***
Профессордун сабыры суз. Баягы Менттин айткандары жанын коерго жер таптырбай мыжыганы мыжыган. Аны жоготпосо болбойт. Бирок өз колу менен эмес, бирөөнүн колу менен. Болгондо да өздөрүнүн жигиттеринин көзүнчө жоготтуруш керек. Шек- шыбаага кабылбагандай кылыш керек. Кантип? Ошентип эзилип жүргөн күндөрдүн биринде карта ойногонду жанындай көргөн бир жигити деп калды, кабинетке кирип келип эле:
-Дайым чыр чыгарат, энеңдурайын десе!
-Кимди айтасың?
-Кимди болмок эле, Ментти айтам. Чыр чыгармайын таза ойной албайт. Азыр эле каратып туруп элүү долларымды утуп албадыбы, чырдап атып. Профессор бу сөзгө жабыша калды:
-Таза ойнобойсуңбу дебейсиңби,
анан.
-Айтып эле жатам. Атып салам деп коркутат, энеңдурайын!
-Атып салыш эле сенин колуңдабы дебейсиңби?
Жигит унчукпай калды. Ментке антип айта албайт болчу, укугу да жок эле.
-Ал Ментиң дайыма эле сени басынта берет дешет го?.. - Муну Профессор жөн гана айта салды.
-Дайыма ошол, бир күнү... - Жигит сөзүн бүтүрбөй токтоду. "Бир күнү бирди көрөт" деп айтмак. Токтоло калды.
-Басынып жүрө бересиңби? Эмдиги жолу ачык эле айт. Бирдеме десе, мен бар эмесминби, - деди Профессор тигини тукура дем берип. Демденген жигит тиштенип турду:
-Бирди көрсөтпөсөм элеби! Ошондон эки-үч күн өткөндөн кийин Профессор баягы жигит кабинетине киргенде сурап калды:
-Карта ойнобой калдыңар го, ыя? Мент баарыңардын
көңүлүңөрдү калтырган го?
-Эмнеге ойнобойбуз,
ойнойбуз. Бүгүн кечинде Менттин кабинетине чогулабыз.
-Чырдап атып зордук менен утуп алат да баары бир, - деп Профессор тигини шыкактап койду.
-Зордуктатпайбыз!
Ошентип эле көрсүнчү, тим эле... - Жигиттин бул сөзү Профессорго аябай жакты.
-Сенин утушуңа тилектеш болуп коеюнчу, - деп шкафтан арак алып чыгып сок иччү чоң стаканга баса куйду, - ме, момуну тартып жибер. Профессор сунуп жатса тиги ичпей коймокпу, бир эле тартты. Профессордун жылма көкүткөнү да, ошол толо арак да кылгылыкты кылган экен, эртеси
кумарчылардын oкуясы уу-дуу кепке уланды. Картаны Ромго билгизбей жашыруун ойношчу. Бир уттурганда беш миң долларга чейин
уттурганы бар эле, атургай бир жигит жапжаңы алган "Маздасын"
уттурганын Профессор жаңжалдан кийин укту Ромдун кабинетинен.
Профессордун демин
угуп, арагын ичи барган жигит, Мент, дагы үчөө кошулуп, оюнду баштагандан аз өтпөй Мент чыгып баштайт. Дал ошол учурду күткөн денеси ысык жигит тигини ачуу сөз менен каптап кое бергенде, Мент аны тумшуктан ары берип калат. Жаны ачыган жигит ордунан атып туруп, башкалар арачалаганга болбой, отурган стул менен Ментти башка чабат. Анын ошол жерден эси оойт, баш жарылат. Анын эки жигити кол салган жигиттин эки жагынан чыгып кабыргасын сындыра тепкилеп салат. Экөөнү тең "тез жардам" чакырбай, өздөрү ооруканага жеткиришет.
Ал окуяны Ром эки күндөн кийин угуп, белдүү жигиттерин тандай чакырып,
жүрөктөрүнүн үшүн алат. Ооруканада жаткан немелерди да, алар менен чогуу карта ойногондорду да экинчи бул жакка
жолобосуна өкүм чыгарат. Эми алар эсен- соо кетер бекен бу жерден? Баарынын ойлогондору ошол. Профессордун сарсанаасы басаңдай түшкөндөй болду. Бирок... Бирок болгон эмес, боло элек окуянын аки-чүкүсүн аңдай алчу Ром бир нерседен шек санап
калды дегенче жашоо соолду дей бер. Кабыргасы сынган жигит "мени Профессор Менттен коркпо деген, арак да куюп берген" деп бирөөнө айтып
койсо бүттү да.
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#222 14 March 2013 - 12:36
Профессор айла издеп, ар түрдүү жол издеп жанталашат.
.. Бирок Профессор бекер эле жанталашыптыр,
эки күн өткөндөн кийин ооруканадагы жигит менен Мент
врачтардын жанталаша жол издегенине карабай, денелери ысып-күйүп, чабалактап жатып жан беришти. Ошол эле күнү кечте карта ойноп айдалгандардын баарынын ок тийген өлүктөрү шаардын ар кай жеринен табылды. Алардын өкүмүн Pом эбак эле Ром небак эле чыгарып койгон. Профессор илдирбей
түшүндү.

#223 14 March 2013 - 12:46
***
Профессордун ошону менен санаасы бүтпөптүр. Анткени бир айдан бери Ром аны чакырта элек, "Барсты аткандарды
таптыңбы?" деп сурай да элек. Эсеп-чоттон чыгарып салгандай. Андай болсо "сен да жоксуң" деген кеп эмеспи. Профессор Ромго тиешелүү эки
заправканы, жалаң чет өлкөдөн алынып келчү тамак-аш саткан супермаркетти башкарат. Алардын иши кынтыксыз жүрүп, пайдасы ашып-ташыйт. Эсебин Ромдун ишенимдүү бухгалтерлери алып турат. Профессор түшкөн акчага ээ эмес, бирок акчадан да каржалбайт, түшкөн кирешенин беш процентке чейинкиси ага тиешелүү, аны Ром жеке чечет, ал процент кээде үч же төрт процент болуп калат. Бул Ромдун көңүлүнө жараша. Күнү-түнү иштеген заправкадан, супермаркеттен түшкөн кирешенин үч-төрт проценти деген жан адамдын түшүнө кирбеген акча... Ушул азыр Ром: "Сенин колу- жолуң бош, өзүңчө оокат кыл" десе, Профессор өзүнчө бир фирма ачып, бай, тың бизнесмендердин катарына кошулуп кетчү каражаты бар, колунан да келет. Долларга айланган акчасы өзү гана билчү жерде керексиз жатпайбы. Профессордун бир квартирасы шаар четиндеги паркка
жакын. Кез-кези ошол парктагы кафенин экинчи кабатына чыгып, ээн столго отуруп шашпай пиво ичет.
Профессор четтеги ээн столго отуруп,
официант алып келген пиводон аздап ууртап, ылдыйдагы өткөн-кеткендерге, ойногон балдарга көз жүгүртүп отурду. Кылмышка толгон турмушу унутта калып, жай турмуш келди оюна. Балалыгы көз алдынан чууруду. Энеси менен атасын эстеди. "Бузуксуң" деп көп жылдан бери сүйлөшпөй, катышпай калган мугалим агасын эстеди. Наркы-терки чуркап жүргөн балдар. Ажырашкан аялынын колунда калган уулун эстеди. Аты - Медер, быйыл мектепке барды дейт. Аны көрө элегине үч-төрт жыл болду. Кеткен аялы ушул эле шаарда жашайт, үстүнө бирөөнү киргизип алыптыр дейт. Кез-кези менен уулуна деп акча берип жиберет. Ошол акчадан кеткен аялы үйүнө киргизип алган неме кошо коротушуп жатат да, деп кээде ичи күйөт, кайра эмне болсо ошо болсун деп кол шилтейт. Профессор балдардан көз албайт. Бир жигит үч-төрт жашар уулун мойнуна мингизип алыптыр, анысы тулпар мингенсип желип-желип коет. Ошол көрүнүшкө суктанып кетти. Далайдан бери көрө элек уулун эстейт. Эртең сөзсүз барып, машинесине салып ары-бери ойнотуп келет - ушундай
чечимге келди.
-Макан, быяктамын! -Бул үндү уккан Профессор ал жакты шарт карап, бурч жакта отурган Бекенди көрдү. Ал чакырган жигит жапалдаш бойлуу, мүчөсү келишкен, көздөрү чеңкил татына жигит жанына барып отурду. Профессор байкатпай экөөнөн көз албайт. Мына, Макан дегени ушул турбайбы. Небак урушуп кеттик деп коюп, баарын жасап жаткан ушулар тура. Профессор кым деди, буюрса, бул экөөнү сүйлөтүп, Барсты ушулар жайласа, чынын айттырып Ромдун алдына салып берет.
Эмне кылса ошо кылсын... Өзү болсо бир чоң иш аткарган болот, Ромго дагы бир кадам жакындайт. Бекен менен Макан ал жерде көп отурушкан жок, бир кружкадан пиво ичип, азга сүйлөшүп эле туруп кетишти. Профессор арткараак басы алардын артынан басты. Экөө кафеден
чыгып эле коштошуп, эки жакка жөнөдү. Профессор Макандын артынан басып, парктын чет көчөсүндө турган "Жигулисине" отуруп кете берди. Профессор машиненин номурун даана көрө албай калды. Аны зарылдыгы деле жок болчу, Бекендин кай жерде экенин билет да, ошол өзү таап берет
"уруша кеткен" досун.

#224 14 March 2013 - 13:55
Профессор Макан менен Бекендин "урушканы"
жөн экенин, экөө кезигип турарын билип, алардын өмүрү коркунучта калган күнү төшөктө кыймылсыз жатчу Кенже менен анын жанынан жылбай өз энесиндей бапестеп багып жаткан Нестан экөөнө таң эртеңден майрам болуп, таптаза жүрөктөрүнө жыргал жылоолоп, бири- бирине ого бетер берилип, анысын билдирмекке жакшы сөздөр издеп турушкан. Нестан бүгүн Бекендин ата-энесиникине барып Макан менен Бекендин жайын сурамак. Буга Кенже Нестанды бир ай бою даярдабадыбы.
-Некен, акчаңды бекем салдыңбы?
-Салдым.
-Дагы бир текшерчи.
Акча дегенди текшерип турбаса болбойт. Нестан терезеде турган чакан кара сумканы алып Кенженин баш жагына келип жерге чөгөлөй отурду да, андагы акчаны санады:
-Мына, толук эле экен.
-Сак бол. Азыр зама жаман, ууру көп, алдырып жибербе, балам.
-Колтугума бекем кысып алам да.
-Колтугуңан да жулуп кетчүлөр четтен чыгат.
-Анда боосун колума ороп алайын. Бу сумка Кенже жаш кезде, күйөөгө тийелек кезинде алынган. Аз-аз көтөрүп, анан көтөрбөй калган. Дайыма чаң- чуңун сүртүп,көрүнүктүү жерге коюп койчу. "Ырыстуу сумка болсун" деп Нестанга берген.
-Жок, алдагынтип орогонуң болбойт. Жөн эле көтөрүп ал, бирок бекем карма, сак болбосоң жаман.
Эзели сумкага акча салып көтөрүп көрбөгөн Нестан санааркайт. Анан калса колунан жула качкан немелерди элестете албайт. "Кантип эле бирөөнүн сумкасын жулуп алсын?" деген ой келет. Ошондой болоруна таң калат. Ишенгенге чамасы
жетпейт.
-Автобуска төлөп жатканда акчаңдын баарын чыгарба, жетерлик эле апер.
-Макул.
-Тиги кетти беле?
-Кеткен. Буудай чаптырам дейт.
-Аа, анда ырас кеч келет экен. Тур эми, кийинип келчи. Нестан төркү бөлмөгө барып небактан даярдап койгон кийимин кийип келди. Асман түстөгү костюм-юбка. Кенжеге жакпай улам бирди Куланга алмаштыртып кели жатып ушуну тандашкан. Нестанга куюп койгондой, анан калса жарашканын айтпайсыңбы! Кеп кийимде эмес, кеп өң-келбеттеби, Нестан не кийсе да жарашып жатып калат. Кийинип келген Нестан кирери менен Кенже дароо эле айтты:
-Некен, чачыңды түшүрүп эки бөлүп өр. Тиги айбанга аял атың болгону менен, сен кыз эле бойдонсуң. Эки бөлүп өр, баягүнү эле айтпадым беле. Бол балам, шайтан сайып тиги айбан кирип келсе, балээ башталат. Нестан артына чогулта байланган чачын түшүрүп, апасынын жанына чөк түштү да, эки бөлүп өргөнгө киришти. Жакшы өрө албай койду. Кенже кызды өзүнө жакындата эңкейтип, алсыз колу менен анын чачын туура экиге бөлүп, далай убара менен өрүп берди. Анан Нестанды наркы- терки бастырып көрүп, сумкасын карматып бастырды.
-Ка-ап, боосу узун болсо ийинге асынып алсаң сонун болбойт беле. Мейли, мындай деле жаман эмес. Кичине ийиниңди көтөр басчы, башты да бир аз өйдөрөк кыл. Ии, ошентип бассаң, жаш эмессиңби, каралдым десе.. Бутуңа кайсыны кийесиң?
-Кара туфлийди кийейинби?
-Караны кой, берки агыңды кий. Алып келсең? Нестан ак туфлисин алып келди эле, Кенже аны да кийгизип, наркы-терки бастырды.
-Мына эми накта периште болбодуңбу, каралдым. Шашпай,
элеңдебей токтоо бас, машине-сашинеден сак бол. Кайра келгениңче сарсанаа болубатып
карып кетем гоКана,
кайра бир жолу айтчы, бүгүн эмне ишти бүтүрүп келесиң? -Бекен менен Макан байкенин кайда иштерин, кайда жашарын билип келем.
-Жок, баарын айт, үйдөн чыкканыңдан
башта.
-Сиз менен коштошуп үйдөн чыгам. Дүкөндүн жанында остановка бар, ошол жерден автобуска отурам. Акчанын баарын алып чыкпай, ченеп алып чыгам.

#225 14 March 2013 - 14:05
-Ай, балам ай, акчага чейин айтасың да.
-Антпесем болбой атпайсызбы.
-Ии, айта бер.
-Анан райондун борборуна жетип, биздин айылдын автобусуна түшөм. Түз эле Байкел атанын үйүнө барам. Бекен байкени сурайм.
-Дароо эле сурамак белең, адегенде жакшылап ден соолуктарын, ал-абалдарын сура. Чай берет эмеспи, андан шашпай ич. Анан барып сура. Дарегин жазып ал. Баса, кагаз менен ручкеңди салдың беле?
-Салгам.
-Ии, айта бер.
-Дарегин жазып алып кайра тартам.
-Үйүңө барбайсың, аны эмне айтпай калдың?
-Үйгө барбайм. Түз эле келем, эч ким менен сүйлөшпөйм.
-Тааныш болсо да сүйлөшпөйсүң, жөн эле учурашып коесуң, уктуңбу?
-Ии...
-Жөнө эми, жолуң ачылсын, каралдым десе. Кел бери, эңкейчи... - Кенже Нестанды эки беттен эки өөп, калтырап муун-жүүнү бошойт. - Каралдым десе, минтип мунжу болуп жатпасам өзүм ээрчитип барбайт белем. Сак бол, уктуңбу? Жолдон өтөрдө шашпай эки жагыңды карап туруп өтсөң!
-Макул, - Нестан апасын чопулдата өөп-өөп алды. - Сарсанаа болбой туруңуз, бат эле келем, макулбу?
-Макул айланайын, күчүгүм десе, сак боло көр! Периште болуп чыгып бараткан Нестандын артынан кыйкырып
калды Кенже:
-Сак бол, балам. Түз кел,- Кенженин калтыраган үнү өрөпкөгөн ыйга айланып кетти. Бүт бугу азыр чыгып жаткансып буркурап жиберди, алсыз колдору менен бет аарчысын алып жашын сүрттү.
"Жакшылыктан айрый көрбө, ушул
байкушумду" деп тиленип алды. Дал ошол маалда сырттан баягы Сонундун кекерлүү үнү шаңк этти:
-Ии, шерменде, кайда жасанып алгансың, ######тыкка барчудай болуп! Бул үндү угуп Кенженин жүрөгү шуу этти. Бу жалаңкыч кайдан жетип келди экен,
эмнеге келди экен. Ушул желмогуз келип кеткенден кийин Нестан бир топ күнгө жинди өңдөнүп калчу эле. Тигинин үнү дагы чыкты ар сөзүнөн заары куюлат:
-Ай, өлүгүңдү көрөйүн сойку, мелтейбей айтпайсыңбы, кайда баратасың шүмшүңдөп, ыя?!
Нестандын жообу жок. Кенже ушул азыр атып чыгып тигини чачтан уучтай эшикке сүйрөп чыкса кана! А, кокуй де, балээнин ошентеби?! Бир маалда калдыр-шалдыр эле түшүп калды. Нестандын үнү чыкты:
-Сокпо! Тийбе дейм чачыма! Чачыма тийбе!
-Мына сага, өлүгүңдү
көрөйүн ######, мына сага! Кокуй, кокуй, өлтүрдү. Башымды жарып салбадыбы, кокуй! - деп эми Сонундун үнү боздойт, тирилей кескилегендей чаңырып. Кенже дагы обдулмак болот. Кайдан... Жүрөгү кабынан чыкчудай согуп, калтырай коркуп кетти, Нестан бир балээ болдубу?..
-Некен, э Некентай!

#226 14 March 2013 - 14:14
Барсыңбы, каралдым?!
-Бармын! Көзүң жамандыкты көрбөсүн, чекесинен кан шорголоп, бетине жаба куюлуп кызыл-ала болгон Сонун кирип келди:
-Ой өлүгүңдү көрөйүн, мунжу ######, тигиниңди көптүргөн экенсиң, карачы, момуну! - деп Сонун бетин көрсөттү, -соттотуп чиритем а жалабыңды! Кенже туттуккандай сөз айта албайт. Тигинин бетиндеги кан коркунучтуу көрүндү.
-Чирип өлгөн өлүгүңдү гана көрөйүн, салбар, мунжу, ары жок, алап немени көптүргөн экенсиң э, айгактап жатып. Абышкаңды абышка кыла албай сасып жатканча өлүп албайсыңбы! Бычак болуп тийген сөзгө жаны чыдабайт Кенженин. Бу албуут жалаңкычка кайрып, какшата айтчу сөз таппайт, буулугат.
-Некенимдин балакетин ал! Ал деген жигитин таап келет. Ошондо адыраңдаганыңды көрө жатарбыз.
-Ии, баягы башкесерге жөнөткөн экенсиң да, э?! Ал башкесер неме сенин сойку
күңдөшүңдү карап коер бекен. Атасынын башын да карабайт, бир эмес, эки неме талпак кылган шуркуяны урганы барбы, ой өлүгүңдү көрөйүн сойку-шал. Бетиңди бетиме теңейинби, ыя?! - Кенженин бетин башына кошуп жулуп алчудай качыра бергенде кирип келген Нестан анын бир колуна асылып бери тартып тырмышат. Сонундун ачуу тырмактары Кенженин бетине аз жетпей калды, kайрыла берип кийимдери айрылып, эмелеки периште кейпи кетип, чачы апсайган Нестанды башка-көзгө койгулап кирди, - ме сага, өлүгүңдү көрөйүн жаш ######! Мен сага! - Жалап деген сөзүн ар сөзгө кошуп, башын да калкалабай бир колуна үнсүз асылган байкуш кызды сого берди.
-Ой, бу эмне, ыя, энеңдурайын! Токтот! - Капыс кирип келген Кулан экөөнө мантаңдай жетип, эркек эмеспи, албуутуна тирижан чыдагыстай кутурган Сонунду көмөлөтө койду. Анын колуна тырышып колу каткан Нестан албууттун үстүнө жыгылды. Сонундун үнү басылбайт:
-Эмне согосуң, ыя, өлүгүңдү көрөйүн чочко! Мени менен жатсаң жакшымын, эки жалабыңдын жанында жаман экемин да, э?! - Күлтүйгөн неме үстүндөгү Нестанды көмөлөтө түртүп, Куландын бетине жетти да, бир апчып өттү. Тырмактары өткүр экен эркектин бети тарам- тарам кызара түшүп, чыбырчыктап кан сыбызгып кетти. Кулан ысый түшкөн бетин бир жанып алып колундагы канды көрдү да, ачуусу ашынып кетти, анткени анын бети эч качан тытылган да эмес, кол тийген да эмес. Сонунду кайра качыра берип, дагы көмөлөтө койду, анан тепкилеп кирди. Зоот уйдай күлтүңдөгөн катындан жүрөгү түштү, жо-ок, тепкилегенден эмес. Куландын тултуйган жүзү кан ичкендей кумсарып, көзү чанагынан чыкчудай чакчаят. Бут менен бирөөнү
тепкилегени ушул, бала кезден уруш-
мушташтан алыс болчу. Сонун анын ушул өтө коркунучтуу абалын биринчи көрүшү, болбосо жайдары, эркелете эриткен жүзүн гана көрчү да. Деле тири жан койбочудай алкынып-жулкунган Сонун өлтүрүүдөн кайра тартпачудай Куландын кан ичкендей кебетесинен жүрөгү оозуна тыгылды, жанталаша сыртка качып чыкты. Чекесинен кан дале сыбызгып, аны улам колу менен бетаарчысыз сүрө берип, бүт бети канжалаган. Бу оңой катын бекен эмне?! Көчөдө эч ким менен иши болбой албууту кайра ордуна келип, артистигин ашынта алчактай басып, түз эле айыл өкмөт кеңсесине келип, өкмөт башчысынын
кабинетине сүзө качырып кирип келди. Кабинетте беш-алты киши олтурат эле жүрөгү жок бир-экөө эпсиз канжалаган аялды көрүп, орундарынан атып турушту.
-Кулан менен катыны экөөлөп өлтүргөнү жатканда араң качып кутулдум, өлүгүңдү көрөйүн, кан ичкичтер десе, участковый кайда?! - Сөз башы ушул болуп анан сөз тандалбай шатырата сөгүндү, каргап-шиледи Кулан менен катынын. Отургандардын бири коңшу бөлмөдөгү
казысы кучак, ыңгыранган участковый милийсаны ээрчитип келди.

#227 14 March 2013 - 14:32
***
Ошол күнү Кулан да, Нестан да таң заардан турушкан. Бири - быйыл түшүм мол болот деп кудуңдап жүрчү эгинин чаптырмакка, бири -эки ирет көрүп, анын "алтыным" деген сөзүн жүрөктүн тээ тереңинде бапестей катып, ошону эстегенде анысы жыргал апкелген, кумар апкелген, жанын жыргатып таштачу адамын издеп келмек. Нестан Кенжеге кийимин көрсөтүп, кантип барып келмегин айтып сындан өтүп турганда кандай гана делөөрүдү дейсиң. Маканы ойдон кетпей, кеп-сөзү Кенже менен болуп жатканы менен, дилинде Маканы менен сүйлөшүп, аны түбөлүк тирек-өлөк сезип, аныкы болуп өзүн арнап, бат эле ага жеткиси келип турбабыды. Апасы кайра-кайра сындан өткөрүп, майда-баратына чейин айттырып, капастагы кептердей кылды го бир. Азыр эле Маканына жетип барып, анан экөө келип Кенже апасын салып кетет, чоң шаарга кетишет, көп кабаттуу үйдө жашайт. Үмүт-санаа ошентип жыргатат. Анан жөнө эми деген Кенженин сөзү сонун угулуп, сырткы үйдлөгү туфлисин кийип жатканда Сонун кирип келбейби. Көрүп эле жүрөгү бир тыз этип, лакылдай сокту, титиреп кетти, өңү купкуу. Сонун кеп-сөзгө келбей эле ачуу сөзү менен каарый берип, адатынча башка согуп, чачына асылды. Ошондо жан соога издеген Нестан качып буйтай бергенде Сонун сүрдүгүп барып газ плитанын кырына чекеси менен тийип, чекесинен кан жая бербедиби. Балээ эми башталды, көчүгү түшкөн аюудай чаңырган Сонун Нестанды жулмалап, чачы-башынан да, кийиминен да тамтык калтырган жок. Жедеп күйүгүп сокконго, жулмалаганга алы келбей калганда гана Кенженин үстүнө кирип барбадыбы. Ордунан араң турган Нестан апасын коргоп алмакка артынан кирген, эпадам Кулан келип калбаганда эмне ойрон болот эле, ким билди? Бир жума мурун Нестан Куландан акча сурады, Кенженин айтуусу менен. Автобуска түшүп, Макандарды издебейби. Нестан өзү сөз баштап сүйлөгөнү ушул. Эч качан Куланга кайрылып сөз айтып көрө элек эле. "Чай ичиңиз" дегенди да айта элек. Тигинин сөзүнө кез-кези "бар-жок" сымал жооп бергени болбосо, анын жанында дудук. "Мага акча бериңизчи?" дегенди уккан Кулан селт эте таң калган. Сүйүнүп, каткан жеринен арбын акча алып келип берди. Нестан акчаны санаган жок. Ага кош көңүл сумкасына салып койгон. Кулан "акчаны эмне кыласың?" деп сурабады. "Акчага кароо эмес, акча менен иши да жок, ырас тура..." деп ойлосун деди. Бирок ичинен кан өтүп турду. Акчаны обу жок чача бербегени
менен, өтө кароо да эмес. Бу акчаны эмне кылат? Атасына барып учурашып келейин дегенби? Андай болсо бир ооз айтат эле го. А балким... Балакет басып көңүлдөшү болуп жүрбөсүн?.. Баягы:
"Түрмөдөн чыккан неме менен көңүлдөш болуп кеткен, катуу карма, жакшы сөз, жакшы мамиледен кенедей да көрсөтпө" дебеди беле Сонун. Ошол бандитине береби акчаны? Муну ойлоп Куландын кызганычы ашып-ташып, жүрөгүн мыкчыйт. Какыс-кукус кылып айттырып албайбы? Жок, болбойт. Анда
биротоло жек көрүндү болбойбу, ансыз деле араң жүргөн неме...
Кулан Нестанды чындап эле жакшы көргөн эмеспи. Жыл айланып төрөтүп алса, бу жерден кеткис абалга жеткирсе, анан көзүнүн кареги менен тең айлангандай кылбайбы. Азырынча чыдаш керек. Жана Сонун качып баратып: "Ойнош бандитине качкан шуркуяңды коргойсуң э, сен ошондон көрөсүң, өлүгүңдү көрөйүн, карыган аңги!" деп,
кетпес санаа, кайтпас кызганыч таштап кеткен. Дили уйгу-туйгу Кулан комбайнерлерду сыйлачу акчасын унутуп кеткен, кайра келгени да ошондон, аны алы кызганыч-кайгысын кошо көтөрүп айласыз кетти...
Кулан кеткенден кийин Кенже менен Нестан үн катпай, ар кимиси күйүттүү ойлордун туткунунда биртопко турушту. Аз мурунку экөөнүн дилине бир
келген майрам-тилеги ойрон болуп, тозок талаасына алпарып ташитагандай эле. Тээ көптө барып улуулугун, көптү көргөндүгүн кылды Кенже:
-Некен, бери келчи,
каралдым. Эмне болуп кеткенине акылы жетип-етпей
дал болуп, тизесин кучактай отурган Нестан Кенженин сөзүн угуп буркурап жиберди. Ордунан туруп араңжан немени кучактай жыгылды. Кенже аны алсыз колу менен кучактап:
-Каралдым менин, каралдым десе, болду ыйлабачы, күчүгүм десе. Баары жакшы болот, -деп өзү араң туруп Нестандын ыйын баскысы бар. - Ошол
айбанга да киши таарынабы? Ошол айбанга кантип киши таарынсын. Адам катарынан чыккан неме да бир!
Нестан ансайын буркурайт. Кез-кези "апакелеп" коет, ый ортосунда. Кенже өпкө-өпкөсүнө батпай буркураган немени далай сөз айтып жооткотуп,
жалынып-албарып
атып араң дегенде токтотту:
-Баары жакшы болот. Жүрөгүм сезип атпайбы ошону. Баса, түндө түш

#228 14 March 2013 - 14:50
да көргөм, Макан экөөң аппак кийинип алып кетип баратыпсыңар гүл аралап, кол кармашып.
-Сиз дагы жүрүпсүзбү? Кенже күлүп жебирди:
-Мен жүрбөсөм, силерди кайдан көрмөк элем, - көз жашы кургай элек Нестан кошо күлдү.
Участковый кирип Сонундун кебетесин көрө делдейе калды эле, аял түз качырды:
-Мына, тартип сактаган айылыңдын кылганы, өлүгүңдү көрөйүндөр десе!
Милийса чыртыя түштү:
-Ой, сен эмне жулунасың, ыя?! Эмне болду, нормальный түшүндүрбөйсүңбү? !
-Ай, сен кандай ороңдогон немесиң, ыя?! Эмне сен дейсиң, селейип калгансып?! Тиякта бир өлүмдөн калсам, быякта минтсе...
Милийса токтоолук кылды, айыл өкмөтү баш болуп толгон адамдар карап турса айласыздан ошентпейби, болбосо сен демек турсун, түз эле энесинен келчү катын экен.
-Ии, эмне болду, айтыңыз? - деди. -Жүрүңүз, менин кабинетиме баралы.
-Жок, ушул жерден айтам, - деди Сонун,-булар да уксун.
-Мейлиңиз, айта бериңиз?
-Сурабайсыңбы?
-Ким кызыл-ала кылды?
-Ким кылмак эле, жанагы жаш катын алып көпкөн өлүгүңдү көрөйүн Кулан деген неме катыны Нестан экөөлөп сабашты.
-Эмне деп сабашты?
-Жанагы ###### Нестандын энеси болом. Өз денемен чыкпаса да, кенедейинен бөпөлөп бакканымды кантейин! Ботом, бүгүн учурашып келейин деп келсем, кет деп кеп-сөзгө келтирбей үбөлүк менен чекеге чаап, чачы-башымды жулмалап жатпайбы! Күлтүңдөп турган жаш немеге алым кайдан жетсин, айлам жок туруп бердим. Анан өлүгүңдү көрөйүн күйөөсү Кулан келип арачалап койгондун
ордуна мени тепкилеп жатпайбы, мас окшойт, кабыргамдан кабыргам жок, өпкө-боорум эзилип, аралашып калды окшойт, ох жаным! - Сонун кофтасын өйдө кыла берип көрсөттү, - мына, карасаңар. Чын эле капталы кызгылт-көк тарта шиший түшкөн экен. Аны өзү да эми көрдү.
-Кабыргам боорума кирип кеткен окшойт, жан чыдатпайт, - Сонун келиштире онтоп, тигил экөөнү каргап да жатат. Аны көргөндөр шыпшынып, аздап боору ооруп да турушту.
-Эже, айтканыңыздын баарын жазып бериңиз,- деди милийса. -Карыганда алжыган экен Кулан байке. Авторитеттүү адам деп жүрсө...
-Авторитеттен кетеби, кызындай болгон кызыбызды зордук менен эле
алыбалбадыбы,
өлүгүңдү көрөйүн, аңги десе! Милийса да, башка отургандар да Кулан
аксакал токол алыптыр деп укканы бар, бирок кимди, кантип алганын билишчү эмес. Баары тегиз жаш кызды зордуктап алган Куланды жек көрүп
турушту. Сонун айыл өкмөтү берген кагаз, ручканы алып жазууга киришти. Жазаарда айтты милийсага:
-Жакшылап чара көрбөсөң, министриңе чейин барам, президентке чейин барам, уктуңбу?!
-Толук жазыңыз, -милийсанын жообу ушул болду. Сонун арызын келиштире жазып, ошол жерден бети- башын жууп, чачы-башын түздөп, түз эле райборбордогу
ооруканага келди. Оорукананын башкы врачы менен жакшы тааныш гана эмес, бир топ сырдаш да болуп жүрчү. Бул врач келин да Сонундай өңдүү- түстүү, килтиңдеп, аялдык энергиясы денесине батып-батпай, кайда
короторду билбей дайым көзү тунарып жүрчү неме. Тийген күйөөлөрүнүн эсеби жок, тийбей калганы андан көп. Сонундун айткан окуясын жакшы угуп, дароо өзүнчө палатага жаткырып салды. Эртеси таң эртең Сонундун күйөөсү тердеп-кургай жетип келди, телефон чалынган ага.
-Эмне болду, кокуй?! - деди кирип келип эле, башы таңылып жаткан Сонунду көрүп. Анысы өңү-башын бырыштыра алсыз, айласыз жатканчалык кылып онтоп-онтоп алды, үзүлөргө аз калгандай онтоду.
-Эмне болду, берекем десе?! Ким бу сени? Айтчы, жаным? Онтоосу коштолуп, алсыз үн катты Сонун:
-Кулан жанагы сенин жашабаган шуркуяң экөө... тепкилеп... наркы-терки сүйрөп..
-Ок, жакшылык көрбөгөн энеңдурайындар десе! Түбүнө жетпесем элеби! - Кызынын түбүнө небак жеткен ата ушинтип турду аны Куланга кошуп. Сонун эми таптакыр сүйлөбөй койду. Көзү жумулду, онтоп коет байма-бай. Күйөөсү айласы кете жалынып-жалбарып, анын ордуна бул азапты өзү тарткысы келип
жатканын кайра-кайра айтып, Кулан менен жанагы шерменде, бузулган кызына бирди көрсөтөрүн бышыктап, Сонунду ага ишендирип, о далайга үнүн баскан жок. Сонун ал келгенден мурун оюнда бир мыкты жигит менен таанышып, аны менен жаны бирге болуп, акча чачып өлкөдөн өлкө кыдырып, курортторунда чалкалап жыргап жаткан. Бу шүмшүк кирип келип бейиш турмуштан жерге түшүрүп салбадыбы. Анын ар бир айткан сөзү кыжырын келтирип жатат. Муну токтотпосо жаман катындай тилине алакачтырып кете берет.
-Ай, бар, бир кой союп кел, врачтарды сыйлап коелу, - деди Сонун.
-Кой сенден садагa кетсин, куйкалатып келем. - Башка сөзү жок күйөөсү дароо жөнөп кетти. Сонун бу күйөөдөн небак тажап бүткөн эмеспи. Деле ушуга көңүлү чапкан эмес, адегенде иши, анан тутам-тутам акчасы жакындаткан. Катындан айырмасы жок мындай эркек сөрөй кимге жакмак? Эркек деген кайраттуу болуп, өз билгенин бербей, кез-кези менен аялзатка үстөмдүк көрсөтүп турат дечү эле. а бу болсо аялынын турсийин жанталаша жуугандан кайра тартпайт. Ошон үчүн

#229 14 March 2013 - 14:56
Сонун аны күндө алмаштырып турчу турсийинен да төмөн көрөт. Курч мүнөзү, курч сөзү жок, кыңырылып-kысынып,
былбырай, эзиле сүйлөп эркелеткен болуп, аялдын алдында күчүн сезбей, алсыздыгын билдирип, же накта эркек же катын болуп жаралбай эки ортодо эсептелген мындай эркек кайсы аялдын көңүлүн таап, кумарын кандырмак. Катынга катын-эркектин канча зарылдыгы бар. Эркектик мүнөзү, кайраты жок болсо, чормойгон жеринде не баа?! Ушундай ойлойт Сонун. Бирок мындан кетүүгө да болбойт, дүнүйөсү кетирбейт. Күйөөм демиш болуп, өз каалаганын кылат, ким менен конуп- түнөйт - эрк өзүндө. Сонунга ошол турмуш керек. Адам көңүлү гүл дегени чын эмеспи. Убагында сугарып, күн жакшы тийип берсе гүлүң бажырайып, көз жоосун алып турат го. Жакшы сөз угуп,
жакшы үмүтүң болуп жашаган адам да ошол гүлдөй бажыраят. Кенже Нестандын көңүлүн гүл кылып турганда Сонундун айынан күтпөгөн окуя болуп, Нестандын көңүлү бат эле соолуй түшкөндөй болду. Баягы оту жок, үмүтсүз тиктеген көзү кайра калыбына келди. Таптакыр сүйлөбөй, оокатын айласыз жасаган болуп, бу жарык дүйнө бүркөлүп, жакшылыктан үмүт үзүлгөн, жакшылык эч качан болбочудай сезилди ага. Кенженин не бир сонун сөздөрү, алаксытканы, жаман ойдон арылткысы келгени анын көңүлүн оңдоого жардам бере албай жатты. Куландын алды-артына түшүп жалынганы ого бетер чүнчүтүп, ого бетер көңүлүн чөгөрүп тургандай. Элестегенде делбиретип, дегдетип, дилин балкытып таштачу Маканын көп
эстебей калды. Eстеген күндө да баягы күндөрдө апкелген жыргалын тартуулай албайт, бир-эки ирет көргөн адамындай ысык-суугу сезилбейт. Өң-келбет көңүл маанайына жараша, аз күн мурун эле маралдай керилип турду эле, эми бүрүшө түштү, сулуулугун иичндеги өзү да ажыратып билбеген бир кайгы-муңунун алдында көрүнбөй калгандай болду. Таң заардан туруп Кенженин чекесинен сүйүп, анын не бир сонун кебин угуп, чакасына отургузуп, тамагын бапестей берип, анын жанынан үйрүлүп турчу. Эми деле жасайт ал иштерин, бирок жанына көп турбайт, жанына да жатпай калды. Ага Кулан таң калат, ичинде "ии, күйөөлүгүмдү эми сезе баштады окшобойбу" деп эркектигин жакшы аткармакчы аракетин кылат. Аны Нестан сезген да эмес, сезбейт да эле. Адегенде эле тозок болуп көрүнгөн Куландын койну эми ого бетер муздак. Өзүн жаш, кудуреттүү эркек кылып көрсөтүү үчүн жаналакетке түшкөн Куландын анысынан жакшы майнап чыкпай, Нестан үчүн анын төшөгү кыйноо тарткан караңгы, сыз ороодон алда-канча коркунучтуу, аны эстегенде жаш неменин денеси бир дирт этип алат.

#230 14 March 2013 - 20:53
***
Ооруканада жаткан Сонун раймилийса менен райпрокуратурага арызды келиштире жазып, "өлүп-Tирилди" сыпатындагы справкаларды кошо тиркетип күйөөсүнөн бердирди. Буюрса, Нестанды да, Куланды да түрмөдө чиритпесе элеби! Окуя болгондон эки күндөн кийин участковый Куландыкына келип Нестан экөөнө сурак жүргүздү. Нестан өмүрүндө милийса менен сүйлөшүп көргөн эмес, сүйлөшкөндү кой, жашы жыйырмадан өтсө да милийса дегениңди үч-төрт ирет эле көрсө керек. Ушу жашка чейин эч жакка чыкпаса ошо да. Эпсиз толук милийса ыңгырана басып Кулан менен кошо киргенде Нестандын жүрөгү кабынан чыга жаздады. Өңү кумсарып, башы айлана түштү. Денеси өзүнөн өзү калтырап, колундагы шыпыргысын койгонду унутуп, Кенженин үстүнө кирип жанына корголоду. Карышкырдан качып туңгуюкка кабылган коендой эле бүрүшө калтыраганы. Кулан кирип аны чакырганда селт эте калып, ордунан турууга чамасы келбей Кенжени карап жансоога издеди. Кулан айтты:
-Милийса келиптир. Бир-эки ооз сурайм дейт. Бу сөз Нестанга ок болуп тийди. Бакырып ийе жаздап, Кенженин алсыз колун бекем кармап, ошол кол гана аны сактап калчудай бооруна кысты. Барчу түрү жок. Кулан анын абалын түшүндү окшойт, чыгып кетип милийса менен кайра кирди. Ана көрүп ал, Нестандын денеси дирт-дирт этип Кенжеге ого бетер жабышат. Мына-мына бу милийса желмогуз баса калып жалмап койчудай, чачынан сүйрөп тепкилеп өлтүрчүдөй. Милийса азга туруп анан сурады, жумшак сүйлөгөнгө аракет кылганы менен үнүнөн көндүм оройлугу дааналанат:
-Атың ким эле? Азыркы абалында Нестан атын эмес, а деп оозун ача алмак эмес, ого бетер апасынажабышат.
-Нестан, - деди Кулан жооп берип.
-Нестан, Сонун энеңди үбөлүк менен эмне үчүн чаптың? Өлүп калса эмне болот, ыя?! Ошону ойлодуңбу?! Нестан жооп бермек турсун, берилген суроону оңдуу түшүнө алган жок. Калтырагы күчөп, өзүн небак жоготуп салган.
-Э кокуй ботом, ушу кантип үбөлүк менен чабат. Ал желмогузду чапмак турсун, үнүнөн коркуп атса.. - Кенже жооп берип бир колу менен Нестандын башын сылады, -адамга эмес, кумурскага зыяны жок мунун.
-Өз көзүм менен көрбөдүмбү, чекеси жарылып келгенин, -дедир милийса. - Көрбөсөм айтпайт элем да.
-Бул чаппайт, - деп Кулан жаш аялына болушту. - Сонун эле болсо чаптырып калсын.
-Сиз да ичип алып көгала кылып тепкилепсиз. Эми Кулан селт этти:
-Мен... Мен деген... Ал өзү, - деп сөздөрүн байланыштыра албай айласы кетти. Нестан менен сүйлөшө албасын милийса даана сезди. Куланга кайрылып:
-Байке, окуя кандай болгонун экөөңөр өз колуңар менен жазып мага апкелип бергиле, -деп бөлмөдөн чыгып кетти. Артынан чыккан Кулан: -Бирдеме кылып шти бүтүрбөсөң уят го, ыя, иним? - деди эле тиги:
-Байке, бирдеме кылып бүтүрчү аял эмес окшойт жанагы Сонун деген неме, министрге чейин, президентке чейин барам дебатпайбы, - деп Куландын жүрөгүн түшүрө кете берди. Милийсаны узатып коюп Кулан төркү үйдөгү диванга жатты да, окуядан кантип чуусуз чыгуунун жолуна баш катырды. Ушул пайгамбар жашынан өтүп калган кезде соттолуп отурса абийир кетпейби, кайрылгыс. Бу Сонун сойку менен кайдан да байланышып алган десең. Бирок ал болбосо бу мөлтүрөп, карынын эмес, мен деген жигиттерди дегдетип таштачу периштени кайдан тапмак. Анан калса kөп жыл көңүлдөш болуп, далай кумардан чыгарып да келбедиби. Ар иштин ак жолу күндөрдүн бир күнүндө кара жол таап кетери да бар бу опасыз дүйнөдө.

#231 14 March 2013 - 21:06
Ал албуутка теңелбей койсо болмок. анан ошонуку туурабы, эзели тырмак тийбеген бетине так салып.Кой, ал ажаанга теңелип, тирешип отурбай бүтүрүш керек. Атасы менен нечен жыл чогуу иштеп, өзүнө да далай жардам берген райпрокурорго бүгүндөн калбай барыш керек. Кулан таңдан туруп түз эле райборборго келип прокуратурага кирди. Прокурор келе элек экен. Сыртка чыгып наркы-терки басты. Бу жерде аны көптөрү тааныйт, өткөн- кеткендер эпилдей учурашып, жай сурайт. Эмне иш менен келгенин баары билип тургансып намыстанып,
уялып турду. Көптө келди прокурор. Утурлай баскан Куланды көрүп алыстан эле саламын берип, ылдамдай жетип эпилдей кол кысты. Абалын жакшы сурап, колтуктай кабинетине ээрчитип барды. Бу кырктардан өтүп калган жигитке Куландын жардамы тийген эмеспи, окуусун бүткөндө жылуу орун таап берген, кийин бир районго рокурордун
орунбасары кылганга ортого түшкөн. Анын үстүнө көп жыл бою атасы Куландын кол алдында иштеп да жүрдү. Жүрөктөн
кеткен үч жыл мурун. Кулан прокурорго келген жөнүн айтып бүтүп-бүтө электе ал жообун берди:
-О кокуй, ошо да баш катырчу иш бекен. Сарсанаа болбой бара бериңиз. Ишим көп, болбосо өзүм жеткирип барат элем. Машинем менен жетип алыңыз.
-Жок, рахмат айланайын, машине менен жүрөм. Прокурор аны коштой чыгып машинесине отургузуп эшигин өзү жапты. Куландын көңүлү жай. Бу баланын жардам берерине ишенсе да түпөйүл болуп келген эмеспи.
Мына, эмгегин унутпаптыр, рахмат анысына, өсчү бала эмеспи. Кулан келатканда машинесин айдаткан балага бир ооз сүйлөшпөй келди эле, эми наркы-беркиден сурап, өзү жакшы кептен айтып, тамашалай, айылга көңүлдүү кайтты. Куланды узаткан прокурор дароо эле милийсанын начальнигин чакырды. Экөө далайга отуруп Сонунду тынчытуунун жакшы жолун ойлоп табышты. Прокурор Сонунду жакшы тааныйт. Анын баскан-турганын ийне-жибине чейин билбесе да, кээ бир кылыктарын уккан. Атургай Кулан экөөнүн байланышынан да кабары бар. Сонун ооруканада эки жумача жатып чыкты. Чекесиндеги так аз-аз каралжын тартып турганы болбосо, дени-карды соо. Кабыргам сынды, талкаланды" деген сөзү долунун сөзү болчу да, кабыргасы деле бүтүн. Ал чыккан күнү күйөөсү жаңы үйлөнүп аткансып, аялы өлүп-tирилгендей болуп да сүйүнүп балканактай козу союп эки-үч киши чакырган болду.
Эртеси экөө эртең менен чай үстүндө отуруп Кулан менен Нестанды "түрмөдө чиритүүнүн" кебин
кылышты.
-Өмүр бою алчактады эле, эми алчактаганын көрөйүн. Көпкөнүн көтүнөн чыгарайын! -деди Сонун заар тилин агытып, - жанагы шуркуя кызыңдын да шорун катырам!
Кой, кызым эмеспи деп аялын токтотуунун ордуна ал кудай албагыр:
-Жазасын тартсын да, -дебатпайбы. - Азыр киши өлтүргөндөр да кабагым-кашым деп кутулуп кетип жатпайбы. Тиги шүмшүк милийсалардын оозуна акча тыгып ийсе... -күйөөсүнүн бу сөзүн бүтүрткөн жок Сонун, атырыла кетти:
-Берсе берип ийгендир. Сен да бер. Мен эмне аны билбейт бекем. Бер, сен дагы.
-Берем, берем... Бербегенде? !- Күйөөсү элеңдейт, - сенден аячу алым жок.
-Сенден дейт, менден
мурун өзүңдүн абийириң кетибатпайбы, аялыңды сабатып. Кайсы күйөө аялын сабатып басып жүрөт, ыя?!
-Жо, мен деле күйүп-
бышып атпаймынбы.
-Мен деле дейт! Накта сен күйүшүң керек. Мени сабаган жок, түшүнсөң сени сабады! Намыстансаң болбойбу кичине!
-Туура айтасың. Намыстанып эле атам.
-Эмне кылып намыстанып атасың, ыя?! - Сонундун бу кекерлүү суроосуна күйөө сөрөй жооп бере албай күңк-мыңк этти:
-Оюман кетпей... күйүп...
- Күйөөнүн бул күңк-
мыңкына Сонундун
каны кайнап кетти.
Оңдурбачу сөздөн айта турган болуп бир обдулуп алганда:
-Мүмкүн бекен? - деген үн экөөнү тең селт эттирди. Участковый экен. Дарбаза, эшиктер ачык болгондуктан, бир-эки ирет үн салган болуп түз эле кирген. Эрди-катын орундарынан тура участковыйды төргө өткөзүштү. Сонун дасмал жаңылап, муздаткычтан бышкан эттен коюп, күйөөсү шкафтан арак апкелди. Бир чыныдан чай ичилгенден кийин участковый келген жөнүн айтты:
-Сиздерди күтсөм келбейсиңер, анан өзүм издеп келбедимби. Ишти бүтүрбөйсүң деп начальнигимен да тил уктум.
-Догдурдан кечээ эле чыктым. Барайын деп эле жаткам. Табым да жок. Жакшы айыга албай... - деп Сонун
кабак-башын келиштирип азга онтоп алды.
-Кулан аксакалга да баргам, - деди милийса тигилердин кабак-башына сынай көз жүгүртүп, - күнөөбүз жок деп жазып берди.
-Ой өлүгүңдү көрөйүн! -Сонундун ооруган, чыдабай кыйналгандай өңү өзгөрүп албуут кебетеси келди, -айтканын карасаң карыган аңгинин. Күнөөсү жогу ошобу, бети-башымдан, кабыргамдан тамтык жок, өлүгүңдү гана көрөйүн десе!
-Күбөлөр бар беле? - деди милийса.
-Кайдагы күбө? Мунжу катыны менен сойку токолу бар болчу.

#232 14 March 2013 - 21:31
-Алар да бизде күнөө жок дебатышпайбы.
-Э кокуй, анан мени шайтан, көзгө көрүнчү кызылала кылганбы, ыя, алар кылбаганда? ! - деп Сонун эми милийсага
жулуна жаздады. Милийса токтоо
сүйлөдү:
-Мына ошону доказать этиш керек.
-Доказать этем эле!
Милийса сөздү ырбаткысы келген жок, ордунан турду:
-Эртең мага келиңиз, шашпай сүйлөшөлү.
-Жүз граммдан ичпейбизби? - деди Сонундун күйөөсү бөтөлкөнү кармап.
-Мага болбойт, кызматтамын да, аман болсок жүздөшөрбүз. Милийсаны узатып келген күйөө айтты Сонунга:
-Бирдеме үмтөткөнү көрүнүп турат. Кийин жүздөшөрбүз дегени ошо да.
-Эртең эле кутулуп, милдеткер кылып коюш керек, - деди Сонун.
-Туура айтасың! Күйөөсү акчаны гезитке калыңдап ороп, Сонундун асынма сумкесине салды. Машинени айдата жүргөн баласына айдатып, бат эле участковыйдын кабинетине келишти. Ал жалгыз экен. Ордунан тура амандашып, экөөнө орун көрсөттү.
-Келип калдык, - деди күйөө Сонунду тайай отургузуп, өзү анын катарына отуруп, - жанагы айбанды бирдеме кылбасаң болбойт, араң эле жүрөт бу, ден соолугуна чоң зыян кеткен окшойт.
-Зыян кеткен окшойт эмей эле, зыян болуп калды деп эле айтпайсыңбы, ыя?! -
деди Сонун күйөөсүн
зекип. - Ошону да оңдоп айта албайт,
былжыр!
-Ооба, чоң зыян болуп калды, - күйөөнүн аялына жообу ушу болду.
Милийса түз эле айтты:
-Чоң зыянды доказать этип, тигилерди отургузуш үчүн чоң каражат керек.
-Каражат жерге кирсин, - деди Сонун.
-Жерге кирсин, - kүйөө коштоду. Сонун сумкасынан гезитке оролгон акчаны сууруп жатты эле, милийса шаша токтотту:
-Эже, бүгүн эмес. Бүгүн болбойт, эртең түштөн кийин келгиле.
-Болуптур, эртең болсо деле мейли, деги ошо эртең бүтүрсөң эле болду, иним, - деп Сонун акчаны кайра катты.
-Эртең бүтсө деле жакшы экен, - деди күйөө аялын адатынча колдоп.
Эртеси да болду. Эрди- катын машинеде чалкалайт. Сонундун ою түрмөдө. Бок-сийдиги аралашып самсаалаган Куланды элестетет. Күндө тепкилешет, бети-башында тамтыгы жок. "Кечирим бер" деп Сонунга күндө кат жазат. Колу ручка кармоого жарабай калган, колунан өөп жалынып, бирөөнө жаздырат... Нестан самсаалаган көйнөкчөн керээли-кечке түрмөдөгү аялдардын cасыган ыштан-турсийлерин жууйт. Бирөөнөн боюна бүтүп, төрөп алган. Кебетеси кеткен, коркунучтуу уул экен анысы... Адам чыдап карай албайт. Анысы бок-сакка аралашып жатат. Курсагы ачып керээли-кечке ыйлайт. Нестандан сүт чыкпайт... Сонундун ою ушул жерге келгенде машине токтоп, эрди-катын жерге түштү. Милийса кабинетинде экен. Экөөнү жакшы кабыл алды эпилдеп, орун көрсөттү. Аздап ал-абал сурашкандан кийин Сонун сумкасынан таңгак акчаны алып, милийсага сунду. Дал ошол маалда эшик ачылып, беш-алты адам карп-күрп кирип, бир жигит Сонундун акчалуу колун кабыштыра кармады, дагы бири жарк-журк эттирип сүрөткө тартып кирди. Сонундун да, күйөөсүнүн да эси ооп элдиреп, эмне болуп кеткенине эсеп бере албай, дене-бойду калтырак басып, шалдырай-албырай
отуруп беришти. "Милийсага пара берип жатканда кармалды" деген маани менен кагаз толтурулуп, Сонун менен күйөөсү кошулуп беш-алты адамдын колу коюлду. Сонунду ошол эле жерден машинеге сыпаа колтуктай салышып, раймилийсага апкелип камап салышты. Ошондон соң аны менен эч кимдин иши болгон жок, бар-жогуна эсеп беришпеди. Жүрөгү түшүп калган неме бүрүшүп тактанын бир четинде жылбай отурат. Бу сасыгына адам чыдагыстай үтүрөйгөн камера ага тозоктун дал өзүндөй. Милийсага түшүп көрүппү эмне?! Жүрөгү оозуна тыгылган бойдон турду. Жок, аны ошол бойдон отургузган жок. Эркек эмес, эркекче шыпырылта сөгүнгөн эки аял эсебин бере жаздашты. Экөө тең өзүнөн кичүү, мушташчу эркектей шымаланган немелер экен. Өңдүү-түстүү, сан- панын Tырыштырган шымчан. Кебетеси, райондук Mасштабдагы сойкулардан окшобойбу. Сонун кирип тапчандын четине барып отурганда ага биртопко сонуркай карап турушту. Анан бири:
-Эй, кимге бербей койдуң эле? - деп мыскылдап турду

#233 14 March 2013 - 21:44
-Эй, кимге бербей койдуң эле? - деп мыскылдап турду.
-Ал эмне дегениң, бети жок! - Сонундун сөзүнүн аягында оозуна тигинин муштуму орной түштү. Эңкейе калып тумшугун сыйпалаган Сонунду чачтан алып тапчандан сүйрөп түштү да, тизеси менен ээк талаштыра уруп калды эле, ал шалак түштү. Эси ооп кетти. Экинчи кыз ордунан шашпай туруп, Сонундун мойнундагы эки алтын чынжырын чечип, бирин шеригине берип, бирин өзү тагынды. Анан колундагы төрт шакек чечилип, эк кыз бөлүшө тагынышты. Эсине келип-келе албай турган Сонун тигилерден талаша алган жок. Жаны алигиче тирүү экенине тобо кылгандай. Анын үстүнө жанагы соккон кыз:
-Мобуну менен көтүңдү чукуюнбу, ыя?! - деп бүктөлгөн шпилканы узарта жазып суна бергенде алласы оозунан түштү. Сонундун пара берип
кармалышы, камалышы, прокурор менен милийса начальнигинин жасаган "оюну" эле. Ушул бойдон тынчытпаса арыздана берип убара кылышат деп жазалашкан. Эртеси Сонун камактан чыкты. Чыгарда:
-Эже, күйөөңүз начальнигибиздин жанын койбой чыгартып жатат, болбосо кетмексиз, -деп жүрөгүн түшүрдү бир чечейген чечек тергөөчү. Ырасында Сонундун күйөөсү начальниктин кабинетине, кабинетинен үйүнө кайра-кайра барып жатып "бошотом" деген сөздү уккан. Ансыз деле бошотулчу аялын өзүнүн даражасы, кыйындыгы үчүн бошотуп алгансып, эртең менен аялын компое да, кубана да тосуп алды. Сонун
экинчи милийсаны желкемдин чуңкуру көрсүн деп а жерден кеткенче шашат, эмдигиче мууну калчылдайт. Чечтирген чынжыр, шакектерине да кайыл. Бу дабдыр күйөөсү соо болсо, алар кеп бекен? Эки окуя дал Нестандын акак таза дилинде кагылышты. Бирин-бири жеңе албай карсылдашып, ошол таза, кол тийгис ыйык дилди канмайданга айлантып таштады. Бири жакшы, бири жаман күчтүн жаманы жеңди көрүнөт. Жаманы Сонунда, анын айынан келген милийсада эле да. Аз
мурун Нестан көз жоосун ала кийинип, Кенже апасынын сынынан өтүп, делебеси делбиреп, көпөлөк сындуу учуп, көксөгөнүнө,
сагынганына, kусасын басчу адамын издеп бармак эмес беле?!
Жыргал жолунда болчу. Анан соолгон Сонун келди. Жаркыраган күндү бороон-чапкындуу караңгы түн баскандай болду. Алып учтурган жыргалы кол менен алгандай көз ирмемде жок болду, ошол аппак үмүтү жазгы кардай мөлт этти да, кетти.
Милийса келгенде Нестандын жүрөгү оозуна тыгылган. Ал кеткенден кийин Кенже: "Милийса жерге кирсин, териштирбей эле камап да салышат" деп байкоос айткан сөзү Нестанга ок болуп тийбедиби. Ошол сөздөн кийин күнөөсү жок туруп карышкыр качырган улактай бүрүшүп, бар-жогу билинбей, ажырымы жок кандайдыр бир эпсиз коркунуч жанын алчудай калтырап, жүрөгү жарылып- жарылбай делдейтип, муун-жүүнү калтырап, коргоноорго жай табылбай, өзүн караманча жоготуп таштаган. Аз мурун эки эле ирет көрүп,
жүрөгүнүн tереңинен түбөлүк орун берип салган, ошону көз ирмем эстен чыгарбай, жөлөгү, тиреги кылып aлган жигити Маканды издейм деп алоосу улам күчөгөн жүрөгүн башкара албай, жыргалдын, жыргал үмүттүн жетегинде эрип-эрибей турбады беле. Кокуй ай, наалаты ай, жанагы ажал сындуу Сонун келбей кое турса болбойт беле. Жамандык дегениң өжөр болот, өлбөс болот, оңой менен жеңиле койбойт. Бу ирет Нестандын жолундагы, тагдырындагы эки күчтүн жаманы туусун көтөрдү, жакшыны жексен кылды. Дилинде жакшылыктан, ыйманы менен ыйыктыгы куюлган үмүттөн башка эч нерсе жок Нестандын дили, сезими, ою ойрон болду. Катуу тийген соккуга туруштук бере албай башы тегеренди, бу дүйнөнүн миң кырдуу, миң сырдуу көрүнүшү ажырымы жок биригип келип аралашып, өң-түссүз, ак-карасыз, жаман-жакшысыз бир бозоргон нерсени жаратып таштады. Эми Нестанда үмүт да, бир нерсеге умтулуу да жок эле. Делдейген абалга келди. Аны кыраакы Кенже бат эле байкады. Жаны чыга коркту. Кагылып- согулуп эркелетип, түркүн түс маанайдагы сөзү талаага кетип жатты. Нестан анын сөздөрүнө муюбады, уюбады, маанисин
ажыраткан жок.
Антүүгө жарабай
турган. Эпкин тийип
акыл-эстен ажырагандай эле, акылы ишин токтоткондой болчу. Бир ооз сүйлөбөй отурганы отурган. Тамак ичкен кебетеси да бузулду. Оозуна нанды очойто салып жеп, курсагын толтурат. Анан эки-үч күн наар албайт. Тамак жасаганы да калган. Чоң кара таракты алып өзүнчө бир бөлмөгө тыгылып чачын жайып көпк чейин ары тарап, бери тарап отура берет. Кулан жаш аялындагы өзгөрүүнү бир жумадан кийин билди окшойт. Кайсы бир жумуштар менен кетип үйүнө кеч келген. Кирип эле үн салды: "Э Нестан,
Нестантай! " Жооп болгон жок. Бир-эки
бөлмөгө кирип таппай, Кенженин үстүнө кирди. Нестаны төрдө отуруп алып бир сындырым нанды жеп отурат. Чачы саксайган, бир колунда чоң кара тарак. Кирген Куланды карап да койгон жок. Жарык нуру өчкөндөй көздөрү эмнени караганы билинбейт. Кулан анын аянычтуу да, коркунучтуу да кебетесин көрүп чочуп кетти:
-Нестантай, сага эмне
болгон, ыя?! Курсагың ачтыбы?

#234 14 March 2013 - 23:35
Курсагың ачтыбы? Бирөө капа кылдыбы? Нестан кебелген жок, нанын сугунуп, тарагы менен чачын тарайт. Айласы кеткен Кулан Кенжеден сурады:
-Буга эмне болду, ыя?! Башын улам араң буруп улам-улам Нестанды карап, ирдемелерди
айтып зээни кейип, кылар айласы жок жаткан Кенже:
-Эмне болгонун көрбөй жатасыңбы?! - деп чарт жарылды. - Убал-сообу жанагы сойку Сонун экөөңө тийип калсын! Некенимдин убалы экөөңдү уктатпасын! Мындай сөзү үчүн Кенже катуу тил укмак. Бирок азыркы абал башка эле. Кулан шалдырайт. Анан айласы кете:
-Некентай, эмне, курсагың ачтыбы? - дегенди айтты. Кайдан жооп болсун.
-Жүрү, чай ичеличи... -Кулан Нестанды колдон аярлай тарта тургузуп, жетелей тамак иччү бөлмөгө алып келди.
-Сенин оюңда тамак менен аялдан башка эмне болсун! - деп Кенже узатып калды. Чыгып бараткан Кула бурк этти:
-Жаагыңды басып, жатчы аржакка! Ушунун азабы өттү! Нестанды отургузуп коюп Кулан газга чай койду. Үстөл үстүнө бар тамакты апкелди. Нестан болсо колундагы нанын жеп болуп, чачын жай тарап, нуру качкан көздөрү менен белгисиз нерсе тиктегендей болот. Кулан күйпөлөктөйт. Төрт-беш күндөн бери Нестан жанына жолой элек болчу. Керээли-кечке Кенже жаткан бөлмөдөн чыкпай койгон. Көрсө... Куландын жүрөгү шуу этти. Эпкин тийсечи, жин ооруга чалдыккан жокпу?!
Чай келип, Нестанга чыны сунулду. Ал алган жок. Карап да койбоду.
-Ме, Некентай, жок дегенде ушуну ичип
алчы. Некентайында үн жок, сөз жок. Күйөөсүнүн сөзү айтылдыбы, жокпу, белгисиз. Кулан далай сөздү айтып, эзиле эркелете кетип алакеттенет. Сунулган чай ичилген жок. Кулан өзү аздап ичкен болду. Анан кез-кези сүйлөп коюп, Нестанды бирде имере тартып жүзүнөн сүйүп, бирде колун ушалай кармап, чачы- башынан сылайт. Кызда каршылык жок, ошол эркелетүүнүн даамын татканы да билинбейт, куурчактан ашыгы жок эле, тирүү жан экенин билдирип көз ирмеп, тамыр соккону менен... Ошентип отуруп түн да кирди. Кулан экөөнө төшөк салып, Нестанды жаткызды. Шал адамдай шалдыраган кыз денеси кай жакка тартса ошол жакка оодарылат. Кулан эрте турду. Нестан бүрүшүп уктап жатат. Аны ойготподу. Бүгүн зарыл жумушу бар - эгинин өткөзөт. Эртең бу жаш аялын догдурунабы де табыбынабы алпарбаса болбойт. Эпкин тийгенби же жин оорунун дал өзү
келгенби, айтор, соо эмес. Бир аялы шал болсо, экинчиси жинди болсо... Өтүшүп кете элегинде көрсөтүш керек. Бүгүн кудайга аманат деп ишин бүтүрүп алса, анан бар убактысын буга
бөлбөйбү. Кечке жуук эле. Нестан кечээ Кулан жаткызган төшөктөн эми баш көтөрдү. Туруп отуруп койнуна ала жаткан тарагын алып чачын тарады. Көзү бир чекитти жалдырай тиктеп, чалажан ирмелет. Ошол нуру качып араң ирмелген көзүнө Макан көрүндү. Баатырларча кийинип алыптыр,
жомоктогудай. "Мага кел, мен сени эч кимге тийгизбейм, Сонунга да, Куланга да... Кел, алтыным, сени күтүп жатам. Сени эч кимге бербейм, сен деген меникисиң! Меники ганасың, уктуңбу,
Нестан?!" дебатпайбы Макан!
Нестан ордунан туруп баягы сонун көрүнгөн кийимдерин кийди, чачын узунунан түшүрүп түбүнөн байлап койду, өргөн жок. Анан сыртка чыгып баратып кайра тартты. Кенженин үстүнө кирди. Ал адатынча чалкасынан жатат. Ойгоо. Нестандын бир жакка барчудай кийинип келгенин көрүп таң берди:
-Э кокуй, кайда барганы жатасың, ыя, Некентай? Жооп болбоду. Нестан аны адатынча заара кылдырып кайра жаткызды. Анан кагыла-согула эркелетип жаткан Кенжеге бир ооз жообун айтпай аны кучактай өптү да, чыгып кетти...
Кеч кирип калган. Айылдан чыгып талаалап баса берди. Дагы бир айыл көрүндү, айланып өттү. Эгин аңыздар, казылып- казылбай турган картошка талаалар, помидор, бадыраң, дарбыз, коон айдалган жерлерди басты. Түн небак кирген. Нестан кете берди. Айылдан айыл калып жатат, аларды айланып өтөт. Чарчады. Бирок көчүк басып эс алган жок, кете берди. Кеткенде да жай баспай шашып баратат. Маканы кел деген да. Эрте жетпесе ал бир жакка кетип калбайбы, күтө берип жадап. Ал кетип калса Сонун менен Кулан экөөлөп kууратпайбы. Нестан ого бетер шашат...
Таң атып калган. Нестан чарчаганын эми гана сезди. Өзү эмес, буттары сезди, шилтенбей. Ошол эле жердеги арык жээгине отура кетти. Кейпи кетип, топурак болуп, сыйрылган кара туфлисин чечти. Буту шишип-көөп сыздатты. Кармалап койду буттарын. Анан селт эте ордунан турду, Маканы күтүп жатса... Туфлисин кийгенди унутту. Чабылган эгин талаас менен кетип баратат. Кез-кези таманын куурайдын чөңөрлөрү сайганда аксай калат. Жүрүп отуруп алыстан алачыкты көрдү. Жомоктогудай экен. Балким Макан карай-карай чарчап ошол алачыкка кирип эс алып жатпасын. Алачыкка жакын помидор, бадыраң айдалыптыр. Дагы бир жеринде дулдуйган дарбыздар ар-ар жерде чаараят. Түз эле алачыкка баш бакты. Ичинде төрт эркек жантайып тамеки тартып кобурашып жатышат, ичип да жатышкан көрүнөт, пиво, арак аралашкан бөтөлкөлөр наны менен помидоруна аралашат. Байкоос кирип

#235 14 March 2013 - 23:44
кирип келген Нестанды көрүшүп, тымтырс боло түшүп, бири шыпылдай ордунан тура калды -Келиңиз, төргө өтүңүз. Нестан баш баккан бойдон туруп калды эле, тиги шыпылдаган неме:
-Өтүңүз, өтүңүз, - деди жалана-жуктана. - Сиздей сулуулар бу жерге келчү эмес эле... - Кыздан көзү өтүп, сулуулугуна сугунуп
жиберчүдөй жутунат. Маканын таппаган Нестан эч үн катпай алачыктан алыстай барып дарбыз талаасынын четине
көчүк басты. Жанагы төртөө бул жердин ээси дунганга жалданып иштешет. Түндө аябай ичишкен, эртең менен ойгонуп бөтөлкөдө калгандан шыпкап, же ары, же бери эмес "чала өлүк" болуп, бири-бирин
кыртыштары сүйбөй
турганда суйкайган
сулуунун себеби жок
пайда болушу көңүлдөрүн көтөрүп
жибергендей болду.
Жанагы шыпылдай
сүйлөгөн неме:
-Бу сулуунун тамырын тартып көрөйүнчү, - деп Нестанды көздөй басты. Эми төртөөнүн көңүлү ушул сулууда: "Күйөөсү менен уруша кетип талаалап өлөм деп качып чыкканбы же
ойношу экөө машине менен талаага келип чардап, анан экөө
бири-бирин кызгана
уруша кетип, тигиниси машинеден түшүрүп салып кетип калганбы? А балким, сойку болуп жүрбөсүн? үч-төрт эргул бул жакка апкелип кезектешип
туруп таштап кеткенби?" Катындан көзү каткан төрт аңгиге мындан башка эмне ой келмек эле? Шыпылдаган жигит
Нестандын жанына
барып тартынып-этпей эле жанына отурду. Берки үчөө да алачыктан чыгып
чөөлөрдөй шыйпактап экөөнөн алысырак жерге отурушту. Аз-аз болсо кызды баса
калышчудай комдонушат. Шыпылдаган неме
Нестандын сулуулугун эми даана көрдү. Мындай сулууну эч качан көңүл токтотуп көрбөсө керек эле. Кумары ашып-ташып, аялга болгон сезими адамдыкына эмес, айбандыкына окшоп турду. Тигил үчөө карап турбаса мына-мына баса калчудай. Өзүн эптеп кармап, кызды сөзгө тарткан болот:
-Карындаш, атың ким, ыя?
Нестандан жооп жок. Карап да койбойт. Тиги суроосун кайталады:
-Атың ким деп жатам, карындаш. Атыңды айтып жиберчи, байкең сүйүнүп жатып калсын, ыя? "Карындашы" кайдан жооп берди, жооп бермек турсун, кирпик ирмеп койбоду. Баягы үмүтсүз, айнек сыяктанган көздөрү нары жакта дулдуйган чаарала дарбызды тиктейт. Ошол чаарала дарбыз бир маалда жылт эте Макан болуп көрүндү Нестанга. Жүрөгү жарыла сүйүнүп кетти. Жок, Макан эмес экен, өзүн камап салчу милийса экен. Сүйүнүчү суу куйгандай жалп өчүп, жүрөгүн түшүрүп жиберди. Мына-мына басып келип колун толгоп байлап, чачтан сүйрөп, нары жакка
алпарып атып салчудай... Качыш
керек. Нестан ордунан шаша туруп, ошол милийса- дарбыздан кача жөнөдү. Чуркаган болот, бирок шай жок, чалынып-чулунуп баратат. Берки төртөө таңгала карап турушту.
-Бу неме маc, чистый
мас, энеңди - деди
бири.
-Давай кармап туруп... - деп бараткан немени дагы бири токтотту:
-Кой, доосуна калабыз. Менттерге илинсек каныбызды соруп, сөөгүбүздү кемирип салат. Баары ойлоно калышты. Бир маалда чуркап бараткан Нестан мүдүрүлүп барып көмкөрөсүнөн түштү. Ана турат-мына турат, жок. Жанагы шыпылдаган жигит чуркай жөнөдү, беркилер да басышты. Шыпылдак жигит көмкөрөсүнөн сулк
жаткан кызды көрүп жүрөгү шуу дей түштү. Өлүп калганбы? Эпадам өлүп калса буларга жаба салышы мүмкүн. Жигит кызды этият кармап, тартты. Жете келген беркилер жардамдашып ордунан тургузушту. Кыздын бери сыйрылып, аздап чыккан канга топурак жабышып ботала. Эки жигит кызды эки жактан колтуктай чатырдын жанына апкелип, алдына тамтыгы кеткен төшөк салып отургузушту. Бири суу апкелип кыздын бетин жууп жиберди. Өңү купкуу кыз калтырап турат.
Көздөрү жалдырайт.
Бул кыз мас да эмес,
сойку да эмес экенин
беркилер сезгендей
болушту. Эмелеки
ургаачыга болгон
сезимдери кайтып,
анысы аео, боорукерликке өтүп
кетти. Күйпөлөктөшүп "эмне болдудан" көп
жолу айтышат. Кызда дале болсо жооп жок. Бири апкелген килейген кружкадагы сууну калтырбай ичти. Бетиндеги жарасы
болбосо бу жакшы
кийинген аппак кыз
жигиттердин көзүнө
үзүлө элек гүлдөй эле. Эмне болгон жан, эмне бу жерге келген, отуруп-отуруп эмне качты деген толгон суроолор жигиттер үчүн табышмак бойдон. Же бир аз андай- мындай дебейт бу байкуш. Төртөөнүн бири кыздын жылаңаяк экенин көрүп, жанагы жыгылган жерге барып бут кийимин таппай келди. Башка жерде калганын кайдан
билди. Ошентип, ыйман-сыйманың менен анда маселеси жок, ичкендерин ийгилик- жыргал көрүп жүргөн төртөөнү кыздын
татына өңү менен
аянычтуу кебетеси
боор оорутуп таштады. Эми алар ал кызды жакынындай көрө
баштагандай, баягы
аңги сезимдери калып, бу бечарага эмне жардам берип
жиберсек деп ойлошот. Дал ошол маалда алачыктын жанына далайды көргөндөй кейпи кеткен "Жигули" келип токтоп, ичинен жапалдаш бойлуу, курсагы чердегей, ак көйнөк, ак топу кийген бирөө түштү. Бул дунган кожоюн.
Кожоюндан төртөө тең желмогуздай коркот.

#236 14 March 2013 - 23:46
Анын жөнү бар.
Биринчиден, ал
акчасын аябай жакшы
төлөйт, анан тилин
укпай акаарат
кылгандарды бир эле
тээп эсин оодарып
салат. Жашыраак
кезинде уруп-
тепкилегендин
ыкмаларын үйрөнүп
алган тура. Жанагы
төртөө бул дунганда үч
жылдан бери
жалданып иштешет.
Төртөөнүн тең үй-жайы
жок немелер, бирден
үйлөнүп ажырашып,
дагы бирден түрмөгө
жатып чыгышкан
майда-барат
кылмыштары менен.
Жайлата алачыкта
жашап, жашылча отоп,
түшүмүн жыйнайт.
Кышында ар кай жерде
жүрүшөт.
Кожоюнун көрө сала
баары анын сөзүн күтүп
туруп калышты. Дунган
кыргыздын түшүн
жоруй сүйлөгөн неме.
Аянычтуу отурган
кызды көрүп сурады:
-Мунуңар бу жерде
эмне кылып отурат?
Силер эмне эмдигиче
иштебей турасыңар,
ыя?!
Шыпылдак жигит
кожоюнуна кыздын
окуясын айтып берди
эле, дунган кызды
айлана басып карап,
сындан өткөрүп турду.
Сулуулугу баамга
урунду. Бир-эки ирет
кыса кучактап, кумар
баштап койчу неме
тура деди ичинде.
-Отургузгула машинеге,
шаарга жеткирип
салайын. Дагы
бирөөлөргө жооп
берип жүрбөйлү.
Эки жигит Нестанды
колтуктай тургузуп,
машинеге салышты...
Биринчиден, ал
акчасын аябай жакшы
төлөйт, анан тилин
укпай акаарат
кылгандарды бир эле
тээп эсин оодарып
салат. Жашыраак
кезинде уруп-
тепкилегендин
ыкмаларын үйрөнүп
алган тура. Жанагы
төртөө бул дунганда үч
жылдан бери
жалданып иштешет.
Төртөөнүн тең үй-жайы
жок немелер, бирден
үйлөнүп ажырашып,
дагы бирден түрмөгө
жатып чыгышкан
майда-барат
кылмыштары менен.
Жайлата алачыкта
жашап, жашылча отоп,
түшүмүн жыйнайт.
Кышында ар кай жерде
жүрүшөт.
Кожоюнун көрө сала
баары анын сөзүн күтүп
туруп калышты. Дунган
кыргыздын түшүн
жоруй сүйлөгөн неме.
Аянычтуу отурган
кызды көрүп сурады:
-Мунуңар бу жерде
эмне кылып отурат?
Силер эмне эмдигиче
иштебей турасыңар,
ыя?!
Шыпылдак жигит
кожоюнуна кыздын
окуясын айтып берди
эле, дунган кызды
айлана басып карап,
сындан өткөрүп турду.
Сулуулугу баамга
урунду. Бир-эки ирет
кыса кучактап, кумар
баштап койчу неме
тура деди ичинде.
-Отургузгула машинеге,
шаарга жеткирип
салайын. Дагы
бирөөлөргө жооп
берип жүрбөйлү.
Эки жигит Нестанды
колтуктай тургузуп,
машинеге салышты...
#237 14 March 2013 - 23:53
**
Профессор Макандын Бекен менен урушпаганын, эч кайда кетпей эле экөө жашырынып жолугуп жүргөнүн айныгыс түшүндү. Эми Ромго аны эптеп, араңдап жүрүп тапканын айтып жанын сууруп берсе, авторитети дагы арта түшүп, а балким эң жакын, эң ишенимдүү жигити - оң колу болуп калышы ажеп эмес да. ушуну ойлогон Профессордун көңүлү көтөрүлүп, сезимине жакшы ойлор толуп кетти...
Бул күнү Профессор эрте турду. Шашпай тамак-ашын ичип үйүнөн чыкты. Машинесин айдаган жок, чөнтөгүнө курал да албады,
жигиттеринен да коштотподу. Бекенге барып жекеме-жеке
сүйлөшөт, балким ага Макан досунун башын сатар, көрөт, ыгына жараша. Ушундай болду, акча жыттанган шайтан ой дилин бир бийлеп өттү.
Бекен небак кабинетинде экен, оозгу үйдөгү секретарша "сиз
кайда?" дегиче болбой, Профессор Бекендин үстүнө кирип барды. Аны көрүп Бекен дагы эмне болуп кетти деп бүшүркөй түштү.
Айткандарын төлөп жатат, дагы эмне керек буларга?
-Кандайсың? - деди
Профессор отуруп жатып, - аман-эсенби?
-Жакшы.
-Макан досуң да жакшы жүрөбү?
-Анын кандай жүргөнүн кайдан билем, - деди Бекен, бир чочуп алды.
- Уруша кеткенбиз дебедим беле. Ишим жок аны менен.
-Билбейм деген бир
сөз, билем деген миң
сөз дечи?! Эки күн мурун Макан экөөң
парктагы кафеде пиво ичип отурдуң эле, урушканыңарды
көрбөпмүн. Бекен эмне жооп берерин билбей отурду. Өзүнүн да, Макандын да башына чоң коркунуч келгенин даана сезди. Эми калп айта албайт болчу. Профессор сөзүн улады:
-Маканыңарды милийса тапса, анын күнү бүтөрүн билесиңби?! Бекенден жооп болбоду.
-Милийса таппаса биз таптык, бизге эки эсе, жок, эки жүз эсе жооп берет аның. Түшүндүңбү?
Дале жооп болбоду. Профессор сөзүн улады шашпай. Азыр сөз байлыгы да, маани- абал бийлиги да анын
колунда болчу:
-Жакшы түшүнбөй
жатат окшойсуң,
балакай. Андай болсо түз эле айтайын, Маканың небак эле бизден өлүм жазасына тартылган. Менттер эч качан андан кем жаза бербейт. Эми
түшүндүңбү? ! Бекен ооз учунан күңк-мыңк этти:
-Мага эмне айтайын
дейсиз?
-Эмне айтмак элем,
мени Маканыңа жолуктур, анан үчөөбүз сүйлөшөлү, а балким сөзүбүз мени ыраазы кылса, досуң өлүмдөн калар.

#238 15 March 2013 - 00:10
-Ал кандай дегениңиз? -Бекен эми досун аман сактап калууну гана ойлоп калды.
-Ай, балакай ай, эми эле энеңден бөлүнө калгансып сурайсың да. Азыр адамдар эмне менен ыраазы болот, билбейсиңби эмне? Билбесең билип ал - азыр ыраазы кылчу жалгыз гана акча. Эми жеттиби, мээңе?
Бекен шалдырап жеңилип берди:
-Канча?
-Досуңду канчага баалайсың, ошончо.
Бекен ойлоно калды. Досун акча менен кантип баалады. Беш миңби-он миңби -мээси жетпейт. Анын бул абалын куулугу
куюлган Профессор
дароо баамдады. Дагы эзиле түшсүн деп бир азга жайына койду да, анан айтты:
-Ии, досуңдун канчага турарын биле албай жатасыңбы? Же көпкө баалап алып
сараңданып жатасыңбы? Балким баарынан өлүм кымбат. Анын баасы жок, дүнүйө чак келбейт дегеним. Шылдыңдай өкүm күлгөн Профессордун сөзүнө биресе жини
келип, биресе досу
азыр бир өлүмдөн
калып жаткансып,
Бекен кызык абалда.
-Ии, канчагабаалайын
деп чечтиң? -Профессор чалкалай
берип, мыйыгынан
жылмая жооп күттү.
-Канча дейсиз? Өзүңүз айтсаңыз?
-Мен айтпайм. Айтсам уят болот. Баш сеники, киши дегеним, андыктан баасын ээси бычат да. Эмне деп айтмак Бекен. Адам башын ким соодалап көрүптүр. Өзүн күчтөп жатып эмне болсо ошо болсун деп:
-Он миң, - деди.
-Досуңду ошончо арзан баалайсыңбы? Сени көрдүм, карачечекей досун бокко теңебеген, - деди Профессор шылдыңдай, - досуң
эмей эле бөтөлкөлөш таанышың го дейм, сөзүңө караганда, ыя, балакай. Бекендин жини аябай келгени менен анысын ачыкка чыгара албайт. Колу-жолу кыска.
Болбосо...
Профессор ордунан
туруп Бекенди тике
карады да:
-Элүү миң, - деди - эң
төмөнкү бааң ушул
болсун. Анан да эртең досуңду таап кой, сүйлөшчү сөзүм бар, уктуңбу?!
-Уктум.
-Уксаң ошо! -
Профессор кандай
келсе ошондой шашпай басып
коштошту. Ал түз эле Ромдун кабылдамасына кирди:
-Мени шеф издеген
жокпу?
-Жок, - деди мода
журналын барактап
отурган суйкайган сулуу. Кабинетине келип креслого отурган Профессордун мээси шакылдай иштеп, эки- үч күндө бүтүрчү иштерин
пландаштырып жатат. Бери дегенде кайдагы бир чмо үчүн элүү миң доллар алат. Аны алары менен тиги жигит жок кылынат. Ошондо Бекен Ромго
арыздансачы, досу үчүн элүү миң бергенин айтсачы. Ром кайдан ишенмек эле, досуна
ичи күйгөн неме айта берет дейт да. А эгер Ром Бекенге ишенсечи?.. Анда ит өлүм болгону ошол. А балким... ою ушул
жерден үзүлдү. Tелефон чырылдап, үч-төрт күндөн бери көрүшө элек бир бийкечи чалган экен...

#239 15 March 2013 - 00:15
***
Профессор чыгып
кетери менен Бекен
дароо эле Маканга
телефон чалып, тезинен
жолугуш керектигин
айтып, кезикчү жерди
болжошту. Ал жер
шаардын күн чыгыш
тарабындагы ага туташ
айыл менен чектешкен
жердеги кафе эле. Экөө
тең тез эле жетип
келишип, бирден пиво
алып ууртаган болуп,
кеңешип турушту.
-Менин эч жакка
кетпегенимди, экөөбүз
кезигишип
турганыбызды кайдан
билиптир? - деди Макан
Профессордун окуясын
уккандан кийин.
-Аны айткан жок.
-Элүү миң эмес,
атасынын башы да
жок! - Макандын
муштумдары түйүлүп,
кан ичкендей
кумсарды.
-Байкап иш кылбасак
болбойт, - деди Бекен
досунун жини
кайнаганын көрүп, -
Ромдун айбанчылыгын
билбейсиңби эмне?
-Ром-промуңду
урганым жок! Токендин
каны үчүн жооп бере
элек аның. Канга кан
кылып дал ошол
айбанды тындырмайын
менде тынчтык жок.
-Эмне кылайын дейсиң?
-Көрөбүз эмне
кылышты. Адегенде
жанагы келген эргулуң
менен кезигеличи. ..
Макан кеткенден кийин
Бекен сарсанаага катуу
батты. Жок, суу жүрөк
коркоктордон эмес,
бирок Ром дегенге алы
жетчү адам жок дешет
бу өлкөдө. Алы жетчү
кызматтагыларды
небак эле колго алып,
акчаны кокосуна чейин
тыгып салган тура.
Канчалаган бизнесмен
жигиттерди кан
жуткузбады. .. Жалгыз
Макан эмне кыла алат.
Ал эч нерседен кайра
тартпайт, бирок Ромдун
жанында эч нерсеге
татыбай калбайбы...
Ушундай ойлор келет
Бекенге, бүт
жандүйнөсүн
коркунучка бийлетип
салды. Оңойбу анан...
Макан, Бекен,
Профессор үчөө
кечээки кафеден
жолугушту.
Профессор Маканды
баягыда көрбөдү беле,
Макан болсо аны
биринчи көрүшү.
Көздөрү ойноктоп,
жакшылыгы аз экени
жүзүнөн дароо көрүнүп
турат.
-Таанышып алалы,
атым Профессор.
-Меники Макан. Сиздин
өз атыңыз Профессорбу
же ишиңизден
профессорсузбу? - деди
Макан.
Анын бул суроосу
Профессорго
мыскылдагандай
сезилди, ошол
маанайында жооп
берди:
-Ай, бала, мен сени
Макансыңбы же
Такансыңбы деп
сураган жокмун да...
Анын сөзүн Бекен
сыпаа бузду:
-Кечирип коюңуз, ишти
сүйлөшсөк жакшы
болот эле.
-Сүйлөшүп атпайбызбы,
- деди Профессор
ачуулуу, - кечээки сөз
орундайбы, кандай деп
чечтиңер?
-Азыр эле берели
сураганыңызды, - деди
Макан, - мына даяр
турат алсаңыз. Ал
колундагы чакан
сомкени көрсөтүп
койду.
Профессор токтоо
сүйлөдү:
-Жок, бүгүн эмес. Өзүм
чалам.
Профессор баштаган ар
кайсы сөздөн айтышып
жарым саат чамасында
пиво ичишти. Бир
маалда Профессор
шарт ордунан туруп:
-Чалам, - деди да,
тигиндейрээк жердеги
машинесин айдап кете
берди.
Өзүн кайтартпай эле,
шериктери жок эле
келген экен деди
Макан. Оюнда өзүнө
өтө эле ишенген неме
көрүнөт.
Профессор оңой куу
эмес. Бул экөө
азырынча эч нерсе
кылбасын билет. Анан
бул ишке эч кимди
аралаштырбай бүтүрөт.
Атургай жигиттеринин
биртобун жайлап
салган жигитти таптым
деп Ромго да айта элек.
Ага өлүмүн гана угузат.
Бекен болсо эч кимге,
эч качан эч нерсе
айтпайт деген бүтүмгө
келген Профессор.
Кийин аны өзү жалгыз
да соро баштайт. Анан
дагы Ромдон кутулат.
Муну ойлогондо
Профессордун жүрөгү
шуу этип коркуп кетет.
Ошол күн келер бекен
же өмүр өткөнчө анын
жемесин угуп,
шыйпактап кошомат
кылып, кайсы күнү
аттырып салар экен деп
санаа менен жашайбы...
Макан менен Бекен
Профессорду көздөрү
менен узатышкандан
кийин анын кебине
өтүштү.
-Мен сезип турам, -
деди Макан. - Бу неме
жеткен шүмшүк экени
көрүнүп турат. Элүү
миңди алып эле
тынчып калбайт бу.
-Анан эмне азыр эле
берем дедиң? - Бекен
күлдү. - Кана, бер десе
эмне кылат элең, ыя?
Макан сомкесин ачып
көрсөттү:
-Момунун күчү элүү
миңден алда канча
күчтүү, көрдүңбү?
Сомкеде тапанча бар
эле.
-Байкасаңчы, - деди
Бекен, - мунуңду бөөдө
алып жүрөсүң.
Макан бул суроону
жоопсуз калтырды.
-Эмне кылдык? - Бекен
айласы кеткендей
Маканды карады.
-Эмне кылмак элек... Сен
ишиңди аткара бер. Эч
нерсеге камтама болбо.
Иш жакшы жүрүп
жатат дейсиң да, анан
эмне кылабыз дегениң
кандай?
Бекендин "эмне
кылдык" деген сөзүнүн
маанисин жакшы
түшүнсө да, Макан аны
ал жасап жаткан
бизнеске буруп
таштады. Ырасында
Бекендин бизнеси
дурус жолдо эле. Акча
жакшы айланып
жаткан. Ар-ар жерге
жардамын да аябайт,
рэкети менен милийса-
силийсасын да тойгузуп
жатат.
-Профессордун
маселесин канттик? -
деди Бекен сөздү
дааналап.
-Аны мага кой. Айттым
го, сен эч нерседен
сарсанаа болбо. Мага
ишенесиңби?
-Ишенбей коймок
белем, бирок...
-Бирок-мирогуңду кой.
Билем эмне айтарыңды.
Ром деген жаман,
жаналгыч, сени эки
чайнап, бир жутат
дейсиң да. Ошентип
чочуй берсе, чайнабай
эле жутат. Биздин
андан эмнебиз кем?
Бул Ромду өтө эле
теңине албагандай
айтылган сөз Бекенди
тынчыта алган жок,
кайра чочулоосун
күчөтөт.
Профессор чыгып
кетери менен Бекен
дароо эле Маканга
телефон чалып, тезинен
жолугуш керектигин
айтып, кезикчү жерди
болжошту. Ал жер
шаардын күн чыгыш
тарабындагы ага туташ
айыл менен чектешкен
жердеги кафе эле. Экөө
тең тез эле жетип
келишип, бирден пиво
алып ууртаган болуп,
кеңешип турушту.
-Менин эч жакка
кетпегенимди, экөөбүз
кезигишип
турганыбызды кайдан
билиптир? - деди Макан
Профессордун окуясын
уккандан кийин.
-Аны айткан жок.
-Элүү миң эмес,
атасынын башы да
жок! - Макандын
муштумдары түйүлүп,
кан ичкендей
кумсарды.
-Байкап иш кылбасак
болбойт, - деди Бекен
досунун жини
кайнаганын көрүп, -
Ромдун айбанчылыгын
билбейсиңби эмне?
-Ром-промуңду
урганым жок! Токендин
каны үчүн жооп бере
элек аның. Канга кан
кылып дал ошол
айбанды тындырмайын
менде тынчтык жок.
-Эмне кылайын дейсиң?
-Көрөбүз эмне
кылышты. Адегенде
жанагы келген эргулуң
менен кезигеличи. ..
Макан кеткенден кийин
Бекен сарсанаага катуу
батты. Жок, суу жүрөк
коркоктордон эмес,
бирок Ром дегенге алы
жетчү адам жок дешет
бу өлкөдө. Алы жетчү
кызматтагыларды
небак эле колго алып,
акчаны кокосуна чейин
тыгып салган тура.
Канчалаган бизнесмен
жигиттерди кан
жуткузбады. .. Жалгыз
Макан эмне кыла алат.
Ал эч нерседен кайра
тартпайт, бирок Ромдун
жанында эч нерсеге
татыбай калбайбы...
Ушундай ойлор келет
Бекенге, бүт
жандүйнөсүн
коркунучка бийлетип
салды. Оңойбу анан...
Макан, Бекен,
Профессор үчөө
кечээки кафеден
жолугушту.
Профессор Маканды
баягыда көрбөдү беле,
Макан болсо аны
биринчи көрүшү.
Көздөрү ойноктоп,
жакшылыгы аз экени
жүзүнөн дароо көрүнүп
турат.
-Таанышып алалы,
атым Профессор.
-Меники Макан. Сиздин
өз атыңыз Профессорбу
же ишиңизден
профессорсузбу? - деди
Макан.
Анын бул суроосу
Профессорго
мыскылдагандай
сезилди, ошол
маанайында жооп
берди:
-Ай, бала, мен сени
Макансыңбы же
Такансыңбы деп
сураган жокмун да...
Анын сөзүн Бекен
сыпаа бузду:
-Кечирип коюңуз, ишти
сүйлөшсөк жакшы
болот эле.
-Сүйлөшүп атпайбызбы,
- деди Профессор
ачуулуу, - кечээки сөз
орундайбы, кандай деп
чечтиңер?
-Азыр эле берели
сураганыңызды, - деди
Макан, - мына даяр
турат алсаңыз. Ал
колундагы чакан
сомкени көрсөтүп
койду.
Профессор токтоо
сүйлөдү:
-Жок, бүгүн эмес. Өзүм
чалам.
Профессор баштаган ар
кайсы сөздөн айтышып
жарым саат чамасында
пиво ичишти. Бир
маалда Профессор
шарт ордунан туруп:
-Чалам, - деди да,
тигиндейрээк жердеги
машинесин айдап кете
берди.
Өзүн кайтартпай эле,
шериктери жок эле
келген экен деди
Макан. Оюнда өзүнө
өтө эле ишенген неме
көрүнөт.
Профессор оңой куу
эмес. Бул экөө
азырынча эч нерсе
кылбасын билет. Анан
бул ишке эч кимди
аралаштырбай бүтүрөт.
Атургай жигиттеринин
биртобун жайлап
салган жигитти таптым
деп Ромго да айта элек.
Ага өлүмүн гана угузат.
Бекен болсо эч кимге,
эч качан эч нерсе
айтпайт деген бүтүмгө
келген Профессор.
Кийин аны өзү жалгыз
да соро баштайт. Анан
дагы Ромдон кутулат.
Муну ойлогондо
Профессордун жүрөгү
шуу этип коркуп кетет.
Ошол күн келер бекен
же өмүр өткөнчө анын
жемесин угуп,
шыйпактап кошомат
кылып, кайсы күнү
аттырып салар экен деп
санаа менен жашайбы...
Макан менен Бекен
Профессорду көздөрү
менен узатышкандан
кийин анын кебине
өтүштү.
-Мен сезип турам, -
деди Макан. - Бу неме
жеткен шүмшүк экени
көрүнүп турат. Элүү
миңди алып эле
тынчып калбайт бу.
-Анан эмне азыр эле
берем дедиң? - Бекен
күлдү. - Кана, бер десе
эмне кылат элең, ыя?
Макан сомкесин ачып
көрсөттү:
-Момунун күчү элүү
миңден алда канча
күчтүү, көрдүңбү?
Сомкеде тапанча бар
эле.
-Байкасаңчы, - деди
Бекен, - мунуңду бөөдө
алып жүрөсүң.
Макан бул суроону
жоопсуз калтырды.
-Эмне кылдык? - Бекен
айласы кеткендей
Маканды карады.
-Эмне кылмак элек... Сен
ишиңди аткара бер. Эч
нерсеге камтама болбо.
Иш жакшы жүрүп
жатат дейсиң да, анан
эмне кылабыз дегениң
кандай?
Бекендин "эмне
кылдык" деген сөзүнүн
маанисин жакшы
түшүнсө да, Макан аны
ал жасап жаткан
бизнеске буруп
таштады. Ырасында
Бекендин бизнеси
дурус жолдо эле. Акча
жакшы айланып
жаткан. Ар-ар жерге
жардамын да аябайт,
рэкети менен милийса-
силийсасын да тойгузуп
жатат.
-Профессордун
маселесин канттик? -
деди Бекен сөздү
дааналап.
-Аны мага кой. Айттым
го, сен эч нерседен
сарсанаа болбо. Мага
ишенесиңби?
-Ишенбей коймок
белем, бирок...
-Бирок-мирогуңду кой.
Билем эмне айтарыңды.
Ром деген жаман,
жаналгыч, сени эки
чайнап, бир жутат
дейсиң да. Ошентип
чочуй берсе, чайнабай
эле жутат. Биздин
андан эмнебиз кем?
Бул Ромду өтө эле
теңине албагандай
айтылган сөз Бекенди
тынчыта алган жок,
кайра чочулоосун
күчөтөт.
#240 15 March 2013 - 01:44
-Макан, сен кызуу кандуулук кылып жатасың. Ром дегениңден бүт баары жүрөктөрү түшүп жатса. Макан анын сөзүн бүтүрткөн жок:
-Бекен, мен сенин жаныңдамын, уктуңбу? Сөз бүттү! - деп ордунан турду.
***
Макан Бекенге "мен сенин жаныңдамын,
сөз бүттү" деп кетпеди беле, сөз бүткөн эмес, эми гана башталган эле... Андан кийин Бекендин жанын оозуна тиштеткен окуялар болуп кетти. Профессор чоң куу да. Анан калса адамды бир көрүп эле кандай мүнөзү бар экенин, ага кандай мамиле кылышты баамдап коет. Макан менен кафеде жолугушкан Профессор анын эч нерседен кайра тартпас көкжал экенин дароо эле билди. Ошондо Бекен экөө менен аз гана сүйлөшкөндүн
ортосунда жыбыраган толгон ойду ойлоп жибергенге үлгүргөн. Булардын акчасын аларын го алат, андан кийинки аракети кандай болот? Мурунку планы боюнча экөө тең жок болушу керек. Бирок эмне майнап тапты? Андан көрө экөөнүн жүрөгүнүн үшүн алып, далай жыл кызмат кылдырса кантет? Бирок бу Макан дегени тизе бүгүп берер бекен? Антчү түрү жок көрүнөт, бирок сынбаган адам бар бекен бу жарык дүйнөдө. Бир аракет кылып көрөт, болбосо... Ушундай ойлоп койгон Профессор тигилер менен сүйлөшүп жатып. Макандын да өз билгени бар эле. Аныкы Профессордукундай бир аракет кылып көрөйүн дегендей эмес, шарт кесилген бүтүм болчу - Профессордун жашоого акысы жок, дароо тындырыш керек. Ошентип, эки ой аракетке айланып бирин-бири жок кыла албай тирешип турду. Макан театрда иштеген бир алкаштан алган мурутун кыскарта кесип тагынды, кыргыздын улуттук кийимине айланган кытайдын спорттук күрмөсүнөн, чүпүрөк шляпадан кийди, асынма сомкеси ийинде, көздө кара көз айнек. Ошол Профессор менен кезигишкен күндөн баштап анын офисин аңдууга алды. Профессорду үчүнчү күн дегенде эртең менен араң көрдү. Машинесинен түшүп ичкери кирип кетти. Машине айдаган жигити ордунан жылбай турат. Демек, Профессор кайра чыгат. Айткандай эле ал жарым сааттан кийи чыгып, машинеге отуруп жөнөп кетти. Алыс болсо да Макандын байкаганы - ал бир нерсеге ачуулуу эле. Бу баамы да туура
болчу.
-Баягы немени качан табасың, ыя?! Же анын ордуна өзүң кетесиңби?! - деп эми эле Ром аны оозго алгыс сөздөр менен ойда ашатып туруп,итче кууп чыккан. Макан бир квартал берээкте турган машинесине ылдамдай етип, тигилердин артынан түшмөкчү болду эле, дайнын таппай калды. Кайда айдарын билбей биртопко отурду да, сотовыйын алып Бекенге чалды:
-Алло, Бекен, кандай? Бекендин үнү угулар- угулмаксан чыкты:
-Мен бошобой... Анан чалчы. Кандай бошобой жатса да, баарын жыйыштырып коюп
сүйлөшчү да Макан
менен. Ага эмне болду? Макан баарын унута Бекендин офисин көздөй зуу койду. Бат эле жетти а жерге. Дал ошол учурда Профессорду
машинеси жөнөп жаткан экен. Макан менен Профессордун
көздөрү чагылыша
түштү, өтүп баратып.
Макан машинесин офистин ары жагына токтотуп, мурутун сыйрып алып, башындагы шляпасын орундукка ыргытты да, сомкесин көтөрө
офиске шашты. шик
тоскон эки жигит көздөрү алаят Маканды көрүп. Алар менен да, кабылдамадагы кыз
менен да aмандашпай Бекенге кирип барды. Бекен керексиз кагаз салынчу корзинага эңкейе берип, бетаарчысы менен мурдун басып отурган экен. Макан чочуп кетти:
-Эмне болду, ыя?! Бекен бетаарчысын
мурдунан албай баш
көтөрө жооп берди:
-Эчтеке деле болгон
жок... Кел отур...
-Мурдуң эмне болду
дейм?!
-Болору болду окшойт. Жанагы Профессор деген айбан эскерткеним ушу дейт.
-Эмнени эскертет экен, аны менен сүйлөшпөдүк беле?!
-Келип эле бир тийди,"Маканың кана?" дейт. Үйүндө болсо керек дедим. "Акчаң кайда?" дейт. Акча даяр дедим.
"Канчасы даяр?" дейт. Элүү миңи тең даяр дедим. "Эшек, элүү миң эмес, жүз миң, түшүндүңбү? !" деп туруп эле тумшукка бир урду. Эсим оой түштү. Акаарат кылсам өлтүрүп салчудай. "Бул эскертүүм, акчаңды да, Маканыңды да даярдап кой!" деп чыгып кетти. Ошол...
Макан делдиреди. Эмне айтарын билбей биртопко турду да:
-Мен кеттим, - деп чыгып кетти. Бекендин "кое тур, сүйлөшөлү" дегени аны токтото алган жок.

Супер-Инфо
super.kg
видео