Библияга (Християндарга) суроом бар
#1181 18 Апрель 2013 - 18:17
"Айтоор, силердин Библияңарда Иса (алейхи салам) өз кайнатасы менен зына кылган келинден туулган деп айтылат. Эгер муну чындык деп билсеңер өзүңөрдүн ишиңер"
Мына бул экөөнү тең сиз жазгансыз. Кобуртуп койгондоруңузду да байкап коюңуз )))))
#1182 18 Апрель 2013 - 18:35
Daud (18 Апрель 2013 - 13:32) жазган:
Библиянын окутуусу боюнча вино ичүүгө уруксат берилеби?
Впредь пей не одну воду, но употребляй немного вина, ради желудка твоего и частых твоих недугов. 1 Тим 5:23
Ошондой эле улгайган аялдар өздөрүн такыбаа алып жүрүшсүн, алар ушакчы жана шараптын кулу болушпасын , жакшылык кылууга үйрөтүшсүн
Шарап ичип мас болбогула , анткени бул бузулган жашоого алып барат, тескерисинче, Рухка толгула:
19 бири-бириңерге забурларды, даңктоо ырларын жана рухий ырларды айтып, Теңирди чын жүрөгүңөр менен даңктап ырдагыла;
Сиз келтирген аятта ачык эле дарылыкка ичүү жөнүндө сөз болуп жатат.
Библиянын насааттарын көрө албай жатпайсызбы, сиздин "кеселиңиз" ушунда. Бир да үлгүлүү каарман таппай койдум дегениңизде эле кептин баары жаткан да. Иуданын жаман жоруктарын көрөсүз дагы, аны менен катар эле айтылган момун Жусуп пайгамбарды көрбөйсүз.
#1183 18 Апрель 2013 - 19:24
Daud (18 Апрель 2013 - 13:41) жазган:
1 У кого раздавлены ятра или отрезан детородный член, тот не может войти в общество Господне.
2 Сын блудницы не может войти в общество Господне, и десятое поколение его не может войти в общество Господне.
3 Аммонитянин и Моавитянин не может войти в общество Господне, и десятое поколение их не может войти в общество Господне во веки,
4 потому что они не встретили вас с хлебом и водою на пути, когда вы шли из Египта, и потому что они наняли против тебя Валаама, сына Веорова, из Пефора Месопотамского, чтобы проклясть тебя;
ВТОРОЗАКОНИЕ 23:1-4
Библиянын аяттарын Библиянын жалпы мазмунунан үзүп алып түшүнүү адашууга алып келет. Изилдей келгенде бардыгы орду менен жазылганын көрүүгө болот. Байыркы осуятта жазылган мыйзамдардын көпчүлүгү күнөөнүн күнөө экенин көрсөтүүчү, анын кесепетинин канчалык оор болорун көрсөтүүчү вазийпаны гана аткарып калат. Жогорудагы аяттар Теңирге таандык болуу үчүн эч кемтиксиз, кынтыксыз болуш керектигин көрсөтүп турат. Адам канчалык күнөөдөн таза болсо, ошончолук Кудайга жакындай алат. (Мындай экенин адамдын сиз танып, тааныбаган табияты да айтып турат. Кудайдын алдында жүзүң жарык болгондо гана Андан бир нерсе суранууга батына аласың. Ортодо күнөө турганда, Кудайга жүз бура да албайсың). Мыйзамды эч качан толук аткара албаган адамдын алсыздыгын билген Кудай, биздин кунубузду төлөп гана мыйзам көрсөтүп турган күнөөлөрүбүздөн куткарып алган. Жаныбыздын кунуна ыйык Ыйса Машайактын каны төгүлгөн. Ага чейинки мыйзамдар мына ушул жеткилең Курмандыкка жетелеп келүүчү милдетти аткарып, жеткилең Курмандыкты чагылдырып туруучу касиет менен берилгендигин көрүүгө болот. Ооба, Кудайдын Жамаатында ойноштук болушу керек эмес эле. Бирок болуп калган учурларда Кудай андай адамдардан ырайымын алып койгон эмес. Буга күбө:
1Бузулган аял төрөгөн, Гилаттын баласы, гилаттык Иптах тайманбас адам эле.
2Аялы да Гилатка эркек балдарды төрөп берди. Аялы төрөгөн балдар эр жеткенде, Иптахты: «Сен биздин атабыздын үйүндө мураскор эмессиң, анткени сени бөлөк аял төрөгөн», – деп кууп жиберишти.
3Иптах бир туугандарынан качып барып, Тоб деген жерде жашап калды. Иптахтын тегерегине бекерпоз кишилер топтолуп, аны ээрчип жүрүшчү.
4Бир нече убакыттан кийин амондуктар ысрайылдыктарга каршы согуш ачышты.
5Амондуктар менен ысрайылдыктар согушуп жаткан учурда Гилаттын аксакалдары Тоб жеринен Иптахты алып кетиш үчүн келишип, Иптахка:
6«Бизге келип, жол башчы бол, амондуктар менен согушабыз», – дешти.
7Ошондо Иптах Гилаттын аксакалдарына: «Мени жектеп, атамдын үйүнөн кууп жибербедиңер беле! Мага эмнеге келдиңер, башыңарга кыйынчылык түшкөндө келип калдыңарбы? » – деди.
8Гилаттын аксакалдары болсо Иптахка: «Сага келгенибиздин себеби мындай: биз менен барып, амондуктар менен согуш, бизге – Гилаттын бардык тургундарына башчы бол», – дешти.
9Иптах Гилаттын аксакалдарына: «Эгерде амондуктар менен согушуу үчүн кайра барсам, Кудай аларды менин колума салып берсе, мен силерге башчы болуп каламбы?» – деди.
10Гилаттын аксакалдары Иптахка: «Теңир күбө, сен айткандай кылабыз», – дешти.
11Ошентип, Иптах Гилаттын аксакалдары менен жөнөп кетти, эл аны өзүнө башкаруучу жана аскер башчы кылып алды. Иптах айтчу сөздөрүнүн баарын Миспада, Теңирдин алдында айтты
Бузулган аялдан төрөлгөнү менен анын Теңири менен тирүү мамилеси болгондугун 11-аяттан көрүүгө болот. Ал ысрайылдын башкаруучусу болгон.
#1184 21 Апрель 2013 - 21:56
Эмне учун Жараткан озуно уул куткон? Уулу Ыйса болсо, Марьям эне аялыбы?
#1185 21 Апрель 2013 - 21:58
Grad_Person (21 Апрель 2013 - 21:56) жазган:
Эмне учун Жараткан озуно уул куткон? Уулу Ыйса болсо, Марьям эне аялыбы?
Периште ага келип: «Салам, Кудайдан ырайым тапкан кыз! Теңир сени менен! Аялдардын ичинен сен баталуусуң! » – деди.
29 Периштенин сөзүнө апкаарый түшкөн Мариям бул саламдашуу эмнени билдирет деп, ойлонуп калды.
30 Ошондо периште ага мындай деди: «Коркпо, Мариям! Анткени сен Кудайдан ырайым таптың.
31 Боюңа бүтүп, Уул төрөйсүң, Анын ысымын Ыйса коёсуң.
32 Ал улуу болот жана Бардыгынан Жогору Тургандын Уулу деп аталат. Кудай-Теңир Ага атасы Дөөттүн тагын берет.
33 Ал Жакыптын тукумуна түбөлүккө падышачылык кылат, Анын падышачылыгынын чеги болбойт».
34 Мариям периштеден: «Эркек көрбөсөм, бул кандайча болот?» – деп сурады.
35 Периште ага мындай деп жооп берди: «Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт. Сени Бардыгынан Жогору Тургандын күчү каптайт. Ошондуктан төрөлө турган Ыйыкка Кудайдын Уулу деген ысым берилет.
#1186 21 Апрель 2013 - 22:09
#1187 21 Апрель 2013 - 23:23
Grad_Person (21 Апрель 2013 - 22:09) жазган:
Ыйса элге сүйлөп жаткан маалда, энеси менен бир туугандары Аны менен сүйлөшүш үчүн, сыртта күтүп турушту.
47 Ошондо кимдир бирөө: «Энең менен бир туугандарың Сени менен сүйлөшүш үчүн, сыртта турушат»,– деди.
48 Ыйса муну айткан адамга: «Менин энем ким? Бир туугандарым ким?»– деди да,
49 шакирттерин көрсөтүп: «Мына, Менин энем, Менин бир туугандарым.
50 Ким Менин Асмандагы Атамдын эркин аткарса, ошол Менин иним, карындашым, энем»,– деп жооп берди.
#1188 22 Апрель 2013 - 11:22
zzz (17 Апрель 2013 - 10:34) жазган:
?
#1189 22 Апрель 2013 - 19:36
#1190 22 Апрель 2013 - 19:41
#1192 23 Апрель 2013 - 21:43
#1193 23 Апрель 2013 - 22:18
altinim (23 Апрель 2013 - 21:43) жазган:
Библияда мындай маалымат жок. Библиянын маалыматы боюнча эң биринчи эки аял алган Лемек деген адам болгон. Ал терс мүнөздүү адам экенин көрүүгө болот.
#1194 24 Апрель 2013 - 09:22
altinim (23 Апрель 2013 - 21:43) жазган:
иудейлердин кээ бир агымдары ветхий заветти тафсирлегенде Лилитти сиз айткандай Адамдын биринчи айалы деп тафсирлешет экен, алардын уламышы боюнча Лилит Адам менен катнаашып жатканда ким кандай абалда катнаашы керек деген чыр болуп, Лилит Адамдан кетип калып жиндер мене катнашып алардын тукумун арбыткан экен
#1195 25 Апрель 2013 - 01:55
#1196 25 Апрель 2013 - 02:34
#1197 25 Апрель 2013 - 13:58
Bahar (25 Апрель 2013 - 02:34) жазган:
Эмне себептен кудайга иса аркылуу ибадат кылыш керек, анан Адам, Иса, Кудай бир чектемдеби деп суроо берип жатасызбы?
#1198 25 Апрель 2013 - 14:27
#1199 25 Апрель 2013 - 16:39
Противоречие № 1: Кто настроил Давида против Израиля?
Бог (2-я Царств 24:1)
Сатана (1-я Паралипоменон 21:1)
Даудду библия боюнча Израилге бир жеринде Кудай бир жеринде Шайтан тукурган делиптир, бул эмнеси? Же Кудай бир жерде Кудай болуп, бир жерде Шайтан болгонбу, Библия боюнча?
Билдирүүнү түзөткөн: Yusufmuslim: 25 Апрель 2013 - 16:40
#1200 25 Апрель 2013 - 16:42
800 тысяч (2-я Царств 24:9)
1 миллион 100 тысяч (1-я Паралипоменон 21:5)>
мына кызык Библияда да кошуп жазууга (приписка) жол берилгенби? (коммунисттер мындан кабылдашкан го приписканы)
Билдирүүнү түзөткөн: Yusufmuslim: 25 Апрель 2013 - 16:43