Салам форумчулар.
Мен бул теманы сиздерден сын -пикир, кеңеш суроо эмес, балким сүйүү деп өзүн отко -чокко ургандарга кеңеш болсун деген максатта жазып жатам.
Туулган күнүмдүн кайгыртып берген белеги! Күтүлбөй келген бакытым
#2 21 Май 2017 - 16:46
...
Мен алыскы тоолуу райондордун биринде төрөлүп, өскөм. Мектепти аяктаган соң ОРТ нын жыйынтыгы менен өзүм каалаган окуу жайга, өзүм эңсеген адистикке тапшырып учурда бүтүрүү алдында турам буюрса. Үй-бүлөдө 1 эркек 5 кыз болгону үчүн тартип темирдей бекем эле. Түнү жигиттерге чыкмай жок, сабакка түз барып түз келүү. Бекеринен "кыздын тарбиясы оор" деп айтылбайт туура. Шаарга келгенде да жигит деген нерсеси жок менден чоң эжем менен бир батирде жашадык. Кадамым дайым эсептелүү. Клуб дегендерди дагы деле билбейм. Ошондой күндөрдүн биринде эжем турмуш сапарына аттанып кетти. Чоң эжем балуу болуп калган учуру эле. Ал кеткенден кийин негедир кутура баштадым. Гр кызды киргизип алдым. Экөөбүз тамактан соң кечки сейилге чыгабыз скиверге барып олтурабыз. Айтоор жигит жандаганды да үйрөнө баштадым. Ошондой күндөрдүн биринде соц.тармактагы колдонуучулар шашлыкка чыга турган болдук.(буга чейин деле көп жоолукканбыз) Баары шаңдуу сонун өтүп жатты. Ортолоп калганда бир узун бойлуу, чачты кыйгыч тарап таштап койгон, кашы -көзү кара бир бала келип, атымы айтып, ушул жердесиңерби деп калды. Көрсө ал да ошол соц.желеден келиптир. Бат эле эски тааныштардай жакын болуп кеттик. Уурданып карашып коёбуз. Акыры номерлерди алышып коштоштук. Ошол күндөн баштап чалып, жаза баштады. Алгач маани бербегеним менен ктиинчерээк көнө баштадым. Сырдашып, түнү бир убакка чейин жазышабыз. Ал арада мага көңүлү бар экенин көп эле айтып жүрдү. Мени тартканы ал эгиздердин шериги болчу. Тез эле сүйүү баяныбыз башталып кетти. Мен сабактан сырткары обл.редакцияда оператор болуп иштечүүмүн. Ал студент. Сабакка бара жатып эрте менен сөзссүз мага тийип кетет. Жоолуккан сайын апамын гүлдөрүнөн деп бир дана кыпкызыл роза көтөрүп келет. Кыздар кулагы менен сүйөт деген чынбы айтоор ал да мага жагып, апама айттып бердим. Апам: эртең жакпай калды эле, болбойт экен деп басып кетпесеңер сүйлөш деди. Мен ал менен келечегими эчаак эле көрүп алгам.

#3 21 Май 2017 - 17:00
Соц.тармактагылардын көбү мамилебизди биле баштады. Жашырганда эмне ачыкка чыгардык. Бизден өткөн бактылуу адам жок. Бир күнү сайттагы ашыкча постторду өчүрүүнү сунуштасам,
ал менде интернет жакшы эмес, сен өчүрүп койчу деп паролун берди. Ачып кирип шок болуп калдым. Кыздар тим эле жайнайт. Колум өзү эле чатка урунду. Бирине "сенин күлкүңөн ырахат алам ", бирине "качан жоолугабыз ", бирине "шаар айланбайлыбы " и.т.д. чыр чыгарып кыйкырбадым.
Кызгангандай болбоюн деп. Секин түшүндүрдүм алар өтмүшүм деп эле күлүп тим болду. Бир күнү факультеттине барып келишибизди,
документ иштерин бүтүрүшүп коюшумду суранып жөнөп калдык. Агасынын инисин алып алыптыр 3 жартарда менимче. Негедир ошол күнү рубашкалардын түсүн окшош кылып кийип алыппыз. Кел баланын колунан кармап алалы, душман көзүнө деп калды. Аны кийинчерээк түшүнүп жатпаймынбы.
Улам биринин -артынан бир кызы чыгар ортодо түшүнбөстүктөр боло баштады. Бир канча убакыт сүйлөшпөй да калдык. Бир нерсеми жоготуп алган адамдай жаман болуп жүрдүм. Душман көзүнө дегенинин себеби кыздарына көрүнүүсү экен эле. Убакыт бат эле өтүп 22 жашым жакындап калды. Бул арада эжелерим экиден балалуу болуп, сиңдим турмуш жолуна аттанып кыздуу болуп калган. А мен болсо окуумдун бүтүшүн шылтоолоп, тигинин да окуусун бүтүшүн күтүп жүргөм. Ал кечигип таршырган үчүн кичине курста окуучу. Мына мен күткөн күн. Туулган күнүмү өзгөчө жакшы көрөм. Апамдар адаттагыдай айылдан май курут, бүтүн тоок кылып тапкан -ташканын салып жиберет. Анча күндөн бери жок болуп жүргөн ..... домдун алдында пайда болду. Чогу жашаган эже чыгып кел деп жатып чыктым
#4 21 Май 2017 - 17:13
Негедир жүдөөп алган, карегинде өкүнүү, басынуу даана көрүнүп турат. Бет маңдайымда семечка чагып, же сүйлөбөй тура берди. Мен мурда сүрдөп уялып анча сүйлөй албасам, бүгүн тескерисинче аны сөзгө какатып турдум. Ал агынан жарылып, кыздардын артынан жүргөнүн токтото албаганын сайрап жатты. Кээ сөзү угулса бири угулбай араң эле чыдап турдум.
-Кечир Мулии сага такыктуу бала эмес экенмин. Сен бактылуу болушуң керек. Деп жатты. Унчукпадым. Өткөргөн күндөр көз алдымда чубалып өтүп жатты. Ыйлар жиберерден коркуп коштошуп кирип кеттим. Үйгө кирерим менен баары башкача карашат. Өзүмү араң бастым. Тирүүнүн өлүгүнө айлана баштадым. Арыктап башым эле ооруйт. Ойлонуп жатып андан өч алууну эңседим. Аны уруп кетип же башка эмес көзүнө көрүнүүнү кааладым. Унтверибиз бир болгон үчүн мен жетишкен ийгилик ага да угулат. Эмне кылсам экен деп жүрсөм эле, универден чалып 17-ноябрь студенттер күнүнө арналган салтанатта сыйлык алышымды айтышты. Чыдамсыздык менен күтөм. Ал күн да өттү негедир залда көрүнбөдү. Сүрөттөрүмү улам соц тармакка жүктөй бердим. Лайк басып коммент жазып коёт күйдүрүп. Ачуум чукул болуп, иштеги коллегаларым менен да көп тартышчуу боло баштадым. Ал арада үйгө жуучулар келип, сөз айткандар көп эле болду. Эч нерсеге көңүлүм чаппайт.апам:
-кызым пешенең, бири -болбосо бири салыштырып жоолугуп коё берсең. Жашың да келип калды дебеспи.
Чыйрала түштүм, күйөө болом дегендерге чекеден жолууга баштадым. Бирок баарынан ..... нын сапаттарын көз караштарын издей берип чарчадым. Өзүмү башкара албай бара жаттым

#5 21 Май 2017 - 17:19
Ватсапта олтургам бир досумдун сүрөтүнө көзүм түштү анда "Көр сезимге алданып, никеге чейинки сүйүүгө ишенбе "деген жазуулар бар экен. Бирөө башыма балта менен чаап салгандай болду. Кудум мага жазылгандай.
Кезектеги жолугушуу... жашы бир топко барып калган жогорку билимдүү бала маңдайымда турду. Аны -муну сүйлөшүп, үйлөнөрүн, жана андан кийин аялы иштесе иштеп, иштебесе иштебей турганын айтканда 180° ка бурулдум го. Бир экөө иштеген ишиме чейин барып күзөтүп жүрдү. Эч кимине көңүлүм тартпады. 22-туулган күнүмө таарынып жүрөм.
Кышкы сессия башталып иштен жооп алып факультетте жүрсөм чогу иштегег ага айылдаш иниси менен таанышып коюумду өтүнүп, телди коюп койду. Катардагыдай эле кабыл алдым. Ватсаптан жазышып жолугушуп сүйлөшүп алышыбызды сунуштай бергенинен макул болдум

#6 21 Май 2017 - 17:31
Адаттагыдай эле болжошкон жерге бардым. Көз алдымда ак жумал келген, кашы -көзү кара, бою узун, кең далылуу келишимдүү мырза турат. Машинага түшүшүмдү өтүндү, мен жөө эле басалы деп үйдү көздөй ар нерсени айтып келе жаттык. Мени мурдатан бери көрүп жүргөндөй сүйлөйт. Аны караймда өзүмүн кебетемен уялып кеттим. Биринчи жолу. Элестеттиң,
бутумда мааси-гөлөш,
рюгзаг артынып алгам, эки колума бекем кысып ноутбугуму жаап жаткан кардан калкалап келе жатам. Аңгыча жетип келдик. Чогу тамактанышыбызды суранды. Баш тарта албадым. Тамактанып олтуруп андан сонун сапаттарды көрө алдым. Өзүмү да эркин туттум. Ошентип коштошуп кеттик. Эртеси
-кутман тан, кандай сонун эс алдың.
-кутмандуу болсун рахмат өзүңүз?
-шүгүр рахмат.
-Алла Таала жылуу сезимдерди тартуулап жатабы?
Окудум бирок жооп бербедим.
-менде жылуу сезимдер ойгонуп жатат.
Бир убактан кийин жооп жаздым:-тагдырымда ушул инсаның болсо туура жолуңду көрсөт деп жатам.
-жылмайган быйтыкчалар.
Жолугушууга дагы чакырды жок дей албадым. Негедир көңүлүм тартып жаралуу жүрөгүм ага талпынып туруп алды.
Иш убактым бүтөйүн деп калганда смс келди
-Көзүмдүн кареги бошодуңбу? Сен мен үчүн кымбатсың.
Жиним келе түштү негедир.
-Ишене тургандай сүйлөгүлөчү, баарың бирдейсиңер леп жазып жибердим.
-Мага ишен
Жазбадым сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп, жоолукпай кетип калууну ойлоп жибердим аңгыча смс келди
-көзүмдүн кубанычы мен келдим.
Жазбадым, эшиктин алдында туруптур, ал жай сурашып, кафелердин бирине кирип, сүйлөшкөнчө тамактандык. Сүйлөгөн сөздөрү орунду, ан сайын өзүнө тартып турат

#7 21 Май 2017 - 18:06
Узурпай кыска эле жазайын... каталар үчүн кечирим сурайм.телде жазып жатам.
Ошол күнү үй -бүлөө курууну пландадык. Экөөбүз тең жаш эмеспиз да. Үйдөгүлөргө кабар берилип, кудалар кафеде жоолукмай болушту. Мага атамдын ыраазы болушу стимул болду. Аны -муну айтышып айтоор эки тарап бата тартыр, той күнүн анан белгилемек болуп тарашты. Кыргызда ата -тегин сүрүштүрөт эмеспи. Бат эле тааныштар чыгып бири жакшы жер десе бири бузуп жатышты. Апамын оюу бир жерде эмес. Аларды эң көп ойлондурганы биздин сүннөт той кылышыбыз эле. Бир күнү ата менен апам шаарга келишти. Болочоктогу күйөө бала эч тартынбай эле алар менен жоолугушуп, тарсылдап жооп берип олтурду. Тамактар түгөнөйүн дер калганда атамы карар:
-Кызыңыз мага жагат, мен азыр колумун учун да тийгизе элекмин. Жакшы аял болсо ыйлатпай багып алам деп эле сайрай баштады. Мен столдун астына кирип кеткидей болдум. Чыккыча бир шашам. Ошентип той күнүбүз белгиленип, куда тарап бата той алып барышты ошол күнү эле кыргыздын салты менен мени үйдөр алып чыгып кетти. Жаштар шаар айланып, кафеде уладык калганыг үйдө. Кыскасы эки тарап эшик -төрүн көрсөтүп бүтүштү. Келиндик служба башталды. Кыш. Эшикке деле көп чыгарбайт кайын энем. Мектепте мугалим өтө жакшы аял, мээримдүү эне. Кызым деп кабыл алды. Абысыным менен бир туугандайбыз. Бакытка балкып 22- туулган күнүмө кайра ыраазы боло түштүм. Ооба бул кайгыртып анан келген бакыт. Балким өзү агынан жарылбаганда дагы канчага чейин жүрөт элем кудай билет. Мен сүйүү никеден кийин дегенге 100 эселеп ишенип калдым. Сүйбөй эле тийген инсаным азыр мен үчүн баарынан кымбат. Мен бактылуумун, жароокер жармын. А менин көр сезимимдин ээси угушумча дагы деле кыздардын артынан жүрөт экен. Байкуш канча кыздар жүрөгүн мыжыкты экен.
И баса атама ыйлатпайм деп жолдошум убада берген. Бирок мен тез -тез ыйлап турам. Жоок ойлобогула сүйгөнүн унута элек экен деп. Аны эчаак эле жүрөгүмдөн жок кылып таштагам. Баарын жолдошума ишенип тапшырып койгом. Ыйлаганымын себеби экөөбүздүн сүйүүбүздөн жаралган кичинекейди курсагымда чоңойтуп жатам. Өзгөчө ушул маалда аялдар эркелеп, болор -болбоско ыйлап калат экенбиз. Жөн эле олтуруп деле ыйлай берчүү болдум. Кардыңда кичинекей дагы бир инсандын өсүп келе жатканын, жашоо үчүн күрөшүп жатканын сезип тую бул бакыттардын эң жогорусу дейт элем.
Айтайын дегеним "Көр сезимге алданып, никеге чейинки сүйүүгө ишенбегиле" танбайм ага чейин деле сүйүү бар. Бирок, жолдошуңду сүйүү бул чыныгы сүйүү жана керемет.
Учурда турмушка чыкканыма 4 ай болду.
Рахмат аягы

Билдирүүнү түзөткөн: mulinka13: 21 Май 2017 - 18:11
#8 21 Май 2017 - 18:27
Эх бир дем менен окуп чыктым гоо. Сонун жазылыптыр.
Бактылуу болгула
#11 21 Май 2017 - 19:03
Иииий маша Аллах бакытын бекем болсун жолдошун менен бактылуу кундордун кооообун жаша.нике ысык булда болсо кудайдын бир акылмандуулугу.
эсен Аман коз жарып ал
#12 21 Май 2017 - 19:22
#14 21 Май 2017 - 19:23
Рахмат асылдар! Мага эмне кааласаңар силерге эки эселеп кабыл болсун.
Баса өзү 94 мүн 93 болуп калыптыр
Баса өзү 94 мүн 93 болуп калыптыр
#15 21 Май 2017 - 19:37
Бактынызга коз тийбесин эже!Мындан аркы жашоонузга да бакыт каалайм!
#16 21 Май 2017 - 19:47
Бактылуу бол, эсен аман коз жарып ал, анан бизге да суйунчулогонду унутпа

#17 21 Май 2017 - 20:21
beru (21 Май 2017 - 19:47) жазган:
Бактылуу бол, эсен аман коз жарып ал, анан бизге да суйунчулогонду унутпа 

Рахмат буюрса сүйүнчүлөйм. Негизи мурда нигим болчу кийин анын паролун унутуп кирбей калгам. Бул бөлүмдөгү темаларды көп окуйм. Басымдуу бөлүгү эле жигитинен көңүл үзө албаганы анан абийиринен айрылып калгандар. Анан ник ачып ушул теманы жазууну чечтим
#19 21 Май 2017 - 21:39
Кандай кермет МаШаАллах!
Бактыныздарга коздун учу да тийбесин каалар элем.