Суперстан: Өч алгым келет! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Өч алгым келет! Өч алгым келет!

#1 Пользователь офлайн   Perikyz.kg   20 Январь 2016 - 22:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 01 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Янв 2016 18:04

Саламатсыздарбы! Мен окуямды кыска нуска жазууну туура таптым.

Менин дагы канча жылдан бери журок ойугон дартымды силер менен болушкум келет. Туура тушунуу менен окуп коесуздар деген умуттомун.


Анда соз башынан болсун!
Кичинемде канчанчы класс экеним так эсимде жок. Менин оюмча 4- 5 класстарда болсом керек. Ал убакта ойносон оюнга, кулсон кулкуго тойбогон учур болот эмеспи. Куду ушундай кундордун биринде уйго конокко таекемдин баласы келип, Каникул болгонуна байланыштуу ал уйдо копко журуп калды. Ал менден 4- жашка улуу болчу.
Бир куну уйдо эч ким жок. Ата энем конокко кеткенине байланыштуу , мени ага дайындап , эч кайда оюнга чыгарба деп ага катуу дайындап кетишти. Ал мени ойнотуп жатып , мага ушунчалык оору сезилди , апа деп кыйкырсам да ал мени кое бербей, ушундай оюн болот. Оюндан да ушунча ыйлайсынбы? Деген сымал толтура бир нерселерди айтып мени соороткон. Бирок мен ошондо омурумдо бир жаралчу намысымдан айрылганын билсем кана аттин....!
Ошентип жылдар отту. Мен мектепти бутоор жылдары бир жигит менен суйлошуп , анын ата энеси куда тушуп , сойко салып кетишти. Биз бири бирибизди аябай суйчубуз. Бир кун корбой калсам, кылымга тете болчу. Аты Мирлан болчу , батыраак эле уйлонолучу, окуунду бутсон жогорку окуу жайга таршырбай эле кой дегенине карабай, окууга тапшырып оттум.


Ошентип студенттик кундор оз нугунда отуп жатты. Оюмдан Мирлан кетпейт, бассам турсам элеси менин бут жан дуйномду ээлеп алган. Конулумдо окуу, журогумдо суйгонум болду. Шаардын алыстыгына карабай бат баттан кабар алып турду. Ал убакта телефон сейрек гана адамдарда бар болчу.

Ошентип 3- курсумда той белгиленип , тойго даярдык коруп, айылда журдум. А Мирлан экообуз той батыраак эле болушун тилеп, кундо сагынганыбызды, ал менсиз жашай албасын жолуккан сайын айтат. А уйдогулор сеп менен алек болуп журду. Тойго 15 кундой убакыт калганда, баягы таекем уйго конокко келип калды. Бир куну короодо жумуш жасап журсом, сенде созум бар эле деп калды.
Ии айта берин, кулагым сизде дедим.
Ал таекем; Мени кечир, ошол убакта ушундай башым, ушундай акылым болгондо ал ишти жасамак эмес элем. Сенин келечегинди ойлобой, озумдун кызыкчылыгым кучтуроок болгон экен. Сенин турмушка чыгып жатканынды угуп, намысым унчукпай коюшка жол бербеди. Сенин кичинекей кезинде кыздыгынды алып койгом"- дегенин билем. Андан кийинки создору эсимде жок. Оюмбу тушумбу деп элес албай жаттым. Нес болдум!
Кантип? Кантип? Акмак! Эми мага кантип уялбай айтып жатасын? Кантип кичинекей кызга колун барды? Акмак! Дедим да уйду коздой жонодум. Анын айткандарынан кийин мен бир солокот жанга айландым. Олгум келди. Канча жолу озумдун жаныма кастык жасадым бирок жан таттуу экен. Колумдан олуп алыш келбеди. Озумдон озум жийиркенип жаттым. Корсо таекем турмушка чыкса уят болуп калбасын деп мага эскерткени экен. Мумкун бир айласын кылаар дегени го.


2- кундой уйдо болдум да, апама тушундуруп айтып, мен башканы суйуп калдым, той болбойт. Сойко салдырып, жаштык кылган экем"- деп туугандарымдын кой ай дегенине конбостон , сойкону женемин колуна берип, шаарга келе бердим.
Жигитимдин туугандары кандай абалда , ал эми анын кандай абалда болгонун элестете бериниздер! ??

2-3 жолу келип себебин айт, баары жакшы эмес беле? Эмне болду? Тушундур! Деп жанды койбоду. Группалаш баламы чалдырып , мен жигити болом. Башка чалып тынчын алба деп аргасыздан айтырууга жарадым.

Ал эми айыл ичине табылбай эле калды. Баары мени куноолоп, шаар коргон эчкиден тунул , бир убакта 2- жигит менен журуп, деген ушу да, башканы таап алыптыр деген сыяктуу ушактар тараптыр.

Жигитимдин уйбулосу менен ата-энем азыркы убакка чейин жакшы эмес.


Куну туну таекем болумушту каргап жаттым. Ушунчалык жек кордум. Жада калса андан оч алуу жолдорун да ойлоп жаттым. Ошентип арадан жарым жылга жакын убакыт отуп, айылга бардым. Эмне кылуу, кандай жашоо кечируу жонундо ойлонбой, робот сымал кек менен жашап калдым. Ошондой кундордун биринде мени ала качып кетишти. Канча кетем деп аракет кылбайын , кары кемпирлер ортого тушуп, ырымдап б.а. Босогого жата калуу, нанды коюу , сары майды коюу жб. Ал эми куйоо сени ыйлатпайм, бактылуу кылам"- , ал эми кайын энем ыйлап оз кызымдай кором деп болгону кетпе деп жалдырады.
Ошентип мен калып калдым.

Эми эмне болду дебейсинерби?

Нике тундо куйоомо башымды жерге салып, козумдун жашы куюлуп жатты. Айткандай эле менден эч нерсе чыкпады.бирок жолдошум менден эч нерсе сурабады себеби ал ойлосо керек, болуп койгон жигити менен жакындаган деп. Ал мени куткарды. Эч нерсе сураган жок. Эч нерсе!!! ! Эч нерсе!!! !
Бирок жолдошумдун алдында озумду ар качан куноолой берем...


Турмушка чыккан мезгилден бери 10-жылдай убакыт отту. 3-балалуу болдук. Турмушумда баары жакшы. Бактылуумун. Жолдошум ал жонундо эч нерсе эстетпейт. Эч нерсе!!жада калса эмне болгон деп дагы сураган эмес. Бирок ошого байланыштуу окуяларга, кинолорго кубо болуп калсак, озумду жаман сезем. Бирок ал эч нерсе билдирбейт. Куйумдуу ата, суйуктуу жар!

Бирок бирок...дагы эле кек менен жашайм. Аны жек кором. Атын, бир туугандарын, ата-энесин жек кором. Дагы эле андан оч алуу жолдорун издей берем. Канча жылдар отсо да , бактылуу болсом да бирок , бирок мен таза келген эмесмин. Озумду ар качан жей берем. Ич ичимден эзилем.

Ал эми тайкен менен байланышасынбы? - деп сурагынар келип жатабы?
Ага да жооп жаза кетейин.

Былтыр соц сеттердин биринде достук жиберип калды. Атын фамилиясын окуп копко чейин озумду кармана албай калтырап чыктым. Арадан канча жыл убакыт отсо да....Жек кором, жек кором аны!!! Уялбай жазат. Кантип жазып жатат, кантип??? Жооп жазбадым.


Айылга барганда биздин кошуна айылга уй салыптыр. Ишенесинерби барган кундон уйумо кайткыча ошол уйун орттоп " оч алгым келди" ! Бирок кудайымдын алдында куноого баткым келбеди. Бирок ар качан андан оч алгым келет. Бирок жолун таппай келем? Ошол айткан кундон баштап бири-бирибизди коро элекпиз. Корсом эмоциям кандай болоор экен??
Ар качан ага деген жек керуу, оч алуу , кек менен жашап келем. Кантип негативдуу ойлордон арыла алам??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Nadir27   20 Январь 2016 - 22:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 08 Май 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2020 07:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Эмне кыласыз эми оч алып,андан коро балдарынызды карап журо бериниз демекмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aiturgasha   20 Январь 2016 - 23:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Чынында таякениз кечире алгыс иш кылыптыр. Ал дагы жаштык кылганго. Откон отту, кеткен кетти. Алдыга карап умут кылып, артка карап шугур кылып жашай бериниз. Аллах бар, озу тараза. Оч алам деген оюнуздан кайтыныз. Жазаны Кудайга коюп берин. Бактылуу экенсиз, дагы да бактылуу омур сурууго аракеттенип, жолдошунузга суйкумдуу жар, балдарынызга мээримдуу эне болуп журо бериниз эжекеси.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   arimle90   20 Январь 2016 - 23:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 15 Июль 15
  • Соңку аракети: 14 Июл 2017 23:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Башында азаптансаныз азыр бактылуу экенсиз. Ошого шугур кылын. Пешененизге тушунуктуу адам жолукканына Аллага ыраазы болун. Оч алганды унутуп кудайга койун. Алла таалам албетте оз ордуна койот ал акмакты дагы. Бактылуу болунуз.
Шамалга каршы барууга мүмкүн, бирок бакытка эмес. Шамал көп жолу кайталанып келет, бирок бул жашоодо бакыт бир гана жолу берилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   gulkar   20 Январь 2016 - 23:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 870
  • Катталган: 12 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 01:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргыз жерим!

ЭМИ ОЧ АЛУУНУН КЕРЕГИ ЖОК,КАНЧАЛАГАН ЖЫЛДАР-АЙЛАР ОТУПТУР.
ОЗУНДУН ДА СЕМЬЯН БАЛДАРЫН,ЖОЛДОШУН БАР КУДАЙГА ШУГУР ЭКЕН,АЛ ОЧ АЛУУНУ ОЮУНДАН АЛЫСТАТ.
ЭМИ АРТЫК КЫЛАМ ДЕП,ТЫРТЫК КЫЛЫП САЛБА.БААРЫНА БИЛГИЗИП.
ТАЙАКЕНДИ БИРДЕ БОЛБОСО БИРДЕ ЖАЗАСЫН АЛААР ЖЕ (АЛГАНДЫР) КУДАЙ БААРЫН ТАРАЗАЛАП КОЁТ!
Никогда не сдавайся.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Atyn-kim-chyragym   20 Январь 2016 - 23:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 848
  • Катталган: 27 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 12:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Се-яха

Бактулуу жашап жатыпсын шугур кыл оч алганда эмне кыздыгын ордуна келип калмак беле тайкен куносун сезип кечирип сураптыр ал деле жаштык кылып койуптурда баары отту Кети
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   aigerim_abduvalieva   20 Январь 2016 - 23:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 258
  • Катталган: 04 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2018 23:23
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Doha оаэ

Акырын коноко чакырын да кызынын бетине типа случайно кислота куюп салын сиздин жашоонузду кандай талкаласа ошого жооп ден за то зордуктап жаткан жоксуз омур бою бетиндеги шрамды коруп сизди эстейт
@
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Leo.   20 Январь 2016 - 23:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 20 Май 2018 21:59

Kudai sakta, kyrgyzdyn jigitteri ne bolup ele atasynar? Tfu, ushundai eki buttuu aibandarga. Tash baranga alysh kerek ozu!
Avtorge emne deshti da bilbeim. Birok ozunuzdu kunoolobonuz. Ich ichinizden ezilseniz ozunozgo ele ooru jaratasyz. Sizge keneshim, joldoshunuzga aitynyz achyk ele. Bul jerde sizdin kypyndai da kunoonuz jok! Siz ali baldarynyzga kereksiz! Antip oilono berseniz oorup kalasyz jash janynyzda ele!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   aijan   20 Январь 2016 - 23:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Оч алгандан мурда артынызда балдарыныз турат - аларды ойлонуз, жолдошунузду ойлонуз, багып остургон ата- эне, кайын журтту ойлонуз, оч алуунуздун залакасы аларга тийбейби?
Кекти да сактоонун пайдасы жок - ичке катылган кек акыр тубу сиздин бир жеринизди ооруткан сизди жеген оору болуп чыга келет.
Кыздыгын жоготкон бир эле сиз эмессиз, бирок куноонуз жок болгондуктанбы бешененизге ушундай жолдош буюруп отургандыр. Жазалоо бул уйбулолуу, жоготоору бар адамдын жумушу эмес. Калчап корунуз- таразанын бир тарабында жакындарыныз, экинчи тарабында - кек. Сизге кимиси кымбат?
Жазалоо оной, бирок табаныз канып, кегиниз кеткенден кийин сизди окунуч деген нерсе тынч уктатпай калат го.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Atyn-kim-chyragym   20 Январь 2016 - 23:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 848
  • Катталган: 27 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 12:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Се-яха

Просмотр сообщения aigerim_abduvalieva (20 Январь 2016 - 23:41) жазган:

Акырын коноко чакырын да кызынын бетине типа случайно кислота куюп салын сиздин жашоонузду кандай талкаласа ошого жооп ден за то зордуктап жаткан жоксуз омур бою бетиндеги шрамды коруп сизди эстейт

Тоба ушинтипда жазабы ----
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   aijan   20 Январь 2016 - 23:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aigerim_abduvalieva (20 Январь 2016 - 23:41) жазган:

Акырын коноко чакырын да кызынын бетине типа случайно кислота куюп салын сиздин жашоонузду кандай талкаласа ошого жооп ден за то зордуктап жаткан жоксуз омур бою бетиндеги шрамды коруп сизди эстейт

Кызында эмне куноо, кокуй?

"Сенин апан/жубайын/ келинин ушундай" дегенди угуу деле онойбу жакындарына?

Анда кызына кислота куйганча ошо кек алчу кишиге эле куюп салганы он эмеспи?

Бирок кийин балдары кекчил апасынын артынан жер карап калбайбы?

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Mediziner   20 Январь 2016 - 23:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения aigerim_abduvalieva (20 Январь 2016 - 23:41) жазган:

Акырын коноко чакырын да кызынын бетине типа случайно кислота куюп салын сиздин жашоонузду кандай талкаласа ошого жооп ден за то зордуктап жаткан жоксуз омур бою бетиндеги шрамды коруп сизди эстейт


Коюңуз эже антип кеңеш бербеңиз.. Байкуш кызда эмне күнөө? Атасынын айыбы үчүн жооп бербей эле койсун. Ал кишинин жазасын Аллах өзү берет.

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Mediziner   21 Январь 2016 - 00:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Автор кекчил болбоңуз. Акыретти ойлоңуз, Аллах кекчил пенделерин жактырбайт. Өтмүш менен жашабаңыз, ал өттү кетти, кайра артка кайтпайт. Бүгүнкү күн менен жашаңыз, убактыңызды жашооңуздү талкалаган адамды ойлоп өткөрбөңүз. Алтындай убактыңызды кетирип, нервиңизди кетирип ойлонууга ал адам арзыбайт! Намазга жыгылып, Аллахтан ал адамга өз жазасын берүүсүн сураныңыз, бул дүйнөдө эч нерсе жоопсуз калбайт..
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   aigerim_abduvalieva   21 Январь 2016 - 00:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 258
  • Катталган: 04 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2018 23:23
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Doha оаэ

Ал зордукталган кызда деле куноо жок болчу да вот жондон жон эле зордукталган Ока за ока зуб за зуб дейт бул лично менин оюм убагында биронун бетине чача албай калганыма азыргыча окуном
@
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   aigerim_abduvalieva   21 Январь 2016 - 00:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 258
  • Катталган: 04 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2018 23:23
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Doha оаэ

Анан да мен атайлап эмес случайно дедим
@
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Nurmatova.   21 Январь 2016 - 01:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Эми кокустан ынгайы келип калса ысыган канды суутуп оч алсан жакшы эмеспи?!... .


Оч алыш керек куноокор адам жазасыз калбаш керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   jass00   21 Январь 2016 - 01:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 939
  • Катталган: 06 Июль 13
  • Соңку аракети: 08 Апр 2016 14:27
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Keremettuu ow jergesinde

Тобо,мен кутпогон аттуу баштуу форумчулар эле эмне деп кенеш берип салган,тан аа,оч алуунун кереги жок,сиз Аллахка коюн,Аллах таразалайт
Адилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   orhidea   21 Январь 2016 - 01:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 99
  • Катталган: 26 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 23 Фев 2016 17:34
  • Жынысы:Аялзаты

Оч албай эле койунуз. Кудай оз жазасын берет. Ичинизге катпай жолдошунузга айтыныз, Айжан Эже айткандай оорулуу болуп калышыныз мумкун. Жолдошунуз жакшы адам экен. Уй булонузду жер каратпаныз. Унут деп айта албайм, андайды унутуп болбойт болгону кудайга койунуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   DilaraHamza   21 Январь 2016 - 01:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 25 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 17 Окт 2016 17:53

Оч алуу -журокко тынчтык алып келбейт.Шугур кылыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Гука   21 Январь 2016 - 02:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 008
  • Катталган: 09 Апрель 08
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 02:35
  • Жынысы:Аялзаты

Баарын Кудайга коюнуз. Кудай кимди кандай жазалайт жакшы билет. Ошондуктан сизге тушунуктуу, жакшы жубай бериптир,ошого ыраазы болуп,оз турмушунуз менен болунуз. Ал адамды Аллах гана жазалайт.
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 22:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: