Суперстан: Көз оорулары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Офтальмология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Көз оорулары

#81 Пользователь офлайн   Cholponnur.   09 Март 2015 - 15:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 488
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Сен 2021 12:58
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения beiby (06 Ноябрь 2014 - 18:50) жазган:

Кыш келди. Менин козум ооруй баштайт. Суукта жаш токтобой агат.

биздеда ушул койгой суукта коздон жаш токтобойт не кылышты билбейбиз.коздон жаш акпаш учун не кылса болот билгендер айтып койунуздарчы сураныч?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   belosnejka1   14 Март 2015 - 12:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 396
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Апр 2018 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Venera

Жаш баланын козун кантип ондосо болот? Бизде врачтар барбы? Лечение кылдырса болобу? Эмчек эмген баланын сийдигин койсо жакшы болот дейт ушул чынбы?билгендер жазып койгулачы сураныч!
Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   xaiker_007   19 Март 2015 - 20:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 112
  • Катталган: 14 Июнь 12
  • Соңку аракети: 04 Апр 2021 00:53
  • Жынысы:Эркек

Менде мындай проблема. Коп китеп окусам (копделе эмес 2-3барак окусам) же карангы жерде орточо 2 саатай комп телефон карасам козум озунчоле алыстатып коруп калат башкача айтканда 2 метр алыстыкта турган нерсени 3-4 метр же анданда алыс корсотуп калат анан туруп туруп эле калыбына келп калат.
Силердеда ушундай болгонбу болгон болсо эмне кылгансынар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   kalen9001   19 Март 2015 - 20:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 230
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 17:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Борбор

Билгеними айтайын достор. Егерде китеп окуганда же телефон компто отурганда коп адамдын козу талыйт ачышат бозорот, ошол убакта коз тамырларын массаждап, карек менен еки жакты жана ылдыйды ойдону алмак салмак бат баттан кароо керек,10 15 мин еылуу керек андан кийин козду ачык боюнча алакан менен тийер тийбес кылып 10 мин жабып турсанар еоз ес алат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Elnuram090   19 Март 2015 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 584
  • Катталган: 20 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 09 Мар 2018 15:40
  • Жынысы:Белгисиз

эки жашар баламдын козунон жаш чыгып ушалай берет,эмнеден болушу мункун деп ойлойсуздар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   xaiker_007   19 Март 2015 - 22:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 112
  • Катталган: 14 Июнь 12
  • Соңку аракети: 04 Апр 2021 00:53
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Elnuram090 (19 Март 2015 - 21:02) жазган:

эки жашар баламдын козунон жаш чыгып ушалай берет,эмнеден болушу мункун деп ойлойсуздар?

Кирпиги ичине карап осподубекен. Эгер ошондой болсо кирпик козго саят анан козду кычыштырып жаш агызат. Менда кичинемде ошондой болгон экем анан ошо ичине оскон кирпикти тердирип ташташкан экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   aijani   26 Март 2015 - 22:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 23 Март 14
  • Соңку аракети: 04 Июн 2018 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения nazi25 (12 Май 2012 - 14:41) жазган:

Бойрокторум таза эле.Жакында анализ тапшыргам, таза чыккан.


analizdi macha tapshyryp bildinizbi? Menda uzige tushpoi macha tapshyryp juro beriptirmin, jakshy chykkan sebebi bir boirok jakshy ishtese analiz jakshy korsoto beret. Uzige ele korunup koigula. Kozdun iship ketishi boiroktun oorup jatkandygynan kabar beret.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 19:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Көзүңүздү көздүн карегиндей сактаңыз

Көздүн түзүлүшү

Ал көз алмасынан жана анын жардамчы аппараттарынан турат. Көз алмасынын арткы уюлунан көрүү нерви чыгып мээ менен байланышкан. Көз алмасы шар сымал, алдыңкы уюлу томпок линзага окшош. Көз алмасы көз чанагында жайгашып, ички ядросунан жана аны курчап турган үч катмардан (ички, ортоңку жана сырткы) турат. Көз алмасынын сырткы катмарынын алдыңкы уюлу жарык нурун өткөрүүгө ылайыкталган тунук, сааттын айнегине окшош келип, тунук чел деп аталат. Көз алмасынын сырткы катмарынын тунук челден калган бөлүгү ак түстөгү катуу ткандан турат да, көздүн ак чели (склера) деп аталат.

Көздүн ак челинин арт жагында тегерете көз булчуңдары бекип, көз алмасынын кыймылын камсыз кылат. Көз алмасынын ортоңку катмары кан тамырга өтө бай, ошондуктан кан тамырлуу катмар деп аталат. Кан тамырлуу катмардын негизинде пигмент түү кабыкча жайгашып, пигменттин аз же көп болушуна жараша көз ар кандай түстө (карадан бозго чейин) болот.

Сүрөт

Түстүү жаа сымал кабыктын так ортосунда карек жайгашкан. Ал жарык шооласынын аз же көп түшүүсүнө жараша кичирейип же чоңоюп турат. Каректин чоңоюп же кичирейип турушун түстүү жаа сымал кабыкта жайгашкан атайын булчуңдар камсыз кылат.

Түстүү жаа сымал кабыктан артты карай улай кирпиктүү денече жайгашкан. Кирпиктүү денече жумурусунан келген тегерек. Анын ич жагындагы талчалары чечекейди кармап турат. Кирпиктүү денечеде чечекейди жукартып же калыңдатып туруучу булчуңдар бар.

Кан тамырлуу катмардын арткы бөлүгү жалаң кан тамырлардан турат да, анын сыртындагы кара пигмент кабыкчасы жарык нурун чагылтпастан жутуп турат. Көз алмасынын эң ички катмары - тор сымал катмар. Бул көздүн жарыкты жана ар кандай түстөрдү сезүүчү бөлүгү кан тамырлуу катмарды ичинен каптап, өтө татаал түзүлүштө. Тор сымал катмардын эң тереңинде жарык сезүүчү - таякчалар жана колбачалар жайгашкан. Көз алмасынын ички ядросу чечекей, айнек сымал килкилдек жана көздүн астыңкы, арткы камераларындагы суюктуктан турат. Чечекей эки жагы томпок линзага окшош тунук, ийилгич, каректин астында жайгашат. Кирпиктүү денеченин кирпикчелеринин жардамы аркылуу булчуңдардын жыйрылуусунун натыйжасында чечекей өзүнүн калыңдыгын өзгөртүп, алыстан же жакындан даана көрүүгө көздү ылайыктап турат. Анын бул физиологиялык кызматы аккомодация деп аталат.

Жарык нуру тунук чел, көз алмасынын камерасындагы суюктук, чечекей жана айнек сымал килкилдек аркылуу тор сымал катмарга өтүп, чечекей жарык нурун сындырып таякчалар менен колбачаларга фокустап түшүрүп турат. Тунук челдин жана чечекейдин томпогунун өзгөрүшү жарык нурун тор сымал катмардын алдына же артына түшүрүп, көрүү начарлайт Мындай учурда көз айнек кийүүгө туура келет. Тунук чел менен жаа сымал кабыктын ортосундагы көңдөйчөдө көз алмасынын алдыңкы камерасы, ал эми жаа сымал кабык менен чечекейдин ортосунда арткы камера жайгашкан. Алдыңкы камера менен арткы камера карек аркылуу бири-бири менен кошулган. Камера ичиндеги суюктуктун басымынын жогорулашы - глаукоманын белгиси.

Көздүн жардамчы аппараттарына каш, кирпик, көз жапкактары, жашты бөлүп чыгаруучу органдар жана жаш агуучу жолдор кирет. Алар көздү ар кандай тышкы таасирлерден сактайт. Каш чекеден ылдый карай аккан тердин көз жылчыгына куюлушунан сактаса, кирпиктер чаң, кар жана жамгырдын көздүн жылчыгына киришинен сактайт. Көздүн астыңкы жана үстүңкү жапкактарынын негизин тутумдаштыргыч ткандан турган кабыкча түзүп, сыртынан тери, ал эми ичинен конъюнктива менен капталган. Конъюнктива жеке эле көз жапкычтардын ички бетин каптабастан, көз алмасынын алдыңкы бетин да каптайт. Алдыңкы жана үстүңкү көз жапкагынын кырында кирпиктер жайгашат жана май бездеринин түтүгү ачылат.

Сүрөт

Жаш бези көз чанагынын үстүңкү каптал бурчунда жайгашып, бир нече бөлүктөн турат да, жашты ондогон түтүкчөсү аркылуу конъюнктива баштыгынын ичине куят. Жаш түтүкчөлөрү аркылуу жаш баштыкчасына чогулат. Жаш баштыкчасынан жаш мурун көңдөйүнүн ичине жаш агуучу канал аркылуу агып түшүп, мурундун ичиндеги былжырлуу кабыкчанын бетинде бууга айланып, дем алуучу абаны нымдап турат.

Көздүн жана көз жапкактарынын кыймылы көз чанагынын ичинде жайгашкан атайын булчундардын жардамы менен аткарылат.

Көздүн булчуңдары түз жана кыйгач булчуңдардан турат. Бул булчуңдар адамдын башы жана денеси кайсы тарапка бурулса көздүн да ошол тарапка карашын камсыз кылат. Эгер бул булчуңдар туура эмес бекисе же алардын нервдери анча өөрчүбөсө, чалыр көз болууга себеп болот.

Көз оорулары жана анын жабыркашы

Көздүн айрым оорулары жугуштуу болот (мисалы, конъюнктивит, трахома, блефарит жана башка). Ал шейшеп, сүлгү, бет аарчы жана башка аркылуу жугат; көп учурда оору козгогучтар көзгө кир кол менен түшөт, ошондуктан көздү сактоо жана ар кандай дарттардан коргоо үчүн өздүк гигиена эрежелерин сактоо зарыл. Айрым учурда улгайган адамдардын чечекейи тунарып, катаракта пайда болот. Көздө суюктуктун нормалдуу айланып туруу процесси бузулганда көздүн ички басымы көтөрүлүп, глаукомага алып келет. Көздүн бузулушу көбүнчө ички органдардын же системалардын кандайдыр бир оорусу менен байланыштуу болот. Борбордук жана четки нерв системасынын, жүрөк-кан тамыр системасынын оорусунда, ууланууда, зат алмашуу, ички секреция бездери бузулганда, ошондой эле көзгө жакын органдардын ооруу процессинин (бет терисинин жана бет сөөгүнүн, мурундун кошумча кобулдарынын оорусунда) таралышынан көздө өзгөрүүлөр байкалат. Бул ооруларды өз учурунда дарылоо көрүүнү сактап калууга жардам берет.

Көрүү начарлай баштаса, догдурга кайрылуу зарыл, эгер ал көз айнек жазып берсе, аны сөзсүз пайдалануу керек. Көз жабыркаганда көрүү өтө начарлап жана сокур болуп калуу мүмкүн. Көздүн бир аз жабыркашы өз убагында медициналык жардам көрсөтүлсө жакшы айыгып кетет.

Сүрөт

Көз ооруларында жана жабыркашында дарылоо процедураларын аткаруу техникасы. Көз ооруганда же жабыркаганда врач сунуш кылган дарыны оорулуу өзү же жакындары сыйпайт же куят. Ошондуктан алар дарылоо процедураларын аткарууну билгени оң. Көздү кайнап муздатылган суу, коюу чай же врач сунуш кылган дезинфекциялоочу эритмеге тоголоктолгон кебезди малып тазалайт. Сол колдун сөөмөйү жана бармагы менен көз жапкагын ачып, нымдалган кебезди сыгып жууйт. Резина баллонун колдонсо андан жакшы, бирок суюктукту катуу агызып киргизүү туура эмес. Көпчүлүк медициналык каражаттар тамчы -түрүндө пайдаланылат.

Көзгө дары тамчылатарда колду таза жууп, оң колго тамчылаткычты кармап, дары толтуруп алып, сол кол менен көздүн төмөнкү жапкагын тартып (бул учурда оорулуу өйдө карашы керек) туруп, тамчылатат. Тамчы кийимге агып кетпеш үчүн тоголоктолгон кебезди кошо кармай жүрүү керек. Тамчылаткычта калган дары кайра идишине куюлбайт. Көзгө дарыны тамызгандан кийин көздүн ички кычыгын басып туруу зарыл. Кээ бир учурда бир нече дарыны пайдаланууга туура келет. Ар бир дарыга өзүнчө тамчылаткыч колдонуу максатка ылайык.

Май дарыларды атайын таякча менен сыйпайт. Таякчанын жалпак учуна бир аз май дарыны чыгарып алып, көздүн астыңкы жапкагын ачып сыйпайт. Оорулуу көзүн жумгандан кийин таякчаны тартып алат. Нымдуу жылыткыч компрессти 5-10 катар дакини (6Х 8 см) жылуу суу же дарыга малып, бир аз сыгып туруп жумулган көзгө коюп, үстүн андан чоңураак клеёнка же пергамент кагазы менен жаап, кебез коюп байлап 6-8 саат кармайт. Кургак жылытуу үчүн резина жылыткыч колдонулат. Жылыткычты көздү жумдуруп туруп, үстүнө таза салфетка же сүлгү жаап, анын үстүнө коюлат. Бул процедуралар врачтын сунушу боюнча гана жасалат.

Сүрөт

Көз ооруларынын башталышы

Көз ооруларынын тубаса, кийин пайда болгон, катуу кармаган жана өнөкөт түрү болуп, бир же эки көз тең оорушу мүмкүн. Көз ооруларына жалпы организмдин оорулары, мисалы, жугуштуу (келте, кургак учук, кептөөр, бруцеллёз жана башка), мите (мисалы, эхинококк), эндокрин (кант диабети жана башка), кан тамыр (гипертония оорусу), кан оорулары (ак кан оорусу), түрдүү шишиктер (саркома, рак), борбордук нерв системасынын оорулары (менингит, мээнин шишиги), витамин жетишсиздиги, ошондой эле көздүн урунуусу, күйүүсү, чаңдын көзгө түшүшү, түрдүү химиялык, физикалык таасирлер себеп болот.

Көздүн ичиндеги басымдын жогорулашы глаукома оорусуна алып келет. Трахома, глаукома, көздүн күйүшү, көз нервинин атрофиясы жана башка көз ооруларынан сокур болуп калууга мүмкүн (к. Глаукома, Кератит, Катаракта). Оорунун биринчи белгилери билинер замат догдурга кайрылуу керек. Дарылоону оорунун себебине жана мүнөзүнө жараша догдур жүргүзүп, тамчылатма жана май дарыларын сунуш кылат. Ал дарыларды догдурдун көзөмөлүндө оорулуу үйдөн өзү пайдаланат.

Көзгө ак түшүү (лейкома) - көздүн тунук чел кабыгынын чеч басып бозорушу. Чеч тунук челдин ортосунда же чет жагында болушу мүмкүн. Кээде бүт каптап калат. Дарт ак чел кабыктын сезгенүү ооруларынан же кырсыкка учурашынан пайда болот. Айрым учурда тубаса түрү да кезигет. Көз күйгөн убакта одурайган чеч басып, көздүн көрүшүн аябай начарлатат. Ал эми көз кырсыктан майып болсо жана жарага айланып кеткенде чеч өзүнчө бир формада болот, анткени көздүн өңүн берүүчү катмар бул чеч менен биригип, жабышып калат. Бул учурда көз көрбөй жана көздүн ичиндеги басымы жогорулап, глаукомага айланат.

Көздүн тор кабыкчасы хориодея кабыкчасынан ажырап кетиши. Ал көбүнчө алыстан начар көргөн жана улгайган адамдарда кезигет. Мындай оорулуулар оор жумуш жасаганда, урунуудан көздүн тор кабыкчасы бириккен жеринен ажырап кетет. Көздүн ичиндеги суюктук тор кабыкчанын астына куюлат да, тор кабыкча сыйрылат. Оорулуунун көзүнөн от чагылып, бара-бара көрүү абдан начарлайт. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен догдурга кайрылуу керек. Алдын алууда алыстан начар көргөн адамдар кара жумуш жасоого, оор нерсе көтөрүүгө, спорттун кээ бир түрү менен (сууга секирүү, бийиктикке жана узундукка секирүү, бокс жана башка) машыгууга болбойт. Көздү түрдүү урунуудан (айрыкча өндүрүштө), түрдүү оорулардан сактоо талапка ылайык.

Алды алуу

Көз ооруларынын алдын алууда көздү түрдүү механикалык травмадан, физикалык, химиялык таасирлерден, микроорганизмдердин түшүшүнөн коргоо, күн тартибин, өздүк гигиенаны сактоо, мүнөздөп сапаттуу тамактануу, убагы менен эс алуу зарыл. Түрдүү жугуштуу оорулардан сак болуу керек.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Gulnazza92   27 Апрель 2016 - 00:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 22 Февраль 16
  • Соңку аракети: 09 Янв 2020 17:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан Бишкек

[quote name='BakitAyka' date='11 Март 2013 - 00:59' timestamp='1362941959' post='941734' ]
Саламатсыздарбы? Мен коптон бери козумдун ичи кызарып кетип жатат эмне кылсам болот . Мен бир нерсеге переживат кылсам анан чан иш кылганымда компко отурган учурда ушундай болгонун байкадым .
Эмне кылсам болот кенеш бериниздер.

аллергия болушу мумкун чанга дагы компто коп отурса если коз кычышса ой санаадан дагы болушу мумкун меники дагы ошондой болот бирок менин диагнозум башка
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   akjoltoy   01 Май 2016 - 22:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 29 Апрель 15
  • Соңку аракети: 02 Фев 2019 15:34
  • Жынысы:Белгисиз

Кичинекей балдардын козунун чалырайып (косоглазие)калуусу эмнеден? Деги эле аранарда барбы айыккандар? Баламдын башы чон каракуш жагы томпоюп турат.жакындан бери байкап калдым козун кыйшайтып карап кетип жаткан,кечетен бери кобойуп кетти антип караганы.Майрамдар бутсо больницага алпарам. Ага чейин журогум чыдабай жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   bnasipa   01 Март 2017 - 19:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 26 Февраль 17
  • Соңку аракети: 23 Янв 2019 15:31

Менин балама калабомо сасудистый обоих глаз денег диогноз коюлган ушу жонундо кенири малымат берип коунуздарчы дарылаганга болобу бишкекте кайсы врачка корунсо болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   bnasipa   14 Март 2017 - 15:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 26 Февраль 17
  • Соңку аракети: 23 Янв 2019 15:31

бул болумдо жооп бере турган бироо жарым барбы озуу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   babaravshan   22 Сентябрь 2017 - 08:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 15 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 18 Ноя 2017 11:48

Ассалому алейкум! Менин козумо цементтин майда болукчосу кирип кетип бир кун кечке ойкоп коз кызарып коруу начарлады эмне кылсам болот?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Офтальмология
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 18:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: