Балким сиздей жаш болсок кызыктуу болоттур таанышкан. Окууну эми бүткөндө кызыкканмын көргөнгө. Бирок азыр жолукканыбызды элестете албайм. Эмнени сүйлөшөбүз.
Анан да вирт вирт бойдон калганы форумчу аял кишилерге оңго. Себеби вирт деп көп нерсе жазганбыз. Элестет күйөөм мындай, кайнежем мындай деп баарын жазып салганбыз. Анан күйөөсүнүн айылдашы таанып калса дейли, күйөөңдүн авторитети өлөт да. Экинчиден бир жакка барарда шефтен уруксат алган кыйын да. Жумуштан жарым саат кечигип келсең чаң-тополон болот. Анан форумчулар мн жолугам десең "жакшы элесинби"
дейт. Төркүнгө барарда бир апта подход кылып араң барабыз, элестет эми форумчулардын жолугушуусуна барганды.
+++жаштарга (башы бош эместерге)сабак болсун.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















