Сенин "иш столуң" көрсөт, мен сенин ким экениңди айтам деген сыяктуу оюн. Анда эмесе кеттик...

Мисалы мына:
2011-05-17_141715.
jpg
Мисалы мына:
Анда Мен Баштап берсем.
Капризная айымыбыз аябай тажрыйбалуу юзер көрүнөт. "Терезеледин" "жетинчисин" колдонот экен. "Таштанды кутусун" четке алып койуптур, бирок бошотконду унутуп калган го.
Музыка угуу үчүн дале Винамп колдонот экен.
Скайп менен Майл.ру агент жанык турганына караганда ар дайым "желеде"
Опера менен Хромду браузер катары колдонот экен. Эмнеге экөөнү колдонот болду экен деген суроо туулат экен.
Майкрософт Ворд документи турат, үстүндө "Байланыш телефондор" деген жазуу, телефон номерлерин ошол документке сактайт гооо.
Фрмат фактори програмасын да колдонот экен, балким видеодон аудио кылып, же аудионун көлөмүн азайтууда колдоноттур.
Кыскасы бул юзер башка айымдарга салыштырмалуу аябагандай тажрыйбалуу десек болот.
Ошондой эле скриншотту фэсстоун менен кылган деп айтса болот.
Анан корей тасмаларын жакшы көрөт окшойт, бул иш столдун сүрөтүнөн жана айымыбыздын аватарынан байкалат.
Тамашоуну көрөт экен.
Азырынча ушулар

Супер-Инфо
super.kg
видео














