Суперстан: Миллионго бааланган өмүр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Миллионго бааланган өмүр Курч окуялуу адабий көркөм чыгарма

#81 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 00:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Аттар эс алгандан кийин баарына жем баштыктагы жемин берип кой. Экинчи болуп сержант Акматов, - деп күзөткө туруучуларды бөлүштүрдү да, өзү канжыгасындагы уктоочу мешогун алып чыгып, ыңгайлуу жай издеп барып жатып уйкуга кетти. Ага лейтенант өзүн кайда коерун билбей же уктап кете албай ооналактайт. "Кандайча болуп кетти? Эмне үчүн кабар албады? Эки күндөн бери үйүнө да барбай. Байланышчыга да барбай бир досу менен токойго кыздарды салып алып эс алганы кетип жаңы келген. Балким, муну таппай калыштыбы. Кайдан да токойго барды эле. Мөлтүрөгөн жаш кыздарга кызыкпадыбы. Ит болгондо өткөргүчтөрдөн муну тааныгандар колго түшүп калып айтып салса эмне болот. "Жанкечти" далай эскерткен "Эгер ири товар менен менин кишилерим колго түшсө сенин жүзүңдү ачып коем. Сенин тагдырың менин колумда, алган акчаңды актабасаң өз убалың өзүңө" деп. Мынчалык эмне шашылыш болуп кетти. Эч убакта үч жолу такташмайын жолго чыгышчу эмес эле го. Балким четтен "чоn заказ" келип калдыбы. Өткөндө дагы бир жолу "чоң заказ" келип калып ушинтип шашылыш үч күн удаасы менен
өткөзтүргөн. Анда да жанын оозуна тиштеп чуркаган. Мурда азыркыдай татаал эмес эле мына полковник Алпышев келгени иш бузулду. Кадрларды өзгөрттү. Бул Мурат деген капитан даана акмактардан экен. Арак ичпейт. Акчага
кызыкпайт. Нечен тамырын тартып көрдү. Жок. Жанына да жолой албады. Качан болсо иш... иш... Эки айдан өттү Бишкекте калган үй- бүлөсүн көчүрүп kелүүнү да ойлой элек. "Досторго айтып бул жактан жакшы квартира таап көчүртүп келбейлиби" десе. "Жок Ахмет. Алгандын бермейи бар. Мүмкүнчүлүк болгондо өзүм квартира таап көчүрүп келип алам" деп койду. "Көп эле жабыша берсем шекшип калбасын" деди да алыстап калды. Бүгүн кандай кылса. Кантип өткөөлчүлөргө кабар берет. Милициялардын көзүн жазгырыш кыйын болуп турат. Өзгөчө өткөндө уктаткандын дарысын ичип уктап
калышкандан бери бири-биринен шек
санап, сак болуп калышты. Күнөөнү Муратка оодарып, "жок дегенде убактылуу болсо да
отряддын командирлигинен четтетсем" деген планы ишке ашпады. Полковник Алпышев канча күйгүлтүккө түшүп айтса да ишенген жок. Тескерисинче өзүнөн шек санап калды көрүнөт. Эптеп дагы эки ай чыдаса наркосоодагерлер менен макулдашкан мөөнөтү бүтөт. Анан башка облуска которулуп качса жаны тынчый түшмөк. Керек болсо ден-соолугуна
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 00:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

шылтоолоп такыр эле органдан чыгып кетсе да болот. Каражатты кудая шүгүр эле жыйды. "Мерседеси" , Оштон үй, Бишкектен үй, Көлдөн үй, басып койгону, алтынга айлантып койгону канча. Дүйнөсүн эстегенде жаны жыргап, жанатан берки санааны унутуп койду. Наркосоода дегениң чиркин агып жаткан эле алтын тура. Ар бир партия товар өткөзгөн сайын 1,5 миңден доллар алат. Товарды аз өткөрдү, көп өткөрдү бары бир. Жаңы келишим түзгөндө, кызматты баштаганың үчүн дешип 50 миң "бакс" беришкен. Мөөнөт эки жыл болчу. Мына жакында бүтсө дагы 50 миң алат. Өткөн жылдарда канчалаган товар өткөрдү. Өзү отряддын командири болуп турганда көрүнгөн үйдө конок болуп, арак ичип чардап, келин-кызды кыңшылатып ойноп
жүрүп гана "Бакстарды" шыпырып алып турду го. Жыргал эле жылдар болгон экен. Арыта керилип уктап жатка Муратты жек көрө карады. "Тартайган энеңди... ушул кеңкелес келбегенде эки жылдык мөөнөтү бүтөт эле. Анан башка жакка которулуп жылт коймок. Наркобосторго "башка областка которуп жатат" деп коймок. Анан дагы эки-үч жылга иштеп
туруп отставкага чыгып кетмек да, чакан фирма ачып коюп, жайы-кышы "бейиште" гана жашамак. Өзүнчө кыжынып алды. Ордунан башын көтөрсө сержант Оморов кашардын оозунда бирде сыртты, бирде
уктап жаткан милицияларды тикчийип карап отурган экен. Беркинин баш көтөргөнүн байкап
калды. Туруп кашардын караңгы бурчуна барып заара ушатты да кайра жата кетти. Түнү менен жол жүрүп чарчаганга акыры уктап да кетти. Жаман түш көрүп кыйналып, өзүнчө кобурап сүйлөшүп уйкусурай ооналактайт. Милициялар күүгүм кире аттанышты. Ага лейтенант эс албай эле кайра кыйноо көргөнсүп денеси жанчылып, суусу сыгылган лимондой болуп калыптыр. Атына араң эле минди. Арттараак бастырып келаткан старшина ага лейтенантка кайрылып, күңкүлдөй сүйлөп
калды;
- Угушумча бүгүн өтө
баалуу кишини колго түшүрөт окшойбуз. Ал милициялардын арасындагы "стукачты" да жакшы билсе керек. Полковник жөнөп жатканыбызда капитанга "Көзүңдү ач. Колдон чыгарсаң
кечирим жок" деп кабинетте кыйкыры
жатыптыр - деди. Ага лейтенант үн
дебеди. Ичинен ой
жүгүртөт. Наркомафиянын ичине "стукач" киргенден бери иш тескери айланды. Анан калса ал "стукач" ушунча так
билдирүүлөрдү берет. Кудум жомоктогудай. "Бармын жокмун. Жокмун бармын" дегенсип эч колго
илинбейт. Кабарды ким алары да белгисиз. Ага лейтенант эчак "Жанкечтиге" билгизген "Араңарда "стукач" бар сак болгула" деп. Жок жок. Жанкечти өтө сак адамдай туюлчу. Чыны наркобосту өзү да көрө элек. Атын гана угат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   guard   09 Март 2013 - 01:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Майрамыныз менен, калганын эртен улантасызбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 02:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Ушул "стукачты" жок кыла албай коюшту. Анан калса иш тигил Бишкектеги Кошбаев атылгандан бери ого бетер бузулду. Кошбаевдин күчү да, мээси да болгон экен. Ал турган кезде мынчалык органдын кызматкерлеринде орун алмаштыруулар болчу эмес. Болсо да "өз кишилер" келчү.
Полковник aлпышев кекиртекке кептелген сөөк болду го. Мени билген адамдар чын эле ушул өткөргүчтөргө kошулуп товар менен өтөбү? Ай кайдан? Кантип ушундай тобокелчиликке барсын. Же товар ири өлчөмдөбү? Мына ушундай суроолор ага лейтенанттын жанын жеп келатты. Канткенде тигил өткөргүчтөргө кабар бере алат. Бул жолу такыр камсыз чыкты. Болбосо дайыма астына ала даярданып алчу эле. Анын үстүнө милициялар бири-бирин аңдып, сак. Башы катып баратты. Акыры бир амал кылып көрүүнү туура тапты да, улам токтоп, аттан түшүп отура кетет. Капитан
"Сизге эмне болду" деди эле. "Ичим толгоп катуу өтүп жатат" деп койду. Атчандар "өткөргүчтөр ашып өтөт" деген белге келишкенде, аттардан түшүп, аттарды төмөнүрөөк бадалдын арасына байлашты да, өздөрү туура белден тосмой болушту. Бул жолу да экиге бөлүнүшүп, бир бөлүгү тигилер белди ашып өткөндө артын тосуп, экинчиси астынан торомой болду. Капитан ага лейтенантка "Сиз ичиңиз ооруп кыйналып турсаңыз аттардын жанында болуңуз" деп тапшырды. Ага лейтенант кубанып кеткенин билгизбей "Мейли. Айла жок. Болбосо бир группанын башында өзүм болсом болот эле" демиш болду. Тигилер өңүткө кетишери менен ага
лейтенант да жөнөдү. Бул жердин сырын жакшы билчү. Караңгы экенине карабай бат эле белди ашып түшүп карагай черди аралап өтүүчү этектеги жолгo жетти. Өткөрчүлөр мына ушул жерден өтүшөт. Жол өтө татаал. Капитан Мураттын акылы болгондо так ушул
жерден тостурса болмок. "Белди тандаганын кара. Өткөрүүчүлөр айлалары кетсе аттарды таштап карагай черди аралай жөө качышат да", деп ойлоп койду. Нарко товар салынган мешокторду көп учурда аркасына арчындап алмайлары бар. Жанатан ала-бүркөө
болуп булут каптап турган эле алгач акырын шыбыргактатып жаап келип, анан шатыратып жамгыр төгүп кирди. Ага лейтенант wашканда плаүын алган эмес экен. Бат эле шөмтүрөп суу болуп жапан талдын алдына корголоду.
Мурат илицияларды
жөнөтүп коюп, өзү кайра артка аттардын жанындагы ага лейтенантты аңдууга калган. Аз жерден ага лейтенант менен
сүзүшүп кала сактады. Карагай менен карагай болуп жабышып туруп калды эле тигил байкабай өтүп кетти. Артынан аңдый белден төмөн түшкүчө барды да. Кичине отургандан кийин чөнтөгүнөн фонаригин алып
төмөндөгү карагайлардын арасы тарапка эки жолу күйгүзүп өчүрүп белги берди.
Ага лейтенанттын сак кулагы аттардын
дабышын шак эле укту. Утурлай жөнөдү. Чагылган "жарк" дей түшкөндө, шоодой болгон үч атчан көрүндү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 02:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

"Ошолор. Акмактар" деди ичинен. Жакын
келгенде "Мен Крутоймун" токтогула -деди. Тигилер токтоп калышты. Бири да үн дебеди.
- Эмне үчүн байланышпай ишке чыктыңар? - деди кекете.
- "Крутой" сен өзүң кайда жүрөсүң? Дайыма кабарлашып туруш керек экенин унуттуңбу? - деди тигилердин бири сүрдүү.
Ага лейтенант жооп таппай калды. "Бул жерде катардагы өткөргүчтөр эмес
бостордон да барбы" деген ой башына шак деди.
- Болуптур. Аны кийин сүйлөшөбүз. Азыр артка кайткыла. Астыңарда буктурма бар. Туурадагы бетте калың токой бар ошого жашынгыла. Мен эртең тигил
милицияларды өйдө алып кеткенге аракет кылам. Ошондо өтүп кетесиңер.
- Эгер алып кете албасаңчы? Товар күтпөйт - деди жанагы сүйлөгөнү.
- Эгер алып кете албасам аттарыңды таштап жөө аска аралап өткүлө. Башка жол жок. Тигилердин астынкысы ага лейтенантка жакын бастырды жашыруун бир нерсе айтчудай. Ушул маалда уда үч фонарик түз бетине карап күйгүзүлдү да мойнуна жип ороло түштү. Эмне болуп кеткенин түшүнгүчө аркасынан:
- Ахмед Абдынасыров, каршылык кылган менен пайда жок, - деген Мураттын үнү чыкты.
- Ах иттер... Атайлап уюштурган экенсиңер да, мен силерди... Жанындагы пистолетин сууруп чыгам деди эле Мурат үлгүртпөдү. Шап колун артына кайрый толгоп, кол кишенди кийгизе койду. Эртең менен күn көтөрүлгөндө
полковник Алпышев Абдынасыровду өзү
суракка алды. Анан эки милициянын коштосунда төмөнгө жиберди да отрядды өзү жетектеп кайра аттанды. Чындыгында эле ири өлчөмдө нарко товар өтөрү тууралуу кабар келген болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 02:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Жүрөктүн "кайырчылыгыңды кыл да жөн жүр" дегенине адамдагы ачкөздүк напси деген болчубу. Кайырчы бул күн кечке бүрүшүп үнсүз отурду. Мээсин ой жеп жатты. Күндөгүдөй кайыр сурап үн да чыгарган жок. Жөн гана жаман тумагын таштап койгон. Бир топко жанатан ташталып жаткан майдаларды алып
койнуна салбаган экен үйүлө түшүптүр. "Ушунун баары пачка доллар болуп үйүлүп жатса" деп кыялданып койду. "Деги миллион доллар" канча болот болду экен бир мешокчо болотко. Уу-у ошончо акча.
Кыялданып жыргап жатканда cамтыраган он үч он төрттөгү бала тигинин тумагы менен кошуп бүт кайырга түшкөн акчаны көтөрө качты.
- Ай токтоо... Жубарымбек токто дейм. Шыйрагыңды чагам. Кайырчы ордунан тургуча тигил бала агылган элди аралай дайны жок болду.
- Сени колго бир түшөөрсүң. Сени, - деди кемшеңдей кайырчы.
- Эмне болду? Катуу сөгүнүп калыпсың, - деди кайырчынын маңдайына күтүүсүз
пайда болгон Аден. Кайырчы аны жалт
карап алып:
- Аден сенби. Акмак жубарымбек бүт акчамды тумагым менен көтөрө качпадыбы. Сени... Экми кантем... Өзүң эмне бүгүн чемичке сатууга чыккан жоксуң?
- Башка жумуштар болуп калды. Тумагыңа кейибе. Мен башка тумак таап берем. Бүгүнкү тамагыңа болсо мен төлөйүн.
- Рахмат Аден. Сен мага көп көңүл бурдуң. Рахмат... Менин да сага айта турган сөзүм бар эле. Бүгүн чемичке сатканы чыкпай калсаң тынчсызданып жаттым эле.
Адендин көздөрү жайнай түштү. Oшондо да билмексенге салып,
- Эмне сөз? Айта бер, - деди.
Кайырчы эки жагын
элтеңдей карап шыбырай;
- Өтө жашыруун сөз
Аден. Өтө жашыруун, - деди. Аден кичинеге үнсүз ойлонуп турду да:
- Жүрү базардан тамак алып алып менин үйүмө барып жай сүйлөшөлү, -деди. Аден үйүнө жеткиче шашты. Аны кубалап калбай басам деген кайырчы демигип бышылдап калды. Кайырчыны буга чейин үйүнө алып келе элек болчу. Бүгүн кайырчы айта турган сырды үйдөн гана угуш керектиги үчүн апкелип отурат.
Базардан ала ыккан
колбаса менен саланы туурап, лепешка нанды
үзүп койду да аржактан муздаткычынан бир шише арак апкелип "Көрдүңбү керек болсо мен аракты
муздаткычка коюп ичем" дегенсип карап койду. Кайырчы демиккенин кичине
баскан соң:
- Келе алдагы арагыңдан куй, - деди.
- Балким, чай менен
ичпейлиби... жумуртка куура салайын, - деди эпилдей.
- Жок. Чайды анан деле иче беребиз. Нан менен саладан артык тамак барбы. Андан көрө бир- эки баш пияз болсо...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 02:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Пияздын жарасы жеңил... Аден эки баш пиязды аарчып келип, туурап жиберди да, аракты ачып эки стаканга куйду. Кайырчы аракты ала коюп,
- Жакшылык, ден-соолук үчүн, - деди да Аденди күтпөстөн жутуп жиберди. Аркасынан салага туура кесилген пиязды каттай нан менен сугунду. Кайырчы биртоп өзөк жалгап, чекеси нымшып тердегенде гана Аден сөз баштады.
- Эмне сөзүңүз бар, катуу "секрет" кылган.
- Ээ Аден, ал чоң сөз.
Андан көрө айтчы,
жанагы Кошбаев
дегенди аткандарды
дана көрүп айткандарга миллион доллар берери чынбы?
- Ал турган сөз. Мен сенин маңдайыңда
отурганым кандай чын болсо, так ошондой чындык.
- Анда экөөбүз жакшы акылдашалы. Мен Кошбаевди аткандарды өз көзүм менен көргөм,- деди кайырчы көздөрүн кыбыңдатып.
- Кантип? - деди Аден такыр таң калган кишиче.
Кайырчы болгон окуяны ийне жибине чейин шашпай баяндап берди. Аткан балдарды ал түгүл өңүнөн таанырын да
айтты. Болгону машинанын номерин гана айтпады. - Азыр эстей албай жатам. Бир жерге жазып койгом. Аны табыш оңой эле - деп койду. Сыйлыкка ала турган акчанын өзүнө тийчү бөлүгү
аныкталганда шак айтаарын билдирди.
"Оңбогон гана Кайырчы. Сен да оңой жоо эмес турбайсыңбы" деди
ичтен Аден.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 03:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Аден кайырчыны узатып жибергенден кийин такыр тынчы кети бөлмөсүндө ары-бери басып жүрдү. Түн ортосунан оогуча уктай албай жатып таңга жуук аз-маз көзү илингени менен түшүнө ар нерселер кирип оңдуу деле уктагандай болгон жок. Эс-дарты бүт кайырчы айткан жаңылыкта. Демек, кайырчы Кошбаевди аткандарды даана көргөн. Ал түгүл машинасынын
номеринен бери билет. Машинанын номери аркылуу анын ээси кимдер, ал "жорго" менен кимдер "мергенчиликке" чыгып жүрөт оп-оңой билсе болот. Бир гана маселе, эми кантип кабарды сыйлык убада кылгандарга жеткирүү керек.
Эшигин тыкылдатып кирип барып эле "Менин байгемди бер. Иш мындай болгон" дей салса "Оо азаматым.
Сени күтүп атпадык
беле. Рахмат. Ме акчаңды" - деп миллионду мешокко
салып, жонуна артып бербеши түшүнүктүү кеп. Мына ушунун жообу Адендин башын чиритүүдө. Мурдатан эле ушул маселе мээсин жечү. Бирок, эмнегедиp чыныгы кабарды укса эле баары өзүнөн-өзү чечиле калчудай үмүт кыла берчү. Көрсө, огo бетер татаалдашат экен.
Кантсе да алгач ойлогон вариантына токтолду. Кадыр-барктуу бир адамды ортомчу кылышы керек. "600 миңин өзүң ал мага 400 жүзү да жетет" деш керек. Кайырчыны эсепте жок. Ал акчаны эмне кылмак эле. Өлөрү калган чалга кайырчылык кылып жүргөнү да эрмек. 400 миң... Балким, "теңи сеники, теңи меники" деп да көрөөр... Кыялы алдыга жетелейт. Ортомчуну тапканга
келгенде эле бурчка
такалат. Кимге бармак. Деги азыр ушундай баш- аламан жашоодо ишенимдүү адам
барбы? Адамдар бузулду. Акчага,
байлыкка жетсем деп жулунуу оорусу кечөөкү эле ак көңүл, боорукер адамдын мээсине куртча кирип алып бүт бузуп чиритти. Азыр ал ач көз. Акча үчүн өз энесин сатууга да даяр кара
мүртөз канкорго
айланды. Анан андай адамдар эптеп
тиричилигин өткөргөн Аденге окшогон алкашты аямакпы. Кумурскадай ушалап
коет го. Адендин башын ушул ойлор жеди. Балким, экинчи вариантына өтсө кантет. Тигил Кошбаевди аткан киллерлерди таап, "Силерди билген бирөө бар. Баланча берсеңер оозубуз жабылат" деген кат жолдосочy. Жоок. Баш кесер деген баш кесер. Ал акча төлөбөйт. Төлөтөт. Эптеп колго түшүрөт да жок кылат. Биринчи варианты эле оң. Кадыр-барктуу, убадага туруктуу. Аз болсо да уяттуу бирөөнү табыш керек. Мейли 700 миңин алса да 300үн берсе. Акчаны ойлогон сайын Аден тим эле чөнтөгүнөн бирөөгө өз маңдай тери менен тапканын санап берип жаткансып чыйпылдап, жанын коерго жер таппай отуруп-тур калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 03:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Майдалап жааган жаан экинчи күнү да
басылбады. Ак жаанга айланып көктөн бирөө тынымсыз элек менен элеп жаткансып шыбырчактайт. Эки күндүн ичинде эле милициялар жүдөй түшүштү. Сакал-муруттары өсүп, плаүка оронуп шүмүрөйгөн кейиптери боор оорурлук. Анын үстүнө эки күндөн бери от жагып да жылыныша элек. Аттарын коктудагы карагайдын арасына
байлап коюшуп, өздөрү наркоөткөргүчтөр өтөт деген жолдун жээгиндеги калың майда бадалдын
арасында. олковник
Алпышев от жакканга уруксат бербей койду. "Тоо арасында түтүндүн жыты алыс тарайт" деп. Аттарды болсо түн ичинде сугарып
кошоктоп аркандап
откорушат да күндүзү ала келген жемдеринен берип далдоого байлап
коюшат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 03:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Мурат көкүрөгүн өйүгөн ойду акыры чыдабай полковник менен бөлүштү.
- Полковник мырза балким планды кичине өзгөртсөк кандай болот? Полковник Алпышев менен мурда иштешпегендиктен
анын сырын билчү эмес. Балким полковник өз кол астында иштеген капитандын акылын
укканды намыс көрөр. Ошондуктан, аяр кайрылды.
Полковник өзү түзгөн планга өзү да кыжалат болуп турган эле. Ошондуктан, Mураттын оюн угудан качпады.
- Кандай кылсак дейсиң? Тартынбай айта бер. Полковниктин үнүнөн какшыктоо же кекетүүнү сезбегендиктен, Мурат шыр кетти.
- Полковник мырза, эгер наркоөткөргүчтөр чын эле ири өлчөмдөгү товар алып өткүлөрү келсе, чоң обекелдикке да бара коюшпас дейм. Анын үстүнө органдагы ишенимдүү кишиси менен да астына ала сүйлөшүү болгон жок. Демек, сөзсүз
"приманка" ыргытышат. Менин оюмча алар эки жолду айдаланышат. Биринчиси, экиге бөлүнүшөт да товардын кичине бөлүгү менен астыга "приманканы" жиберишип өздөрү
аркасынан бери дегенде эле бир чакырымча аралыкта болушат. Экинчиси, "приманканы" бир күн мурда өткөрүшөт да өздөрү экинчи күнү өтүшөт.
- Түшүндүм. Отрядды
бөлүп эки жерден тосолу дегиң келип
турат го.
- Ооба. Отрядды үчкө бөлөлү, эки чоң бөлүгү артта бир кичине бөлүгү төмөндө астыда болсун. "Приманканы" төмөнкү бөлүк кармасын. Ал эми эки бөлүк белгисиз
болуп кала берсин.
Менин оюмча "приманкада" анча деле чоң күч болбойт. Полковник кичинеге үнсүз ойлонуп турду да:
- Оюң жакшы. Эмнеси болсо да сак бололу. Күүгүм киргенде отряд үчкө бөлүндү. Ортоңку бөлүктө полковник өзү калды. Жогорку жагына Мурат кетти. Төмөнкү бөлүгүнө жаш лейтенантты
жиберишти. Мурат да, полковник да биринчи өткөндөргө тийбей турган болушту. Аларды лейтенант кармайт. Эгер экинчи топ өтсө Мурат белги берет
полковниктин отряды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 03:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

кармайт. Артка качса
Мураттар тосот. Эгер
баары көп чуусу жок
тынч өтсө, Мураттын
отряды кала берип
эртеси күнү да күзөтө
турган болушту.
Кечке жуук жамгыр
басылып, жел жүрүп
булут ачыла баштады.
Түн ортосу оой эки
күндөн берки уюлгуган
кара булуттун үзүмү да
калбай, көктө жылдыз
жайнап ай толукшуп
чыга келди.
Үч күндөн берки тозотто
отуруп чарчагандыктан,
бирде үргүлөп кетип
кайра ойгонуп отурган
Мурат жакын эле
жерден чыккан
добуштан уйкусу
умачтай ачылды. Айдын
жарыгында шоодой
болгон атчандар
келатты. Милициялар
демдерин ичине алып
бөгүп калышты.
Алардын тушунан төрт
атчан өтүп кетти.
Арадан жарым саатча
убакыт өтпөй тээ
төмөнтөн автоматтын,
пистолеттин атылган
үндөрү угулуп,
жылкылар кишенеп чуу
түшүп калды. 15-20
минутача убакыт
өткөндөн кийин баары
тынчып, тоо ичин эч
нерсе болбогонсуган
тынчтык ээледи. Демек,
наркоөткөрчүлөр катуу
деле каршылык
көрсөтүшкөн жок
окшойт. Арадан эки
саатча убакыт өтүп,
жылдыздар улам
суюлуп, ай тоо башына
жакындап таң атаарына
аз калган белгисин бере
баштаганда,
атчандардын шатыраган
дабышы угулду.
Мурат "баарыңар
даярдангыла" деген
белги берди. Бул жолу
алты атчан өттү, эки
атчан 250-300 метрче
астыда, аркасында
төртөө баратты. Тигилер
тушунан өтөөрү менен
Мурат милицияларга
тигилердин артынан
өңүп жөнөөгө белги
берди да, өзү дабыш
чыгарбай тигилер чубап
өткөн жолго түштү.
Анткени, полковниктин
абалы оор болчу.
Астыңкы экөөнү
өткөрбөй кармаса,
арттагылар кайра
качмак. Анткени, аралык
алыс. Дабышсыз
кармоого да мүмкүн
эмес. Мураттар
атчандарга көп
жакындабай 200
кадамча алыстыкта аяр
келатышты. Мурат
радиотелефон менен
полквоникке баарын
билдирди.
Астыңкылар эчак
полковниктер өңүттө
отурган жерге жетсе да
эч дым чыкпады. "Эмне,
өткөрүп ийиштиби"
деген ойдо эки анжы
болгон Мурат өз отрядка
"токтогула" деген белги
берди. Дагы астыга
жүрүүгө мүмкүн эмес
эле. Караңгыда
полковниктин
отрядындагы
милициялар буларга ок
чыгаруулары толук
мүмкүн. Ошондуктан,
ушул орундарынан күтө
турган болушту.
Аңгыча татыраган
автоматтын үндөрүнө
кошо "Аман калам
десеңер каршылык
көрсөтпөй колго
түшкүлө", - деп үн
күчөткүч менен тоо
жаңырта сүйлөгөн
полковниктин каардуу
командасы жаңырды.
Беркилер да ок чыгарды
окшойт автомат,
пистолеттер кайрадан
атылып, атышуу жарым
саатка жакын созулду.
Жарык кылуучу
ракеталар кайта-кайта
атылып тургандыктан
төмөнкү капчыгайдын
ичи жарым саатка
күндүзгүдөй жарык
болуп турду. Полковник
тараптан "жардамга"
деген белги
берилбегендиктен
Мураттар орундарында
бугуп жата беришти.
Анан кайра баары
тынчып калды. Кажы-
кужу үндөр улам
алыстап баратты.
Сүйлөшүлгөн план
боюнча Мураттын
отряды буктурмада кала
берди. Полковник
радиотелефон менен; -
Бары жайында, силер
көзөмөлдү уланткыла, -
деди кыска гана.
Таң аппак атып, айлана
сүттөй жарык болуп тоо
чокуларына күндүн
кызгылт нуру жаңы
чачырай баштаганда,
Мураттар шылкылдап
кайрадан уйкуга бериле
башташты. Ойлорунда
"Эми эч ким деле
өтпөйт" деп калышкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 10:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Аңгыча Мураттын жанындагы сержант акырын капталга түрттү. Үргүлөп баратса да сак жаткан неме сержант "кара" деп жаңсаган тарапты карап алып, көргөн көзүнө ишенбегенсип таңдана түштү. Тоо тараптан бейкапар эки атчан түшүп келатты. Торпоктой болгон кавказ овчарка пародасындагы ит желе жорто 50-100 кадамча астыда келатат.
- Сержант, тез, кокту
менен жашынып барып аттарды даярда. Мен ракета атсам аттарды жетелеп биз тарапка
чык. Бул жерде чоң тамаша болчудай, - деп шашыла шыбырады. Арадан он беш минутача өтпөй тигилеp жакын кирип келишти. Аралык 700-800 метрче калган. Мурат "эгер
тигилер бирдеме шекшисе аттарын атып салгын" деген команда берген эле. Астыда келаткан ит Мураттар жаткан тарапка мурдун тосо кичине туруп калды да "күрс-күрс" үрө артка бурулду. Атчандар шарт бурулуп кайра кача
турган болуп калышты. Мурат чоң кара ат минип астыда келатканын мээлеп жаткан эле. Бурула бергенде басып калды. Ат очорулуп барып кулап түштү. Үстүндөгүсү ат жыгылгыча эле секирип кетти да, экинчисинин атына жабышты. Артта келаткан атчан жерге секирип түшүп милициялар тарапка автоматтан ок төгүп кирди. Мурат жанындагы милиция экөө калдастай түшүштү. Октор баштарынан зуулдап өтүп үрөйдү
учуруп жиберди. Бири ок атып жатканда пайдаланган экинчиси бошогон атка секирип минип жөнөй берерде Мурат ал атты кароолго илгенге үлгүргөн эле. Аз узабай ат оңкосунан сайылды. Эми жөө калган экөө тең таштан- ташка, карагай арчага жашынып чегинип
жөнөштү. Мурат жанынан ракетникти алып чыгып көккө басып калды. Бул "аттарды алып келгиле" деген белги болчу. Жанындагы милицияга:
- Сен окту үзбөй атып тур. Биз атчан кокту өрдөй чапкылап үстүнөн чыгабыз, - деди да, өңүткө түшө чуркай ат жетелеген өнөгүн тосо жүгүрдү. Аттар тик өрдө ылдам деле чуркай алышпады. Ошондо да жөөгө караганда алдаганча ылдам эле. Экөө мерчемдүү жерге жеткиче төмөнтөн атылган автоматтын үнү басылбады. Өпкө кагып басууга жарабай калган аттарды таштап жөө карагай аралай жүгүрүштү. Жүгүрүп келатып жакын эле жерден чыккан автоматтын үнүнөн
жерге жата калышты. Улам бирин коргоп төмөндү карай автомат атып экөө тең туура Мураттар жака келатышыптыр. Себеби, эптеп калың карагай токойго жетсе, кутулуп кетишмек. Мурат:
- Силер курчоодосуңар, тирүү калгыңар келсе колго түшкүлө, - деп кыйкыра тигилердин башынан ашыра атты.
- Ал, жолборс ал, -дегенде килейген ак-ала ит милициялар тарапка атырылып жөнөдү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 10:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Мурат автоматтын курогун басканда ит үч- төрт аласалып барып кыймылсыз жатып калды. Наркоөткөргүчтөр окту төгүп киргенде экөө баш көтөрө албай калышты. Автоматына жаңы магазин салган Мурат баш көтөргөндө, тигилердин бири өнкөңдөп качып бараткан экен. Бутка мээлеп басып калды эле "Аа-а" деген ачуу
чаңырык чыгып кулап түштү. Эмнегедир өнөгү ок чыгарбаганга шекшинген Мурат сержант тарапты карап, ордунан көрө албады. Төмөнтө калганмилиция да жогорулап келсе керек, автоматынын үнү жакындан чыкты. Улам бир карагайга жашынып чуркаган Мурат төмөндөгү милиция тарапка ок жаадырып жаткан наркоөткөргүчтүн артынан чыкты. Булардын оңой менен колго түшпөсү белгилүү болуп калган эле. Оң карууга мээлеп, автоматты басканда тигинин колунан атып жаткан автоматы ыргып кетти да, өзү жаткан ордунда эки-үч тоголонду.
- Тирүү калгыңар келсе колго түшкүлө! - деп кыйкырды кайра да.
Оң каруусунан жаракат алганы ордунан тура соо калган сол колун
көтөрүп:
- Атпагыла... колго түшөбүз, атпагыла! - деп кирилдей кыйкырды. Сол шыйрагы менен оң санын ок талкалаган
өнөгү кыймылдаганга да жараган жок. Автоматын көзөй кармаган Мурат жакын келип бутунан жарадардын жанындагы автоматты алып ийинге илди да койнун оодарып башка курал жок экенине көзү жеткенден кийин
экинчисине басты. Аңгыча төмөндөгү
калган милиция күшүлдөп чыгып келди. Сержанттан дайын жок.
- Сен буларды карай
турчу. Мен сержантка барайын - деди Мурат шашкалактай.
Келсе, сержант өңү купкуу болуп эрдин кесе тиштей карагайга жөлөнүп отурган экен. Көрсө, ок оң акырегин талкалап кетиптир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 11:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Бул түнкү операциядагыдай ири өлчөмдөгү наркотовар буга ейин түшүп көргөн эмес. Бардыгы болуп 100 кг апийим 10 кг даяр героин колго түштү. Ири өлчөмдөгү товарды Мураттар кармаган экөө алып келаткан экен. 50 кг апийим 10 кг героин ошол экөөнөн чыкты. Астыңкы үч атчанда болгону 10 кг апийим бар экен. Калганын экинчи топ алып баратыптыр. Эң башкысы наркоөткөргүчтөрдү
калкалаган органдын өкүлү "Крутой" менен наркоөткөрүүнү уюштуруп башында жүрчү "Жанкечти" колго түштү. Мурат оң каруусун талкалай аткан кара
сакал "Жанкечтинин" так өзү болуп чыкты. Операциянын жыйынтыгы боюнча полковник Алпышевди Борборго министр өзү чакыртып кетти.
Органдагылардын арасында дүң түшүп калды. Мураттарды жөн эле согушка катышып келген баатырлардай карашчу болду. Наркоөткөргүчтөрдүн куралдарын көрүп,
милициялардын өздөрүнүн да ооздору ачылды. Ар биринде АК-74, Макаров пистолеттер, бычактар, ар бир группада радиотелефон. Мингендери да мыкты тандамал аттар. "Крутой" суракта органда иштеген үч өнөгүн, өзү билген бүт наркоөткөргүчтөрдүтизмелеп айтып таштады. Ушинтип, Ооганстан менен Тажикстандан
наркотовар ташыган системага айланып калган бир чоң топ талкаланууга учурады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 11:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Мурат жаңы эле жумушка келип бүгүнкү иштей турган иш планын карап отурса, телефон шыңгырап калды. Алса аялы экен.
- Мурат... Мурат... аялынын үнү буулугуп сүйлөй албай ыйлап атканын билди. Жүрөгү "болк" дей түштү. Балдарым аманбы деген ой башын жарып өттү.
- Эмне болду, айтпайсыңбы? Кыйкырып жиберди.
- Мурат Тариелди атып кетишиптир.
- Эмне... Эмне дейсиң?
- Досуң Тариелди атып кетишиптир. Так эле үйүнүн жанынан. Эртең менен жумушка
баратканда. Мага чогуу иштегени жаңы эле телефон чалды. Мен ошол жака баратам. Аялына кайрылам...
Мурат шалдырай түштү. Жөн эле бут астындагы жер көчүп кеткенсиди.
- Мен бүгүн барып калам, - деди да телефонду койду.
Полковник Алпышев Бишкектен келе элек болчу. Орун басарына кирип барды да:
- Мен бүгүн Бишкекке учушум керек болуп калды, - деди. Өңү купкуу болуп кеткен Муратты көргөндө, тигил да жалтайлай түштү.
- Эмне болду?.. Жайчылыкпы?
- Органда иштеген досумду атып кетишиптир. Мен сөзсүз барышым керек.
- Атып кетиптир.
- Ооба, атып кетиптир. Ал да наркоманияга каршы күрөшүү бөлүмүндө болчу.
Балким тааныйсыз майор Тариел Болушев.
- Аа сыртынан тааныйм. Мейли мен полковник Алпышевге айтып коеюн. Анан өзүң да
телефон чал. Балким, Бишкектен өзүнө жолугуп да каласың.
- Сөзсүз кабарлашам, -деди да шарт чыга
жөнөдү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 12:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Тариелдин өлүмү Мурат үчүн чоң сокку болду. Экөө дос эле эмес биртуугандан да артык болуп калышканын айрылгандан кийин
түшүндү. Көкүрөгүнө тынчтык бербеген суроо "ким атты? Себеби эмнеде?" Мурат кеткенден кийин Тариел менен өнөктөш болуп иштеп жүргөн жаш лейтенант оңдуу эч нерсе айтып бере албады. Мурат келгичекти эле Тариелдин акыркы изилдеп жаткан иштерин өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди издөө бөлүмү алып кетиптир. Ал жакка барса, прокуратура алдырып кетти дешти. Прокуратурадагылар "азыр изилдеп жатабыз" дешип Муратка таанышууга уруксат бербей коюшту. Министрдин
орунбасарына чейин кирип "мени Оштон кайра Бишкекке командировкага которуп, Тариелди аткандарды издөөчү оперативдүү топко кошкула" деген суранычы четке
кагылды. - Бул жерде деле ишти билгендер изилдөөдө. Андан көрөк Оштогу ишиңди улант, - дешти кыска гана. Досу Тариел үчүн эч нерсе кыла албай четте калаарын эстегенде, Мурат жанын коерго жер таппады. Акыры "Кезектеги эмгектик эс алуумду берүүңүздөрдү өтүнөм" деген арыз жазып жөнөтүп жиберди да өзү Бишкекте кала берди. Жөн kалбады. Кандай да болсо Тариелди аткандарды табууну, өч алууну чечти. Болбосо бул жашоодо тирүү күн өткөрө албоочудай. Басса-турса Тариелдин кичүү эркек баласы Элдардын айтканы кулагына жаңырат.
Тариелге куран окутуп, аялы Насипага аз болсо да жөлөк бололу ешип,
аялы экөө күн сайын бир маал барып, эки-3 саатча кобурашып отуруп кетүүчү. Бир күнү Мураттын кулагына Элдар шыбырап калды. - "Аяш ата, эгер сиз папамдын чыныгы досу болсоңуз мага пистолет таап бериңизчи" , - деп. Мурат чочуп кетти. -
"Эмне кыласың?" , - деди алая тиктеп. - "Атамды ким атканын милициялар баары бир таппайт. Мен өзүм издейм. Акыры табам да атып салам", - деген, тогуз жашар баланын сөзүнө жаны күйгөн
Мурат баланы көкүрөгүнө кыса кучактап алып көзүнөн жаш чуура ыйлап жиберди.
"Кой антпе. Кылмышкерлер табылат. Акыры табылат. Сен андан көрөк жакшы окуп чоңойгондо атаңдай мыкты, чынчыл милиция бол" деген
өңдүү акылдарын айтымыш болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 12:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Ушул тогуз жашар бала да "Милиция баары бир эч нерсе таппайт" деп ишенбей турганына бир күйсө, досуна бир күйдү. Күйөөсүнүн мүнөзү түнт болуп, "эс алууга чыктым" дегени менен эртеден кечке айрым учурда түнү менен кайдадыр жоголуп жүргөнүнө таң калган аялы;
- Эс алууга чыктым дебедиң беле? - дегенге Мурат:
- Тариелди аткандарды издеген группага жардам берип жүрөм, - деп кыска гана жооп берип койду. Тариел акыркы айларда Кошбаевди аткандарды катуу издей баштаган экен. Көрсө, Кошбаевди аткандарды коңшулаш үйдүн терезесинен бир бой аял көрүп калат. Кейпи алыстан көргөндүктөн машинанын түсүн анан аткандардын болжолдуу элесин гана айта алса керек. Аялдын Тариелге жолуккан себеби бой жеткен кызы наркомандарды айланчыктап жүргөндө Тариел кармап алып сурак жүргүзсө, энеси долуланып "Кыйын экенсиңер бир-эки укол алган менин кызымды эмес Кошбаевди аткандарды кармабайсыңарбы. Көчөгө сайрандатып
койбой" дептир:
- Алардын сайрандап жүргөнүн кайдан билесиз? - десе:
- Билем өз көзүм менен көргөм, - деп жиберип, кеч болуп калганын сезип оозун жабат. Тариел мындайды колдон чыгармак беле. Аялдын бүт билгенин сыгып алса керек. Ошол эле күнү тиешелүү жерлерге билдирип иш баштайт. Тилекке каршы, аял эки күн өтпөй үйүндө асылып өлүп, наркоман кызы дайынсыз жоголуптур. Тариел менен чогуу иштеген өнөгүнүн үстүртөн билгени ушул. Кейпи Тариел чыныгы кылмышкерлердин
үстүнөн түшсө керек. Алар сатылбас менттен кутулуунун оңой жолун тандашкан. Он күн бою астыртан тымызын иликтөө жүргүзгөн Мурат чыныгы ишти каяктан баштоону так пландады да, тыкан даярданды. Кечинде көгүш кара түстөгү спортивкасын кийди. Белине эки бычак, бутунун шыйрагына дагы эки бычакты кыны менен байлап бекитти. ТОЗ-8дин огу менен атылчу колго жасалган пистолетти да, балким, кереги тиет деп сол колтугуна катты. Бул куралдардын баарын арга кеткенде колдонуш үчүн алды. Чыныгы куралы узундугу билектей сырты резина темирдин башына дагы бир укумча чынжырга чоңдугу жумурткадай темирдин сыртына эки эличе жумшак резина уютулуп тагылган "шалк этме" болчу. Бул кыргыздардын илгертен колдонгон чыныгы "шалк этмеси". Муну менен бирөөнү чапсаң оңой эле торок деп эси ооп жыгылат. Катуу урсаң өлүп да калышы мүмкүн. Бирок, сырты көгөрүп билинбейт. Өзү кылмышкерлерге каршы күрөшүп жүрүп чыныгы кылмышка баратканын билип туруп ушундай түрмөчүлөр жасаган куралдар менен куралданды. Бул түн
кимдир бирөөлөр үчүн өтө ысык түндөрдөн болуп калмак.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 12:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Кайырчы Аденге сырын төгөрүн-төктү да санаасы-санга бөлүнө ичкен арагынын да кайда кеткенин билбей подвалдагы үйүнө өңшөңдө келип төшөгүнө жыгылды. Жүрөгү дүпөйүл болуп бир нерсени сезип турду. Жүрөгү дүпөйүл болгон иштин эле арты жакшы болчу эмес эле. Аз өтпөй кара мышыгы кирип келди да жаны кыйналгансып "мыеолоп" жиберди. Мышыгы минтип "мыеолоочу" эмес. Чочуп ордунан тура калып, мышыгын бооруна кучактап кысып, төшөк үстүнө локуя отуруп ойго батты. Кантсе экен. Мышыгы бетин ###### дагы бир эки мыеолоду да тынчып калгансыды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 12:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

"Кой орун котороюн" деп чечти. "Баягы "Жалгыз кол" кайырчы мас болуп көчөөгө жыгылып калып тоңуп өлүптүр" деп уккан. Анын Төкөлдөштө жаман кепеси боло турган. Эч ким деле
кирген эместир ошол жака кетейин, - деди. Алгач барчу жайы бош бекен көрүп келүүнү чечти. "Эгер бош болсо, кайра келип керектүү эмеректеримди алып кетем" деп ойлоп койду. Мышыгын гана көтөрүп алды.
Мышыгы экөө "жалгыз колдун" кепесине келишкенде кечки саат 10 болуп калган. Кепенин каалгасы кулпу экен. Кайырчы мурда эки-үч келип билип калган эле. "Жалгыз колдун" ачкыч коер жерин. Караса, ачкыч өз ордунда туруптур. Ууру кылып жаткансы калтырап жатып араң ачты. Ичкери кири барганда эле мурдуна нымдуу көктүн жыты урунду. Светти күйгүзүп оозгу үйдөн ичкериге кирди да жанатан ийнинде чокчоюп отурган мышыгын кое берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   ROUSE   09 Март 2013 - 12:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Мышык куйругун чычайта көтөрүп өз үйүнө келгенсип ар жерди жыттап үйдүн булуң-бурчун текшерүүгө өттү. Мышыгы жаман белги берип үрпөйүп
качпагандыктан кайырчы тынчтана түштү. Үй ичи суук экен бурчтагы колго
жасалган электр жылыткычты сайды да өзү эски дивандын үстүнө отура кетти. Кайрадан башын ой жей баштады. "Мышыгым мыеолоп койду" деп качканым кандай.
Мышыгын караса бурчтагы чычкандын уясын аңдып бей капар отурган экен. Аден жалгыз өзү жанагынча акчаны алып басып кетип Кайырчыга бир тыйын бербечүдөй болуп кетти. Кайра "Жоок. Аден менсиз эч нерсе ала албайт. Кара иномарка дегениң көчө толтура. Кеп номерде. Акча колго тиймейин мен номерди айтпайм. Эми мен Аденден алыс болушум керек - деп чечти. Аден менен иштегенден бери бираз иши жылып, чогулткан акчасы беш жүзгө чамалап калган эле. Жылуу ордунан козголгусу келбесе да орун которууну туура тапты. Түрүн өзгөртүп башкача кийинүүнү чечти. Кичинекей үй бат эле жылып чыкты. "Оңбогон "жалгыз кол" бейиштей үйдө жашачу тура" деп койду да, эски дивандын үстүн кийимчен уйкуга кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 38 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 38, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 08:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: