Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#1081 Пользователь офлайн   Askaruli   03 Апрель 2013 - 23:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 993
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Июл 2016 13:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сатуля Мышуля.

37 Кто любит отца или мать более, нежели Меня, не достоин Меня; и кто любит сына или дочь более, нежели Меня, не достоин Меня; 38 и кто не берет креста своего и следует за Мною, тот не достоин Меня.
Ушуга мен ваааще тушунбодумда, он тут возобновил себя выше всех и бога?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1082 Пользователь офлайн   Debi   04 Апрель 2013 - 09:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Askaruli (03 Апрель 2013 - 23:49) жазган:

37 Кто любит отца или мать более, нежели Меня, не достоин Меня; и кто любит сына или дочь более, нежели Меня, не достоин Меня; 38 и кто не берет креста своего и следует за Мною, тот не достоин Меня.
Ушуга мен ваааще тушунбодумда, он тут возобновил себя выше всех и бога?

Эч ким бизге Кудайдан артык эмес. Жакындарыбызды сүйгөн күндө да, аларды Кудай сүйгөндөй сүйө албайбыз. Ошондуктан Кудайды биринчи кезекте сүйүү керек. Кээде түшүнбөстүктөн улам ата-эне балдарынан Кудайдын эркине каршы келген нерсени талап кылган учурлар болот. Бул сөздөр ошондой учурларга жооп берет.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1083 Пользователь офлайн   Debi   04 Апрель 2013 - 09:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Askaruli (03 Апрель 2013 - 23:49) жазган:

37 Кто любит отца или мать более, нежели Меня, не достоин Меня; и кто любит сына или дочь более, нежели Меня, не достоин Меня; 38 и кто не берет креста своего и следует за Мною, тот не достоин Меня.
Ушуга мен ваааще тушунбодумда, он тут возобновил себя выше всех и бога?

Ал эми айкаш жыгачтын жөнү мындай: Ыйсаны айкаш жыгачка кадаарда Аны аса турган айкаш жыгачты Өзүнө көтөртүшкөн. Кудайдын эркин аткаруу үчүн Ал аны көтөргөн. Кудайдын эркин аткаруу үчүн көп учурда кыйынчылыктарга туш болосуң, ага карабай Кудайдын жолунда жүрүү керек. Акыры жеңесиң.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1084 Пользователь офлайн   Askaruli   04 Апрель 2013 - 12:12

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 993
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Июл 2016 13:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сатуля Мышуля.

Кантип эле ошол машайагынар адам кейпинде келсин?Ал келгенде,анын ордуна ким башкарып турду аааламды?Анан неге Евангелиянар ар башкача жазылган?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1085 Пользователь офлайн   Ala-archa   04 Апрель 2013 - 13:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Askaruli (04 Апрель 2013 - 12:12) жазган:

Кантип эле ошол машайагынар адам кейпинде келсин?Ал келгенде,анын ордуна ким башкарып турду аааламды?Анан неге Евангелиянар ар башкача жазылган?



Кудай кудуреттуу кучтуу,Ал учун адам болуп келуу "проблема" болгон эмес. Ал келгенде ким башкарып турган дейсизби?! Кандай деп ойлойсуз? А.Атамбев озунун кабинетинен чыгып,эл менен жолугушуп жургон убакта, анын иш болмосундо олтуруп, ким президент болуп олкону башкарып турат?! Сиздин суроонуз мына ушуга окшош болуп жатат. Инжилдеги 4 евангелие китеби бири бирин толуктап турат. Мисалы: Матайдын китебинде Ыйса Машайак деп жазылса, Маркта Ыйсаны кул деп суроттойт. Ал эми Лука Адам Уулу десе, Жакан Ыйсанын Кудайлыгын корсотуп жазган. Бул 4 аталыштын тен озунчо рухий мааниси бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1086 Пользователь офлайн   Ala-archa   04 Апрель 2013 - 13:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения zzz (03 Апрель 2013 - 09:01) жазган:

Контекстке карасак, гонорея эмес, аял менен эркектин өзгөчө абалдары тууралуу сөз болуп жатат... Жогорудагы жоопко макул деп коёлу... Ошондо гонорея бир көгүчкөндү союп, бир көгүчкөндү өрттөп койсо айыгып, жугушпай калабы... Ал эми төмөндө, ошол эле иш чара аялдын айыздан тазалануусуна талап кылынып жатат (кара менен белгиленип турат)... Макул, ал заманда жалпы адамзат саны 1 млрд. болбосо да, айымдар айына 2ден көгүчкөн көтөрүп алып священникке барып турганын элестеткиле, же көгүчкөн кармайм деп, аңдып жүргөнүн. Аларда ата-эне деген бар, уялбастан өзүнүн абалын жар салып туруша албайт болчу... Эски, жаңы келишим боюнча айтсак - Библияда эч карама-каршылык, өзгөрүү көргөн жокмун дейсиңер, кайра аны азыр аткарбайбыз дейсиңер... - кыскасы бул жагын эми өз-ара чечишип аласыңар да... бизге Библиянын 1 нукта жазылбаганы белгилүү

1. И сказал Господь Моисею и Аарону, говоря:
2. объявите сынам Израилевым и скажите им: если у кого будет истечение из тела его, то от истечения своего он нечист.
3. И вот закон о нечистоте его от истечения его: когда течет из тела его истечение его, и когда задерживается в теле его истечение его, это нечистота его;
4. всякая постель, на которой ляжет имеющий истечение, нечиста, и всякая вещь, на которую сядет, нечиста;
5. и кто прикоснется к постели его, тот должен вымыть одежды свои и омыться водою и нечист будет до вечера;
6. кто сядет на какую-либо вещь, на которой сидел имеющий истечение, тот должен вымыть одежды свои и омыться водою и нечист будет до вечера;
7. и кто прикоснется к телу имеющего истечение, тот должен вымыть одежды свои и омыться водою и нечист будет до вечера;
8. если имеющий истечение плюнет на чистого, то сей должен вымыть одежды свои и омыться водою, и нечист будет до вечера;
9. и всякая повозка, в которой ехал имеющий истечение, нечиста будет до вечера;
10. и всякий, кто прикоснется к чему-нибудь, что было под ним, нечист будет до вечера; и кто понесет это, должен вымыть одежды свои и омыться водою, и нечист будет до вечера;
11. и всякий, к кому прикоснется имеющий истечение, не омыв рук своих водою, должен вымыть одежды свои и омыться водою, и нечист будет до вечера;
12. глиняный сосуд, к которому прикоснется имеющий истечение, должно разбить, а всякий деревянный сосуд должно вымыть водою.
13. А когда имеющий истечение освободится от истечения своего, тогда должен он отсчитать себе семь дней для очищения своего и вымыть одежды свои, и омыть тело свое живою водою, и будет чист;
14. и в восьмой день возьмет он себе двух горлиц или двух молодых голубей, и придет пред лице Господне ко входу скинии собрания, и отдаст их священнику;
15. и принесет священник из сих птиц одну в жертву за грех, а другую во всесожжение, и очистит его священник пред Господом от истечения его.
16. Если у кого случится излияние семени, то он должен омыть водою все тело свое, и нечист будет до вечера;
17. и всякая одежда и всякая кожа, на которую попадет семя, должна быть вымыта водою, и нечиста будет до вечера;
18. если мужчина ляжет с женщиной и будет у него излияние семени, то они должны омыться водою, и нечисты будут до вечера.
19. Если женщина имеет истечение крови, текущей из тела ее, то она должна сидеть семь дней во время очищения своего, и всякий, кто прикоснется к ней, нечист будет до вечера;
20. и все, на чем она ляжет в продолжение очищения своего, нечисто; и все, на чем сядет, нечисто;
21. и всякий, кто прикоснется к постели ее, должен вымыть одежды свои и омыться водою и нечист будет до вечера;
22. и всякий, кто прикоснется к какой-нибудь вещи, на которой она сидела, должен вымыть одежды свои и омыться водою, и нечист будет до вечера;
23. и если кто прикоснется к чему-нибудь на постели или на той вещи, на которой она сидела, нечист будет до вечера;
24. если переспит с нею муж, то нечистота ее будет на нем; он нечист будет семь дней, и всякая постель, на которой он ляжет, будет нечиста.
25. Если у женщины течет кровь многие дни не во время очищения ее, или если она имеет истечение долее обыкновенного очищения ее, то во все время истечения нечистоты ее, подобно как в продолжение очищения своего, она нечиста;
26. всякая постель, на которой она ляжет во все время истечения своего, будет нечиста, подобно как постель в продолжение очищения ее; и всякая вещь, на которую она сядет, будет нечиста, как нечисто это во время очищения ее;
27. и всякий, кто прикоснется к ним, будет нечист, и должен вымыть одежды свои и омыться водою, и нечист будет до вечера.
28. А когда она освободится от истечения своего, тогда должна отсчитать себе семь дней, и потом будет чиста;
29. в восьмой день возьмет она себе двух горлиц или двух молодых голубей и принесет их к священнику ко входу скинии собрания;
30. и принесет священник одну из птиц в жертву за грех, а другую во всесожжение, и очистит ее священник пред Господом от истечения нечистоты ее.

31. Так предохраняйте сынов Израилевых от нечистоты их, чтоб они не умерли в нечистоте своей, оскверняя жилище Мое, которое среди них:
32. вот закон об имеющем истечение и о том, у кого случится излияние семени, делающее его нечистым,
33. и о страдающей очищением своим, и о имеющих истечение, мужчине или женщине, и о муже, который переспит с нечистою.



Бул болумду 4 ко болуп кароо керек. 1-15-аятка чейин эркектерге тийиштуу венерический оорулардын симптому жазылган. Ал эми 16-18-аяттарда башка нерсе жазылат. 19-27 ге чейин аялдарга тийиштуу создор жазылып турат. 28-30 да курмандык чалуунун жол жоболору жазылат. Эми когучкон сойсо эле айыгып калабы деген суроого токтолойук.

28Аял канынан арылгандан кийин, өзүнө жети күн эсептеп алсын, ошондон кийин ал таза болот.
29Сегизинчи күнү аял жыйын чатырынын кире беришине, ыйык кызмат кылуучуга эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келет.
30Ыйык кызмат кылуучу канаттуулардын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалат. Теңирдин алдында ыйык кызмат кылуучу аны денесинен аккан канынан ошентип тазалайт.
28-аятта жазылып турат "...арылгандан кийин..." башкача айтканда,оорусунан айыккандан кийин, 7 кун койо туруп,8-куну 2 когучкон алып Ыйык кызмат кылуучуга барат. 30-аятта жазылып турат: 30Ыйык кызмат кылуучу канаттуулардын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалат. Теңирдин алдында ыйык кызмат кылуучу аны денесинен аккан канынан ошентип тазалайт. Бул жерде "тазалайт" деген соз жазылып турат. Исламдын тили менен айтканда "арам" болуп калган адам адал болуп тазаланышы учун мына ушундай курмандык чалган. Ал эми когучкондорду соодогерлерден сатып алып турушкан. Тарыхка бир баш багып корунуз,алардын жерине Индия тараптан да соодагерлер келип,ар турдуу жаныбарлар гана эмес жыпар жыттуу заттарды ала келишип сатып турушкан. Ал эми Машайак жерге келгенден кийин, жандыктардын курмандыктарын Ыйса Озунун каны менен алмаштырган. Демек, азыркы учурда когучконду курмандыка чалбайбыз. Анткени Машайак Озун курмандыка чалган. Муну кайталап жазуу мен учун оор эмес,ал эми сиз учун пайдалуу.

Билдирүүнү түзөткөн: Ala-archa: 04 Апрель 2013 - 13:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1087 Пользователь офлайн   Debi   04 Апрель 2013 - 14:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Askaruli (04 Апрель 2013 - 12:12) жазган:

Кантип эле ошол машайагынар адам кейпинде келсин?Ал келгенде,анын ордуна ким башкарып турду аааламды?Анан неге Евангелиянар ар башкача жазылган?

Муну түшүнүү үчүн Кудайдын чексиз кудуреттүү экенине ишениш керек.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1088 Пользователь офлайн   Daud   04 Апрель 2013 - 21:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Ala-archa (04 Апрель 2013 - 13:36) жазган:

Бул болумду 4 ко болуп кароо керек. 1-15-аятка чейин эркектерге тийиштуу венерический оорулардын симптому жазылган. Ал эми 16-18-аяттарда башка нерсе жазылат. 19-27 ге чейин аялдарга тийиштуу создор жазылып турат. 28-30 да курмандык чалуунун жол жоболору жазылат.


Бул түшүндүрмөлөрдү ким айткан. Акыркы убактары бул аятты мынтип түшүнүү керек деген сөздөрдү көп укчу (окучу) болдум. Библиянын аяттарына кимдер түшүндүрмөлөрдү жазышкан же ар ким өзү каалагандай түшүнө берсе болобу? Айтайын дегеним, Библияны түшүнүүнүн өзунчө эреже, жол жоболору барбы. Анан дагы Библияны бардык эле адамдар түшүндурмөсү жок эле түшүнүшө алышабы же кандай?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1089 Пользователь офлайн   Daud   04 Апрель 2013 - 21:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (04 Апрель 2013 - 14:27) жазган:

Муну түшүнүү үчүн Кудайдын чексиз кудуреттүү экенине ишениш керек.


Кудай чексиз кудуреттүү, ошондуктан ал өлүшү деле мүмкүн деңиз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1090 Пользователь офлайн   Askaruli   04 Апрель 2013 - 22:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 993
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Июл 2016 13:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сатуля Мышуля.

Мен дауд байкеге кошулам,на 101%.Актуальный суроо бериптир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1091 Пользователь офлайн   Debi   05 Апрель 2013 - 13:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Daud (04 Апрель 2013 - 21:34) жазган:

Кудай чексиз кудуреттүү, ошондуктан ал өлүшү деле мүмкүн деңиз?

Мындай дебесимди беш колуңуздай билесиз. Ал жерде Ыйса өлгөндө ааламды ким кармап турган деген суроого жооп болгон. Ал өлгөндөн кийин, адамзат үчүн өлүмдү жеңип тирилгени сиздин көз жаздымыңызда калган жок. Жаныңызды кыйнап, жаманатты кылганга тырышпаңыз, "мусулмансыз" да )))), тырышкандан эч нерсе чыкпайт, өзүңөргө зыянынан башка ))
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1092 Пользователь офлайн   Debi   05 Апрель 2013 - 13:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ал эми мыйзамга таянгандардын бардыгы каргыш астында. Анткени Ыйык Жазууда: «Тооратта жазылган мыйзамдын бардыгын дайыма аткарбаган адамга каргыш!» – деп жазылган. Мыйзам аркылуу Кудай алдында эч кимдин акталбастыгы белгилүү. Анткени «Адил адам ишеними аркылуу тирүү болот». Мыйзам болсо ишенимге негизделген эмес, тескерисинче, «Мыйзамды аткарган адам ал аркылуу тирүү болот». Ыбрайымга берилген бата Ыйса Машайак аркылуу бутпарастарга да берилиши үчүн жана биз ишеним аркылуу убадаланган Рухту алышыбыз үчүн, Машайак биздин ордубузга каргышка калып, бизди мыйзамдын каргышынан кун төлөп куткарып алды (Гал.3,10-14).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1093 Пользователь офлайн   Daud   05 Апрель 2013 - 16:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (05 Апрель 2013 - 13:14) жазган:

Мындай дебесимди беш колуңуздай билесиз. 1. Ал жерде Ыйса өлгөндө ааламды ким кармап турган деген суроого жооп болгон. 2. Ал өлгөндөн кийин, адамзат үчүн өлүмдү жеңип тирилгени сиздин көз жаздымыңызда калган жок. Жаныңызды кыйнап, жаманатты кылганга тырышпаңыз, "мусулмансыз" да )))), тырышкандан эч нерсе чыкпайт, өзүңөргө зыянынан башка ))

1. Мен ал суроону бергим келген жок, Деби айым. Менин айтайын дегеним өлүм бул алсыздык. Себеби өлгөн нерсе өлүмгө жеңилип, өлүм анын үстүнөн үстөмдүк кылган болуп эсептелет. Кудурети күчтүү Кудайда кантип мындай алсыздык болушу мүмкүн? Ал кантип бир канча күн өлүмгө жеңилүүсү мумкүн. Эгер жеңилген болсо, демек ал алсыз деген түшүнүк келип чыгат. Бул сиздин Кудай чексиз кудуреттүү деген сөзүңүзгө каршы болуп жатпайбы?


2. Жеңүү үчүн күрөшүү керек болот. А күрөшүү үчүн күрөшүлүп жаткан нерседе кандайдыр бир күч болуусу керек. Кудай өлүмдү жеңди деген сөз, Кудай аны менен күрөштү дегенди түшүндүрөт. Демек, өлүмдө Кудайга каршы күрөшө ала турган кандайдыр бир күч бар деген маани чыгат. Кудайга каршы кайсы бир нерсенин күрөшүүсү акылга сыйбаган нерсе. Себеби бардык нерсени Кудай жараткан. Өлүм да ошол нерселердин бирөөсү. Жаралган нерсе, кантип Жаратуучуга каршы күрөшсүн? Ошондой эле кантип жаралган нерсе Жаратуучуну жеңсин?(мейли бир канча күн болсо да).


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1094 Пользователь офлайн   Ala-archa   05 Апрель 2013 - 20:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Daud (05 Апрель 2013 - 16:15) жазган:

1. Мен ал суроону бергим келген жок, Деби айым. Менин айтайын дегеним өлүм бул алсыздык. Себеби өлгөн нерсе өлүмгө жеңилип, өлүм анын үстүнөн үстөмдүк кылган болуп эсептелет. Кудурети күчтүү Кудайда кантип мындай алсыздык болушу мүмкүн? Ал кантип бир канча күн өлүмгө жеңилүүсү мумкүн. Эгер жеңилген болсо, демек ал алсыз деген түшүнүк келип чыгат. Бул сиздин Кудай чексиз кудуреттүү деген сөзүңүзгө каршы болуп жатпайбы?


2. Жеңүү үчүн күрөшүү керек болот. А күрөшүү үчүн күрөшүлүп жаткан нерседе кандайдыр бир күч болуусу керек. Кудай өлүмдү жеңди деген сөз, Кудай аны менен күрөштү дегенди түшүндүрөт. Демек, өлүмдө Кудайга каршы күрөшө ала турган кандайдыр бир күч бар деген маани чыгат. Кудайга каршы кайсы бир нерсенин күрөшүүсү акылга сыйбаган нерсе. Себеби бардык нерсени Кудай жараткан. Өлүм да ошол нерселердин бирөөсү. Жаралган нерсе, кантип Жаратуучуга каршы күрөшсүн? Ошондой эле кантип жаралган нерсе Жаратуучуну жеңсин?(мейли бир канча күн болсо да).




Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы кайтаруучу койлору үчүн өз жанын берет. Жкн10:11

Менден аны эч ким тартып албайт, Мен аны Өзүм берем. Аны берүүгө жана кайра алууга бийлигим бар. Жкн10:18

Бул сөздөр аркылуу, Ыйса өлүмдү жеңиши үчүн эч кандай күрөшүү талап кылынбарын билебиз. Анткени Анда бийлик бар. Ыйсаны эч ким зордоп өлүмгө алып бара алмак да эмес. Ал Өзүн адамдар үчүн курмандыка берген. «Достору үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок» Жкн15:13 деп айткан Ыйса чыныгы сүйүү кандай болорун далилдеп кеткен.

«Өлүмдү жеңди…» деген эмнени билдирет? Адам менен Обо күнөөгө баткан күндөн тарта,өлүмдүн торуна бардык адамзаты кабылды. Өлүм күнөөнүн натыйжасынан келип чыккан. Ошол өлүмдү Ыйса жеңип жана Өзүнүн жеңишин адамдарга тартуулаган. Ким Ага ишенсе түбөлүк өмүргө ээ болот. Адамдын жаны денесинен чыгуусу биринчи өлүм ,ал эми ошол жандын тозоко түшүүсү экинчи өлүм болуп эсептелет. Ким Ыйсанын айткандарына ишенсе,ал түбөлүк өмүргө ээ болот. Б.а. экинчи өлүм болгон тозок отунун, ал үчүн эч кандай коркунучтуулугу жок.



(Аллегория) Үлгү-насаат аңгеме айтып берейин.. Бир өлкөдө бардык ишке калыс караган акылман падыша болот. Ал өзүнүн адилеттүүлүгү менен атагы алыска кеткен,элинин алдында кадырлуу падыша эле. Кандай гана иш болбосун, барына бирдей чечим чыгарчу. Күндөрдүн биринде анын сүйүктүү уулу бирөөнүн уулун сабап коюуп, жабырланган тарап падышага даттанып келет. Элдин баары чыдамсыздык менен «падыша кандай чечим чыгарар» экен деп күтүп калышат. Падыша болсо уулунун бул кылганына кайгырып,даттанган тарапты угуп туруп, «уулунун жонуна 60 ирет камчы менен чабылсын»- деп өкүм чыгарат. Андан соң өзүнүн падышалык кийимин чечип,жазаны аткаруучуга өзүнүн жонун тосуп: «уулумдун жазасын өзүмө алам,60 ирет камчы менен чабылууга даярмын»-деген экен…..

Эми өзүңүздүн «логикаңыз» менен ой жүгүртүп көрүңүз. а) Падыша жазаланды, бирок бул нерсе анын жазалоочу менен теңелди же күрөштү дегенди билдирбейт б)Падыша жазаланды,бирок ал өзүнүн бийлигин жоготкон жок в) Падыша жазаланды,бирок ал жеңилди дегенди билдирбейт г)Падыша жазаланды,бирок ал эч нерсе жоготкон жок



Жыйынтыктоо

Падыша уулун сүйгөндүктөн, анын жазасын өзүнө алды. Ошол сыңары Кудай да пенделерин сүйгөндүктөн адам денесинде жерге келип,азап тарткан. Бул азап тартуу Кудайдын эч бир кудурет күчүн же ыйыктыгын жок кыла алган эмес…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1095 Пользователь офлайн   Ala-archa   05 Апрель 2013 - 20:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Daud (04 Апрель 2013 - 21:32) жазган:

Бул түшүндүрмөлөрдү ким айткан. Акыркы убактары бул аятты мынтип түшүнүү керек деген сөздөрдү көп укчу (окучу) болдум. Библиянын аяттарына кимдер түшүндүрмөлөрдү жазышкан же ар ким өзү каалагандай түшүнө берсе болобу? Айтайын дегеним, Библияны түшүнүүнүн өзунчө эреже, жол жоболору барбы. Анан дагы Библияны бардык эле адамдар түшүндурмөсү жок эле түшүнүшө алышабы же кандай?



Библияны талкулоодо герменевтика жана экзегегетиканын принциптери колдонулат.

Мисалы: Бир бөлүмдү кунт койуп окуп чыккан соң :

1) Адабий жанрын аныктоо (метафорабы, аллегориябы, үлгү-насаат аңгемеби же фразеологизмби…. экенин аныктап алуу.)

2) Тарыхый анализ жүргүзүү (Бул туурасында тарых эмне дейт?)

3) Тарыхый-маданий- контексуалдык анализ (бул сөздөр кимге жазылган? Эмне үчүн жазылган? Кайсы доордо жазылган? Бул сөздөр аркылуу автор эмне айткысы келген?)

4) Лексико-синтаксистик анализ (Сөздөрдүн маанисин(лексикология) жана алардын өз ара байланышын (синтаксис) изилдөө )

5) Теологиялык анализ (окулган бөлүмдө Кудайдын кандай сапаттарын көрө алабыз ж.б.)

Машинанын тетиктерин чачып кайра чогулткан сыңары,библиянын бөлүмдөрүн герменевтика чачып,майда баратына чейин көрсөтүп берсе,ал эми эгзегетика чачылган бөлүмдү кайра чогултуп, негизги маанисин ачып берет. Ал эми сиз берген (библияга байланыштуу) суроолорго жооп издеп деле кыйналбайм. Анткени библияны изилдеп тарыхый да,адабий да,синтаксистик да ж.б. туурасында богословтордун (аалымдардын) жазган 2500 дөй электрондук китептери менде бар (археологиялык, теологиялык, библияда жазылган элдер,шаарлар, уруулар ж.б. тематикадагы китептер). Керектүү учурда,керектүү китепти ачып окуп,жооп жазам ( бул жагынан Дауд мырза экөөбүз окшошпуз).

Библиянын бардык эле адамдар түшүнө турган да түшүнө албаган да аяттары бар.

Мисалы: «Эң башында кудай асман менен жерди жаратты»(Башт1: 1) деген аятты баары эле түшүнүшөт. Ал эми «сен өзүн пайгамбар эсептеген Изебел деген аялдын Менин кулдарымды бузуктук кылууга, буркандарга чалынган курмандыктан жегенге үйрөтүүсүнө, адаштыруусуна жол берип жатасың.» (Аян2:20) Бул аяттарды баары эле түшүно бербейт. Каймана маанидеги салыштырма сөздөрдү түшүнүү үчүн герменевтикалык, экзегетикалык анализ жүргүзүү талап кылынат. Мисалы: Бул сөздү ким кимге айткан? Эмне үчүн айткан? Пайгамбар деген ким? Изебел деген ким? «Менин кулдарым» деп кимди айтып жатат? Бузуктук кылуу деген эмне? Буркандарга чалынган курмандык деген эмне? Аны жеген туура эмеспи? «Адаштыруусуна жол берип жатасың» деген эмнени билдирет? Бул суроолорго жогоруда жазып кеткен принциптерди колдонуп талкуулаганда, анын негизги өзөгү келип чыгат.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1096 Пользователь офлайн   Daud   05 Апрель 2013 - 22:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Ala-archa (05 Апрель 2013 - 20:32) жазган:

Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы кайтаруучу койлору үчүн өз жанын берет. Жкн10:11

Менден аны эч ким тартып албайт, Мен аны Өзүм берем. Аны берүүгө жана кайра алууга бийлигим бар. Жкн10:18

Бул сөздөр аркылуу, Ыйса өлүмдү жеңиши үчүн эч кандай күрөшүү талап кылынбарын билебиз. Анткени Анда бийлик бар. Ыйсаны эч ким зордоп өлүмгө алып бара алмак да эмес. Ал Өзүн адамдар үчүн курмандыка берген. «Достору үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок» Жкн15:13 деп айткан Ыйса чыныгы сүйүү кандай болорун далилдеп кеткен.

«Өлүмдү жеңди…» деген эмнени билдирет? Адам менен Обо күнөөгө баткан күндөн тарта,өлүмдүн торуна бардык адамзаты кабылды. Өлүм күнөөнүн натыйжасынан келип чыккан. Ошол өлүмдү Ыйса жеңип жана Өзүнүн жеңишин адамдарга тартуулаган. Ким Ага ишенсе түбөлүк өмүргө ээ болот. Адамдын жаны денесинен чыгуусу биринчи өлүм ,ал эми ошол жандын тозоко түшүүсү экинчи өлүм болуп эсептелет. Ким Ыйсанын айткандарына ишенсе,ал түбөлүк өмүргө ээ болот. Б.а. экинчи өлүм болгон тозок отунун, ал үчүн эч кандай коркунучтуулугу жок.



(Аллегория) Үлгү-насаат аңгеме айтып берейин.. Бир өлкөдө бардык ишке калыс караган акылман падыша болот. Ал өзүнүн адилеттүүлүгү менен атагы алыска кеткен,элинин алдында кадырлуу падыша эле. Кандай гана иш болбосун, барына бирдей чечим чыгарчу. Күндөрдүн биринде анын сүйүктүү уулу бирөөнүн уулун сабап коюуп, жабырланган тарап падышага даттанып келет. Элдин баары чыдамсыздык менен «падыша кандай чечим чыгарар» экен деп күтүп калышат. Падыша болсо уулунун бул кылганына кайгырып,даттанган тарапты угуп туруп, «уулунун жонуна 60 ирет камчы менен чабылсын»- деп өкүм чыгарат. Андан соң өзүнүн падышалык кийимин чечип,жазаны аткаруучуга өзүнүн жонун тосуп: «уулумдун жазасын өзүмө алам,60 ирет камчы менен чабылууга даярмын»-деген экен…..

Эми өзүңүздүн «логикаңыз» менен ой жүгүртүп көрүңүз. а) Падыша жазаланды, бирок бул нерсе анын жазалоочу менен теңелди же күрөштү дегенди билдирбейт б)Падыша жазаланды,бирок ал өзүнүн бийлигин жоготкон жок в) Падыша жазаланды,бирок ал жеңилди дегенди билдирбейт г)Падыша жазаланды,бирок ал эч нерсе жоготкон жок



Жыйынтыктоо

Падыша уулун сүйгөндүктөн, анын жазасын өзүнө алды. Ошол сыңары Кудай да пенделерин сүйгөндүктөн адам денесинде жерге келип,азап тарткан. Бул азап тартуу Кудайдын эч бир кудурет күчүн же ыйыктыгын жок кыла алган эмес…

1. Демек, силердин түшүнүгүңөр боюнча Кудай өзүн-өзү да жазалайт экен да ээ?


2. Дагы эле силердин түшүнүгүңөр боюнча, Иса пайгамбарды (алейхи салам) Кудай деп ишенген эле адам болсо ал түбөлүк жашоого ээ болобу? Башка эч нерсе талап кылынбайбы?

3. Силердин айтууңар боюнча Иса пайгамбар келип, өз өлүмү менен адамдарды өлүмдөн куткарган болсо, анда Иса пайгамбар келгенге чейин жашап өткөн адамдардын тагдыры эмне болот? Тозоко түшүшөбү? Себеби алар Исага (алейхи салам) ишенишкен эмес. Себеби анын өзү жок болчу.

4. Адам (алейхи салам) "күнөө" кылганы үчүн "кудай" өзүн курмандыка чала турган болсо, эмне үчүн муну дароо эле аткарбады. Б.а. Адам күнөө кылганда эле өзүн курмандыка чалбады?

5. Адам (алейхи салам) "күнөө" кылганы үчүн биз өлө турган болуп калсак, Адамдын балдары аткарган күнөөлөр үчүн эмне болот? Т.а. эмне үчун биз кылган күнөөлөрүбүз үчүн биздин урпактарыбыз жазаланбайт да, анан Адамдын (алейхи салам) кылган "күнөөсү" үчун анын урпактары жазаланышы керек? Адамдын өз урпактарынан кандай өзгөчөлүгү бар эле?


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1097 Пользователь офлайн   Daud   05 Апрель 2013 - 22:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Ala-archa (05 Апрель 2013 - 20:36) жазган:

Библияны талкулоодо герменевтика жана экзегегетиканын принциптери колдонулат.

Мисалы: Бир бөлүмдү кунт койуп окуп чыккан соң :

1) Адабий жанрын аныктоо (метафорабы, аллегориябы, үлгү-насаат аңгемеби же фразеологизмби…. экенин аныктап алуу.)

2) Тарыхый анализ жүргүзүү (Бул туурасында тарых эмне дейт?)

3) Тарыхый-маданий- контексуалдык анализ (бул сөздөр кимге жазылган? Эмне үчүн жазылган? Кайсы доордо жазылган? Бул сөздөр аркылуу автор эмне айткысы келген?)

4) Лексико-синтаксистик анализ (Сөздөрдүн маанисин(лексикология) жана алардын өз ара байланышын (синтаксис) изилдөө )

5) Теологиялык анализ (окулган бөлүмдө Кудайдын кандай сапаттарын көрө алабыз ж.б.)

Машинанын тетиктерин чачып кайра чогулткан сыңары,библиянын бөлүмдөрүн герменевтика чачып,майда баратына чейин көрсөтүп берсе,ал эми эгзегетика чачылган бөлүмдү кайра чогултуп, негизги маанисин ачып берет.

Түшүнүктүү. Кураанды түшүнүүнүн да ушуга окшогон эрежелери бар. Бирок, бул тууралуу кайсы бир темада айтылган убакта, Деби айым жөнөкөй адамдар түшүнө бербеген китептин кимге кереги бар дегендей сөздөрдү айткан эле (азыр ал сөздү таба албадым. таап калсам бул жака көчүрүп коёрмун). Ошого Библияны ачып окуган бардык эле адамдар түшүнүшө берет окшойт деп ойлоп калдым эле. Көрсө андай эмес турбайбы...



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1098 Пользователь офлайн   Debi   06 Апрель 2013 - 23:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Деби айым жөнөкөй адамдар түшүнө бербеген китептин кимге кереги бар дегендей сөздөрдү айткан эле (азыр ал сөздү таба албадым. таап калсам бул жака көчүрүп коёрмун"

Жакшы иш кылган болор элеңиз, мен да аңтарып отурбайын. Куранды хадистин жардамы менен түшүнүүгө мүмкүн деген ойго, анда хадистердин ишенчиликтүү булагы барбы деген мааниде пикир жазсам керек эле. Сиз айткандай болсо, балким, эсимен чыгып жаткандыр.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1099 Пользователь офлайн   Debi   06 Апрель 2013 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библияны Кудайга сыйынуу менен окуш керек деген маанидеги ой буга чейин жазгандарымда камтылган.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1100 Пользователь офлайн   Debi   06 Апрель 2013 - 23:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ал Кудайдын бейнеси болгонуна карабастан, Өзүнүн Кудай менен теңдигин олжо деп эсептеген жок. Бирок кул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, Өзүн Өзү басынтты. Өлгөнгө чейин, айкаш жыгачта өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, Өзүн басынтты. Ошондуктан Кудай Аны жогорулатып, Ага бардык ысымдардан жогору ысым берди. Ыйсанын ысымынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер түпкүрүндөгүлөрдүн баары тизе бүгүшү үчүн, «Ыйса Машайак – Теңир, Кудай Атанын даңкы» деп, ар бир тил ачык таанышы үчүн ушундай кылды (Фил.2,6-11).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 24 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 24, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 23:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: