Кыргызстандын“жылдыздарын” маекке тартып, алардын турмушу туралуу такай жазып турган гезиттер көбөйгөн. Ырчы, куудул, бийчи, айтор аларды “жылдыз” деп атап жазып келатабыз.
Кеп анда деле эмес... Балким “ай” деп атаса деле эч кимде каршылык жок. Болгону соңку учурларда алардын маектери ушундай бир жан дүйнөмдү түйшөлтчү болду.
Мына, жакынкы эле күндөрдө ушундай “саргылт” гезиттердин бирине бир маектер чыкты. Анда айымдардын бири (балким куудул, балким ырчы) кош бойлуу бирөөнү тоголото чаап, боюнан түшүргөнүн мактаныч кылып айтып жатат. Кудайга тобо...
Бул сыяктуу бала кезде тентек болгонун, бирөөнү көгала кылып, кыздардын чачын жулганын айтып маек бергендер толтура... Ушулбу назик, сезимтал чыгармачыл чөйрө? Аларды кумир тутуп, ушундай бир берилүү менен баалап келаткан биздин балдардын алардан алчу жагы ушул эле болуп калабы?
Маданияттын көтөрмөйүн чабал экономикабыз бечел бойдон туралбай кала берет деп күйүп койобуз. Аттиң ай, деги кайда баратат экенбиз. Мен наалыма ушул кептеримди жазып коомчулукка жеткирбесем жаным тынч алчудай эмес.
Дагы бири айтып жатат, “керек болсо мен “черныйлар” менен да сүйлөшүп, укук коргоо органдары чече албаган маселени чечип койом”,-деп.
.. Сөз жок!
Бул эми бир ууч топ жөнүндөгү быкшыма, наалыма кептерим. Деген менен ушул бир ууч топ азыр бүтүндөй жаштарды шыктандырып,
алардын арасында кадырлуу-барктуу да.
Улуттун көрөңгө, нарк-насилин тулку боюна сиңирип, сүйлөсө жүрөктү жылыткан канча маданият адамдары бар. Бирок алар минтип маек бергени сейрек, өтө эле сейрек.
А биз болсо “жыл
дыздарыдын” ушундай бир “манилүү маектерин” колмо кол окуп, мына сага азамат экен, бирөөнү тоголото чаап, боюнан түшүрүп койгон тура деп толкунданып туралы.
Мен үй тиричилиги менен балдарымды карап эле үйдө отурган адаммын. Балким кыска ойлонуп атам, балким мунун баарын башкача чечмелеп жатам. Маектер турат, коңшу келиндер үймө үй кыдыртып окуп атат, бойго жетип келаткан кыздар окуп атат, окулуп атат.
Төбөсү көрүнгөн киши деп коёт кыргыз. Ошол төбөсү көрүнгөндөр бардык жагынан өздөрүн өздөрү урматтап, эби жок кептен алыс болбойбу. Жок эле дегенде маданияттын кызматкери деген атын булгабай койбойбу.
Динара Назаралиева,
Ош шаары.
Өнөрпоздор ушулар болсо... ...анда билбейм!
#2 26 September 2013 - 11:02
туура байкаптырсыз жылдыз деп эле асманга чыгып кетишсе керек. свет менен кошо очуп калганга чейин тайрандай беришсин
Спасибо за БРАТА!
1 000 000
#3 26 September 2013 - 14:20
Туура байкапсыз. Өзүңүз деле маданиятка жакын адам окшойсуз , баардык эле адамдар колдоно бербеген сөздөр колдонулуптур текстериңизде.
Азаматсыз.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#5 26 September 2013 - 16:18
Ар бир адамдын денгээли болотда,ошого карап ой жугуртот,суйлойт дегендей.Балким алар сиз айткандай "ай"болуп,
баарынан бир тепкич жогору турам,мага эмне десемда боло берет деп менменсинуу менен жашап калгандыр.Ким билет дагы,балким табиятынан ошондой эркек сымал болуп калышкандыр
?!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#6 27 September 2013 - 07:47
Эн туура айткансыз. Сиз уй кожейкеси болсонуз да анча-мынча озун "жылдыз"
сезгендерден 100% ойдо ойлонот экенсиз.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#8 14 October 2013 - 16:08
Эң туура,автор азаматсыз. Ал эми өзүн жылдыз сезгендер баарыбир өчөт.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#9 18 October 2013 - 15:15
Автор туура баамдаган!
Эшегине жараша - тушагы деп коёт эмеспи элибизде!
Анын сынарындай,
биздин мамлекетибиздин аябагандай криминалдашып кеткенине байланыштуу,
бармактайдан баштап тырмактайыбызга чейин крим-чойрону барктайбыз.
Анан албетте маданияттууларыбыз куру калбайт да, бул нерседен!
Өзүн актагандан өлө кач!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео

















