Суперстан: Илимдүүлөргө суроо - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (364 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 80
  • 81
  • 82
  • 83
  • 84
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Илимдүүлөргө суроо

#1621 Пользователь офлайн   musulmanin   30 Август 2014 - 21:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 533
  • Катталган: 29 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 19 Фев 2022 16:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения sister (30 Август 2014 - 13:21) жазган:

закят жонундо биле албайм, бирок гуслсуз даарат жок - айыз кундору даарат алдын - албадын айырма жок.



Шартка байланыштуу, таямун кылып даарат алса болот.. дегени бар элего.. же кандай?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1622 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   01 Сентябрь 2014 - 01:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Тайэжемдин баласы мага ким? (Бөлө экенин билем).
Махрамбы?
Айтайын дегеним эмчектеш эмеспиз, бирок, (кыскача айтканда) өзүм чоңойтком.
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1623 Пользователь офлайн   baksid   01 Сентябрь 2014 - 09:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 29 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 11 Июн 2023 05:30

Просмотр сообщения Sweet-Lika (01 Сентябрь 2014 - 01:27) жазган:

Тайэжемдин баласы мага ким? (Бөлө экенин билем).
Махрамбы?
Айтайын дегеним эмчектеш эмеспиз, бирок, (кыскача айтканда) өзүм чоңойтком.


Жок махрам эмес. Куранда булар гана махрам деп келген: "
Силерге (төмөндөгүлөрдүн никеси) арам кылынды: апаңар (апаңардын апалары), кыздарыңар (жана бардык кыз небереңер), бир тууган эже-сиңдиңер, атаңардын (же чоңатаңардын) эже-сиңдилери, апаңардын (же чоң энеңердин) эже-сиңдилери, ага-иниңердин кыздары, эже-сиңдиңердин кыздары, көкүрөк сүтүн берген эмчек апаңар, эмчектеш эже-сиңдиңер (силер сүтүн эмген аялдын сүтүн эмген кыздар), кайненеңер, силер жакындык кылган (кийинки) аялдарыңардын (өзү менен алып келген) силердин тарбияңарда болгон кыздары. Эгер ал (кийин үйлөнгөн) аялыңарга жыныстык жакындык кылбаган болсоңор, анда (аларды талак кылгандан кийин) кыздарына үйлөнсөңөр - күнөө жок. Жана өз белиңерден жаралган уулуңардын аялдары(на үйлөнүүңөр) жана бир тууган эже-сиңдини бир убакта өз никеңерге кошуп алышыңар (силерге арам кылынды)[1] . Ал эми, (исламдан) мурун болгон болсо, анда эч нерсе эмес (кечирилет). Албет-те, Аллаh Кечиримдүү, Мээримдүү.


<br clear="all" >[1] Эгер эжесине үйлөнүп,ал өлгөндөн соң же болбосо, өлбөй эле талак менен ажырагандан соң сиңдисинеүйлөнүү аятта айтылган арам никеге (эже-сиңдини кошуп өз никесинде кармоого) эсептелбейт .

"
Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1624 Пользователь офлайн   baksid   01 Сентябрь 2014 - 10:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 29 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 11 Июн 2023 05:30

Просмотр сообщения Marks (30 Август 2014 - 03:10) жазган:

1 суроо.Аял киши айыз убагында намаз убагы болгондо даарат алып таспих тартса, салават айтса болобу. 2суроо. Айына 20000 айлык алып иштесе канчасын зекеткке бериш керек , айлык алган сайын зекет берип туруш керекпи Алдын ала рахмат.Алла ыраазы болсун!


1-Таспих жана салават үчүн даарат алыш шарт эмес болгондуктан айыз убагында зикирлерди кылса болот, айыз убакта даарат ал алба баары бир айырма жок.
2-Эгерде айлыктан башка кирешең жок болсо зекет бербейсиң, анткени 20 000 зекет фарз болуу өлчөмүнө жетпейт, зекет фарз болуу үчүн 85 гр таза алтындын баасында акча 1 жыл бойу кемибеш керек, ошондо 2.5% берилет.
Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1625 Пользователь офлайн   sister   01 Сентябрь 2014 - 13:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

мени бир суроо коптон бери кызыктырат: коп эле китептерден окуп журом: " Фатима пайгамбарыбыздын с.а.в суйуктуу кызы". "Юусуф пайгамбарыбыз атасынын суйуктуу баласы болгон". шариат балдарыбызды болбой, баардыгына тен мамиле кылууга чакырат ко?

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1626 Пользователь офлайн   baksid   02 Сентябрь 2014 - 18:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 29 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 11 Июн 2023 05:30

Просмотр сообщения sister (01 Сентябрь 2014 - 13:03) жазган:

мени бир суроо коптон бери кызыктырат: коп эле китептерден окуп журом: " Фатима пайгамбарыбыздын с.а.в суйуктуу кызы". "Юусуф пайгамбарыбыз атасынын суйуктуу баласы болгон". шариат балдарыбызды болбой, баардыгына тен мамиле кылууга чакырат ко?


Сүйүү жакшы көрүү деген жүрөктөн болот, а жүрөктү болсо биз башкара албайбыз. Баарына тең болуу деген белек берүүдө бирдей болуш керек.
Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1627 Пользователь офлайн   adilettt   04 Сентябрь 2014 - 01:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 107
  • Катталган: 14 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 00:05
  • Жынысы:Эркек

Бомжтарга жин киреби? Алар дайма кечинде мусурда чукулап журотко анда бардырдыгында киришкелго кебир килери жакшнакай эле журотко? Анан шахид болгон адамдар дениси чирибеиби?анан кандаи адамдар шахид болушут?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1628 Пользователь офлайн   WINNER   04 Сентябрь 2014 - 12:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 206
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 26 Дек 2014 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Корунгон жерде.:))

Менде дагы бир суроо бар эле. Азыр турмушта коп кездешсе керек.

Куйоосу алыста туруп,телефон, же кат,же башка бир адам аркылуу аялына талак берсе кабыл болобу?
Алдын ала рахмат.


Эркиндикби кун коруу куйуттогу?!
Ач козунду элимдин жигиттери!
Канжыгага башынды байлап бербей
Буркут болуп шаншып от бийиктеги...
(С.Момбеков)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1629 Пользователь офлайн   Daud   04 Сентябрь 2014 - 16:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения adilettt (04 Сентябрь 2014 - 01:41) жазган:

Бомжтарга жин киреби? Алар дайма кечинде мусурда чукулап журотко анда бардырдыгында киришкелго кебир килери жакшнакай эле журотко? Анан шахид болгон адамдар дениси чирибеиби?анан кандаи адамдар шахид болушут?


Бомждарга башка адамдардай эле жин кириши да, кирбеши да мүмкүн. Анткени мусордо жүрсө эле сөзсуз жин кирип кетет деген эреже жок. Кирбеши деле мүмкүн.

Шахидтердин денеси чирүүсү же чирибөөсү тууралуу алымдар арасыда ар кандай пикирлер бар. Кээ бирлери чирибейт деп айтышса, башкалары баарыныкы эмес, кээ бир шахидтердин жана такыба адамдардын денелерин Аллах аларга урмат көрсөтүп чиритпей коёт. А башкаларынын денелери чирийт деп айтышат.

Аалымдар шахидтерди эки (кээ бирлери үч) топко бөлушөт.

1. Дүйнө жана акыреттеги шахидтер. Алар каапырлар менен болгон согушта курман болгондор. Ханафий аалымдары алардын катарына мамлекет башчысына каршы согушкандардын колунан өлгөн, жол тосор каракчылардын колунан жана малын, жанын, үй-бүлөсүн коргоо үчүн уруу же каракчынын колунан өлгөндөрдү да кошушат. Мындай шахидтер жуунтулбайт жана кепинделбестен өз кийимдери менен көмүлөт. Ханафий мазхабында аларга жаназа окулат, Шаафий мазхабы боюнча аларга жаназа намазы окулбайт.

2. Акыреттеги шахидтер. Аларга бул дүйнө шахидтин өкүмдөрү жүрбөйт. Б.а. алар жуунтулуп, кепинделип, жаназа намазы окулуп көмүлушөт. Алардын катарына сууга чөгүп өлгөн, ичи ооруп өлгөн, дубал басып өлгөн ж.б. хадстерде шахид деп аталгандар кирет. Имам ас-Суютий алардын саны отуздан ашканын айткан.

3. Кээ бир аалымдар шахидтердин үчүнчү түрү да бар, аларга бул дүйнөдө шахидтин өкүмдөрү жүрөт, ал эми акыретте алар шахидтердин катарына кошулбайт деп айтышат. Алар каапырлар менен болгон согушта өлгөн мунафыктар. Мунафык дегени эки жүздүү адамдар. Сыртынан мусулман көрүнүшкөнү менен ичине каапырдыгын жашырып жүрүшөт. Алардын ичиндегиси бул дүйнөдө билинбегени үчүн аларга бул дүйнөдө шахид деп өкүм берилип, жуунтулбастан жана кепинделбестен көмүлөт. А бирок акыретте алар шахидтердин катарына кошулушпайт.

Жогоруда айтылган себептерден улам кээ бир аалымдар кайсы бир адам жөнүндө "ал шахид болду" деп кесе айтпастан, "ал ин шаа Аллах (Аллах кааласа) шахид болду" деп айтууну осуят кылышат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1630 Пользователь офлайн   Daud   04 Сентябрь 2014 - 16:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения WINNER (04 Сентябрь 2014 - 12:26) жазган:

Менде дагы бир суроо бар эле. Азыр турмушта коп кездешсе керек.

Куйоосу алыста туруп,телефон, же кат,же башка бир адам аркылуу аялына талак берсе кабыл болобу?
Алдын ала рахмат.




Талак маселесинде аралык мааниге ээ эмес. Эгер күйөөсү ооз эки түрдө талак берген болсо, ал сөз анын оозунан чыгып, өз кулагына угула турган даражада болсо талак түшө берет. Аны эч ким укпаса деле мейли. Бирок айта кетчү нерсе талак деп айтылган сөздүн баары эле талак ордуна өтө бербейт. Талак түшүүсү үчүн идаафа (жабыштыруу) жана ийкаа (түшүрүү) керек болот. Идафа (жабыштыруу) - дегени баланчыга деп аялынын атын айтып же аялы жанында болсо сага же сен деп талакты аялына жабыштыруу. Ийкаа (түшүрүү) - бердим, койдум деген сыяктуу сөздөр менен талакты түшүрүү. Ийкаа үчүн колдонулган сөздөр өткөн чакта болгондо гана талак түшөт. Сага талак берем, сени талак кылам, сен талак болосуң деген сыяктуу келер чакта айтылган сөздөр менен талак түшпөйт.

Жыйынтыктап айтканда: эркеке адам кайсыл жерден болбосун аялынын атын айтып мисалы: мен Айшаканга талак бердим же Айшакан талак болду, же Айшакан сен талаксың ж.б.у.с. сөздөрдү өткөн чак менен айтып жана ошол сөздү өзү уккан болсо, аялына талак түшөт. Эгер мен Айшаканга талак берем ж.б.у.с. келер чак менен айтылган сөздөр менен талак түшпөйт.

Жогоруда айтылгандардын баары сарих (ачык) талак жөнүндө айтылган сөздөр. Андан сырткары киная (кыйыр мааниде айтылган) талак да бар. Алар кет, жогол, башың бош, төрт тарабың кыбла ж.б.у.с. кыйыр маанидеги сөздөр менен талак берүү киная талак деп эсептелет. Киная талакта ошол сөздү айткан адамдын ниети этибарга алынат. Бирок кээ бир убактарда анын ниети суралбастан эле талак түштү деп фатва берилген убактар да болот. Айта бере сөз көп.

Маанилүү болгон нерсе талакта аралык эмес, талактын кандай формада, кантип айтылгандыгы мааниге ээ.

Ал эми жазуу түрүндө талак берүү боюнча Чубак ажынын фатвасын көчүрүп коюуну туура көрүп отурам.

(СМС) талак түшөбү?
(СМС ) менен талак жазып жиберүү акыркы күндөрү жаңылык деле болбой калды. А бирок, ал талактын түшөөр түшпөсү туурасында пикирлер ар түрдүү, тагыраагы чачкын. Маселенин чоо-жайын териштирип, күңгөй-тескейин карап, адис катары кыскача маалымат берүү зарылчылыгы дале тургандыктан, тобокел кылып буларды айткым келди:
• Талактын түшүүсү үчүн, талактын сөз менен айтылуусу шарт кылынбайт, сөз менен айтылынган талак түшкөндөй эле, сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок адамдар өздөрүнө таандык ишаараттар менен да талак бере алышат. Себеби өздөрүнө таандык ишаараттар, алардын өз ара байланыш каражаты болуп эсептелет.
• "Ишаарат" менен талак түшкөндөй эле "жазуу" менен да талак түшөт, жазуу менен талак берген адам сүйлөгөнгө кудуреттүү болсо да.
• "Жазуу" менен берген талак эки түргө бөлүнөт:
1. Марсуума жазуу;
2. Гайру марсуума жазуу;
Марсуума жазуу.
Марсуума жазуу: "Кимден" жана "кимге" экендиги толук баяндалган каттар. Бул тариздеги каттар менен жазылып берилген талактар, талак берүүчүнүн ниети "бар" же "жок" экендигине карабай түшөт. Кимдир бирөө "Жөн эле жазып койдум эле, кол жазмамды эле сынайын дегем" деген сөздөрү Ислам сотунун алдында суу кечпейт. Марсуума жазуу да өз алдынча эки түргө ажырайт:
1. Мунжаз; Дароо түшүүчү талак.
2. Муаллак; Каттын ээсине тийгенден кийин түшүүчү талак.
Мунжаз: Кат жазганда "Мен Эшмат уулу Ташмат, аялым Түкүнчө кызы Баланчага талак бердим", деп жазаары менен, калеми кагаздан ажырабастан дароо талак түшөт.
Муаллак: Кат жазганда "Сага катым жетээри менен сен талаксың! ", деп жазса, кат аялдын колуна тийээри менен талак түшөт. Эгерде кат аялдын атасына жетип калып, кызына жеткирбестен тытып жиберген болсо, а бирок атасы кызынын иштерин башкаруучу (мутасарриф фии умуурихаа) болуп турган болсо, аялга талак түшөт. Себеби атасы кызынын иштерин башкаруучу болуп тургандыктан, атасына жеткен кат, кызына да жеткен болуп эсептелет. Ал эми атасы кызынын иштерин башкаруучу эмес болуп туруп, кат атасына жеткенде, кызына көрсөтпөй тытып жиберсе, талак түшпөйт. Себеби кат аялдын колуна тийген жок. Ал жөнүндө атасы катты тыткандан кийин кызына кабар берген болсо да түшпөйт.
Гойру марсууума жазуу
Гойру марсуума жазуу "кимге" жана "кимден" экендиги баяндалбаган каттар. Бул өз алдынча эки бөлүккө ажырайт:
1. Мустабийна жазуу; Кагазга, дубалга, кумга, топурака, карга жазылып, түшүнүүгө жана окууга мүмкүн болгон каттар. Мисалы: "Сен талаксың! " ,"Мен сага талак бердим!" деп жазат, "кимге жана кимден" экендиги жазылбайт. Бул тариздеги талактар эгерде эркек ниет кылган болсо түшөт, ниет кылбаган болсо түшпөйт. Эркектин ниетине байланыштуу чечилет (Кээ бирлер ниети жок да түшө берет дешет, а бирок бул сөз тууранын тетириси).
2. Гайру мустабийна жазуу; Абага, сууга ж.б.у.с.ларга жазылып түшүнүүгө жана окууга болбой турган каттар. Мисалы колу менен абага чиймелеп "Мен сага талак бердим!" деп жазган учурда, сырттан карап турган адам, тигинин дирижерчосунан колун кыймылдатканынан башка эч нерсесин түшүнбөйт. Бул тариздеги талактар таптактыр түшпөйт. Ниет кылган күндө да түшпөйт.
Эске алчу жагдай, жогорку учурлардын баарында тең каттын өз ээсинен келгендиги анык болгон убакта гана этибардуу болот. Башка бирөө үй-бүлөнү бузуу үчүн, кээде тамашалоо үчүн жазып жиберген болсо мааниге ээ болбойт. Кол жазмасынан, же өзүнүн тастыктоосунан, мойнуна алуусунан же күбөлөрдүн күбөлүккө өтүүсү менен билинүүсү мүмкүн.
Эми өзүбүздүн ирегеде турган маселеге келчү болсок, "СМС" талактар "мустабийна жазууга" кошулат. Анткени "СМС" каттарды окуганга, түшүнгөнгө болот.
Ошондой эле "СМС" менен келген каттар:
• "Кимден" жана "кимге" экендиги жазылбай келсе, мисалы: "Мен сага талак бердим!" , деген эле каттын тексти келсе,
• же "кимге" экендиги гана айтылбай келсе, мисалы: "Мен сага талак бердим! Эшмат", десе,
• же "кимден" экендиги гана айтылбай келсе, мисалы: "Айнакан! Сага талак бердим!" , десе булардын бардыгы "гойру марсуума" жазууларга кошулат да, төмөндөгү эки маселени тактообуз керек болот:
1. Катты жазган күйөөнүн өзү экендигин тактоо. (Себеби, башка бирөө анын телефону менен жазып жиберүүсү мүмкүн, дааратканага киргенде, уктап жатканда, башка ишке алек болуп турган убакта. Же таптакыр башка чоочун телефондон деле жазып жиберүүсү мүмкүн.) Күйөөнүн өзүнүн телефонунан келген болсо эле, күйөө жазган болуп калбайт эмеспи. Аялдын өзүнүн телефонуна келген болсо эле, ага жазылган болуп калбайт.
2. Жазгандыгын мойнуна алып тастыктагандан кийин, эмне ниетте-максатта жазгандыгын сурайбыз. Эгерде ажырашуу ниетинде жазган элем десе, жазылган талагы түшөт. Эгерде ажырашуудан башка ниетти айткан болсо, жазылган талагы түшпөйт. Эгерде жазгандыгын мойнуна албаса, экинчи суроону суроонун кереги жок.
Ал эми "СМС" менен келген каттарда "кимден" жана "кимге" экендиги толук даана жазылса, мисалы "Мен Эшмат уулу Ташмат, Түкүнчө кызы Айшаканга талак бердим!" деп жазган болсо, күйөөдөн бир эле маселени "Катты өзү жазгандыгын, өзү жаздыргандыгын же жазбагандыгын" гана тактайбыз. Жазгандыгын мойнуна алган болсо, жазган талагы түшөт. Мойнуна албаган болсо "СМС" менен келген кат эч кандай мааниге ээ болбойт. Себеп дегенде башка бирөө деле жазып жиберүүсү мүмкүн экендигин айтпадыкпы. ..
"СМС" менен келген каттардын катарына электрондук (Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу келген) каттар да кошулат.
Маселеге түздөн түз тиешеси болбосо да, кыйыр тиешелүү бир маселени айта кетпесек болбойт. Бул телефон менен күйөөнүн аялына оозмо-ооз талак айтуусу. Мисалы күйөөсү Москвадан туруп, Кыргызстандагы аялына "Мен сага талак бердим!" , деп айтуусу менен талак түшөт. Себеби эркектин талак бергендигин аял өз кулагы менен угуусу, же талак айткандыгына эки адамдын күбө болуусу шарт кылынбайт. Эркектин өз оозунан чыгып, өзүнүн кулагына жете турган мыкдаар-өлчөмчөлүк үн менен айткан болсо, жарактуу боло берет. Ээн талаага барып, банкага башын тыгып алып шыбырап айтса деле түшө берет.
Илгери телефон-селефон деген болгон эмес, ошондуктан түшпөйт деп айткан чаласабат сөздөр анда мында угула калып жүрөт. Бул эми өзүн өзү алдоо, жок жерден жол таап, арамды адалдоо деген эле сөз.
Урматтуу бир тууганым! Талак маселеси эң акыркы чек болуусу кажет. Урушуу башталганда эле, же кичине пикир келишпестик болуп калса эле талак айта калуу өнөкөт болуп калганы туура эмес. Кудай Таалам талак берүүнү эркектин колуна берген. Эркек акыл калчап иш кылат, токтоолук менен ар бир маселеге маани берип карайт, сезимдерине жеңдирбейт деген маани камтылып жатат. Аял киши табиятынан назик болгон себеп, бул кесепеттүү жумуш аларга тапшырылган эмес. Болбосо үйдө картөшкө калбай калса, же тузу түгөнүп калса деле талак берип жиберип, эркек аттуунун баары колоктоп бойдок жүрмөкпүз. Аял кургуруң балдарын бир күндө жүз урушуп, жүз эркелеткендей эле, күйөөсүнө да жүз болбосо да бир күндө эки-үч ирет талак берип ийүүсү мүмкүн.
Талак айтылганда Аллах Тааланын ачуусу келет. Мындан артык оор нерсе барбы бул дүйнөдө... Эгерде аялыңдын бир мүнөзү жакпай жатса, башка жакшы бир мүнөзүн издеп таап, ошол аркылуу жакшы көрүүнү буйруган Пайгамбарыбыз алайхис салам. Кантип эле жакшы бир сапаты же мүнөзү болбосун. Кирди таза жуушу мүмкүн, тамакты жакшы жасоосу мүмкүн, балдарын мыкты тарбиялоосу мүмкүн, өзүн таза алып жүрүүнү, сарамжалдуу болууну өздөштүргөндүр, намазын окуйттур, сен жокто аманатыңды бекем сактаар....
Андан сырткары сен да анын жаман болуусуна себепкер болуп жүрбө..? Аялыңа мамиле кылаарда, өзүңдүн кара чечекей кызыңа, карындашыңа, эжеңе, энеңе күйөөлөрү кандай мамиле кылууну кааласаң, ошондой мамиле кылганга аракеттен. Себеби ал да бирөөнүн кызы, бирөөнүн карындашы, бирөөнүн энеси эмеспи.
Демек, жыйынтыктап айтаар сөз, "СМС" талак берүүнү бирөө жарым токтотуп койгон менен токтоп калбайт. Муфтият же Жогорку Кеңеш мыйзам чыгарган менен эч кандай таасирге ээ болбойт. Түшпөсүн десе эле түшпөй калбайт. Бул эми, быйыл кар жаабасын деп 120 депутат кол көтөрсө деле, жаачу кар жаай берет дегендей эле кеп. Болгону түшүндүрүү иштерин колго алуу зарыл. Нике кыйган учурда, граждандык актыларды каттоо учурунда бул туурасында баяндалуусу кажет. Мамлекет колго алып "ММК" лар аркылуу роликтерди тартуу, көрсөтүүлөрдүү уюштуруу милдеттүү. Ар кандай китепчелерди, аалымдардын кассета-дисктерин таратууну жөнгө салуу менен маселени жеңилдетсе болот. Муфтиятта мурда уюштурулуп келген "бактылуу жашоонун сырлары" деген курстарды кайрадан жандандыруу керек. Ал Чубак ажынын пайдасы үчүн эле ачылган эмес эле. Турсунбай ажы Бакир уулу азыр көтөрүп жаткан маселенин олуттуу экендигин эки жыл мурда баамдап, ишке ашкан муфтияттын долбоору эле. Жашоо бизден өтсө дагы эл эмгектен эскерсин деди беле, же кандай..?
Маселенин ток этээр жерин айтып, аят-хадистен, уламалардын сөздөрүнөн далил келтирүүгө бу сапар гезит бети чектелүү экендигинен чыгына алган жопуз. "Аят" гезитине, аны кармап туруучуларга Кудай Таалам ийгилик ыроолосун. Пайгамбарыбыз алайхис салам "жакшы ишке жардам берип, ага далил болгон адам, ошол ишти аткарган адамдын сообунан эч кемибестен, ал алгандай эле сооп алат" дейт. Ал кишинин сөзү жалган болбойт...


Бир туганыңар Чубак ажы.

.

Эскертүү: Бул талак жөнүндө кыскача гана айтылган сөз. Ар бир адамдын абалы ар башка болуусу мүмкүн. Ошондуктан талак боюнча конкреттүү окуяга туш болгон адам, өзү туш болгон маселе жөнундө билүүсү үчун сөзсүз түрдө илимдүү адамга кайрылуусу керек. Анткени өзү кайсы бир маселени туура эмес түшүнүп, туура эмес жыйынтык чыгарып алуусу мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1631 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   04 Сентябрь 2014 - 18:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Өзүнчөле чооң китеп окугандай болдум.
Аллах раазы болсун Сиздерден!

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1632 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   04 Сентябрь 2014 - 18:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения baksid (01 Сентябрь 2014 - 09:58) жазган:

Жок махрам эмес. Куранда булар гана махрам деп келген: "
Силерге (төмөндөгүлөрдүн никеси) арам кылынды: апаңар (апаңардын апалары), кыздарыңар (жана бардык кыз небереңер), бир тууган эже-сиңдиңер, атаңардын (же чоңатаңардын) эже-сиңдилери, апаңардын (же чоң энеңердин) эже-сиңдилери, ага-иниңердин кыздары, эже-сиңдиңердин кыздары, көкүрөк сүтүн берген эмчек апаңар, эмчектеш эже-сиңдиңер (силер сүтүн эмген аялдын сүтүн эмген кыздар), кайненеңер, силер жакындык кылган (кийинки) аялдарыңардын (өзү менен алып келген) силердин тарбияңарда болгон кыздары. Эгер ал (кийин үйлөнгөн) аялыңарга жыныстык жакындык кылбаган болсоңор, анда (аларды талак кылгандан кийин) кыздарына үйлөнсөңөр - күнөө жок. Жана өз белиңерден жаралган уулуңардын аялдары(на үйлөнүүңөр) жана бир тууган эже-сиңдини бир убакта өз никеңерге кошуп алышыңар (силерге арам кылынды)[1] . Ал эми, (исламдан) мурун болгон болсо, анда эч нерсе эмес (кечирилет). Албет-те, Аллаh Кечиримдүү, Мээримдүү.


<br clear="all" >[1] Эгер эжесине үйлөнүп,ал өлгөндөн соң же болбосо, өлбөй эле талак менен ажырагандан соң сиңдисинеүйлөнүү аятта айтылган арам никеге (эже-сиңдини кошуп өз никесинде кармоого) эсептелбейт .

"


Айтайын деген оюмду тактай кетсем.:)
Сөз никеге таакыр жакындабашы керек).
Дегеним, мисалы (ин ша Аллах) хиджаб кийгенимде үйдө жылаң баш жүрөм да. А эгер үкөм (бөлөм) үйдө болсо (бир үйдө жашайбыз) чачымды (б.а. башымды) жабышым керекпи, же болбосо, базарга же башка бир жакка барганда үкөмдү жандап (же колтуктап) жүрсөм болобу?…дейин дегем да… :blush:


Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 04 Сентябрь 2014 - 18:10

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1633 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   04 Сентябрь 2014 - 18:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Просмотр сообщения Sweet-Lika (04 Сентябрь 2014 - 18:07) жазган:


Айтайын деген оюмду тактай кетсем.:)
Сөз никеге таакыр жакындабашы керек).
Дегеним, мисалы (ин ша Аллах) хиджаб кийгенимде үйдө жылаң баш жүрөм да. А эгер үкөм (бөлөм) үйдө болсо (бир үйдө жашайбыз) чачымды (б.а. башымды) жабышым керекпи, же болбосо, базарга же башка бир жакка барганда үкөмдү жандап (же колтуктап) жүрсөм болобу?…дейин дегем да… :blush:




Мен жооп берип койсом урушпаса керек.

Болонуздун козунчо хиджап кийесиз аврет жерлерди бекитесиз. Колун кармап колтуктап жургонго болбойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1634 Пользователь офлайн   baksid   05 Сентябрь 2014 - 01:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 29 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 11 Июн 2023 05:30

Просмотр сообщения Sweet-Lika (04 Сентябрь 2014 - 18:07) жазган:


Айтайын деген оюмду тактай кетсем.:)
Сөз никеге таакыр жакындабашы керек).
Дегеним, мисалы (ин ша Аллах) хиджаб кийгенимде үйдө жылаң баш жүрөм да. А эгер үкөм (бөлөм) үйдө болсо (бир үйдө жашайбыз) чачымды (б.а. башымды) жабышым керекпи, же болбосо, базарга же башка бир жакка барганда үкөмдү жандап (же колтуктап) жүрсөм болобу?…дейин дегем да… :blush:




Аллах Тааланын бул Сөзү жооп болот: Нур сүрөөсү 31 аят: "Ыймандуу аялдарга айт: (Бөтөнэркектерге кумардануу менен кароодон) көздөрүн жумушсун жана жыныс мүчөлөрүн(зынаадан) сакташсын! Көрүнүп турган зыйнатынан (кийиминен) башказыйнаттагынчактарын жаап жүрүшсүн! Жоолуктары менен көкүрөктөрүн жабышсын! Зыйнаттарын (моюн, билек сыяктуу зыйнат мүчөлөрүн) көргөзүшпөсүн! Бир гана күйөөлөрүнөже аталарына же күйөөсүнүн аталарына же балдарына же күйөөсүнүн балдарына жеага-инилерине же ага-инилеринин балдарына же эже-сиңдилеринин балдарына жеөзүнүн (мусулман) аялдарына же кулдарына же (аялга) кызыгуусу калбаган (картайган)эркек кызматчыларына же аялдардын авраттарынын айырмасын билбеген жашбалдарга (көрүнсө күнөө жок). Жашыруун зыйнаттарын билгизиш үчүн буттарынжерге урбасын![1] Оо, ыймандуулар! Баарыңар Аллаh ка тооба кылгыла, ажеп эмес жеңишке (Бейишке) жетсеңер !
<br clear="all" >[1] Арабстандык, пакистандык жана индиялык мусулманаялдардын «хал-хал» деген зыйнаты бар. Ал - буттун кызыл ашыгына тагыла турганкоңгуроолуу мончок."
Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1635 Пользователь офлайн   WINNER   05 Сентябрь 2014 - 13:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 206
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 26 Дек 2014 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Корунгон жерде.:))

Daud аке рахмат,билип алдык.
Эркиндикби кун коруу куйуттогу?!
Ач козунду элимдин жигиттери!
Канжыгага башынды байлап бербей
Буркут болуп шаншып от бийиктеги...
(С.Момбеков)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1636 Пользователь офлайн   maks93   05 Сентябрь 2014 - 15:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 983
  • Катталган: 18 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Мар 2019 14:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Шахид деген эмне?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1637 Пользователь офлайн   hihikayu   05 Сентябрь 2014 - 15:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Просмотр сообщения maks93 (05 Сентябрь 2014 - 15:34) жазган:

Шахид деген эмне?

Шахид бул биз айтабызго шейит деп ошол нерсе.Башкача айтканда жакшы олум.кенениреек мына сайттардан окусаныз болот.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 03_09_2014-00_49_34.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: hihikayu: 05 Сентябрь 2014 - 15:54

Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1638 Пользователь офлайн   adilettt   05 Сентябрь 2014 - 23:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 107
  • Катталган: 14 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 00:05
  • Жынысы:Эркек

Уйдон окуган намаз менен. Мичитте окугандын айырмасы барбы ? Бирнерсеге ниет кылып туруп. Аны анткарбаса куно болобу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1639 Пользователь офлайн   adilettt   06 Сентябрь 2014 - 00:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 107
  • Катталган: 14 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 00:05
  • Жынысы:Эркек

Бир кыз атын менен фамилиясын. Мусульманка исламова деп алыптыр. Ошо. Кандай болот кунобу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1640 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   06 Сентябрь 2014 - 06:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Просмотр сообщения adilettt (05 Сентябрь 2014 - 23:25) жазган:

Уйдон окуган намаз менен. Мичитте окугандын айырмасы барбы ? Бирнерсеге ниет кылып туруп. Аны анткарбаса куно болобу


Уйдон окулган намазга караганда мечиттен окулган намаз 27эсе даражасы бийик болот,бир риваятта 25 эсе деп келет.

Бир жакшы ишке ниет кылсаныз периштелер бир сооп жазат,аны ишке ашырсаныз 10дон 700эсе чейин кобойтуп жазышат.
Ал эми жаман ишке ниет кылсаныз аны жазбай турат, ал жаман ишти ишке ашырсаныз бир намаздын аралыгынча кутуп жазбай турушат балким бул тооба кылар деп. Эгер тооба кылса жазылбайт,тооба кылынбаса жазылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (364 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 80
  • 81
  • 82
  • 83
  • 84
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 45 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 45, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 07:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: