Суперстан: Кожомкул балбан - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кожомкул балбан Өмүр таржымалы, сүрөттөрү

#1 Пользователь офлайн   azamat1992kg   10 Ноябрь 2011 - 13:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Каба уулу Кожомкул 1888-ж. Суусамыр өрөөнүндө туулган. Кыргыздын саяк уруусунан чыккан дүйнөлүк алп балбан. 47 жашында салмагы 164 кг. бою 1 м. 97 см (кээ маалыматта бою 2 метр 36 см, салмагы 208 кг болгон). 52-өлчөмдөгү өтүк кийген. Атасы Кошуна уулу Каба (болжолу 1827-1906-ж.) күчтүү балбан болгон. Кожомкул Жоо-Жүрөк жайлоосундагы арыкты бөгөгөн 1247 кг. ташты тээп жылдырган. Энеси Алмадай эр сайышка түшкөн белгилүү зайып болгон. Кожомкул 15 жашында дасыккан 45 жаштагы балбанды жыккан. өмүр бою күрөштө, эңиште эч кимге жеңилген эмес. Казак балбаны Балуан-Шолакты жыккан, казакка даңазасы тараган. Жаш кезинде салмагы 400 кг. өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жашында Суусамыр өрөөнүнүн Арамза төрүндө бийиктиги 1 метр 60 см, жоондугу 1 метр 89 см. ташты 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: images.jpeg

Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   azamat1992kg   10 Ноябрь 2011 - 13:14

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эл аны азыр «Кожомкулдун ташы» деп аңыз кылат. Суусамырда Кожомкулдун мындай таштары Бөйрөк, Кең Суу, Жоо Жүрөк жайлоолорунда, Кетмен Төбө өрөөнүндө бар. Чүйдөн Суусамырга баратып аты баспай калганда аны Төө Ашуудан (ашуудан) өзү көтөрүп өткөн. Дүйнөлүк алп жана коомдук ишмер Кожомкул Каба уулу 1955-ж. өлгөн. Анын күмбөзүн 1956-ж. Очобай уулу Исабек салган. Кожомкулдун 2 уул, 1 кызы болгон. 1962-ж. Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы эркин күрөш боюнча Кожомкул атындагы байге белгилеген. Ал байге үчүн жыл сайын эл аралык мелдеш өткөрүлөт. 1990-ж. «Каба уулу Кожомкул» деген документалдуу- хроникалык фильм тартылган. Ал жөнүндө бир нече китеп чыккан. Ысымы Бишкектеги Спорт сарайына берилген. Суусамырда 1989-ж. анын атындагы музей ачылган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: images11.jpeg
  • Прикрепленное изображение: ыф.jpeg

Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Lui   23 Ноябрь 2011 - 17:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Атасы Каба атагы бир топ жерге жеткен балбан болгон. Ал баласынын ар бир кыймылын, келбетин байкап, анын балбандыгын арттырууга кеп-кенешин берип турган.

Кожомкул жаш кезинен эле аш-тойлордо откорулуучу эниш-курошко катыша баштайт. Кайсы бир тойдо куч сынашып коргусу келген мактанчаак бир байдын сунушуна макул болот. Койрон немени которо чаап аны эл алдында уят кылат. Ошондон тартып, ал баатыр, балбан атыга баштайт. Бай ага коп жолу асылып,ал тургай жаны тон, калтар тебетей кийгизип, он кой тартуу кылайын бир ирет жыгылып бер деп жалынат. Кожомкул мындай соодага барган жок. Анткени ал оз кучу менен "соода кылууну" ойлобогон карапайым адам эле.
Казак элинен чыккан далай балбандар менен да куч сынашып женишке жетишкен.
Суусамырдагы айыл советинин торагасы болгон. Минген атын желкесине артып ашуу ашкан деген уламыш эл арасында кенири тараган.
47 жашында Кожомкулдун бою 197см, салмагы 164 кг,манжаларынын узундугу 26 см болгон.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   serche   14 Декабрь 2011 - 16:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 24 Февраль 11
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 19:51
  • Жынысы:Аялзаты

Кожомкул балбан
Кожомкул бир адам менен кермур айтышып калат. Ал адам өтө чыр мүнөздүү болгондуктан Кожомкул ага теңелбей атын бура тартып, бастырып кетет. Анда тигил чыр киши арданганынан турган адамдардын кой-ай дегенине болбостон байлануу турган атын минип, Кожомкулдун аркасынан чаап жетет. Атайылап чыгарып алган өзүнүн жез үзөңгүсү менен Кожомкулду төбөгө чаап өтөт. Ал адам дагы – “Кожомкулду жыга чааптыр” – деген атагым калсын деп ойлосо керек.
Жерге түшкөн тебетейин алыш үчүн Кожомкул атынан түшүп ылдый эңкейгенде үзөңгүнүн урчугу тийген куйкасы томуюп чыккан экен. Кожомкул башын сыйпалап:
- Жамандын жини да жаман, - деп кобурап, тебетейин баса кийип, атына минип бастырып кеткен экен.
Бул окуядан ар ким өз-өзүнчө жыйынтык чыгарса болот. Менин оюмча, Кожомкулдун денеси эле эмес, анын адамдыгы да алп болгон. Андай алп мүнөз, ошол учурдагы батыштын таасиринен таза замандын, өзүбүздүн кыргыз маданиятына сугарылган замандын, адамдын денеси менен парасаты ар тараптан канааттанган замандын туундусу болгон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   jetinur90   07 Февраль 2016 - 17:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Кожомкулга да кол которгон келесоо болгон турбайбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Гука   13 Февраль 2016 - 03:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 008
  • Катталган: 09 Апрель 08
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 02:35
  • Жынысы:Аялзаты

Кожомкулдун атасы да атадан жалгыз болгон экен. Кожомкулдан да жалгыз эле уулу калыптыр. Жана аябай боорукер адам болгон дешет.
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kyrgyznuru   14 Февраль 2016 - 02:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 153
  • Катталган: 21 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Дек 2018 00:58
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ояктан корунбойт!

Кожомкул атындагы спорт мастер!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   jetinur90   24 Февраль 2016 - 22:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Просмотр сообщения Гука (13 Февраль 2016 - 03:15) жазган:

Кожомкулдун атасы да атадан жалгыз болгон экен. Кожомкулдан да жалгыз эле уулу калыптыр. Жана аябай боорукер адам болгон дешет.

эки уулу бар деп окуган элем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   jetinur90   24 Февраль 2016 - 22:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Дагы колунун ортону узундугу 22см,жоондугу 5 см болгон,ал бодонону кармай алчу эмес деп окугам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   zuxrab777   02 Март 2016 - 20:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 618
  • Катталган: 19 Январь 16
  • Соңку аракети: 30 Сен 2020 18:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Өтө кооз жерде.

Кожомкул баатыр 1888-1968Прикрепленное изображение: IMG_20160302_195938.JPG
Разговоривать с полным ртом не красиво.
Но разговаривать с пустой головой еще хуже.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Komrad   01 Август 2016 - 09:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 28 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2019 17:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Википедияда жургон айрым маалыматтар туура деп ойлойм бою 2 метр 36 см, салмагы 208 кг болгон.Тиги эки орустун ортосунда отуруп тушкон суроту (именно отуруп тушкон), орустар туруп тушкон Сибирге сургунго барып келген, эгер бою 191 см болгондо, тике туруп ошончо болмок. Уй которуп тушкон ал эмес деп ойлом, казак болсо керек. Бир казак балбаны менен жакшы мамиледе болгон. Ал казакстанга чакырып, керек болсо Иван Поддубный менен курошпойсунбу деген сунуш кылат. Бирок Кожомкул ал учурда 47 жашка келдим айылды, ким карайт, уй булону ким карайт деп баш тарткан экен. Ошол учур алп балбандардын греко-римский курошу менен машыгып Европаны кыдырып курошуп жургон учурларга туура келет. Орустун Георгий Лурих баш болгон бир катар балбандары , казактан Ажы Мукан алардын катарында болгон.


Аттын жанында тушкон суроту Прикрепленное изображение: 54BGNZtemTM.jpgjpg]

Прикрепленное изображение: 1357834638_8.jpg


Прикрепленное изображение: 1357837912_10.jpg

Прикрепленное изображение: kojomkul.jpg

Прикрепленное изображение: 1318749614_kojomkul-opa.kg-3-1.jpgkg-3-1.jpg]

Прикрепленное изображение: 1309935663_baatyr-kaba-uulu-kozhomkul-3.jpguulu-kozhomkul-3.jpg]


Билдирүүнү түзөткөн: Komrad: 01 Август 2016 - 09:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   06 Январь 2019 - 04:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Кожомкулдай балбан кайра жаралабы ошол кызык да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 06:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: