Суперстан: Миллионго бааланган өмүр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Миллионго бааланган өмүр Курч окуялуу адабий көркөм чыгарма

#101 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 12:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Аден ишти чойбой эртеси эле күнү өзү алдына ала болжогон адамдын
кабылдамасында отурду. Тыңчылыкта иштеп жүргөндө эки-үч жолу жолугушкан эле. Унутпаптыр кабыл алды. "Дагы деле баягы жумушуңдасыңбы? " деп сурады.
- Азырынча өз алдымчамын. "Частный детектив" деп коет го, - деп Аден да сыр бербей
өз баркын өзү көтөрүп койду.
- Келген жумушуң? - деп түз ишке өттү. Аден да баарын түз айтып салды. "Биз үч кишибиз. 600ү биздики 400 силердики. Кантип бүтүрөсүз өзүңүз билиңиз. Сиздин гана колдон келчү иш" деп келдим деди. Тигил тамеки чегип көпкө ойлонду.
- Факты туура болбой калсачы?
- Туура. Өз көзү менен көргөн киши бар. Ошондуктан,
машинанын nомеринен бери билебиз да. Ал түгүл аткандарды таанууну уюштурсаңар таанып да беребиз. Болгону аларды таанууда биз көрүнбөгөндөй абалда болушубуз керек. Себебин билесиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 12:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Биринчиден, өмүрүбүздү коргоо. Экинчиден, башка жүргүзүп жаткан ишибизге тоскоол болбосу үчүн.
- Демек, кайырчы болуп жүргөн сиздин
адамыңыз окуяны толук көргөн. Андан кийин ал экөөңүздөр аңдып жүрүп ал балдарды базардан көрүп жакшылап таанып
алгансыңар. Ал эми үчүнчүңүздөр ким?
- Кайсыл үчүнчү?
- Биз үч кишибиз.
Акчаны үчкө бөлөбүз дебедиңизби?
- Аа... ал биз менен чогуу иштешкен адам. Бирок, ал балдарды билбейт. Бул ишке kийлигишкен жери биздин коопсуздукту сактайт. Экөө тиктеше түшүштү. Калпын карматып койгонуна Аден өзүн
оңтойсуз сезип кетти. Ошентсе да "жөндүү эле шылтоо таптым го" деп ойлоду.
- Болуптур мен ойлоноюн, эртең ушул маалда кел. Калганын ошондо сүйлөшөбүз - деди да сөз бүттү дегенсип ордунан турду. Аден кайырчыны күндөгү ордунан издеп келип таппай калды.
"Буюрса иш балталды" деп эскертип коюну ойлогон. Тынчы кете түштү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 12:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

"Балким ооруп калбасын" деген ойдо подвалдагы жаткан жайына барды. Кайырчынын түнөгү мурда кандай болсо так ошол калыбында туруптур. Көргөндө эле сезди бул жерге түндө эч ким түнөбөгөнүн. Жүрөгү дүпөйүл боло түштү. "Мына сага тамаша. Жер жуткур кайда жоголду". Кайпалактап жанын коерго жер таппай кайырчынын жаткаn эски кроватына отура кетти. Кайда жоголду. Мас неме бир жерге жыгылып өлүп калган жокпу. Жибербей койсо болмок экен. Бити жугат деп жийиркенбедиби. Бирок, анчалык деле мастай эмес болчу. Эмнеси болсо да болоору болот,
издейин" деп эшикке чыгып баратып, кайырчынын "машинанын номерин бир жерге жазып койгом" деген сөзү эсине кылт түштү. "Кайырчы кагазга
жазмак беле дубалдын бир жерине жазды го" деп бүт дубалдын кыдырата шашпай издеп кирди. Шектүү эч нерсе таппады. Кайырчы жаткан кроватты жылдырып артынан бери тинтиди. "Оңбогон чал. Колума түшсөң кокуйлатам. Сени ичте чынжырга байлап коюш керек болчу" деп сөгүнүп алды. Кайырчы Адендин үйүнө түнкү саат 11де чалды.
- Сен кайда жүрөсүң?! - деп бакырып жиберди Аден.
- Жүрөм эптеп жашап, - деп кайырчы кебелбей.Аден кечке кайырчыны издеп, бүт шаарды тинткен. Моргко да барган. "Эгер кайырчыны таппай
калсам өлдүм. Дөнгөлөк чимириле баштады. Эми аны токтотууга болбойт" деп ойлогондон мээси жарылып кете сактап, кан басымы көтөрүлүп турганда кайырчы чалып жатпайбы. Тим эле жети атасына жеткизе сөккүсү келип араң турса да карманды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 12:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Эгер маңдайында болгондо түз мурунга урмак. Кайырчы жөн жоголгон жок. Бир билгени бар. Кантсе да тыңчылык сезимталдыгы менен
кайырчынын кебелбеген үнүнүн басымынан туя калды да үнүн жумшарта;
- Деги аман болсоң
болду. Бүгүн үйүңө чейин издесем жоксуң. Санаркап жаттым эле - деди сыр бербешке аракеттенип.
- Мендейди кудай да албайт эмеспи. Эмнесине санаркайсың - деди кайырчы дагы деле
токтоо. Аден ичинен "Атаны жаман ай-ээ. Бой көтөрүп барктана калганын кара. Дегеле өзүн адам санай түшкөн тура. Колума бир түшөрсүң" деп ойлоду.
- Кудай буюрса иш башталды. Жолукпайлыбы. Кеңеше турган кептер бар. Ого бетер кайырчынын баркын көтөрүп койду.
- Менден эмненин кеңеши. Өзүң чече бер. Жыйынтыгын айтсаң болду.
- Ошентсе да акылдашып иш кылбасак болбойт. Кел. Бир шишени бөлө жаралы. Сонун тоок шорпо жасап жатам.
- Жок Аден. Мындан ары экөөбүз телефон менен гана байланышабыз.
- Кандайча? Ошо кантип болсун. Деги кайдан чалып жатасың?
- Көчөдөн эле чалып
жатам. Ушундай. Иш
бүттү дегенде мага
тиешелүү акчаны мен айткан жакка
жөнөтөсүң же мен кой деген жерге коесуң. Мен сага иномарканын түсүн,
номерин, кайсыл машина экенин айтам. Кеп ушундай.
- Эй кайырчы эмне деп турасың? Эмне мага ишенбейсиңби?
- Ишенем. Ошондо да жашагым келет. Кайырчы болсом да жашагым келет. Аңгыча эшиктин
коңгуроосу чыркырап калды. Үнү ал түгүл кайырчыга да угулду.
- Кайырчы койбой тур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 12:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Мага бирөөлөр келди. Азыр... деген Аден телефондун трупкасын таштап эшикти кароого жөнөдү.
- Ким бул?
- Ачабер! Биз органданбыз. Аден эшикти ачары менен үч заңкайган жигит кирип келди. Адендин өңү кубара түштү.
- Силерге эмне керек?
- Эмнени эмне кыласың? Жан керек десең "пык" деген үнүңдү чыгарбай бизди ээрчи, болбойт десең мээң потолокко чачырайт, - деген бири башына үн бастаткыч тагылган пистолетти Адендин ээгине такады.
- Ээй-эй жигиттер. Силер чаташып башка үйгө кирип алган жоксуңарбы? Аден чырылдап жиберди.
- Биз эч убакта чаташпайбыз, ушуну бир билип кой, - деп
тигилердин бири бөйрөккө ыкыганда Аден бүрүшө түштү. Телефон кире беришке чукул жердеги текчеде болгондуктан Кайырчы баарын укту. "Билгем, ушундай болорун билгем. Мен эмес мышыгым да билген" деп күңкүлдөй бүжүңдөп басып жаңы түнөгүнө жөнөдү. Мышыгы жон жүндөрүн үрпөйтүп "мыеолоп" тосуп алды. - Жолборсум. Сен так билипсиң. Мен да сезгем. Адендин күнү
бүттү. Эгер жашагыбыз келсе бул шаардан кетишибиз керек.
Кайырчынын колдору калчылдап мышыгын да жонунан оңдуу сылай албады. Кайда барат. Бул шаардын милициялары муну
таанып калгандыктан "Эх чал, ушу сен өлбөдүң" дешип сөгүп коюшканы болбосо тийишчү эмес. Эми жаңы жерге барса
милициялар кубалайт. Жергиликтүү кайырчылар кодулайт. Жан деген таттуу экен кетүүгө камынды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 13:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Машинага түшөөрү менен Адендин көзүн таңышты да алып жөнөштү. Болжолу жарым сааттан ашык деле убакыт өткөн жок. Эки каруусунан экөө жетелеп бир үйдүн подвалына алып киргенден кийин гана көзүндөгү таңууну чечишти.
Иш теңирден tескери жакка бурулганын, ач көздөнөм деп bашынан айрыла турган болгонун Аден жана үйдөн эле
түшүнгөн. Жолдо карата өзүнө өзү жекирип "мына сага жүз миңдеген акчалуу болгуң келет, эми өлүгүң БЧКанын түбүндөгү баткакта чирийт же өрттөлүп күлүң шамалга сапырылат" , деп ойлоп келатты.
Көзүн чечкенден кийин бурчтагы төрт бурч калың жыгачтан жасалган орунтукка отургузушту. Бөлмөгө үч тараптан кирген эшик бар экен. Аден өзү кайсынысынан киргенин биле албады. Аңгыча эшиктердин бири ачылып чарчы бойлуу толмоч адам кирип келди да, Адендин бет маңдайындагы жумшак креслого жайгашып олтуруп Аденди көздөрүн жүлжүйтө сынай тиктеген калыбында чөнтөгүнөн тамеки алып чыкканда, шыпылдаган жигиттердин бири оt тутантып күйгүзө cалды. Тигил чылымын шашпай соруп ,түтүнүн буркурата үйлөдү да:
- Сени эмне себептен бул жерге сүйрөп келдик билесиңби? -деди киркиреген үнү менен.
- Жок. Кейпи кимдир
бирөө менен алмаштырып алсаңыздар керек. Мен чемичке сатып оокат өтөгөн бир байкушмун. Кумурскага да зыяным жок, -деди үнүн каргылдантып ыйлачу баладай.
- Ии-мы, демек, эмне
үчүн келгенимди билбейм де?..
- Кудай урсун... Эч нерсеге түшүнгөн
жокмун?..
- Сени менен келжирешкенге
убактым жок, - деди
тигил Адендин сөзүн
бөлө. Тилиңди көчүгүңө катып жүргөнүңдө сага эч ким да тиймек эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 13:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Эми эгер жаным кыйналбасын десең Кошбаевди аткандар тууралуу эмнени билсең бүт айт. Калп айтып жашырып жабам деп ойлобо. Антсең өз убалың өзүңө. Адендин бул жерге жеткичекти жолдо карата ойлогону ушул суроонун жообу болчу. Кандай да болсо эптеп жооткотор жооп таап жанын арачалоого далбастап көрүү керек деп чечкен.
- Эми түшүндүм.
- Түшүнүгүң жаман эмес көрүнөт. Эмесе кулак сенде. Тигил кекээрлүү какшыктады.
- Менин бул жерде жашыра турган эч
нерсем жок. Анткени, болгону ортомчумун. Мени бирөөлөр түрткөн. Эмне деп сүйлөштү да. Кимге барышты да ошолор үйрөткөн. Силердин кимдер экениңерди билбеген сыяктуу эле. Алардын кимдер экенүн билбейм. Балким, органдандыр же улуттук коопсуздук комитетинендир. Кыскасы, алар мага аракка, бир күндүк тамакка жеткидей акча беришти да "баланча кишиге барып ушундай сөздөрдү айт" деп үйрөтүштү. Мага эмне. Айткандарын аткардым. Кечинде өздөрү телефон чалышты да эмне кылганым жөнүндө сурап жатканда, сиздердин жигиттер
барып калды. Аягына чейин толук сүйлөшө албадым. Ал түгүл телефондун трубкасын да коюуга үлгүргөн жокмун. "Кайырчы" деген бирөөсү бар. Ошону гана өңүнөн тааныйм, калгандарын илбейм. Кааласаңар
Кайырчынын жатагына алып барайын. Балким, ошол бир нерсе айтып берээр. Менин билгеним ушул. Тигил үн дебей укту.
- Демек ортомчумун де?
- Жанымды жейин. Ортомчумун. Болбосо Кошбаев дегениңер да ким экенин билбейм. Тигил Аденди жүлжүйө дагы тиктеп турду да ордунан туруп, шыпылдай басып
жанагы кирип келген эшигинен кайра чыгып кетти. Адендин бир гана ишенген үмүтү чын эле сырткы турпаты
катардагы көчө алкашына окшоп турган. Ошондуктан, бир бөтөлкө арак үчүн эле ким эмне айт десе макулмун деген алкаштын кейпин кийейин деп ойлогон. "Ушинтсем чын эле бул бир алкаш экен деп ишенишет. Экинчиден, "балким мунун артында жашыруун күч бардыр" деп шекшинишсе аңдууга алыш үчүн
кайра аман жеткизип коюшат" деп пландаган. Аденди алып келген
үчөөнү чакырып кетишти да кайтарууда бирөө эле калды. "Демек, реакция жүрүп жатат" деп ойлоду Аден. Азыр булар "өзүбүз барып кылтакка илинип калган жокпузбу" дешип баштарын
катырышууда. Эгер "Адендин артынан жайылган кылтак бар" деп ойлошсо, анда адам өмүрүнө сабым болуп көзүн тазалай салууга батынышпайт. Көп
өтпөй жанагы Аденди алып келген
жигиттердин бири кирип келди да, кайырчынын дарегин сурады. Аден толук айтып берди; ал түгүл өңү-түсүнөн бери сүрөттөп берди. Ал билип турду, кайырчыны ордунан табышпайт. Бирок, жайын көрүшөт. Жанында эле бирөө жашаганын да билишет. Кайырчыны таппагандан кийин ого бетер шектенип
калышат. Өлтүрүүгө батынбай балким кайра көзүн таңып алпарып үйүнө таштап коер. Бул бир үмүт болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 13:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Чындыгында иш теңирден тескери айлана баштаган. Адендин сөзүн укканда, жанакы суракка алган толмоч чын эле чочуркай түшкөн. Арадан эки саатка чукул убакыт өткүчө Аден ордунда кала берди.
- Тамеки тартсам болобу? - дегенде;
- Жок! - деди бурчтагы креслодо отурган күрсүйгөн неме. Дагы аз убакыт өткөндө.
- Ушинтип отура беремби? Жок дегенде суу бергилечи? Каным катып баратат, -дегенде, Күргүсүй ордунан туруп шашпай басып келип, жакасынан кармап, көтөрүп туруп ичке берип калды эле, көзүнөн чаар чымын уча эсин жоготуп койду. Эсине келгенде тилин артына катып "дың" дебей отуруш керек экенин жакшы түшүнүп, кыңкыстаган үнүн да чыгарбашка аракет кылды.
Жанагы семиз менен эки жигит кирип келди да, кайра көзүн таңышып алып жөнөштү. Машинага отурушканда
жанындагы отургандардын бири өпкөгө ыкып койду эле Аден эсин жоготту. Эсине машинадан түшөөрдө араң келди. Канча жүрүшкөнүн билбеди. Кайрадан көзүн подвалга киргенде чечишти.
Жерге бекем орнотулган темир креслого атайын адамды отургузуп туруп таңып коюп кыйноого ылайыкталып жасалган экен. Подвалга кирген бир гана эшик бар экен. Жанында баягы курсакка муштаган күрсүйгөн неме эле
калыптыр, калгандары жок. Подвалга семизди кошкондо бери дегенде үч-төртү киргендей болгон. Жер жуткандай жоголушуптур. "Эмнеси болсо да башка түшкөндү көрө турган болдум" деп кейий ойлоду.
Эшик шарт ачылды да капкара кийинген
тартайган, бойлуу неме кирип келди. Адендин жанындагы орунтукта үргүлөп отурган күрсүгүй тигини көрүп ордунан тура калды. Тигил кесилген мылтыкты сунганда:
- Сен кимсиң? - деди
берки үнү калтырай.
- Үнүңдү чыгарба! "Дың" десең башыңды жара атам, - деп тигил
беркиге жакындады. Бир кадамчалык аралык калганда күтүүсүз сол колундагы кыска таякты шилтеп калды эле, таяктын башындагы чынжырга байланган тоголок беркинин каракушуна ойногондо, турган ордунда үн чыгарбай бүк түштү. Тигил Аденге жакын басып келип:
- Сен кимсиң? - деди үнүн кирилдете чыгарып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 13:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Менби... Мен Аденмин. Жүргөн бир байкушмун - деди Аден мукактана. Күнөөсүз бир байкуштун ролун ойной коюуну
ойлоп.
- Байкуштар бул жерге келбейт. Ким экениңди ачык айт. Болбосо сени менен акыйлашканга убакыт жок. Башыңды тигиникиндей жанчам да кете берем - деди кара кийимчен колундагы шалк этмесин айландырып. Аден мурдунун таноолорунан, оозунун уртунан кан сызыла агып кыймылсыз жаткан телохранителди бир карап алды да, тамашалашчу чак эмес экенин түшүндү.
- Мен керектүү адаммын. Мен Көлбаевди өлтүргөндөрдү билем. Ошон үчүн мени бул жерге апкелип кыйнашууда, - деп чындыкты айтып жиберди. Мафиялардын ортосундагы чырда бирин-бири аябай кырып баса берерин уккан. Ошондуктан, "балким, бул дагы бир мафиянын өч алуучу бирөөсүдүр. Эгер кылтыңдасам мени да жайлап баса бербесин. "Кошбаевди өлтүргөндөрдү билем" десем, балким, өлтүрбөй, жок дегенде өзү менен кошо ала кетиши мүмкүн" деп
ойлоду. Мындайда мээ да автоматтай иштеп калат тура.
Кара кийимчен кичинеге ойлонуп турду да, үн дебестен шыпылдай
басып келип Адендин колдорун чечти.
- Эми ордуңа тигини отургузуп сени байлагандай байла, -
деп буюрду. Телохранителди бир
тиктеген Аден:
- Тирүүбү?., - деди.
- Тирүү. Кичине эси ооп жатып, туруп кетет. Бол тез! Буюра сүйлөдү кара кийимчен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 14:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Аден тигини креслого отургузууга чамасы жетпей койгондо, тигил жардамдаша шыкылдатып байлай салды.
- Эми жүрү, - деди да, астыга Аденди салып жанагы кирген эшиги тарапка басты. Ушул маалда дубалдагы эч кимге билинбеген
эшик ачылып кожоюндун биринчи телохранители чыгы
келди. Кара кийимченди көргөндө чочуп кетти да:
- Эй сен кимсиң?! -деди үнүн катуу чыгара. Эшик эч үнсүз ачылгандыктан, кечирээк байкаган кара кийимчен тигиге кесилген мылтыкты суна:
- Үнүңдү чыгарсаң башыңды жайната атам, - деди киркирей.
- Деги сен кайда келгениңди билесиңби? Бул жерден аман чыкпайсың? -деди телохранитель бакылдай. Бул маалда Аден арты менен жанагы кара кийимчен кирип келген эшикке акырын жылып баратты. - Ме сага, аман чыкпайсың. Кара кийимчен колундагы шалк этмени шилте калды. Бирок, тийгизе албады. Телохранитель буйтап кетти. Экөө кайра аңдыша түшүштү. Үнсүз ачылган эшик кайра
үнсүз жабылып бараткан. Муну байкаган кара кийимчен шашып
калды. Телохранителди карай мылтыкты ата
турган болуп сунганда тигил иштин жайын түшүндү окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 14:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Атпа... Атпа... Менсиз сен бул жерден чыга албайсың. Ишенип кой. Бул жерден чыгыштын жолун мен гана билем, - деп чөгөлөй калды.
- Кечиккениңде эмгиче чоң энең, чоң
аталарыңда конокто жүрөт элең. Эмесе биринчи суроо, Кожоюнуң кайда?
- Өзүнүн кабинетинде отурат.
- Аман калгың келсе, мени алпар. Болбосо кош бол. Өзүм да эптеп табам.
Кайра мылтыкты тигиге карай сунду.
- Атпа... Атпа... Алпарам, - деди тигил жалдырай. Ушул маалда Аден жана кара кийимчен кирип келген эшикке жетип, акырын ачууга аракет кылды эле эшик ачылбады. Дагы катуурак тартканда да ачылбады.
- Аракет кылбай эле кой. Бул эшиктерди эч ким ача албайт. Кирдиң кайра чыкпайсың. Тигил жактан ачат - деди телохранитель Аденге, Кара кийимчен Аденди бир карап алды да:
- Бул ушул жерде кала берсин, экөөбүз кеттик, - деп тигиге мылтык менен жаңсады. Экөө жанагы үнсүз ачылган эшикке кирип баратканда: - Сен кам жебе. Кайра бат эле кайрылам - деди кара кийимчен Аден жакка кайрылып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 14:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Табышмактуу кара кийимчен Мурат болчу. Мурдатан баягы Тариел экөө шаарда чогуу иштеп жүргөндө сыртынан багып шекшип жүрүшкөн, бирок, колго түшүрө албай келаткан наркомафиоздордун
ушул түндө экинчисинин үйүнө жасап жаткан визити болчу. Биринчиси үйүндө жок, четте командировкада жүргөндүктөн үй кайтарган телохранителдерин бирден эстерин оодара чаап машинанын гаражына камап туруп "Экинчи келгенимде башыңдан айрыласың. Мени эч ким токтото албайт" деген кат жазып калтырып үйгө өрт коюп баса берген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 14:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Мунусу тигиден алда канча озуп кеткенин келгенде билди. Үйдү айланган видеокамералар коюлган экен. Аны ооздогу кароолчулар отурган үйгө киргенде билип жүрөт. Көрсө, кароолчу акең түн ортосунан ооп кетти, эми ким бул үйгө даап келет десе керек отурган креслосунда уйкуга кетиптир. Астыдагы экранды караса үйдүн төрт тарабы алаканга салгандай
компьютердеги төрткө бөлүнгөн экрандан көрүнүп турат. Бул үйгө киши эмес чымчык учуп кире алгыс. Эгер кароолчу уктап калбаганда, тигил экрандагы көрүнүп турган бактан секирип түшүп жатканда эле жалпыйта атмак экен. Эң кызыгы
видеокамералар кайда коюлганы белгисиз. Болбосо Мурат жакшы эле караган. Эч жерден байкай алган эмес.
"Демек, үйдүн ичиндеги кайтаруу да күчтүү болушу мүмкүн. Ошондуктан, муну ойготуп, сурап албаса болчудай эмес" деди да, тигинин чекесине
мылтыкты такап туруп:
- Тууган, уктай турган учур эмес, - деди. Тигил чоочуп ойгонуп чекесине такалган мылтыкты көргөндө, көзү чекчейе түштү.
- Сиз кимсиз? Уйкусу
умачтай ачылып тили булдурады.
- Анын кызыкчылыгы жок. Кожоюнуң кайда? Эгер кичине эле жалган сүйлөсөң эртең мененки таңдын атышын көрбөйсүң. Ойлонуп
сүйлө.
- Кожоюн... Кожоюн
подвалда бир таанышы менен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 14:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Ойношу мененби?
- Жок таанышы менен.Бирөөнү суракка алып жатышат.
- Канча телохранители бар?
- Экөө. Калгандары тигил үйдөгү өздөрүнүн бөлмөсүндө эс алып
жатышат.
- Ал жакта канчоо эс
алып жатат?
- Алтоо...
- Көп го?
- Көп эле...
- Үйдө дагы ким бар?
- Кожоюндун аялы, балдары экинчи
кабаттагы өз бөлмөлөрүндө.
- Подвалга кандай барса болот? Астыга түш да көрсөтүп бересиң. Эгер калп болсо же алдасаң кош бол жаштык жашоом, - дей бер деди. Тигини тургузуп, кежигесине мылтык такап, астыга салып жөнөдү. Подвал дегени жанагы
телохранителдер уктап жатат деген үйдүн асты экен. Алгач телохранителдер уктап жаткан үйдүн
брондолгон эшигин сыртынан бекитишти. Анан подвалга түшө бергенде "эми мунун
зыяны тийбесин" деп кароолчуну шалк этме менен кежигеге укуп эсин оодарып тепкичке жаткырып коюп кирип келген. Тигил дубал боорундагы үнсүз эшик ачылгыча кароолчу мени алдаган же уктап калып кожоюндун чыгып кеткенин көрбөй калган деп ойлоду.
Аңгыча үнсүз эшик
ачыла калып жатпайбы. Телохранителдин чыгып келишинин да себеби бар эле. Тигил кожоюн отурган бөлмөдө
подвалдын эшигинин ачылып жабылганын билгизүүчү сигнал бар болчу. Астындагы кызыл свет күйөрү менен:
- Подвалга бирөө кирди. Кирөөгө болот, бирок чыгууга кайра эшик
ачылбайт. Ким киргенин карап келчи, - деп семиздин телохранителин жиберген. Ал кол салуу болот деп
күтпөгөндүктөн, экинчиден "балким,
ушул жерди кайтаргандардын
биридир" деп ойлогондуктан алдырып койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 15:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Телохранителдин кежигесине мылтык такаган кара кийимчен күтүүсүз кирип келгенде кызуу талашка түшүп сүйлөшүп отурган орто бойлуу семиз менен узун бойлуу сулуусымак келген, жашы элүүдөн эчак өткөнү байкалып турса да бою тыкан ашыкча эти жок, чачын кыска алдырып сол жагын көздөй бөлүп тараган адам бир паска үнсүз кирип келген экөөнү тиктеп отуруп
калышты. Сулуусымак адам бутунун башын ганa беркилерге билгизбей билинер-билинмексен кыймылдатып, бут менен басууга ылайыкташкан кнопканы басты. Бул кнопка тигил үстүдөгү телохранителдер жаткан бөлмөгө сигнал болчу. Мурат кежигесине мылтык такалган телохранителди шалк этмеси менен катуу укуганда тигил башын бурууга да үлгүрбөй бүк түштү. Жанынан кишен алып тигинин бир колуна салып жатып;
- Эгер жан керек десеңер экөөң тең ордуңардан туруп ашыкча кыймыл жасабай, тигил бурчка баскыла - деди тигил экөөнө мылтык суна.
Өңдөрү кубарган экөө үнсүз туруп Мурат көрсөткөн бурчка басышты. Мурат берки телохранителди сүйрөп барып анын колуна салынган кишендин экинчисин ылуулук
келген трубага бекитип таштады да экөөнө:
- Эми сиздер менен шашпай сүйлөшүүгө кезек келди - деди да эшикти ичинен бекитип туруп тигил сулуусымак киши отурган орунтука барып отурду. Сөздү биринчи сулуусымак
киши баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 15:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Сиз кимсиз? Ким жиберди? Ачык айтып сүйлөшөлү. Анткени, бул жерден тирүү чыкпайсыз.
- Үчөөбүз тең тирүү чыкпайбыз. Тигинин сөзүн бөлдү Мурат. Орунтука отуруп жатып бут астындагы кнопканы байкады да орунтуктагы экранды басты. Биринчи эле телохранителдер
жаткан бөлмө көрүндү. Алты телохранитель баары топурап сыртынан бекитилген брондолгон эшикти ача албай жатышкан экен. Мурат эшиктин ачкычын бурап бекитип туруп суурбай ичине калтырып сындырып таштаган. Тигилер ачкыч салса түшпөйт. Тебишсе да, урушса да эшик ачылбай жатты. Терезелер бүт тордолгон. Кыскасы бүт телохранителдер темир тордо. Аңгыча бири телефонго жүгүрдү. Кейпи бир жакка чалып жатат окшойт.
- Сен бери бас. Тигил
макоолоруңа айт. Баары эшиктин алдында тизилишип шүк отурушсун. Болбосо башың жанчылат, - деп сулуусымакты чакырды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 15:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Мен алар менен байланыша албайм. Аларды экрандан гана көрө алам.
- Ошондой де. Мени ким ойлоп турасың. Мейли эмесе сенин да мага керегиң жок. Менден чоң аталарыңа салам айта бар. Кесилген мылтыктын үңүрөйгөн оозун тигиге каратты.
- Коетур... Коетур... Колдорун көтөрүп, шашып кетти да шыпылдай басып келип орунтуктагы
компьютерди терип
басты да:
- Бул мен. Баарыңар
эшик алдына тизилип отургула. Эч жакка телефон чалбагыла - деди буюра. Телохранителдер тынчый түшүштү.
- Эй макоолор, эгер
ичиңерден бириңер эле акылдуусунам десеңер, шефиңер тигил дүйнөгө жөнөйт. Мен болсо
силерди экрандан карап турам. Кана тез тизилип отургула - деди Мурат. Телохранителдер
шашыла эшик астындагы полго
тизилип отуруп
калышты. Мурат экранга алаксып жатканда, семиз акырын колун жан чөнтөгүнө салып пистолетин байкатпай сууруп
чыгууга аракетнене баштады. Тигинин калчылдаган колдору мына пистолетти суура берерде "тарс" деп мылтык атылды да, оң колунун каруусу
быркырап, кан дубалга чачырай түштү. Семиз өгүздөй өкүрүп жиберди. Мурат мээлебей туруп эле атып койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 15:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Бас үнүңдү, болбосо башың быркырайт. Мен эскерткем ашыкча кыймыл жасабагыла деп. Семиз каруусун мыкчый өңү бопбоз болуп эрдин тиштей полго чөгөлөп отура
калды. Сулуусымак эркектин да өңү кубарып кетти. Тамашалашчу адам эмес экенин сезип турган, ошондо да сүйлөшүп көрөбүз деген тоготпоо бар эле. Азыр муундары титиреп калды. Экранда телохранителдер кайра дүрбөй баштаганын көргөн Мурат;
- Силер кам жебегиле. Шифиңердин азырынча кылы да кыйшая элек, башка акылдуусунам деген бирөө жазасын алды. Ордуңарга отургула - деди. Тигилер ишенкиребей делдейе түшүштү эле байкай калган берки:
- Мен соомун. Ордуңарга отургула - деди. Телохранителдер кайра отуруп калышты.
- Жакшы техника экен, -деди да Мурат, - эми байланышты үзүп койсоң болот.
Экөөбүздүн сөздүн аларга тиешеси жок, - деп беркиге кайрылды. Тигил кайра компьютердин клавишаларын басты. Мурат текшерип; - Кана ордуңардантуруп, кайра отургулачы, - деди эле телохранителдер
кыймылдашкан да жок. Демек, үндүн
байланышы үзүлгөнү чын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 15:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Кана тигил досуңуздун катарынан орун алыңыз - деди беркиге. Өзү басып барып онтолоп отурган семиздин чөнтөгүнөн пистолетин алды да айландырып карап туруп;
- Жакшы курал, - деп койду. "Кольт"
маркасындагы пистолет экен.
- Туугандар, мени туура түшүнгүлө, убакыт өтө аз. Ошондуктан, кыска, так сүйлөмөй. Чындыкты так айтмай. "Жок" деген сайын бирден ок. Берки сулуусымактын да
чөнтөгүн карап көрдү. Жанында куралы жок экен. Тигилер үнсүз туруп беришти.
- Биринчи суроо, майор Болушев Тариелди ким атты жана атууга ким буйрук берди?
Тигил экөө тең үнсүз жалдырашты.
- Ошондой дегиле? Эмесе экөөң тең бирден бутуңардан
айрылдыңар. Мурат семиздин "Кольтуна" эки ок салды да биринчи сулуусымактын бутун мээледи.
- Мен эмес, мына бул
акмак "жок кыл" деп тигил жигитин
жибериптир, -деди сулуусымак үнү киркирей семизди
көрсөтүп. Мураттын муундары калчылдап денеси ток ургандай дирт дей түштү. "Нечендердин тагдырын оюнчук
катары чечип далайдын канына сабын болгон мыкаачылар минтип
күтүүсүздөн күнөөлөрүн моюндарына ала коет" деп ойлогон эмес. Деги эле Тариелдин өлүмүнө ушулар себепкер
экендигине да бек ишеним жок болчу. Досу үчүн болгон
көкүрөгүндөгү күйүттү аз болсо да басыш үчүн минтип мыйзамсыз жортуулга чыккан. Досу Тариелдин жайнаган көздөрү, токтоо мүнөзү көз алдына элестей түштү. Өзүн жоготуп
мылтыгы өзүнөн-өзү
өйдө көтөрүлө баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 16:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Аа-Аа-аа... Калп айтат.
жанын жейт. Өзү эгер
изибизге түшсө көзүн
тазалатпайсыңбы деген.
Атпа... Жан соога...
Мен ...мен миллион
доллар берейин. Жаш
балдарым бар. Эмне
десең аткарам... Атпа...
Эгер мен аны жок
кылдырбасам, бул мени
жок кылмак. Бүт ушул
күнөөлүү... Атпа... Мени
аман калтырсаң
акчанын астында
каласың...
Семиз ушунчалык
быдылдап бат сүйлөп
чөгөлөп жалбарып
кирди. Ал түгүл
талкаланган оң колун
дагы унутуп койду.
- Ох ты, сволоч. Өз
күнөөңдү мага түртө
салгың келет ээ, - деген
сулуусымак семизди
кекиртекке күтүүсүз
тепкенде башы дубалга
каңк урулуп көздөрү
чакчая түштү да,
көмкөрөсүнөн күп
кулады. Мурат бир нерсе
сүйлөгүчө тигил дагы
кежигеге согончоктун
такасы менен тепти эле
"кырс" деп сынган
сөөктүн дабышы угулуп,
семиздин оозунан кан
"бурт" дей түштү. Мурат
семиз түбөлүк
тынчыганын түшүндү.
- Ошентип, бир күбөнү
жок кылдың. А мунусун
кантесиң. Эчак эсине
келип колуна өткөн
кишенден кыймылдоого
жарабай жаткан
семиздин
телохранителин
көрсөттү.
- Аны да кожоюндун
артынан жөнөтүш
керек, - деп сулуусымак
телохранителге тап
койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 39 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 39, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 07:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: