Автор:
Чубак ажы Жалилов
Айың кепке акыркы чекит...
Акыркы убакта мусулмандардын арасында Имам Махдийдин чыгуусу туурасында ар кандай кептер айтылып келет. Кээ бирлер чыгыптыр десе кээ бирлер эми чыгат экен дешет. Ажылык сапарга барган учурда да бул туурасында ар кандай кептер угулат. Хаарун Яхя ааттуу Түркиялык адамдын Махдий экендиги жөнүндөгү имиштер да жок эмес. Түркиялык кээ бирлер ага кол бергени айтылса, кээ бирлер ага каршы чыккандыгы да айтылып келет. Азыркы ааламдашуу заманында бизгеда бул нерсе тез эле жетип келүүсү турган иш. Андыктан айың кептерге акыркы чекит коюу маселеси келип чыкты.
Имам Махдий
Заман акыр болгон чакта бузукулук көбөйүп, зулумдук күч алат. Алдуусу алсызынын акысын жейт. Жамандар төргө өтүп, элди бийлеп калат. Мына ошондо мусулман атпай, жербетин каптаган зулумдукту айдай турган, бүтүндөй ааламды каптаган караңгылыктын чеңгелинен адамзатты сууруп чыга турган жаңы танды, жакшы жашоону үмтөтүп күтүшөт.
Аллах Таала Мухаммад бин Абдиллах Ал Хасаний Ал Алавий Ал Махдийдин чыгуусуна уруксат берет.
Аты-жөнү
Фатима энекебиз менен Азирети Алий разиаллооху анхулардын уулу Азирети Хасандын насилинен чыккан Абдуллах уулу Мухаммад.
Ибн Масьууд айтат: Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дейт: "Бул дүйнөнүн күндөрүнүнбаары түгөнүп аягында бир күн калган болсо да, Аллах Таала ошол күндү, менден(же менин тукумумдан) чыккан аты атыма,атасынын аты атамдын атына уйкаш келген адамды жөнөткөнгө чейин узартат. (Термизий (2231), Абу Дауд. Ибн Таймия сахих деп баасын берген). Хадистин мааниси "бул адам келбей койбойт, сөзсүз келет" дегенди туюндурат. Имам Термизий бул хадисти Имам Махдий туурасындагы бабта келтирген.
"Махдий"
- Имам Махдийдин лакап аты. Аллах Таала акыйкаттын жолуна хидаят берип түшүргөндүктөн "туура жолго салынган"
деген маанидеги Махдий лакабы менен айтылып калган (Барзанжий, 177-б).
Азирети Хасандын тукумунан болуусунун сыры
Азирети Хасанга, атасы Азирети Алийдин шейит болуусунан кийин халийфалыкка кол берилип,натыйжада мусулмандарда эки халийфа пайда болот. Биринчиси Хасан бин Алий бин Аби Тоолиб Ирак, Хижаз ж.б. жерлерди караса, экинчиси Муьаавия бин Аби Суфян Шам жана анын айланасындагы жерлерди карайт. Азирети Хасан алты айдан соң халифалыгын Муьавияга эч бир шарт койбостон өткөрүп берет. Негизги максаты мусулмандардын сабын бириктирүү,
ыркын бузбоо болгон. Бардык мусулмандардын бир адамга баш ийүүсүн камсыз кылуу болгон. Бейкүнөө кандын төгүлүүсүн токтотууну ошентип камсыздаган.
Аллах Таала үчүн халийфалыгын өткөзүп бергендиги себебинен, Аллах Таала анын тукумунан Имам Махдийди чыгарып, ал адилеттүүлүк менен жети жылы мусулмандарды башкарат (Алманаар ал мунииф).
Келүү себеби
Жер бетин жамандык иштер каптап, бузукулук чулгап, зулумдук күч алып, адилеттүүлүк азайып акыр заман келгенде Аллах Таала такыба пендесин жөнөтөт. Кудай Таалам бул пендесинин колу менен үммөттүн акыбалын оңдойт. Ахли суннада бул адамды Имам Махдий деп билебиз. Анын жолун жолдоочулар,
ишин колдоочулар болот. Бир канча согуштарда момундарды жетегине алат, ийгиликтүү жана хикматтуу кол башчы болот.
Сыпаттары
Пайгамбарыбыз алайхиссалам Имам Махдий сыпаттайт: "... Маңдайы ачык, кырдач мурун..."
.(Абу Дауд, 2485. Хасан иснад менен)
Өкүмдарлыгынын мөөнөтү
Мусулмандарга жети жыл өкүмдарлык кылат. Анын өкүмдарлыгынан мурда адилетсиздик менен зулумдукка бул аалам кандай толгон болсо, Имам Махдийдин өкүмдарлык жылдарында бул ааламды адилеттүүлүккө толот. Анын доорунда үммөт болуп көрбөгөндөй жакшылыктарга тунат. Жер өзүнүн ырыскысын аянбай берсе, асман өзүнүн берекесин ченемсиз төгөт. Мал-дүнүйөнү аянбастан адамдарга берет (Мустадрак, Имам Хааким).
- (2 )
-
- 1
- 2
Имам Махди жөнүндө Айың кепке акыркы чекит
#2 28 February 2013 - 23:59
Кай жерден чыгат?
Машрык (чыгыш) тараптан чыгат. Жеке өзү эле чыкпастан, Машрыктан аны колдогон адамдар чыгат,аны менен бирге динди көтөрүшөт, Кудай Тааламдын жолунда жихадка чыгышат.
Кай убакта чыгат?
Акыр заманалдында адамдар кыйсыпыр түшүп, падышалык талашка түшүп, айрым үч падышанын үч уулу такты жана Каьбанын алдындагы кен-байлыкты талашышат. Бирок ал такты бирине да насип болбойт. Ошол учурда Имам Махдий Меккеде болуп, Каьбанын дал өзүндө мусулмандардын башчылыгына шайланып, ага моюн сунууга, аны ээрчүүгө күбөлөндүргөн күбөлүк катарында кол (байьат) берилет. Бул маанидеги хадисти Азирети Саубан Пайгамбарыбыз алайхиссаламдан риваят кылат (Ибн Маажа 4084).
Имам Махдий туурасындагы хадистер жөнүндө
Имам Махдий жөнүндөгү хадистер жалпы жонунан экиге бөлүнөт. Биринчи тайпадагы хадистерге Азирети Имам Махдийдин аты ачык айтылган хадистер кирсе, экинчи тайпага аты ачык айтылбастан, анын сыпаттары белгиленген хадистер кирет.
Имам Махдий жөнүндө элүү хадис айтылып, арасында сахих, хасан жана заьифтери да бар. Ошондой эле Имам Махдий жөнүндө жыйырма сегиз кабар (асар) да риваят кылынат.
Имам Сафаарииний, Сыддиик Хасан Хан, Шаукааний, Мухаммад бин Хасан Ал Иснавий жана Хаафиз Аабурийдин айтуусунда Имам Махдий жөнүндөгү кабарлар мутаваатир(таваатур маьнавий) деңгээлине жетет.
Имам Махдий турасындагы хадистерди отуз сахааба ривая кылат.

#3 01 March 2013 - 00:01
Имам Махдийдин аты ачык айтылган кээ бир хадистер
1. Абу Саьиид Худрийден, Пайгамбарыбыз алайхиссалам айтат: "Үммөтүмдүн акырында Махдий чыгат. Кудайым ага пайдалуу жамгыр берет. Жер өзүнүн берекесин чачат. Пенделерге мал-дүйнөнү аянбастан тегиз берет. Кара-мал, майда-жандык көбөйөт. Үммөттүн даражасы жогорулайт. Ошентип жети же сегиз жыл жашайт (падышалык кылат)". (Имам Хааким Мустадракта риваят кылып, иснады сахих болгондугуна карабастан, экөө (Бухарий,Муслим) китептеринде бул хадисти келтирген эмес деп айтса, ага Имам Захабий макулдугун берет. Белгилүү болгондой, Хаакимдин баасына Захабий макулдугун бергенде, хадис сахих деп билинет).
2. Алий бин Аби Тоолибтен, Пайгамбарыбыз алайхиссалам айтат: "Махдий бизден болот. Ахлул байт. Аллах Таала бир түндө жарактуу кылат!" . (Муснад. Сахих иснад менен). Мулла Алий Каары айтат:" Бир түндө жарактуу кылат дегендин мааниси, Кудай Таалам бир түндүничинде, бир эле убакта анын кадырын көтөрүп жиберет, акыл-эстүү делген чечим ээлери, журт каймактары анын халийфалыгына бир ооздон макул болушат". Мына ушунун өзү эле Махдий Мухаммад бинАбдиллах өзүнүн хадистерде айтылган Имам Махдий экендигин күн мурунтадан билбестигине ишаарат. Качан гана адамдар ага байьат кылышып кол беришип, анын айланасына топтолушкан учурда өзүнүн ошол Махдий экендигин туят. Халийфалыкты талап кылбайт, ага өзүн ылайыксыз деп сезет. Ошондуктан ал каалабаса да (АбуДауд 4286) адамдар аны өздөрүнө халийфалыкка шайлап алышат. Имам Махдий Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жолун карманып, шариат боюнча өкүм жүргүзөт,адилеттүү фатва берет, талаш-тартыштын баарын Кудайга жага тургандай чечет.
3. Умму Саламадан, Пайгамбарыбыз алайхис саламайтат: "Махдий менин урук-тукумумдан, Фатиманын балдарынан болот!" (Абу Дауд 4284 сахих иснад менен)
4. Жаабирден, Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат:"Ийса бин Марям түшкөн убакта, мусулмандардын амири Махдий ага "Кел,бизге имамчылыкка өт!", дегенде, Ийса пайгамбарыбыз алайхис салам"Жок! ..." деп жооп берет"(Хаарис бин Усаама муснадында мыктыиснад менен келтирет. Сахих хадистерден шахидтери бар). Хадистен маалым болгондой Дажжаал Имам Махдийдин убагында чыгат. Ошол убакта Ийса пайгамбарыбыз алайхис салам Дажжаалды өлтүрүү үчүн түшүрүлөт. Ошол убакта Махдий жалпы мусулмандардын халийфасы болуп турган болот.Ийса алайхис салам жалпы мусулмандар менен биргеликте Махдийдин аркасына туруп намаз окуйт. Андан сырткары айта кетчү маселе, Ийса алайхис салам Имам Махдийдин артында туруп намаз окуса эле, Имам Махдий Ийса пайгамбарыбыз алайхиссаламдан артыкча фазилеттүү болуп кетпейт. Пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис салам деле өлүм оорусунда Азирети Абу Бакрдын артында туруп намаз окубады беле (Термизий)? Ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис саламдын Табуук казатында (Муатта, Муснад) Азирети Абдурохмаан бин Ауфтун артында да туруп намаз окуганы бар (Муслим 274). Демек,Ийса алайхис саламдын Мухаммад Пайгамбарыбыз алайхис саламдын үммөтүнүн бири болгон Имам Махдийдин артына сапка туруп уюшу, Мухаммад алайхис саламды ээрчип келгендигине, анын шариаты менен өкүм жүргүзүүгө түшкөндүгүнө айкын далил. Имам Махдий өзү Ийса алайхис саламдын жоокерлеринин катарын толуктап, аскерлеринин арасында болот.
5. Ибн Масьуудтан, Пайгамбарыбыз алайхис саламайтат: "Бул дүйнөнүн күндөрүнүн баары түгөнүп аягында бир күн калган болсода, Аллах Таала ошол күндү, менден (же менин тукумумдан) чыккан, аты атыма, атасынын аты атамдын атына уйкашкелген адамды жөнөткөнгө чейин узартат.(Термизий (2231), Абу Дауд. Ибн Таймия сахих деп баасын берген). Хадистин мааниси "бул адам келбей койбойт, сөзсүз келет" (Сахааранфуурий) дегенди туюндурат. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын аты-жөнү Мухаммад бин Абдиллах болгондой эле, Махдийдин аты-жөнү да Мухаммад бин Абдиллах болот. Шииттер Махдийдин аты-жөнүн Мухаммад бин Хасан Ал Аскарий деп атап жүрүшкөндүгүнүн каталыгы ушундан билинет.
6. Ибн Масьуудтан, Пайгамбарыбыз алайхис саламайтат: "Менин тукумумдан чыккан, аты атыма, атасынын аты атамдын атынаокшош адам келип падыша болмоюнча кыямат келбейт!" (Муснад 3571).

#4 01 March 2013 - 00:08
Имам Махдийдин аты ачык айтылбастан сыпаттары чагылдырганкээ бир хадистер
7. Абу Хурайрадан, Пайгамбарыбыз алайхис саламайтат: "Силер кандайсыңар, Ибну Марям (Ийса алайхис салам) силерге түшкөн убакта имамыңар өзүңөрдөн болот?" (Бухарий 3449, Муслим). Хадисте айтылынган имам Имам Махдий экендиги Жабирден (№4 хадис) риваят болгон хадистиндалаалаты менен анык.

#5 01 March 2013 - 00:09
Шиит агымынын акыйдасындагы Имам Махдий
Жогоруда баяндалган маселелер Сунний багытындагы мусулмандардын ишеними, акыйдасы. Ал эми шииьа агымындагылар өзүнчө башка бир акыйда маселелерин айтышат. Алардын пикиринде:
· Имам Махдий он эки имамдын акыркысы, аты-жөнү Мухаммадбин Хасан Ал Аскарий. Азирети Хусейиндин (Хасандын эмес) тукумдарынан болот.
· 260-хижрий жылында Багдаттын жака белиндеги Самарра деген жердеги жертөлө-үңкүргө кирип кеткен.
· Үңкүргө кирип кеткен учурунда беш жашта болгон. Ошондонушуга чейин (1174 жылдан бери) ошол үңкүрдө жашап келет, тирүү. Акыр заманда чыгат.
· Ал ааламды аралап, адамдардын ал-акыбалдарын билип жүрөт.Бирок адамдардын көздөрүнө көрүнбөйт.
Албетте, булардын айтканы, Имам Махдий туурасында ишенген акыйдасы туура эмес. Ибн Касиир (Нихаая) баш болгон бир топ сунний аалымдар булардынкаталыгын өз эмгектеринде ашкерелешкен.

#6 01 March 2013 - 00:10
Өздөрүн Махдиймин деген кээ бир жалганчы "махдийлер"
туурасында
· Убейдулла бин Маймуун Ал Каддаах. 325-хижрада өлгөн. Чоң атасы жөөт болгон. Мусулмандарды аёосуз өлтүрүп, Каьбадагы кара ташты 317-хижрада уурдап кеткен "Карраамита" агымынын башчысы. Тарыхта Фатимийлер деген наам менен белгилүү болушкан. Ибн Касиир айтат:"Фатимийлер 289 жылдан ашуун бийлеп турушкан. Убейдулла Ал Каддаах өзүн махдиймин деп жарыялаган. .."( ал Бидая ван нихая).
· Мухаммад бин Абдиллах Ал Кахтааний. Түшүндө өзүнүн махдий экенин көрүп, адамдарга кол берген. Сауд Арабиянын борбору Рияд шаарында турган. Жамааты менен келип 1400-хижрада (1980-мийладий) Меккедеги Харам мечитти каптап алышкан. Тарыхта (Харам фитнасы) деген ат менен калган окуя.Окуя анын өлтүрүлүүсү менен бүткөн.

#7 01 March 2013 - 00:11
Өздөрү айтпаса да, адамдар аларды "махдий"
деп алышкандардын кээ бирлери туурасында
· Абдулла бин Сабаь Азирети Алий бин Аби Тоолибти Имам Махдий ушул деп айткан.
· Мухтаар бин Убейд Ас Сакафий Мухаммад бин Ханафийяны Имам Махдий деп айткан.

#8 01 March 2013 - 00:12
Махдиймин дегендер, же махдий деп айтылгандар менен илимий мамиле кылуудагы эрежелер
Имам Махдиймин дегендерге ишенбей, аларды жалганчыга чыгарып жаткандыгыбыз, Имам Махдий жөнүндөгү хадистерди жокко чыгаргандык эмес. А бирок акыйкат менен каталыкты туура ажыратуубуз үчүн Имам Махдий жөнүндөгү маалыматтарды так билүүбүз керек. Көрүнгөн келип башыбызды оорута бергидей мусулмандар көчөдө калган эмес.Ар бир маселени илимий таризде чечкенге аракеттенебиз. Имам Махдийди билүүнүн эрежелери:
1. Имам Махдий эч убакта өзүнө адамдарды чакырбайт. Өзүнө кол берүүгө үгүттөбөйт. Адамдар ал каалабаса да, ага кол берип халийфалыкка шайлап алышат.
2. Аты Мухаммад, атасынын аты Абдулла болуусу керек.
3. Теги Азирети Хасан бин Алийге баруусу кажет.
4. Маңдайы кенен, ачык, жарык болуп, мурду кырдач сулууча келген болуусу тийиштүү.
5. Саалих, такыба болуп, шариат илимине ээ болгон акыл-эстүү адам болуусу шарт.
6. Имам Махдий төмөндөгүдөй шарттарда келет:
· Кайсы бир халийфа өлгөндөн кийин болуучу такты талашуу;
· Жер бетинин баары акыйкатсыздык менен зулумдукка толуп кетүүсү;
· Үч адамдын бийлик талашуусу. Үчөөнүн ар бир халийфанын уулу болуп, артында ээрчиткен жамааттары бар.
· Мекке шаарында Рукун менен Макаамдын ортосунда кол (байьат) берилет.

#9 01 March 2013 - 00:14
Жалпы эрежелер
· Кимде ким өзүн Махдиймин деп айтса, анын доорунда Дажжаал чыкпаса, анда ал адам акыйкатта чоң алдамчы, дажжаалдардын бири.
· Кимде ким өзүн Ийса алайхис саламмын десе, андан мурда Дажжаал чыкпаса, анда ал дагы акыйкатта чоң алдамчы, дажжаалдардын бири.
· Имам Махдий суннийлерде, адилеттүүлүктү жайылткан мусулмандардын акыйкат имамдарынын, падышаларынын бири. Маьсуум эмес.( Маьсуум – күнөөлөрдөнтосулган инсанга айтылат. Мындай макамга Пайгамбарлар алайхимус саламдар ээ).
Имам Махдийге ишенбеген аалымдар да бар
· Ибн Халдун. Ибн Халдундун пикиринде Имам Махдий туурасындагы хадистер алсыз (даьиф) болгондуктан ишенүүнү жарата албайт."Кириш сөзүндө" айтат.
· Мухаммад Рашид Рида. "Манаар" аттуу тафсиринде айтат.
· Ахмад Амиин. "Зухал ислаам" китебинде айтат.
Бул аалымдардын айткан далилдери орунсуз, ар бир сөзүнүн жообу да бар. Ижтихад кылып, адашып калган деп жоромолдойбуз. Пайгамбарыбызалайхис салам айтат эмеспи: "Мужтахид ижтихад кылып туура айтса эки сооп,ал эми ката айткан болсо бир сооп берилет!" .
Пайдаланылган адабияттар:
1. Ашраатус сааьа. Сахаавий.
2. Ал ишааьа. Ал Барзанжий.
3. Ал манаар ал мунииф. Ибнул коййим.
4. Ал Махдий ал мунтазар. Адааб Ал Хамш.
5. Базлул мажхууд. Сахааранфуурий.
6. Муснад Ахмад. Ахмад бин Ханбал.
7. Нихаятул аалам. Мухаммад Урейфий.
8. Тазкира. Куртубий.
9. Фатхул баарий. Ибн Хажар.
10. Шархул макаасид. Тафтазааний.
Урматым менен Чубак ажы.

#10 01 March 2013 - 09:45
"Мужтахид"
, "ижтихад"
дегендерди түшүндүрүп берсеңиз. Анча түшүнө албай жатам.
"Мужтахид ижтихад кылып туура айтса эки сооп,ал эми ката айткан болсо бир сооп берилет!"

Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#11 04 March 2013 - 15:48
Майтрея - это предполагаемый грядущий новый Мировой Учитель, глава Иерархии Духовных Учителей, который должен повести человечество в новую эпоху. Является ли он реальной личностью или эта информация неверна? Спросите, пожалуйста,
у Зетов. Если он тот, о ком говорят, то Зеты должны о нем знать.
Мы упоминали, что во время наступающего сдвига полюсов произойдет Преображение Земли в мир, как было намечено
, населенный только представителями ориентации непреклонного служения другим. Это случится потому, что массовое вымирание людей из-за сдвига полюсов будет способствовать быстрому изменению воплощений,
так что души тех, кому предназначено унаследовать Землю, благодаря их ориентации Служения Другим, смогут быстро перевоплотиться,
а души тех, кому предназначено воплотиться в другом месте, могут быть быстро перемещены.
Ожидается, что этот сдвиг полюсов будет резким, с результирующим 90%-ным вымиранием населения. Помимо того, что на это время указывают в пророчествах и религиях как на период большого геологического потрясения, о нем еще упоминают ввиду важных социо-политических аспектов и духовного преображения, которое тогда произойдет. Оно известно, например, в христианской религии как Армагеддон с предсказанным возвращением Иисуса, войной и слухами о великой битве. В Исламе оно известно как время прихода Махди с подобными последствиями и связано с моментом возвращения Иисуса. Во время мирового Преображения возникает поляризация духовных ориентаций на группы Служащих Себе и Служащих Другим. Служащие Себе, терпящие неудачу в контроле над миром, который они должны будут теперь покинуть, проявляют свою ярость из-за потери, пытаясь уцепиться за власть, как происходит во время сегодняшней войны в Ираке, являющейся очевидной попыткой контролировать мировые нефтяные запасы, поэтому место разжигания ожидаемой из пророчества войны сосредоточено на Ближнем Востоке.
Мы упоминали, что три мировые религии были основаны на Земле Звездными Детьми - Буддой, Мухаммедом и Иисусом, каждый из которых имел подобную миссию и послание. Конечно, это послание было искажено представителями Служащих Себе, которые вставили в него правила, инструкции и воззвание к возмездию путем разжигания религиозных войн. Мы упоминали, что ожидаемое возвращение Христа не следует интерпретировать, как возвращение именно этой специфической души, которая всегда занята где-то в другом месте в миссиях, подобных той, которую он имел на Земле. Он подразумевал, что в это время на Землю прибудут многие Служащие Другим, принадлежащие его очевидной ориентации. Так же дело обстоит и с Буддой Майтрейей, под которым понимаются многие личности, а не одна.
П.С.
Бир киши деп
#14 14 April 2014 - 00:36
Дауд ака.
Мен мындай дагы уктум эле.
Меккеде имам Махди жонун кайсы эл кандай уй булодон чыгат качан чыгат?Дешип азыркы убакытка чейин изилдешип журот.Керек болсо кун сааат секунт санап кутушот деп.Чынбы ушул кенениреек жаза кетсениз убактыныз болсо сонун маалыматтар экен

БЫЙЫЛ СӨЗССУЗ ҮЙЛӨНӨМ
#15 14 April 2014 - 00:42
Имам Махди келет бирок аны качан келишин бир Кудай билет башка эч ким билбейт. Дал ошол халифалыктын алдында келет. Иса а.с да тушот
#16 14 April 2014 - 03:11
Аллах раазы болсун Дауд мырза.. Аябай пайдалуу создорду зеерикпей жазып кетипсиз..
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
#19 20 June 2014 - 14:36
Дауд ака.
Мен мындай дагы уктум эле.
Меккеде имам Махди жонун кайсы эл кандай уй булодон чыгат качан чыгат?Дешип азыркы убакытка чейин изилдешип журот.Керек болсо кун сааат секунт санап кутушот деп.Чынбы ушул кенениреек жаза кетсениз убактыныз болсо сонун маалыматтар экен
Мен мындай дагы уктум эле.
Меккеде имам Махди жонун кайсы эл кандай уй булодон чыгат качан чыгат?Дешип азыркы убакытка чейин изилдешип журот.Керек болсо кун сааат секунт санап кутушот деп.Чынбы ушул кенениреек жаза кетсениз убактыныз болсо сонун маалыматтар экен
Аны күтүп, издегендер көп эле. Арабтар эле эмес, башкалар да кызыгып издеп жатышкан чагы. Офисялдуу эмес маалыматтарга караганда ЦРУ аны табууга ар жылы 1 млрд. доллар жумшайт экен. В.А.Ефимовтун кайсы бир китебинен ушунтип окудум. Анан өткөндө дагы бир журнал АКШ нын Ирактагы аскерлери колго тушкөн Ирактыктарды суракка алган убакта имам Махди жөнундө да сурашкан деп жазып чыкканын окудум эле. Кайсы бир жылы Кыргызстандан ажылыкка барган кээ бир адамдар да, ал быйыл чыгат экен деп Меккеде аны күтүшкөн.
Бирок анын келээр күнү так айтылган эмес. Болгону хадистерде ал келээрден мурда боло турган кээ бир окуялар айтылган.
#20 22 June 2014 - 17:47
Имам Махди фарс тилдуу адамдардын арасынан чыгат деген кептин чындыгы барбы?
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео