саламатсыздарбы менин мекендештерим кыргызстанда ымыркайдын жоголуусу куч алып жатат байкул ыйлаган энелер эми не кылышмак мен ошого ойлонуп ойумдун тубуно жете албадым форумчулар силер менен талкуулайын деп чечтим силер кандай коз караштасынар.
.........
Төрөт үйлөрүндөгү абал ымыркайлардын жоголуусу...
#2 09 March 2014 - 08:26
Торот уйлордо ымыркайлардын жоголуусу же медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынын айынан аялдардын, наристелердин олумго дуушар болуусу журок оорутпай койбойт. Жардамга муктаж болуп, ишеним артып торот уйуно келген энеге кыянаттык кылган медиктердин журогундо тамчыдай боорукерлик болбосо керек. Же эмне, акча адамды ташбоорго айлантабы? Же алар учун жарыктыкка жаны эле келген ымыркай менен аны тогуз ай курсагында которгон энесин эки тарапка ажыратуу - бир дептердин барагын экиге айрып, болуп койгонго тенби? Эмнеси болсо да мындай ишке баргандардын жазасын беруу - коррупцияга малынган тийиштуу органдардын колунан келбесе, аларды Кудай гана жазаласа экен!..
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#4 10 March 2014 - 20:23
Энелери жанында туруп жоголот бекен ээ?
Кандайча?
Кандайча?
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...

#5 10 March 2014 - 21:36
Жоопкерчилигин билбеген шалаакы врачтардын иши да,ушу оорукана м.н милицияга тушкондон кудай сактасын дей турган кунго келип калдык. ОКУНУЧТУУ.
#7 11 March 2014 - 02:41
Биздин торот каналарда окуялар коп эле болду десем жанылышпайм.
Азыр озунчо атайын врач таап анан торот убагында келбесен , торот залында олуп атсанда карашпайт экен. Курбум анан кошунам торогондо коруп калдым. Курбум коз жумуп кете жаздаган, эч ким карабай койгон анан тааныш таап аран торогон. Ал эми жоголгон тууралу бул кээбир зоокурлор учун бизнес, ымыркайлардын органдарын сатышат бул ото чоон акча. Кыскасы абайлабаса торот уйундо бизнес кылгандар толтура.
#8 11 March 2014 - 08:09
Менин бир тууган абжем биринчи кызын тороп,торот канада жатканда билгем кээ бир врачтардын чыныгы жузун...ал кундорду эстоо мен учун канчалык оор...
#9 11 March 2014 - 10:42
Албетте бардык акушер-врачтар куноолуу дегенден алысмын,бирок арасында Гиппократка берген антына кайдыгер карагандар четтен табылса керек,айрыкча наристелерди сатуу боюнча....Акылга сыйбас мындай терс корунуштор бардык ак халатчандардын атына коо жаап жатканы окундурот.
Оз ден-соолугуна кайдыгер караганы аз келгенсип,болочок наристесинин омурун коркунучка кабылткан энелер да жок эмес. Бала жаратууга чейин эле оз ден-соолугун текшертип, гинекологко учетко туруп, дарыланып даярданып туруп анан бойго бутурсо...Боюнда болгон кезде да жеке врачтын корсотмолорун так аткарып озунун ден-соолугуна жоопкерчиликтуу караса да ийгиликтуу тороттордун саны осмок.

#10 11 March 2014 - 11:47
мындай корунуш баягы эле каражат фактору. торогон эне билет кайсы торот уйу кандай жана кызматкерлери кандай. эч кимге сыр эмес - тороордун алдында каражат топтоп кой. бирок мени ойлондурган нерсе: ал каражат кайда кетет? торот уйу калдырыгандан калдырап, же сырты онолбойт, же ичи онолбойт. экинчи уулумду 6-торот уйундо тородум, чыгаарда 300с эне фондуна, 200 с балдар фондуна деп алышат экен.. ал эмне фонддор болду экен?
бул жерде аталып кеткен 4-торот уйунун башкы дааргеринин колдоочусу кучтуу, ошондуктан ал каалаганын кыла берет.

#11 12 March 2014 - 05:40
'Бала кымбат баарынан'
деген создун туз мааниси да жат болбой бараткандыгы чындык.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#12 12 April 2014 - 20:46
Бала урдоо тууралуу дагы бир маалымат. "№4-төрөт үйүндө үрөйдү учура турган окуялардын көп болору жашыруун эмес. Алардын акыркысы жана ачык-айкын далили катары өткөн жумада эле 20 күндүк ымыркайдын жоголуп, кайра табылганын мисал кылса болот. Мындан улам ушул оорукана менен байланыштуу дагы бир окуяны ачуу максатында биздин редакцияга Зина аттуу эже кайрылды. Ал дал ушул №4-төрөт үйүнүн мерез медиктери аны кызынан өлүүсү же тирүүсү дайынсыз айрып койгонун айтып кейиди. Эмесе сөз башынан болсун.
"Операция кыларда кызым туйлап башкача кыймылдады" - Бул окуя 2000-жылы орун алган. Ал кезде менин 7 айлык боюмда бар болчу. Бир күнү катталган жерим боюнча №15-поликлиникага барып УЗИге түштүм. Дарыгер "кыз экен, баары жакшы, буюрса, 9 ай болгуча бала мындан дагы калыбына келе түшөт" деп кубанычтуу кабар айтты. Мен да сүйүнгөн бойдон бир жумага шаардын четиндеги айылдардын биринде жашаган кайненемдин үйүнө кетип калдым. Андан кийин эле шаарга келсем эжем "ай, врачыңа тез бар, сени шашылыш издеп жатат" деди. Ошондо "кокуй, эмне болуп кетти экен" деп поликлиникага бардым. Кирсем эле баягы УЗИге түшүргөн дарыгер менден эч нерсени сурабастан эле мага укол даярдай баштады. Анын эмне укол экенин сурасам толгоо чакыруучу экенин айтты. Анан мен "менде баары жайында, эмне үчүн боюмда 7 ай эле болсо деле төрөтө бересиңер?" десем, ал "сенин кан басымың жакшы болбой жатат, ошон үчүн эртерээк төрөшүң керек" деди. Бир жамандыкты сезгендей мен "жок, менде баары жакшы, антип ийне сайбай эле койгула" деп каршылык көрсөттүм. Бирок, ой-боюма койбой эле мажбурлап шашылыш укол салды да тез жардам унаасы менен мени №4-төрөт үйүнө жөнөттү. Ал жерден Нигматулин (аты эсимде жок) деген врач тосуп алып үчүнчү кабатка чыгарып палатага киргизди. Ошондо ичимдеги кызым туйлап бир башкача кыймылдады. Мен болсо "кызым кыймылдап жатат, эмнеликтен эрте эле төрөткөнү жатасыңар?" деп чырылдадым. Бирок, сөзүмө маани берип жооп кайтарып койгон киши болгон жок. Анан эле бир санитарка келип клизма жасады да, андан кийин эле Жумабаева (аты эсимде жок) деген акушер операцияга алып кирип кетти.
"Кызымдын чыпалагын же тырмагын көрсөткүлө" деп жалдырадым"
- Эртеси күнү наркоздон араң туруп түз эле Жумабаевага бардым. Андан "эже, кызым эмне болду?" деп сурасам кызымдын бала болбой калганын айтты. Ошондо "кантип эле? Эрте операция кылып койдуңар да, ошондой болгону чын болсо аны мага көрсөткүлө" деп ыйлактадым. Антсем "сен сарсанаа болбой эле кой, аны сага көрсөткөнгө болбойт, биз өзүбүз жерге жашырып коёбуз" деп бал тилге салып алдады. Ага да карабай "башкалар бала болбой калган балдарын ак кездемеге ороп кетип жатышпайбы, мага деле бергиле, жок дегенде кесинди-кесинди түрүндө түшкөн болсо да өз көзүм менен көрүшүм керек. Чыпалагы болсо деле, тырмагы болсо деле көрсөткүлө" дедим. Бирок, Жумабаева бул сөзүмдү жоопсуз калтырып "өзүбүз жерге жашырабыз дебедимби" деп урушуп койду. Мен наркоздо жатканда мага келип кетишкен эжем менен жолдошумду болсо "бала болбой калды" деп ишендирип коюшкан экен. Ошентип, арадан 2 күн өткөндөн кийин мен ошол башым айланган, ойго чөмүлгөн абалымда төрөт үйүнөн чыгып кеттим. Дарыгерлер деле менин бул ахыбалымдан пайдаланып, колума "төрөдү, баласы өлүп калды" деген мазмундагы кагаз карматышпаптыр. Алгач эжем бир нерсени сезгендей "бул жерде сөзсүз бир нерсе бар, баары жайында деп туруп эле шашылыш операция кылып жиберишмек беле. Массалык-маалымат каражаттарына жазалы, коомчулукка билдирели" деген сунушун айтты. Бирок, жолдошум камырабай "ошондой деп жатышса ошондой да" деп болбой койду.
"Азыр кызым 13кө чыгып, мага чай сунганга жарап калмак экен"
- Арадан 13 жыл өттү. Бирок, ушунча убакыт ичинде менин энелик сезимим кызымдын өлүп калганына моюн сунайын дебей койду. Канча жолу көзү ачыкка бардым, алардын баары кызымдын тирүү экенин, бирөөнүн колунда бөлөк-бөтөнсүнткөн мамиле көрүп жүргөнүн айтышты. Ойлосом азыр ал 13 жашка чыгып мага чай сунганга жарап калмак экен да. Мага төрөт үйүндө операция жасалгандан көп убакыт өтпөй эле ошол Жумабаева деген акушер үй камагына алынып, анын үй мүлкү конфискация кылынган. Ошондо мен кызыктар болуп ар кимден сураштырып жүрдүм, бирок, ага ошол кылмыш иши эмне үчүн ачылганын биле албадым. Азыр отуруп алып "мүмкүн ал менин кызымды сатып жиберди, анан ошол былыгы билинип калып жоопко тартылды, бирок, акчалуу неме финансынын күчү менен бул ишти жаап койдубу" деп көзүмдүн жашын көлдөтүп ыйлай берем. Бая күнү №4-төрөт үйүндө бала уурдалганда анан "бул деги ызы-чуусу түгөнбөгөн кандай оорукана?" деп акыры өз окуямды да ачыкка чыгарууну чечтим. Мүмкүн эбепке себеп болуп кызым табылып калабы деп ойлойм да. Учурда жолдошум, уулум үчөөбүз Бишкек шаарында жашайбыз. Мени ошол дарыгерлердин алдында коргой албаганы үчүн жолдошума чексиз таарынычым бар. Баары бир кызым бирөөнүн колунда жашап жүргөнүн сезем. А анын бөлөк-бөтөн жерде чоңоюп жатышына себепкер болгон дарыгер Нигматулин дагы деле №4-төрөт үйүндө иштеп жатат, ал эми акушер Жумабаева учурда башка төрөт үйүнө которулуп алган. Ооба, мен ошол учурда дарыгерлердин алдында алсыздык кылганымды танбайм. Бул иштин ачылышы дагы эч кандай документтин же факттын жоктугунан оңой боло бербес. Бирок, мындан 13 жыл мурун №4 төрөт үйүндө 7 айлык кызымды операция менен алып салды деген документ алардын архивинде болсо керек деп ойлойм. Ошол эле учурда менин ичимде калган так ал операциянын жасалганына бирден-бир далил болуп береби деген үмүтүм бар. Ага чейинки уулумду өзүм эле төрөгөм, ал эми кызым операция жолу менен алынып салынганы бышык. Баары бир кыңыр иш кырк жылда билинет эмеспи.

Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
#13 13 April 2014 - 10:35
Мамлекетик торот каналарга ишенич такыр жоголуп баратат бироого каратып дайындабасан баланан да Аялынан да кол жууп калышын анык да.!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)

Супер-Инфо
super.kg
видео