Суперстан: Илимдүүлөргө суроо - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (364 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Илимдүүлөргө суроо

#41 Пользователь офлайн   aijan   17 Март 2013 - 14:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Мындай суроо пайда болду да, бейиште эркектерди эмне кутуп турат? Аялдардычы?

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Жолоочу_Kosmopolitka_* 17 Март 2013 - 19:13

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения Daud (16 Март 2013 - 20:05) жазган:

Азандан кийин жарым саат кутуш шарт эмес. Азан айтылаары менен дароо окуса деле болот. Кайра эртерээк окуган жакшы.

Анан дааратты азанга чейин да, азандан кийин да, азан айтылып жаткан убакта да алса боло берет.

rahmat.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Daud   17 Март 2013 - 23:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения aijan (17 Март 2013 - 14:04) жазган:

Мындай суроо пайда болду да, бейиште эркектерди эмне кутуп турат? Аялдардычы?



Кураанда: " Бир да жан алардын (жакшылык) кылгандары үчүн сыйлык катары бериле турган көздөрүн кубантуучу жыргалдарды билбейт"- деп айтылат. (Сажда сурөсү 17-аят). Мунун мааниси хадисте айтылгандай көздөр көрбөгөн, кулак укпаган жана ойго келбеген нерселер даярдалган дегенди билдирет.

Албетте, Кураандын кээ бир аяттарында жана кээ бир хадистерде бейиштеги нерселер жөнүндө айтылат. Бирок алардын баары жогорудагы түшүндүрмөнүн ичине кирип кеткендиктен, аларгы токтолуп отуруунун кереги жокко дейм. Ошентсе да бейиш жөнүндө айтылган аятардын кээ бирлерин айта кетейин.

Алла аларды ал Күндүн жамандыгынан сактап, анан аларды нурдуу жана кубанычтуу кылды. Алардын сабырдуулугу үчүн Бейиш жана жибек менен сыйлады. Алар Бейиште, орундуктарда жөлөнгөн абалда күндүн аптабын да, ызгаарды да көрүшпөйт. Аларга көлөкө да жакын болуп, жемиштери ылдый салаңдап турат. Аларга тамактар тунук күмүш чөйчөк-идиштер менен алып келинет. Су у сундуктар (болсо) күмүштөн айнектей жука чөйчөктөр менен керектүү өлчөмдө гана ичилет. Аралашмасы «занжабил» аттуу су усундукту чөйчөктөрдөн (ичишет). Жана ошол жерде агып турган «Салсабил» аттуу булактан суу ичишет. Алардын айланасында түбөлүк жаш боз уландар кызмат кылышат. Силер аларды көргөн кезде чачып жиберилген бермет маржандарыбы деп ойлойсуңар . К ачан гана (Бейишке) карасаң түгөнгүс жакшылыктарды жана зор байлыкты көрөсүң. Ж ука жана калың , жашыл жибек кийимдерди кийип жүрүшөт. Колдорунда – күмүштөн билериктер. Алла аларды Бейиштин суусундуктарына кандырат. Анткени бул силердин аракетиңер (Алла тарабынан) кабыл болгондуктан жана Кудайдын мындай сыйына сооп иштериңерден улам татыктуу болдуңар. (Инсан сүрөсү, 11-22-аяттар).

Жогоруда айтылган күмүш, жибек ж.б.у.с. нерселердин аттары эле бул дүйнөдөгү нерселер менен окшош болбосо, алардын бул дүйнөдөгү нерселерге окшоштугу жок. Муну андан мурда айтылган аяттан түшүнсөк болот.

Анан бейиштеги нерселер аялдар үчүн же эркектер үчүн деп бөлүнүп айтылбастан жалпылап эле айтылат.

Мисалы:

Ыймандуулар жана жакшылыкиш кылгандар үчүн бейиш бактары бар экенин сүйүнчүлө! Бул аятта эркек же аял деп бөлбөстөн, ыймандуулар жана жакшылык иш кылгандар үчүн деп жалпылай айтылып жатат.

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 17 Март 2013 - 23:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   meerimka86   17 Март 2013 - 23:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

Улуу создо уят жок демекчи дин жонундо копту билгендерге отунучпу,суранычпы иши кылса мындай суроо.Куйоосу менен аялы кошулгандан кийинки гусул жонундо кенири жазып кетсениздер. Азыркы жаштар даже ал эмне экенин билбегендер бар экен.Москвада копчулук менен жашап ошондой нерселерге коп конулум тушотУшундай жерлерден окуп кичине озгорушот беле дейм да.Эми мен да билгенимче айтам гусулу жок тамак ашка аралашкан чон куноо деп.Кыскасы ошол жонундо жазсаныздар ,кандай дейсиздер?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   shazi   22 Март 2013 - 03:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 187
  • Катталган: 15 Февраль 13
  • Соңку аракети: 22 Апр 2016 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсыздарбы? Суроом, кочодогу кайырчыларга акча бергенде мусулман адамдарга гана бериш керекпи же мусулман болбосо да боло береби,кедей кембагалдан коро майыптарга бериш керек деп да уканмын. Озу кимдерге кайыр садака бериш керек?

Смысл жизни улыбка мамы.
.

Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   BORN.kg   22 Март 2013 - 07:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

Просмотр сообщения shazi (22 Март 2013 - 03:57) жазган:

Саламатсыздарбы? Суроом, кочодогу кайырчыларга акча бергенде мусулман адамдарга гана бериш керекпи же мусулман болбосо да боло береби,кедей кембагалдан коро майыптарга бериш керек деп да уканмын. Озу кимдерге кайыр садака бериш керек?

саламатчылык! Илимдуу болбосом да жооп берип кое берейин ушул суроонузга: -). Эгер сиз кайыр садаканызды, мусулман адамга берсениз сизге сооп жазылат, мусулман эмес адамга берсениз жазылбайт, бирок тыюу салган эмес берууго. Жакшы ниет менен берип койсонуз боло берет да демек мусулман эмес адамга деле, бул сиздин гана адамдык жакшы сапатыныздын бар экенинен кабар берет. Биринчи кедейгеби же майыпкабы билбейт экем, болсо экооно тен бере берсениз болот, эгер бирооно эле бере турган нерсениз болсо мен майыпты сунуштамакмын. Эгер илимдуулор окуп мен туура жооп берген болсом, анда менин кубанычыма чек жок:-)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   aijan   23 Март 2013 - 02:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aijan (17 Март 2013 - 08:04) жазган:

Мындай суроо пайда болду да, бейиште эркектерди эмне кутуп турат? Аялдардычы?

Жоо, Дауд мырза, кашпаныз %) эркеке канча гурия, болгондо да кыздыгы бар гурия берилет? Аял бейишке тушсо, жашаган жолдошунун жанында болот имиш ко? Же мен канырыш уккамбы, ыя?

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   MIRlan   23 Март 2013 - 03:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения meerimka86 (17 Март 2013 - 23:19) жазган:

Улуу создо уят жок демекчи дин жонундо копту билгендерге отунучпу,суранычпы иши кылса мындай суроо.Куйоосу менен аялы кошулгандан кийинки гусул жонундо кенири жазып кетсениздер. Азыркы жаштар даже ал эмне экенин билбегендер бар экен.Москвада копчулук менен жашап ошондой нерселерге коп конулум тушотУшундай жерлерден окуп кичине озгорушот беле дейм да.Эми мен да билгенимче айтам гусулу жок тамак ашка аралашкан чон куноо деп.Кыскасы ошол жонундо жазсаныздар ,кандай дейсиздер?

Нас- деп коет муну.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   teltaeb   23 Март 2013 - 09:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 253
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2020 19:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул шаары

Просмотр сообщения shazi (22 Март 2013 - 03:57) жазган:

Саламатсыздарбы? Суроом, кочодогу кайырчыларга акча бергенде мусулман адамдарга гана бериш керекпи же мусулман болбосо да боло береби,кедей кембагалдан коро майыптарга бериш керек деп да уканмын. Озу кимдерге кайыр садака бериш керек?

Мен билишимче жооп берип короюн! Биринчи садаканын ээси ата-энеге (ата энеге дегеним аларга акча эле беруу эмес. Аларга баш ийуу, айтканын кылып колунуздан келишинче кызмат кылуу (садаканы мечит медресеге берсез да эн сонун болот)). Экинчи садаканын ээси "туугандар" . Андан сон кошуналар жана сурап келген адам (кошунаныз ыймансыз болсо деле), андан сон "таптакыр уй пуй, тамак ашы эч нерсеси жок адамга. Андан сон "кочодо калган адамга" (кочодо калган дегеним: ал адам жашынакайле озунун шаарында уй жайы бар адам, бирок сиздин шаарынызга келип кочодо калып калды, же акчасын алдырып ийди) /
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Daud   23 Март 2013 - 09:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения aijan (23 Март 2013 - 02:04) жазган:

Жоо, Дауд мырза, кашпаныз %) эркеке канча гурия, болгондо да кыздыгы бар гурия берилет? Аял бейишке тушсо, жашаган жолдошунун жанында болот имиш ко? Же мен канырыш уккамбы, ыя?


Кача албай калдым го. %) Ооба, эркектерге "хур" (гурия) кыздар берилет деп айтылат. Бирок алардын сандары ар түрдүү болушу керек эле менимче. Ар кимдин кылган ишине жараша дегендей.

Ошол эле убакта аялдарга да "эркектер" берилеби же жокпу ал туурасында эч нерсе деп айтылбайт. Мунун себебен кээ бир аалымдар мынтип түшүндүрүшөт:

1. Аялдар уялчаак болгондуктан, Кураанда же хадистерде силерге баланча эркек берилет деп айтылган эмес. Себеби мынтип айтылса, аялдар өздөрүн ыңгайсыз сезүүлөрү мүмкүн эле.

2. Аялдардын эркеке болгон каалоосу, эркектердин аялдарга болгон каалоолорундай эмес. Ошондуктан бейиш жөнүндө айтып жатканда эркектерди айтуу, аялдарды анча деле бейишке кызыктыра бербеши мүмкүн.

3. Аялдардын эркектерге карата каалоосу, алардын башка кооз буюмдарга, кийимдерге карата болгон каалоосундай күчтүү эмес. Ошондуктан кооз буюмдар жөнундө айтуу алар үчүн жетиштүү.

Кыскасы аялдарга эркектер берилет деп айтылбоосу, алар эрсиз калат дегенди билдирбейт. Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) бир хадисинде: "Бейиште бойдоктор болобойт "-деп айтылат (Муслим). Демек аялбы, эркекпи бейишке кирген ар бир адамдын түгөю болот. А алардын саны канча болот, муну Аллах гана билет.

Анан сиздин айткан сөздөрүңүзгө токтолсом, ооба эгер кайсы бир аял жолдошу менен бейишке кирген болсо ал экөө бейиште чогуу болушат деп айтылат. Бул эркектерге да, аялдарга да тиешелүү айтылган сөз. Б.а. эркек бейишке барганда аялынан качып гурияларга кетип кала албайт. %)

Ошондой эле бейишке кирген аял дайыма жаш болуп, гуриялардан да сулуу аялга айланат и (албетте) кыздыгы болот деп айтылат.



Кыскасын айтканда бейишке кирген эркекпи, аялбы алар үчүн көздөр көрбөгөн, кулак укпаган жана ойго келбеген жакшы нерселер даярдалган. Демек алар эмнени кааласа, ошол жерде бар. Ошондуктан эч кыжалат болбой бейишке даярдана бериңиз. :)

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 23 Март 2013 - 10:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   meerimka86   23 Март 2013 - 11:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

Просмотр сообщения MIRlan (23 Март 2013 - 00:26) жазган:

<br />Нас- деп коет муну.<br />
<br /><br /><br />

Эмне деп койсо да ,ошол нерсенин коп куноосу бар экендигин жазышса жакшы боолот эле,эми мен жазайын деп,соз бйлыгым анча жетпей жатат даааа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Daud   23 Март 2013 - 12:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения meerimka86 (17 Март 2013 - 23:19) жазган:

Улуу создо уят жок демекчи дин жонундо копту билгендерге отунучпу,суранычпы иши кылса мындай суроо.Куйоосу менен аялы кошулгандан кийинки гусул жонундо кенири жазып кетсениздер. Азыркы жаштар даже ал эмне экенин билбегендер бар экен.Москвада копчулук менен жашап ошондой нерселерге коп конулум тушотУшундай жерлерден окуп кичине озгорушот беле дейм да.Эми мен да билгенимче айтам гусулу жок тамак ашка аралашкан чон куноо деп.Кыскасы ошол жонундо жазсаныздар ,кандай дейсиздер?


ГУСЛ (Толук жуунуу)

Намаздын туура болушу үчүн даарат менен гусулдун туура болуусу абзел. Жунуп болгон ар бир аял менен эркектин, ошондой эле, хайздан (этек кир) жана нифастан (төрөттөн кийинки эң көп кырк күн улана турган кан) тазаланган аялдардын намаз маалынын акырында, ал намазды окуй тургудай мөөнөт калганда гусул алуусу фарз болот. Жунуптук жима (никелүү эркек менен аялдын жыныстык катнашы) же ихтилам (уйкуда жунуп болуу) менен болот.


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) хадиси шарифте мындай дейт: : «Гусул алуу үчүн ордунан турган адамга үстүндөгү кыл санынан (б.а., абдан көп) көп сооп берилет. Ошончолук күнөөсү кечирилет. Бейиштеги даражасы жогорулайт. Гусулу үчүн ага бериле турган сооп дүйнөдөгү бардык нерседен кайырлуу. Аллаху таала периштелерге: «Бул кулумду карагыла! Түнүчүндө эринбей туруп, менин буйругумду ойлоп, жунуптуктан гусул алып жатат. Күбө болгула, бул кулумдункүнөөлөрүн кечирдим» , - деп айтат».


Башка бир хадиси шарифте: «Кирдегенде дароо гусул алгыла! Анткени, Кирамен катибин периштелери жунуп жүргөн адамга таарынышат», - деп айтылат. Имам Газали (рахметуллахи алейх): «Түшүмдө бирөө келип ушундай деди: «Бир нече мезгил жунуп бойдон жүрдүм. Ал эми азыр үстүмө оттон көйнөк кийгизишти. Алиге дейре жалын ичиндемин» - дейт». Дагы бир хадиси шарифте: «Жандуу сүрөт, ит жана жунуп адам бар болгон үйгө рахмат периштелери кирбейт», - деп айтылган. Намаз окуган же окубаган адам бир намаз маалын жунуп бойдон өткөрсө, абдан оор азап тартат. Суу менен жуунуга мүмкүнчүлүгү жок болсо таяммум алуусу керек. Жунуп болгон адам төмөнкүнерселерди аткара албайт:

1. Эч бир намазды окуй албайт.



2. Курани карим жана аяттарына кол тийгизе албайт.

3. Каабаны таваф кыла албайт.

4. Мечитке кире албайт.


Гусул кантип алынат?

Сүннөткө ылайык гусул мындайча алынат:

1. Адегенде таза болсо дагы эки колду, жыныстык мүчөлөрүн жана денедеги кирдүү жерлерди жуу керек.

2. Андан соң толугу менен даарат алып, бетти жууп жатканда гусулга да ниет кылуу керек. Буттун астында суу чогулбаса бутту да жууш керек.

3. Денеге баштан аяк суу төгүү шарт. Алгач үч жолу башка, кийин оң ийинге, кийин сол ийинге төгүү керек. Ар суу төгүштө ошол тарап толугу менен сууланыш керек. Сууну биринчи төгүшүндө жышынуу зарыл.

Хасан Яваштын "намаз китеби" аттуу китебинен алынды.

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 23 Март 2013 - 12:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   aijan   23 Март 2013 - 17:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Daud (23 Март 2013 - 03:58) жазган:

Кача албай калдым го. %)/> Ооба, эркектерге "хур" (гурия) кыздар берилет деп айтылат. Бирок алардын сандары ар түрдүү болушу керек эле менимче. Ар кимдин кылган ишине жараша дегендей.

Ошол эле убакта аялдарга да "эркектер" берилеби же жокпу ал туурасында эч нерсе деп айтылбайт. Мунун себебен кээ бир аалымдар мынтип түшүндүрүшөт:

1. Аялдар уялчаак болгондуктан, Кураанда же хадистерде силерге баланча эркек берилет деп айтылган эмес. Себеби мынтип айтылса, аялдар өздөрүн ыңгайсыз сезүүлөрү мүмкүн эле.

2. Аялдардын эркеке болгон каалоосу, эркектердин аялдарга болгон каалоолорундай эмес. Ошондуктан бейиш жөнүндө айтып жатканда эркектерди айтуу, аялдарды анча деле бейишке кызыктыра бербеши мүмкүн.

3. Аялдардын эркектерге карата каалоосу, алардын башка кооз буюмдарга, кийимдерге карата болгон каалоосундай күчтүү эмес. Ошондуктан кооз буюмдар жөнундө айтуу алар үчүн жетиштүү.

Кыскасы аялдарга эркектер берилет деп айтылбоосу, алар эрсиз калат дегенди билдирбейт. Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) бир хадисинде: "Бейиште бойдоктор болобойт "-деп айтылат (Муслим). Демек аялбы, эркекпи бейишке кирген ар бир адамдын түгөю болот. А алардын саны канча болот, муну Аллах гана билет.

Анан сиздин айткан сөздөрүңүзгө токтолсом, ооба эгер кайсы бир аял жолдошу менен бейишке кирген болсо ал экөө бейиште чогуу болушат деп айтылат. Бул эркектерге да, аялдарга да тиешелүү айтылган сөз. Б.а. эркек бейишке барганда аялынан качып гурияларга кетип кала албайт. %)/>

Ошондой эле бейишке кирген аял дайыма жаш болуп, гуриялардан да сулуу аялга айланат и (албетте) кыздыгы болот деп айтылат.



Кыскасын айтканда бейишке кирген эркекпи, аялбы алар үчүн көздөр көрбөгөн, кулак укпаган жана ойго келбеген жакшы нерселер даярдалган. Демек алар эмнени кааласа, ошол жерде бар. Ошондуктан эч кыжалат болбой бейишке даярдана бериңиз. :)/>

:D рахмат Дауд мырза, терикпей жооп жазганынызга. Бир притча эске тушуп кетти да.
Бир бай киши, бизнесмен дейли, жээк бойлой бара жатса, бир жонокой балыкчы эс алып жатат имиш. Убакытын текке кетиргенди жактырбаган бай балыкчыга кайрылып,' эмгектенбейсинби? ' дейт экен. Балыкчы:
- эмнеге?
-кобуроок балык ууласан, кирешен да коп болот, бир кайыгын экоо болот,- дейт экен.
-анан?
- анан эки кайык менен андан коп пайда табасын, кайыктарын кеме болот, бизнесин оркундоп, байыйсын.
-ии?
-анан байыганда сен акчага эмес, акча сага иштеп, сен эс аласын да!
- азыр мен эс албай, эмне кылып жатам?- дейт экен балыкчы :)

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Daud   23 Март 2013 - 18:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения aijan (23 Март 2013 - 17:06) жазган:

:D рахмат Дауд мырза, терикпей жооп жазганынызга. Бир притча эске тушуп кетти да.
Бир бай киши, бизнесмен дейли, жээк бойлой бара жатса, бир жонокой балыкчы эс алып жатат имиш. Убакытын текке кетиргенди жактырбаган бай балыкчыга кайрылып,' эмгектенбейсинби? ' дейт экен. Балыкчы:
- эмнеге?
-кобуроок балык ууласан, кирешен да коп болот, бир кайыгын экоо болот,- дейт экен.
-анан?
- анан эки кайык менен андан коп пайда табасын, кайыктарын кеме болот, бизнесин оркундоп, байыйсын.
-ии?
-анан байыганда сен акчага эмес, акча сага иштеп, сен эс аласын да!
- азыр мен эс албай, эмне кылып жатам?- дейт экен балыкчы :)


Арзыбайт. Териктире турган суроо жазбаптырсыз. :)

Притчаны мен анча түшүнө бербедим. Бул дүйнөдө эле бейиште жашагандай жашап коюш керек дегендей маани чыктыбы ошондо?


Эгер ошондой болсо, бул дүйнө убактылуу экенин да эске алып коюуу керек. 100 жыл бейиште жашап, аягы тозоко айланган жашоонун кимге кереги бар? Түбөлүктүүлүк деген нерсенин алдында 100 жыл эч нерсе болбой калат эмеспи.

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 23 Март 2013 - 18:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Egois   23 Март 2013 - 19:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 889
  • Катталган: 04 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Окт 2020 09:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Белгисиз

Памойму Айжан райды имела виду. То ист уже беиишке дапдаяр :жылмайдым:
Наарындан жазган сааалам кааат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Minura_96   28 Март 2013 - 10:18

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 26 Март 13
  • Соңку аракети: 15 Апр 2013 10:33

"Та.а.а.ак" деп туруп баштайын. Менин суроом: "сливочное масло" жесе болобу же кандай?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Egois   28 Март 2013 - 12:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 889
  • Катталган: 04 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Окт 2020 09:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Белгисиз

Bozo menen kymyzdychy?
Наарындан жазган сааалам кааат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   SatiNur   28 Март 2013 - 12:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 248
  • Катталган: 28 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 25 Мар 2014 16:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Акыр заман болуп жер жузундогу адамдардын баардыгы жок болмоюн бейиш-тозок болуп болунбойт деп уктум эле. Анда арабыздан отуп кеткен инсандар ортодо болуп калышабы акыр заман келмейин?
Падыша бол, кайырчы бол баарыбир,
Олум учун бирдей сенин катарын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Daud   28 Март 2013 - 15:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Minura_96 (28 Март 2013 - 10:18) жазган:

"Та.а.а.ак" деп туруп баштайын. Менин суроом: "сливочное масло" жесе болобу же кандай?


Таак деп туруп жооп берип койсом. :) Сливочное маслонун адал же арамдыгы анын курамына эмнелер кошулганынан коз каранды болот. Эгер арам нерселер кошулган болсо, анда аны жесе болбойт. А андай нерселер жок болсо аны жегенге болот. Ошондуктан анын курамын тактоо керек болот. Негизи сыртына курамын жазып коюшат эмеспи. Мен алардын курамына эмнелер кошулганын билбегеним үчүн так жооп айта албайм. Кыскасы алып жаткан убакта курамында эмнелер бар экенин карап тандап алсаңыз боло берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Daud   28 Март 2013 - 15:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Egois (28 Март 2013 - 12:06) жазган:

Bozo menen kymyzdychy?


Бозо ичкенге болбойт. А кымыз ичкенге болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (364 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 18:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: