Суперстан: Илимдүүлөргө суроо - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (364 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 173
  • 174
  • 175
  • 176
  • 177
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Илимдүүлөргө суроо

#3481 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   29 Июнь 2015 - 11:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Авг 2025 02:59

Просмотр сообщения Patriot...kg (29 Июнь 2015 - 11:41) жазган:

Кыдыр ата жөнүндө кандай карайстар?
Угуп калам да кыдыр алейхи салам менен көрүшкөм бирок учураша албай калгам дегендерди?

Кыдыр алейхи салам экенин каяктан билип алышат дейм да. Куддум тааныгандай айтышат го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3482 Пользователь офлайн   Patriot...kg   29 Июнь 2015 - 12:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Деги эле болобу?
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3483 Пользователь офлайн   kerakg   29 Июнь 2015 - 13:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Просмотр сообщения Patriot...kg (29 Июнь 2015 - 11:41) жазган:

Кыдыр ата жөнүндө кандай карайстар?
Угуп калам да кыдыр алейхи салам менен көрүшкөм бирок учураша албай калгам дегендерди?

Кыргызда Кыдыр ата дейбиз, Ислам аалымдары Кызыр алейхиссалам жөнүндө ар кандай көз караштарын билдиришкен, кээ бири анын пайгамбар болгондугун айтса, көпчүлүгү аны олуя болгондугун айтышкан.
"Кызыр" сөзү араб тилинен алынып, "жашыл" деген маанини берет, Азирети Мухаммад саллаллаху алейхи васаллам Кызыр алейхиссалам тууралуу мындай дейт; "Кызыр бул атка конушунун себеби мындай, Ал куурап саргарып калган чөптүн арасына отурган кезде ал чөптөр жашыл болуп көгөрө баштаар эле" деген (Бухарий, анбия,27, Тафсир,18.)
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3484 Пользователь офлайн   kerakg   29 Июнь 2015 - 14:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Кыдыр алейхиссалам тууралуу Куранда Кахф сүрөсүндө айтылат. Муса алейхисалламга жолуктурат, анда Муса алейхиссаламга Кыдыр ата айтат; "Эй, Муса! Жараткан Алла Таала сага бир илим берген, ал менде жок, Мага да бир илим берген, бирок ал сенде жок" деген эле. (Бухарий, Тафсир,18. анбия,27)
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3485 Пользователь офлайн   kerakg   29 Июнь 2015 - 14:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Манасчы Сагымбайдын вариянтына Ислам дини көбүрөөк таасир эткен, бул мыйзамдуу көрүнүш. Эми сөз болуп жаткан вариянтты сөз кылсак; Манас кичинекейинен аябай тентек болуп, Манастын кыялынан айласын таппай турган бай Жакып баласын сегиз жашка толгондо Ошпур деген койчуга жардамчы катары кошуп берет.
Бир күнү койго карышкыр тийип, козусунун бирөөсүн көтөрүп качып кеткенде, Манас артынан кубалап, кандын изи менен бир үңкүргө туш келет, ичине абайлап кирсе тегерете кырк чилтени менен төрдө аксакалчан Кыдыр олтурган болот. аларды бир сыйра карап туруп, козусун ала качкан карышкыр ушул үңкүргө келдиби деп Манас суроо сурайт, ошондо төрдө олтурган Кыдыр алейхиссалам жооп кайтарат;

Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 29 Июнь 2015 - 14:21

Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3486 Пользователь офлайн   kerakg   29 Июнь 2015 - 14:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Кыдыр Манаска айтып турган жери;
Аңдап көр балам, деп айтат.
Бөрү болгон биз, деди.
Бөлөкчө жансыз сиз, деди.
Кыдыр Илияз деген бар.
Сизди 40 күндөн бери издеди.
Кырк чилтен деген биз, деди.
Козуңа салган тиш, деди.
..Бизда тутуп жүрөбүз,
Бир Кудайдын буйругун,
Кубаттуу болот тирлигиң,
Кудайдын билгин бирлигин,
Көрбөй туруп ынангын,
Жүрөктөн чыгар кирлигин.
деп Манаска бир Алла бар экенин билгизип, Жараткан жөнүндө түшүндүрмө берет.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3487 Пользователь офлайн   kerakg   29 Июнь 2015 - 14:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Негизи эле Кыдыр алейхиссалам Муса алейхисаламга жолукканы Куранда айтат, Манаска жолукканын манасчылар да айтат, Манастын мусулманга киришине себепчи болгондугу айтылат, Манаста чоң казат, кичи казат тууралуу да айтылат, казат деп "жихад" ты каапырларга каршы согушкандыгы айтылат, Манастын шейит кеткендиги айтылат, ал эми мусулман ааламдары шейиттердин даражалары тууралуу көптөгөн хадистер келет.
Азирети Мухаммад саллаллаху алейхи васаллам,дын айткан хадиси бар; Кыдыр Илияс болгон, и боло берет ал тирүү деген, бирок анын пайгамбар болгон болбогонун билбеймин дегендиги айтылат.

Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 29 Июнь 2015 - 14:45

Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3488 Пользователь офлайн   kerakg   29 Июнь 2015 - 14:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Кыдыр алейхиссалам бир убактарда жанына жаш шакирт ээрчитип жол жүрүп келе жатып бир үйгө туш болот, үй ээсинен түнөөгө оорун беришин, кудайы конок экенин өтүнүп түнөгөнгө орун сурап үй ээсине кайрылат, алиги үй ээси жактырбай, мал төлдөп, сакмалчылар жетишпей жатканда кайдагы конок деп, терс кабыл алат, ошондо Кыдыр ата
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3489 Пользователь офлайн   kerakg   30 Июнь 2015 - 00:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Просмотр сообщения kerakg (29 Июнь 2015 - 14:53) жазган:

Кыдыр алейхиссалам бир убактарда жанына жаш шакирт ээрчитип жол жүрүп келе жатып бир үйгө туш болот, үй ээсинен түнөөгө оорун беришин, кудайы конок экенин өтүнүп түнөгөнгө орун сурап үй ээсине кайрылат, алиги үй ээси жактырбай, мал төлдөп, сакмалчылар жетишпей жатканда кайдагы конок деп, терс кабыл алат, ошондо Кыдыр ата

алакан жая бата берет;
Малың мал болсун,
жайытка батпай толо болсун, деп андан ары жолун улайт, бир кезде бир кепе алачыка туш болот, бир жесир аял жалгыз эчки улагын откозуп жүргөн болот, келгендер биз кудай конокбуз, бизге ичкенге суу бериңизчи дейт. Анда жесир аял аларды алачыка киргизип жалгыз улагын сойуп коноктойт, кетээрде Кыдыр ата алаксн жая батасын берет;
Өмүрүңө Алла береке берсин,
Жалгыз эчкиңди карышкыр жесин. деп бата берип андан ары жолун улаган экен. Батасын уккан шакирти батага түшүнбөй ээси маң болот.
эмнеге мындай бата берди экен аларга, билгендер улап жазып койгула эми.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3490 Пользователь офлайн   kerakg   30 Июнь 2015 - 00:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Просмотр сообщения kerakg (29 Июнь 2015 - 14:53) жазган:

Кыдыр алейхиссалам бир убактарда жанына жаш шакирт ээрчитип жол жүрүп келе жатып бир үйгө туш болот, үй ээсинен түнөөгө оорун беришин, кудайы конок экенин өтүнүп түнөгөнгө орун сурап үй ээсине кайрылат, алиги үй ээси жактырбай, мал төлдөп, сакмалчылар жетишпей жатканда кайдагы конок деп, терс кабыл алат, ошондо Кыдыр ата

алакан жая бата берет;
Малың мал болсун,
жайытка батпай толо болсун,
деп андан ары жолун улайт, бир кезде бир кепе алачыка туш болот, бир жесир аял жалгыз эчки улагын откозуп жүргөн болот, келгендер биз кудай конокбуз, бизге ичкенге суу бериңизчи дейт. Анда жесир аял аларды алачыка киргизип жалгыз улагын сойуп коноктойт, кетээрде Кыдыр ата алакан жая батасын берет;
Өмүрүңө Алла береке берсин,
Жалгыз эчкиңди карышкыр жесин.
деп бата берип андан ары жолун улаган экен. Батасын уккан шакирти батага түшүнбөй ээси маң болот.
эмнеге мындай бата берди экен аларга, билгендер улап жазып койгула эми.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3491 Пользователь офлайн   Sheke-brat   30 Июнь 2015 - 00:39

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 702
  • Катталган: 11 Январь 15
  • Соңку аракети: 31 Окт 2015 20:21
  • Жынысы:Эркек

Табышактатпай толуктап койуңу3чу Кера ага..
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3492 Пользователь офлайн   Marks   30 Июнь 2015 - 02:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 77
  • Катталган: 19 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2020 22:37

Зекет тууралуу билгенинерди жаза кетсенер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3493 Пользователь офлайн   osh93   30 Июнь 2015 - 02:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Суроо: Зекеттин тилдеги жана шарияттагы мааниси эмне?Жооп: Зекеттин тилдеги мааниси тазалануу дегенди билдирет. Ал эми шариятта белгилүү бир өлчөмгө жеткен байлыктын тешелүү бир бөлүгүн кембагалдарга Аллах ыраазычылыгы үчүн бөлүп берүү.Суроо: Зекеттин исламдагы өкүмү кандай?Жооп: Зекет берүү исламдагы беш парздын бири. Аллах Таала Кураанда: «Намаз окугула жана зекет бергиле» - деп бюруган. Ким зекетти парз эмес деп эсептесе, ал динден чыгып, каапыр болот.Суроо: Кандай адамдарга зекет берүү важиб болот?Жооп: Мусулман, балагат жашындагы, азат (кул эмес), акыл-эси жайында болгон кишиге эгер анын байлыгы шарият көрсөткөн толук өлчөмгө жетсе жана ошол өлчөмгө жеткенине бир жыл толсо, ага зекет берүү парз.Суроо: Толук өлчөм кандай болот?Жооп: 200 дирхам күмүшкө же 20 мыскал алтынга ээ болсо, же өсүп турган акча ушул алтын менен күмүштүн өлчөмүнө жетсе толук өлчөм болот.Суроо: Бир адамдын байлыгы толук өлчөмгө жетсе, бирок анын карызы болсо, зекет береби?Жооп: Эгерде карызы байлыгынын өлчөмүндөй болсо, зекет бербейт. Эгер карызынан ашкан байлыгы толук өлчөмгө жетсе, ошол ашканына зекет берет.Суроо: Соодадагы байлыкка зекет береби?Жооп: Эгер соодадагы байлык эки өлчөмдүн бирине жетсе, ага зекет берилет.Суроо: Өлчөмгө жеткенине бир жыл толуу керек дегенди кандай түшүнөбүз?Жооп: Өлчөмгө жеткен байлыкка ай эсеби боюнча толук бир жыл ээ болуп туруусу керек.Суроо: Жашаган үйгө, кийим-кечеге, үй буюмдарына да зекет берилеби?Жооп: Жок. үйгө, кийимге, буюмдарга, минүүчү улоолорго, курал-аспаптарга жана кызматчылар үчүн зекет берилбейт.Суроо: Эгер ушул нерселерди сатуу үчүн алсачы?Жооп: Эгер өлчөмгө жетсе, анда зекет берүү керек.Суроо: Зекеттин өлчөмү алтын жана күмүш менен белгиленди, булардын баасын эле берсе болобу?Жооп: Ооба, баасын берсе болот.Суроо: Бир адам зекетти ниет кылбай эле баардык байлыгын садака кылып жиберсе, зекет берген болуп эсептелеби? Жооп: Бул адам зекеттин парзынан кутулат.Суроо: Зекет важиб болгон соң байлыгы жок болуп кеткен адам эмне кылуу керек?Жооп: Эгер зекет важиб болгон адамдын байлыгы жок болуп кетсе, зекет берүүдөн кутулат. Ал эми бйлыктын кээ бири эле жок болсо, ошонун өлчөмүнөн кутулат. Жогорудагы эки абалда тең байлык өзү жок болуп кетсе зекеттен кутулат, ал эми атайын жоготкон болсо, анда зекет берүүдөн кутулбайт.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3494 Пользователь офлайн   rnurzida   30 Июнь 2015 - 03:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Просмотр сообщения Marks (30 Июнь 2015 - 02:13) жазган:

Зекет тууралуу билгенинерди жаза кетсенер


Зекет фарз болгондон кийин берилет. Нисабга жеткен адам бай болгон убагын камерий айга карата бир жерге жазат. Мисалы, 3-Ражабда бай болгон болсо бир жылдан кийин 3-Ражабга келгенде дагы нисаб өлчөмүндө акчасы жана соода мал-мүлкү болсо зекетин берет. Рамазан айын күтпөйт.

Күнү келе электе да зекетин берүүнүн коркунучу жок, өтө жакшы болот, жада калса, келе турчу бир нече жылдын зекетин алдын ала берүу дагы жаиз. Зекетин жаңылыш эсептеп, бир алтын берүүсү керек болгон жерде эки алтын берген адам муну билген кезде экинчи жыл бере турчу зекеттен ушул бир алтынды кемитсе болот.

Зекетти шашылбастан бир жыл ичинде бериш керек деген аалымдар болгону менен тездетип эрте берүү важиб. Себепсиз кечиктирүү макрух болот. Шафии жана Маликиде зекет фарз болгондо дароо берүү фарз. Хадиси шарифте: "Зекет берүүдө шашылгыла! ” - деп буюрулду. (Ибни Маже)

Зекет Рамазан айында гана берилеби?



Динде ар бир бай болуп эсептелген адамдын зекет берүү айы жана күнү ар кандай болот. Рамазан айын күтпөйт. Эгер Шаввалдын 23дө бай болгон болсо келерки жылдын Шаввалынын 23дө зекет берет. Шавваль айы келе электе Рамазан айында берсе да болот. Бирок, Шавваль айынын 23дө кайрадан мал-мүлкүн эсептейт. Аз берген болсо үстүнө толуктайт. Көп берген болсо артык бергени нафил болот. Б.а., зекетти күнү келе электен мурда берсе да жаиз. Бирок, ошол күн келгенде кайрадан эсептеш керек.

Бир устаз: "Зекет бир гана Рамазан айында берилет. Майрамдан мурда бериш керек. Майрамдан кийинкиге таштоого болбойт”, - деди. Зекет күнү толо электер эмне болот?



Бир жаңылыштык бар. Балким фытыр садаканы айткан чыгар. Ар кимдин зекет берүү убактысы ар кандай болот.

Мал-мүлкүбүз нисабга жеткенден кийин бир жыл толгондо дароо зекетин берүү жаизби? Бүгүн же эртең зекет берем деп жатып өлсө мурас кылып калтырган мал-мүлкүнөн бериш керекпи?



Зекетти фарз болоору менен дароо бериш керек эмес. Берүүдөн мурда кайтыш болгон болсо мурас кылып калтырган мал-мүлкүнөн берилбейт. Кээ бир аалымдарга карата зекетти кечиктирүү макрух болуп саналат, биринчи мүмкүнчүлүк болор замат берүү керек.

Бай болгон күнүбүз белгилүү болбосо, б.а., эстей албасак зекетти качан беришибиз керек?



Кайсы болжол басымдуу ойлонулган (занн-ы галиб кылынган) болсо ошого карап бир убакыт кабыл кылынат. Мындан кийин ошол убакыт негиз кылып кабыл алынат.

Нисаб убактым 1-Рамазан. Колумда бар болгон мал-мүлкүм нисаб өлчөмүмдөн ашууда. 1-Рамазан күнү кайсы сааттан тарта зекет мага фарз болот?



Шари күн имсак менен башталат. Имсак убактысынан тарта зекет сизге фарз болот.


тапкан маалыматым менен бөлүшө кетейин мен да. Илимдүү ага-ини, эже-сиңдилерибиз кененирээк жооп берип кетишээр..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3495 Пользователь офлайн   Patriot...kg   30 Июнь 2015 - 12:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Ошондо кырыр ата болот экен да э?
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3496 Пользователь офлайн   kerakg   30 Июнь 2015 - 13:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Просмотр сообщения Patriot...kg (30 Июнь 2015 - 12:02) жазган:

Ошондо кырыр ата болот экен да э?

Кыргызда сөз бар, и тилек бар эмеспи, жолго чыккан адамга:
Жолуң шыдыр болсун,
Жолдошуң Кыдыр болсун, дегендей,
Кыдыр да сейрек адамга кездешет, бирок кездешкен адам аны тааныбай акараат мамиле кылып алышы да мүмкүн. Эгер аны таанышканда анда анын даражасы башкача болмок,
Ошондон Муса алейхисалам да тааныбай, Алла Таала жиберген илимдүү аалым сенсиңби деп сураган эле.

Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 30 Июнь 2015 - 13:24

Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3497 Пользователь офлайн   Patriot...kg   30 Июнь 2015 - 14:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения kerakg (30 Июнь 2015 - 13:23) жазган:

Кыргызда сөз бар, и тилек бар эмеспи, жолго чыккан адамга:
Жолуң шыдыр болсун,
Жолдошуң Кыдыр болсун, дегендей,
Кыдыр да сейрек адамга кездешет, бирок кездешкен адам аны тааныбай акараат мамиле кылып алышы да мүмкүн. Эгер аны таанышканда анда анын даражасы башкача болмок,
Ошондон Муса алейхисалам да тааныбай, Алла Таала жиберген илимдүү аалым сенсиңби деп сураган эле.

жооптор үчүн чоң рахмат! :beer:

Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3498 Пользователь офлайн   Serenada   30 Июнь 2015 - 15:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 478
  • Катталган: 25 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Мар 2025 00:29
  • Жынысы:Аялзаты

Айатул курси н жазып койгулачы сураныч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3499 Пользователь офлайн   Serenada   30 Июнь 2015 - 15:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 478
  • Катталган: 25 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Мар 2025 00:29
  • Жынысы:Аялзаты

Айатул курси н жазып койгулачы сураныч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3500 Пользователь офлайн   Begim_4   30 Июнь 2015 - 15:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 095
  • Катталган: 11 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Сен 2021 08:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала-тоо

Просмотр сообщения Serenada (30 Июнь 2015 - 15:28) жазган:

Айатул курси н жазып койгулачы сураныч

Аят аль-Курси
Аллааху ляя иляяхя илляя хуваль-хайюль- кайюум, ляя та’хузу-ху синатув-валяя наум, ляху маа фис-самааваати ва маа филь-ард, мэн зал-лязии яшфя’у ‘индаху илляя би изних, я’ляму маа байна айдиихим ва маа хальфахум ва ляя юхиитуунэ би шэйим-мин ‘ильмихи илляя би маа шаа’а, васи’а курсийюху ссамааваати валь-ард, ва ляя яудуху хифзухумаа ва ху-валь-’алийюль- ’азыим.

Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (364 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 173
  • 174
  • 175
  • 176
  • 177
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Авг 2025 09:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: