Суперстан: Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. Чын же калп экенин талкуулайбыз.

#301 Пользователь офлайн   medina.   15 Сентябрь 2015 - 13:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кыргызстанда парламенттик
шайлоого үгүт иштери
менен кошо, саясий
партиялар тарабынан
добушту көп алуунун түрдүү
айла-амалдары да иштелип
жаткандыгы айтылууда.
Акыркы маалыматтарга
караганда, шайлоочулар
арасында паспорт көчүрмөсүн,
биометриканы
тапшыргандыгы тууралуу
маалыматтарды чогултуп,
добуш берүү убагында
шайлоочуга бериле турган
талон алдын ала жасап
жаткан учурлар катталууда.
Таанышты кыйбай берилген
паспорт
Ош базарында соода кылган
Умида Расулованын
айтуусунда, базаркомдор
сатуучулардын паспорт
көчүрмөсүн сураган фактылар
көп кездешет. Расулова
билдиргендей, базардагы
кожоюндар көбүнчө
Бишкектин четинде жана
алыстан келип соода
кылгандарга кайрылып,
шаардын ичинде эле добуш
берүүгө чакырууда. Тааныштар
кайрылып жаткандан кийин
базардагы соодагерлердин көбү
макул болушуп, паспорт
көчүрмөлөрүн беришүүдө.
- Базаркомдорду баарыбыз эле
тааныйбыз да. Ошондуктан
алар суранып, Бишкекте эле
добушуңарды бергиле деп,
паспортубузду чогултуп
алышууда. Биз ал жактан
арыз жазышыбыз керек экен,
көбү барып жатат. Шайлоо
күнү участокко өздөрү
машина менен жеткирип,
кайра алып келерин айтышты.
Баары эле билип атат, алар
биздин паспортубуз менен
акча жасап жатканын, бирок
аларды жакшы
тааныгандыктан унчуккан
деле жокпуз.
Бишкекте кошумча 39 участок
ачылат
Партиялар шайлоочулардын
паспорт көчүрмөсүн
чогулткандан тышкары, добуш
берүү убагында шайлоочуга
бериле турган талонду жасап
жаткандыгы тууралуу
маалыматтар кеңири тарады.
Каттоо кызматы атайын талон
аркылуу шайлоо бюллетени
берилет деп маалымат
тараткан соң жасалма талонду
башка партиялар алдын ала
камдап жатканын өкмөт дагы
танбайт.
Шайлоо иштерин уюштуруу
боюнча Республикалык
штабдын жетекчиси Тайырбек
Сарпашевдин маалымат
катчысы Мелис
Эржигитовдун “Азаттыкка”
билдиришинче, шайлоо күнү
участоктордо таптакыр башка
талондор берилет. Жаңы
талондор үлгүсү жана өңү
менен айырмаланат.
Эржигитов шайлоого чейин
коомчулукка талондор
көрсөтүлбөй турганын айтты.
- Саясий партияларга
айтарыбыз, ал талонду жасап
убара болбой эле коюшсун. Биз
шайлоо күнү башка
талондорду беребиз. Анын өңү
да башкача болот, көлөмү да
азыркыдай эмес. Биз ошол
талондор жасалып
жатканынан кабардарбыз.
Бирок шайлоочулардын колуна
ал талон берилгени менен,
бюллетень берип жатып
кайра талонду алып коёбуз.
Аны үйлөрүнө алып
кетишпейт.
"Автобус менен ташымай
башталат"
Байкоочулардын айтымында,
партиялар добушту көп
алуунун түрдүү айла-
амалдарын издеп жатат.
БШКнын мурдагы төрагасы
Акылбек Сариевдин
билдиришинче, партиялар өз
талапкерлерин округ-округга
бөлүп койгондуктан,
талапкерлер тийиштүү
добушту алуу максатында
аймактан келген
шайлоочулардын добушу үчүн
Бишкекте кызуу күрөш
жүрүүдө.
Партия талапкерлери
шайлоочуларды өзүнө
ыңгайлуу участокко алып
барып, арыз жаздыртуу үчүн
акчаны таратып жаткан
маалыматтар бар, - дейт
Акылбек Сариев. Натыйжада
шайлоо күнү шайлоочуларды
автобус менен ташыган
көрүнүштөр кадимки
процесске айланганы калды
өңдөнөт.
- Жалгыз киши мунун баарын
жасай албайт. Бири
экинчисинен өтүнөт, ал дагы
башкасынан өтүнүп,
маалыматтарды чогултуп
берип атышат. Катталган
шайлоочулар ошол участокко
шайлоо күнү бара турган
шарттары болбой калышы
мүмкүн. Анан барбай
калгандарды акча менен болсо
дагы бир ыгын табышат.
2011-жылдагы шайлоодон бир
көрүнүш
Борбордук шайлоо комиссиясы
шайлоочулардын башка
участокко барып добуш
берүүсүндө мыйзам бузууну
көргөн жок.
БШК мүчөсү Айнура
Шаимкулова билдиргендей,
шайлоо дареги менен добуш
берем дегендер Бишкек
шаарынын тургуну болбошу
керек. Экинчиден, паспорт
көчүрмөсү эмес, өзү барып
ошол участокко арыз жазыш
керек.
- Паспортун берип коюп,
шайлоодо барам деген
болбойт. Шайлоочулар 2-
форманы толтуруп, ошол
арызды өздөрү жазып, кол
коюш керек. Ошондон кийин
гана алар шайлоо дареги
боюнча катталган болот. 19-
сентябрга чейин өздөрү
барышы керек, паспорт
көчүрмөсүн бирөө аркылуу
берип койсо каттабайбыз.
Борбордук шайлоо комиссиясы
Бишкекте аймактан келип
шайлоого катыша турган 200
миң шайлоочу бар экенин
болжолдоп жатат. Натыйжада
алар үчүн кошумча 39 шайлоо
участогу ачылса, Ошто
ушундай эле убактылуу 8
шайлоо участогу иштейт.
Партиялар кошумча
участоктордо да чоң электорат
жатканын туйгандыктан,
учурда тааныш-билиштерин
өзүнө тийиштүү участоктордо
добуш берүүгө чакырыгын
улантууда. Жогоруда
айтылгандай, айрым
партиялардын агитаторлору
шайлоочулардын
паспортторунун,
биометрикалык
номерлеринин көчүрмөсүн
жыйнап жатканы белгилүү.
БШК болсо жарандардын
паспортторунун,
биометрикалык
номерлерининкөчүрмөсү
добуш берүүдө эч кандай
таасир эте албайт деп
ишендирет.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#302 Пользователь офлайн   medina.   16 Сентябрь 2015 - 01:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Ч оң-Алайдагы Карамык чек ара тозотунда кызмат өтөп жүргөн жоокер 24 күндөн бери табыла элек. Учурда дайыны чыкпай жаткан Бексултан Бааридиновдун ата-энеси аскер жетекчилигинен баласы тууралуу так маалымат берүүнү талап кылышууда.

Башында Мамлекеттик чек ара кызматы жоголгон жоокерди куралчан качып кетти деп маалымат тараткан. Кийинчерек куралчан жоокер нөөмөткө чыккан бойдон кайтып келбегенин билдирип,жоокердин жоголушун ошол күнкү аба ырайынын начардыгы менен байланыштырышкан.

Бирок 14-сентябрда Ош гарнизондук аскер прокурору Өмүрбек Эратов жоголгон жоокер нөөмөткө чыкпай эле төрт жоокер болуп аңчылыкка чыкканын жарыялады.

- Кылмыш ишин тергөө убагында алар нөөмөткө эмес, башка дагы үч чек арачы менен бирге аңчылыкка чыкканы дайын болду. Төртөө төрт жакка бөлүнүп, эки сааттан кийин белгиленген жерде кайра чогулмак болушкан. Бирок эки сааттан кийин Бексултан Бааридинов келген эмес деп атышат. Эмне үчүн аңчылыкка чыгышкан? Аларга мындай буйрукту ким берген? Мунун баарына катышы бар кызматкерлерге юридикалык баа берилет. Учурда бул факт боюнча үч кылмыш иши ачылды.

Карамык чек ара тозотунда кызмат өтөп жүргөн жеринен катардагы жоокер Бексултан Бааридиновдун жоголгону тууралуу маалымат ата-энесине эки күндөн кийин гана билдирилген. Учурда Бексултан Бааридиновдун атасы Садиридин Исмаилов кичүү балдарын жалгыз таштап, айылга келип, уулун издеп жүргөн кези.

СүрөтСадриддин Исмаилов ​- Баламдын эмне болгонун жанагы шериктери билет. Ошолор бирдеме кылганбы деген ой кетет. Анан да маңзат ташыгандардын колуна түшүп калганбы деп да ойлоп атабыз. Чек ара тозотунда бир нерсе болсо чыгыш керек эле да дайыны. Муну командирлери билет, ошолордон талап кылабыз. Мүмкүн булар атайын бирдеме уюштурушкандыр.

Бексултан Бааридинов өзү Бишкек шаарында чоңойгон. Бирок ал кызмат өтөп жаткан Карамык тозоту ал туулган Кара-Тейит айылына жакын жайгашкан. Анын жакын туугандары Кара-Тейит айылында турушкандыктан, бүт айылдын эркектери айылдаш жоокерди издөөгө түп көтөрүлүп, бир нече күн жайлоону кыдырышкан. Жоокердин агасыНазириддин Бааридинов:

- Карамык, Кара-Тейит айылынын тургундары чогулуп, эки ЗиЛ машинасы менен барып, алты күн катар бала жоголгон аймакты издедик. Ар бир таштын түбүн беш алты жолудан карап чыктык. Элге ракмат, элдин баары издеди. Аскерлер өздөрү Оштон төрт ит алып келип тинтишти. Эч кандай жыйынтык болбоду. Аскерде полковниктери эле көп экен. Алар да көзү ачыктарга ишенип алышыптыр. Улам бири келип, балаңыздар табылат деп коюп жүрүшөт.

СүрөтЖоголгон жоокердин айылдаштары Жоголгон жоокерди издөөгө Улуттук коопсуздук кызматы, чек арачы жоокерлер, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, айыл тургундары, жада калса кошуна Тажикстандын чек арачылары да тартылган. Бирок азырынча андан майнап чыга элек. Бул арада айыл тургундары ар кайсыны жоромолдоп отурушат.

- Жоголгон жоокерди ошо чогуу жүргөндөрү табышы керек. Аларды жакшылап сурак кылса эле айтып беришет. Эми ал жоокер болгондон кийин анын өлүү же тирүүсүн таап бериш керек да. Ата-энеси саргайып болбой калышты. Мүмкүн тиги баңгизат ташыган тажиктер барымталап кетишкендир. Мүмкүн Сирияга сатып жиберишкен. Же өлтүрүп алып, бир жерге көмүп салса кайдан табылат? - дейт айыл тургундарынын бири.

Жоголуп кеткен Бексултан Бааридиновдун апасы Майрам Бакированын айтымында, баласы аскерден качып кетиши мүмкүн эмес. Анткени анын кызматын өтөп бүтөөрүнө бир жарым ай гана убакыт калган. Андан сырткары кайра эле чек арачы болуп келишимдик негизде аскерде иштеп каларын айтып жүргөн экен.

СүрөтЖоголгон чек арачынын бир туугандары Майрам Бакирова баласынын өлүү же тирүү экенин биле албай, бир күн келет деген үмүт менен качандыр жашап кеткен Кара-Тейит айылынан кетпей 22 күндөн бери отурат.

- Келет деген үмүт менен отурам. Кудай буйруса ушу чымындай жаны аман калса болду. Башкасына макул элек. Келгенден кийин аскер кызматкерлери эмне болгонун өздөрү чечишип алышат эле. Бизге ушу бала аман-эсен келсе болду. Тиешелүү адамдар издештирип, балабызды таап беришсин. Баланы биз сак-саламат колдоруна тапшырганбыз. Аскерге өз каалоосу менен келген. Кандай эле менин балам жоголуп кетет?

Чой-Алай районунун аймагындагы калктуу жайларга Бексултандын сүрөтү тартылган кагаздар чапталган. Бексултан Бааридинов кызмат кылган Карамык чек ара тозотунун курамы 100% алмаштырылган. Мындан тышкары Мамлекеттик чек ара кызматы бул окуяга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча чек ара кызматынын командалык башкаруу курамын кызматтан бошоткон.




Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#303 Пользователь офлайн   medina.   17 Сентябрь 2015 - 09:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кошмо Штаттар Орусияны
“Ислам мамлекети” тобуна
каршы эл аралык
коалицияга кошулууга
чакырды. Бирок ага катар
Сирия президенти Башар
Асад коалицияга кире
албасын да эскертти. Ал эми
соңку күндөрү Сирияда
аскерий кубатын чыңдап
жатканы белгилүү болгон
Орусия “ИМ” тобун Асаддын
өкмөтү менен
кызматташпастан туруп
жеңүү мүмкүн эмес деп
саноодо.
АКШ жана Орусия
президенттери ушул айдын
соңунда Нью-Йоркто, БУУнун
Башкы ассамблеясынын
жыйыны учурунда эки
тараптуу сүйлөшүү өткөрүп
калышы мүмкүн.
Ак үй да, Кремль да Обама
менен Путиндин жолугушуу
ыктымалдуулугун четке
какпаганы менен, муну так
кесе ырастай албай жатышат.
Эгер былтыр ноябрдан бери
кездеше элек эки президент
чын эле жолугуп калса, күн
тартибиндеги башкы маселе
эми Сирия болору күтүлүүдө.
Анткени Вашингтон менен
Москванын кеминде акыркы
бир аптадан бери бири-
бирине кине тагуулары Сирия
кризисине барып такалууда.
Маселен, АКШ Орусияны
Сирияда аскерий кубатын өз
алдынча чыңдагандын ордуна
“Ислам мамлекети” тобуна
каршы эл аралык коалицияга
кошулууга үндөдү.
Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест
Вашингтондогу басма сөз
жыйында бул чакырыктын
маанисин чечмеледи:
- Биз Орусиядан 60 өлкө мүчө
жана АКШ баштаган эл
аралык коалиция менен
конструктивдүү
кызматташуусун күтөбүз.
Коалициянын көздөгөнү -
“Ислам мамлекети” тобун
алсыратып, акыр аягында жок
кылуу. Биз Орусиянын бул
аракеттерге аралашуусун
кубаттайбыз. Буга дейре эле
айтканыбыздай, алардын
Асадды колдоону уланта
бериши кырдаалды
дестабилдештирет жана терс
жыйынтык берет.
Ак үйдүн бул билдирүүсүнө
тушташ мамлекеттик катчы
Жон Керри орус тышкы иштер
министри Сергей Лавров
менен телефондон сүйлөшүп,
Вашингтон Сирияда төрт
жылдан бери уланып жаткан
жарандык согуш токтоп,
жаңжалдын саясий жол менен
жөнгө салынышын камсыздоо
үчүн президент Асад
бийликтен кетүүсү керек
деген турумун өзгөртпөгөнүн
эскерткен.
Керри Лавров менен акыркы
он күн аралыгында үчүнчү
телефон сүйлөшүүсүндө
Орусия Сирияда аскерий
курулушту эмне үчүн
жүргүзүп жатканын
ачыктоону да суранган.
Орусиянын Латакия шаарына
келген транспорттук учагы.
12-сентябрь, 2015-жыл.
Мамдепартаменттин
билдирүүсүндө Керри
Орусиянын Асадды колдоону
улантышы жаңжалдын дагы
кеңейүү тобокелчилигин
жаратат, Асад “ИМ” тобуна
каршы коалициянын
ишенимдүү мүчөсү боло
албайт, Сирия жаңжалы
жалпысынан аскерий эмес,
бирок Асад аралашпаган
саясий жол гана чечиле
аларын баса белгиледи”, - деп
көргөзүлөт.
Керри менен Лавровдун
телефон сүйлөшүүсү алдында
президент Путин Орусия
Асаддын өкмөтүнө аскерий-
техникалык жардам
көргөзүүнү уланта берет, Асад
менен кызматташпай туруп,
“Ислам мамлекети” тобун
жеңүү мүмкүн эмес деп
айткан эле:
- Биз Сириянын өкмөтүн
террордук агрессияга каршы
турууда колдоп жатабыз.
Аларга зарыл аскерий-
техникалык жардамды
көргөзүүдөбүз жана көргөзө
беребиз. Эгер Орусия колдобосо,
бул өлкөдөгү кырдаал
Ливиядан да жаман болмок.
Качкындар агымы азыркыдан
да көбөймөк.
Бул аралыкта Орусиянын
мамлекеттик
телеканалдарынан Башар
Асаддын маеги да көрсөтүлдү.
Интервьюнун жүрүшүндө Асад
президенттикте калар-
калбасын Сириянын эли чечет
деп ырастап, Батыш өлкөлөрүн
жана армия менен күрөшүп
жаткан козголоңчуларды
“Ислам мамлекети” тобуна
каршы күрөштө аны менен
биригүүгө үндөдү:
Асад орус журналисттери
менен маектешүүдө. Дамаск,
15-сентябрь, 2015-жыл.
- “Ислам мамлекети” тобуна
каршы АКШ баштаган
коалиция деп айтылган менен,
бирок биз алардын чындап
күрөшүү ниетин көргөн
жокпуз. Коалиция
операциясын баштаган менен
“Ислам мамлекети” тобу да
кеңейүүдө. Бүгүнкү реалдуулук
ушул. Алар эч нерсе кыла
албайт. Коалиция жериндеги
кырдаалга таасир бере албайт.
АКШ өзү бир нече апта мурда
эле Москва Сирияда жарандык
согушту токтотуу боюнча
сүйлөшүүлөр алкагында
өткөөл өкмөт куралышы үчүн
Асадды бийликтен чегинүүгө
ынандырууга жардам берет
деп үмүттөнүп жаткан. Бирок
Орусия Асадды колдоо үчүн
Сириядагы аскерлеринин
санын көбөйтүп, оор аскерий
техникасын, анын ичинде
танктарды, артиллериясын
жөнөттү. Ал эми Вашингтон
Асаддын бийликте калгыдай
легитимдүү укугу жок деп
эсептейт.
Пентагондун ишениминде,
Москва азыр Сириянын өкмөт
карамагындагы Латакия
шаарында аскер-аба базасын
курууну көздөөдө.
АКШ азыр “Ислам мамлекети”
тобунун турумдарына сокку
уруу үчүн Сириянын аба
мейкиндигин да пайдаланат.
Эми Сирияда Орусиянын
аскерий кубатынын
чыңдалышы, Кансыз согуш
доорунда эки держава уруш
талаасында тирешкендей
кырдаалдын жаралуу
мүмкүнчүлүгүн каңкуулоодо.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#304 Пользователь офлайн   medina.   18 Сентябрь 2015 - 02:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кыргызстандын аскер
бөлүктөрүндө уставдан
сырткары мамиледен улам,
жоокерлердин токмоктолушу
өнөкөткө айланган учурлар
катталууда.
Аскердик тартиптин
начардыгы жоокерлердин
өлүмүнө алып келген
фактылар жылдан жылга
көбөйүп, укук коргоочулар бул
үчүн аскер жетекчилигинин
жоопкерчилиги каралбай
жатканына
тынчсызданышууда.
Кыргызстандын Акыйкатчы
институту “Кылым шамы”
укук коргоо борбору менен
биргеликте аскер
бөлүктөрүндөгү адам укугун
бузган фактыларга
мониторинг жүргүзүп, анын
жыйынтыгына бийлик менен
коомчулуктун көңүлүн бурууга
далалат кылууда.
Аскер бөлүгүндөгү ур-токмок
Кара-Көл шаарындагы Улуттук
гвардияга караштуу аскер
бөлүгүндө кызмат өтөгөн 19
жаштагы жоокер Бегалы
Шамшидинов оор жаракаттан
улам каза тапты. Анын
өлүмүнүн себебин башында
аскер бөлүгүнүн жетекчилиги
жашырып, жоокердин жүрөгү
кокустан кармап калды деп
жарыялаган. Бирок маркумдун
жакындары аны соттук-
медициналык экспертизадан
өткөргөндө жоокер
токмоктолуп, алынган
жаракаттын кесепетинен жан
бергени аныкталган. Маркум
жоокердин тууганы Аттокур
Сабиров аталган аскер
бөлүгүнүн жетекчилигинин
бул окуяга карата кайдыгер
мамилесине нааразы:
- Биринчи бизге балаңардын
жүрөгү токтоп калды деген
кабар келди. Анан биз ошого
ишенип бардык. Барсак, аскер
бөлүгүндө бизге көңүл бөлүп,
кандай жагдайда ошондой иш
болгонун түшүндүрүп бере
турган бирөө болбоду. Эч нерсе
болбогонсуп, кайдыгер мамиле
жасагандары бизди
шектентти. Анан текшертсек
эле баланын кекиртеги үзүлүп,
сабалган экен.
Кечиккен тастыктоо
Аскер бөлүгүндөгү бул окуя
боюнча ата-энесинин
арызынын негизинде
териштирүү учурунда
катардагы жоокер Бегалы
Шамшидиновдун
токмоктолгону аныкталган.
Буга чейин аскер бөлүгүндөгү
уставдан сырткары мамилени
жөнгө салуу боюнча
жетекчилик тарабынан алдын
ала кандай тарбиялык иштер
жүргөнү белгисиз. Аталган
аскер бөлүгү мурда ички
аскерликке карап, бир жыл
мурда Улуттук гвардиянын
курамына өткөрүлгөн болчу.
Улуттук гвардиянын
тарбиялык иштер боюнча
башкы башкармалыгынын
башчысы Таалай Мырзабаев
бул окуяга карата көрүлгөн
чаралар боюнча
төмөндөгүлөргө токтолду:
- Аны кекиртекке урганын
азыркы күндө камакка
алынган жоокер мойнуна
алган. Башында окуя ошондой
болгону айтылган эмес.
Ошондуктан алгач ал
жоокердин жүрөгү токтоп
калды деген версия чыккан.
Анткени окуяга күбө болуп
турган жоокерлер ошондой
маалымат беришкен. Кийин
териштирүү учурунда окуянын
башкача болгону аныкталган.
Аскер бөлүгүнүн командиринин
тарбия иштери боюнча орун
басары жана ротанын
командири кызматынан
алынды. Ал эми аскер
бөлүгүнүн командирине катуу
сөгүш берилди.
Кара-Көлдөгү бул аскер бөлүгү
Нарын дарыясын бойлой
курулган ГЭСтерди
көзөмөлдөп, анын
коопсуздугуна жооп берген
куралдуу күчтөрдүн түзүмүнө
кирет. Укук коргоочулар тобу
андагы түзүлгөн шарттын
жана аскердик тартиптин
начардыгы боюнча абалды
өткөн жылы эле атайын
мониторингдин жүрүшүндө
көрсөткөн. Бирок андан бери
деле аскер бөлүгүндө абал
өзгөрбөй, аскерлер арасындагы
бейбаштыктын аягы адам
өлүмүнө алып келди.
“Кылым шамы” укук коргоо
борборунун жетекчиси Азиза
Абдирасулова бул жагдай
туурасында мындай дейт:
Азиза Абдирасулова
- Ички иштер министрлиги
аларды ГЭСтерди
кайтарткандан башка, пикет-
митингдерге каршы колдонуп,
бирок андагы шартты карабай
эле аскердик тартипти
караганга көңүл бурулбай
калган экен. Анан күзгү жана
жазгы чакыруу боюнча
кызмат өтөөгө келгендер
бирине бири зомбулук
көрсөтүп, жаңыдан
келгендерди уруп-сабоолор
күчөгөндүгү айкын көрүндү.
Мындай абалды биз былтыр
эле мониторинг учурунда
байкаганбыз. Бирок быйыл
деле мына ошол абал
өзгөрүүсүз бойдон калыптыр.
Дайынсыз жоголгон
жоокердин иши
Бул окуяга куйрук улаш эле,
Чоң-Алайдагы чек ара
бекетинде кызмат өтөгөн
жоокер Бексултан Бааридинов
куралы менен дайынсыз
жоголгон. Аны башында Чек
ара кызматы чек ара тилкесин
бакылоого чыккан боюнча
кайрылып келген эмес деп
жарыялаган. Бирок
териштирүүнүн жыйынтыгы
боюнча Ош гарнизондук аскер
прокуратурасы катардагы
жоокер аңчылыкка чыгып,
ошондон нары дайынсыз
жоголгонун тастыктады. Чоң-
Алайда жоокерди издөө
иштери 26 күндөн бери
уланууда. Дайынсыз жоголгон
жоокердин апасы Майрам
Бакирова жоокерди
аңчылыкка жөнөткөн аскер
жетекчилигин жазага
тартууну талап кылууда:
- Бизге ал жактан “уулуңар
аскерден качып кетиптир”
деген кабар келди. Анан биз
уулубуз кызматын өтөп
бүтөөрүнө болгону бир жарым
ай калса, эмнеге качсын деп
ишенген жокпуз. Анан биз ал
жакка барып, биздин бала
менен чогуу чыккандарга
жолугуп, эмне болгонун
сураганыбызда эле алар “бизди
кийик атып келгенге чыккан
болчубуз” деп айтып
жиберишти. Анан эле аларды
командирлери урушуп,
сүйлөтпөй коюшту. Эми
командирлери жоокерлерди
кийикке жөнөтүп жүрүшсө,
анда бул кандай армия болот?
Аскердик мыйзамдарда
катардагы жоокер куралы
менен жоголгон учурда бир
эле чек ара бекетинин эмес,
бүтүндөй аскер
жетекчилигинин
жоопкерчилиги каралган.
Бирок Чек ара кызматы өз
алдынча кызматтык
иликтөөнүн жыйынтыгы
боюнча аталган чек ара
бекетин карагандарды гана
кызматтан четтетүү менен
чектелди. Ошол эле учурда
аскер прокуратурасы
жоокердин жоголуп
кетишинин чыныгы
себептерин ачыктай элек. Ага
жана аны менен кошо
аңчылыкка чыккан
жоокерлерге ким андай
буйрук бергени дагы белгисиз
бойдон турат.
Чек ара кызматынын чек
араны кайтаруу
башкармалыгынын башчысы
Саиджан Эратов издөө
иштери улантылып жатканын
айтты:
- Учурда ошол чек ара
бекетинин башчысы жана
башка бир топ жетекчилер
кызматынан алынып, мына
ошол Кара-Мык жергесинде
жоголгон жоокерди издөөгө
жөнөтүлгөн. Анан эми
бардыгыбыз биргеликте ал
жоокерди аман-эсен таап
алсак экен деп, издөө иштерин
ушул күнгө чейин токтото
элекпиз. Анан эми бул
окуянын чоо-жайы тергөө
учурунда дагы такталат .
Аскер жетекчилери жооп
береби?
Кыргызстандын куралдуу
күчтөрүндө катталып,
коомчулукка ачыкка чыгып
кеткен бул эки факты боюнча
кылмыш иши козголгон.
Бирок буга окшогон ондогон
кылмыш фактылары жабылуу
бойдон калган учурлар
байкалган. Акыйкатчы
институту менен укук
коргоочулардын изилдөөсүндө
жоопкерчиликсиздиктин жана
башаламандыктын
жыйынтыгы аскерлер
арасындагы бейбаштыкты
шарттаган.
Кой-Таштагы аскердик бөлүк
Укук коргоочу Азиза
Абдирасулова жоокердин
бөөдө өлүмүнө алып келген
шалаакылык боюнча ушул
күнгө чейин бир дагы аскер
жетекчиси жоопко
тартылбаганын белгиледи:
- Колунда куралы менен
жоокер жоголду. Кара-Көлдө
ырайымсыздык менен сабалган
жоокер каза тапты. Майлы-
Сууда жоокерди уруп өлтүргөн
окуя болду. Анан эми мына
ушундай окуялар болуп жатса,
аскер жетекчилери ал
жоокерлер өзүнүн жанын өзү
кыйды же болбосо кокустук
болду деген сыяктуу
шылтоолорду айтып, аягына
чейин териштирүүгө көңүл
бурбай жатышат. Анан эми
аскер бөлүгү деген жабык
мекеме. Ал жакка каалаган
адам кире албайт.
Ошондуктан аскер
жетекчилиги ал жакта эгерде
жоокер өзүнө-өзү кол салган
учурда деле ошол иш боюнча
жооп берүүгө тийиш эле да.
Бирок чынында андай
жоопкерчилик болбой
жатпайбы.
Мониторингдин жыйынтыгы
боюнча аскер бөлүктөрүндөгү
уставдан тышкаркы катаал
мамиле күчөп, анын
кесепетинен жоокерлер ур-
токмокко алынган, өз жанын
кыйууга чейин барган же
армиядан качкан учурлар
боюнча абал өзгөрүүсүз бойдон
калууда.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#305 Пользователь офлайн   medina.   01 Октябрь 2015 - 01:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Юстиция министрлиги
коррупцияга каршы күрөштү
күчөтүү үчүн кызматтан
кеткен президенттердин кол
тийбестик укугу болбошу
керек деген демилге менен
чыкты. Сунуш 29-сентябрда
коомчулуктун талкуусуна
коюлду.
Юстиция министрлиги
“Президенттин
ишмердигинин кепилдиктери
жөнүндөгү” мыйзамдын 12-
беренесин жокко чыгарууну
сунуштады. Бул беренеде “экс-
президент кол тийбестик
укукка ээ” деп жазылган. Ага
ылайык, президент иштен
кеткенден кийин ыйгарым
укуктарын аткарып турган
учурдагы аракеттери же
аракетсиздиги үчүн жазык
жана административдик
жоопкерчиликке тартууга,
камап, кармоого, суракка
алууга , тинтүүгө тыюу
салынган. Ошондой эле кол
тийбестик укугу ал ээлеген
турак-жайга, унаа, байланыш
каражаттарына, архивге,
документтерге жана башка
мүлктөргө да тиешелүү.
Юстиция министрлигинин
статс-катчысынын милдетин
аткаруучу Нуржан Таштанов
“Азаттыкка” түшүндүрмө
берип жатып, экс-
президенттин кол
тийбестигин алуу
коррупцияга каршы күрөштүн
бир жолу экенин билдирди.
Сунуш коррупцияга каршы
күрөш боюнча стратегияга
ылайык көтөрүлгөнүн жана
коомчулуктун талкуусуна
коюлганын белгиледи:
Мурдагы президент Аскар
Акаев
- Бизде эки президентибиз
боюнча чоң маселе жаралган.
Алар улуттук коопсуздукка
чоң коркунуч туудурган.
Аларга кылмыш иштери
козголуп, соттордун өкүмү
чыккан. Коррупция –
мамлекеттин жалпы
улуттук коопсуздугуна чоң
коркунуч келтирет.
Ошондуктан бул маселени
талкууга чыгарып, экс-
президенттердин кол
тийбестигин алып салуу
канчалык деңгээлде керек
экенин коомчулук менен
талкуулайлы деп жатабыз.
Бул азырынча мыйзам долбоор
катары киргизиле элек. Биз
муну маселе катары эле
коомчулуктун талкуусуна
койду к.
Бул сунуш боюнча
коомчулукта ача пикирлер
айтыла баштады. Маселен,
Жогорку Кеңештеги Социал-
демократтар фракциясынын
төрагасы Чыныбай
Турсунбеков экс-
президенттерден кол
тийбестикти алып салуу
демилгесин колдоп жатат:
- Качып кеткен
президенттерде эгер
иммунитет болсо алар
Кыргызстанда эле болушмак
да. Чынында ошондой
иммунитет болбогон үчүн
качып жүрүшөт . Мен экс-
президенттердин кол
тийбестигинен ажыратуу
боюнча мыйзам долбоордун
өзү менен тааныша элекмин.
Бирок бул туура сунуш, муну
колдош керек.
Курманбек Бакиев
Анткен менен Жогорку
Кеңештин депутаты Равшан
Жээнбеков экс-
президенттердин кол
тийбестиги тууралуу мыйзам
кабыл алынган күндө деле
анын ишке ашарынан күмөн
санай турганын айтты:
- Мыйзам болсо деле, болбосо
деле ал президенттердин
жаман ишке барбашына
кепилдик боло албайт.
Анткени азыр бизде экс-
президенттердин кол
тийбестиги тууралуу мыйзам
болсо деле ал иштеген жок да.
Мунун айынан Бакиев да,
Акаев да келе албай жүрөт.
Анткени алардын кол
тийбестиги тууралуу мыйзам
иштеген жок. Андай
болбогондон кийин кол
тийбестигин алуу тууралуу
мыйзам деле иштебейт. Бул
жерде Атамбаев жөнүндө деле
маселе турат да.
Атамбаевдин бийликтен
кандай кетери деле чоң
маселе. Биз 25 жылдан бери
толгон-токой мыйзам кабыл
алдык. Коомду өнүктүрө
турган, мыйзамдарды иштете
турган мамлекеттик
системаны орнотуу боюнча
иштешибиз керек. Бизде
президенттердин келечегине,
анын коопсуздугуна эч нерсе
кепил боло албасын убакыт
көрсөттү.
Саясатчы Азимбек
Бекназаров болсо мурдагы
президенттерди коё туруп,
иштеп жаткан президенттин
кол тийбестигин алуу керек
деген пикирде. Анын
ырасташынча, экс-
президентти кол тийбестик
укугунан ажыратуу саясий
куугунтукка жол ачат:
- Кызматта турганда
кошомат кылып жүрүп, кийин
кеткенде жаңы келген
президенттин камчысын чаап,
мурдагы президентке иш
козгой берсе болот деген
логика болуп жатат.
Тескерисинче, экс-президентти
кийинки келген президент
куугунтукка албаш үчүн анын
кол тийбестигин сакташ
керек. Ошол эле учурда иштеп
жаткан президенттин кол
тийбестиги алыныш керек.
Бул депутат ошол
президентке кенен-чонон
импичмент жарыялаганга
жол ачат. Кол тийбестик
президент кезинде берилип, ал
кызматтан кеткенден кийин
алына турган болсо бул
куугунтукка жол ачат.
Кыргызстанда эки президент
күч менен кулатылып, аларга
коррупция боюнча чоң
айыптар айтылган. Ушул
тушта Жогорку Кеңештин
депутаттарынын жеңилдик-
артыкчылыктарын жоюп, кол
тийбестигин алуу тууралуу
демилгеси байма-бай
көтөрүлүп жатат.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#306 Пользователь офлайн   medina.   15 Октябрь 2015 - 21:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Косово парламентинде
оппозициячыл депутаттар
нааразылыгын билдирип,
көздөн жаш агызуучу газды
жыйындар залына алып
кирип аттырышты.
Бул акыркы апталарда экинчи
ирет болуп жаткан окуя.
Оппозиция мүчөлөрү мындай
жол менен жыйындын ишин
токтотууга аракет кылышкан.
Косово менен Сербиянын
ортосундагы ымалага Европа
Биримдиги киришкенден
бери ушундай
нааразычылыктар күч алды.
Оппозиция мүчөлөрү
Сербиянын таасири артып,
өлкөдө улуттар аралык
чыңалуу жаралат деп
эсептешет. (BCh)
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#307 Пользователь офлайн   medina.   15 Октябрь 2015 - 23:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Сирия армиясы өлкөнүн
түндүк бөлүгүндөгү Хомс
провинциясында
көтөрүлүшчүлөргө каршы
чабуулга өтүштү.
Маалыматтарда аскердик
операция орусиялык
учактардын сокку уруулары
менен коштолгону айтылат.
Сириядагы адам укугуна
көзөмөл салчу уюмдун
билдиришинче, өкмөттүк
күчтөргө Ливандагы
"Хезболла" кыймылынын
согушчандары да кошулду.
15-октябрда башталган
чабуулдун максаты, Сириянын
өкмөттүк телеканалынын
кабарлашынча, Хомс
провинциясынын түндүк жана
түндүк-батышындагы шаар-
кыштактарды кайтарып алуу
же ырасмий айтылгандай
“коопсуздукту жана
стабилдүүлүктү калыбына
келтирүү”.
Таңкы 5:30да башталган
операцияга удаа эле
Орусиянын аскер учактары
Хомстун тегерегиндеги
Талбисе шаары, Тейр Малла,
Дар Кабира жана Халидия
кыштактарына кеминде 15
жолу бомба урду. Чабуулга
ливандык шииттердин
"Хезболла" тобунун
согушчандары да катышууда, -
деп билдирди Сириядагы адам
укуктарына көз салган уюм.
Башкеңсеси Лондондо
орношкон уюмдун мүдүрү
Рами Абдулрахмандын
"Ройтерс" агенттигине
айтышынча, авиачабуулда
алты согушчан жана эки
карапайым жаран өлгөн.
Дамаск шаарынын Хомско
кеткен жолдун боюндагы
Башар Асаддын сүрөтү
тартылган билборд. 13-
октябрь, 2015
Талбисе шаары Хомс жана
Хаманы туташтырган кан
жолдон орун алган. "Франс
пресс" агенттигинин
маалымдашынча, Хомс
шаарынын бир районун башка
бардык бөлүгү жана Хаманы
толук бойдон өкмөттүк
аскерлер контролдойт. Бирок
ортодогу аймак жана эки
калааны бириктирген кан жол
байистүү исламчылар менен
“ал-Каиданын” бучкагы
эсептелген “ал-Нусра
фронтунун” колунда.
Хомстогу чабуулга өтүү Сирия
армиясынын 1-октябрдан
берки эң ири согуштук
операциясы. Биринчи
операция 8-октябрда Хомско
коңшулаш Хама
провинциясында болуп, анын
жүрүшүндө президент Башар
Асадга ишенимдүү күчтөр 10
чакты айыл-кыштакты
бошотконун Сирия өкмөтү
маалымдаган. Экинчи
операция 14-октябрда өлкө
борбору Дамаск шаарынын
чыгыш жагындагы Жобар
районунда башталганы
жарыяланган.
Орусиянын согуштук учактары
акыркы күндөрү Сириядагы
активдүүлүгүн күчөтүүдө. 13-
октябрда маалымдалгандай,
соңку бир күндө 88 жолу
жердеги буталарга сокку
урган. Бул мурдагы күндөрдөн
бир кыйла көп.
Бул күнү АКШ жана анын
союздаштары Ирактагы жана
Сириядагы жихадчыларга 18
жолу абадан сокку урган.
Андан пайдаланып, Ирак
армиясы 15 км алга жылганын
жана Рамади шаарын курчоого
алганы калганын Пентагондун
өкүлү, полковник Стив
Уоррен билдирген. Сирияда
сокку ал-Хавл жана ар-Ракка
шаарларындагы
согушчандардын өңүт
жайларына урулган.
Орусиянын аба күчтөрүнүн
Сириядагы операциясы 30-
сентябрда башталган.
Москванын айтымында, анын
учактары соккуну “Ислам
мамлекети” тобунун
жихадчылары жана Сирия
режимине каршы башка
“террорчуларга” урууда. Ал
эми Вашингтон жана анын
союздаштары Орусияны Башар
Асаддын режимине каршы
күрөшкөн байистүү
оппозицияны бомбалоодо,
операция стратегиялык
жактан туура эмес” деп
күнөөлөшүүдө.
Мусулман уламаларынын
суннит комитетинин
мүчөлөрү Орусиянын
Бейруттагы элчиканасынын
маңдайында Москванын
Сириядагы кырдаалга
кийлигишүүсүнө каршы
митинг өткөрүшүүдө. Ливан,
14-октябрь 2015
Бирок Башар Асаддын экинчи
бир бекем колдоочусу Тегеран
антип эсептебейт. Иран
парламентинин Улуттук
коопсуздук жана тышкы саясат
комитетинин төрагасы
Аладдин Бөрүжерди кечээ
Дамаскиде журналисттер
алдында сүйлөп, Сириядагы
халифатчыларга каршы
согушка Орусиянын кошулуусу
региондогу кырдаалды жаңы
нукка салат деген оюн айтты:
- Америка жана анын
союздаштары “Ислам
мамлекети” тобуна каршы
аракеттерди олуттуу
кабыл албай, ага тамаша
катары мамиле жасашууда.
Ошон үчүн жаңы коалиция
жана жаңы команда
майданга чыкты жана бул
олуттуу болот. Бул
региондогу жагдайды
жаңыча өнүктүрөт.
Бөрүжерди жихадчыларга
каршы жаңы коалиция деп,
Орусия, Иран, Ирак жана
Сирияны айтууда. Бул төрт
мамлекет ай башында
Багдадда орток чалгындоо
борборун түзгөн.
Өткөн ишемби күнү Сирияда
бир нече ирет орусиялык
жана америкалык учактар
бири бирине 16 чакырымга
чейин жакындан учушкан.
Эки өлкөнүн Коргоо
министрликтеринин өкүлдөрү
Сириянын аба мейкиндигинде
коопсуздукту сактоо маселесин
үчүнчү жолу видео
конференцияда талкуулашты.
Тараптар маалымдаганга
караганда, учкучтардын
коопсуздугун
максималдаштыруу боюнча
келишимди макулдашканга
эки жак өтө жакын турушат.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#308 Пользователь офлайн   medina.   22 Октябрь 2015 - 11:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Орусиянын Екатеринбург
шаарында жалгыз бой
эненин үстүнөн соттук
териштирүү башталды.
Екатерина Вологженинова
социалдык тармактарда
Украина коогасына
байланыштуу макалаларга
“жакты” деген белгини
басканы үчүн террорчуларга
көмөк көрсөттү деп
айыпталууда.
46 жаштагы Екатерина
Вологженинова шаардагы
дүкөндөрдүн биринде сатуучу
болуп иштеп, 12 жаштагы
кызын өзү жалгыз баккан
карапайым эле катардагы аял.
Эми ага социалдык
тармактардагы Украинага
байланышкан көз караштары
үчүн улуттар аралык бөлүнүп
жарылууну баштады деген
айып коюлду.
Украинадагы окуяларга бул
аял бир жыл мурда кызыга
баштаган. Расмий
телеканалдардан көргөн
кабарларды салыштыруу үчүн
башка версияларын
социалдык тармактардан таап
окуп, “жакты” белгисин
басып, кайра өз баракчасына
бөлүшүп турган. Бирок ал
өзүнүн он-лайн жашоосун
тармактагы 52 гана досунан
тышкары атайын кызматтын
интернет-эксперттери да
көзөмөлдөп жатканын билген
эмес. Качан гана үйүнө кирип
келишип, компьютерин,
планшетин, уюлдук
телефонун, ал тургай
кызынын мектептеги
концерттери жазылган
дисктерин тартып алышып,
мамлекеттин алдында чоң
күнөө кылдың деген кат
жибергенде таң калып отуруп
калды.
Ага карата расмий айыптоодо
“Коомдук топторго, Украинада
согушуп жаткан Орусиянын
ыктыяр аскерлерине жана
заманбап Орусиянын
бийлигине шек келтирди” деп
жазылган. Екатерина буга таң
калып, чачылган үйү менен
жуулбаган идишинен башка
кылмыш жасабаганын айтып
күлөт. Жакында эле аялдын
банк карточкасын да сот
тоңдуруп койду.
"Ар кандай террордук
уюмдарга акча салбасын деп
карточкамды өчүрүп салышты.
Балким “Ислам мамлекети”
же “Оңчул сектор”
сыяктууларды каржылап
жатат деп ойлошсо керек", -
деп ийнин куушурат айыпка
жыгылып жаткан аял.
Анын айтуусунда, бул
карточка менен кызына жана
эки мышыгына керектүү гана
нерселерди сатып алчу. Азыр
жалгыз бой эненин
фамилиясы Орусиянын
Федералдык коопсуздук
кызматынын террорчуларга
колдоо көрсөткөндөрдүн “кара
тизмесинде" Шамиль Басаев
сыяктуу “өлүк жандар” менен
чогуу турат. Екатеринанын
жактоочусу Роман Качанов да
таң калганын жашырбай:
- Биздин мыйзам чыгаруучулар
күнөөнү далилдей электе эле
айыпталган кишини жазалай
баштаса карап да коюшпайт.
Соттун чечимине чейин ал
күнөөсүз болуп саналат да.
Бирок бул жагдайды эч ким
эске албайт. Бул иште бир
мандем бардай.
Вологженинованын иши
боюнча алгачкы соттук отурум
жабык өттү. Адвокат
“органдар” бул ишти атайын
токуп жатат деген пикирде.
Екатеринаны сот күнөөлүү деп
тапса төрт жылга чейин
эркинен ажыратылышы
мүмкүн. Аялга коюлган айып
жөнүндө Свердловск облустук
прокурорунун жардамчысы
Марина Канатова мындай
дейт:
- Ооба, ошондой постторду
көчүрүп, өздүк баракчасына
коюу, аларга шилтеме
берүүнүн өзү эле кылмыш
болуп эсептелет. Ушундан
улам аялга кылмыш иши
ачылды.
Алгачкы соттук отурумда
жалгыз бой аялдын
жактоочусу айыптоолорду
негизсиз деп, ишти кайра
прокуратурага өткөрүүнү
суранганы менен анын бул
өтүнүчүн сот четке какты.
Эми Екатерина интернетке
киргенде абдан абайлап,
үйүндөгү мышыктардын гана
сүрөтүн койчу болду.
Бул Орусияда социалдык
тармактын колдонуучуларын
сот жообуна тарткан алгачкы
окуя эмес. Ушул жылдын
сентябрь айында эле
Татарстандын соту татар
коомдук борбору аттуу
бейөкмөт уюмдун төрагасы
Рафис Кашаповду интернет
айдыңына Орусиянын Крымды
бөлүп алуусу менен
Украинадагы кагылышууларга
киришүүсүн сындап жазган
макалалары үчүн үч жылга
эркинен ажыратылган.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#309 Пользователь офлайн   Shaa-82   22 Октябрь 2015 - 12:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

Бир жанылык имиш чыктыле орусиянын окумуштуусунун айтуусунда 17 октябрь жер титиреп андан 40 миндей адам наабыт болот деп болбой калып жаманле болдуда. Тим эле Кудай болуп кетишет тообо. Бир Алла Таалам гана билет не болушту
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#310 Пользователь офлайн   admiral   26 Октябрь 2015 - 15:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 650
  • Катталган: 14 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2024 05:37

Просмотр сообщения Shaa-82 (22 Октябрь 2015 - 12:22) жазган:

Бир жанылык имиш чыктыле орусиянын окумуштуусунун айтуусунда 17 октябрь жер титиреп андан 40 миндей адам наабыт болот деп болбой калып жаманле болдуда. Тим эле Кудай болуп кетишет тообо. Бир Алла Таалам гана билет не болушту

40 мин эмес 40 миллион деп дооруп койуптур,Орусиянын окмуштуусу эмес,Англиялык окмуштуусу
Өлүм бул жашоонун бүтүшү эмес, балким жаңы жашоонун башталышы!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#311 Пользователь офлайн   medina.   27 Октябрь 2015 - 14:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Бүгүн Ош мэри Айтмамат
Кадырбаев жаңы курулуп
бүткөн көпүрөнү сыноо
учурунда үстүнөн оор жүк
ташуучу унаалар өткөн
көпүрөнүн алдында турат. Бул
тууралуу Ош шаарынын вице-
мэри Жапар Ормонов
билдирди. Маалымдалгандай,
калаа башчысы көпүрөнүн
сапаты начар деген
тургундарды ишендирүү үчүн
ушундай ишке барат.
Мурдагы шаар башчы Мелис
Мырзакматовдун тушунда
даярдык иштери башталган
Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн
курулушу аяктап, колдонууга
берилүү алдында турат. Анын
жалпы узундугу 1200, туурасы
24 метр.
Көпүрөнүн алдындагы
коммуникацияларды
жаңыртуу, жанаша кошумча
жолдору менен курулушка 560
млн сом коротулду. (YI)
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#312 Пользователь офлайн   admiral   27 Октябрь 2015 - 16:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 650
  • Катталган: 14 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2024 05:37

Жакшы жанылык экен
Өлүм бул жашоонун бүтүшү эмес, балким жаңы жашоонун башталышы!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#313 Пользователь офлайн   medina.   28 Октябрь 2015 - 13:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Казакстанда 24-октябрда
бийликчил “Нур Отан”
партиясынын Тараздагы
кеңсеси алдында өзүн өзү
өрттөп өлгөн жигиттин
сөөгү жерге берилди. 20
жаштагы Ерлан
Бектибаевдин үй-бүлөсү бир
кезде жакшыраак жашоо
издеп, Өзбекстандан
тарыхый мекени
Казакстанга көчүп келген
экен.
Түштүк Казакстан облусуна
караштуу Аксукент
айылындагы мектепте окуган
Ерлан соңку төрт жылдан
бери Тараз шаарында улуу
агасынын үйүндө жашачу.
Жакын туугандары 20
жаштагы Ерландын өзүн-өзү
өрттөп, жанын кыюусуна
себеп болгон окуялардан
таптакыр кабарсыз болгонун
айтышат. Жигиттин атасы
уулунун ушундай кадамга
барганын Ерландын видеосу
жарыяланган 24-октябрдын
кечинде уккан.
Ишембиде интернетте пайда
болгон видеодо Ерлан
камераны карап алып ушул
жылдын 7-май күнү белгисиз
адамдар Данияр Райымбаев
деген жигитти атып
кетишкенин, ал иш боюнча
полиция Ерланды кармап
кетип, коркутуп кысым
көрсөткөнүн, айласы кеткенде
анын чөнтөгүнө көкнар салып
камакка алышканын
баяндайт.
Ерландын от чулганган
видеосу.
“Жардам сурап "Нур Отан"
партиясына келгем. Мага жан
тарта турган бир да адам
жок, апам каза болуп калган,
атам жаңы үй-бүлөсү менен
жашайт. Жашоодон түңүлдүм,
жарыкты көрө албай турам”
деп көпчүлүккө кайрылат.
Ушул сөздөрдөн кийин
коюнуна катылган бөтөлкөдөгү
суюктукту өзүнө чачып от
коёт да, өрткө чулганган
бойдон бакырып, "Нур Отан"
партиясынын кеңсесине
кирип кетет. Аздан соң
денесинин далайы өрттөнүп,
карайган Ерланды "Тез
жардам" машинеси шаардык
ооруканага жеткирип, он
гүлүнүн бири ачыла элек жаш
жигит эсине келбеген бойдон
ошол эле күнү жан берген.
Жамбыл облусунун Ички
иштер башкармалыгынан
Ерландын коркунучтуу актын
видеого тарткан жаш адам
кармалганын, анын тек-жайы
такталып жатканын
билдиришти. Жергиликтүү
бийлик өкүлдөрү
Бектибаевдин коомчулуктун
үрөйүн учурган окуясы
тууралуу эч кандай
комментарий жасашкан жок.
"Нур Отан" партиясынын
Тараздагы бөлүмүнүн басма сөз
өкүлү Жасулан Абдихалик
“Өзбекстанда туулуп- өскөн
Ерлан Бектибаев буга чейин
партия кеңсесине эч кандай
арыз менен кайрылган эмес”
деген билдирүү таратты. Ошол
эле билдирүүдө Ерлан
Бектибаев буга чейин оор
кылмышка шектелип
кармалганы, ал маңзат алып
жүргөнү үчүн да Тараз
шаарынын полициясы
тарабынан суракка алынганы
айтылат.
Ерландын сөөгү Аксукент
айылында жерге берилди
Казакстандын Жогорку
Сотунун соттук
териштирүүлөр боюнча
расмий маалымдамасында
Тараз шаарында жашаган
Ерлан Бектибаев
Казакстандын жараны экени,
ал ушул жылдын 14-
февралында өзү менен чогуу
окуган химия-технологиялык
коллеждин студентине бычак
сайып качып кеткени үчүн
кармалганы жазылган. Ал
окуядан көп өтпөй Ерлан
автобуста бараткан аялдын
чөнтөк телефонун уурдап
алган деп да айыпталып,
Алматы облусунун Акмола
райондук сотунун өкүмү
менен 3 жыл 8 айга эркинен
ажыратылган.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#314 Пользователь офлайн   Shaa-82   28 Октябрь 2015 - 13:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

Эртен буюрса Ош шаарынын куну белгиленет экен. Бугун болсо жаны эстокада беле ошол копуронун ачылышы болуп атат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#315 Пользователь офлайн   medina.   29 Октябрь 2015 - 21:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

УКМК Сирияда жихадчылар
арасында жүрөт делген
жигит кыргызстандык
экенин билдиргени менен,
видеого чыккан жарандын
тек-жайын аныктай элек.
Расмий тастыктала элек
маалыматка караганда, ал
Бишкектеги медреселердин
биринде таалим-тарбия алган
Баткен облусунун 23 жаштагы
тургуну болушу мүмкүн.
Алты мүнөттөн ашыгыраак
видеодо колуна автомат
кармаган, каз-катар тизилген
түрдүү улуттагы ондон ашык
адам Орусиянын Сириядагы
аракетин кескин айыптап,
коркутуп-сестентип кайрылуу
жасаган. Алгач арабча
айтылган кайрылууга ошол
жерде тургандар өз тилинде
үн кошкон. Арасында 20
жаштагы жигит
кыргызстандык экени
сүйлөгөн сөзүнөн билинип
турат.
Улуттук коопсуздук
мамлекеттик комитеттин
маалымат катчысы Рахат
Сулаймановдун
билдиришинче, видеодогу
жарандын ким экени
азырынча аныктала элек. Бул
видеону интернеттен көргөн
айрым адамдар кыргызча
сүйлөгөн жигитти Аскарбек
Андабаевге окшоштуруп
жатышат.
Отурган жигит Аскарбек
Андабаев болушу мүмкүн
Маалыматка караганда,
Андабаев 23 жашта, Баткендин
Лейлек районунан болот.
Атасы каза болуп калгандан
кийин апасы эки уулун алып
төркүнүнө келген жана
Аскарбек бир тууган агасы
болуп таякелеринин колунда
чоңойгон. Үч-төрт жыл мурун
апасы балдары менен
Бишкекке көчүп келген
дешет.
“Азаттык” Андабаевдин
Султан аттуу алысыраак
тууганы менен байланышты.
Ал Аскарбек Бишкекте
медреселердин биринде
окуганын, Сирияга кеткен
деген маалыматты укканын
айтты:
- Өткөндө анын ошол жакка
кетип калганын уктум эле.
Андан башка эч нерсе
укпадым. Кийин медресеге
окууга кеткен. Окууда
телефон колдонууга уруксат
бербейт экен да, биз менен
сүйлөшпөй жүрдү. Бир жыл
болуп калды окшойт,
тыныгууга чыгып бул жакка
келгенде бир жолуктук, ошол
бойдон көргөн жокпуз. Негизи
телефон колдонбойт эле.
Бишкекте медреселердин
биринде окуп жүргөн.
Соңку күндөрү Сирияда
жүргөн кыргызстандыктар
катышкан, "Ислам мамлекети"
радикал уюмуна кошулууга
кыргызча үндөгөн видеолор
интернетке көп чыга
баштады. Дин иштери боюнча
комиссиянын төрага орун
басары Закир Чотаев ар
кандай аракеттерге карабай
Сирияга азгырылгандардын
азайбай жатышынын себебин
төмөнкүчө түшүндүрдү:
- Ушул тушта күч
органдарынын расмий
маалыматы боюнча 400дөй
кыргызстандык жаран
Сирияда жүргөнүн билебиз.
Негизинен дин тууралуу туура
түшүнүгү жок адамдар кетип
жатат. Диний сабаты
жоктор ар кандай радикалдык
идеологияга берилүүдө. Анан
бул жерде, албетте, жеке
маселелер да бар. Ошол
Сирияга кеткендердин
айрымдарынын үй-бүлөсүндө
маселелер бар, өзү же ата-
энеси ажырашып кеткен, ата-
энесинен ажырап калган же
жумушу жоктор. Бирок
биринчи кезекте, албетте,
диний сабатсыздык турат.
Сириядагы террордук топтун
мүчөлөрү
Эгерде Сириядан Орусияга сес
көрсөткөн адамдардын тобунда
кыргызча сүйлөгөн жигит
Бишкектеги медреселердин
биринде таалим алган
Аскарбек Андабаев экени
аныкталса, атайын кызмат
Кыргызстандагы диний окуу
жайлардагы адамдарды
Сирияга азгыруу фактысын
иликтеши керек болот.
Орусия өткөн айдан баштап
Сирияда аскердик
операцияларга ачык
аралашып, абадан сокку уруп
жатат. Расмий Кремл бул
аракетин террорчуларга
каршы күрөштө Дамаскини
колдоо деп түшүндүргөн.
Президенттин алдындагы
“Ыйман” фондунун мурунку
төрагасы Искендер Ормон
уулунун баамында, кыргыз
жарандары катышкан
интернетке жарыяланган
тасмалар эскертүү болушу
мүмкүн:
- Соңку күндөрү
Кыргызстандан Орусиянын
Сириядагы иш-аракетин
колдогон, ага тарапташ
экенин көрсөткөн билдирүүлөр
чыкты окшойт. Бул ошонун
да таасири болушу мүмкүн.
Бир жагынан муну сес
көрсөтүү аракети деп караса
болот. Радикалдашуу барган
сайын күчөп баратат. Мындай
учурда башкалар үчүн туура,
бирок өзүбүз үчүн туура
болбогон чечимдер кабыл
алынып калышы мүмкүн.
Ошондуктан биз муну ар
тараптуу карап, алдын ала
ойлонуштурулган, маанилүү
чечимдерди кабыл алуу керек.
Өткөн айда Сирияда
чопкутталган аскерий
унаанын ичинде өзүн өзү
жардырар алдында шолоктоп
ыйлаган жаш жигиттин
видеосу жарыяланган болчу.
Кийинчерээк ал
Кыргызстандын Жалал-Абад
облусуна караштуу Сузак
районунун 21 жаштагы
тургуну Бабур Исраилов экени
аныкталган. Андан мурдараак
“Ислам мамлекети” террордук
уюмуна кошулууга үндөгөн,
жихадга чакырган кыргызча
сүйлөгөн белгисиз адамдын
кайрылуусу чыккан эле.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#316 Пользователь офлайн   ere   30 Октябрь 2015 - 13:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 874
  • Катталган: 16 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Июн 2025 10:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:KGZ

" Ырчы Өмүрбек Жанышевдин (Омар) кыймыл- аракетинде кылмыштын курамы жок" деп ага карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG порталына Талас облустук милициясынан кабарлашты.
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.

Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.

Бакыт - деген телегейи тептегиз,

Там-Туң баскан наристенин кадамы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#317 Пользователь офлайн   admiral   30 Октябрь 2015 - 21:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 650
  • Катталган: 14 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2024 05:37

Медина айым,жанылыктарыныз кызыктуу экен.
Өлүм бул жашоонун бүтүшү эмес, балким жаңы жашоонун башталышы!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#318 Пользователь офлайн   osh93   31 Октябрь 2015 - 11:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Дүйшөмбүдө бир катар документтерге кол коюлду
30.10.15 17:35
Венера Осмокeва.
Бүгүн, 30-октябрда, Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин катышуусунда өткөн КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылары төмөнкү документтерге кол койду:

1. Эркин соода аймагы жөнүндө келишим жоболорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу 2011-жылдын 18-октябрындагы чечими жана 2020-жылга чейинки КМШ экономикалык өнүгүү стратегиясынын үчүнчү баскычын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө;

2. КМШга мүчө-өлкөлөрдө электрдик эл аралык байланыш тейлөө кызматын көрсөтүүдө операторлор аралык өз-ара эсептешүүнү ишке ашыруу шарттары жөнүндө келишим;

3. 2020-жылга чейинки мезгилде КМШга мүчө-өлкөлөрдүн транспорттук каражаттары үчүн пайдаланылган жаратылыш газын мотордук отун иретинде пайдаланууну өнүктүрүү жана стимулдаштыру боюнча чаралар жыйындысы жөнүндө;

4. Губкин атындагы Россия мамлекеттик нефть жана газ университетинин базасында жаратылыш газын мотордук отун иретинде пайдалануу, сактоо, ташуу жана өндүрүү жаатында КМШга мүчө-өлкөлөрдүн адистерин даярдоо, кесиптик жактан кайрадан даярдап чыгуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча эл аралык окуу борборун түзүү жөнүндө;

5. Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук аракеттердин катышуучулары, каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсү үчүн жеңилдик жана кепилдик берүүнү өз-ара таануу жөнүндө 1994-жылдын 15-апрелиндеги келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү протоколу тууралуу;

6. КМШ мамлекет аралык статистикалык комитеттин төрагасы жөнүндө;

7. КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Антитеррористтик борбор жетекчисинин орун басары жөнүндө жана башкалар.

Белгилесек, 2016-жылы КМШга төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өткөрүлгөн.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#319 Пользователь офлайн   osh93   31 Октябрь 2015 - 11:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

ТИМ: Джон Керри Кыргызстанга 31-октябрда келет
29.10.15 16:50
Венера Осмокеева
АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Керри Кыргызстанга 31-октябрда келет. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда брифинг учурунда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

"Президент менен жолугуп, ТИМ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан тышкары элчиликтин жаңы имаратынын жана Америка университетинин кампусунун ачылышына катышат", - дейт министр.

Буга чейин ТИМден АКШнын мамлекеттик катчысынын Кыргызстанга келүү мөөнөтүн так айтышкан эмес.

Эскерте кетсек, Джон Керри катчылык кызматка отурганы Кыргызстанга биринчи жолу иш сапар менен келгени турат. 28-октябрдан 31-октябрга чейин ал Борбор Азия мамлекеттерин кыдырат.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#320 Пользователь офлайн   osh93   31 Октябрь 2015 - 11:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Кытай эки балалуу болууга уруксат берди
Кытайдын Коммунисттик партиясы "Бир үй-бүлөгө - бир бала" саясатын токтотконун жарыялады
30.10.15 11:48
Гүлнур Жумалиева
Кытай бийлиги ар бир үй-бүлөгө эки балалуу болууга уруксат берди. Бул тууралуу ТАСС кабар агенттиги жазууда.



Кытайдын Коммунисттик партиясы бейшембиде "Бир үй-бүлөгө - бир бала" саясатын токтотконун жарыялады. Мамлекеттик "Синьхуа" агенттиги билдиргенине караганда бул чечим Бээжин шаарында 4 күнгө созулган өлкөнүн алдыңкы 5 жылдыгы жыйынында кабыл алынган.

Бул чечим тууралуу айың кептер жай башында эле башталып, серепчилер 2016-жылы кабыл алынышы мүмкүн деп жатышкан.

Эсиңиздерге сала кетсек "Бир үй-бүлөгө - бир бала" саясаты 1978-жылы башталган. Муну менен Кытай бийлиги калктын тез көбөйүүсүн басаңдатууну көздөгөн. Бирок бул саясат өлкөдө гендердик дисбаланска алып келип, эркектердин саны көбөйгөн. Анткени түйүлдүк кыз экенин билген түгөйлөрдөн көбү бойдон алдырууну чечип, уулдуу болууну самагандар өскөн. Соңку маалыматтарга караганда 15 жаштан кийинки муунда 100 кызга 118 эркек туш келген. Бул келечекте терс социалдык фактор жаратат деп чочулоо пайда болгон.

Кытай калкы эң көп жана жыш жайгашкан дүйнөдөгү алдыңкы өлкө. Азыр өлкө калкы бир миллиард 370 миңге жетти.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 15:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: