Паспорт жоготуп алганда кайра алуу үчүн кандай документтерди даярдоо керек?
Паспорт жоготуп алганда... Редакцияга келип тушкөн суроолордон
#2 15 October 2012 - 19:23
Паспорт жоготуп алганда кайра алуу үчүн кандай документтерди даярдоо керек?
Керектүү документтер жана төлөмдөр:
1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
2. Ата-энесинин паспорттору (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
3. Аскердик билет (1-26-беттердин көчүрмөсү) же аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүк (1-2-беттердин көчүрмөсү) жана түп нускасы.
4. Жашаган жеринен маалым кат.
5. №1-форма карточкасы (бул жергиликтүү паспорттук столдон берилет).
6. Сүрөт 4 даана (4Х6 көлөмүндө, түстүү, ачык фондо, баш кийимсиз жана көз айнексиз).
7. Социалдык коргоо күбөлүгү.
8. Салыктарды төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк (паспортту жасоого 1,18 евро (72 сом), арыз бланкына 0,43 евро (26 сом) жана мамлекеттик төлөм 30 сом. Бул төлөмдөр банкка же паспорттук столдун ичиндеги кассага төлөнөт).
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер жана төлөмдөрдөн сырткары төмөнкүлөр керек:
1. Жоготуп алгандыгы жөнүндө түшүндүрмө (паспорттук столдун кассасынан берилет).
2. Даректик маалымдама бюросунан маалым кат (КРнын Ички иштер башкармалыгынын облустук бөлүмдөрүнөн алынат).
3. Участкалык милициядан иликтөө тууралуу анкета.
4. Нике тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү, эгер никеси жок болсо, талап кылынбайт).
5. Айып пул (эски паспортко (СССР убагындагы) 100 сом, жаңы паспортко 200 сом).
Паспорттук столдун иш тартиби:
Дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
Кээ бир аймактарда шаршемби күнү саат 12:00гө чейин гана иштейт.
Түшкү тамактануу – саат 12:00дөн 13:00гө чейин.
Ишемби жана жекшемби – дем алыш.
Эскертүү! Паспортко төлөнүүчү төлөмдөр КРнын Улуттук банкынын еврого болгон курсу менен эсептелинет (10-октябрга карата 1евро=60.88 сом).
Жогорудагы маалымдамалар КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынан алынды.
#3 15 January 2013 - 13:07
Саламатсызбы Дамира Артановна. Менин бир агам паспорту СССРдин паспорту болчу. Байкем паспортун алып 3 кундон кийин жоготуп алат, туулгандыгы жонундо куболугу менен кошо. Оштон алган болчу анан эле Кыргызстандын жаны паспорту чыкты ала алган жок. Байкем кандай кылса паспорт алат?
#4 17 April 2013 - 16:39
Саламатсызбы Дамира Артановна. Менин бир агам паспорту СССРдин паспорту болчу. Байкем паспортун алып 3 кундон кийин жоготуп алат, туулгандыгы жонундо куболугу менен кошо. Оштон алган болчу анан эле Кыргызстандын жаны паспорту чыкты ала алган жок. Байкем кандай кылса паспорт алат?
Суроого КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков жооп берди:
Бул маселе боюнча жергиликтүү паспорт бөлүмүнөтийиштүү арыз менен кайрылса, биздин кызматкерлер чечип беришет.
#5 20 April 2013 - 06:30

Супер-Инфо
super.kg
видео









