Билдирүүнү түзөткөн: Begim_4: 07 Июль 2017 - 03:15
Илимдүүлөргө суроо
#6622 07 Июль 2017 - 07:32
#6623 07 Июль 2017 - 09:16
-NURIK- (07 Июль 2017 - 01:17) жазган:
жамаатка кантип кошулуп намаз окуп кетем ?
Белгилүү эле болот. Жамаатка кошулуп аягында Имам эки жака салам бергенден кийин сиз туруп калган ракааттарды толуктайсыз.
#6624 07 Июль 2017 - 17:03
Sarbinaz94 (07 Июль 2017 - 07:32) жазган:
уа алейкум салаам!
Каза намаздын бир гана фарздары окулат анан витр ваажип окулат,сүннөтү окулбайт.
Багымдат менен күн чыгыштын ортосунда,чак түштө,анан аср менен шамдын оотосунда окулбайт калган убактарда окуй берсе болот.
Бир күндүктү окуса бир жолу азан айтат калганына тагбир каамат айтып окула берет.
#6626 08 Июль 2017 - 10:58
-NURIK- (07 Июль 2017 - 01:17) жазган:
жамаатка кантип кошулуп намаз окуп кетем ?
Имамга кошулган учурундан баштап, имам канча рекет окуганын билесинде, анан калган рекетин имам эки жакка салам берип намазын бутургондо, сен туруп окуп бутуросун. Эгер имамга рукудо жетишсен, демек ошол рекетке жетишкен болосунда, ошонуда кошуп эсептейсин. ..
Билдирүүнү түзөткөн: Бектурган: 08 Июль 2017 - 11:01
#6627 08 Июль 2017 - 17:12
ereka (01 Июль 2017 - 23:07) жазган:
1. Ислам дининде кыз бала 3 күндүк жашоосу калса да турмушка чыгуусу керек.
2. Кыз бала турмушка бир да жолу чыкпаган болсо, бейишке чыгат.
Же экөө тең туура эмес маалыматпы?
Мындай маалыматтар туура эмес, биринчиден, уч кундук жашоо калганын адам кантип билип койот экен?! Экинчиден, бейиш ишеними - ыйманы бар мусулмандарга кепилдик болгон. Ыйман дегенде, бизде кенири жайылган тушунук эмес : адамга болгон жакшы мамилеси, а пайгамбарыбыздын хадисинде келген тушунук боюнча ишенимдин алты туркугун кабыл алып, ошол боюнча жашаган адам ыймандуу болуп эсептелет. Эми кыздын турмушка чыгуусу, же чыкпай калганы боюнча: кызды атасы, атасы жок болсо эркек бир тууганы, андайлары жок болсо атасынын эркек бир туугандарынын бироосу, андай жок болсо тайкесинин бироосу бойго жеткен убагында мусулман эркеке турмушка узатыш керек:" жашоону корсун, окусун, иштесин"- дебей. Кыз дагы колун сураган жагып калса кынк мынк этпей куйоого кете бергени жакшы. Эгерде эле такыр жуучу келбей, турмушка чакырган эч ким чыкпай кыз омур бойу таза кыз бойдон отуп, милдетту амалдарын аткарганына жараша ( жабынып журуп, намазын аткарып, орозосун кармап, зекетин толоп, ажылыка барып келип) жана Аллахтын ыраазычылыгына ээ болгонуна жараша бейишке барса, аны Аллах ал каалаган эркеке турмушка берет экен. Бирок бул маалыматты мен окуган эмесмин. Студент кезимде дин боюнча лекцияларга барып журуп уккам.
brother
#6628 16 Июль 2017 - 22:49
Тируулор койсо боло береби же кунообу?
#6629 17 Июль 2017 - 21:21
#6630 17 Июль 2017 - 21:55
Sarbinaz94 (17 Июль 2017 - 15:21) жазган:
Намаз дене менен кылына турган ибадат болгондуктан, башка бирөөнүн ордуна окулбайт. Ар бир адам өзү окушу керек. Намазды маалында окуу ада кылуу деп аталат. Кайсыл бир мезгилде кайра окуу иада кылуу деп аталат. Мисалы, макрух болуп окулган намаздын маалы чыга электе эгер мүмкүнчүлүгү болбосо, башка убакта кайрадан окуу важиб. Фарз жана важиб намазды маалы өткөндөн кийин окуу казасын окуу деп аталат.
Бир күндүк беш маал фарз жана витир намазын окуп жана казасын окуп жатканда кезеги боюнча аткаруу керек. Бештен көп карызы болбогон адам тартип ээси деп аталат. Жуманын фарзын ал күнү бешим намазынын учурунда окуш керек. Багымдат намазында уктап калган адам хутба окулуп жатканда да оюна келсе, дароо багымдат намазынын казасын окуусу керек. Бир намазды окубай андан кийинки беш намазды окууга болбойт. Хадиси шарифте мындай деп айтылды: «Бир намазда уктап калган же унуткан адам кийинки намазын жамаат менен окуп жатканда эстесе имам менен окуган намазын бүтүрүп, анан мурунку намазынын казасын окусун! Андан кийин имам менен окуган намазын кайра окусун!».
Фарздын казасын окуу фарз. Важибдин казасын окуу важиб. Сүннөттүн казасын окуу буюрулган эмес.
Ханафи мазхабынын аалымдары бир добуштан: «Сүннөт намаздарды маалында окуу гана буюрулган. Маалында окулбаган сүннөт намаздар адамдын мойнунда карыз болуп калбайт. Ошондуктан, маалынан кийин казасынын окулуусуна буйрук кылынган жок. Багымдаттын сүннөтү важибге жакын болгондуктан, ошол күнү түшкө чейин фарзы менен казасы окулат. Багымдат намазынын сүннөтү бешим намазынан кийин окулбайт жана да башка намаздардын сүннөттөрүнүн казалары эч качан окулбайт. Казасын окуганда сүннөттүн сообу берилбейт. Нафил окулган болот». «Ибни Абидин» жана «Таргиб-ус-салат» китебинин 162-чи бетинде: «Сүннөттөрдү үзүрсүз отуруп окууга болот. Таптакыр окубай коюш күнөө. Фарздарды үзүр менен отуруп окууга болот», - делген.
Фарз намаздарын себепсиз, атайы окубоо – чоң күнөө. Мына ушундай маалында окулбаган намаздардын казасын окуу керек. Фарз менен важибдерди атайы казага таштоого уруксат берген эки себеп бар: биринчиси: душмандын каршысында болуу, ал эми экинчиси: сафари адамдын б.а., үч күн жол жүрүү максаты болбосо да сапардагы адамдын уурудан, жырткыч жаныбардан, селден, бороондон коркуусу. Булар турган жеринен жана кайсыл бир тарапка бурулуп же кандайдыр бир жаныбарга минип бара жатканда ишара менен окуй албаган учурда дагы казага таштоого жол берилет. Бул эки себептен жана уйку менен унутуудан улам намаздарды казага таштоо күнөө болбойт. «Эшбах» түшүндүрмөсүндө «Чөгүп жаткан же ушул сыяктуу абалдагы адамдарды куткаруу максатында намазын маалынан кийин окуу да сахих», - деп айтылат. Бирок, бул жагдай аяктаганда дароо казасын окуу фарз. Харам болуп эсептелген үч маалдан тышкаркы башка бардык учурларда бош убактында окуу шарты менен бала-чакасынын ырыскысын тапканча кечиктирүүгө болот. Мындан көп кечиктирсе күнөөгө кире баштайт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Хендек салгылашуусу учурунда окуй албай калган төрт намазын дароо ошол түнү сахабаларынын (радиаллаху анхум) жарадар жана өтө чарчагандарына карабастан жамаат менен окуган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп айткан: «Эки фарз намазды бириктирүү чоң күнөөлөрдөн». Башкача айтканда, бир намазды маалында окубай, кийинки маалда окуу эң чоң күнөөлөрдөн. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:
«Аллаху таала бир намазды маалы өткөндөн кийин окуган адамды сексен хукба Тозокко таштайт». Бир хукба акыреттин сексен жылына, ал эми акыреттин бир күнү дүйнөнүн миң жылына барабар. Эгер бир маал намаздын маалында окубоонун жазасы ушундай болсо, такыр намаз окубагандар тарта турган жаза кандай экенин ойлонуу керек.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп айткан: «Намаз – диндин тиреги. Намаз окуган адам динин бекемдеген, ал эми намаз окубаган адам динин жыккан болот». Бир хадиси шарифте мындай делет: «Кыямат күнү ыймандан кийинки алгачкы сурак намаздан болот». Аллаху таала мындай деп айтты: «Эй, кулум! Намаз сурагынан өтсөң кутуласың. Калган сурактарды жеңилдетем». Анкабут сүрөсүнүн кырк бешинчи аятында: «Кемчиликсиз окулган намаз адам баласын ыпылас, жаман иштерди жасоодон коргойт». Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Адамдын Раббисине эң жакын болгон учуру - намаз окуп жаткадагы учуру».
Бир мусулмандын кандайдыр бир намазды өз маалында окубагандыгы эки түрдүү болот: 1. Кечиримдүү себеп менен окубоосу. 2. Намаздын милдет экенин билип, маани бергенине карабастан жалкоолуктан улам окубоо.
Фарз намазды кечиримдүү себеп болбостон убактысы өткөндөн кийин окуу, б.а., казага таштоо – харам, чоң күнөө. Бул күнөө казасын окуу менен кечирилбейт. Казасын окуганда намаз окубагандыктын гана күнөөсү кечирилет. Каза намазы болгон адам алардын казаларын окумайынча тообо кылуу менен гана кечирилбейт. Казасын окугандан кийин тообо кыла турган болсо ошондо гана кечирилерине үмүт кылууга болот. Тообо кылуу менен бирге окулбаган намаздардын казасын окуу керек. Казасын окууга күчү жетип турса да казасын окубоо айрыкча чоң күнөө болот. Бул чоң күнөө ар бир намаз окуу үчүн кеткен (6 мүнөт) бош убакыт сайын, жогоруда айтылгандай азап тарта турган убактысы да артып турат. Себеби, бош убакытта дароо намаздын казасын окуу фарз. Казага маани бербеген адам Тозок отунда күйөт. «Умдет-ул-ислам» жана «Жами-ул-фатава» китептеринде мындай деп жазылган: «Душмандын маңдайында бир фарз намаз окуу мүмкүнчүлүгү болуп турса да окубай коюу жети жүз чоң күнөө кылууга барабар». Казаны окууну кечиктирүүнүн күнөөсү маалында окулбаган намаздын күнөөсүнөн да чоң. Бир намаздын биринчи казасын окууга ниет кылып, бир каза намазын окуганда бул күнөөлөрүнүн бардыгы кечирилет.
#6631 19 Июль 2017 - 23:10
Менде мындай суроо, откон ишке биринчиси экинчисинен кечирим сураса, бирок экинчиси кечирбесе экоонун абалы, же окуму кандай болот?
#6632 20 Июль 2017 - 00:19
Ali_Kyrgyz (19 Июль 2017 - 23:10) жазган:
Менде мындай суроо, откон ишке биринчиси экинчисинен кечирим сураса, бирок экинчиси кечирбесе экоонун абалы, же окуму кандай болот?
Ваалейкум ассалам!
Куттуу Хадисте келет мусулман мусулманга уч кундон ашык тарынуусу арам деп. Демек кечирбеген адам кекчил болуп куноокор болот. Себеби мусулман мусулманды кечируу милдеттуу...
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#6633 20 Июль 2017 - 14:57
Ali_Kyrgyz (19 Июль 2017 - 23:10) жазган:
Менде мындай суроо, откон ишке биринчиси экинчисинен кечирим сураса, бирок экинчиси кечирбесе экоонун абалы, же окуму кандай болот?
Ва алейкум ас салам!
Кыйын жана татаал суроо. Суроонузга бир соз менен жооп беруу кыйынга турат. Бул тема абдан актуалдуу, а балким эн маанилуу. Бирок копчулук анчейин конул бурбагандыктан, тема оз актуалдуулугун сактай албай келет, айрыкча онугуудон артта калган, маданияты чабал олколордо. Бул теманы аябай кенен изилдеп, жакшылап уйронуубуз керек. Себеби, Кыяматтагы эн чон "банкроттук" , мусулмандардын же башка адамдардын конулун калтыруу же алардын акысын толуктап бербегендиктен келип чыгат.
Илимдуулор далилдери менен толук жооп алып келгенче, куто туралы.
Begim_4 (20 Июль 2017 - 00:19) жазган:
Куттуу Хадисте келет мусулман мусулманга уч кундон ашык тарынуусу арам деп. Демек кечирбеген адам кекчил болуп куноокор болот. Себеби мусулман мусулманды кечируу милдеттуу...
Мисалы, бир адам экинчи бир адамдын абийирин ачып койду. Натыйжасында абийири ачылган адамдын, копчулуктун алдында баркы кетип, коп жылдык сый-урматын жоготуп жаман
абалга дуушар болду дейли. Эртеси келип, ал адам кечирим сурап койду, ал болсо кечирбей койду. Демек, жыйынтык эми жабыркаган Адам куноокор болуп калабы? Ал го ал, андан да татаал маселелерчи? Адам олтуруу, кызын, аялын же карындашын бузуп коюу(зордоо), майып кылып коюу, мулкун тоноп кетуу ж.б. толтура кылмыш иштери мусулмандардын эле ортосунда болуп жатпайбы?
Мен ойлойм, жооп беруудон мурун, конкретно эмне болгон окуя, кандайча ишке ашты ушулар жонундо тактоо керек.. Ошондон сон гана жооп берууго болот, болгон окуянын денгээлине жараша. Шариятта ар бир туура эмес амалдын озуно жараша "каффаараты" бар.
#6634 20 Июль 2017 - 15:08
Sarbinaz94 (17 Июль 2017 - 21:21) жазган:
Ва алейкум ас салам, жакшы рахмат озунуз кандайсыз?
1. Эмне болгон оору, негизи? Эгер аялдарга байланыштуу оору болгон болсо, ал кундордун намазы каза кылынбайт. Ал кундор учун сиз карыз эмессиз, иншалла. Эгерде башка бир оорунун айынан окуй албай калсаныз, анда окуйсуз.
2. Парздар жана Витр ваажиб намазы окулат. Ооба, бирин бутуруп, анан кийинкисин улап кете бересиз. Аягында зикр чалсаныз да чалбасаныз да болот. Бардык намаздарды бутуруп алып, андан сон аягында узуун кылып зикр чалып койсонуз, андан да жакшы болот.
Эч нерсе эмес, суроолорунуз болсо келип турунуз.
#6635 20 Июль 2017 - 20:08
no.comment (20 Июль 2017 - 14:57) жазган:
Кыйын жана татаал суроо. Суроонузга бир соз менен жооп беруу кыйынга турат. Бул тема абдан актуалдуу, а балким эн маанилуу. Бирок копчулук анчейин конул бурбагандыктан, тема оз актуалдуулугун сактай албай келет, айрыкча онугуудон артта калган, маданияты чабал олколордо. Бул теманы аябай кенен изилдеп, жакшылап уйронуубуз керек. Себеби, Кыяматтагы эн чон "банкроттук" , мусулмандардын же башка адамдардын конулун калтыруу же алардын акысын толуктап бербегендиктен келип чыгат.
Илимдуулор далилдери менен толук жооп алып келгенче, куто туралы.
Мисалы, бир адам экинчи бир адамдын абийирин ачып койду. Натыйжасында абийири ачылган адамдын, копчулуктун алдында баркы кетип, коп жылдык сый-урматын жоготуп жаман
абалга дуушар болду дейли. Эртеси келип, ал адам кечирим сурап койду, ал болсо кечирбей койду. Демек, жыйынтык эми жабыркаган Адам куноокор болуп калабы? Ал го ал, андан да татаал маселелерчи? Адам олтуруу, кызын, аялын же карындашын бузуп коюу(зордоо), майып кылып коюу, мулкун тоноп кетуу ж.б. толтура кылмыш иштери мусулмандардын эле ортосунда болуп жатпайбы?
Мен ойлойм, жооп беруудон мурун, конкретно эмне болгон окуя, кандайча ишке ашты ушулар жонундо тактоо керек.. Ошондон сон гана жооп берууго болот, болгон окуянын денгээлине жараша. Шариятта ар бир туура эмес амалдын озуно жараша "каффаараты" бар.
Бул жерде туз суроого туз жооп болуп жатат.
Эгер суроо берген адам болгон окуяны так айтса башкача жооп болмок, и суроосуна жараша жооп кетеберет жалган айтса, же башкача окуя болсо ал суроо берген адамдын маселеси болуп калат...
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#6636 20 Июль 2017 - 20:54
Begim_4 (20 Июль 2017 - 20:08) жазган:
Эгер суроо берген адам болгон окуяны так айтса башкача жооп болмок, и суроосуна жараша жооп кетеберет жалган айтса, же башкача окуя болсо ал суроо берген адамдын маселеси болуп калат...
Мен ошол сиздин эле жообунуздун, кененирээк вариантын айтып оттум..
#6637 20 Июль 2017 - 21:57
1)аял адам куйоосуно куран китептерди окуп берсе болобу?
2)аял куйоосуно куйоосу билбеген нерселерди айтса болобу?
3)себеби куйоомдун бир козу корбойт,китепке козум жетбей жатат дейт окуп бер деп дайыма айтат,дагыда мечитке барбайт даайыма 5 убак намазын уйдо окуйт,ошол себептен коп нерселерди билбей калат деген ойдомун,ушул суроолорума жооп беришиниздерди отуном,бул суроолорду бергенимин себеби аял куйоосуно курандан адашып калсада айтбайт деп уккан жайым бар,куйоосунон жогоруда тургандай мааниде болуп калат экен,Алла ыраазы болсун сизден.
#6638 20 Июль 2017 - 22:50
кызык,башкалардын суроолоруна жооп жазышат,меники эле жоопсуз кала берет(
#6639 21 Июль 2017 - 07:00
Eli.91 (20 Июль 2017 - 21:57) жазган:
Ва алейкум ас салам, баары жайында шугур, озунуз кандайсыз? Кулак сизде.
1)Аял адам куйоосуно куран китептерди окуп берсе болобу?
Болот, болгондо да абдан жакшы болот. Аллахка эн суйкумдуу амалдардын бири болот.
2)Аял куйоосуно, куйоосу билбеген нерселерди айтса болобу?
Болот, болгондо да эн жакшы болот. Айша(р.а) энебизден миндеген хадистер топтому калган. Так ошол эркектер билбеген нерселерди билгендиктен, ошол кездеги эркектерге хадистерди айтып берген.
Акыйкат илимди ким билсе, ошол башкаларга жеткирууго укуктуу жана милдеттуу. Аял-эркек, куйоосу-аялы, кары-жаш, бай-кедей болуп болунуу жок.
3)Себеби куйоомдун бир козу корбойт, китепке козум жетбей жатат дейт, окуп бер деп дайыма айтат.
Дайыма айтса, дайыма окуп бериниз. Биринчиден анын илим алуусуна жардам берип жатасыз, экинчиден куйоонуздун отунучун аткарып жатасыз, демек ага "итаат" кылып, ага баш ийип жатасыз. "Эселенген"
соопторго ээ болуп жатасыз, иншалла.
Дагы да мечитке барбайт, дайыма 5 убак намазын уйдо окуйт,ошол себептен коп нерселерди билбей калат деген ойдомун.
Туура ойлойсуз, эркек киши намазын, мумкунчулугунун жетишинче мечиттен окуганы жана ошол жактан илим алганы жакшы. Аны акырын, тушундуруп айта бериниз.
Ушул суроолорума жооп беришиниздерди отуном. Бул суроолорду бергенимин себеби аял куйоосуно курандан адашып калса да айтпайт деп уккан жайым бар, куйоосунон жогоруда тургандай мааниде болуп калат экен.
Укканыныз чындыкка коп дал келбей калат, анын башка мааниси бар. Курандан адашуу - бул Аллахтын созун,
Аллахтын окумун бурмалоо болуп саналат. Ал нерсеге коз жумуп коюу - демек чон куноолордун бири болуп саналат.
Башка мааниси: инсандын кандайдыр бир денгээлде илимге ээ болуп, кимдир бироолорго илим уйротуп баштаса, озун башкача сезип, озун озголордон жогору коюп алмай адаты бар. Эгер ошондой сезим сизде да болуп, куйоонузду козго илбей, аны чанып баштасаныз, анда илимди коюп, ага моюн сунуп, жон гана жашаганыныз он. Себеби, аялдын куйоосуно итаат кылып, ага кызмат кылганы, анын илимдуу болуп, "шейхиня" болуп кеткенине караганда алда канча жогору турат. Эгер андай адатыныз жок болсо, бугункудон да, кобуроок нерселерди айтып берип, анын динине, акыретине, бул дуйносуно да жардам берип, ишинизди уланта бериниз.
Алла ыраазы болсун сизден.
Аллах сизден да ыраазы болсун, аминь.