Суперстан: Жалкоолук - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жалкоолук

#21 Пользователь офлайн   jeki_li   24 Январь 2014 - 04:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 04 Январь 14
  • Соңку аракети: 11 Авг 2014 16:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения aijan (20 Январь 2014 - 14:35) жазган:

Менин да колдорум жаны келин болуп барып шыпыргы кармаганымдан туурулуп кетээр эле. Колдорумдан жумушта уялчумун. Анан перчатки кийип шыпыра баштадым %)/> боюм узун жаным белим талып калчу, шыпыргыга сап улап алдым(элестете бергиле да эми %)/> ) Кийинчерээк перчатки кийип элди уркутпой, ошо шыпыргынын кармай турган жерин бекем кылып чупурок же скотч менен танып койсо деле колдун туурулганынан айрылса болот экенин билдим.

Хе хе Эми билдим шыпыргыларга неге чупурок байлап койос десем женем , ырымы бар деди эле ,
Ырымын бир айтып чычалатпасам!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 15:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Жалкоолукту 8 ыкма менен жеңсе болот

Сүрөт Жетекчиңиз берген тапшырманы аткаруунун ордуна социалдык тармактарга "байланып" чыга албай отура бересизби? Дүкөнгө бир буюм алуу үчүн дээрлик бир саатыңызды коротосузбу? Эгер бул адаттар сизде болсо, аны жалкоолукка шылтоолоп койбоңуз. Себеби, психолог адистеринин айтымдарында, мындай сапаттын артында байкалбаган олуттуу психологиялык көйгөй турат. Аны кантип байкап жана жалкоолукту кантип жеңүүгө болот? Жообун чогуу окуйлу.

Психолог адистеринин айтымдарында жалкоолук деген түшүнүк жок, бирок каршылык көрсөтүү деген түшүнүк болот. Ал, ар кандай себептерден улам пайда болот. Маселен, сиз кайсы бир жумушту сөзсүз жасашыңыз керек болгону менен, өзүңүз аны менен алектенүүнү такыр каалабайсыз. Анткени, сизде коркуу сезими орун алып алган болот. Балким бул иш менин колумдан келбейт, же буга күчүм жетпейт-, деген сыяктуу чочулоо сезимдерине кабыласыз. Мунун айынан алдыңыздагы аткара турган иштен качып, өзүңүздү- өзүңүз алдап жалкоолоносуз.

Сүрөт

1. Алдыңызга реалдуу гана максаттарды коюңуз

Бир аптада 7 күн, ал эми бир суткада 24 саат бар эмеспи. Бирок, айрым учурда чындыктын көзүн карабай эле, бир айда бүтө турган ишти бир аптада бүтүрө салууну көздөйбүз. Мындай ыкма менен план жазган күндөлүктү ишке ашпай турган иштерди аткарууну жазып толтуруп коёбуз да муну аткарууга мүмкүн эмес деген ойго орун калтырбайбыз. Бирок, ошол эле учурда өзүбүз аны аткарууга мүмкүн эмес экендигин сезебиз. Демек, кандай гана иш палндабаңыз анын ийгиликке жетпей тургандыгын сиз алдын ала эле билип жатпайсызбы? ! Анда, ушундай ашыгуунун кажети барбы? Өзүңүзгө суроо берип көрүңүз. Андыктан алдыңызга реалдуу ишке аша турган гана максаттарды коюңуз. Муну менен сиз бардык ишти өз убагында жасап, жалкоолук деген жаман адаттан кутуласыз.

Сүрөт

2. Эң майдадан баштаңыз

Сизге тапшырылган олуттуу жана маанилүү долбоор ордуна жылбай турат. Буга ким күнөөлүү? Жок дегенде аны аткарууга алгачкы кадамдар да коюлган эмес. Себеби, сизди алдыда кезиге турган кыйынчылыктар чочулатат. Чөйрөңүздөгү адамдардын ишеничин актай албай калам деп коркосуз. Бул сезимден арылуу үчүн кичинекей эле амалкөйчүлүккө барыңыз. Ал үчүн, аткара турган жумушуңузду 4 бөлүккө бөлүп, бир бөлүгүн аткаруудан баштаңыз. Аягында кантип бүтүп калганын озүңүз дагы байкабай каласыз.

Сүрөт

3. Ийгилигиңизди өзүңүзгө "жууп" бериңиз

Ар бир татаал ишти жасап бүткөн соң, аны ийгиликтүү аяктадым деп озүңүзгө озүңүз белек сатып алыңыз. Же болбосо, жакшы көргөн киноңузга барыңыз, кафеге барып көптөн бери каалап жүргөн тамагыңызды жеңиз. Ийгилигиңиз үчүн өзүңүзгө өзүңүз сыйлык берүү менен ийгиликтердин дагы көбүн багынтасыз.

Сүрөт

4. Кызыгуу издеңиз

Жалкоолукка көндүргөн адаттарды пайдалуу кызыгууга айландырыңыз. Анткени кайсы бир ишке кызыгып турсаңыз аны сөзсуз жасап жана аягына ийгиликтүү чыгасыз.

Сүрөт

5. Адашуудан коркпоңуз

Балким, мектепте окуп жүргөн мезгилиңизде мугалимдин суроосуна кол көтөрүп жооп берүүдөн чоочулап жүргөндүрсүз. Себеби, мындай учурда да коркуу сезими болот, мүмкүн туура эмес жооп берсем, мени баары шылдыңдашат деген пикирде болгонсуз. Тилекке каршы ошол сапатыңыз чоңойгондо деле сизди коё бербей ээрчип жүрөт. Андыктан ал сапаттан тез арада арылуу керек. Себеби, идеалдуу эч ким жок. Бардыгы канчандыр бир убакыта жок дегенде бир жолу адашышат.

Сүрөт

6. Жалкоолуктун чыгыны себебин аныктаңыз

Эмне үчүн сизге жүктөлгөн жумушту аткаруудан коркосуз? Эмнеге эртеңкиге калтырасыз? Бул суроолорго жооп табуу маанилүү. Анткени, өзүңүз жооп тапкан нерсеге олуттуу мамиле жасап, андан арылууга шашасыз.

Сүрөт

7. Өзүңүздүн каалоолорго маани бериңиз

Кээ бир жумуштарды өз учурунда аткаруу керектигин жана аны башка убакка жылдыруу мүмкуүн эместигин билсек деле баары бир эртеңки күнгө калтырабыз. Жыйынтыгында ал үчүн өзүбүздү күнөөлөйбүз, буйшайман болобуз. Психолог адистеринин айтымында, бул ишти эмне үчүн убагында жасашып, керек, өз убагында жасасам мага кандай пайда болот деген суроолорду өзүңүзгө өзүңүз берүүңуз керек. Жообун тапкан соң, сизге баары жеңил болуп калат.

Сүрөт

8. Эс алууну да унутпаңыз

Жалкоолуктун эң эле башкы душманы чарчап- чаалыгуудан келип чыккан абал болуп эсептелет. Уйкуңуз канбай калса, тамакка табииңиз тартпайт, эч ким баарлашкаңыз келбейт, анан албетте жумуш да жасагыңыз келбейт. Андыктан уйкуну кандырып, мээни сергитип эс алып туруу маанилүү. Дем алыш күндөрү жан дүйнөңүзө жакын иш менен алектенип, андан ырахат алып эс алууну үйрөнүңүз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   medina.   21 Июнь 2015 - 15:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Айылда жашаган бир чети жакшы,жалкоо болбойсун жумуш эч эле бутпойт го жанын тынбайт.Мен да иттей жалкоо болдум шаарга келгенден бери.Мына азыр да бекермин форумдан чыкпай)))
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   happy02   21 Июнь 2015 - 22:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

"Жалкоо болгунуз келбейби анда интернетти очурунуз" - деп бийик-бийик ун менен бироо айтып турса мага.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   23 Июнь 2015 - 02:58

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения Mediziner (12 Июнь 2015 - 15:38) жазган:

Жалкоолукту 8 ыкма менен жеңсе болот

Сүрөт Жетекчиңиз берген тапшырманы аткаруунун ордуна социалдык тармактарга "байланып" чыга албай отура бересизби? Дүкөнгө бир буюм алуу үчүн дээрлик бир саатыңызды коротосузбу? Эгер бул адаттар сизде болсо, аны жалкоолукка шылтоолоп койбоңуз. Себеби, психолог адистеринин айтымдарында, мындай сапаттын артында байкалбаган олуттуу психологиялык көйгөй турат. Аны кантип байкап жана жалкоолукту кантип жеңүүгө болот? Жообун чогуу окуйлу.

Психолог адистеринин айтымдарында жалкоолук деген түшүнүк жок, бирок каршылык көрсөтүү деген түшүнүк болот. Ал, ар кандай себептерден улам пайда болот. Маселен, сиз кайсы бир жумушту сөзсүз жасашыңыз керек болгону менен, өзүңүз аны менен алектенүүнү такыр каалабайсыз. Анткени, сизде коркуу сезими орун алып алган болот. Балким бул иш менин колумдан келбейт, же буга күчүм жетпейт-, деген сыяктуу чочулоо сезимдерине кабыласыз. Мунун айынан алдыңыздагы аткара турган иштен качып, өзүңүздү- өзүңүз алдап жалкоолоносуз.

Сүрөт

1. Алдыңызга реалдуу гана максаттарды коюңуз

Бир аптада 7 күн, ал эми бир суткада 24 саат бар эмеспи. Бирок, айрым учурда чындыктын көзүн карабай эле, бир айда бүтө турган ишти бир аптада бүтүрө салууну көздөйбүз. Мындай ыкма менен план жазган күндөлүктү ишке ашпай турган иштерди аткарууну жазып толтуруп коёбуз да муну аткарууга мүмкүн эмес деген ойго орун калтырбайбыз. Бирок, ошол эле учурда өзүбүз аны аткарууга мүмкүн эмес экендигин сезебиз. Демек, кандай гана иш палндабаңыз анын ийгиликке жетпей тургандыгын сиз алдын ала эле билип жатпайсызбы? ! Анда, ушундай ашыгуунун кажети барбы? Өзүңүзгө суроо берип көрүңүз. Андыктан алдыңызга реалдуу ишке аша турган гана максаттарды коюңуз. Муну менен сиз бардык ишти өз убагында жасап, жалкоолук деген жаман адаттан кутуласыз.

Сүрөт

2. Эң майдадан баштаңыз

Сизге тапшырылган олуттуу жана маанилүү долбоор ордуна жылбай турат. Буга ким күнөөлүү? Жок дегенде аны аткарууга алгачкы кадамдар да коюлган эмес. Себеби, сизди алдыда кезиге турган кыйынчылыктар чочулатат. Чөйрөңүздөгү адамдардын ишеничин актай албай калам деп коркосуз. Бул сезимден арылуу үчүн кичинекей эле амалкөйчүлүккө барыңыз. Ал үчүн, аткара турган жумушуңузду 4 бөлүккө бөлүп, бир бөлүгүн аткаруудан баштаңыз. Аягында кантип бүтүп калганын озүңүз дагы байкабай каласыз.

Сүрөт

3. Ийгилигиңизди өзүңүзгө "жууп" бериңиз

Ар бир татаал ишти жасап бүткөн соң, аны ийгиликтүү аяктадым деп озүңүзгө озүңүз белек сатып алыңыз. Же болбосо, жакшы көргөн киноңузга барыңыз, кафеге барып көптөн бери каалап жүргөн тамагыңызды жеңиз. Ийгилигиңиз үчүн өзүңүзгө өзүңүз сыйлык берүү менен ийгиликтердин дагы көбүн багынтасыз.

Сүрөт

4. Кызыгуу издеңиз

Жалкоолукка көндүргөн адаттарды пайдалуу кызыгууга айландырыңыз. Анткени кайсы бир ишке кызыгып турсаңыз аны сөзсуз жасап жана аягына ийгиликтүү чыгасыз.

Сүрөт

5. Адашуудан коркпоңуз

Балким, мектепте окуп жүргөн мезгилиңизде мугалимдин суроосуна кол көтөрүп жооп берүүдөн чоочулап жүргөндүрсүз. Себеби, мындай учурда да коркуу сезими болот, мүмкүн туура эмес жооп берсем, мени баары шылдыңдашат деген пикирде болгонсуз. Тилекке каршы ошол сапатыңыз чоңойгондо деле сизди коё бербей ээрчип жүрөт. Андыктан ал сапаттан тез арада арылуу керек. Себеби, идеалдуу эч ким жок. Бардыгы канчандыр бир убакыта жок дегенде бир жолу адашышат.

Сүрөт

6. Жалкоолуктун чыгыны себебин аныктаңыз

Эмне үчүн сизге жүктөлгөн жумушту аткаруудан коркосуз? Эмнеге эртеңкиге калтырасыз? Бул суроолорго жооп табуу маанилүү. Анткени, өзүңүз жооп тапкан нерсеге олуттуу мамиле жасап, андан арылууга шашасыз.

Сүрөт

7. Өзүңүздүн каалоолорго маани бериңиз

Кээ бир жумуштарды өз учурунда аткаруу керектигин жана аны башка убакка жылдыруу мүмкуүн эместигин билсек деле баары бир эртеңки күнгө калтырабыз. Жыйынтыгында ал үчүн өзүбүздү күнөөлөйбүз, буйшайман болобуз. Психолог адистеринин айтымында, бул ишти эмне үчүн убагында жасашып, керек, өз убагында жасасам мага кандай пайда болот деген суроолорду өзүңүзгө өзүңүз берүүңуз керек. Жообун тапкан соң, сизге баары жеңил болуп калат.

Сүрөт

8. Эс алууну да унутпаңыз

Жалкоолуктун эң эле башкы душманы чарчап- чаалыгуудан келип чыккан абал болуп эсептелет. Уйкуңуз канбай калса, тамакка табииңиз тартпайт, эч ким баарлашкаңыз келбейт, анан албетте жумуш да жасагыңыз келбейт. Андыктан уйкуну кандырып, мээни сергитип эс алып туруу маанилүү. Дем алыш күндөрү жан дүйнөңүзө жакын иш менен алектенип, андан ырахат алып эс алууну үйрөнүңүз.

Сүрөт




Сонун кенеш экен рахмат!!
Кудайдан жоо качкан жалкоомун мен(( арылыш керек ..
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   23 Июнь 2015 - 15:06

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Просмотр сообщения barpynynkyzy (23 Июнь 2015 - 02:58) жазган:

Сонун кенеш экен рахмат!!
Кудайдан жоо качкан жалкоомун мен(( арылыш керек ..

Мен ойлогомун сизди олло щустрая зирек болсо керек деп))
Корсо жалкоо экенсизда))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Pretty_girl   05 Июль 2015 - 20:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 342
  • Катталган: 19 Июнь 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 23:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ии дуйнодо менден откон жалкоо жок болсо керек.
Аллахым буйруп биз кыргыздар дагы канга синген жалкоолуктан арылсак,Кыргызстан да онугот беле.
Жогорудагы кенештер жакшы экен.
УМУТТУН ШООЛАСЫ ОЧПОЙТ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Pretty_girl   05 Июль 2015 - 20:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 342
  • Катталган: 19 Июнь 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 23:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ии дуйнодо менден откон жалкоо жок болсо керек.
Аллахым буйруп биз кыргыздар дагы канга синген жалкоолуктан арылсак,Кыргызстан да онугот беле.
Жогорудагы кенештер жакшы экен.
УМУТТУН ШООЛАСЫ ОЧПОЙТ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Shorobashat   31 Июль 2015 - 18:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Менин шериктерим олло коп го биякта.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   medina.   31 Июль 2015 - 19:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Мен да иттей жалкоомун,Кандай болом Кудай билет...
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   janaika-95   31 Июль 2015 - 19:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 562
  • Катталган: 12 Июль 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2022 22:13
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Жалкоолонбогонго кобуроок аракет кыламын. Ошентседа кээле жалкоо болуп каламын.
Ассаламу алайкум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Mahabbat   28 Февраль 2016 - 22:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 454
  • Катталган: 10 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 27 Авг 2016 07:22

Жалкоо болгун келбесе интернетке кирбеш керек экен. Менин коп убактым, форумга кирип отуп кетип атат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   begimai1989   06 Март 2016 - 04:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 271
  • Катталган: 08 Июль 13
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 21:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:KG

Манден откон жалкоо жок го.
Ушунча жиним келип кетет.
Уйдогу телевизорду интернет менен спальныйды алып салыш керек болуп атат.
Ушунча ушунча жалкоомунда.
Азыр турам да жарым сааттын ичинде баардык жумуштарды кылып салам дейм да негедир кайра кылгым келбей калат

Билдирүүнү түзөткөн: begimai1989: 06 Март 2016 - 04:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Shorobashat   12 Март 2016 - 22:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Напси ото женууго кыйын нерсе да. Тообо. Бирок умутсуз болбогула туугандарым. Женууго боло турган нерсе.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Zaatulilm   04 Ноябрь 2019 - 19:48

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 19 Июнь 18
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 17:31

Просмотр сообщения Daud (01 Март 2013 - 21:39) жазган:

Жалкоолук деген сөз, бир ишке кош көңүл мамиле жасоо, эмгектенүүнү, мээнеттенүүнү жактырбоо, аракет кылуудан, кыйналуудан качуу жана дененин кайсыл бир бөлүгүнүн өзүнүн функцияларын аткарууда артта калуу дегенди билдирет.

Жалкоолук деген сөз араб тилинде “кесел” деп аталат. Жалкоо адамды кесел деп коюу дагы ушул сөздөн келип чыккан. Кесел сөзү маанилүү иштерге кайдыгер мамиле кылуу дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан мээнеттенүүнүн тескери мааниси болгон жалкоолук эл арасында жакшы кабыл алынган эмес.

Жалкоолук маанини берген кесел сөзү Ыйык Курани Каримде Ниса сүрөсүнүн 142-аятында жана Тавба сүрөсүнүн 54-аятында баяндалган.

Жогоруда айтылган эки аятта тең намаз кылууда жалкоолук менен мамиле жасоо сынга алынганына күбөбүз. Аалымдар ушул аяттарды ар кимиси ар кандай түшүнүшкөн. Кээ бир аалымдардын ою боюнча ушул аяттарда айтылган жалкоолук, намазды жалкоолонуп, маани бербей жана өзү каалабай аткаруу дегенди билдирет. Ал эми башка аалымдардын ою боюнча аяттарда айтылган жалкоолук сөзү аркылуу кемчиликтүү намаз окуу, тактап айтканда намаз окуп жатканда намаздын шарттарын толук аткарбоо, намазды кээде окуп, кээде окубай коюу дегенди билдирет.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) да намаз окуп бүткөндөн кийин колун ачып Аллахка дуба кылчу. Ар түрдүү жаман, каталуу, зыяндуу жана пайдасыз нерселерден Аллахка сыйынаар эле. Ал өзүнүн дубасында: “Оо, Жараткан, жалкоолуктан Сага сыйынам (алыс кыл)” дечү. (Бухари, Жихад-25, 74; Муслим, Даават-48, 52; Абу Дауд, Витр-32, Адаб- 101; Тирмизий, Даават-70, 76, 115; Насаи, Истиаза-7-8, 12; Ибн Маажа, Дуа-3; Ахмад бин Ханбал -2/185, 3/113, 117).

Пайгамбарыбыздын (САВ) доорунда жаңы гана мусулман болуп, ага ант берип жатышкан адамдар, Аллахтын буйрук жана тыюуларына моюн сунушаарына жана жалкоолуктан алыс болушаарына сөз беришкен (Ахмад бин Ханбал 3/322, 5/325).

Курани Каримде жана хадистерде сындалган жалкоолук адамдар үчүн бул дүйнөдө да, акыретте да зыяндуу нерсе болуп саналат. Жалкоолук артта калуунун негизги себеби экенин унутпасак. Ошондуктан Ислам дини адамдарга жалкоолуктан алыс жашоону сунуштаган. Ансыз деле бардык пайгамбарлар адамдарды жалкоолуктан алыстатууга аракеттенишкен. Жалкоолуктун тескери мааниси эмгектенүү болуп саналат. Адам баласы эмгеги, мээнети аркылуу бакытка жетет.



Сонун ! Беш убакыт намаздын өзү эле сергек жашоого үндөп турат эмеспи, убакытты туура пайдаланууга.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 09:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: