Койгула эми, болду кылгыла. Ташиев чыкты, эми эмне болот экен, эмнени пландап жатат экен, короорбуз жакында. Атамбаев Турциядан келсинчи, ал эмне дейт?! Ушу ойлойм, тополондор али алдыда деп.
Тарыхта калчу күн же Ташиевтин соту. Чечим туурабы? Оюңар
#142 19 June 2013 - 18:39
Бекназаров деген булдезьёр турганда тополоң болбой койбойт да.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#145 19 June 2013 - 21:06
#146 19 June 2013 - 22:27
Ал да качты сабактан, аны коруп мен да качтым. Эмнеге аны урушпайсыз да, мени урушасыз? Аргасыздан кайгылуу жылмаябыз.
#147 19 June 2013 - 22:29
Ташиевдин комменти:- Ак уйго кирейин деген ой жок болчу, кызуу кандуулукка алдырып ийдик.
#148 19 June 2013 - 22:34
Ызначт бир ороондун аялдарына, кемпирлерине жоолук салып, тотун каалаган закондорду буза берсен болот экен да. Камаса артында АРМИЯ!!!
Соз да укпайт!
#150 19 June 2013 - 23:29
Өз көздөрүнө ишенбегендер гана бүшүркөшү мүмкүн, туурабы туура эмеспи деп. Албетте туура эмес чечим. Мурдагыларды айтпай эле коёюнчу, айтылыбатып,
тамтыгы деле кетти, кечээки эле жактоочуларынын жапайылыгы эмнени билдирет? Желим бөтөлкөнү ургулаган аялдар эмнени билдирет? Ташиевдин актыгынбы? Парадокс!
Тартиби жоктор тартиби жокторду жактайт экен.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#151 20 June 2013 - 00:18
Баягы мал ээсин тартпаса арам олот дечу беле. Ташиевдин тартиби баскан турганы кандай болсо колдоочулары да ошондой экен да чиркин. Эмне деген денгээлин коргозушту анан да кыйын болушканычы.
#152 20 June 2013 - 00:21
Тартипсиз бийлик болсо. Кайда тартиптуулукту айтып, жатканынарды билесинерби?
Тартиптуулорум,
кайсыл бири тартипке баш ийип. Мен мынча жедим эле, мени камагыла деген тартиптуулордон дайын дарек билинбей жатпайбы? Анан тартипке келсек жакшы болобу деймин да?
#153 20 June 2013 - 00:35
Ажобуздун денгээли кандай экенин билдирди..
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#154 20 June 2013 - 00:38
Негизи, сөз буга чейин "баштай турган лидер жок, эл өзү окко төшүн тосуп" деген сиздин тезисиңиз жөнүндө болуп аткан. Ошондуктан,
"баатырлардын арбагын" кошуп, сөздү бурмай жок болсун.
Дагы бир кошумча:
Ар бир эле курман болгон адам баатыр боло бербейт жана ар бир эле баатыр курман боло бербейт. Чыныгы баатыр - бул Кыргызстанды чет өлкөлүк баскынчылардан коргоодо канын, жанын аябаган адам. Мисалы, Баткен окуяларына катышкандар. Мына ошол жерде шейит кеткендердин үй-бүлөсүнө мамлекет 1 млн. сомдон жардам көрсөтүп, Бишкектен квартира берип койсо - эл ыраазы болмок.
Дагы бир кошумча:
Ар бир эле курман болгон адам баатыр боло бербейт жана ар бир эле баатыр курман боло бербейт. Чыныгы баатыр - бул Кыргызстанды чет өлкөлүк баскынчылардан коргоодо канын, жанын аябаган адам. Мисалы, Баткен окуяларына катышкандар. Мына ошол жерде шейит кеткендердин үй-бүлөсүнө мамлекет 1 млн. сомдон жардам көрсөтүп, Бишкектен квартира берип койсо - эл ыраазы болмок.
Туура айттыныз , мен да Апрель окуясында олгондору шейит кеткендер деп эсетебейм!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#155 20 June 2013 - 01:00
Баягы мал ээсин тартпаса арам олот дечу беле. Ташиевдин тартиби баскан турганы кандай болсо колдоочулары да ошондой экен да чиркин. Эмне деген денгээлин коргозушту анан да кыйын болушканычы.
М мал дейсинби? Атаны кокуй айя, оздору малдан айрымасы жок. Бир зекти кое берген, малдарды ким деп атасак болот я? Ошол малдан айрымасы жок, малдар оздору малдан отуп, мыйзамды тепсеп жатпайбы ботом.
Анан малдын арты мал болбой, ким болот дедин эле . Эшегине карап тушоосу дегендей эле бол жатпайбы. Мен дагы мал сен дагы мал, ошо малдардын оозун тиктеп буйрук чыгарган сот дагы мал.
Кыскасы Кыргызстанды бут эле малдар басып кеткендей чамасы.
#157 20 June 2013 - 09:11
Элге багыт бериш үчүн, аны саясий лидердин жеке өзү баштап баруусунун эч кандай зарылчылыгы жок! Ар кандай эле лидердин ишенген кишилери, жардамчылары болот - ошолор элди баштап жүрөт. Бул, сиз айтмакчы "Бала бакчадагы балага" деле түшүнүктүү го. Мисалы, Гитлер менен Сталин деле жоокерлердин алдына түшүп, бири-бири менен согушкан эмес. Бирок, алардын Паулюс, Манштейн же Жуков, Рокоссовский сыяктуу өтө ишенимдүү, берилген генералдары болгон.
Мына эми окшоштуруп далил келтириптирсиз. Бул жакшы. Бирок 7-апрель күнү жогоруда сиз айткандай Жуков, Рокоссовский сыяктуулардан кимдин атын атай аласыз? Далил барбы? Мына, Атамбаевдин же Текебаевдин же Бекназаровдун баланча деген ишенимдүү кишиси ошол жерде элди баштап жүрдү деген далил келтирсеңиз.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#158 20 June 2013 - 09:13
Кыскасы жанагы сен айткан. Зонага биринчи, Ташиев эмес. Сот озу биринчи барып, олтурушу керек.
Анан Ташиевди сотошу керек, дал ошондо Мыйзамды толук аткарган болот.
Оздору билип туруп, сууга сийген соттун мыйзамы, мен учун мыйзам эмес.
Анан Ташиевди сотошу керек, дал ошондо Мыйзамды толук аткарган болот.
Оздору билип туруп, сууга сийген соттун мыйзамы, мен учун мыйзам эмес.
Сиздин оюңуз жакшы экен түрмөгө отуруп алып соттош керек деген))). Анда мыйзамдын эмне кереги бар түрмөдөгү адам сот чечимин чыгарсын деген ойду айтып жатсак???
Гуд бай, форумчулар!
!!
#159 20 June 2013 - 09:19
Ак сөз, кошулам. Орустарда деле граждандык согуш учурунда бири-бирин талкалаган Корнилов, Деникин, Калединдерге же Блюхер, Тухачевский,
Фрунзелерге эч ким "Баатыр"
деген наам берген эмес. Ал эми, Улуу Ата мекендик согушта фашисттик баскынчылардан өз жерин коргоодо канын, жанын аябаган жүз миңдеген жоокерлерге "Баатыр"
наамы ыйгарылды.
Кыргызга кыргыз душман болсо Баатыр деп кантип айтабыз деген ойго кошулуптурсуз. анда бабаыз Манас Баатыр эмеспи ыя? Себеби Манаста айтылгандай Манаска өз ичибизден эле душман чыккан Көз камандарды жана Көкчө көздү кайда жашырабыз? Аларды Манас өзү талкалады эле. Андан соң Манастын кырк чоросу Манастын уулу Семетейге каршы чыкканы да бар. Канчоро хан болуп Семетейге куугунтук кылганын бирок Семетей куугунтук кылган Манастын чоролорун ойрон кылганы бар. Эгер Басмачы111 экөөңүздөрдүн сөзүңөргө ишенсек анда бабабыз Манас дагы өз элибизден чыккан душмандарды тазалаганы үчүн Баатыр деген наамга татыксыз болуп калабы?
Гуд бай, форумчулар!
!!
#160 20 June 2013 - 10:00
Курсан Асанов ошол маалда Ош шаарынын коменданты болчу. ОшИИБнин жетекчиси да өзүнүн милдетин аткарды. Макул буларды баатыр дейли, каршы эмесмин. Бирок Ташиев эч кандай кызматы жок эле элге аралашып жүрбөдүбү? Сузак айылына кирип бараткан кыргыздарды токтоткону чындык. Муну мага окшош Жалал-Абаддыктардан ашыкча эч ким билбейт. Ошондо сиздин оюңуз боюнча Ташиевге баатыр наамын эки жолу бериш керекпи?
Атамбаев эч кандай 33%га көтөрткөн эмес. Аны ошол кездеги вице спикер Кубанычбек Исабеков көтөрүп чыгып, бул үчүн кайсы бир медаль менен сыйланган.
Анан сизге бир суроо: Сизди патриот, улутун сүйгөн адам катары байкап келем. атамбаевди жерге койбой мактап атканыңыздан ушул суроом туулду. Кечээ жакында эле кабыл алынган тил тууралуу мыйзамга атамбаев вето коюп, артка кайтарыптыр. Ушуну көрүп туруп ал кишини кантип сыйлайсыз?
Атамбаев эч кандай 33%га көтөрткөн эмес. Аны ошол кездеги вице спикер Кубанычбек Исабеков көтөрүп чыгып, бул үчүн кайсы бир медаль менен сыйланган.
Анан сизге бир суроо: Сизди патриот, улутун сүйгөн адам катары байкап келем. атамбаевди жерге койбой мактап атканыңыздан ушул суроом туулду. Кечээ жакында эле кабыл алынган тил тууралуу мыйзамга атамбаев вето коюп, артка кайтарыптыр. Ушуну көрүп туруп ал кишини кантип сыйлайсыз?
--------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------
Бишкектен чыккан кыргыздардын биринчи тобу Ошко өткөн. Экинчи тобун өткөрбөй жарандык согушка айланып кетет деп кыргыз жаштарын убактылуу өкмөт өткөрбөй койгон. Анда убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнө да берели Баатыр деген наамды кыргыздарды тосуп турганы үчүн деп. Берели Баатыр деген наамды ошол Ош окуясында Алайдан ат менен келип, куралы жок ат менен качырып өзбектерге качырып кирип, ок жеген 54 жигиттин баарына, Бишкектен чогулуп 14 спринтер менен барып өзбектерди ооздуктаганга чоң салым кошкон крим дүйнөнүн жигиттерине дагы берели. Баатыр деген наамды берели ош шаарында Ош шаарында Алайлыктар, крим дүйнөнүн өкүлдөрү, армия, карапайым жарандар келип өзбектер менен кармашып жатса, бери жактан Оштогу өзбектердин үйүн тоноп, талоончулук кылып жүргөн шаардык тургундарыбызга да берели баатыр деген наамды. Себеби Алар да кандуу Ош окуясынын катышуучулары да. Буга кандай дейсиз?
--------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- -------------------
Кубанычбек Исабеков популист адам экенин эл жакшы билет. Кумтөрдүн маселесин көтөрүп чуу салып эч кандай жыйынтык чыгара албай койгону элдин эсинде.
--------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- -------------------
Туура мен да президентибиздин мыйзамды четке кагып кайра кароого жибергенин колдойм. Себеби, биздин аткаминерлер мыйзам даярдайт десе эле ары жак, бери жакты ойлонбостон мыйзам аттуу деп жаза салат. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун 8-беренесин карап көрүңүз. Ал беренеге ылайык тээтеги Алайдагы айыл өкмөт болом деген адам Бишкекке ат арытып, жол карытып келип, тил комиссиясынын мамлекеттик тил боюнча сынагын тапшырышы керек. Ушул бизге керекпи? Ушул эле мыйзам долбоорунда жыйындар мамлекеттик тилде өтүшү керек делген. Бирок мында кайсыл учурда кандай жыйында деген так айтылган эмес. Мисалы азчылык жыйындары болгондо ал жакта эч ким кыргызча билбесе анан кантип кыргызча жыйын курушат? Кичине ойлонуш керек да. Бул мыйзамды президент четке какканынын жөнү мына ушунда. Бирок президентибиз өзүнүн токтомун даярдап жаткандыгын белгиледи мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча. Кийинки жылы тил боюнча мамлекеттик комиссияга учурдагы каражатка салыштырмалуу эки эсе көбүрөөк каражат бөлүнөөрүн убада кылды. Тилди өнүктүрөбүз десе эле дакылдап кыргызча болсун дей бербей, алгач өзүбүздөн башташыбыз керек. Канча кыргыз өз эне тилин билбей жүрөт? Буга ким күнөөлүү? Албетте кыргыздар өзүбүз. Өзүбүздүн эне тилибизди өзүбүз эптесек, митинг пикет менен күн өткөрбөй, биримдиктүү болуп өнүксөк, өссөк башкаларга үлгү болсок анан Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттун өкүлдөрү эмес, чет өлкөлүктөр да кыргыз тилине кызыга баштайт. Кыргыз тилин кыйнап үйрөтүү керек деген бул мыйзам долбоору кабыл алынган күндө дагы эч качан ишке ашпай турганы белгилүү. Андыктан акыл калчаш керек мыйзамды жазуудан мурда. мыйзам чыгарган адам катары атым калсын деген тилеги болсо.
Ал эми Атамбаеыди мактап жаткандай сезилиши мүмкүн. Негизи биз ушундайбыз да, бирөөнүн жасап жаткан жакшы ишин айтып койсок аа мактап жатат демек бул ошонун кишиси деп. Мен Атамбаевдин өзүн сыйлабасам да, анын президенттик креслого келип, жасап жаткан иштерине көңүлүм толуп жатат. Буга чейинки президенттердин талкалап кеткенин учурдагы президентибиз оңдогонго чамасы чак келбейт. Убакыт керек. 1,5 жыл ичнде эмнеге жетише алат? Андыктан убакытты бир ойлоп койсок туура болот. мисалы сиз мектепти бүтүрүп, толук кандуу орто билим алуу үчүн 11-жыл окушуңуз керек деген сыяктуу эле кеп. Алдыда президентибиздин дагы 4 жылдык убактысы бар. Мына ошол 4 жылды күтөлү. Эгер жыйынтык чыгарып иштей албаса, анда шайлоодон башкасын тандап алуу биздин колубузда. Бийлик элдин колунда. Шайлоолор таза өтө баштады мурдагыга салыштырмалуу. Бардыгы мыйзам чегинде болуш керек. Мыйзамды жазып, аны өзүбүз колдогондон кийин аны сакташыбыз зарыл.
Гуд бай, форумчулар!
!!

Супер-Инфо
super.kg
видео














