Супер-форумдун жаңы коногу – элибиздин бактысына жаралган инсан, грек-рим күрөшү н өнөр кылып, талыкпаган эмгеги аркылуу эл аралык спортто чоң жеңиштерге жетишүү менен кыргыздын атын алыска таанытып келаткан спортчу Канатбек Бегалиев. Биздин атактуу балбаныбыз да эми сиздердин сурооңуздарга жооп берүүгө жана баарлашууга даяр. Андыктан, жаңы маектешиң изге болгон суроо, ой-пикир же жөн гана каалоо-тилектериң из болсо, ушул бөлүмгө калтырың ыздар.
Канатбек Бегалиев жөнүндө кыскача
Грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык класстагы спорт чебери Канатбек Бегалиев 1984-жылы 14-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрү ш айылында төрөлгө н.
Бою - 170 сантиметр, салмагы - 70 килограмм.
Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын (2006), Азия чемпионатынын (2008) жана «Бээжин-2008» Олимпиадасынын күмүш медалдарынын ээси. Олимпиадада жараткан ийгилиги үчүн Даңк медалы менен сыйланган.
КУУнун экономика факультетин бүтүргө н.
Учурда үй-бүлө сү менен Бишкекте жашайт.
Билдирүүнү түзөткөн: jakshy_kyz: 30 Октябрь 2008 - 15:07