Суперстан: Мен бактылуумун! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мен бактылуумун! http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=79148

#21 Пользователь офлайн   altyshak   11 Октябрь 2011 - 11:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 201
  • Катталган: 12 Май 11
  • Соңку аракети: 10 Авг 2020 17:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Мен алыста жүруп, ар улутту көрүп анан түшүндүм, мусулман болуп калганыма, кыргыз болуп туулганымдын өзү эле бактылуу экенимди айтаарын. Жеке турмушума келсем бактылуу адамдардын катарын толуктоого менин да акым бар.


Жашоону жакшы жака бура билуу да адамдын оз колунда экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   MaRmeLaDka   11 Октябрь 2012 - 15:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 130
  • Катталган: 01 Июль 09
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2019 20:16
  • Жынысы:Аялзаты

Бул темага дагы кайрылдым, бул албетте, жакшы жышаан. Бул жылы мен өзүмдүн жарымымды, дайыма жанымда болуп, кыйынчылык күндөрүмдө колдоп келе жаткан түгөйүмдү таптым! Мурунтан көп ойлончу элем, менин ханзаадам кайда жүрдү болду экен деп. Көрсө, мен көпкө зарыгып күткөн инсан жанымда жүрүптүр. Бир жыл мурун жакшы тааныш катары сүйлөшүп жүрдүк эле, эми минтип кол кармашып басып калдык. Мен бактылуумун! Күн сайын экөөбүздүн бактылуу экенибизге шүгүр айтып, өзүмчө сүйүнүп алам. Сен мен үчүн кымбат адамсың. Мага бактылуу көз ирмемдерди тартуулап жатканыңа сага абдан ыраазымын! Сени мага жөнөткөнүнө Кудайга ыраазымын! !! :suyuu2:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   EmMiR   11 Октябрь 2012 - 18:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 880
  • Катталган: 12 Январь 11
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2012 10:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения MaRmeLaDka (11 Октябрь 2012 - 15:15) жазган:

Бул темага дагы кайрылдым, бул албетте, жакшы жышаан. Бул жылы мен өзүмдүн жарымымды, дайыма жанымда болуп, кыйынчылык күндөрүмдө колдоп келе жаткан түгөйүмдү таптым! Мурунтан көп ойлончу элем, менин ханзаадам кайда жүрдү болду экен деп. Көрсө, мен көпкө зарыгып күткөн инсан жанымда жүрүптүр. Бир жыл мурун жакшы тааныш катары сүйлөшүп жүрдүк эле, эми минтип кол кармашып басып калдык. Мен бактылуумун! Күн сайын экөөбүздүн бактылуу экенибизге шүгүр айтып, өзүмчө сүйүнүп алам. Сен мен үчүн кымбат адамсың. Мага бактылуу көз ирмемдерди тартуулап жатканыңа сага абдан ыраазымын! Сени мага жөнөткөнүнө Кудайга ыраазымын! !! :suyuu2:


Никелешип бир жаздыктан ойгонушуңарга тилектешмин!
Бөлкө нан барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Mondur   13 Октябрь 2012 - 13:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

Просмотр сообщения MaRmeLaDka (11 Октябрь 2012 - 15:15) жазган:

Бул темага дагы кайрылдым, бул албетте, жакшы жышаан. Бул жылы мен өзүмдүн жарымымды, дайыма жанымда болуп, кыйынчылык күндөрүмдө колдоп келе жаткан түгөйүмдү таптым! Мурунтан көп ойлончу элем, менин ханзаадам кайда жүрдү болду экен деп. Көрсө, мен көпкө зарыгып күткөн инсан жанымда жүрүптүр. Бир жыл мурун жакшы тааныш катары сүйлөшүп жүрдүк эле, эми минтип кол кармашып басып калдык. Мен бактылуумун! Күн сайын экөөбүздүн бактылуу экенибизге шүгүр айтып, өзүмчө сүйүнүп алам. Сен мен үчүн кымбат адамсың. Мага бактылуу көз ирмемдерди тартуулап жатканыңа сага абдан ыраазымын! Сени мага жөнөткөнүнө Кудайга ыраазымын! !! :suyuu2:

Иий асылдар десе.. Ушул бакытынар туболук болсун ылайым, аны сактап, сыймыктанып жургуло!
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   zhiza   14 Октябрь 2012 - 01:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения MaRmeLaDka (11 Октябрь 2012 - 15:15) жазган:

Бул темага дагы кайрылдым, бул албетте, жакшы жышаан. Бул жылы мен өзүмдүн жарымымды, дайыма жанымда болуп, кыйынчылык күндөрүмдө колдоп келе жаткан түгөйүмдү таптым! Мурунтан көп ойлончу элем, менин ханзаадам кайда жүрдү болду экен деп. Көрсө, мен көпкө зарыгып күткөн инсан жанымда жүрүптүр. Бир жыл мурун жакшы тааныш катары сүйлөшүп жүрдүк эле, эми минтип кол кармашып басып калдык. Мен бактылуумун! Күн сайын экөөбүздүн бактылуу экенибизге шүгүр айтып, өзүмчө сүйүнүп алам. Сен мен үчүн кымбат адамсың. Мага бактылуу көз ирмемдерди тартуулап жатканыңа сага абдан ыраазымын! Сени мага жөнөткөнүнө Кудайга ыраазымын! !! :suyuu2:


Бактылуу болунуздар! Суйгон журоктордун биригуусуно эч нерсе тоскоол болбосун!
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Aiym94   12 Январь 2013 - 05:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 477
  • Катталган: 23 Август 12
  • Соңку аракети: 13 Апр 2018 22:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:erkindik.ru

Тан атып, кун нурун себелеп, эшикте чымчыктар сайрап, чегирткелер чыртылдап сыдырыым жел журуп жаткан эле. Апам келип туур кызым тан атты, туш болгуча уктайсынбы деп жанымда олтура калды. Унчукпай уктай берсем тур эми илгери энем айтчуу эле - " Тур турдан кабар кетти уйкудан мазза кетти" деп болду эми уктай албайсын тур деп чекемден обуп чачымдан сылаганда менин бакытым апамдын бейиш тору экенин эми гана андадым. Туруп бетимди жууп чай койгондо, апам тартып койгон каймагын тамшанып жеп атам болуп тамашалашат элек. Уйдо эрке оскондуктон атам менен апам айтканымды аткарып мени коктон тилеп алгандай козумо карап турушчу бирок мен апамдын конулун оорутпаганга аракет кылаар элем. Апамдын демилгеси менен ушул даражага жеттим апам мага аллахты таанытты мээримин берип бой жеткирди. Албетте атамдын да салымы чон. Куздо уйго барсам атам кызым машине мингенди уйронуп албайсынбы келечекте озуно пайдасы тийет! Деп ундоп кундо эрте менен кызым турчу эми, барып сабагына катыш деп журуп айдоочулук куболугун алып берди. Атам менен апамдын кашында мен дайыма бактылуу болгон экенмин биз эч качан кайгырбай кудайыма шугур деп бактылуу экенибизди унутпайлы ар бирине бакыт тилейм сиздердин да бактыныздарга кубоо болгум келет.....

Билдирүүнү түзөткөн: jaina: 18 Январь 2013 - 17:09

Эркиндик- мейкиндик алкагында!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   jooshbala   12 Январь 2013 - 05:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 213
  • Катталган: 07 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 03 Авг 2024 12:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Каймакты бекер эстеттинда Айым...каймакты олло жакшы корчум .Азырда апам бироо москвага келген сайын каймак сузмо берип жиберип турат.
Анда тема боюнча бактылуу кундорун ким эле унутсун.
Ата эненин жанында баары бактылуу.Апам мени коп айтчуу дилгирим деп .Мени бир нерсеге жумшаса жугуруп барчумунда. Мисалы : кошунаныкына нан сурап кел десе..
Анда бактылуу кундордон бир элес.
Анда мен мектепте окуучумун.Оюнга же ишке тойбойтурган кезибис эмеспи.Кундо кундузу окуу обедден кийин иш кечинде эн кызыгы бащталчу.
Досторум менен айылда гитара ойноп отурчубуз.Айылдын эн башында жашаганымдан велосипед менен айылга тушчум гитарамды жонума асып алып.
Эххх жаштык ...кандай гана бактылуу кундорум откон...


Анан даагы уйубуз шаркыратма суунун боюндада 5–же 6–кл бы экеен.Козумо кара материалдан байлап алып уйдун артына отуп алып кинодогу Вандамм акани туурасам ,апам байкуш коркуп: балам сууга тушуп кетесин деп коркуп мени козомолдоп турчу.
Омурунду кудайдан тилейм дайым апаке
Атам экоон омур бою калгылачы пешенебизге
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Aiym94   12 Январь 2013 - 06:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 477
  • Катталган: 23 Август 12
  • Соңку аракети: 13 Апр 2018 22:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:erkindik.ru

Туураганды айтасыз да мен жаны эле 11-классты бутуп жатканым да курбуларым менен концертке даярданып жатып эки жакын курбум бар эле, учообуз тентек болуп бизден мурунку кочонун биринчи уйундо жашаган балдарга жакын кызды тамашалап королу деп мындайча айтканда тамаша торго тушуролу дедик, да мен Исламдын кийимдерин кийип тамагым ооруп жатат демиш болуп шарф ороп анын туфлисин кийсем чоон десениз анан аны шалактап кийип жаздын куну ай жарык болуп турганда уч кыз кызга встречага бардык. Тиги кызды курбуларым уйунон чакырып чыгып уйдун аркасына отту, мен болсо баланын атырын себинип кийимин кийип бала болуп турам да, анан тигилер эй бунун уну чыкпай калды суйлой албайт бирок сени жактырып келди таанышайын деп сен суйлоп тур бугунчо деп кетип калышты. Мен болсо унчукпаай турам ал колун сунуп мен Каникей дейт, мен унчукпай учурашып шарфтын ичинде жарылгыча кулкум келип аран турдум. Унчукпаай турсам суйлочу эми жана куну сени кочодо кордум татына бала экенсин десе ан сайын ыкшып кулкумду аран кармап турдум, тиги эки курбум ары жактан келишти кулушуп анан тиги свиданкага чыккан кыздын байкеси чыгып бизди кубалап, аран качып менин туфлим тушуп калып аны кайра алып келип уйдо тан аткыча биздин кулку жанырып турду. Ошентип ошол бактылуу элестер да артта калды ал кундор кайтып келбес бир элес болду эстеп жылмайып да койдум....
Эркиндик- мейкиндик алкагында!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   jooshbala   12 Январь 2013 - 06:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 213
  • Катталган: 07 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 03 Авг 2024 12:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Просмотр сообщения Aiym94 (12 Январь 2013 - 06:10) жазган:

Туураганды айтасыз да мен жаны эле 11-классты бутуп жатканым да курбуларым менен концертке даярданып жатып эки жакын курбум бар эле, учообуз тентек болуп бизден мурунку кочонун биринчи уйундо жашаган балдарга жакын кызды тамашалап королу деп мындайча айтканда тамаша торго тушуролу дедик, да мен Исламдын кийимдерин кийип тамагым ооруп жатат демиш болуп шарф ороп анын туфлисин кийсем чоон десениз анан аны шалактап кийип жаздын куну ай жарык болуп турганда уч кыз кызга встречага бардык. Тиги кызды курбуларым уйунон чакырып чыгып уйдун аркасына отту, мен болсо баланын атырын себинип кийимин кийип бала болуп турам да, анан тигилер эй бунун уну чыкпай калды суйлой албайт бирок сени жактырып келди таанышайын деп сен суйлоп тур бугунчо деп кетип калышты. Мен болсо унчукпаай турам ал колун сунуп мен Каникей дейт, мен унчукпай учурашып шарфтын ичинде жарылгыча кулкум келип аран турдум. Унчукпаай турсам суйлочу эми жана куну сени кочодо кордум татына бала экенсин десе ан сайын ыкшып кулкумду аран кармап турдум, тиги эки курбум ары жактан келишти кулушуп анан тиги свиданкага чыккан кыздын байкеси чыгып бизди кубалап, аран качып менин туфлим тушуп калып аны кайра алып келип уйдо тан аткыча биздин кулку жанырып турду. Ошентип ошол бактылуу элестер да артта калды ал кундор кайтып келбес бир элес болду эстеп жылмайып да койдум....


( смех до боли) сенин мындай ататын да бар беле?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Beksultan01   12 Январь 2013 - 14:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 465
  • Катталган: 27 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 04 Фев 2022 00:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан, Ош шаары

[quote name='Aiym94' date='12 Январь 2013 - 06:10' timestamp='1357949452' post='895030' ]
Туураганды айтасыз да мен жаны эле 11-классты бутуп жатканым да курбуларым менен концертке даярданып жатып эки жакын курбум бар эле, учообуз тентек болуп бизден мурунку кочонун биринчи уйундо жашаган балдарга жакын кызды тамашалап королу деп мындайча айтканда тамаша торго тушуролу дедик, да мен Исламдын кийимдерин кийип тамагым ооруп жатат демиш болуп шарф ороп анын туфлисин кийсем чоон десениз анан аны шалактап кийип жаздын куну ай жарык болуп турганда уч кыз кызга встречага бардык. Тиги кызды курбуларым уйунон чакырып чыгып уйдун аркасына отту, мен болсо баланын атырын себинип кийимин кийип бала болуп турам да, анан тигилер эй бунун уну чыкпай калды суйлой албайт бирок сени жактырып келди таанышайын деп сен суйлоп тур бугунчо деп кетип калышты. Мен болсо унчукпаай турам ал колун сунуп мен Каникей дейт, мен унчукпай учурашып шарфтын ичинде жарылгыча кулкум келип аран турдум. Унчукпаай турсам суйлочу эми жана куну сени кочодо кордум татына бала экенсин десе ан сайын ыкшып кулкумду аран кармап турдум, тиги эки курбум ары жактан келишти кулушуп анан тиги свиданкага чыккан кыздын байкеси чыгып бизди кубалап, аран качып менин туфлим тушуп калып аны кайра алып келип уйдо тан аткыча биздин кулку жанырып турду. Ошентип ошол бактылуу элестер да артта калды ал кундор кайтып келбес бир элес болду эстеп жылмайып да койдум....
[/ quote]

Сүрөт
Бул кундор да отот....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Taisiya   12 Январь 2013 - 20:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 371
  • Катталган: 25 Август 12
  • Соңку аракети: 02 Янв 2020 20:44
  • Жынысы:Аялзаты

Эх бактылуу кундорубуз. Ар куну тандын атышын,кечтин батышын коруунун озу да бактылуулук деп билем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   zvezda...   13 Январь 2013 - 02:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 193
  • Катталган: 28 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 27 Мар 2013 01:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Красноярск

Кызыктуу тема экен..Аллах бизге коп бактылуу кундорду буйуруптур, бирок,ата-энебиз мандайыбызда аман-эсен болуп,бизди эркелетип жургон кундорго эч кайсысы тен келбейт окшойт...
Все люди приносят счастье.Одни своим присутствием, другие-отсутствием .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Mamalashka_2013   13 Январь 2013 - 06:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 729
  • Катталган: 19 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АлыЫс жАктА...СаГа коРунБойТ....

Просмотр сообщения zvezda... (13 Январь 2013 - 02:57) жазган:

Кызыктуу тема экен..Аллах бизге коп бактылуу кундорду буйуруптур, бирок,ата-энебиз мандайыбызда аман-эсен болуп,бизди эркелетип жургон кундорго эч кайсысы тен келбейт окшойт...


Ооба бактылуу болууга ар бир адам татыктуу деп ойлоймун...Мен бактылуу кундорумду эстеп алып жылмайып алдым....Мен анда мектепте 6класста окучумун,сабакта отуруп,агай жок балдар-кыздар ызы-чуу...Кубат деген классташым менен создон соз чыгып кетип экообуз урушуп кеттик,ал менин энеме асылды элэ парталарды айланып жатып артынан жетип моюнунан бууп сабап салганым эсимде...Агай келип экообузду ажыратып.Классташым ыйап жиберген...Эртеси мамасыны эрчитип келген...Менин мамам кызым сен балдарды сабабай журчу мени уят кылып деп айтканы азырда эсимде.Окуп жугон кундор эн бактылуу кундор екен эч нерсе менен ишибиз жок,окуп,ойноп журчу экенбиз...Ошол кундор кайрылып келсе....аттин кайрылып келбейт экен......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Azamat_tilek   13 Январь 2013 - 07:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 129
  • Катталган: 24 Август 12
  • Соңку аракети: 09 Июл 2020 11:28
  • Жынысы:Эркек

Менин бактылуу кунум ата-энем бир туугандарым менен бирге болуп чогуу жургон кундорум деб эсептейм.Мен Москвада эки жарым жыл журуп быйыл эжем турмушка чыгып бардым октябрь айында.Эжем акем мен учообуз тен Москвада болчук.Тойго баарыбыз чогулуп,озу да семейный болуп чогулуп олтура элегибизге кооб болдуле.Тойду откоргону айылга барып ата-энебиздин алдында олтурганыбызга аябай суйундум.Ар куну эрте менен турууб баарыбыз кулуб жайнаб дастаркон жайыб биз болсо откон кеткенди айтыыб жыргааб олтурабыз.Эрте менен тур жумушка бар деген адам жоок каалаган маалында турасын.Эрте менен апам туур кызым Бибаа деб ойготконун сагындым.Атам болсо мен эт жебегендиктен Ар куну тоок сойуб берет.Уйдо оозум каалаган нерселерди жееб,жыргааб ойноп келдим.Апам менен кичине таарынышып калсак мен бат Эле жазылып кетем да кайрале Апа деб суйлосом,Апам мени эркелетииб кызымдын жини тез жазылат да кек сактабайт деб айтат.Эн кичинеси болсом да Эмнегедир анчалык Эркелик кылбайле чонойдум.Атам менен Апам мени аябай жакшы корушот да анан мени ишенген кызыбыз деб айтса Тим Эле озумду чооон адамдай корсотуп суйунуп кетем.Баарынан да семейный болуп чогулган кунубузду эстейм.Ошентип тойду откорууб кайрале эжемди узатыыб дагын азайыб калдык.Эн эн бактылуу кундор ата-энебиздин бешенесинде эркелееб жургонубуз. Бирок баарына шугур кылам,Кудайым акыл эсибизди берип,алты саныбызды аман кылыб жаратканына суйунуп бактылуу болуп жашашыбыз керек.Анан Айым сестренкам экоб иштебей ойнооб бирге кайгырыыб жургон кундорубузду эстееп сагынам.Белла
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   raia   13 Январь 2013 - 08:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: Кечээ, 19:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Ата -Эне бул бала учун чексиз бакыттын уясы.Айрыкча эне байкуш балдарынын бактысы ырыскысы экен да.Ар бир баласына мээримин чачып журогун болуп болгондо да тептен болуп,кетсен журогу сыздап узатып ,келсен жолунду тозуп кутуп турат тура.Менин да бактылуу кундорум апама узактан келишим эле.Жадырап жайнап ,суйунуп сурдугуп кутуп алар эле.Эмнени сагынсам ,эмнени жегим келсе ошону даярдап койор эле апке сиз кайдан билдиниз деп сурасам бактылуу жылмайып койор эле.Жанын отургузуп алып акыл кенештерин айтар эле.ошондо апкемди карап отуруп мен бактылуумун ушундай акылдуу апам бар деп ойлонуп кетер элем...Азыр озум эне болуп балдарымды алыска узатып ийип сагынуу менен кутом амандыгын аллахтан тилеп .копту колду колдо ошонун ичинде кыргыз элимдин уул кыздарын колдо деп отурам.Кече жакында келиним уч жыл дегенде келди неберелеримдин бактысын айт кубанычын айт уйум толду аларды карап туруп атасы экообуз да бактылуу бир айды откордук.Атин уулум шартка байланыштуу келе албады. Неберелеримди айт кундо шандуу апасына ыр айтып аткан бийлеп берип аткан эмне онорлору болсо корсотушту го.Чон неберемди эки айга эки кун калганда алып калдым.Келиним менен балам экоо кобунчо бири биринен алыс болуп калып атышты ошого чогуу болсунчу дедим.Толук неберем бир жаш болгондо келип дагы неберелуу кылды болгондо да кыз.Биз кызга зарбыз.Алтай эми толойун дегенде апа уулунуз ал жакта кыйналып атыптыр дей баштады.Ойлонуп коруп балам кетпесен кет дебейм,кетсен кал дебейм озун эле бил дедим.Биринчи азыркы турмуштун зарылчылыгы экинчи куйосу менен чогу болгусу келдиби келиним кетти.Бир жарым жаш уулум менен алты айлык кызым менен озум калдым.атасы иштейт.Азыр уулум торт, кызым уч жаш.Апан менен акен кар жааганда келет дегем.Кечеки карды коруп эне апам келет ээ карачы кар жааптыр десе.Оба бактылуу кундордун омуру кыска бирок тез тез келип турчу нерсе.Менда копчулук энелер катары элибиз онолуп заманыбыз онолуп балдарыбыз кайтып келип окууган билимин оз элине кайтарышын каалап келем.Бактыбыз боксорбосун балдарыбыз ата энеси менен чогу осуп чогу журушун каалап кетем.Кыргыз элимдин урпактары оз жеринде оз элинде журуго насип этсин деп каалап кетем.Ата -Эне менен бала ажырабасын деп тилеп кетем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   janelya   13 Январь 2013 - 11:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 256
  • Катталган: 03 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 09 Янв 2015 07:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Amerika

Мен дагы жазып кетейинчи.Эстеп кулуп да ыйлап да алам.Чон энемдин эн суйуктуусу, чон атамдын кулкусу да мен элем.Айтканым айткандай аткарылчу,эсимде он жагымда чон атамдын бутуна таянып тамак жечимун.Апам "атамды тамак жедиресинби, туз отур"-деп урушса чон атам "бир сары кызым учун ошентип отурам да, тамак жебей калайын, жожо кызым"- деп эркелетчу.Анан эле сол жагымда чон апама жолонуп алчум " сары кызым бааары жогуна дары кызым"- деп койсо озумду принцессамын деп ойлочум.
Жаны келин келип ал эч кимди тергебечу.Оштогу салттарды билбечу да.Анан баары жаловаться этишсе чон апам"сары кызды гана тергейт, башкасын билбейм"- дегени дагы эле эсимде.Мен ошондо 6 жашар болчумун, менден 15 жашка улуу Данияр деген акемди да сен дечу.Анан мага карап "эй кыз" десе суйунгонумду айтпа.
Анан уй-було чогулуп эми дасторкого отурганда менин концертим башталчу.Мен жакшы коргон кичинекей кашыкты таап келишмейинче бир да адам тамак ишчу эмес эле.Тамактан кийин мага отдельно бата беришпесе уйку жок эле.Ушунндайча эрке тентек болчумун даааа.
Мен 5 жашымда атам жаны Нива маркасында машина сатып келип, адатымча ключту чон атамы ортого салып алып чоон даракка алпарып сайып койгонум дале эсимде.Ошентсе да эч кандай уруш укпагам чон атамын артына бекинип:).Бир куну таарынып таенемдин уйуно качып кеткен болчум .Барсам байкуш таенем чокко жугоруну бышырып берген.Аны биз думбул деп атайт элек.Ошол думбулдун даамы азыр деле оозумда...Анан бир убакта чон атам машина мн кирип келди.Ага чейин таенеме мени айтпаныз деп кайра кайра дайындасам да айтып салган. Былтыйып барбайм уйго деп,акыры чон атам оруктун данегин чагып чайдын коробкасын толтуруп бергенде гана жазылгам.Такыр эсиме келбейт эмнеге таарынганым:)
Эхххх менин эстен кеткис бактылуу балалыгым.Ошондой менин чон ата,апа,таенелеримдин убагында каалашымча эркелеп чонойгондугум учун бактылуу экем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   toha   13 Январь 2013 - 16:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 715
  • Катталган: 03 Февраль 07
  • Соңку аракети: 11 Май 2025 10:00
  • Телефон:0543224312
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Белгисиз

Эх сонун кундор э! Чон атам каяка барса мен ошока барат элемда чон атам менен ат минип уй издегени барчубуз. Таеатам комбайн минчу эгин бышкан убакта таеатамдын жанындан тушчу эмесмин ыссык да отпойт экен эле да хе хе. Кеч таеатамдын уйундо уктап калсам чон атам артына которуп уйго апкелчу чон энем менен чон атамдым ортосуна жатып алчуумун. Чон атам намаз окуп атканда пайлачу экем саждага жыгылса жатып алып карачу экем. Ошонтип 6 жашымда чон атам коз жумду ошол бойдон эркелигимда калды болсо керек.
ЭХ ЧИРКИН ДYЙНӨ!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Arstan   13 Январь 2013 - 18:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Жогоруда жазылгандарды окуп отуруп оор улутунуп алдым....балалык кез кандай бактылуу кундор эле...бирок кайтып келбейт да.
2-калсска кочоордо айылга жаны кочуп барганыбыз эсимден кетпейт....кичинекей ак,кара,сары чожолордон коркуп,ыйлап качкан кудорум,сыртка чыга албай коркуп отура берген кундорумду эстеп жылмайып алам.
Айыл мен учун ушунчалык кызыктуу,айтып буткус керемет эле....кичинекей, ар тустуу,тармал, кооз жундуу козулар....секирип- секирип ойноп жургон улактар,ак,сары чожолор,моорогон торпоктор айта берсен коп....уйубуз ушундай кызыктуу эле,озунчо эле бейиш....багыбыз бар эле....орук,алма, алча чон атам эмнелерди гана экпептир....оркутун башына чыгып алып кыйкырып ырдап орук жейт элек....эжекелерим, инилерим менен талашып оруктун данектерин чогултуп жипке тизип шаардан студент эжем,акемдер келсе беребиз деп бекитип чогултат элек....эрте менен ээрте апам сут тартканда тургузчу...ким каймак жейт деп...тан атпай уйкусурап отуруп алып сут тарткан сеператордун парасын тилибиз менен тазалап жегенди жакшы корчубуз....талашып. ..оозубуз,бетибиз каймак болуп жейт элек го чиркин....анан сабакка жономой.....уйдон чыга бериште эшиктин мыгында атамдын костюму илинип турчу...чонтогуно ар дайым акча салынып тураар эле...ар бирибиз эсептеп тыйындардан алып кетет элек....ашыкча алуу деген оюбузга келбейт экен эле...жашыбызга карап сага мынча...сен мынча акча алышын керек деп айтып койсо...так ошончо акча санап алып кетип мектептен короз кант алып жейт элек.... Эххх кандай сонун бактылуу кундор отту...атамды ээрчип коп жерлерди кыдырдым.
Кечинде баарыбыз чогулганда ...атам сабак текшерип баштайт...ким канча баа алды?деп....жарышып талышып журуп айтып берет элек...менин балам азамат да...менин кызым акылдуу да...деп мактап койсо ансайын берилип сабак аткарчубуз. ..корсо ата-энебиз ушунтип бизди мактап,коколотуп алдап,эркелетип окутуп чонойтушкан экен эле да...))).....ким тапшырма аткарбаса эртен сабакка барбайт...кой кезуу кайтарат деп да коркутушчу. ...антсе биз ансайын берилип жанталашып окуйт элек. Апам тандырга нан жапканда...ар бирибизге майда токоч кошо жасачу...ыссык нанга мйдан суртуп алып....кочого ойногону кетебиз....оюнга тойбойгон убак экенда...аллюминевый зымдардан трактор,машина жасап ойнойт элек. Мына ушул балалык таттуу кундор эн бактылуу кундор болгон. Албетте Жаратканга мин мертебе шугур,бактылуубуз!

О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   white_angel   14 Январь 2013 - 17:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 15 Апрель 12
  • Соңку аракети: 23 Май 2021 01:16
  • Жынысы:Аялзаты

Ойлоп корсом менин баардык эле кундорум бакыт менен коштолуптур. Сүрөт

Балалык кезде, окуучулук кезде, окуу жайдагы......Кээде эле жолубуздан чыккан кичинекей тоскоолдуктарга женилбей, оптимист болсок биздин жашообуз озу чоон Бакыт болот.Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   ajarluu   19 Январь 2013 - 16:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 25 Август 12
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2014 20:51
  • Жынысы:Белгисиз

Бакыт дегенде эле козумо балалыгым элестейт.
Жашка карек жамынбас болсочу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 17:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: