umar92 (19 Август 2015 - 00:29) жазган:
Урматтуу форумдун жетекчилиги!
Кыргыз тилинин грамматикасы, темалардын аталышы тууралуу сын-пикирлерими "жаза элегимде" шуулдатып өчүрүп турасыңар. А бул билдирүүдө, жалпы эле диний темаларда, меникине караганда миллион эсе коркунучтуу ойлор айтылып атат. "Илимдүүлөргө суроо" деп коюп, сөз нугу акырындык менен саясатка, мамлекеттик түзүлүшкө, анын мыйзамдарына баш ийбөөгө бурулуп атканын баарыбыз аңдап, билип, көрүп атабыз. Эмне үчүн буларга чара көрбөйсүңөр, провокациялык билдирүүлөрдү өчүрбөйсүңөр. Же өзүңөр ошолор тарапта болуп, колдойсуңарбы? "ИГИЛ", ислам террористтери, Бангкоктогу жарылуулар - баары ушундай кайдыгерликтин, тымызын колдоо көрсөтүүнүн айынан болуп жатат.
Айтаарым: ар нерсенин чеги, эрежеси, маданияты болот. Эгер силер тез аранын ичинде чара көрбөсөңөр, анда тиешелүү органдар өздөрү чара көрүшөт.
ПС: Бардык билдирүүлөрдүн скриншоттору бар.
Билдирүүнү түзөткөн: asmera: 19 Август 2015 - 09:01