- Саламатсыздарбы?
Мен мындай маселени айткым келди. Азыр мектепте көп китептер жетишпейт. Мисалы,англис тил китеби. Былтыр, 9-класста, биз Союз маалында чыккан китептерди окупжүрдүк.
Бир бети болсо, бир бети жок, аябай эскирген китептер. Эмнеге ушундайкеректүү китептерди чыгарылбайт?
СалтанатАбышова,
Бишкек шаары.
“Эмнеге окуу китептери жетишпейт?” Редакцияга келген суроолордон
#2 19 December 2012 - 17:43
- Саламатсыздарбы?
Мен мындай маселени айткым келди. Азыр мектепте көп китептер жетишпейт. Мисалы,англис тил китеби. Былтыр, 9-класста, биз Союз маалында чыккан китептерди окупжүрдүк.
Бир бети болсо, бир бети жок, аябай эскирген китептер. Эмнеге ушундайкеректүү китептерди чыгарылбайт?
СалтанатАбышова, Бишкек шаары.
СалтанатАбышова, Бишкек шаары.
- 2012-2013-окуу жылдын башталышына каратаМинистрлик тарабынан Республиканын билим берүү уюмдары үчүн 300 миллион сомгожалпы нускасы3 203 890болгон 72 аталыштагы окуу китептери басылып жана жеткирүү каралган. Бул үчүн2011-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан 100 миллион сом бөлүнгөн. Аталган акча каражатына Министрлик тарабынан окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 25 аталыштагы 1 180 160 нускадагы окуукитептери басылып, облусттукборборлорго жеткирилди. “Өзгөчө кырдаалда бюджеткке жардам берүү“ долбоору тарабынан 2011-жылы 200миллион сом бөлүнүп, бул каражатка 47 аталыштагы 2 023 730 нускада китеп чыгаруу белгиленгенжана Каржы министрлиги тарабынан тендер өткөрүлгөн. Жыйынтыктап айтканда, 300миллион сомго 72 аталыштагы 3203 890 нуска окуу китептери басылууда.
Анын ичинен:
- окутуукыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 45 аталыштагы 2617890 нуска;
- окутууорус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 15 аталыштагы 412000 нуска;
- өзбекмектептери үчүн 12 аталыштагы 174000 нуска.
Бүгүнкү күндө 50 аталыштагы 1 869 570 нуска окуу китептерибасылып, облустардын, шаарлардын борборлоруна жеткирилди. Аталган окуу китептердин нускасы толугу мененмектептерге жеткирилгенде окуу китептери менен камсыздоо 9 пайызга өсөт.
Мындан сырткары КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №55- «Туруктуулук жанататыктуу жашоо» (100 күн) деген токтомунажараша окуу китептерин чыгарыш үчүн 100 миллион сом бөлүү каралган. Бул каражат менен «Айылдык билим берүү»долбоорунун алкагында жаңы куррикулумгаылайык 2-класстар үчүн «Орус тили», «Кыргыз тили», «Адабий окуу», «ИЗО», «Музыка» боюнча окуу китептеринчыгаруу белгиленген. Бөлүнгөн каражаттын 10 пайызы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарокуган мектептерге окуу китептерин сатып берүүгө жумшалат.
Ушуга жараша КыргызРеспубликасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жалпы билим берүүчүуюмдары үчүн окуу китептерин басуугажана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарокуган мектептер үчүн окуу китептерин сатып алуу тендерин жарыяланган. Тендердинжыйынтыгынын негизинде жеңүчүү деп белгиленген 7 басмакана менен 112 миллионсомго келишим түзүлгөн. Азыркы мезгилде Билим берүү жана илим министрлигине 100 миллион сомдон 12 миллион сом гана келген. Ал каражат болгону 2 басмаканага аванс катарыкоторулду. Калган басмаканаларга акча каражаты которулган жок.
Жыйынтыктапайтканда, Кыргызстандагы 2 205 мектептин ичинен кыргыз тилдүү мектептер 62пайызга, орус тилдүү мектептер 59 пайызга, өзбек тилинде окуган мектептер 62,5пайызга, тажик тилдүү мектептер 64 пайызга камсыз болушту.
Жыл сайын белгилүү өлчөмдө китеп чыгарылганы менен тартыштык дале сакталыпжатат. Анткени биздин китепканалардагы китеп фондусу 62 пайыз деп айтылыпжатканына карабастан, анын ичинде 50 пайыздан жогору китептер эскирип бүткөн. Санитардыкжана мазмундук жактан эскирген китептер болгондуктан, дагы көп каражат талапкылынат.
Кыргызстандажалпысынан 1 миллион 15 миңден ашуун мектеп окуучулары бар. 1-класстан11- класска чейин, ар бир класста орто эсеп менен 60-70 миңдей окуучу билималат. Мектеп программасында 14 предмет болсо, бардык окуучуларга жетиши үчүнбир эле сабактан республика боюнча 60-70 миң нускада китеп чыгышы керек.
Китептерди басууда жеке менчик типографияларга мүмкүнчүлүк берүү керек.Мамлекет өзү камсыз кыла албай жаткан учурда ата-энелер өздөрү арзаныраак, 80-90 сомдон (базарларда 300-350 сомду чапчыйт) сатып бергенге шарт түзүлөт. Ушундай ыкма менен төрт жылдан кийинКыргызстандагы мектептерди жүз пайыз китеп менен камсыз кылууга болот.
Суроолорго Билим берүү жанаилим министрлигинин пресс-катчысы Керез Жукеева жооп берди.
Мезгилден артта калбаңыз!

Супер-Инфо
super.kg
видео







