтир коомчулукка зыянын тийгизбей койбойт.Ажырашуунун көбөйүүсұ,балдардын жетим калуусу,кыздардын бузулуусу,кыздардын чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып кетүүсү ж.б.у.с коомго зыянын тийгизбейби? Албетте тийгизет.Тийгизбегенде да мамлекеттин, элдин жок болуп кетүүсүнө алып келүүсү толук мүмкүн.А мунун баарына биз,эркектер күнөөлүбүз. Биз өзүбүздү мусулман катары эсептеп,намаз окуп,орозо кармап жатканыбыз менен,Исламдагы көптөгөн баалуу сапаттардан алыс жашап келебиз.Исламда аялды кантип сыйлайт,аялга кандай мамиле кылат,андан кабарыбыз аз.Азыркы күндө биз үлгүнү кимден алууну дагы үйрөнө элекпиз.Биз үлгүнү ыймансыздыктын, күнөөнүн,адамгерчиликсиздин сазына батып бара жаткан батыштан издеп калдык.Аялдан алдын чуркап келип машинанын эшигин ачып,аялдан алдын чуркап келип,отургучун жылдырып,аялдын кийимин алып иле коюп,аны кайра кийгизе койгон эркектерди көрүп,булар аялдарын абдан сыйлайт экен деп ойлошуң мүмкүн.Бирок, бул аял кимдин аялы болду экен деген суроону унутпа.Азыр эле тиги аялдын алдында кызматчыдай болуп чуркап жүргөн эркек,үйүндөгү өзүнүн аялына кандай мамиле жасаганын көргөнүңдө, ушундай эки жүздүүлүктү өздөштүргөн эркектен толук түңүлөсүң.Мындай эки жүздүүлүккө толгон жерлерде эч качан эркек өз аялын сыйлабайт,жана аялдар урмат-сыйды башка эркектерден гана күтүшөт.Ал эми өзүнүн өмүрлүк жарына кандай мамиле кылуу керектигин Исламдан издесек,чыныгы жашоонун тартибин,чыныгы адамгерчиликти таба алабыз.

#112 11 August 2013 - 20:51
Адамдын жашоосу бактылуу болуусу үчүн биринчи кезекте жакшы аял менен бирге туруусу керек.Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салааваты болсун):"Бактылуулук төрт нерседе:ыймандуу аял,кенен турак жай,жакшы кошуна,татыктуу улоо"-деп айткан.Мына ушул адам баласына эң зарыл болгон төрт нерсенин биринчиси-ыймандуу аял.Аллах Таала куранда минтип айтат:"Анын белгилеринен-
алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жаратып,араңарга сүйүұ жана ырайуумдуулук берип койду.Чынында бул нерселерде акылын иш теткендер үчүн белгилер бар."Аятта Аллах Таала"Алар менен тынчтанып жашооңор үчүн"деп айтып жатат.Демек,
эркек аялга үйлөнгөндөн кийин жашоосун аны менен бирге тынчтыкта өткөрүүсұ керек.Аялга үйлөнгөндөн кийин да башка аялдарга "машинанын эшигин ачып"жүргөн эркектер эч качан аялы менен тынчтыкта жашай албайт.Аяттын уландысында "Силерге сүйүү жана ырайымдуулук берди"деп айтылган.Ибн Аббастын (Аллах андан ыраазы болсун) айтуусунда,
сүйүү-бул аялын жакшы көрүү,ал эми ырайымдуулук кылуу-бул,аялын ар кандай жамандыктан сактоо.Чындыгында,
үйлөнгөн жаштардын ортосунда бири-бирине болгон ырайымдуулук бар.Чайга отурганда энелерибиз:
"Атаң кайда жүрөт,чайга келбейби"
деп эстеп турат.Сыртка чыгып бара жаткан энелерибизге "Кемпир чапаныңы кийип ал,эшик суук"деп аталарыбыз эскертип турат.Бул Аллах Тааланын пендени жаратканда кошо жараткан сүйүүсү жана ырайымы.Аллах Таала айтат:"Алар (аялдар) силерге,силер (эркектер) аларга кийимсиңер.
"Бул аяттын мааниси-аял эркексиз,эркек аялсыз жашоого болбойт,алар бири-бирин жаап жашырып,кемчилигин толуктап турат.
Эркек биринчи кезекте аялын тамак-аш менен камсыз кылуусу керек.Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)бир адам:эркектин аялга кандай милдети бар?-деп сураганда ал,"Өзүң тамактанганда, аны да тамактандыр, өзүң кийингенде, аны да кийиндир" -деп жооп берген.Дагы бир хадисте:" Аллах жолунда берген динарыңдан да,кедейлерге берген динарыңдан да,кулдарга берген динарыңдан да,өз аялыңа берген динарың жакшыраак болот"-деп айтылган.Аялыңды, бала-чакаңды ачка отургузуп коюп,башкаларга садака бергенден,өз үй-бүлөңө сарптаганың жакшыраак болот.Муну менен үй-бүлөөдөгү жашоо бекем болот.Ошол эле учурда акырет үчүн да сооп-сыйлык топтолот.Пайгамбар (сав) айткан:"Кыяматта, аялына берген нафака таразага биринчи салынат." Үй-бүлөөнү багуу үчүн адалдан кесип кылуунун өзү эле сооптуу иш.Хадисте айтылган:" Ким адал ырыскы издеп,чарчап келип уктаса,ал күнөөлөрү кечирилген абалда уктайт."Ал эмес дасторкондун үстүндө турган даяр тамактын бир тиштемин алып аялыңдын оозуна калып койсоң да садака болот.
Эркек аялга аны жакшы көрөрүн билдирип туруусу керек.Аялдардын табиятында, эгер алар жакшы көрсө тили менен айтып турат.Ал эми эркек жакшы көрсө аны амалы менен билдирип турат.Рамазан айынын акыркы он күнүндө мечитте итакафта отурган Пайгамбарыбызга жубайы София энебиз келип,көпкө сүйлөшүп отурат да,чыгып жөнөйт.Ошондо Пайгамбарыбыз (сав)"Токтой тургун,мен сени узатып коеюн"-деп, үйүнүн эшигине чейин узатып келет.Ошол эле учурда аялын жакшы көрөрүн тил менен айтып туруу да жакшы болот.Анткени, Айша энебиз Пайгамбарыбызга (сав) кайрылып:" Мага болгон сүйүүң кандай?"-деп сураганда,Пайгамбарыбыз (сав)"Аркандын түйүнүндөй" -деп жооп берет."А түйүн бошой элекпи?"-деп сурайт Айша энебиз кайра,-"Түйүн өз абалынан өзгөрө элек-деп жооп берет Пайгамбарыбыз (сав).

#113 11 August 2013 - 21:28
Аялына эркелетип,жакшы сөздөрдү айтуу менен ортодогу мамиле бекемделет.
Пайгамбарыбыз (сав) Айша энебизге кайрылганда,
көбүнчө "Ааши"деп эркелетип кайрылчу.Кээде "Яа,Хумайра"
,"Оо,менин аппагым"деп эркелетчү.
Тарых барактарында Ромео менен Джулеттанын, ж.б сүйүүсү тууралуу уламыштар айтылып келет.Бирок, бул сүйүүлөр бири-бирине жетпей калуусу менен ғана белгилүү болгон.Ал эми кээ бирлеринин сүйүүсү эки ашыктын бири-бирине жетүүсү менен токтоп калган.Ал эми чыныгы б.а өмүрдөн өтүп кеткенге чейин сакталган сүйүүнү Пайгамбарыбыздын (сав) жашоосунан гана таба алабыз.Пайгамбарыбыз (сав) Хадича энебизге үйлөнгөн күндөн баштап,Хадича энебиз бул дүйнөдөн өтүп кеткенге чейин ага болгон сүйүүсүн таза бойдон сактаган.Ал эмес Пайгамбарыбыздын сүйүүсү Хадича энебиз өтүп кеткенден кийин да сакталып кала берди.Хадича энебиз кайтыш болгондон бир жылдан кийин Сахаба аялдардын бири Пайгамбарыбызга келип "Эми үйлөнүп албайсыңбы? "-деп айтканда.Пайгамбарыбыз (сав) ыйлап "Хадичадан кийин да Хадичадай аял болмок беле?"-деп баш тартат.Эгер Аллах Таала дин таралуусу үчүн Пайгамбарыбызды үйлөөнүгө буюрбаганда, ал Хадича энебизден кийин үйлөнбөстөн өтүп кетмек.Мекке шаары мусулмандардын колуна өтүп,адамдардын баары Пайгамбарыбыздын жанына чогулуп,душмандардын баары кечирим сурап,анын айланасына топтолуп жаткан мезгилде,Пайгамбарыбыз алардын баарын калтырып,алыста турган кемпирдин жанына барып,анын алдына чепкенин салып,аны менен бир топко сүйлөшүп отуруп калат.Кийин, Айша энебиз кемпирдин ким экендигин сураганда,Пайгамбарыбыз" Ал Хадичанын досу болчу,экөөбүз Хадича тууралуу сүйлөшүп калдык"-деп айтат.Ошондо кызганга Айша энебиз "Качан эле топурак астында калган кемпир туралуу ойлой бересиңби,Аллах сага андан да жакшысын бербедиби?" -дейт.Пайгамбарыбыз "Аллахка касам,адамдар мени куушканда,ал мага жөлөк болгон.Адамдар мени жалганчы дешкенде,ал мага ишенген"- деп жооп берет.Пайгамбарыбыздын ачууланганын байкап калган Айша энебиз:"Оо, Аллахтын элчиси,мен үчүн Аллахтан кечирим тиле"-деп суранат.-" Сен Хадичага кечирим сура,мен сага кечирим сураймын" -деп жооп берет Пайгамбарыбыз (сав).Айша энебиз айтат:"Аллахтын элчиси Хадичаны абдан көп эстейт эле.Эгер кой союлуп калса,анын бир мүчөсүн Хадичанын досторуна алып барып берчү."Хадича менин балдарымдын энеси,адамдар мага душман болгондо,ал мага дос болмгон,адамдар мени жалганчы дешкенде,ал мени чынчыл деген,ал мага малы менен жардам берген"-деп көп айтчу.
Пайгамбарыбыз (сав) Хадича энебизге болгон сүйүүсүн ушундай амалдары менен ар дайым сактап келген.Хадича энебиздин ар бир сөзүн,ар бир кыймылын эсинен чыгарган эмес.Бир жолу Пайгамбарыбыз (сав) үйдө олтурганда эшикти кимдир бирөө тыкылдатып калат.Сүйүнүп кеткен Пайгамбарыбыз" Карагылачы,бул Хадичанын эжеси Хаала болуп жүрбөсүн" -дейт.Эшикти ачышса чындап эле ал Хадича энебиздин эжеси Хаала экен.Айша энебиз аны кантип билгендигин сураганда,Пайгамбарыбыз: "Ал эшикти Хадичага окшош тыкылдатат экен"-деп жооп берди.Азыркы учурдагы аялынын жанынан бир карыш алыстаганда аны унутуп калган эркектер үчүн мындан өткөн сабак жок.

#114 11 August 2013 - 21:46
Эркек аялынын кыймылынан,
сүйлөгөн сөзүнөн,анын эмнени каалап жатканын,анын көңүлү кандай экенин билип туруусу керек.Ушундай учурда гана үй-бүлөдө бири-бирине болгон түшүнүк пайда болуп,үй-бүлөнүн келечеги сакталат.Пайгамбарыбыз (сав) Айша энебизге кайрылып:"
Мен сенин мага ыраазы болгонуңду да,нараазы болгонуңду да билип алам"-дейт.
-"Кантип билесиң?"
-деп таңданат.Айша энебиз.-"Сен мага ыраазы болгон учурда:"Мухаммадын Роббусуна ант" болсун деп касам ичип каласың.Ал эми нараазы болуп турган учуруңда:"
Ибрахимдин Роббусуна ант"-деп касам ичип каласың"-
дейт.Сырын билип алганына таңданган Айша энебиз күлүп,бул ишти моюнуна алат.Пайгамбарыбыз Айша энебиздин бардык сырын жакшы билет эле.Айша энебизди эркелетет эле,аны өбөт эле.Айша энебиздин тизесине башын коюп жатат эле.Айша энебиздин көкүрөгүнө башын жөлөп куран окуйт эле.
Мына ушундай үлгүлөрдү Пайгамбарыбыз (сав) өз үммөттұнө сабак кылып таштап кетти.Ал акыркы сөздөрүндө да:"Аялдарыңарга жакшылык кылгыла", "Аялдар силерге аманат"деп айтып өткөн.Ким анын жолу менен жашаса бактылуу,ким анын жолунан чыкса бактысыз.Ким Пайгамбарыбыздан (сав) үлгү алып аялы менен ал көрсөткөндөй жашоо кечирсе,алар бакыттын даамын бирге татышат.Ким үлгүнү башкадан издесе,татыктуу үлгүнү таппайт жана бакыт даамын тата албайт.

#116 17 August 2013 - 17:44
Аялдардында милдеттерин жазып койбосонуз болбос. А то биз кыйналып кетебиз го...
#117 22 September 2013 - 00:09
Ушу милдет темасына келгенде озумду ойлоп кыйнала берем да,куйоомдон талап кылаардан мурда озумдун милдеттеримди канчалык денгээлде аткара алаар экенмин депчи.
#118 05 October 2013 - 00:09
Даанышмандар айтышат:Аял торт нерседен эркектен устун болушу керек.
-Сулуулуктан эркектен устун болушу,
-Назик жана маданияттуу болушу
-Аялдын пейили эркектен жумшагыраак болушу керек.
-Аял эркектен сабырдуураак болушу керек .

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#119 25 January 2014 - 19:13
Пайгамбар сабаалар:
Ошондой эле күйөөсүнүн аялынын алдындагы, аялдын күйөөсүнүн алдындагы укугун жана вазийпасын даана айтып өткөн:
«Сиздерде аялдарыңардын акылары бар жана аялдарыңарда сиздердин акыңар бар».
Пайгамбарыбыз аялдардын укуктары жөнүндө төмөн-кү нерселерди эскертип кеткен:
«Силер езүңөр жеген тамактан аларга да тамактандырышыңыздар керек;
аялдарыңыздарды өзүңүздөр кийингениңиздердей кийинтишиңиздер керек;
аялдарыңыздарды жүзүнө урбайсыздар жана катуу сөкпөйсүздөр;
аялдарыңыздар менен араздашканда бир гана үйдүн ичинде (төшөктө) алыстайсыңар».
Себеп дегенде, балдарыңардын көзүнчө алыстасаңар, балдарыңарга жаман үлгү көргөзөсүңөр, элдердин көзүн-чө алыстасаңар аялдарыңардын аброюн
кетиресиңер. Ошондой эле эркектерднн аялында болгон акылары жөнүндө мына буларды эскерткен:
«Эри белгилеп койгон чектен чыкпайт; Өзүңө махрам болбогон эркектер менен жалгыз олтурбайт, себеби бул нерсе арам кылынган; Эри
жаман көргөн адамды үйүнө киргизбейт». Ушул сыяктуу үй-бүлөнүн ар биринин укугу жана вазийпасы бар. Бир адамдын укугун экинчиси бузууга шарият эч жол бербейт. Алла таала пенделердин кудай алдында жасаган күнөөлөрүн
кечириши мүмкүн, бирок пенденин пендеге жасаган күнөөсүн ошол жабыр тарткан адам өзү кечмейин кечирбейт. Кудай алдында жасаган ишке тобо кылыш үчүн үч төмөнкү шарттын аткарылышы зарыл:
1. Жасаган иштин туура эмес, күнөө экенин билиш.
2. Ошол жасаган ишке бушайман болуш.
3. Экинчи андай ишти кайрадан жасабаганга ниетте-ниш.

Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.

#120 25 January 2014 - 19:18
Үй-бүлө — эрди-зайып, ата-эне, балдар жана жакындардан турган топтун аталышы. Бул — коомдун өзөгү, эң кичинекей өрнөгү, үй-бүлө очогу болот. Коом үй-бүлөдөн курулат. Мында үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара милдеттери бар.
1. Жубайлардын өз ара милдеттери;
2. Ата-эненин балдарына, балдардын ата- энелерге карата милдеттери;
3. Бир туугандардын өз ара милдеттери;
4. Тууган-туушкандардын (аталаштардын, ага- инилердин балдарынын, кыйыр туугандардын) өз ара милдеттери болот. Эми жубайлардын өз ара милдеттерине: учкай токтоло кетели. Жубайлар — үй-бүлө очогунун эң негизи. Бул үйлөнүү аркылуу ишке ашат. Ошондуктан адам муктаж бардык нерсени эненин кучагынан, атанын очогунан табат. Эркек тышкы иштерди, аял ички тиричиликти тейлөө аркылуу эриш-аркак жашайт. Пайгамбар: «Аялдарга урмат-сый көрсөтпөгөндөр
начар адамдар» — деген. Аялдар күйөөсүн үйдүн башчысы катары таанышы зарыл. Тапкандарын сарамжалдуу, ак-дилде жумшоосу тийиш. Күйөөсүнүн ар-намысын тышта да, ичте да коргоосу керек.
Балдарын жакшы багып, тарбиялап таалим берүүсү — коом алдында да, кудай алдында да жоопкерчилик.
Балдардын ата-энеге жакшылык кылышы — кудайдын кур болбошу...
«Улуу баланын укугу беркилердин алдында атанын укугу менен барабар».
Бул — Пайгамбардын айтканы. Ошон үчүн «Тун бала туу болот» — дейт. Үй-бүлө очогу тууган- уруктары менен кубаттанат. Пайгамбарыбыз: «Атасы жок бала үчүн тайакеси ата, тайэжеси, тайжеңеси эне ордуна журөт» —- деген.
1. Жубайлардын өз ара милдеттери;
2. Ата-эненин балдарына, балдардын ата- энелерге карата милдеттери;
3. Бир туугандардын өз ара милдеттери;
4. Тууган-туушкандардын (аталаштардын, ага- инилердин балдарынын, кыйыр туугандардын) өз ара милдеттери болот. Эми жубайлардын өз ара милдеттерине: учкай токтоло кетели. Жубайлар — үй-бүлө очогунун эң негизи. Бул үйлөнүү аркылуу ишке ашат. Ошондуктан адам муктаж бардык нерсени эненин кучагынан, атанын очогунан табат. Эркек тышкы иштерди, аял ички тиричиликти тейлөө аркылуу эриш-аркак жашайт. Пайгамбар: «Аялдарга урмат-сый көрсөтпөгөндөр
начар адамдар» — деген. Аялдар күйөөсүн үйдүн башчысы катары таанышы зарыл. Тапкандарын сарамжалдуу, ак-дилде жумшоосу тийиш. Күйөөсүнүн ар-намысын тышта да, ичте да коргоосу керек.
Балдарын жакшы багып, тарбиялап таалим берүүсү — коом алдында да, кудай алдында да жоопкерчилик.
Балдардын ата-энеге жакшылык кылышы — кудайдын кур болбошу...
«Улуу баланын укугу беркилердин алдында атанын укугу менен барабар».
Бул — Пайгамбардын айтканы. Ошон үчүн «Тун бала туу болот» — дейт. Үй-бүлө очогу тууган- уруктары менен кубаттанат. Пайгамбарыбыз: «Атасы жок бала үчүн тайакеси ата, тайэжеси, тайжеңеси эне ордуна журөт» —- деген.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.

Супер-Инфо
super.kg
видео