Саламатсыздарбы!
даратты жок сүрө жаттай берсе болобу?
Илимдүүлөргө суроо
#4382 24 November 2015 - 09:52
намаз окуп жатканда башка эркек(кайни,
кайнага) корсо намаз кабыл болбойт дейт чынбы?
#4384 24 November 2015 - 13:55
1)Суролорду дааратсыз жаттай берсе болот.Бирок,
даарат менен жаттаганы жакшыраак болот.
2)Сиз намаз окуп кийинунуз шариятка тура келсе,караганы кантип куноо болсун.
2)Сиз намаз окуп кийинунуз шариятка тура келсе,караганы кантип куноо болсун.
#4385 24 November 2015 - 19:36
#4386 25 November 2015 - 07:57
Саламатсызбы?
Менин илимдуулорго суроом бар эле. Мен куйоом мн болгондон кийин гусул алам бирок мага эч эле гусул толук болбогондой сезиле берет. Мындайча айтканда конулум толбойт. Бул конулумдун толбошу же кумон саноо дагы гусул толук аткарылбай калды деп эсептелинеби же гусул жарай береби? Алдын ала рахмат
Саламтчылык!
Негизи шайтандар турлорго болунот. Ошол шайтандардын бироосу даарат менен гуслга кумон салат. Анан да гуслдун негизги шарттары аткарылган сон кумон саноо пайда болсо бул шайтандан деп билинет. Ошон учун гуслдун фарз ваажиптери аткарылган сон гусл жарайт. Даарат да ошондой,бир жерин жуулбай калгандай сезим калтырса бул нерсе шайтандан болот. Ошон учун кумондон алыс болуу керек. Кумон акыры барып ширкке алып барат.
#4387 25 November 2015 - 13:22
#4388 01 December 2015 - 04:17
Ассаламу алайкум. Мен Москвада курулушта иштейм анан тамагы фирманын эсебинен. Берген тамагындагы этке кумонум бар адал экенине. Уйдун эти болсо да Аллахтын аты аталып талаптагыдай мууздалбаса арамда. Эгер мушрик Аллахтын атын атап сойсо деле ал эт арам д окудум. Менин суроом ошол эттен даярдалган тамакты жебеш керекпи же этин жебей тамагын жей берсе болобу?
#4389 01 December 2015 - 08:48
1- Намаз окуганда кийген кийимибиз кызыл ашыкка жетип туруу керекпи же тизеден бир аз эле тушуп турса да боло береби, кыскараак болуп эле турса да? 2- Куран китепти созсуз даарат менен окуш керекпи, дааратсыз деле окуй берсек болобу?
#4390 01 December 2015 - 15:51
Кандайстар)бироо бар эле да (тообо кылдым) бир бутун ампутация кылып тизесинен ойдорагынан алдырган балдак менен басат,отуруп турганда кыйналат. Анан откондо создон соз чыгып намаз окууну сунуштасам кантип окуйм кантип отуруп турам саждага кантип барам деди эле сурап короюн дегем жооп берип коюнуздарчы
#4391 01 December 2015 - 17:23
Ассаламу алайкум. Мен Москвада курулушта иштейм анан тамагы фирманын эсебинен. Берген тамагындагы этке кумонум бар адал экенине. Уйдун эти болсо да Аллахтын аты аталып талаптагыдай мууздалбаса арамда. Эгер мушрик Аллахтын атын атап сойсо деле ал эт арам д окудум. Менин суроом ошол эттен даярдалган тамакты жебеш керекпи же этин жебей тамагын жей берсе болобу?
Бираз артыракта ушул сууронун жообу бар.
#4392 01 December 2015 - 17:32
Кандайстар)бироо бар эле да (тообо кылдым) бир бутун ампутация кылып тизесинен ойдорагынан алдырган балдак менен басат,отуруп турганда кыйналат. Анан откондо создон соз чыгып намаз окууну сунуштасам кантип окуйм кантип отуруп турам саждага кантип барам деди эле сурап короюн дегем жооп берип коюнуздарчы
Жерге сажда кыла албаган адам өйдө турган жеринен окуп, руку менен сажда үчүн отуруп ишара кылат. Отурганда руку үчүн кичине, сажда үчүн андан көп ийилет. Денесин ийе албаган, башын ийет. Бир нерсенин үстүнө сажда кылуунун зарылчылыгы жок. Эгер бир нерсенин үстүнө сажда кылса сажда үчүн рукудан көп ийилгенине карабастан намазы туура окулса да, макрух болот. Бир нерсеге жөлөнүп отуруу мүмкүн болгон учурда жаткан жеринен ишара кылуу туура эмес. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир жолу оорулуу адамды зыярат кылат. Ал оорулуу адам колу менен жаздыкты алып үстүнө сажда кылганын көргөндө жаздыкты алат. Оорулуу адам отун алып, анын үстүнө сажда кылат. Отунду дагы алат жана мындай дейт:«Күчүң жетсе жерге сажда кыл! Жерге ийиле албасаң маңдайыңа бир нерсе коюп, ага сажда кылба! Ишара менен оку жана саждада рукудан көбүрөөк ийил!». «Бахр-ур-раик» китебинде билдирилгендей Ал-и Имран сүрөсүнүн жүз токсон биринчи аятында мындай деп айтылды: «Намазды күчү жеткен адам өйдө туруп окуйт. Күчү жетпеген адам отурган жеринен окуйт. Буга дагы күчү жетпеген адам жаткан жеринен окуйт». Имран бин Хусайн ооруп калганда Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) ага: «Өйдө туруп намаз оку! Күчүң жетпесе,отуруп оку! Буга да күчүң жетпесе, кырыңан же чалкалап жатып оку!» дейт. Мындан билинип тургандай өйдө тура албаган оорулуу отуруп, отура албаган жаткан жеринен окуйт. Отургучта, креслодо намаз окууга уруксат берилген эмес. Ооруп калган адам же автобуста, учакта сапар тарткан адамдын отургучта, креслодо намаз окуусу Исламга ылайык эмес. Жамаат менен бирге өйдө туруп намаз окуй албаган адам үйүндө окуйт. Төмөндөгү жыйырма нерсе жамаат менен намаз окубоо үчүн үзүрлүү абал катары кабыл алынат: жаан, күндүн өтө суук же ысыктыгы, жанына же мүлкүнө кол сала турган душман коркунучу, жолдоштору таштап кетсе жолдо жалгыз калуу коркунучу, өтө караңгы болуусу, карызы бар кембагалдын кармалып абакка түшүү коркунучу, сокурлук, баса албаган шал болуу, бир бутунун жоктугу, бир жеринин ооруусу, белинен ылдый шал болуу, баткак, баса албоо, баса албаган карыя, сейрек болчу фикх сабагын өткөрүп жиберүү, жакшы көргөн тамагын өткөрүп жиберүү коркунучу, сапарга чыгууга даярдануу, ордуна таштай турган эч кими жок оорулуу адам болсо, түнүчүндө катуу шамал, дааратканага баргысы келүү. (Фикх – Ислам өкүмдөрүн үйрөткөн илим) Оорусунун күчөп кетишинен корккон адам жана төшөктөгү оорулууну жалгыз таштай албаган адам жана басып баруудан кыйнала тургудай кары болуу Жума намазына барбоо үчүн үзүрлүү себеп болот. Жамаатка басып баруунун унаа менен барууга караганда сообу көп. Мечитте отургуч, креслодо отуруп, ишара менен намаз окуу туура эмес. Ислам дини билдирбеген түрдө ибадат кылуу бидат. Бидат кылуу чоң күнөө экендиги фикх китептеринде жазылган.
#4393 01 December 2015 - 17:37
1- Намаз окуганда кийген кийимибиз кызыл ашыкка жетип туруу керекпи же тизеден бир аз эле тушуп турса да боло береби, кыскараак болуп эле турса да? 2- Куран китепти созсуз даарат менен окуш керекпи, дааратсыз деле окуй берсек болобу?
1)Хиджап турундо болуу керек.
2)Оа созсуз даарат алуу керек Ыйык создор менен жазылган,Улуу заттын китеби бул.
#4394 02 December 2015 - 18:01
Ассалааму алайкум! Аялдардын рукудо тизе бугуп туруусу кандай амалга (фарз,ваажип,
суннот) кирет? Ошондой амал барбы негизи??
#4395 02 December 2015 - 18:11
#4400 03 December 2015 - 22:33

Супер-Инфо
super.kg
видео
















