Болбосо курсакты тойгузуш бул кара мышык үчүн проблема деле эмес. Тегеректеги көп кабаттуу үйлөрдүн ашкан тамак-ашты таштаган жайына бул мышык барганда, башка мышыктар "пыр" коюп качып жоголот. Мышыктар менен кадимкидей кармаша кетүүчү килеңдеген айрым келемиштерди башка бир уруп өлтүрөт да, ысык канына тоет. Ээси келемиштин этин жебейт да болбосо ээсин кайыр суратпай жалаң келемиш кармап келип эле багып алмак. Килейген семиз келемиштерди үйгө нечен көтөрүп келгенде ээси эшике ыргытып "экинчи алып келбе. Эшиктен жеп жогот.
Экөөбүздүн zhытыбызга эми сасыган келемиштин жыты жетишпей турду эле" деп жолотпой койбодубу.
- Эч нерсе апкелбедим кырааным. Капа болбо. Сен эмес өзүмдүн айламды таппай көп жылдан бери эч нерсе ойлобой уктап жүрүп чирип калган мээм кыжылдап, башым жарылчудай болуп турат - деди да мышыгынын үстүнөн сылап-сылап койду.
Миллионго бааланган өмүр Курч окуялуу адабий көркөм чыгарма
#62 08 Март 2013 - 14:13
Дүйнөң түшкүрдүкү ай. Бул байлык дегениңдин аты, жыты кимди гана үмүттөндүрүп дегдетпеген да, кимди гана азгырбаган.
Жанагы Аден айткан эсепсиз байлык кайырчынын мээсин жеп каршылык кылган кайратын талкалап улам канын кызытып дүргүтө баштады. Улам барган сайын ой боюнча койбой өткөн өмүрү кайра баштан көз алдына тартыла баштады.
Күлүктүн күлүгүн тандап минип дос тамыр деген бура бастырбай турчу өмүрүн айтса ким ишенет. Жаңы кайырчы болуп жүргөндө "Оо мен деген мен элем" деп кызыганда мактана коем деп далай оозго жеген. "Мен эле болуп жүрө бербейсиңби. Эмне кайырчы болдуң? Биз эмне төрөлгөндө эле кайырчы болуп
төрөлүптүрбүзбү" деген жемеге кошо токмок да жеп жүрүп түшүнгөн. Болбосо мурун ушу кайырчыларга көңүл бөлбөптүр. Чын эле ага кайырчылар төрөлгөндөн кайырчы болуп төрөлгөндөй туюлчу экен. Дүйнөң кургур ай. Эң жек көргөнү өткөн өмүрүн эстегени эле. Машыккан кайырчы болуш үчүн өткөн өмүрдү такыр унутуш керек экенин жакшы билчү. Карачы каргашаны кайра баштан баарын эске салып жатканын.

#63 08 Март 2013 - 14:14
Балким, чын эле кудай дагы бир жолу ырайым кылып колуна байлык келсе кандай болот. Мына ушул ой бардык жан дүйнөсүн оодарып жатпайбы. Оо анда... оо анда... күйөөлүктөн кечкен аялы... аталыкта кечкен кыздары чөгөлөп келишет эле го. Жөрмөлөп келишет эле го...
Жок андай болбойт... болбойт. Жүрөгү сезип турат. Андай болбойт. Жүрөгү кайырчылыгыңды кыл да жөн жүр деп жатат.

#64 08 Март 2013 - 14:20
ххх
Полковник генералга Кошбаевди аткан кылмышкерлерди издөөнүн жүрүшү тууралуу билдирүүгө келген. Иштин жүрүшү тууралу официалдуу билдирүү жасалгандан кийин, экөө жай сүйлөшүп отурушту.
- Официалдуу эмес маалымат берүүчүлөрдүн билдирүүлөрүнө таянсак- деп баштады сөзүн полковник -Кошбаевдин атылышына "нарктовардын баасынын көтөрүлүшү себеп болгон" деген божомол жүрүүдө. Себеби, Кошбаев Кыргызстанга келген наркотовардын дээрлик 80 процентке жакынын өзүнүн колунан өткөрүүгө жетишиптир. Акыркы мезгилде күтүүсүздөн бааны эки эсеге көтөргөн экен. Кыргызстанды эң арзан наркотовардын ордосу катары көрүп жүрүшкөн орус наркосоодагерлери менен чечен наркосоодагерлери келип "разборка" жүргүзүшүптүр. Кошбаев өз сөзүнөн кайтпай койгон. "Товар меники. Кааласаңар алгыла. Каалабасаңар албагыла. Силер менден алган товарды эле он эсе кымбат сатып пайдасын көрүүдөсүңөр. Мен болгону бааны эки эсе көтөрсөм чычалайсыңар" деп.
Чындыгында сырттан келген
наркосоодагерлер үчүн Кыргызстанда наркобостун болушу кызыксыз. Андан көрө баштары бирикпеген майда сатуучулар болсо биринчиден, товарды арзанга алышат. Экинчиден, өздөрү да кимисин болбосун коркутуп-үркүтүп кожоюн болуп жүрүшөт.

#65 08 Март 2013 - 14:25
Кыскасы, наркосоодадагы эски жол. Эң кызыгы азыр Орус менен Чечен наркобосторунун ортосунда тирешүү жүрүп жаткан имиш. "Кошбаевди атууга сен заказ бердиң, мен эмес сен бердиң" болушуп. Себеби, эки жактын тең Кошбаевдеги товарды алууга "залог"
катары ири суммадагы каражаты өтүп калса керек.
Кошбаев да оңой куу адам эмес экен. Ушунча ири иштерге, ири суммадагы акчаларга аралашып жүрүп
жанына телохранитель албаганынын себеби да бар экен. Көрсө, "Мен баарыңарга керекмин. Мени баарыңар коргошуңар керек"
деген. "Мени өлтүргүсү келгендер
телохранитель эмес бир армия менен коргонсом да өлтүрүп кетет" деген сөздөрүндө терең маани жатыптыр.
Генерал полковниктин сөзүн бузбай, тамеки чегип үнсүз угуп отурду.
- Кошбаев товар кайда катылган, канча суммада бар жалгыз өзү гана билчү экен. Экинчиден, ири суммадагы акчалар да кайда эч ким билбейт. Кошбаевдин өлүмү
наркобизнестегилерди күйгүлтүкө түшүрүп, ич ара чатакты ырбатып жатканы ушундан. Бизге жеткен маалыматка караганда, Россияда биринчи "разборка" болуп, кагылыш чыгып киши башынан чыгымдар болушкан. Ушундай эле кагылушуу Алматыда да болуп өтүптүр. Ошентип, Кошбаевди өлтүргөндөрдү жеке эле биз органдын
кызматкерлери эмес кылмышкерлер дүйнөсүндөгүлөр да
издөөгө алууда. "Кимде- ким Кошбаевди өлтүргөндөр тууралуу так маалымат берсе 1 миллион доллар беребиз" деген жарлыкты tуугандары, достору деген наамга жамынып наркобизнестегилер
беришүүдө.

#66 08 Март 2013 - 14:27
- И-им демек, бул жерде али ойнолчу оюндар астыда экен го.
- Ооба, ошондой болуп калды. Эгер наркобизнестегилердиn ичинен бирөө жарымы уюштурган болсо, анда Кошбаевдин товары менен акчасы кайда экенин астына ала билген да бүт шыпырып алып коюп, азыр кара-күчкө эч нерсе билбеген болуп башкаларга кошулуп чуулдап жүрөт. Антип көпкө
жашырыша албайт. Эртедир-кечтир айыбы ачылат да, чоң "разборкага" туш болот. Мына ошондо көрүңүз "эт туурагычты" жөн эле былчылдашып жатып калышат.
Генералдын oкмөттүк линиядагы телефону чырылдап калды. Трубканы алган генерал:
- Калган сөздү кийин улайбыз. Эмесе бара бер, - деп полковникке ишарат кылды.

#67 08 Март 2013 - 17:23
ххх
Мурат Ошко которулуп келгенде эле жаңы түзүлүп иштегенине бир жылдан ашкан, атчандар бөлүмүнө түштү. Кыргызстанга келген наркотовардын 70 процентен ашыгы Тажикстан менен Оганстандан жалаң тоо жолдору аркылуу атчан алынып өткөрүлөт. Ал түгүл тереңден атайын транспорт менен алып келаткандар да жолдогу тосмолорго
жакындаганда тосмолордон атчан айланып өтүп, товарды коркунучсуз жолго чейин жеткизип берүүчүлөрдү пайдаланышаары белгилүү болгон. Айылда ансыз да жумушсуз жүргөн каны кызуу жаштар бир түн иштеп бир ууч акча алуучу анын үстүнө кадимки кинодогудай чечкиндүүлүктү, эр жүрөктүктү талап кылган ишке тим эле эт бетинен кетип
киришишип, күлүк аттарын таптап биринен-бири өткүсү, улам көбүрөөк оңой акча тапкысы келе башташты. Атты кой астында мотоцикли жок органдын кызматкерлеринин кылмыштын күтүүсүз чыккан мындай түрүнө шаштылары кете түштү. Жогорку жетекчиликке жетип, кайра ал жактан "атайын атчандар бөлүгүн түзгүлө" деген көрсөтмө менен кошо кадрлык толуктоо келгиче наркобизнестегилер өз жолдорун тыкан уюштурганга, тоонуn татаал жолдорунда илбирстей жүргөн. Жергиликтүү тоолордун коендун жатагынан бери билген. Аттары тың. Өздөрү тайманбас мыкты өткөрүүчүлөрдү тандап алганга үлгүрүштү.

#68 08 Март 2013 - 17:34
Алгач уюшулган милициялардын атчандар бөлүгү жарым жылдан ашык жыргатылуу деле жыйынтык бере алышпады. Аларды наркобизнестегилер
"Жөн эле короо четине сайылган каракчылар. Чыныгы көк жалдар каракчыдан коркмок беле" деп шылдыңдап күлүшчү. Бөлүмдөгүлөрдүн көпчүлүгү атка жакшы жүрө албаган, тоонун сырын билбеген ал түгүл аттары да тоодо басканга көнбөгөндөр болуп чыкты. Күндүзү топ-топ болуп бастырып койгону болбосо, түнкүсүн кайда
кеткендери билинбей туш келген айылдагы ыңгайлуу үйдө конок болушуп жата беришчү. Аларды ийиле тосуп, коюн союп, каалаган тамагын чачып конокточуулар да ар бир айылдан чыкчу. Көрсө, наркобизнестегилер ири товарды өткөрө турга күндөрү андай коноктомойду уюштура салышчу экен.Жетекчилик алмашып, жаңы
начальник келгенден баштап баары өзгөрө баштады. Кадрлар
кайта-кайта текшерүүдөн өтүп, тандалып негизинен
кичинесинен айылда өскөн атта ойдо-тоодо да мыкты жүрө ала
тургандарга, өз ишине жоопкер мамиле кылуучуларга басым жасалды. Аттар да тандалып көпчүлүк
аттар тоолу райондордогу бийик
тоолу жайыттарда өскөнүнө карап сатылып келинди. Мына ушундай кадрлык кайра топтоо жүрүп жатканда Мурат келип отурат. Полковник Алпышев Муратты жекече кабыл алуусунан өткөрүп жатып,
- Мурат сага бир отряддын командирлигин ишенип берип жатам. Ишеничимди актайтго деген үмүтүм чоң. Өзүң малчынын баласы
экенсиң. Атта жүргөндөн кыйналбасаң керек.
Тоонун сырын да
билесиң. Бир эскертерим: бөлүмдө мурдатан иштеп келаткандардын
арасында наркобизнестегилеp менен байланышып, биздин кыймылыбызды билгизип тургандар бар окшойт. Колдон
кармабагандан кийин кимисин күнөөлөйсүң.
Бүт кадрды да жаңырта
албайбыз. Ансыз да кадр жетишпей жатат. Демек, сак бол. Көбүнчө өзүң менен чогуу кирген
жаңы келгендерге ишен. Бизге жеткен
маалыматтарга
караганда, наркобизнестегилер
жакында ири kөлөмдөгү товарды алып өтүүгө даярданып
жатышыптыр. Аларга
каршы сени аттантам -
деди.

#69 08 Март 2013 - 23:40
Тариел ойлогондой бул жерде эки досту бөлүш үчүн эмес иштин кызыкчылыгы деп Ошко которушканын Мурат түшүндү. Анын үстүнө Полковник Алпышев мурда Ошко өзү которулуп келе элегинде эле Муратка бир-эки жолу "менин бөлүмүмө өтсөңчү" деген сунуш айткан. Анда полковник өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди издөө бөлүмүндө иштөчү. Ичинен ишенич көрсөткөнүнө чындап ыраазы болду. Экинчиден, полковник Алпышев чыныгы органдын кызматкери.
Мыйзамды катуу кармайт. Ичип-жедиден таза. Керт башында адамкерчилиги да жакшы. Оюндагыдай начальнике туш болгонуна бир чети көңүлү да жайлана түштү.
ххх
Алты атчан милиционер капчыгайдын оозундагы карагайдын арасына
келип түшүшүп, аттарын далдоо жерге байлап өздөрү күпүлдөп аккан тоо суусунун жайыла түшкөн жериндеги кечмеликтин чыга беришиндеги калың бадалдын артына жашырына жайгашканда, күүгүм кирип калган маал болчу.
Официалдуу эмес маалымат берүүчүлөрдүн билдиргенине караганда, бүгүн түнү так ушул жол менен ири өлчөмдөгү наркотоварды атчан
"өткөрүүчүлөр" алып өтүшмөкчү. Мурат күндүз тоо жолун дүрбү менен көпкө карап отуруп так ушул кечмеликтен нарко өткөрүүчүлөрдү тосууну туура деп тапты. Жол кечмеликтен чыгары менен бийик
жардын кырына көтөрүлөт. Жардын кырынан бирден ат чубап өткөнгө да кыйын. Мындай жерде чапкылап кача албайт. Төмөндө албуут тоо суусу. Ага түшсөң аман чыкпайсың. Артын да астын да оңой эле тосуп койсо болот. Эгер бүгүн түнү өтүп калышса, кыйналбай колго түшүрүшөөрү ачык.
Ошондо да сак болбосо болбойт. "Өткөргүчтөр" мыкты kуралданышкан. Акча эмнени гана кылбайт. "УЗИ" автоматтарын алып
жүрүшөөрүн укканда, Мурат таң калган деле эмес.

#70 08 Март 2013 - 23:42
Астында коопту иш тургандыктан милиционерлер үнсүз тамактанышты.
Сүйлөшсө да сөздөрү
жугушпай кыска-кыска сүйлөшүшөт. Бир гана орто бойлуу толук, майланышкан кара сур ага лейтенант тамаша сүйлөп ар кимге тийишип коет. Анын тамашасына көңүлдөнүп жооп берген деле киши жок. Мурат Ошко которулуп келгени ушуну менен төртүнчү ирээт түнкү
операцияга чыгышы. Өткөн үчөөндө тең эч кимди колго түшүрө алышпады. Биринде тоскон жолдон эч ким өткөн жок. Экөөндө башка жол менен өтүп кетишкенин кийин
билишти. Кандайча "өткөргүчтөр" жолду милиционерлер тосуп жатканын билип коюшууда, табышмак. Мурдагыдай айыл аралап бастырып, аргайсы үйгө түшүп тамак ичмейге Мурат
биринчи эле күнү тыю салган. Бүгүн болсо түндөп келишип, кечке калың токойдун ичинде жашынып жатышты да, күүгүм киргенде гана тосмого келишти. Демек, булардын бул жерде экенин чоочун көздөн эч ким билбейт.

#71 08 Март 2013 - 23:44
Ошондо да Мураттын жүрөгү опкоолжуп тынчсызданып турду. Баары тамактанып бүткөндөн кийин бир милицияны аттардын жанына жиберди. Калган бешөө эки топко бөлүнүшүп "өткөргүчтөр"
жардын кырындагы жолго чыкканда бир тобу аркасын, бир тобу астын тосуп калыша турган болду. Кечке тынч уктап уйкуларын кандырган милиционерлер өздөрүн сергек сезип отурушту. Күн ала бүркөө болуп тургандыктан,
улам
булутка жашынып кайра чыккан жарым толгон ай коюу түн караңгылыгын жарык деле кыла албады. Төмөндөгү суунун үстү гана жылтылдап бүдөмүк-бүдөмүк көрүнбөсө айлана
капкараңгы. Милиционерлердин
жанында акумулятор менен күйгүзүлүүчү эки күчтүү фонарик бар.
Наркоөткөргүчтөр болжолдонгон жерге келгенде эки жагына жарык кылыш үчүн даярдалып коюлган.
Андан башка да ар

#72 08 Март 2013 - 23:48
бир милиционердин
чөнтөгүндө кол фонариктер да бар. Милдет күтүүсүз кол
салып kаршылыксыз колго түшүрүү. Түн ортосунан оой ага лейтенант;
- Ыя жигиттер, чалап
ичпейлиби, - деп калды.
Түн ортосунан оосо да күндүзгү ысыктын деми кайтпай суусап жаткан милиционерлер:
- Апкел. Кан катып кете турган болду, - деп жиберишти. Жанараак булак суусуна сүзмө эзип чалап жасап коюшкан түнкүсүн ичели дешип. Сержант тура калып 5 литрлик ак констирди көтөрүп келди. Улам бири түз эле оозунан жутуп киришти. Мурат да кангыча жутту. Анан калса чалап муздак
экен суусуну кана түштү.
Ага лейтенант:
- Мага калтырган эмессиңерго? - деди
күлө. Караңгыда кимиси канча ичишкени көрүнбөдү. Арадан жарым саатча убакыт өтпөй Мураттын уйкусу келе баштады. Кирпиги жабышып оозун улам ачып эстейт. Өзүнчө "эмне болуп жатам.
Күндүз жакшы эле кана уктабадым беле" деп коет. Аңгыча жанаша жаткан сержант жигиттин коңурук тартып уктап атканын угуп:
- Сержант Акматов, эмне уктап жатасың? - деп ийнинен кармап силкип ойготоюн деп кол
сунган боюнча өзү да көмкөрөсүнөн түшө уктап кеткенин билбей калды.
Айлананы тынчтык ээледи. Мурат баш болгон төрт милиция

#73 08 Март 2013 - 23:52
тең бейкапар уктап жатышты. Ага лейтенант гана уктаган жок. Кичинеге кулак түрө беркилерди тыңшады да ордунан туруп ар бирин текшерип чыкты. Баары жайында экен. Чөнтөк фонаригин алып чыгып маңдайкы бетти каратып үч жолу күйгүзүп өчүрдү. Он беш минутача убакыт өтпөй атчандардын суу кечкен табышы угулду. Үч атчан жардын кырындагы жол менен бейкапар өтүп кетишти. Алардын кара сөлөкөтү имерилиштен бурулуп көрүнбөй калганда, ага лейтенант констирдеги чалаптан кичине жутту да констирди төмөнкү сууга ыргытып жиберип чалкасынан түшө
буттарын сунуп коюп уйкуга кетти.
Мурат биринчи ойгонду. Күн жаңы эле тоо баштарынан чыгып келатыптыр. Жанында төрт милиция тең бейкапар уктап жатат. Алгач эмне болуп кеткенине түшүнбөдү. Башы жарылып кетчүдөй болуп ооруп калыптыр. "Кандайча уктап калдык?" деген суроо турду. Уктап жаткан mилицияларды карап туруп, бул уйку жөн уйку эмес экенин шекшиди. Мындай аңдуулардын далайын баштан өткөзгөн. Керек болсо эки суткалап деле уктабай кое алчу. Демек, ичкен тамактарына бирөө дары кошкон. Беркилерди ойготпостон туруп кечинде чалап ичкен конистрди издеди. Эч жерде көрүнбөйт. Наркоөткөргүчтөр түндө эч камсанабай гана алардын "кулагын тебелеп" өтүп кетишкенин да түшүндү. Төмөнкү жардын кырына түшүп барып така кагылган аттардын изин көрдү. Суудан
чыккан аттардын изи даана түшүптүр. Үч атчан өткөн экен. Суунун жээгиндеги бадалдан ачакей бутакка кыпчылып калган ак констирди көргөндө кубанып кетти. Чуркап түшүп конистрди алса, түбүндө жарым литрче чалап бар экен. Оозун ачып жыттаса сүзмөнүкүнөн бөлөк жыт деле билинбейт.

#74 08 Март 2013 - 23:55
Кичине ойлонуп турду да констирди алып кайра милициялар уктап жаткан жерге келди да, арыта жаткан өзүнүн мешогунун ичиндеги плаүына ороп катып койду. Аттар байланган имерилиштеги буйткага барса, аттарды кайтарууга жиберген сержант астынан күлө багып тосуп чыкты.
- Шүмшүктөр түндө да өткөн жокпу Мурат байке?
- Капитан Салмооров, деп кайрылганга качан үйрөнөсүң?
- Кечириңиз, улууларды дайым байке деп жүрүп көнүп калыпмын.
- Түндө уктаган жоксуңбу?
- Жок. Кантип уктайын.
- Шектүү эч дабыш уккан жоксуңбу?
- Жок. Андай деле дабыш укпадым. Суунун күркүрөгөн шарынан эч нерсе угулбайт экен. Мурат ичинен "Демек, дары чалапка кошулган экен" деп койду.
- Аттарды даярдай бер. Азыр жолго чыгабыз - деди да кайра артка кайтты. Келсе, ага лейтенант ойгонуп башкаларын тургузуп жаткан экен.
- Мурат Салмоорович, сизден башкабыз бүт уктап калыптырбыз го, -деди көзүн алактатып.
- Кандайча уктап калдык, түшүнсөм кудай урсун - деп старшина милицияны карап койду. Ал да унчукпай жер карай,
- Мен үч сутка жүрсөм деле оңой менен уйкуга алдырчу эмес элем.

#75 08 Март 2013 - 23:59
Кантип уктап калганымды билбейм, - деди Мураттан көзүн ала качып. Баарын бир сыйра теше тиктеген Мурат чалапка дарыны кимиси кошо салганына көзү жетпей турду.
- Кейпи кечөө ысыкка урунуп калсак керек го, - деп койду Мурат.
- Мен деле жакшы эле уктабайм го дегем, болбой эле көзүм илинип кетиптир, - деди бейкапар.
- Сиз да уктап калыптырсызбы? - деди ага лейтенант таптакыр таңгала.
- Ооба, мен да уктап кетипмин. Мурат эч маани бербегенсип
жылмайып койду. Кыйкырып урушуп чаң- будуң чыгарган менен эч пайда жок экенин түшүнгөн. Тескерисинче эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн "дөдөйдөй" көрүнүп коюуну туура тапты.
- Демек, наркоөткөргүчтөр өтүп кеткенин билбей калган экенбиз да.
- Ошентсек керек, - деди Мурат кабагын түйө.
- Балким, түндө өтүшпөгөндүр. Болбосо дабыштан ойгонуп кетет элек го, - деди жаш сержант.
- Өх, башым ооругансып калыптыр. Түндөгү чалаптан калды беле? - деп сурады Мурат.
- Конистрди таппай
койдум. Менин да каным катып калыптыр. Чалапты кой, чалап куйган идиш жок, - деди
ага лейтенант ийнин
куушуруп. Баары көз
кыйыктары менен
Муратты карап коюшту.

#76 09 Март 2013 - 00:02
- Болуптур, аттаналы. Отурган менен пайда жок, - деп Мурат ордунан турду. Ичинен "кимиң мышык-чычкан"
ойнотуп жатасың. Кымылдап турасың го. Баары бир колго түшүрөм",
- деди тиштенип.
- Бул жөн укташ эмес. Баарыбыз минтип бир кишидей уктабайт болчубуз. Мында сыр бар - деди ага лейтенант
күтүүсүз. Милициялар бирин-бири карап калышты.
- Кандай сырды айтасыз? - деди Мурат билмексенге салып.
- Менин оюмча ичкен тамагыбызга же чалапка дары кошулган. Ошондуктан, баарыбыз уктап калдык. Болбосо кантип бир кишидей
уктайлы. Мурда мындай күзөттөргө турбай жүрүптүрбүзбү. Эки күн турсак деле уктачу эмеспиз. Жөн эле жаны кашайган адамдай дулдуңдады.
- Ким кошту деп ойлойсуз? Мурат тикирейе карап түз сурады.
- Эми... эми колунан кармап албагандан кийин кантип айтам.
- Кимиң тамака дары
коштуңар?
Баары дым болуп калды.
- Сен коштуңбу сержант Оморов?
- Мурат Солмоорович, кантип ошондой ишке барайын. Жаш сержант чыйылдап жиберди.

#77 09 Март 2013 - 00:03
- Балким сиз кошуп жүрбөңүз старшина
Нургазиев?
- Жок капитан Салмооров, мен кошкон жокмун, - деп жай гана жооп берди, токтолуп калган старшина.
- Сержант Акматов!?
- Кошкон жокмун.
- Көрдүңүзбү эч ким
кошпоптур. Мен да
кошкон жокмун. Сиз да кошкон жоксуз. Демек, бей күнөө бири- бирибизди күнөөкөр тутпайлы, - деди да Мурат бурула аттар тарапка ылдам басты.

#78 09 Март 2013 - 00:06
ххх
Бөлүмгө келери менен Мурат полковник Алпышевге бүт чындыкты билдирди. Конистрди алып чыгып жашыруун текшерүүдөн өткөздүрүп берүүнү
өтүндү. Каштарын түктүйтө ойго баткан полковник:
- Өзүң кимден шек
санайсың? - деди. Мурат так шекшиген кишиси жок болгондуктан жооп
бере албай,
- Азырынча аныгына чыкмайын айтканым туура болбой калат. Дагы текшерейин - деди.
Чындыгында ага лейтенант экөөнүн жылдызы каршы болчу. Эмнегедир ушул ага лейтенант
Абдынасыровдун чын дилден сүйлөрүнө ишенчү эмес. Эпилдеп-жепилдеп жатса деле жактырбачу.
Ушул операцияга суранып жатып кошулган. Деги эле тоого аттанган отряддардын баарына кошулуп барарын байкап калды. "Жылдызыбыз каршы" деп эле күнөкөр тутканы болбойт да. Ошондуктан, полковникке эч нерсе айта алган жок. Мураттар өткөн
операцияга аттанарда да суранып кошулган. Азыр эрдин кесе тиштеген Мурат "балким кошпой койгонубузда иш башка болот беле"
деп ичинен сызып турду. Ага лейтенант
Абдынасыров полковник Алпышевдин үстүнө суранып кирди да, кирээри менен маселени кабыргасынан койду.
- Полковник Алпышевич, мен айтууга аргасызмын. Капитан Мурат Салмоорбековичтен
шегим бар. Себеби, операцияга катышкан бүт милициялар уктап калыптырбыз. Жалгыз Салмоорбеков уктабаптыр.

#79 09 Март 2013 - 00:11
Наркоөткөргүчтөр болсо бизди шылдыңдап гана өтүп кетиптир. Биз ичкен чалапка дары кошулган болуш керек. Мен чалап куюлган констирди апкелип текшертейин десем дайны жок. Мен ойгонгондо Салмоорбеков ордунда жок экен. Калганы бүт уктап жатыптыр. "Аттар жакка барып kелдим" деп койду. Байкашымча түк уктабагандай.
Бизге калп эле "уктадым"
деп койду. Тынымы жок шакылдата айтып өттү.
- Чалапты акыркы болуп Сиз ичтиңиз беле?
- Ооба, мен ичкем. Ага лейтенант мукактана түштү.
- Чалап канча калыптыр эле?
- Көп эле... Караңгыда так байкай албадым.
- "Мага калтырбай коюпсуңар" деп бир уртап ичпей коюпсуң го?
- Жоок. Аябай жуткам... Суусап тургам... Мен жөн эле тамашалап мага аз калыптыр дегем. Болбосо түбүнө түшүрө ичкем. Капитан Салмоорбеков жамандап келдиби? Мен билгем анын жамандаарын.
- Кантип?
- Анткени, мен тоодон эле "Канистр жок. Баарыбыз уктап сиз уктабапсыз" деп кер-мур айтышып кеткен элем. Анын үстүнө капитан чалаптан аз эле uчкенин байкагам.
- Сиз чын эле түбүнө түшүрө эч нерсе калтырбай ичтиңиз
беле?
Ага лейтенант
алдастаганынан тердеп да кетти. Ичинен "акмак болгондо кайдан кирдим эле" деп жатты.
- Ооба, катуу суусап... шыпкап ичкендей болгом. Ошо, көп ичип алып өлүктөй уктапмын.
- Демек, эч нерсе калтырбай акыркы ичкен сиз экенсиз да.
Полковник сүрдүү теше тиктеди.
- Ооба, акырында мен ичкем.
- Сизден кийин "Калдыбы? Ичет элем" деп конистрди сураган эч ким болгон жокпу?
- Жок. Эч ким сураган эмес.
- Кайда койдуңуз эле?
- Карагандын түбүнө
койгом.
- Турсаңыз эле жок?
- Ооба. Туруп карасам жок.
- Эмнеге карадыңыз?
Ага лейтенант даана
кекечтенди.

#80 09 Март 2013 - 00:22
Ага лейтенант даана
кекечтенди.
- "Чалапка дары кошулса керек" деп ойлодум.
- Турарыңыз мененби?
- Жок. Кичинеден кийин. Өзүмө келгенден кийин.
- Им-м. Ахмет Абдынасырович, сизге рахмат. Бул ишти дагы териштиребиз. Капитан Салмоорбековду көзөмөлгө алабыз, бара бериңиз - деди
полковник. Ага лейтенант эшике шампандын пробкасындай атып чыкты. Кара өңү ого бетер кара көк тартып чыңала түшүптүр. "Акмак башым. Эмнеге кирдим дейм да" деп өзүн-өзү тилдеп жатты. "Полковник эмне үчүн "шыпкап ичтиң беле" деп такып сурады" деген
ой мээсин жеп жүрөгү тынчсыздана дүпүлдөйт. Анткени, конистрди ыргытып жатканда чайкап көрсө, ичинде чулпулдап дагы биртоп чалап бардай болчу. Караңгы болгондуктан, так биле алган эмес. Балким, Мурат конистрди эртең менен таап алган болсочу. Мүмкүн эмес. Кичинекей жердеги, анын үстүнө ылдыйыштагы сууга
чейин кантип ыргытпаган болсун. Ага лейтенанттын башы катты.
Полковникке чын эле чалаптын составына уктаткандын дарысы ири өлчөмдө кошулганын лабораториядан билдиришти. Муратты чакырып алып экөө "канткенде "стукачты" колго түшүрүү керек" деген план түзүп киришти. Арадан бир жума өтпөй, атайын отряд kайрадан күтүүсүз тоого аттанды. Шашылыш кабар алдым. Бүгүн же эртең ири өлчмөдөгү нарко товар өткөрүлөт" деди полковник. - Мен үйгө бир кайрылышым керек
эле, - деди ага лейтенант жуп жөнөйбүз деп жатканда. "Аялым ооруп жатты эле барып дайнымды айтпасам болбойт". Полковник анын сөзүн бөлүп: - "Мен өзүм кабарлап коем.
Кам жебей кете бер", - деп койду.
Шашыла aттанышып жүрүп кетишти. Демейде өзү суранчу ага лейтенант бул жолу көңүлсүз баратты.
Жети милиционерден турган топ түндөп жүрүп отуруп, таң сөгүлгөндө тоо этегиндеги капчыгайдын кире беришине салынган
эски кашарга жетишти. "Аттарды кашардын ичине кийрип байлагыла. Өзүбүз биp бурчуна жатып эс алабыз. Күндүзү тышка чыкмай жок. Улам бирибиз кезекке турабыз. Биздин бул жакка келгенибизди эч ким көрбөшү керек. Кайра түн кире аттанабыз. Тапшырма өтө олуттуу. Ошондуктан жакшы уктап кечке жакшы эс алгыла. Ар ким өзү ала келген тамакты гана ичсин. Бүгүн кудай буюрса наркоөткөргүчтөрдүн эң көзүрүн колго
түшүрөбүз. Угушубузча ал оо көптү билет көрүнөт" деген кыска команда берди да, Мурат өз атынан түшүп кашардын бурчуна
байлады.
- Сержант Оморов, биринчи күзөт сеники.