Umka220190 (30 Сентябрь 2014 - 17:02) жазган:
Эжем таалимге барат. Ал "шайтан" деп айтпаш керек дейт. "Иблис" де деп мага көп айтат. "Эмнеге?" деген суроомо "Шайтан десе, аны чакырган болосуң" деген. Ошол чынбы? Деги эле "шайтан" дебе деген да.
Саламатчылык!
Андай нерсе жок. Шайтан десе деле, Иблис десе деле ошол эле шайтандын атын атаган болот. Демек кайсы атын айтсак деле келе берет. Негизи ал атын айтпасак деле келе берет. Ал ошондой жаман.
Эжеңизге туура эмес нерсе айтышкан. А ал болсо ишенип алыптыр. "Шайтан десе аны чакырган болот деген сөздү каяктан (кайсы китеп же ким айтты) алып айтып жатасыңар" - деп сурап койсун.