1. Мен ал суроону бергим келген жок, Деби айым. Менин айтайын дегеним өлүм бул алсыздык. Себеби өлгөн нерсе өлүмгө жеңилип, өлүм анын үстүнөн үстөмдүк кылган болуп эсептелет. Кудурети күчтүү Кудайда кантип мындай алсыздык болушу мүмкүн? Ал кантип бир канча күн өлүмгө жеңилүүсү мумкүн. Эгер жеңилген болсо, демек ал алсыз деген түшүнүк келип чыгат. Бул сиздин Кудай чексиз кудуреттүү деген сөзүңүзгө каршы болуп жатпайбы?
2. Жеңүү үчүн күрөшүү керек болот. А күрөшүү үчүн күрөшүлүп жаткан нерседе кандайдыр бир күч болуусу керек. Кудай өлүмдү жеңди деген сөз, Кудай аны менен күрөштү дегенди түшүндүрөт. Демек, өлүмдө Кудайга каршы күрөшө ала турган кандайдыр бир күч бар деген маани чыгат. Кудайга каршы кайсы бир нерсенин күрөшүүсү акылга сыйбаган нерсе. Себеби бардык нерсени Кудай жараткан. Өлүм да ошол нерселердин бирөөсү. Жаралган нерсе, кантип Жаратуучуга каршы күрөшсүн? Ошондой эле кантип жаралган нерсе Жаратуучуну жеңсин?(мейли бир канча күн болсо да).

Ал Кудайдын бейнеси болгонуна карабастан, Өзүнүн Кудай менен теңдигин олжо деп эсептеген жок. Бирок кул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, Өзүн Өзү басынтты. Өлгөнгө чейин, айкаш жыгачта өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, Өзүн басынтты. Ошондуктан Кудай Аны жогорулатып, Ага бардык ысымдардан жогору ысым берди. Ыйсанын ысымынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер түпкүрүндөгүлөрдүн баары тизе бүгүшү үчүн, «Ыйса Машайак – Теңир, Кудай Атанын даңкы» деп, ар бир тил ачык таанышы үчүн ушундай кылды (Фил.2,6-11).

Супер-Инфо
super.kg
видео