Суперстан: Тандалмалар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тандалмалар Кириңиз, анан билиңиз!

#1 Пользователь офлайн   Jeka   12 Июнь 2009 - 11:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ар бир илимпоз, ойчул, акын, жазуучу – деги койчу, баардык эле чыгармачыл адамдардын тандалган чыгармалары болот эмеспи. Биздин форумчулар деле жалпы жонунан алганда чыгармачыл адамдар десек болот. Анткени, ар биринин багып жазган ойлору, сөздөрү , аңгемелери же ырлары бар. Эми бул теманын ачылыш себеби – биздин форумчулардын да ТАНДАЛГАН чыгармаларын бир жерге топтоо.

Жаккан чыгармаларды тандоонун эрежелери:
1. Акын, жазуучу, илимпоздор тандалган чыгармаларын өздөрү тандаса, биздин тандалган чыгармаларды – башка форумчулар тандайт, б.а. авторлор өздөру катышпайт;
2. Жаккан чыгарманы толугу менен илбей, анын сизге жаккан үзүндү сү (фрагменти) эле илинет. Бирок, мааниси түшүнү ксүз болуп калса - толук берүүгө болот;
3. Үзүндү нүн башына автордун ысмы (ниги), теманын аталышы жана беттин номери жазылат.

Кана эмесе достор – чамдагыла! Өзүң өргө жагып калган башка автордун ой-пикирлерин, ырларын, айткан сөздөрү н жарыя кылгыла. Башкалар да окусун, таанышсын, турмушта айта да, колдоно да жүрүшсү н.

PS:
Авторлорго деле кызыктуу болсо керек - форумда жазган ой-пикирлерин, ырларын, аңгемелерин башкалар кандай кабыл алып жатышат деп!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 12 Июнь 2009 - 19:20

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Jeka   12 Июнь 2009 - 13:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

vais, "Акындар айтышы", 4-бет

Кайда жүрөт кыргызымдын кыздары,
Аларды эстеп, менде жүрөк сыздады.
Сээп койгула жүрөгүмө - оо кыздар,
Жок дегенде. эч болбосо..туз барбы?

vais, Эркин тема - "Супер-интервью" , 13-бет

Жашоонун манызы.. бул абдан кыйын суроо экен. Муну эми ар ким ар кандай тушунот да.
Мисалы, бир ящик пиво ичип алган болсон... жашоонун манызы ажатканага баруучу эн кыска жолду табуу...

Барс, Эркин тема - "Супер-интервью" , 8-бет

Жашоо кыйын эмес, жашаш кыйын! Аны үчүн бирөөгө догубузду артпай, бирөөдөн үмүттөнбөй өз аракетибиз менен жашашка үйрөнүшүбүз зарыл. Эң негизгиси канагат кылып жашаш керек. Бирөөнүн жашоосуна көз артпай, ага ичиң күйбөй жашаш керек. Демек, ким өз аракети менен, бирөөдөн үмүттөнбөй, тиги менден мыкты болуп кетти деп кыжалаттанбай, канагат менен жашагандардын жашоосу-жеңил. Ал эми калгандарыныкы, байлыгы ашып-ташып кетсе да, оор!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 11 Сентябрь 2010 - 11:44

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Jeka   12 Июнь 2009 - 14:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Барс, Жүрөк сыры - "Бытыгый аңгемелер" , 1-бет

Көч
Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Кечигип болсо да көргөн төрт-беш жашар уулун жасалгаланган тайга мингизип, өзү алчактаган
ат менен коштоп жетелеп алган. Кырк жаштарга таяп калган мезгили.
-Ата-оов!
-Оов!
-Тээтиги мине?
-О тилиңен атаң айлансын, ал-жору, уулум!
-Ата-оов!
-Оов, садагам!
-Тээтиги мине?
-О айланайын, булбулум менин, ал-жору, алтыным!
-Ата-оов!
-Я-оо, берекем менин!
-Тээтигини мине дедиң?
-Аны-жору дейт,каны-жаным. Азыр конуп отурат. Анан учуп кетет.
-Ата-оов!
-Оо, өпкө, боорумду чабайын!
-Тээтиги дагы деле отурат го, ал мине эле?
-Ушу сени берген кудайыма ыраазымын эрмегим менин, ал-жору, тегеренейиним!
-Ата-оов!..
-Оов!..

Ошондон отуз жыл өткөндө н кийин.

Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Өзү баягы атасынын курагында. Атасы ак күп болуп карыган. Бирок, атасын ушунчалык сыйлаганы билинип турат: Атты мыкты жасалгалап мингизип, башына кундуз бөрк, үстүнө карышкыр ичик, бутуна булгары маасы кийгизип, өзү коштоп жетелеп алган.
-Улум!
-Оов, ата!
-Тээтиги мине?
-Ал-жору, ата!
-Уулум!
-Оов, ата!
-Тетигини мине дедиң?
-Кайсыны? Э аны жору дедим го.
-Уулум!
-Я?
-Тээтиги мине экен?
-Сообу? Ой, аны эми эле жору деп айттым го?
-Уулум!
-Я. Дагы мине болуп кетти?
-Тетигинин мине экенин айтып койчу, айланайын уулум?
-Эй, алжыган чал, ал-жору, уктуңбу? Жору, жору!
Атанын башы шылк этти.
-Токтот атты, уулум!
Атасы аттан түштү. Көч токтоду. Баарысы айран. Сырткы кийимдерин чечти да, баласынын бут алдына ыргытты.
-Ме, уулум, сыйыңа ыраазымын. Сен менин үч-төрт жолку суроомо жооп бергенден жадап кеттиң. Сен бир нерсени жүз жолу сурасаң да ичим элжиреп жооп берчү элем. Сен сый деп түшүнчү бул чирик дүйнө, даамдуу тамак-аш, тетиги бөрү богу адамдын көңү лүнүн алдында сары чакага турбайт, уулум...
…Уулу камчысын мойнуна салып, көздөрү нөн жаш агып, кечирим сурап турду. Өткөн өмүр көчү уулунун да, атасынын да көз алдынан чууруп өтүп турду. Буга күбө калкылдаган эл жардап карап турду…

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 12 Июнь 2009 - 19:22

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Jeka   13 Июнь 2009 - 10:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Bakulj, Жүрөк сыры - ”Монолог”, 2-бет

Жүрөгүм айтчы - сени угайынбы же акылымдыбы? Жүрөгүм - жактырган адамдын айтканын кыл дейт, акылым болсо - сен ойлогон ой эч качан аткарылбаган максат, кадамыңды башка жакка кой дейт. Кимине макул болуп, башымды ийип берейин?

Adalsvards, Жүрөк сыры - ”Монолог”, 5-бет

Менин жашоом жаңы нукка бурулду. Анткени, мен бирөөдөн кутулдум, неужели! Мына, алты күн болду - чалбайт, келбейт. А көрсө, мен ушул убакыт бою жөн эле өзүмдүн каалоомо өзүм каршы болуп жүрүптүрмүн. Эртерээк билсем кана! Жеңилдеп калгандай болдум - тим эле канымды соруп жаткан мите курттан арылгандай. А көрсө, кургур жаным эркиндикти самайт экен. Мамиле курган ушул экен деп терең адашыпмын. Төбөмө кантип чыгып кеткенин кеч байкадым. Тынбай чалган ал жок, отчет берген мен жок!
Эркиндиктин баасы ушунча кымбат турарын эми билдим...

AeCHka, Жүрөк сыры - ”Монолог”, 5-бет

«Турмуш - бул албуут дайра, терең деңиз, агымга каршы жана терең сүз» деп бир досумдун айткан сөзү бар эле, мен бул менен дайыма макул боло алчы эмесмин. Менин оюмда, туура жашоо үчүн агымга каршы эмес, агым менен тең сүзүү эле. Жашоо өзү чечип коет экен, кай тарапка сүзүш керек экенин. Баары эле сен каалагандай боло бербейт - сен бирди ойлойсун, бирок баары тескерисинче болуп калат. Жашоомду таразалап көрсөм - туура эле жашап келипмин ушул убакытка чейин. Анда эмнеге мен өзгөрүүнү каалап жатам баары жайында болсо, эмне үчүн тынчсызданып жатам. Түшүнбөдүм мен өзүмдү, же жөн эле түшүнгүм келбей жатат. Жан дүйнөмдү алекке, жүрөгүмдү бүлүккө салган сезим-туюмдарымды башкара албай жатам. Жалгыздык деген ушубу - ким айтат мага? Ойлорум эскирип, ордуна жаңы ойлор пайда болуп - кайсы мезгил болбосун табияттын, жашоонун жаңылануу, өнүгүү деген түбөлүк өзгөрүлбөй турчу мыйзамына баш ийип, жашоом уланып жатат.
Мен БАКТЫЛУУМУН, мен ар нерсе, ар ким жөнүндө кенен ойлоно алам. Ойдун түбү жок, жашоо ушунусу менен кызык. Ойгонгон ой, башка ойлорду ойготот деген ушубу дейм…

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 11 Сентябрь 2010 - 11:45

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Jeka   16 Июнь 2009 - 16:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Барс, Оюн, күлкү, тамаша - "Акындар айтышы", 33-бет
...
Жан-жаныбарды жыргаткан,
Жайлоосу сонун кыргыздын.
Боло элек жатып чырдаткан,
Нааразы сөздү ырбаткан,
Шайлоосу ”сонун” кыргыздын.

Калпакты баштан түшүргө н
Аскасы сонун кыргыздын.
Бийиликте жүрсө бир башка,
Бийликтен түшсө ”ыр” башка,
Чиновник кийген бетине,
Маскасы ”сонун” кыргыздын.

Көк челген кыргыз тоолордун
Чокусу сонун кыргыздын.
ЖОЖго кирсе пара алган,
Семестр сайын дагы алган,
Диплому мазмунсуз,
Окуусу ”сонун” кыргыздын.

Дубанды бузган жарышта,
Аттары сонун кыргыздын.
Аралашма пиджин тил,
Кыргыз эмес, ”киргиз” тил,
Кайсы тилде белгисиз,
Каттары ”сонун” кыргыздын.

Ысык-Көл, Соң-Кө л, Сары-Челек,
Көлдөрү сонун кыргыздын.
Ажалы али жетпестен,
Же оору алып кетпестен,
Бирин-бири атышып,
Өлгөнү ”сонун” кыргыздын.

Акактай болуп таңынын
Атканы сонун кыргыздын.
Кыздары болсо денесин,
Уулдары энесин,
Чоңдору болсо өз жерин
Сатканы ”сонун” кыргыздын.
...

Көгөрү п көздү уялткан
Асманы сонун кыргыздын.
”Көчкү лө!..” -десе бөтөндө р,
Түшө калып ”көтө ндөр”,
Өз жерин таштап сүрүлү п,
Качканы ”сонун” кыргыздын.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 16 Июнь 2009 - 16:47

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   adalsvards   16 Июнь 2009 - 17:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Сонун тема экен!!!

Жека мырза, зерикпей окуп, анын ичинен тандап алганыныз адамдын конулун бурат экен!!!
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Prince   16 Июнь 2009 - 17:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 383
  • Катталган: 10 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 17 Июл 2021 20:08
  • Жынысы:Эркек

Жакшы экен Jeka мырза. Карасам жалан турмуш жашоо багытындагы ойлорго басым коюптурсуз. Ооба, биздин арабызда дагы кыйын жазган инсандар бар, айта кетсек Барс ага баш болуп (ушул байкенин жазгандарынын терен маанилери бар).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Барс   16 Июнь 2009 - 22:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Жека, менин терең ыраазычылыгымды кабыл ал! Сенин ушул талыкпаган иштермандыгың а жана жогорку табитиңе там бербей болобу!! ! Мындай иш баарыбыздын эле колубуздан келе бербей тургандыгына ишенип кой! Сен башкалардан өзгөчө жаралган АДАМСЫҢ! Дагы бир ирет таазим...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 16 Июнь 2009 - 22:43

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Бектурган   17 Июнь 2009 - 08:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 683
  • Катталган: 17 Май 09
  • Соңку аракети: 04 Дек 2023 22:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Kyrgyzstan...

]Жека, менин терең ыраазычылыгымды кабыл ал! Сенин ушул талыкпаган иштермандыгың а жана жогорку табитиңе там бербей болобу!! ! Мындай иш баарыбыздын эле колубуздан келе бербей тургандыгына ишенип кой! Сен башкалардан өзгөчө жаралган АДАМСЫҢ! Дагы бир ирет таазим..
Ат-адамдын канаты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Jeka   17 Июнь 2009 - 10:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Урматтуу форумчулар!
Менин арзыбаган жумушума өз пикириңерди билдирип, баа бергениң ер үчүн жетине албай турам. Мындан ары да эл көзүнө урунган ушундай чыгармаларды жарата беришиңерге тилектешмин!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 17 Июнь 2009 - 11:34

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Jeka   17 Июнь 2009 - 17:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

AeCHka, Оюн, күлкү, тамаша - "Күндөлүк" , 37-бет

...убакыт жаман тартыш болуп кетти. Кээде каалаган жагыма качып кетчү элем жумуштан, азыр качканга кудуретим жетпей жатат. Шайлоо деп эле элдин баарын кыйнап жибериштиго тим эле - мен өзүм шайлана тургандай эле болуп калдым....

SHAITANKA, Калк айтса, калп айтпайт - "Көйрөң ырчылардын тизмеси", 1-бет

1) Азыркылар кыйын чыкты...такыр эле дардаңдап кетишти. Батыштын жылдыздарынан өздөрүн-өздөрү пиар кылганды жакшы үйрөнүп атышат. Мисалы, бир жолу, Мирбек жөнүндө...гезиттен окугам: Караколго барса кыздар кымбат тонун тытып кетишиптир деп. Өзүм Караколдонмун. Тарыхта болгон эмес андай нерсе...

2) Өткөндө "Супер-инфодон" окудум: Айгерим Расул кызы ырдаган жеринен "Тез жардам" чакыртып,анан үйунө жеткен имиш. Болбосо, анын күйөрмандары бура бастырбай койгон имиш. Окуп алып кечке күлдүм. Мактануунун деле чеги болсо керек деп... Анда Гүлсүн Мамашева, Дарига Жалгасыновалар ырас эле карып алышыптыр да. А то аларды концерт койгон жеринен алып кетууго самолет керек болот беле?

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 11 Сентябрь 2010 - 11:42

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Jeka   18 Июнь 2009 - 13:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бек Борбиев, Жылдыздар суперфорумда, "Бек Борбиев суперфорумда" , 15-бет

Кечээ, 5.04.2009 (жекшемби), кечинде КТРдеги жаштар менен болгон жолугушууда "Бек байке, сиз Кыргызстандын патриоту катары Мамлекеттик гимнди билесизби" деген суроого "Мен сахнада гана ырдайм" деп ырдабай койдуңуз. Ал жерде сиз ордуңуздан туруп, оң алаканың ызды жүрөккө коюп туруп ырдап койсоңуз, же ырдабасаң ыз да, текстин
айтып койсоңуз, залдагылардын баары ордунан туруп, сизге кошулмак. Бул теле-көрү үчүлө ргө да сабак болуп, мекенчил сезимди ойготмок. Сиз кандай ойлойсуз?

Бек Борбиев:
Урматтуу замандаш, гимн - мамлекеттик символика. Ырда десе эле ордунан тура калып ырдай бере турган ыр эмес, өзүнү н убагы, орду мыйзамда так жазылган. Ошондой эле өзүмдү н ырларыма да ошондой мамиле. Баардык нерсе өз жолу, орду менен болгону оң, бирөөгө жагабы- жакпайбы.
PS: Бек Борбиевден кийин ошол эле сынакка катышкан ырчы Мирбек Атабеков сопсонун эле ырдап берди сахна-пахнасы жок эле.

Бек байке, саламатсызбы! Кечээ КТРден "Балдардын суроосуна сынбайсынбы" деген көрсөтү үдөн сизди көрдүм. ..чын эле балдардын суроосуна сындыңызбы ...?

Бек Борбиев:
Салам, балдардын сынагынан мен эң жакшы баа болбосо да, дурус эле өттүм окшойт. Анткени көп суроолорду, темаларды алдын ала кеңешкенбиз. Ырлар боюнча менин көз карашым башынан эле ушундай. Ырчы - сахнада, спортсмен - рингде, циркач - аренада ж.б. болушу керек. Мага буга чейин да көп капа болушкан - ырчы болгондон кийин ырдай бербейсинби деп. Билбейм, балким ошентип жүргөн ырчылардыкы да туура болушу мүмкүн, бирок - мен андай боло албайм, менин жаратылыш- табиятым башка, бирөөгө жагышым керек деп жасалма болуп, өзүмдү н принциптерими өзгөртө албайм...

...Жогоруда айткан принциптериң изди улантсак ("Ырчы - сахнада ..." деген), анда врач бейтапканада же ооруканада гана адамга жардам бериш керек экен да!
А эгер сиз, мисалы, көчөдө , же самолетто, же автобуста кыйналып калдыңыз дейли. Жаныңызда врач баратат. Анан ал айтты, Берадор, мен да сизге окшоп "Бейтапканада же ооруканада гана жардам берем, а азыр кечиресиз, жардам бере албайм" деп.
Буга сиздин оюңуз?

Бек Борбиев
1. Врачтар Гиппократтын антын беришкен алардын милдет, өнөрпоздордуку андай эмес
2. Гимнди биз да жумушта күн сайын ырдайбыз милдеттү ү түрдө, бирок обончу, ыр жазып жүргөн адам катары гимндин кайрыктары, тексти мага жакпашы мүмкүн, бул башка маселе.
3. Ал теле берүүдө алгач менин өзүмдү н ырымды, анан гимн, реп ж.б суранышты. Мен ал жерден баары бир ырдамак эмесмин, себебин жогорто айтып кеткем.
4. Акча боюнча: Биз өнөр адамдары эмгегибиз ошол сахнадан кызмат кылуу болгондон кийин, кызмат акыбызды төлөп берген жерден уялбай эле алабыз. Бирок мен эч убакта ат башындай алтын берсе да, ар намысымды ылдый коюп, принцип-мыйзамдарымды бузуп арзымат- ырчы боло албайм. Ырчы десе эле ары жок, намысы жок, билими-интеллекти, кругозору жок, алга деп суранган жерден маскарапоз болуп кеткендирдин катарында эмесмин..

Гимн - сахнада ырдалчу ыр эмес, б.а. чогулуштарга, салтанаттарга чогулган элдин мекенчил сезимин ойготуп, алга сүрөө чү ыр. Демек, Гимнди ар кандай эл чогулган жерлерде ырдай берсе болот. Мисалы, футбол оюну деле гимнди ырдоодон башталып жатпайбы. Эмнеге? Анткени, оюнчулардын мекенчил сезимин ойготуп, атаандаш команданы утуп алуу үчүн оюнчуларды алга сүрөп, дем берсин деген максат менен.
Ал эми, врачты мен мисал үчүн айткан элем. А силер тим эле Гиппократтын антын эстеп жибердиң ер. Эч кандай ант-манты жок эле жөпжөнө көй сантехник, электрикти алалычы. Эмне алар жумуштан башка жерде сантехника бузулса, же электр боюнча проблема болсо - тиктеп турушабы "Мен жумушта гана сантехникмин, электрикмин" - деп!

Бек Борбиев
"Кээ бир адамдар белгилүү же бай, бактылуу, олжолуу ж.у.с. адамдарды көрүп, ошодон өзүнчө азап чегип, оорулуу болгонго чейин барышат экен” деп жакында бир чыгармадан окудум эле...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Июнь 2009 - 14:23

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Jeka   22 Июнь 2009 - 19:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ак куу, Мен кыргызмын, "Балам мектепке барат", 1 - бет

Урматуу Runa, биринчиден - ар бир бала өзүнү н районуна караштуу мектепке барышы зарыл, экинчиден - ... мектеп кандай болбосун...окууну жакшы өздөштү рүүсү баланын өзүнү н дээринен жана ата энеден, үчүнчү дөн - кыргыз эле мектепке бергенинер жакшы, орусча тилди өзү эле үйрөнө т. Анан мугалимге акча берип жаман көндүрү п албагыла, айагы балага эле зыйаны тийип калат. Акча берсе - бала жакшы, бербесе - жаман

Ак куу, Мен кыргызмын, "Хиджаб кийген кыз-келиндер" , 7 - бет
Ар бир мусулман өзүнү н улутуна жараша кийимдерди кийишкен, мисалы: арабдар азыркы убака чейин улуттук киймин кийип келишет. Кыргыз кыздар хиджаб кийген эмес - чачтарын экиге...же бешке өрүп туруп, ары бери ачык эле басышкан. Сулуулука ар кандай шуру, иймек, билерик...тагынышкан , кошэтек чыптамасы менен бутуна маасы, галош ..(кийишкен). (Баштарына) ...тебетей, үкү топу, ...келиндер жоолук же элечек салынышкан. Мына - биздин улуттук кийимдерибиз. Хиджаб кийгиле дегендин ордуна улуттук кошэтектти кийгиле деп үгүттө сөңө р

USSR, Жүрөк сыры - ”Монолог” , 11-бет

Уйкум качты...таарынышып кеткен эски достордой уйку экөөбү здүн ортобуздагы жарака чоноюп бара жатат. Жүрөгү мдү санаалар мыкчыйт - жарыгын чачкан жакшы ойлор да, эскилиги жеткен, үйдөй урап түшөйү н деп калган ойлор да...жарышка түшкөн немедей жабалакташып. ..түнкү жымжырттыкты бузуп, жүрөгү мдүн каалгасын каккылашат.
Эхх жүрөгү м! Кээде таң калам - мынча чыдамкай жүрөксү н? Канча нерсени ичине баткырып, жан адамга айтпай жашырып келесин....качанга чейин ? Чеги барбы ойлордун ?
Кантип чыдайсын?...

AIPESHA, Жүрөк сыры, ”Жаңы сүйүү сөздөрү ”, 9-бет

Сүйүшү п, сүйгөнү нө жете албастан
Сүйүү дөн нечен адам - каза тапкан
Ардагым кимге айтамын арманымды
Жүрөктү - сен жаралап салганың ды

maksi

Күн болуп күлө берем,
Тымызын сүйө берем.
Билинип калбасын деп,
Күлкүмө сүйүү мдү мен катып келем.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 22 Июнь 2009 - 20:33

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Jeka   23 Июнь 2009 - 15:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

boyla, Оюн, күлкү, тамаша, ”Анекдот айтып берчи”, 2-бет

Өзбек проститутка кызды алып келип, шаштысы кетип, жулкулдатып чечинте баштайт.
Проститутка:
"Я сама" - дейт.
Анда жинденген өзбек:
"Нимага ясамайм, пулумни олсаң, ясайм!!! " - деген экен

бакыттегин , Оюн, күлкү, тамаша, ”Анекдот айтып берчи”, 3-бет

Бакиев Путинге чалып, арызданат:
- Мени эч ким укпайт атат, эли да, өкмөттө гүлөр да, эмне кылсам?
Путин:
- Келчи, Москвага.
Бакиев жетип барат. Путин:
- Ии, сүйлө, ким укпай атат?
Бакс:
- Баары, менин айтканымы тескери жасашат.
Путин:
- Мен сага кандай адамдар менен иштеш керектиги жөнүндө кеңеш берейин. Отуруп тур. (Шойгуну чакыртат)
Путин:
- Шойгу, сенин атандын баласы, бирок сенин бир тууганың эмес, бул ким?
Шойгу:
- Мен да.
- Молодец. Кете бер.
Бакиевге:
- Көрдүң бү, кандай тандаш керектигин?

Бакиев кудуңдаган бойдон Кыргызстанга келет. Эртеси кол алдындагылардын баарын чакыртат.
Бакиев:
- Мен азыр силерге бир суроо берем. Ким туура тапса - жумушта калат, таппагандарды - кызматтан алам.
Суроо: Силердин атаңардын баласы, бирок силердин бир тууганың ар эмес, бул ким?
...Оор тынчтык.
Бир топтон кийин Адахан Мадумаров:
- Курманбек Салиевич, ойлонууга бир күн бербейсизби?
- Макул.
Баары тарашат. Адахан үйүнө келип, АААга чалат.
Адахан:
- Аскар Акайыч, сиз билесизби, Бакс бизге бир суроо берип, таппасаң ар жумуштан алам деп атат....
- Ии, эмне суроо?
- Сиздин атаңыздын баласы, бирок сиздин бир тууганың ыз эмес, бул ким?
- Менмин да.
- Чооооң рахмат.

Эртеси:
- Ии, ким тапты?
Адахан:
- Мен.
- Ким экен?
- Аскар Акайыч.
- Туй ата, карандааган да жоксун. Ал деген Шойгу да.

бакыттегин , Оюн, күлкү, тамаша, ”Анекдот айтып берчи”, 3-бет

Нарындык... бир адамдардын кудалары... каза болуп Таласка барышат. Антип-минтип отуруп кудалары тамакка чакырат. Колго суу куйула баштайт. Нарындан келген кудалар колго суу куюп жаткан баладан:
- "Я балам, бу силерде уча тартабы?" - деп сурайт. Бала унчукпайт.
- "Сууң абдан жакшы экен, силерде уча тартабы» - деп кайра сурайт. Бала эки жагын карап унчукпайт.
- "Ой бала! Бу силерде уча тартабы дейм?!"
- "Байке, бизде ОРТ менен КТР эле тартат» деген экен бала.

бакыттегин , Оюн, күлкү, тамаша, ”Анекдот айтып берчи”, 3-бет

Бир адам кудайга барып сурайт экен.
- Кудай, айтчы мага, сен учун 1000 жыл канча убакыт?
Кудай: - Ал мен учун 5 эле секунд.
Адам: - 5 000 000 $ ?
Кудай: - Ал 5 цент...
Адам: - Анда мага 5 цент берчи?
Кудай: - Азыр, 5 секунд күтө тур... деген экен.

AeCHka, Оюн, күлкү, тамаша, ”Анекдот айтып берчи”, 4-бет

Күйөө сү аялына:
- Эмне эле жиндидей болуп сүйлөп жатасын?
Аялы:
- Сени түшүнсү н деп жатпаймынбы!

AeCHka, Оюн, күлкү, тамаша, ”Анекдот айтып берчи”, 4-бет

Түндө катуу туалетке баргысы келип, араң туруп барат бир эркек. Анан, алигисин чыгарып, ишин жасап жатып:
- Акмак, сен каалаганда мен күнбү, түнбү - карабастан турам, эмнеге анан мен каалаганда сен турбайсын?

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 23 Июнь 2009 - 15:46

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Jeka   24 Июнь 2009 - 11:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Prince, Саясат жана коом, "Президентти сөз кылалы", 3-бет

...Бакиевди жөн эле ичи кара, иши кара, чөнтөгү чоң, убадачыл кылып - баардык айтпаган сөздү айтыптырбыз. .. Президентибизди. .. иштете койбой, митинг, пикет уюштура коюп, жада калса кууп чыкканга чейин барабыз. Ушинтсек кайдан иштейт Президент? Өз душмандары менен күрөшү п атып, элге убактысы калбай калбайбы? Ойлогулачы - ошол...митинг, пикеттерге кеткен...акчага. .. кичи бир завод ачып койсо, Кыргызстанга пайда келтирип турат го! Эгер ушинтип өзүбү згө өзүбү з душман болуп, өзүбү здүн айыбыбызды өзүбү з чукуй берсек - эртең жоголуп, бытырап кетишибиз айдан ачык. Анда эртеңки муундарыбыздын жашоосу кандай болот? Кылып аткандыр Бакиев дагы жакшы иштерди. Анын да жүрөгү Мекен деп согот, дилинде ыйманы бардыр. Баарын эле өзүнө дей бербейт да, туурабы? Эл алдында жүзүн жарык кылгысы келет. Аз да болсо эмгек кылып атат, эмнеге буларды эсепке албайсың ар? Же баарыбыздын эле көзүбү здү май басып калдыбы?
...Америка, Россияларды мисалга келтириптирсиң ер. Булар деген биздин алдыбызда дөөлө р: Россия - улуу держава, Америка - экономикасы дүйнөдө гү лидерликте. Кыргызстанчы 5 миллион калкы бар, ...өзүн өзү эптеп кеткенине аз эле убакыт болсо. Эгемендү үлүк алгыча Орустардын курамында жүрдүк! Кыргыз эли өзү тоодо көчмөн калк болгон, цивилизацияны түшүнгө н эмес. Аны да алып келген орустар болгон. Биз эми эле өзүбү зчө болуп алгандан кийин, мынантип Президентибизди жамандап эмнелерди гана дебедик. Же СССР убагында Президентти жамандап, же терс сын пикир айтуулар болгонбу? Жок, болгон эмес... Бул нерсенин баары - бекер калган бекерпоздор кылаарга иш таппай, бийликти чукуусунан келип чыккан нерсе. Топ-топ болуп, ар бурчка барышып карта кармап, кумар ойноп, анан айтышат да - эч нерсе жок, Президент эч нерсе кылып бербей атат, баарын жеп тынды деп. Президент да жеп аткандыр, бирок бийликте андан башка да адамдар бар, алар да кол куушуруп турушпайт.
Ушундай туугандар, айта берсе сөз көп. Эл тараза, убакыт өтүп, качандыр бир (убакта) эл жакшы, жаманын баалар!
...Ушуларды жазып отуруп кыргыздын бир жакшы сөзү эсиме келип кетти - "Жетим жүрүп жетилээр" деген. Биздин да өнүкчү күнүбү з бардыр, биздин деле бешенебизге жараткан жакшы күндөрдү жазып койгондур. Макул, биз көрбөсө к да - биздин муундар көрсүн! Келгиле, ошол муундар көрүп, ошолордун кубанычын биз көрүш үчүн баш отубуздан киришели. Баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы. Биргелешип алга сүрөйлү!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 24 Июнь 2009 - 11:41

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   temu   29 Июнь 2009 - 15:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

moor
Эки кундо бир кг арыктайм.албетте диета кармап бирок спрот менен машыгам ТениС..

анда Кокаин Марихуаныч
эгер салмагын орточо 55 кила болсо тупппптуура 110 кундо жок болуп кетет экенсин %)
temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Jeka   10 Август 2009 - 18:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Kg kyz, Жүрөк сыры, "Жүрө ктөн чыккан ырлар", 22-бет

Кечир мени, сени суйө албадым,
Жетелешип көчө бойлоп баса албадым.
Сүйүү ңө татыктуу жооп бере албай,
Махабатка шериктеш боло албадым.

Кечир мени, сенин жарың боло албадым,
Сени коштоп көкөлө п учалбадым.
Сени менен ээрчишип көл үстүндө ,
Жанашып жаныңда сүзө албадым...

Андан бери айлар өттү арадан,
Кээде эстеп сагынамын кайрадан.
Коңгуроо кылып сурайын дейм ал акыбал,
Кайра ойлоном, жараңы козгоп албайн.

Жаным кейийт акыбалың көргөндө ,
Жанчылам өзүм эле эки ортодо.
Убалыңдан коркуп турдум атаганат! ...
Кечир мени, кечире алсаң садагам...
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   AeCHka   10 Август 2009 - 18:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эмнеге мен бул теманы корбодум экен Jeka мырза, озумдон озум сурап чарчап, анан сизден сурап жаткан кербезим. Абдан жакшы тема ачыпсыз, менин алакандарымдын шатырап чабылганы угулуп жатабы? Азыр кетишим керек болгондугума байланыштуу, кечирээк кирип мага жаккан узундулорду илип кетем деп соз берем.
Бар болунуз Мырза, ар бир жасаган иштеринизде ийгилик колдоп журсун.

Урматым менен АеЧКа
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   AeCHka   11 Август 2009 - 02:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Барс. "Журок сыры- Монолог", 2 бет

Монолог... Ой, СССРиң түшкүр эй, кайдагыны чыгарып... Ээн. Эч ким жок. Өзүң менен өзүң сүйлөшү п, өз арманыңды, кубанычың ды, сүйүү ңдү, күйүтү ңдү өзүң ө айтып, жаныңда бир жан жок, аны жака-белиң деги табийгат угуп... Өткөн да, боло турган да жакшылыктарың ды ичиңе камабай сыртка чыгарып...Бугуң бөксөрү п, аз да болсо жеңилдеп. .. Күндөлү ктө жазууң сыртта калганы менен ашкере өз оюңду айта албай, ичиңде түпөйү л кала берчү эмес беле! Мына мында каткырсаң каткыр, ыйласаң өңгү рөп ыйла! Кыйкырып, баш кийимиңди көккө ыргытсаң да болот. Оңгочок атсаң да эч ким көрбөйт. ..
Ушинтип турганың да нарыдан көрүү чүлөр шатырата кол чаап, "баракелде! " дегендин ордуна "браво! " деп кыйкырышып, сен кудум Муратбек Рыскуловдой ийилип, аларга ызат көрсөтү п... Ой, СССР, ушундай бир жакшы нерсени (тема дегеним да...) бизге белектегениң үчүн ырахмат сага! Өх, кичине жеңилдей түшпөдүмбү!!!
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   AeCHka   11 Август 2009 - 03:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Барс, "Журок сыры-Журоктон чыккан ырлар", 16 бет

Сен жөнүндө Сага ыр

Бир гана Сага арнаган ырлар жаздым,
Бир Сага арнап тердим гүлүн жаздын.
Бир гана Сени сүйүп бул жарыкта,
Бир гана Сени дедим-өң дөн аздым.

Ырларымды укпадың, окубадың ,
Ырларымдын сезбедиң оту барын.
Ыйык сезим ыйлады, шолоктоду,
Ысыгын сезди бөлөк окурманым.

Гүл сундум, гүлүмдү Сен албай койдуң.
Гүлгө айттым: “Албаса, гүл, анда соолгун!”
Ыргытаарда алышты көптөр сурап,
Ким тартат эми анын убал-сообун?

Суу болгум келет менин Сен жакка аккан,
Таң болгум келет Сага аппак аткан.
Баарына макул болуп күтүп жүрөм,
Боор ооруу болор бекен Сен тараптан?..
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 11:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: