Суперстан: Аял сыры, махабат, кайгы, сана, арман. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Аял сыры, махабат, кайгы, сана, арман. Бактысыз жашоо жана бактылуу көз ирмем.

#1 Пользователь офлайн   mamalak94   05 Апрель 2013 - 02:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Аял ойгонуп кеткенде жер жарый элек экен. Терезеден агарып кирген көчө шамдарынын бүлбүл шооласынан боюн качырган караңгылык жымжырт болуп уюп турат. Чоң жолдон тынбай өтүүчү машинелердин доошу сээлдеп калыптыр. Кез-кезде гана жалгыз-жарым машиненин күңүрт доошу угулат. Түн шоокумун тыңшаган аял таң атаарга али узак экенин боолголоду. Күнүгө ушу. Түн жарымынан оогондо капыстан ойгонот да, көздөрү чайыттай ачылып уйкусу качат.Бүгүн да жүрөгүн мыкчыган белгисиз кыжаалаттык аны кайра уктата койчудай эмес. Күйөөсүнүн дем алышына караганда ал да ойгоо жаткансыйт. Бирок, аялынын түйшөлүп ойгонгонун билсе да бурулуп карабады. «Балдарын ойлонуп жатса керек» деп ичи ачышып кетти аялдын. Эркектин биринчи аялында калган балдары жөнүндө ойлогон ойлоруна, чеккен санаасына өзүнүн күнөөсү бардай жыйрыла түштү. Күйөөсү акыркы күндөрү аларды сагынып, кусаланып жүргөнсүйт. Бул сагынычты алмаштырып, ордуна тартуулай турган эч кандай кудурет таппаган сайын аял аргасыздан эринин мурдагы аялын эстөөчү болду.Эркекти үйүнө биротоло киргизип алгандан кийинки алгачкы күндөрү күндөшүн минтип ойломок турсун тушарына да теңөөчү эмес эле. Балага бастырып, эрте карыган улгайыңкы жубан ага тең тайлаша албасын түшүнгөн. Ал казан-аяктан башканы эмнени билет эле, ошол үчүн бир эркекти күтө албай тарткызып жиберди да деп көңүлү ток жүрчү. Мына эми ошол күндөшүнө көз артып жатат. Анын жанында жатканда күйөөсү, мүмкүн, азыркыдай ичтен сызып, жалгыз санаа тартпас беле? Экөөнүн каны-жанынан жаралган төрт баланын ысык-суугу, кыял-жоруктары бүгүнкүдөй уйкусуз түндөрдө узун сабак эрмек болуп, кобурашып таң атырышмактыр… Эркек да азыр ушинтип ойлоп ич дарты ичинде болуп, өкүнүп жаткандыр…Ушундай божомол ойлордон аялдын ичи ансайын күйду. Эри чындап эле биринчи аялына ооп кеткендей тыбырчылай, сол капталына оодарылып алды. Бир туруп «Мен чакырдым беле кел деп, келген өзү, алам деген өзү, бала чакасыыан кечкен өзү, – деп табалап алат. — Мага эмне... Жалгыз бой аялмын…»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   mamalak94   05 Апрель 2013 - 02:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Ал чындап эле төрт баланын алдьнда абийирим ак деп ойлоочу. Алардьш атасын азгыруу оюна да келген эмес. Кылган иши, баскан-турганы тың, кырктын кырына чыгьш калса да али жигиттик сымбатынан тая элек бул эркекти жөн гана кызматташы катары сыйлоочу. Ал да башкаларга окшоп жалгыз бой келинге тузак тартпай түз жүрчү. Бир жолу аялдын үйүнө зарыл жумуштап келгенге чейин ушундай болгон. Ошол күнү чайлашканча аркы-беркини сүйлөшүп узакка олтуруп калышты. Эркек кайтаарында: «Сонун кеч болду. Кетким келбей турат», – деди кыйылып. Келин мунусун көңүл үчүн гана айтылган деп кабылдап, бирок ага эшик ачып берип жатканда жүзүнө тиктей албай калтаарып кеткен. Караса эле анын коздөрү оп тартып, экөө жабыша калчудай туюлган. Денесиндеги майда калтыракты зорго басып, чала-була коштошумуш болгон. Капыстан келген бул күчтүү сезим дарманын алып, эшикке сөйөнө калбаса жыгылып түшкүдөй. Эркектин тепкичтерден түшүп бараткан оор дабышына үн алышкансып жүрөгү түрсүлдөп кагып туйлаган.Ошол түнү чабалактап уктаган эмес. Өзүн-өзү тыйса деле ээ-жаа бербей акыл-эсин чырмап алган каалоо анын шаштысын кетирди. Жүрөгүнө уурданьш кирип, сезимин капыстан ойготкон эркектин элеси зми төшөгүнө кошо жатып алды. Аны өктөм колдору сылагылаган сайын тулку бою жазылып магдырап келатты. Жан эриткен жалыныч сөздөр да чаңкоосун кандыргансыйт. Тынымсыз аймалаган ысык эриндер аны биротоло эритип жиберди. Тырп этерге дарманы калбай, өзүн бүтүндөй бийлеп алган сезимге баш ийип берди. Көздөрүнөн тыньмсыз жаш агып жатканын да баамдаган жок. Эркектин ысык кумары жалгыздыктан тарамыштай чыйралып калган кайратынан жандырып, кайрадан назик жароокер аялга айлантып койгонсуду. Көкүрөгүндө эркекке айта турган сөздөрү да түгөнгүс болуп жыйылып калган экен. Бирде муңканып ыйлап, бирде жаны эргип күлүп төгүлүп-төгүлүп айтып түгөтө алгыдай эмес. Булардын баары аял үчун жаңы сезим-туюмдар эле. Ал өзүнүн аялдык сезимин алда-качан жоготуп алып, унуткара баштаган. Биринчи күйөөсү менен көңүл калып ажырашкандан кийин эркек аттууга жакындай элек. Сөз салган, көз салган, көз арткандар да жүрөгүн козгой албаган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   mamalak94   05 Апрель 2013 - 02:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Ертеге жазам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   mamalak94   05 Апрель 2013 - 22:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Рас, көңүлүндө бир эркек бар эле. Бирок, анын аты– жөнүн, ким экендигин алигиче билбейт. Билип да кажети жок. Олбурлуу боюнан башка өңү-түсүн да дааналап эстей албай калган. Ошол жигит аялдын кыялында гана эңсеттирип жашашы мүмкүн. Ал эми турмушта болсо ал башка бир кермаралдай келиндин сүйгөн жары. Аял кокусунан күбө болгон алардын ынактыгын тагдырдын таш боор буйругу бузбаса эле, майдай-сүттөй болушуп, ынтымак жашап жүрүшкөндүр. Эркек-аялдын сүйүүсү, жубайлык таттуу мамиле жөнүндө эңсегенде ал жигитти эстебей кое алчу эмес. Өзү тааныбаган кайсы бир бейтааныш келиндин жүрөгүн жылытып жүргөнүн ал жигит туйбаса да керек. Каяктан туйсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   gordaya-g   12 Апрель 2013 - 07:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 22 Август 12
  • Соңку аракети: 17 Окт 2016 15:50
  • Жынысы:Аялзаты

oi ka4an ulantasiz emi?kutup jatabyz
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   mamalak94   12 Апрель 2013 - 11:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Ал жигитти шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө сокур ичегисин алдырып, реанимацияда жатканда көргөн. Наркоздон кийин эсине түзүк келе электе терезенин айнегин бирөө узакка тыкылдаткандай болгон. Акыл-эсин жыйганда караса, айнекти бойлоп жабышып алган жигит ага жаңсагылап жатыптыр. Колунда кыпкызыл гвоздикалар. Эшикте кыш күчүндө болсо да гүлдөрдөн жаз илеби уруп турду. Аял гүл көтөргөн жигит эмнеге эле андан көзү өтүп тиктеп, жан алакетке түшүп жатканына түшүнө албады. Мынчалык күйүп-быша турган жакыны деле жок эле. Оо көптө гана жигит анын жанында жаткан келинге келгенин баамдады.Келин жаңыдан гана операциядан чыккан окшойт. Көздөрүн ачкан менен кыймылдаарга, ооз ачаарга шайы жок сулк жатат. Бирок анын да эки көзү жигитте. Мынчалык сүйүктүү жан кандай болду дегенсип аял келинге кызыга көз салды. Келин жаш экен. Өңү да көзгө ысык көрүнөт. Баарынан да бото көздөрүнөн жаны ооруганы билинбей, магдыраган жылуу нур тамылжып турат. Кудум эле эс алып жаткансып жоодурайт. Дүнүйөсү түгөл жанбы, же ага жете албай жарадар кушча канатын каккылаган жигиттин демиби, айтор башкаларга окшоп онтобой, кумсарбай, бир башкача болуп мемиреп жатат. Аялдын ансайын ага кушу түшүп калды. Кичине сөзгө келгендей болгондо:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   mamalak94   12 Апрель 2013 - 11:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

.жигитинби?-деп сураган.
-куйоом,-деди келин жылуу ун менен.
-жаныдан уйлондунор беле?
-жок 3 балабыз бар,-деди келин** ысыгы таркай елек жаш жубайлардан болуш керек** деп ойлогон аялды ан сайын тан калтырып.

Ошол күнү догдурлардын урушканына карабай жигит терезеден таптакыр кетпей койгон. Көздөрү ирмелсе эле аялы бир балээ болчудай телмирет. Күүгүм киргенде аял жаны бир аз тынч алып, ыктап кетиптир. Аны кандайдыр бир шоокум ойготту. Көздөрүн ачса палатанын шамы өчүп, жатаар маал болуптур. Жанынан күбүр-шыбыр угулат. Ак халат жамынган бир эркек баягы келиндин жанында олтуруптур. Аял буурул жарыктан келиндин күйөөсүн тааныды. Жаш баланы эзилип аягандай аялынын чачтарын назик сылагылап, кайра-кайра жалооруп жатат. Ал реанимацияга кантип амалын таап кирди экен? Догдурлар да бул жигиттин сүйүүсүнө туруштук бере албаса керек. Бир колунда шорпо куюлган кесе. Улам андан аялына кашыктап ууртатып коет. «Дагы кичине ичкин? Ичсең?» деп жалооруйт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   mamalak94   12 Апрель 2013 - 11:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Аял алардын сөздөрүн атайлап тыңшагандай болбоюн деп жуурканын чүмкөнүп алды. Ага болбой эле эркектин дембе-дем шыбыры кулагын көзөп өтүп, жүрөгүнө жете сайылып калгандай болот. Өзүнө арналбаган сүйүүнүн ошол сөздөрү, эрди-аялдын күйүмдүү мамилелери анын турмушун соттоп, аеосуз өкүм чыгарып жаткансыды. Ушуга чейин өзү эмнеге чаңкап келгенин да түшүндү. Сүйүүгө тойбогон аял, суу жетпей какшыган даракка окшоп калат, же ач кенедей тажаал болуп чыга келет тура. Күн өткөн сайын жаагы ачылып, тили жыландыкындай заар болуп баратканына өзү да таң калчу. Эри ага теңелбей жол берип калганына көп болду. Жаңжал чыкпасын, ачуу тилин укпайын дегенсип коркок-билиш болуп турат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   mamalak94   12 Апрель 2013 - 11:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Ал ушинтип эңилген сайын аял күчөй баштаган. Күйөөсүнүн аны жакшы көргөнүнөн эмес, коркконунан көзүн карап бөйпөңдөп турганы ансайын кыжырын келтирчү. Кээде анын чыр-чатактан жүдөп, мукураган кейпин көргөндө көксөөсү сууп, табасы кана түшчү. «И-и, баатыр, – дечү ичинен, – алың ушул экен го? Мени алдап кетем дедиң беле? Ак никелеп үйлөнбөй, ичимдеги балаңдан танып, таштанды кылам деген сенби? Сени жакшы көргөнүмдөн, сенсиз жашай албастыгымдан жармашып жүрүп тийди дейсиңби? Сага болгон сезимим сен мага үйлөнбөйм деген күнү өчкөн, биротоло өчкөн. Боюмда болуп калган бейкүнөө баладан кечкенде аялдык ысык сезимимди гана эмес, денемди да кошо өлтүргөнсүң. Ошол күндөн баштап мага жек көрүмчү адамыма айлангансың. Сенден өчүмдү алгым келген. Шашпа-а дегемин. Төрөлө электе өлтүрүп алган баланын убалы үчүн экөөбүз оо дүйнөдө тозокко түшкүчө бул дүйнөдө тозокту мына менден көрөсүң дегемин. Беш көкүл кыздын ишенчээк, таза сезимдерин булгоо кандай болоорун сага көрсөтүп коеюн дегемин. Бул али башталышы гана… Али көргөнүңдөн көрө элегиң кө-өп, баатыр…»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   mamalak94   12 Апрель 2013 - 11:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Аял ичинде буулуккан бул чыңырыгын күйөөсүнө эч качан ачык айтчу эмес. Күндөп, айлап, жылдап унутулбаган өчүн башка бир болоор-болбос нерселерге шилтеп чыгара берчү. Келин болуп башына ак жоолук салынбаганы үчүн, той көйнөгүн кийип, кайнатасынын эшигин ызааты менен аттабаганы үчүн, куру намыстан тун перзентин төрөбөй өлтүрүп алганы үчүн, сүйүүгө тойбой, үй-бүлөлүк, энелик бакыттан куру келатканы үчүн арманы канча жыл өтсө да эскирбей, эрине күнүгө кайраштырып турчу. Аял качандыр кордолгон абийирин кечире да, унута да албай койгон. Күйөөсүнүн да өзүнөн алда канча көңүлү сууп калганын да билчү. Ансайын тажаалы чыгып, жок нерседен кыр таап урунуп-беринип ич күптүсүн андан чыгарат. Эмнегедир же күйөөсү, же өзү ушул тозоку турмуштарына кол шилтеп басып кете алышпады. Экөө тең бири-бирин эчак кажып бүтүшсө да бир төшөккө жатышып, бир казандан аш ичишип, алигиче орозгерлик тутуп келатышат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   mamalak94   12 Апрель 2013 - 11:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Ооруканада жатканда аял өз турмушуна башкача көз менен карады. Жанында жаткан келиндин аялдык бактысы анын көзүн ачып, акылына келтирди. Өзү бир адамдын сүйүүсүнө татый албаганына, же бирөөнү бактылуу кыла албаганына жети өмүрү жерге киргидей болуп арданып калды.



Аял ооруканадан чыккандан кийин күйөөсү таң калып жүрдү. Мурдагы сиркеси суу көтөрбөгөн аялы басмырт тартып жумшара түшүптүр.

-Эмне болду сага? Өзгөрүлүп кетипсиң?–Бир күнү ишенип ишене албагандай тиктеп туруп. Аял үндөгөн жок. Экөө ажырашаарда бир ооз гана мындай деди:

-– Эгер жакшы жашайм десең эми ала турган аялыңа ак ниетиң менен адамча үйлөн. Үйүңө сый-ызааты менен алып кел.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   mamalak94   12 Апрель 2013 - 11:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Ушуну айтып жатып жашып кетти.

Аял оор үшкүрдү. Узун ойго жетеленип кетип, жанында сыртын салып түнөрүп жаткан күйөөсүн да унуткара түшкөн экен. Биринчи эри менен сүргөн бейоопа өмүрүн каяктан да эстей калды эле? Ансайын көңүлү бузулуп, кыжаалаттык тартты. Түн болсо узаргандан узарды. Ушундай тунжураган оор түн качандыр да башынан өткөнсүйт. Өтсө өткөндүр. Ушул бөлмөдө кандай гана түндөрдү узатпады дейсиң. Аялдын маанайына, жашоо-тирилигине жараша түндөр да өзгөрүп турчу. Мурдагы күйөөсү менен жашаганда айсыз түндөрдөн коркчу эле. Капыстан ойгонуп кетсе уюган оор караңгылык тумчуктуруп, ырайымсыз жолбун ойлор талай баштоочу. Ата турган таңдан, келе турган күндөн зааркана берчү. Турмушунда эч бир көңүл жылытаарлык жакшылык болбоочудай түңүлүп, жашоодон кечип кеткиси келет. Бул сар-санаанын себебин күйөөсүнөн тапчудай ал уктап жатканда уурдана тиктөөчү. Эри бейкүнөө балага окшоп капарсыз уктоочу. Ширин уйкуга мас болуп, оозун маңыроо ачып, дармансыз жаткан күйөөсү бир саамга аянычын козгоп жиберчү. Бирок, аялдын бул жибигенн таң ата кайра өтүп кетет. Анан күйөөсүнүн кебете-кепшири да, сүйлөгөн сөзү да, баскан турганы да кыжырын келтирип, тилин кычыштыра баштаарын билет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   mamalak94   12 Апрель 2013 - 11:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Келин күйөөсү менен ажырашып, жалгыз жашап жүргөнүндө да ушундай оор түндөрдөн кыйналганы калбады. Бирөө ойготкондой түн ортосу көздөрү пар ачылат да, жалгыздыгын туят. Жатак бөлмөнүн дубалдары нары жылып, үйдүн төбөсү оюлуп түшүп, чеги жок ааламда өзүн жалгыз чекиттей көрүп ээнсирейт. Анан канчалык үстөккө-босток жамынса да жылына албай чыйрыга баштайт. Ошондо жалгыздык менен айсыз түндөрдүн кучагы бирдей окшош суук болорун туйган. Мына бул күйөөсүнө тийгени түндөр да алмашгы. Эми ашыгынын кучагындай сырдуу, аруу түндөр күнү бою зарыкгырьш араң келчү болду. Мындай түндөрдө күйөөсүнө бой салып жабышып жатканды жакшы көрчү. Кайсыл маалда ойгонуп кетишсе да колдору бири-бирин издешип оролуша түшчү эмес беле. Эркек чоюндай оор билегин анын көкүрөгүнө арта салып уктап кеткенден кийин жаны магдыраган аял түндүн көркүнө куштарланып, көпкө чейин көз ирмебей жата берчү. Көчөнүн терезеден агылып кирген жарыгына жумшарып, булуттай майин көөлгүгөн коңур түн анын ысык сезимине шериктеш болгондой жылуу тартып балкып турчу.Бирок, ал түндөрдүн өмүрү да кыска болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   mamalak94   12 Апрель 2013 - 11:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Достор калганын кийинчерек жазам.телефондон киргениме байланыштуу жазыш кыйын болуп жатат.анын устуно кобун очуруп алдым жазгандарымдын.

Билдирүүнү түзөткөн: mamalak94: 12 Апрель 2013 - 11:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Ханбийке   13 Апрель 2013 - 02:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 247
  • Катталган: 24 Май 09
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 00:07
  • Жынысы:Белгисиз

иии кызыктырып туруп кетип калдынызбы, качан келип улантасыз эми?
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   NurAngel   14 Апрель 2013 - 13:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 23 Авг 2016 01:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Jalalabad

Aniy uwunun baarin kol m.n jazdinarbi

Билдирүүнү түзөткөн: NurAngel: 14 Апрель 2013 - 15:38

SeNurA
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   NurAngel   14 Апрель 2013 - 13:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 23 Авг 2016 01:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Jalalabad

Erterek jazganga araket kiliniz4i kizigip okup bawtasa
SeNurA
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   mamalak94   14 Апрель 2013 - 19:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Ошондой ажайып түндөрдү тартуулаган күйөөсү эми ага нааразы болуп дулдуюп жатат. Ал кайрадан өзүн күнөөлүү сезип, жүрөгү сыздай түштү. Анан ушул жагымсыз сезимден алаксымакка оюн башка жакка бургусу келди. Эстегенде жүрөгүн жылытып, жарпын жазаар жаркын күндөрү бар бекен? Көп эле жолу таалайына ыраазы болуп, төбөсү көккө жеткидей бакытка маарыган. Бирок ошол учурлар көңүлгө илинбей күүгүмдөнөт. Ой-санаасы кайра эле күйөөсүнөн алыс кете албай айланчыктайт. Эркектин өзүнө жаңыдан ашык болуп жүргөн кезин кайра-кайра эстегенди жакшы көрчү...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   mamalak94   14 Апрель 2013 - 19:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Анда алар али ачык сөзгө келише элек. Баягыда аялдын үйүнөн чай ичип кеткен кечтен кийин эркектин көздөрү кайда болсо аны издеп, ага жабыша калып, ички кусаматы менен куйкалап тиктөөчү болду. Аял да бир укмуш кереметти чыдамы кете күтүп өрөпкүп, ага чейинки жашоосу да татыбай, же өңү эмес, же түшү эмес элеп-желеп болуп жүргөн. Эркек тарапты атайылап карабаса деле анын бүт кыймылын туюп, ага жараша өзүнүн сезимдери дирилдеп турат. Кээде ал жөнүндө эт-жүрөктү опкоолжуткан коркунуч менен ойлойт. Төрт баланы атасынан ажыратып жатам деген ой-санааны азырынча чеге элек. Санааркатып кыйнаган нерсе башка. Топ кишинин арасынан бирин-бири жазбай таап, каректери чапташьш, ажыраша албай турса да бул сүйүү экенинен күмөнсүрөп кетет. Ортодогу туңгуюктан аттай албай алсыраганда өз кыялынан кол үзүү үчүн чечимге келип, кайра буга да чыдабай, эркекти берилип ойлой берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   mamalak94   14 Апрель 2013 - 19:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Кээ бир күнү эркек ага суз тартып калгансыйт. Аял ансайын азап чегип, маанайы пастай түшөт. Кайра эле анын бир ооз ысык сөзү, же көз карашы бүтүндөй акыл-эсин алып, мас кылган учурлар да келет. Ушинтип эңсөөсүнө жетпей думуккан келин жарыларына аз калды. Деги эркектин оюнда эмне бар? Сүйсө сүйөөрүн билдирип ачык айтпайбы? Эмнеге тартынат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 12 Авг 2025 06:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: